www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Маданият
0 76

Сакын Карабаев, КРнын эмгек сиӊирген артисти:"Чыңгыз хандын кино тасмасын тартканда...”

12-ноябрь 2019, 10:20 Айдар Нуралиев

Искусствонун кайсы тармагын албайлы, чын-чынында профессионалдуулук көөкөр таштай өзгөлөрдөн өзгөчөлөнүп турат окшобойбу. Тасма чыныгы жашоонун бир бөлүгү. Ал күзгү сымал өзүңдү чагылдырып көрсөтүп турат. Ошол күзгү аркылуу өткөн чактагы катабызды эскерип, келечекке карай багыт алып келебиз. Бул жолку каарманыбыз көптөгөн тасмаларда  роль жараткан мыкты актёр Сакын Карабаев. Талант, жөндөм, изденүүнү бир калыпка салган актёрдун тасма жаатында өз орду бар.

0 116

ВИДЕО - Колу кычышкандар "Ынтымак"паркындагы пианинону "айрып" кетишиптир

Видео 12-ноябрь 2019, 10:23 Аман Аскаров

Жайдын этегинде Бишкектин түштүк тарабында президенттин катышуусу менен жакшы бир эс алуучу жай ачылган. Ага дагы атайын эл ынтымактуу, биримдиктүү болсун деген ниетте “Ынтымак” деген ат ыйгарылган. Чындыгында, анысы жок деле Бишкектеги көрктүү аймактын үстүнө дагы бир көртүү жай кошулуп, жыргап калдык эле. Ал жерге убагында эл зээрикпесин, таланты ашып-ташкандар музыкалык аспапта ойноп, убактыларын көңүлдүү ...

0 944

Министр Жамангулов Урмат Үсөнов канча айлык алаарын ачыктады

12-ноябрь 2019, 09:17 Аман Аскаров

Урмат Үсөновду маданият, маалымат жана туризм министринин кеңешчиси кылып дайындоо боюнча буйрукка азырынча кол коюла элек экен. Министр Азамат Жамангулов жергиликтүү басылмалардын бирине берген маегинде, Үсөновду ал өзүнүн көз карашы бар, компетенттүү адис катары көрөөрүн айтып, ошондуктан аны кеңешчи кылууга ниеттенгендигин айтыптыр. Андан сырткары, ырчы толук штатка алына тургандыгын билдирип, эмгек кодексине ылайык ...

0 554

Клара Алибекова: "Эгер көңүлүмө жигит жагып, назарым түшүп калса, анда чын жүрөгүмдөн кабыл алам..."

11-ноябрь 2019, 12:45 Айдар Нуралиев

“Биринчи жана акыркы жолу” деген гезитибизде рубрика бар.  “Кыргызымдын жигиттерин” катыра ырдап, эл оозуна алынган Клара Алибекова карындашыбызды кепке тарттык, - деп жазат "АЗИЯnews" гезити. -- Биринчи жолу мектеп босогосун аттаганың эсиңдеби? -- Мектептик форма-фартук кийип, чачыма чоң ак бантик байлап мектепке жетелеп барышкан. Элдин баары бантигиме суктанып, кийин кыздардын баары меникиндей бантты сатып алышкан болчу. -- Биринчи жолу тамак ...

0 1152

ВИДЕО - Маркум Майра Керим кызынын уулу төкмө Акжолтой Канат каза болду

Видео 11-ноябрь 2019, 10:29 Айдар Нуралиев

Жаш төкмө акын, обончу, маркум төкмө акын Майра Керим кызынын өнөрүн уланткан уулу Акжолтой Канат уулу кырсыктан көз жумду. Бул боюнча акын Бердибек Жамгырчиев өзүнүн социалдык баракчасына жазып чыкты.  Маалыматтарга таянсак, Акжолтой Канат уулу Балыкчы-Кочкор унаа жолунда автокырсыкка учурап, анын кесепетинен үч адам каза болсо, дагы бир адам оор абалда ооруканага жеткирилген.  Булак: NazarNews.kg

0 872

Комузчу Нурзат Орозалиева көз жумду

11-ноябрь 2019, 09:18 Айдар Нуралиев

Комузчу, бир нече күүлөрдүн автору Нурзат Орозалиева 44 жашында оорудан улам каза болду. Бул тууралуу анын жакындары билдиришти. Маалыматка караганда, комузчу кечээ, 10-ноябрда көз жумган. Нурзат Орозалиева комузчу эле эмес, күүлөрү менен да белгилүү. Ал акыркы мезгилде Кыргыз улуттук консерваториясында эмгектенип келген. NazarNews.kg маалымат агенттигинин эмгек жамааты Нурзат Орозалиеванын жакындарынын аза кайгысын тең бөлүшүп, терең кайгыруу менен көңүл айтат. Булак: ...

0 1238

ФОТО - Хюррем Султан менен жолуккан Болот Отунбаевдин бактысына чек жок

10-ноябрь 2019, 17:26 Аман Аскаров

Түрктөрдүн “Даңазалуу доор” тасмасы убагында далай өлкөлөргө тарап, дүйнөнү багынтканынан кабарыбыз бар. Кыргызстанда дагы бул кино башталаары менен үй ичи жым-жырт болуп, ашканадагы аял менен сыраканадагы эрдин башын сыналгы алдына бириктире калчу. Андагы айтылуу Хюррем Султандын ролун мыкты аткарган Мерьем Узерли Лос-Анжелесте Эл аралык Азия кинофестивалында (Asian World Film Festival) кыргыз делегациясын сый-тамакка чакырганын парламенттин ...

0 188

ФОТО - Президент маданий мекемелерге барды

10-ноябрь 2019, 10:04 Аман Аскаров

Президент Сооронбай Жээнбеков кечээ, 9-ноябрда, СССРдин Эл артисти, Кыргыз ССРинин эл сүрөтчүсү Сүймөнкул Чокморовдун туулган күнүндө Г. Айтиев атындагы Кыргыз Улуттук көркөм өнөр музейине барды. Мамлекет башчысы Сүймөнкул Чокморовдун 80 жылдыгына жана анын жубайы — Кыргыз ССРинин маданиятына эмгек сиңирген кызматкер Салима Шабазованын элесине арналган «Эсимде» көргөзмөсүн көрдү. Көргөзмөдө Сүймөнкул Чокморов тарткан картиналары жана ...

0 1016

Гүлшайыр Садыбакасова, КРнын эл артисти: “Концертте көрүүчүлөр күтпөгөн сюрприздер бар...”

09-ноябрь 2019, 16:13 Айдар Нуралиев

Бул каарманымдын чыгармачылык чыйыр жолу ары татаал, ары кызыктуу. Эгер көрүүчү профессионалдуулуктун тартибинде коюлган  концерт менен кошо жашап көрсө, анда ошол кесипкөйдүн эмгеги. Мыкты жетекчинин күчтүүлүгүн мындан билгиле, ал кандай кырдаалга туш келбесин өзүнүн иш билги мүнөзү менен жеңип кете алат. Ийгилик мүмкүнчүлүктү ишке ашыруудан көз каранды. Иш жүзүнө ашкан мүмкүнчүлүк кайра-кайра жаңы ийгиликти чакырат. Ошентип, ийгиликтин арты менен ...

0 132

Волочкова  имиджин өзгөрттү

09-ноябрь 2019, 13:09 Айдар Нуралиев

Орусиялык белгилүү актриса, балерина Анастасия Волочкова өзүнүн Инстаграмм баракчасына тармал чачтарынан арылып, жаңы стили менен жылуу свитер кийип түшкөн сүрөтүн жүктөгөн. “Менин жаңылануум кандай экен?..” –деп суроо салган балерина. Анын айтымында, сырткы көрүнүшүн стилист Павел Назаров менен сүрөтчү Андрей Бацуев иштеп чыгышкан. Волочкованын баракчасындагы катталуучулары аны мактап жатышат. Булак: NazarNews.kg

09-ноябрь 2019, 13:09 | 132
0 593

Альбина Имашова, актриса: “Артисттерге карата элдин көз карашы  өзгөрдү”

08-ноябрь 2019, 13:58 Айдар Нуралиев

Театр жана кино жылдызы Альбина Имашованын  кыргыз киносундагы чыгармачылыгы ташкындап турган убагы, ал өзгөчө  тастаңдаган тың жеңелердин образын ийине жеткире  аткарган ролдору менен элибиздин купулуна толуп келет.  NazarNews актриса менен азын-оолак маек курду. - Саламатсызбы, жакында эле Бишкек шаардык кеңешинин Ардак громатасы менен сыйландыңыз, сурайын дегеним, эмгекти баалоо чыгармачылыкты шыктандырабы? - Саламатсыздарбы, маданият күнүнө карата Бишкек шаардык кеңеши Ардак ...

0 296

Сүрөт - Лос-Анжелесте кыргызстандыктар негиздеген кинофестивал старт алды

08-ноябрь 2019, 09:52 Бакыт Молдалиев

Лос-Анжелесте бешинчи Эл аралык Азия кинофестивалы старт алды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыкты. Маалыматка караганда, кинофестивал кинорежиссер Садык Шер-Нияз тарабынан негизделген. Калыстардын төрагасы болуп “Даңазалуу доор” сериалынын жылдызы Мерьем Узерли (Хюрем султан) шайланды. Фестивалдын ачылышында АКШда жашага кыргызстандыктар жана АКШдагы Кыргыз Республикасынын элчиси Болот Отунбаев катышты.  “Оскар” сыйлыгына койгон талапкерлер фестивалда ...

0 3998

“Андай чёрт кыялыңды көрсөтпө”. “Чыпалак баатыр” Ситорага сын айтты

Видео 07-ноябрь 2019, 11:46 Алтын Булат

“Эй, Ситора карындаш! Эмне Гүлнур эженин кнопкасын басасың, кызыл кылып. Мындай концертиңди токтоткун”. “Чыпалак баатыр”, “Күчмен” каймана аттары менен белгилүү Зарылбек Аликенов мына ушундай маанидеги видеокайрылуусун “NazarNews.kg” маалымат агенттигине жөнөттү. Өзү айтмакчы көп кырдуу талант ээси Аликенов бул кайрылуусунда өзбек эстрада ырчысы Ситорага таарынычын билдирген. Эске сала кетсек, “Чыпалак баатыр” Алматы шаарында өткөн “Азия таленттери” сынагында өнөрүн көргөзгөн. Бирок анын ...

0 185

Анна Семенович жаңы киного тартылууда

07-ноябрь 2019, 11:18 Айдар Нуралиев

Орусиялык белгилүү ырчы, актриса Анна Семенович Инстаграмм баракчасы аркылуу  жаңылыгы менен  бөлүштү. Ал “Кечээ менин легендарлуу  “Гардемариндер”  фильмине тартылган  биринчи  күнүм болду. Мен сьемка алдында абдан толкундандым,  бирок өзүмдүн кооз костюмумду, кооздугумду, фильмдеги өнөктөштөрүмдүн күчтүү идеясын көрүп, күн бою ырахат алып иштедим. Менин сүйүктүүлөрүм, бизге ийгилик каалап коюңуздар, жакында сиздерди абдан кызыктуу фильм күтөт. Биз болушунча аракет кылабыз”, -деп ...

0 244

Чыпалак баатыр Казакстанга иштеп береби?

07-ноябрь 2019, 10:20 Кызгалдак Жакыпова

Жакында эле Кыргызстанда депутаттык шайлоого аттанам деп элди дүрбөлөңгө салган, "Чыпалак баатыр" деген каймана аты бар Зарылбек Аликенов өзү тууралуу социалдык баракчасына үн катты.  Ал Казакстанда “Чыпалак баатыр” тууралуу мультфильм тартыла турганын жана анимациялык фильмдин режиссеруна ыраазычылыгын билдирерин кошумчалады. “Жакында мен жөнүндө мультсериалдын үстүндө иш баштайбыз. Аябай кызыктуу болот“, - деп белгиледи Чыпалак Баатыр. Ал эми фильм качан жарык ...

0 403

Нэна: "Үйгө кирип аялдын, эшикке чыгып эркектин жумушун жасайм"

06-ноябрь 2019, 13:39 Айдар Нуралиев

Ырчы, алпаруучу Нэна жакында эле экстремалдуу клип тартып, ал өзгөчө клиптердин катарын толуктады. Бул клип ырчы айымдын чыгармачылыгына эле өзгөчөлүк тартуулабастан, жеке жашоосуна да жаңылык киргизгендей болду. Андагы баш каармандын ролун ойногон жигит Нэнанын колун сураганын ырчы күйөрмандарына өзү кыйыткан, - деп жазып чыкты "Леди.kg" гезити шейшембиде чыккан санында. - Нэна айым, жакында эле “Сенин жаныңда” аттуу экстремалга бай ...

Жарнама үчүн орун!
600 x 50
0 10773

Куудул баңги затын сактоого шектелип кармалды

05-ноябрь 2019, 18:15 Айдар Нуралиев

Шоу-бизнес чөйрөсүнүн өкүлдөрүнүн бири укук коргоо органдары тарабынан кармалганын жеке булактарына таянуу менен айрым басылмалар жазып чыгышкан. Маалыматка караганда, кармалган жарандын жанынан баңги заты табылып, бул факт "баңгизат сактоо" беренеси менен катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынган. Териштирүү иштери жүргүзүлүп, анын негизинде баш коргоо чарасын караган Ленин райондук соту 26-октябрда кылмышка шектүүнү 2 айга камакка алган. Бул маалыматты тактоо үчүн Бишкек ...

0 1091

Кайрат Кыргыз: “Мен депутатыкка келсем, саясат популярдуу болот”       

05-ноябрь 2019, 10:19 Айдар Нуралиев

Белгилүү эстрада ырчысы  Кайрат Кыргыз  кирпик коштуруп, коомчулукта кызуу талкуу жараткан эле. Андан кийин ал партиялардан сунуш түшүп жатканын айтып,  депутаттыкка аттанаарын маалымдаган. Бул тууралуу ырчынын өзү менен маек курдук. - Саламатсызбы, алгач чыгармачылыгыңыз тууралуу айтып берсеңиз? - Саламатсыздарбы, чыгармачылыгым өз учуру менен жылып жатат.  Мурун кандай иштесем, азыр деле ошондой эле.  Жакшы көргөн ырларды жаздырып иштеп жаткан мезгилим.  ...

0 232

Маданият кызматкерлеринин кесиптик майрамы белгиленди

04-ноябрь 2019, 14:33 Айдар Нуралиев

Т.Сатылганов атындагы Кыргыз Улуттук филармониясында маданият кызматкерлеринин кесиптик майрамы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин төрагасы Д.А.Жумабековдун, Кыргыз Республикасынын вице-премьер министри А.С.Өмүрбекованын жана жалпы маданият кызматкерлеринин катышуусу менен өттү. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады.  Маалыматка караганда, майрамдык салтанатта  Кыргыз Республикасынын перезидентинин, Жогорку Кеңешинин жана өкмөттүн сыйлыктары маданият тармагында көп жылдан бери өзүрлүү эмгектенип келе жаткан ...

0 489

Ерке Есмахан менен Кайрат Нуртас ким кыйын деп талашууда

04-ноябрь 2019, 13:36 Айдар Нуралиев

Казакстандын ажарлуу эстрада ырчысы Ерке Есмахан  менен Кайрат Нуртастын апасы жана   продюсери Гүлзира Айдарбекованын ортосунда нааразычылыктар болгонун казак басылмалары жазып чыгышты. Маалыматка караганда, Ерке Есмахандын "Кайда?" аттуу ыры YouTube каналында 100 миллиондон ашуун каралган. Еркенин ыры баласыныкынан көп кароо болгонуна ичи ачышканбы же башка себеби барбы, айтоор, Кайраттын апасы Гүлзира Айдарбекова жергиликтүү журналистке мындай болушуна ишенбестигин айтып алган. Ал: ...

0 1001

"Чыпалак баатыр": “Гулнур Сатылганованы жакшы көрүп калдым” 

Видео 04-ноябрь 2019, 14:51 Айдар Нуралиев

“Мен мындан ары Гулнур Сатылганова ырчы эжеми өтө сыйлап калдым. Ага башымды ийип таазим кыламын. Ал өнөрдү терең түшүнгөн, ар бир нерсени өз убагында так, туура сезип, баалай билген айым экен. Жүрөгү кыргыз деп соккон баатыр эжемди бир күнү үйгө чайга чакырып сыйлаймын”, -деген пикирин билдирди NazarNews.kg маалымат агенттигине жакында эле өзүн “Күчмен” деп атаган “Чыпалак баатыр” каймана аттуу ...

0 146

Кош бойлуу жылдыздар өздөрүнө кантип кам көрүшөт?

03-ноябрь 2019, 12:34 Айдар Нуралиев

Кош бойлуулук – аялдын жашоосундагы эң бир жагымдуу учур. Ошол эле учурда жоопкерчилик да эки эсе күчөйт. Анткени айым мурункудай жалгыз эле өзүнө эмес, курсагындагы түйүлдүккө да кошо кам көрүүсү керек болот. Биздин учурдагы кош бойлуу жылдыздар кантип өздөрүнө кам көрүп жатышты болду экен? Асема Токтобекова, ырчы, актриса: “Эртең мененки көнүгүү бир күндүк энергия тартуулайт“ - Азыр ай-күнүм жакындап, ...

0 675

“Келинчегим, сага ыраазымын!”  Ырчы Ильяз Андаш экинчи ирет ата болду

02-ноябрь 2019, 15:26 Айдар Нуралиев

Кыргыздын эстрады ырчысы Ильяз Андаш бүгүн, 2-ноябрда уулдуу болду. Бул тууралуу ырчы өзүнүн Инстаграмм баракчасына жазып чыкты. “Сүйүнчү жакындарым, досторум, эл журтум!!! Жаратканымдын каалоосу менен уулдуу болдук! Кудайыма шүгүр!!! Кубанычым койнума батпай турган чагым!!! Келинчегим сага ыраазымын!  Мени кыздын жана уулдун атасы кылдың!!! Ата, Апа, Папа, Мама сиздер бар биз бактылуубуз!,-деп ырчы күйөрмандары жана интернет колдонуучулары менен жакшы жаңылыгы ...

0 613

Фарида Карбосова: Бүгүн ырдап чыгып эле , эртең "Эл артисти" намын алса таң калбайм

02-ноябрь 2019, 14:16 Айдар Нуралиев

- Наам алууга такыр аракет кылып көргөн эмесмин. "Маданияттын мыкты кызматкери" деген гана наамды алгам. Башка наамдарга чуркап да, кызыгып да көрбөптүрмүн. Наам адамга стимул болушу мүмкүн, бирок сенин чыгармачылыгыңдын чени эмес деп ойлойм. Бааны эл берет. Мага элдин сыйы менен колдоосунан өткөн наам да, баа да жок. Ал эми наамдардын берилиши боюнча айтсам, азыр эч нерсеге таң калбай турган ...

0 587

Айгерим Саматова: "Шоу чөйрөдө ордуңду табыш үчүн көп акча керек"

02-ноябрь 2019, 14:11 Айдар Нуралиев

Азыр интернетти ачсаң, социалдык тармактар аркылуу тараган вайндардан башың адашат. Вайн - кыскача тартылган күлкүлүү окуялар, тасмалар. Кыргыз жаштарынын изденип жатканын, улам жаңы идеяларды таап, жаңычылдык менен вайн, скетчтерди тартып жатканы кубандырбай койбойт. Дал ушул кыскача күлкүлүү тасмалар аркылуу калкка таанылган жаш актрисалардын бири Айгерим Саматова. Айгерим студент кезинде эле атактуулукка жеткен актрисалардын бири. Ийгилик ага кантип жылмайган жана ...

0 461

Данияр Эрматов: "...колдоо күтпөйбүз, эч нерсе да сурабайбыз"

02-ноябрь 2019, 14:00 Айдар Нуралиев

- Биз жеке ырчылар мамлекеттен эч кандай колдоо күтпөйбүз, эч нерсе да сурабайбыз. Сыйлык берсе алып коебуз. Себеби, биз мамлекеттик мекемелерде иштебейбиз, жеке ырчыбыз да. Ошол себептен эч кандай деле нааразычылыгыбыз деле жок. Болгону биздин өлкөдө заман талабына ылайык концерт кое турган бир имарат керек болуп турат. Бул пикирди көп эле кесиптештерим айтып калышат. Ооба, бизде Спорт ордосу бар, ...

0 206

Бүгүн, 2-ноябрь - маданият кызматкерлеринин күнү!

02-ноябрь 2019, 13:51 Аман Аскаров

Кыргызстанда бүгүн, 2-ноябрь - маданият кызматкерлеринин кесиптик майрамы. Бул күн 1995-жылдан бери белгиленип келет. Дата 1926-жылы 2-ноябрда биринчи жолу кыргыз тарыхында драматург Молдогазы Токобаевдин «Кайгылуу Какей» пьесасынын коюлушуна байланыштуу тандалып алынган. Кыргызстан эгемендик алган алгачкы жылдары маданият тармагы өтө кыйын абалга кептелип, соңку жылдары оңоло баштаганы айтылат. Мамлекеттик маданий мекемелерде иштегендер өлкөдө эң аз айлык алган кызматкерлердин катарында. NazarNews.kg ...

0 285

Бишкекте 2-ноябрь күнү “Маданият кызматкерлеринин күнү” белгиленет

01-ноябрь 2019, 10:52 Айдар Нуралиев

Т. Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясынын чоң залында 2-ноябрь күнү маданият кызматкерлеринин кесиптик майрамына карата “Жаңы ысымдар” аталышында гала-концерт  өтөт. Майрамдын алкагында, Кыргыз Республикасынын маданият жана искусство тармагынын өнүгүп өсүшүнө зор салым кошкон Кыргыз эл артисттери кызыл килем аркылуу өтүп, маданият министрлигине караган мекемелерден жана окуу жайлардан мыкты деп тандалган чыгармалар  жаңырат. Ошондой эле, филармониянын фойесинде жаңы чыгып келе ...

0 1855

Асема Токтобекова: "Ичим чоңоюп, өзүм шишип калдым"

29-октябрь 2019, 17:37 Айдар Нуралиев

Ырчы, актриса Асема Токтобекова "Леди KG" гезитине кош бойлуулугу кандай өтүп жатканын айтып, кош бойлуу айымдарга кеңештери менен бөлүштү.  - Азыр ай-күнүм жакындап, ичим чоңоюп, өзүм шишип калдым. Кош бойлуу кезде көнүгүү - айым өзүн сергек алып жүргөнгө, төрөттүн жеңил өтүшүнө абдан жардам берет. Интернет булактарынан кош бойлууларга арналган көнүгүүлөрдү карап алып, аны күнүгө эртең менен жарым сааттан жасап турам. Кош ...

0 225

3D ВИДЕО – Бишкектин келечектеги заманбап парктары

Видео 29-октябрь 2019, 14:26 Алтын Булат

Бассейн, спорттук жана балдар ойноочу атайын аянтчалар, автоунаа токтотуучу жайлар, сейил бактар, баардыгы тартипке салынган, баардыгы таза. Бул Бишкектин келечектеги “Түштүк” жана “Ден-соолук” аталышындагы эс алуучу жайлары. Албетте, азырынча бул шаардык архитекторлордун элестетүүсү, кыялдануусунан жаралган 3D план. Аны шаардын башкы архитектору Асхат Тулебердиев муниципалитеттин бүгүнкү, 29-октябрдагы жыйынында көрсөттү. Алдыда парктарды куруу ишиндеги сметаларды кайрадан карап чыгып, куруу чыгымын оптималдаштыруу ...

0 246

Егор Криддин ырлары өспүрүмдөргө зыян келтирет

26-октябрь 2019, 14:13 Айдар Нуралиев

Орусиянын байланыш, маалыматтык технология жана массалык коммуникациялар боюнча федералдык көзөмөлдөө кызматы Егор Криддин чыгармачылыгына карата чыгарылган экспертизанын жыйынтыгын жарыялады. Бул тууралуу орусиялык маалымат булактары жазып чыгышты. Маалыматка караганда, экспертизанын авторлору ырчынын чыгармачылыгы өспүрүмдөрдүн психикасына, башкача айтканда калыптанышына терс таасирин тийгизип жатканын айтып, анын чыгармачылыгына чектөө коюу сунушун киргизишкен.  Коюлган чектөө боюнча Егордун ырларын 18 жаштан улуу адамдар гана уга ...

0 408

ВИДЕО - Ырчы Урмат Усенов саясатка олуттуу киришти

Видео 25-октябрь 2019, 17:41 Алтын Булат

Маданият кызматкерлеринин ичинен 2020-жылы парламентке депутат болуп келүүчүлөрдүн катарын ырчы Урмат Усенов да толуктады. Мындай билдирүүнү ал өзү “Санжыра” радиосунда маек берип жатып айтты. Айырмасы, башкаларга окшоп “мүмкүн” деген сөздү колдонгон жок. Тескерисинче, депутат болоруна бекем ишенет. - Өзүңдүн көкүрөгүңдүн ичиндеги ишеним 100 пайыз болбосо, башкалардын ичиндеги ишенимди ойготууга болбой турганын жакшы түшүнүүбүз керек. Анысы кандай, мендеги ишеним толук ...

Жарнама үчүн орун!
600 x 50
0 3427

Самара Каримова: " Гимн ырдалганда 6 миңден ашык адам ордунан туруп ыйлап жатышты...”

25-октябрь 2019, 10:32 Айдар Нуралиев

Кыргыз ырчыларынан эң алгачкы болуп Кремлде  жеке концерт берген Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти Самара Каримованын 23-октябрда Москва шаарындагы Кремль сарайында өткөргөн жеке концерти жогорку деңгээлде аншлаг менен ийгиликтүү өттү. Концерт  тууралуу ырчы менен маек курдук.  - Саламатсызбы! Кремлде дүңгүрөтүп жеке концерт койдуңуз? Концерт  кандай өттү? - Саламатсыздарбы, "Nazarnews" маалымат агентигинин жалпы жамааты! Концерттен кийин акыбыл сурап, жакшы маалымат ...

0 2583

ВИДЕО - Айпери Кубик кызы: “Попамды” акырын кармап көрдү”

Видео 25-октябрь 2019, 12:28 Айдар Нуралиев

Ырчы Айпери Кубик кызы өзүнүн келбети боюнча социалдык тармагына жазып чыкты. Төмөндө өзү жөнүндө жазган пикири толугу менен: Кандайсыздар? Буга чейинки видеодо менин "попама" асылгандар көп болуптур. Негизи мен бирөөгө бирдеке далилдегенди анча жактыра бербейм. Унчукпай коеюн десем, таза жалаа жапкандар көп экен. Жасалма кийип алган, билинип турат дегендер. Эми силерге кантип далилдешти деле билбей ...

0 470

Аваз Акимов турмушка чыкты беле?

24-октябрь 2019, 16:45 Айдар Нуралиев

Кээ бир газеталардын негизги темасы эле ырчы. Биз аларга болгубуз келбейт сынчы. Жылдызмын дегендердин баш кошуп дүнгүрөтө той өткөргөндөрүн кызыгып окуйбуз. Арадан көп өтпөй аларды ажырашып кетти деп угуп чочуйбуз. Ал эми жакында эле таланттуу ырчылар Аваз Акимов менен Айдана Деканын баш кошкону маалым. Ылайым, экөө түбөлүккө жыттап жүрө беришсин сүйүү балын! Бирок, биздин айтайын дегенибиз башка, Эркектин турмушка чыкканын укпаптырбыз ...

0 4444

ВИДЕО - Самара Каримованын концертинде кыргыздар «эрежени» бузду

Видео 24-октябрь 2019, 14:00 Айдар Нуралиев

Кечээ, 23-октябрдын кечи Москвада Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти Самара Каримованын концерти мыкты деңгээлде болуп өттү. Аталган концерт Кремль сарайында болуп, көрүүчүлөр сахнага толгон. Учурда аталган концерт социалдык тармактарда каттуу талкуу жаратып, Самара Каримовага ыраазычылыгын билдирүүдө. Концертте кыргыз көрүүчүлөр тарабынан эрежени бузгандар да болду. Эске сала кетсек, Ибрагим Жунусовдун калемине таандык «Эламан» деген ...

0 1733

Чолпон Абыкеев, жазуучу: “Кыргыз ырлары Кремлде жаңырып тургандын эмнеси жаман?”

24-октябрь 2019, 12:55 Бакыт Молдалиев

Кечээ, 23-октябрда Москванын Кремль сарайында кыргыз ырчысы Самара Каримованын концерти өтүп, бүгүн интернет айдыңында ал концерттин өтүшү тууралуу эки тараптуу пикирлерди жараткан талкуу башталды. Ошентсе да албетте, оң пикирлер басымдуу. Алардын бири, жазуучу Чолпонбек Абыкеев Самарага ийгилик каалап, чыгармачылык жолдун татаал, азабы арбын болоорун, ага чыдаган гана инсан көздөгөн максатына жете алаарын кеңеш катары айткан пикирин жазды. “Самара кызыбыздын Кремлде ...

0 2705

ВИДЕО - Ырчы кызыбыз Самара Каримованын Кремлдеги концерти ийгиликтүү өттү. Куттуктайбыз!

Видео 24-октябрь 2019, 09:01 Бакыт Молдалиев

Кыргыз ырчыларынан эң алгачкы болуп Кремлде “дың бузган” сыймыктуу ырчы кызыбыз, Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти Самара Каримованын 23-октябрда Москва шаарында, тагыраагы, Кремль сарайында өткөргөн жеке концерти жогорку деңгээлде аншлаг менен ийгиликтүү өттү. Бул тууралуу соцтармактарга жарыяланган фото-видеолор далил болууда. Андагы маалыматтарга ылайык, концерттик зал 6 миң орундуу жана Каримованын концертине дээрлик баардык орундар толгон. Ырчыны ...

0 402

СҮРӨТ+ВИДЕО - Сахнада жааган 50 миң доллар

Видео 23-октябрь 2019, 17:50 Алтын Булат

Бул азиаттарга адаттан тышкары көрүнүш. Деген менен ушуга чейин европалыктарда деле мынчалык чачылган жаан болбосо керек. Эмнеси болсо дагы 24 жаштагы Америкалык рэп ырчысы Post Malone Майамидеги кечки клубдардын бириндеги эс алуусун ысык өткөрүптүр. Ал тургай, анын өзгөчө эс алуусу күйөрмандарына дагы жагып турган учуру. Чөнтөгүнөн уучтап чыккан таңгак-таңгак акчасын олтургандарга карай жаадырып жатты. Айтылгандарга караганда андагы жалпы сумма ...

0 416

Самара Каримова италиялык ырчы менен бирге Кремлде концерт тартуулайт

Видео 23-октябрь 2019, 14:15 Айдар Нуралиев

Интернет айдыңында ырчы Самара Каримованын Кремлде өтүүчү концертине көрүүчүлөрдү чакырган видеосу тарады. Анда Каримовадан сырткары, италиялык белгилүү ырчы, композитор Ингрид Альберини жана концерттин уюштуруучулары менен алпаруучулары сүйлөп, концертке чакырып өтүшкөн. Белгилей кетсек, ырчы Самара Каримова бүгүн, 23-октябрда Москва шаарындагы Кремль сарайында жеке концертин бермекчи. Бул концерттин өзгөчөлүгү, концертте Самара Каримова италиялык ырчы Ингрид Альберини менен бирге француз жана итальян ...

0 160

Коомчулуктун сынына кабылган Чокморовдун эстелиги кайра баштан тургузулат

22-октябрь 2019, 18:09 Алтын Булат

Келээрки айда, тагыраагы, 17-ноябрь - кыргыз кино күнүнө карата СССРдин Эл артисти, белгилүү актер жана сүрөтчү Сүймөнкул Чокморовдун эстелиги жаңысына алмаштырылат. Бул тууралуу Бишкек мэриясынын басма сөз кызматы билдирди. Ал маалыматка ылайык, жаңы эстеликтин авторлору - скульптор Азамат Абдрахманов менен архитектор Нурсейит Мамбетказиев. Эске сала кетсек, скульптор Алмаз Кожегуловдун эмгегине таандык, Бишкектин Чүй проспектиси менен Тыныстанов көчөсүнүн кесилишинде тургузулган ...

0 726

Жамбыл Камчиев: "Жубайым толук эркиндик берген үчүн мен Жамбыл болдум"

22-октябрь 2019, 16:03 Айдар Нуралиев

Жакында эле белгилуу куудул агабыз Жамбыл Камчиев 37 жылдан бери түтүн булатып жашап келе жаткан, турмуштун оош-кыйышын бирге көргөн өмүрлүк жары Буусара Асанованы жоготуп, кабыргасы кайышып турат. Элибизге "өзү өлсө дагы сөзү өлбөйт" деген жакшы кеп бар. Андыктан Буусара эжебизди эскерип, ал тууралуу жолдошу Жамбыл Камчиев  “Леди KG”  гезитине маек куруп берди. -Жамбыл агай, жубайыңыздын ыйманы саламат болсун! Кайгыңызды ...

0 167

Сындан коркпогон Айпери жана башка Инстаграмм "миллионерлери"

22-октябрь 2019, 13:21 Айдар Нуралиев

Булар акча коротуп бизнес түптөгөндөр эмес, Инстаграмм баракчасында миллион катталуучусу бар аккаунттар. Биздин шоу-бизнестен ондон ашык мындай аккаунт бар экен. Алар кимдер? Инстаграм баракчасы аркылуу кантип акча табышат? Мына ушул тууралуу "Леди KG" гезити жарыялады. Алгачкы "миллионер" айым Самара Каримова Инстаграмм баракчасын 2014-жылы 22-мартта ачкан. Азыркы учурда ырчынын 1,7 миллион колдонуучусу бар.  Кыргызстан боюнча алгачкы жолу миллион катталуучу топтогон Самара ...

0 210

Кыргыз актерлору фестивалдан олжолуу кайтты

22-октябрь 2019, 09:02 Айдар Нуралиев

Казакстандын Караганда облусуна караштуу Жезказган калаасында 15-19-октябрда режиссёр Жанат Хаджиев атындагы III эл аралык театрлар фестивалы болуп өттү. Анда Кыргызстандын атынан Арсен Өмүралиев атындагы Бишкек шаардык драма театры драматург Жан Ануйдун "Оркестр" пьесасынын негизинде коюлган "Сфорцандо" спектаклин тартуулады. Жана да фестивалда Өзбекстан, Тажикстан, Казакстандын бир нече профессионал театрлары ар кандай спектаклдерди калыстардын, калктын сынына коюшту. Бул тууралуу аталган театрдын ...

0 484

Назми Байзакова: " Кыздарымдын тапичкесин машинама тумар кылып салып алам"

21-октябрь 2019, 17:42 Айдар Нуралиев

-1999-жылдан бери машина айдап келе жатам, ошондо быйыл туптуура 20 жыл болуптур. Өзүмдүн апам дагы машина айдагандыктан, кичинекей эки жаш курагымдан баштап апам конокко бара жатканда алдына отуруп алчу элем. Ал учурда унаа айдаган айымдар дээрлик жокко эсе болчу. Ошондуктан жолдо бара жатканда элдин бары таң калып карап калышчу эле. Ошондон болсо керек, машина айдоого болгон  кызыгуум бала кезимен эле ...

0 151

Голливуд жылдызы Женнифер Лоуренс турмушка чыкты

21-октябрь 2019, 12:48 Айдар Нуралиев

Голливуд актрисасы Женнифер Лоуренс сүрөт галереясынын директору Кука Марониге турмушка чыкты. Бул тууралуу чет элдик маалымат булактары жазып чыкты. Маалыматка караганда, үйлөнүү той Род-Айленд штатына караштуу Ньюпорт шаарында жайгашкан 1894-жылы курулган хан сарайда болгон. Үйлөнүү тойго 150 конок катышып, анын ичинде актриса Эмма Стоун, Эшли Олсен, Эми Шумер жана ырчы Адель дагы болгон.  Жаш жубайлардын кыз-жигит болуп сүйлөшүп жүргөнү ...

0 372

Басков мейманканада бир күн болууга 2,5 миллион рубль коротту

21-октябрь 2019, 11:39 Айдар Нуралиев

Орусиянын белгилүү ырчысы Николай Басков Монте-Карлодогу мейманканалардын биринде үй-бүлөсү менен бир күн болууга 2,5 миллион рубль коротту. Ырчы ошону менен катар эле 43 жаш туулган күнүн белгилөөнү чечкен. Бул тууралуу орусиялык маалымат каражаттары жазып чыкты.  Маалыматка караганда, Басков апасы менен биргеликте эки бөлмөлүү жана өзүнүн китепканасы бар номерге отурукташкан. Николайдын айтымында, ал көптөн бери ушундай тынч эс алууну кыялданып жүргөн. 

0 773

ВИДЕО - Амир Аскаров менен Чолпон Талипбек ютубдан клип талашууда

Видео 20-октябрь 2019, 10:37 Бакыт Молдалиев

Мурда “Non Stop” дуэтинде ырдап келген белгилүү ырчы Чолпон Талипбекти кийинки күндөрү экөө чогуу ырдап, чогуу клипке тартылышкан өнөктөшү ырчы Амир Аскаров сотко берүүгө камынууда. Буга экөөнүн дуэт аткаруусундагы “Жүрөгүм эзилет” аттуу ырдын клибин ютуб каналына жайгаштыруу боюнча автордук укуктары себеп болууда. Себеби, буга чейин аталган клипти экөө тең ютубдагы өз каналдарына жүктөшкөн. Бирок, ушул жылдын 4-октябрында Чолпон Талипбек аталган каналдан Амир ...

Жарнама үчүн орун!
600 x 50
0 868

Асель Турдалиева: “Рулга отурардан мурун сөзсүз куран окуйм”

19-октябрь 2019, 17:34 Айдар Нуралиев

- Мен 2005-жылдан тартып руль башкарып жүрөм. Ошондон бери көп эле жолу унааларымды алмаштырдым. Азыркы машинамдын маркасы Тойота Кэмри. Ушул машинам менин көңүлүмдөн түнөк тапты десем болот. Аялзатына ылайыктуу унаа экен деп калдым. Айдаганга абдан ыңгайлуу, жумшак машина. Өзүмө кандай көңүл буруп карансам, машинама дагы ошончолук маани берем. Анан сөзсүз түрдө ар бир рулга отурардын алдында куран окуп туруп ...

0 394

Назира Жетигенова: "Куудулдарга карата айтылган сындарга кошула да, каршы да чыга албайм"

19-октябрь 2019, 15:27 Кызгалдак Жакыпова

Белгилүү алып баруучу, куудул Назира Жетигенова келе жаткан ноябарь айында боло турган концерт боюнча "Фабула"  эксклюзивдүү маек куруп берди. Ноябрь айынын башында  «Алина»  тобу концерт бергени жатыпсыздар, сөзүбүздү ушул  концерт  туурасында баштасак. -  Ооба, «Алина тобуна -25 жыл» деген аталыш менен 5-6-ноябрда Бишкек шаарыбызда чоң программадагы концерт бергени жатабыз. Концертти «Алина» тобунун кийинки мүчөлөрү болгон Фарида Карбосова, Мирлан, Нурлан ...

Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83