www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Маданият
0 1068

Элнар Дайыр:"Интернетке тараган видеодон кийин тойлорго чакыруулар көбөйө баштады...

19-октябрь 2019, 10:35 Кызгалдак Жакыпова

Тойдо «Суунун боюнда, сени күтөмүн» деп чачты ары-бери силкип ырдаган кичинекей Элнар аттуу жигит канча күндөн бери интернет айдыңында абдан популярдуу болуп жаткан учуру. Жаш таланттын өзгөчө бийи, кыймыл-аракети миңдеген адамдардын алкоосуна татып, айрым телеканалдар мейманга да чакырганга үлгүрүштү. Таланттуу жеткинчек менен "Фабула" гезити да баарлашкан. - Элнар, интернетке тараган видеодон кийин күйөрмандарың көбөйдүбү? Атактуу болгон кандай экен? - ...

0 223

ВИДЕО - Кыргыздын ооз комузун мыкты ойногон орус жигиттери

Видео 18-октябрь 2019, 13:52 Айдар Нуралиев

Социалдык тармакка чет элдиктер кыргыздын улуттук ооз комузун заманбап стилде ойногон тасма тарады. Тасмада үч орус улутундагы жигит кадимки эле кыргыздын улуттук аспабы ооз коомузун заманбап музыкалык стилде чертишкен. «Темир комуз» деген музыкалык аспабыбыз тээ байыркы доорлордо эле пайда болгон. Албетте, темир комуздун алгачкы түрү жыгачтан жасалгандыгы талашсыз. Анын далили катары «жыгач ооз комуз» деген музыкалык аспабыбыз бүгүн да ...

0 639

Айчүрөк Иманалиева: "Үй-бүлөм үчүн өзүмдү курмандыкка көп чалам"

18-октябрь 2019, 15:06 Кызгалдак Жакыпова

Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти, сахна жылдызы Айчүрөк Иманалиева “Жаңы Ордо” гезитине акыркы жаңылыктарынан бөлүшүп эксклюзивдүү интервью берди. — Арыбаңыз Айчүрөк эже! Маданият ааламында жүргөнүңүзгө отуз жылдан ашып калды. Ошондон бери өчпөй, жыл сайын популярдуулугуңузду жоготпой, сактап келесиз. Мунун да сыры болсо керек? — Ырахмат, бар болуңуз! Ким кай кесипти аркалабасын, өмүр өткөнчө ошол сүйгөн кесибинин аркасынан баар табат. ...

0 234

Дүйнөдөгү эң сулуу айым ким экендиги айтылды

16-октябрь 2019, 12:22 Айдар Нуралиев

Жулиан Де Сильва аттуу пластикалык хирург америкалык супермодель Белла Хадид дүйнөдөгү эң сулуу айым деп атады. Ал иликтөө жүргүзүп көрүп, жыйынтыгында Белланын жүзү “алтын кесилишке” максималдуу жакындайт деп аныктаган. Бул тууралуу дүйнөлүк басылмалар жазып чыгышты. Хирург “алтын кесилиштин” формуласы менен бир нече белгилүү адамдардын эриндеринин, мурундарынын, чекесинин жаан жаагынын жайгашышы өлчөп, жүздөрүн эсептеп чыккан. Хадид идеалдуу катыштыкка эң жакыны, ...

0 476

Куудул Жамбыл Камчиевдин жубайы көз жумду

16-октябрь 2019, 11:40 Айдар Нуралиев

Белгилүү куудул Жамбыл Камчиевдин аялы Бүүсара Сарыбек кызы каза болду. Ал бүгүн, 16-октябрда оорудан улам 61 жашында көз жумган. Маалыматтарга караганда, Жамбыл Камчиев менен аялы 37 жылдан бери бирге түтүн булатып келишкен. Ортолорунда 2 уул, 1 кызы бар. “ NazarNews” маалымат агенттигинин жалпы жамааты куудул Жамбыл Камчиевге жана анын жакын туугандарына терең кайгыруу менен көңүл айтып, азасын тең бөлүшөбүз.

0 212

Клип кандай тартылат? Димаштын шаркыратма астында клипке тартылып жаткан учуру

Видео 16-октябрь 2019, 11:31 Айдар Нуралиев

Казакстандык атактуу ырчы Димаш Кудайбергеновдун жаңы клип тартуу учурундагы кадрлар тарады. Ырчы жаңы клибин тартуу үчүн атайын Исландияга барган. “Команданын бардык мүчөлөрү суу болушту. Бирок, бул ага татыктуу болчу”, -деп жазган ырчы өзүнүн жеке баракчасына. Булак: NazarNews.kg

0 576

ВИДЕО - Өзбекстанда белгилүү ырчынын сахнада акчага көмүлүп-чачылып ырдаган көрүнүшү үчүн лицензиясынан айрыды

Видео 16-октябрь 2019, 10:15 Бакыт Молдалиев

Концерт берүүгө жана телеге чыгууга уруксат берчү "Өзбекконцерт" мамлекеттик мекемеси өзбектердин белгилүү ырчысы Жахонгир Атаджановду мындай укуктан ажыратты. Бул тууралуу аталган уюмдун расмий сайты жарыялады. Жергиликтүү басылмалардын тараткан маалыматтарына ылайык, буга ырчынын тармактарга тарап кеткен анын кайсы бир жерде сахнага ырдап жатканда күйөрмандары аны ар тараптан акча менен “көмүп” жаткан көрүнүш себеп болгон. "Жахонгир Атаджанов Орозо айында мораль эмне экенин унутуп, улуттук ...

0 223

Саякбай Карала уулуна 125 жыл

15-октябрь 2019, 18:54 Айдар Нуралиев

Өзүнөн кийинки көптөгөн жаш манасчылардын түз жана кыйыр түрдөгү устаты, эч кимде жок өзгөчө речитациянын ээси, эпостун сакталып, өнүгүшүнө ат көтөргүс зор салым кошкон XX кылымдын залкар манасчысы Саякбай Каралаевге 125 жыл толду. Буга карата республиканын билим берүү, илим изилдөө жана маданият борборлорунда түрдүү деңгээлдеги иш-чаралар өткөрүлүп жатат. “Саякбай Каралаев жана манасчылардын жаңы мууну” деп аталган илимий конференция КР ...

15-октябрь 2019, 18:54 | 223
0 1149

Кей-поп жылдызы Соллинин жансыз денеси табылды

15-октябрь 2019, 16:38 Айдар Нуралиев

Түштүк Кореянын кей-поп жылдызы, F(x) тобунун мурунку солисткасы Солли деген ат менен белгилүү Чхве Ри каза болду. Бул тууралуу чет элдик маалымат каражаттары жазып чыкты. Маалыматка ылайык, 25 жаштагы Соллинин сөөгү Сеулдан алыс эмес аймактагы өз үйүнөн табылган. Ырчы менеджери менен байланышпай калганынан улам, менеджери ырчынын үйүнө барган. Ал жактан кыздын өлүгүн таап, полицияга кабарлаган. “Биздин акыркы баарлашуубуздан кийин, Солли ...

0 284

Рианна араб миллиардери менен болгон мамилесин ачыктады

15-октябрь 2019, 09:22 Айдар Нуралиев

Америкалык белгилүү ырчы, актриса Рианна Vogue журналына берген маегинде Сауд Арабиялык миллиардер Хассан Жамил менен болгон сүйүү мамилесин ачыктады. Айтканына караганда, ал дүйнөдөгү эң бай үй-бүлөөнүн мүчөсү менен 2017-жылдан баштап жолугуша баштаган. Экөө мамилесин коомчулуктан канчалык жашырбасын, баары бир папарацци экөөнүн Испаниядагы виллада эс алып жатканын тартып алууга мүмкүн болгон. Рианна буга чейин араб миллиардери менен болгон мамилеси жана ...

0 337

АҢГЕМЕ: Кембагалдын кызы деп чанган келинимен кечирим сурадым

14-октябрь 2019, 16:29 Айдар Нуралиев

- Атасы кайда иштейт? - Айдоочу. - Ммм. Энесичи? - Санитарка. - Башка кыз жок бекен? - Апа, дагы баштадыңызбы? - Ооба, баштадым. Атаңдын кандай кызматта ортураарын билесиң. Эл караган бетибизди жер каратканы турасыңбы? Уул болбой, сени! Турчу ары! - Апа! Мен баары бир Назгүлгө үйлөнөм. - Эй, бала, токто! Бекзат дейм. Уулум акыры Назгүлүнө үйлөндү. Кызды алып кетели ...

0 875

Шоу+ринг. Жамгырчиева  Гулнур Асановага: “Раз на раз чыгалы...”

14-октябрь 2019, 16:48 Айдар Нуралиев

Белгилүү ырчы, актриса Гулнур Асанова өзүнүн Инстаграмм баракчасына бир журналисттин дарегине сын айтып, ырдабай эле коюсун суранып, сырдуу пост калтырган.  “Мен бүгүн айласыздан айтууну чечтим. Баягы эле бетке айткан жаным, дагы деле жаман көрүнөт экем. Бирок, мейли. Аттарын айтпай эле коеюн, анча мынча алып баруучулар ырдап жатасыздар…  Аныңар жакшы, ар тараптуу болгуңар келет. Аны колдойм. Бирок, ырдаардан мурун обонду ...

0 316

Султан Раев: "Бекен күндө эле 60ка чыгып жатыптырбы?.."

13-октябрь 2019, 11:07 Айдар Нуралиев

Бекен досубуз 60ка чыгыптыр. Ага ким ишенет? Бул да табияттын катасыбы деген ойго келесиң, метрикада – 60, жашоодо – күлгүн жигит. Өмүрү гезиттен гезитке өттү. Бир кырдуу, бир сындуу. Оюн ортого салбай, ичинде кармайт. Сөзгө сараң, ойго терең. Анын үч кесиби бар. Биринчиси – сүрөтчү, экинчиси – журналист, үчүнчүсү – жазуучу. Өнөрдүн үч хандыгынын Ордо башы да өзү. Биринин ...

0 282

Төрөбай Зулпукаров: “Бүажар эжекебиз ар бир сабагын жан дили менен өтчү”

13-октябрь 2019, 10:47 Айдар Нуралиев

Төрөбай Зулпукаров, Жогорку Кеңештин депутаты: “Бүажар эжекебиз ар бир сабагын жан дили менен өтчү”, деп "Де-Факто" гезитине маек курган. --"А" деген арипти тааныткан биринчи мугалимиңиз ким эле? --Мага алгачкы тамга тааныткан мугалимим Бүажар эже. Эжекебиз Ош областына караштуу Ноокат районундагы ошол убактагы Калинин мектебинде билим берген эң мыкты мугалимдердин бири болгон. Бүажар эже балдарды эркелетип, урушпай, акырын айтып ...

0 305

Жайнакты Манастын арбагы урбайбы?

13-октябрь 2019, 10:37 Айдар Нуралиев

Кечээ күнү Манасчы Дөөлөт Сыдыков, режиссер Ырыс Окенова, Мелис Мураталиев “АКИпресс” маалымат агенттигинде Коомдук биринчи каналдын жетекчиси Жайнак Үсөн уулунун “Манасты ким тааныйт” деп келеке кылып, кыргыз улутунун өзөгү болгон рухий баалуулукту тебелеп-тепсегенге жол бергенин айтып чыгышты. Мындан улам, иштен кетүү талабын коюшту. Көрсө, Үсөн уулу ар жума сайын КТРКнын эфиринен «Манас» эпосу боюнча кеткен берүүгө каршы болгон. Өткөн ...

0 228

Атактуулукту, даңкты көтөрө алган инсан гана ийгиликти багынтат

13-октябрь 2019, 09:15 Айдар Нуралиев

Бүгүн Ч. Айтматов, Саякбай, Г. Айтиев, С. Чокморов, Б. Минжылкиев, Ч. Базарбаев, А. Жумакматовдор барбы арабызда? Биз кыргыздын кыраан уулдарын тарых барактарында гана окучу болдук… Улуу көчтүн жолун улай кылым залкары катары КРнын эл артисти, Токтогул атындагы сыйлыктын лауреаты, Абдылас Малдыбаев атындагы опера жана балет театрынын директору Керим Тураповдун ысымын атоого неге болбосун? Бул өнөр адамы жамы журтка белгилүү. ...

Жарнама үчүн орун!
600 x 50
0 744

Ж. Баласагын атындагы "Университет" пансионатында 15 жаштагы кыз иштеп жүргөнбү?

12-октябрь 2019, 17:32 Айдар Нуралиев

Ж.Баласагын атындагы "Университет" пансионатынын директору Үмөт Акбашович сизге наалаттан башка сөз жок! 15 жаштагы небереңиздей кыздын көз жашынан корккон жоксуз. Зыркыратып биздин көз алдыбызда айлык маянасын толук бербей ыйлатып кетирдиңиз. Мыйзам чегинде 15 жаштагы кыздарды ишке албашыңыз керек эле. Менин көз алдымда 15 жаштагы кыздардан экөөнү иштетип жүрдүңүз. Болуптур иштетиңиз... Жети бир тууган, майда бөбөктөрү болгон үчүн ата-энесине жүк ...

0 293

Каттабек Шамшиев: “Жактырган адамыңды тагдыр менен келишип, соодашалып алсаң болобу?”

12-октябрь 2019, 13:10 Айдар Нуралиев

Жактырган буюмуңду базардан соодалашып алат экенсиң. Бирок, жактырган адамыңды тагдыр менен келишип, соодалашып болбойт тура. Колуңдан кеткен байлыкка ичиң ачышпасын - демек сенин насибиң эмес экен. Жашооңдон чыгып кеткен же чыгып кетмекчи болгон адамдарды кайтарганга урунба - демек алар өз ролдорун ойноп бутуптур. Жоготкон ден-соолугуңа, сага келген ооруга кайгырба - демек Алла сени сүйөт, күнөөлөрүң төгүлүүдө. Жоготкон нерселерибиз жакшы ...

0 1358

Аңгеме. Жаш келинге азгырылып, үй-бүлөсүнө картайганда кайткан

11-октябрь 2019, 16:44 Айдар Нуралиев

«Ооматты көтөрө албай көптүм” — Жубайым Акинай экөөбүз мектеп курактан сүйлөшүп жүрүп, мен 21 жашымда, ал 18 жашында баш кошконбуз. Чогуу жашап 5 баланы таптык. Акинай балдарды катар-катар төрөп эле үйдө болду. Үйдүн табышкери мен элем. Элибиздин жашоо шарты начарлап, баары оокат кылуунун айласын издеп борборго агылып жаткан убак. Кесибим архитектор болгондуктан төрт өнөктөш болуп курулуш ...

0 1859

ФОТО - Жогорку Кеңештин депутаты сулууга кат жазды

10-октябрь 2019, 14:00 Аман Аскаров

Жогорку Кенештин депутаты Марлен Маматалиев Сусанна Егоряндын инстаграмм баракчасына кат жөнөтүптүр. Анда ал Сусаннаны жарандыгын алмаштырбоону өтүнүп, эл аралык сулуулар конкурсунан биринчиликти жеңип алгандыгы үчүн ыраазычылыгын билдирип өтүптүр. Белгилей кетсек Сусанна Егорян ага чейин өзүнүн инстаграмм баракчасына ачык эле өлкөнү башка өлкөлөргө тааныштырганын милдет кылган. Анын жазгандарын туура түшүнсөк, Кыргызстан биринчи жолу Дүйнөлүк сулуулар сынагын ...

0 2236

ВИДЕО - Кытайлык жаран эки кыргыз кызына бир убакта үйлөнүп жаткан видео тарады

Видео 08-октябрь 2019, 17:29 Аман Аскаров

Кытай жарандары дагы гаремдин сүйүүчүлөрү экен. Дегенибиз, жакында Бишкек шаарынын барларынын биринде кытай жараны бир эмес эки кыргыз кызына үйлөнүп жаткан видео тарады. Канчалык чын, канчалык жалган экени белгисиз. Видеодо эки кыргыз кыз үлпөт көйнөкчөн, ортодо ким дебейсизби? Кытай жараны. Эки кыз тең анын көңүлүн алууга ашынууда. Көрсө, байыркы Кытайда байлыгы ашып ташкан эркек киши өзүнө ...

0 203

Кара-кулжалыктар Бек Борбиевге аргымак мингизишти

07-октябрь 2019, 12:08 Айдар Нуралиев

Ырчы. обончу Бек Борбиев Кара-Кулжа районунун Тоготой айылында мугалимдердин майрамына карата аргендей кооз үнү менен ыр десте тартуулады. Ал эми айылдыктар эл ырчысынын 50 жаш кутман курагын куттуктап аргымак мингизди. Бек Борбиев "Кара Кулжа элинин мага кылган сый-урматы, жүрөктү жылуулука ороп кетти. Чынында күткөн эмес элем. Чоң рахмат, албетте бул иш чара мага стимул, куч кубат берет деп ...

0 454

Валентина Шевченко Голливудду багындырат

05-октябрь 2019, 14:05 Айдар Нуралиев

UFC чемпиону Валентина Шевченко киного тартыла тургандыгын билдирди. Ал бул тууралуу  Твиттердеги баракчасына жазды. Анда ал Голливуд актрисасы Хэлли Берри менен чогуу түшкөн сүрөтүн жарыялап, астына актриса менен таанышканына жана кино долбоор боюнча бирге иш баштаганына кубанычта экендигин жазган. Ошондой эле, Шевченко актриса менен чогуу тамак ичип аткан сүрөттү да жарыялаган. Эмне демекчибиз, спортчубузга кино жаатында да спорттогудай ийгиликтерди жаратып, Голливудду багындыруусун кааламакчыбыз. Булак: ...

0 4117

ВИДЕО - Абдылда Иманкулов Жогорку Кеңешти “Маңка Кеңеш” деп атап, “кызыл пакетти” тамашага салды

Видео 03-октябрь 2019, 10:45 Айдар Нуралиев

Кыргызстанга белгилүү куудулдар, Абдылда Иманкулов, Тынар Курбаналиев, Жаңыл Абдылдаева баштаган топ концерттик програмын тартуулада. Алар кайрадан саясаттагы болуп өткөн окуяларга токтолуп, “чимкирикти” мисал кылып, Жогорку Кеңешке таш ыргытты. Алар Жогорку Кеңешти, “Көр Кеңеш”, “Маңка Кеңеш” деп атады. Андан сырткары кагазга ороп, өкмөткө тийишип өкүртө сындады. Төмөндө Абдылда Иманкулов менен Рысбек Жантөрөевдин бийликке ыргытканы “ташын” көрүп ...

0 15120

ЭКСКЛЮЗИВ ВИДЕО: Куудул Тынар Курбаналиев, Атамбаев менен Матраимовдорго тийишти

Видео 02-октябрь 2019, 15:53 Айдар Нуралиев

Кечээ, 2-октябрда куудул Тынар Курбаналиев, Абдылда Иманкулов, Рысбек Жантөрөев, Жаңыл Абдылдаева баштаган бир нече топ жарнагы жок концерт коюп өздөрүн сынап, чоң тобокелчикке барды. Дегенибиз менен концерттик зал элге жыкжыйма толбосо дагы көрүүчүлөрдүн саны купулга толорлук болду. Концерттин башы Кой-Таш менен башталып, “кызыл пакет” менен коштолду. 120 койду даңкка бөлөгөн куудул Тынар Курбаналиев сахнага кадам таштаары менен мурдагы президент Алмазбек ...

0 2192

ВИДЕО - Марат Назарбеков жакында “ыйык микрофон” менен ырдап чыгабы?

Видео 01-октябрь 2019, 15:47 Айдар Нуралиев

Марат Назарбеков жакында “ыйык микрофон” менен ырдап чыгабы? Кандайча? Так ушундайча! Инстаграм баракчасынын колдонуучусу Алишер Нуржанов казак ырчылары менен Марат Назарбековдун бир дастаркондо олтурган кыска тасмасын жүктөдү. Төмөнкү шилтемеде: https://www.instagram.com/p/Bx5L5DDDopQ/?igshid=1y2ouocfnsdbb Кыска тасмада Марат Назарбековдун “жымыңдаган” көздөрүн көрүүгө болот. Демек, жеке ишкер Марат мырза казак ырчыларына аралашып калды, жакында “ыйык микрофонду” кармап, казак ырчылары менен дуэт ырдап чыгып калса таң калбай эле ...

0 1071

ВИДЕО - Зарылбек Аликенов, ”Күчмен”: “Өзүмдү өлтүргүм келип атат”

Видео 30-сентябрь 2019, 15:37 Айдар Нуралиев

Кыргызга көптөгөн трюктары менен "Чыпалак баатыр" деп таанылган Зарылбек Аликенов алгач өзүн коомчулукка "XXI кылымдын Кожомкулумун" деп тааныштырган. Ал кадимки эле жумуртканы катарынан үч жолу бүкүлү жутуп, гиряны чыпалагы менен көтөргөн сыяктуу көптөгөн трюктары менен кыргыз элине таанылган. Эми ал өзүн Чыпалак баатыр эмес Күчмен деп атап, шоу дүйнөсүнө сүңгүп кире тургандыгын айтып, мындай жакшы кабарын NazarNewsка билдирди. - Зарылбек мырза, ...

0 935

Актриса Ырыс Жоомартова тарыхый тасмаларга тартылуу үчүн чачын кырууга да даяр...

28-сентябрь 2019, 16:42 Айдар Нуралиев

Актриса, Ырыс Жоомартова: “Тарыхый тасмаларга тартылууга чакырышса, чачымды кырууга да даярмын…", деп "Фабула" гезитине маек курган. --Ырыс айым, учурда эмне менен алексиз? Тасма тартуу, элге жайылтуу жагынан оперативдүү элеңиз, эмнегедир быйыл тынчсыз… --Адаттагыдай эле изденүүдөмүн. Учурда “Апам аябай бактылуу” аттуу комедиянын үстүнөн иштеп жатабыз. Буюрса ноябрь айында элге тартуулайлы деген максатыбыз бар. Тасмада шеринелеш досторум Юрий Бобков, Гүлшайыр Садыбакасова, Динара ...

0 8313

Гүланда Баткен облусунун губернатору

26-сентябрь 2019, 14:03 Аман Аскаров

Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти, эстрада ырчысы Айбек Карымов бүгүн, 26-сентябрда тилге байланыштуу башынан өткөн бир окуяны сүрөттөп берип, интернет аркылуу түз эле Президенттин алдында уюштурулган Кыргыз тил комиссиясынын жетекчи кызматын сурап, бийлик төбөлдөрүнө пикир катары кайрылган эле. Ал муну менен тил комиссиясынын жүргүзгөн чабал саясатынан улам кыргыз тилинин баркы кетип жатат деген оюн билдиргиси келген эстрада ырчысы. Эми отурабыз, ...

0 444

ВИДЕО - Ичсе бир Момбеков эле ичет

Видео 26-сентябрь 2019, 11:56 Аман Аскаров

Жакында мамлекеттик бир телеканалда “мамлекеттин Манаска болгон мамилеси” аттуу көрсөтүү болуптур. Ага окумуштуулар, коомдук ишмерлер, депутаттардын катарынан Рыскелди Момбеков барып катышып келиптир. Бирок, өкмөттөн бир жан барбаптыр. Бул жагдай катышуучулардын канын кайнатып, өкмөткө карата катуу сындар айтылса керек. Буга ачууланган Момбеков аткаруу бийлиги Манас эпосу боюнча мыйзамдын аткарылышын аткарбай жаткандыгын белгиледи. Мыйзам 2011-жылы кабыл алынган. 2012-жылы Өмүрбек Бабанов өкмөт ...

26-сентябрь 2019, 11:56 | 444 |
0 528

ВИДЕО - Рыскелди Момбеков өкмөткө өкүргүсү, өтүнгүсү келбейт, себеби өтпөй калыптыр

Видео 26-сентябрь 2019, 11:09 Аман Аскаров

Жогорку Кеңеште Рыскелди Момбеков деген эл өкүлү бар. Маал маалы менен өкмөттү “бешинчи точкага” тебип, ары бери кой айдагандай айдап турат. Бирок анын дагы алы кетиптир аткаруу бийлиги менен кой-чабан ойной берип. Дегенибиз жакында СССРдин эл артисти, залкар инсан Сүймөнкул Чокморовдун 80 жылдык мааракеси болот. Ага чет өлкөдөн белгилүү, атактуу, сыйлуу коноктордун келиши күтүлүүдө. Бирок кашайып өкмөт адатынча эле ...

0 444

ВИДЕО: “Кырасапчик” министр Азамат Жаманкулов кайда?

Видео 26-сентябрь 2019, 09:40 Айдар Нуралиев

Кыргызстанда акыркы жылдары маданият тармагында өнүгүп-өсүүлөр болгону менен бир жанып, түбөлүк өчкөн ырчылардын саны арбыды. Жаш “кырасапчик”  Маданият, маалымат жана туризм министри Азамат Жаманкулов кызматка келгенден бери “короосу” тарап тыптынч... Маданият тармагына жаңыдан чыгып келе жаткан ырчы “балдары”, өтүгүн башына кийип, оюна эмне келсе кылып, секиргени секирип, бакырганы бакырып эле эле обу жоктонуп ырдап келе жатат. Кой-ай деген киши ...

Жарнама үчүн орун!
600 x 50
0 2276

Бир күндө 5 миң доллар киреше тапкан ырчы Нурлан Насипов

25-сентябрь 2019, 14:58 Кызгалдак Жакыпова

Бир күндө 5000 долларга чейин пайда тапкан кыргыз эстарда ырчысы Нурлан Насип же  чыныгы аты-жөнү – Нурлан Насипбековду тааныбаган кыргыз жок болсо керек. Ал буга чейин коомчулукка жарыяланбаган бир нече фотосүрөттөрүн жарыялады. Андагы маалыматтарга ылайык, Нурлан Насип жаш мезгилинен бери музыкага кызыгып, бир нече музыкалык аспаптарда кол ойнотуп келген. Жана ошону менен катар анын эжеси, атасы музыкалык аспаптарда өнөр көрсөтүп келишкен. Нурлан үйдөгү беш баланын ...

0 4549

ВИДЕО - Өзбекстанда Керим Тураповдун "Туулган жери" жаңырып, президент Мирзиёев кубануу менен кол чапты

Видео 25-сентябрь 2019, 11:21 Кызгалдак Жакыпова

Кыргыздын белгилүү ырчысы Керим Тураповдун "Туулган жер" аттуу чыгармасы, кошуна мамлекет Өзбекстандын Самарканд облусунда, ар 2 жылда өтүүчү "Шарк тароналари" эл аралык музыка фестивалында жаңырды. Аткаруучу - Толкун Тажиев аттуу ырчы! Дагы бир кубандыруучу маалымат - видеодо Кыргызстандын Маданият, маалымат, жана туризм министри Азамат Жаманкулов бул көрүнүшкө кубанып, видеону жеке уюлдук телефонуна тартып жатканын көрүүгө болот. Демек, министр жан-дилинен ...

0 4049

ВИДЕО - Бактияр Токторов: "Сөгүнчөөк" инсан Лейлекте "ашпозчу"

Видео 19-сентябрь 2019, 12:00 Айдар Нуралиев

Бир канча күндөн бери социалдык тармактарда белгилүү ырчы Бактияр Токторов тойдо ырдап жатып белгисиз инсанга микрофон сунганда, мас абалындагы ал адам сөгүнгөнү тартылган видео таркап, ал талкууга алынган эле. Белгилүү ырчы Бактияр Токторов жашы өтүп калган "сөгүнчөөк" инсан тууралуу айтып берди.  - Тойдо кызыктуу окуялар көп болот. Ага анча маани деле берген жокмун. Ар дайым элдин кызматындабыз. Сөгүнгөн агабызга көңүл ...

0 891

ВИДЕО: Зере Асылбек кызынын жаңы клиби чыкты

Видео 16-сентябрь 2019, 10:25 Кызгалдак Жакыпова

Ырчы Зере Асылбек кызы "Сүйүнчү" аттуу клибин жарыялап кайрадан көрөрмандардын кызыгуусун жаратууда. Бул клиптин каармандары - трансгендер-кыз, молдо, президент, сот жана журналистер. Ырчы клиби менен 2025-жылда болуучу окуяны баяндап бергиси келген. Эске салсак, Зере Асылбек кызы 2018-жылы адам укуктарын урматтоого чакырган "Кыз" аттуу клиби жарыяланып, ал коомчулуктун кызуу талкуусуна түшкөн эле.  Булак: NazarNews.kg

0 519

Назира Айтбекова: “Мырзалар, силер бизден таарынуу, телтектөө сапаттарыбызды талашпагылачы!”

14-сентябрь 2019, 12:08 Нурбек Айдар

Белгилүү алпаруучу, актриса Назира Айтбекова социалдык баракчасына эркектерге байланыштуу пост жазды. Анда ал аялдарга тийиштүү айрым сапаттарды эркектердин талашпай эле коюусун өтүнгөн. “Таарынуу, телтектөө, мүнөз көрсөтүү, бултуктап-тултуктоо, кара тизмеге киргизүү, кетип калуу, канча күн дайынсыз жоголуп кетүү - аялдарга тийиштүү сапат! Суранам, мырзалар, бизден бул сапатты талашпагылачы! Айып бизден кетип, асманды сөөмөй менен ...

0 867

Заворотнюк комага түшүп калды

14-сентябрь 2019, 10:29 Нурбек Айдар

Актриса Анастасия Заворотнюкту өтө оор абалда болгону үчүн медикаменттик комага түшүрүштү. Бул тууралуу РИА Новости жазып чыкты. Маалыматка ылайык, ал эки жума мурун ооруканага түшкөн, абалы начарлап кеткендиктен бүгүн түнү аны жандандыруу бөлүмүнө которушкан. Учурда дарыгерлер мындан ары эмне кылуу тууралуу ойлонуп жатышат. Актриса мындай абалда жатканда операция кылуу да мүмкүн эмес экен. Мындан мурун Заворотнюк мээнин рагы ...

14-сентябрь 2019, 10:29 | 867
0 199

Эл башынын ролун аткарган актёр депутат болду

11-сентябрь 2019, 13:40 Нурбек Айдар

Казакстандык актёр Нурлан Алимжанов мажилис депутаты катары ант берди. Бул тууралуу РИА Новости жазып чыкты. Нурлан Алимжанов Казакстандын биринчи президенти Нурсултан Назарбаевге арналган "Лидердин жолу" деп аталган тасмада баш каармандын ролун жаратып, коомчулукка таанылган. 35 жаштагы Нурлан Алимжанов Назарбаев түптөгөн Nur Otan партиясынын мүчөсү. Булак: "NazarNews.kg"

0 1014

Ташкентке тарых издеп, архив кезип... Тарыхчы Кыяз Молдокасымов Ташкентке кетти

09-сентябрь 2019, 16:53 Нурбек Айдар

“Эми он күн бою сиздер менен кабарлаша албайм, сиздер жазганды окуй да албайм. Өзүм да жазбайм. Кайрадан Ташкентте архивде болом. Өлкөсүн өнүктүрүп, өксүктөрдү түзөп, элинин зор кадырлоосуна ээ болуп, Борбордук Азияда лидерлик тизгинди бекем кармаган Шавкат Миромоновичтин өлкөсүндөгү өзгөрүүлөргө күбө болуп кайтам. Тарыхчылык кесипке такшалткан, азгырган, таалим-тарбия берген, илимий жетекчим, раматылык Хамид Зияев жашап өткөн шаарда болом. ...

0 193

Каттабек Шамшиев: “Өзүңдүн жүрөгүңө батпаган кайгы, бирөөнүкүнө батмак беле?”

09-сентябрь 2019, 13:30 Нурбек Айдар

Эй, кыргызымдын кыздары! Жигиттердин эң мыктысын арзуу кылбагыла. Тескерисинче, ушундай ыймандуу, тарбиялуу, адептуу болгула, ошол жигиттер силерди арзуу кылсын! Жашоодо үч нерсе жаш тандабайт: Сүйүү, өлүм жана оору. Таш боор адамдан жылуулук күтпө. Анткени, ал өзү мээримге зар. Эч кимге, эч качан дартыңды айтпа. Өзүңдүн жүрөгүңө батпаган кайгы, бирөөнүкүнө батмак беле? Көчөлөрдө ...

0 129

Комуз күнүнө карата өлкө аймактарында бир катар иш-чаралар өтөт

08-сентябрь 2019, 14:56 Кызгалдак Жакыпова

Комуз күнүнө карата өлкө аймагында 8-9-сентябрь күндөрү бир катар иш-чаралар өтөт. Бул маалымат тууралуу Маданият, маалымат жана туризм министрлиги билдирди. Маалыматта, 8-сентябрда саат 10:00дө Ысык-Көл облусуна караштуу Корумду айылындагы Карамолдо Орозовдун айкелинин алдында салтанаттуу иш-чара өтөт. 9-сентябрда саат 10:00дө Калый Молдобасанов атындагы Кыргыз Улуттук консерваториясында «Кыргыз комузу жана комузчулук өнөрү» аттуу илимий практикалык конференция уюштурулуп, 12:30да Бишкекте Токтогул Сатылгановдун ...

0 277

Таласта өтүүчү Улуттук көчмөндөр оюндарына даярдык көрүлүүдө

07-сентябрь 2019, 15:07 Кызгалдак Жакыпова

Быйыл Кыргызстан 16-19-сентябрга чейин Улуттук көчмөндөр оюнун өткөрүүнү пландаган. Анын алкагында өлкөнүн 7 облус, 2 шаарынан катышуучулар келип, өз аймактарынын өзгөчөлүктөрүн көрсөтүшөт. Ошондой эле спорттук оюндар менен кошо маданий иш-чаралар дагы өтмөкчү. Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин маалымат кызматынын билдирүүсүндө, 5-сентябрда улуттук маданий борборунун кызматкерлери Таласка кетишти. Алар акыркы даярдык иштерин көрүшөт. Улуттук көчмөндөр оюнунун өзгөчөлүгү катары кыз-келиндердин боз ...

0 161

Технология алынса маданият дагы алынабы?

06-сентябрь 2019, 19:11 Кызгалдак Жакыпова

Түркия жана Ислам дүйнөсүндө цивилизация, маданият, технология сыяктуу терминдер жана бул терминдерге кандай карала турганы эки жүз жылдан бери талкууланууда. Технология боюнча талкуулар жакынкы убакта  алоолонгон сыяктуу көрүнүүдө. Технологиянын бир гана технология болбогону, технология менен бирге маданият жана кааланбаган бир топ нерселер дагы кошо келе турганы, ушул себептен технологиядан алыс турулушу жөнүндө көз караштар ортого салынды. Анкарадагы Йылдырым Бейазыт ...

0 112

Анкарада «Кыргызстан күнү» белгиленет

04-сентябрь 2019, 11:33 Алтын Булат

Анкарада бүгүн, 4-сентябрда «Кыргызстан күнү» аталган иш-чара өтөт. Иш-чара Анкарадагы Эл аралык 16-Анадолу күндөрүнүн маданият жана искусство фестивалынын алкагында чоң концерттик программа менен коштолорун trt.net сайты жазып чыкты. Маалыматка таянсак, кыргыз жана түрк ырчылары сахнада өнөрлөрүн биргеликте тартуулашат. Кыргызстандан Кыргыз эл артисти Күмөндөр Абылов, Тилекгүл Абылова, Канат Мукул жана ошондой эле жаш таланттар Эркинбек уулу Айтмат, Перизат Нурбек кызы ...

0 632

АУДИО - Турапов менен Жунусовду "кара теке" качан сүзгөн?

Аудиофайл 03-сентябрь 2019, 17:38 Кызгалдак Жакыпова

Алтын үндүү Керим Турапов менен дагы бир "коңур" үндүү Ибрагим Жунусовду тааныбагандар аз болсо керек. Бул эки таланттуу мырзанын ортосунан кайсыл убакта кара мышык аралаганын ким билсин. Анысын билбедик. Бирок, эски жараны жаңыртып, эски кегиби же башкасыбы, айтор ошол кездеги Токтогул Сатылганов атындагы филармониянын директору, азыркы опера жана балет театрынын директору Керим Турапов Жунусовдун башынан ылдый жугунду куюп, жергиликтүү ...

0 405

Кыргыз-казак айтышында баш байгени Жеңишбек Жумакадыр менен Айнур Турсунбаева жеңип алышты

02-сентябрь 2019, 09:33 Кызгалдак Жакыпова

Залкар акын Алымкул Үсөнбаевдин 125 жылдыгына жана мамлекеттик тил мыйзамынын 30 жылдыгына арналып уюштурулган XIII эл аралык айтыштын жеңүүчүлөрү аныкталды. Айтыш 30-31-август күндөрү филармонияда өтүп, анын тандоо туруна 46 акын, сынакка 16 өнөрпоз катышкан. Бул тууралуу мааылматты "Айтыш" коомдук фондусу өз социалдык баракчасына жайгаштырды. Жеңүүчүлөрдүн тизмеси: Баш байге: Жеңишбек Жумакадыр - Айнур Турсунбаев 1-орун: Асылбек Маратов - Жандарбек Булгаков. 2-орун: ...

0 205

Таластын таанымал таланттары

01-сентябрь 2019, 17:41 Кызгалдак Жакыпова

Талас го өтө таанымал жер. Бул жактан айкөл Манас чыккан, андан соң залкар жазуучу Чыңгыз чыккан. Кийинкилерин атай берсек абдан көп. Комузда кол ойнотуп Сталинди таң калтырган Атай Огонбаев, ыр саптарын далай саат талбай төккөн Алымкул Үсөнбаев, айтор айта берсек сөз көп. Эмесе, бүгүнкү күндөгү  таластык таластык айрым таланттар тууралуу азын-оолак кеп кылмакчыбыз.  Кыргызды кыйырга тааныткан Айчүрөк Иманалиева  Тээ ...

01-сентябрь 2019, 17:41 | 205
Жарнама үчүн орун!
600 x 50
0 321

Оруссиялыктар хиджабды жарнамалагандарга нааразы болушту

31-август 2019, 15:46 Кызгалдак Жакыпова

Оруссиялык “Gloria Jeans” кийим брендди, хиджабды жарнамалай койушуп көпчүлүктүн жемесинде калды. Бул тууралу Кремил маалымат булактары жазып чыгышты. Айтылгандарга караганда, 29 – август күнү аталган бренддин Instagram-аккаунттагы официалдуу баракчасына, кочкул-көк өңдөгү аялдардын көйнөгүнүн сүрөтү жайгаштырылган жана анда, «Gloria Jeans менен сен өзүңдү колго ал! Биз сенин жашыңа, жынысыңа, териңдин өңүнө, диниңе, көз-карашыңа карабай кубанабыз” — деген жарнамалык текст жазылган.

0 246

ВИДЕО - Америкалык Элчи кыргыз эгемендүүлүгүнө бозүй тигип берди

Видео 31-август 2019, 12:35 Кызгалдак Жакыпова

Бозүй тигилишине катышкан, АКШнын Кыргызстандагы элчиси Дональд Лунун видеосу интернетте пайда болду. Анда элчи бүгүнкү 31-август эгемендүүлүк күнүнө карата Кыргызстандыктарды куттуктаганы айтылат. Булак: NazarNews.kg

Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83