www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Маданият
0 2365

Аскат Сулайманов: “Макем болбосо азыр Аскат деген актёр жок болмок”

31-январь 2019, 19:52 Жазгүл Урманбетова

Дос деген ыйык нерсе, эгер аны баалай билсе... Жакшы достон жан дүйнөгө гүлазык алып, аны жүрөгүңө эш тутасың. Арабыздан өтүп кеткен белгилүүлөрдүн достук мамилесин, адамдык асыл сапаттарын досторунун оозунан уктук. КРнын Эмгек сиңирген артисти, актёр Марат Козукеевдин досу Аскат Сулайманов: “Макем болбосо азыр Аскат деген актёр жок болмок” - Марат экөөбүздүн ортобузда 8 жаш айырма бар болчу. Бирок театрга келгенде “байке” десем: ...

0 1342

“Шоро” компаниясынын негиздөөчүсү, коомдук ишмер Табылды Эгембердиевдин досу Шайлообек Дүйшеев: “Табыкем мени башка достордон кызганчу”

31-январь 2019, 17:26 Кызгалдак Жакыпова

Дос деген ыйык нерсе, эгер аны баалай билсе...Жакшы достон жан дүйнөгө гүлазык алып, аны жүрөгүңө эш тутасың.Арабыздан өтүп кеткен белгилүүлөрдүн достук мамилесин, адамдык асыл сапаттарын досторунун оозунан уктук. -Ал кезде 8-кичирайондо турчумун.Мени да эл таанып, Табылдынын да максымы жакшы өтүп дүркүрөп турган кез.Кечке маал жумуштан жөө үйгө кетип баратсам беш-алты кадам алдыда Табылды чылым чегип ойлуу баратыптыр.Бат-бат басып жанына ...

0 8460

Салтанат Саматованын досу, алып баруучу Эркин Рыскулбеков: “Улуу экенин билдирбей сен деп айт дечү”

31-январь 2019, 15:51 Кызгалдак Жакыпова

Жакшы достон жан дүйнөгө гүлазык алып, аны жүрөгүңө эш тутасың. Кайгыда да, кубанычта да колдой турган, үзүлгөнүңдү улаган, чачылганыңды жыйнаган да дос эмеспи. Арабыздан өтүп кеткен белгилүүлөрдүн достук мамилесин, адамдык асыл сапаттарын досторунун оозунан уктук. Каармандарыбыздын айрымдары аларды жылмаюу менен эскерсе, кээ биринин каңырыгы түтөп, үнүнөн досуна болгон кусалыгы сезилип турду. - Салтанат менен жаңы таанышканда менден бир топ жаш улуу ...

0 12691

Турусбек Жумалиев: "Жашоомдогу эң кымбат эки аялдан айрылдым..."

24-январь 2019, 14:47 Кызгалдак Жакыпова

Эмгек сиңирген артист, актёр, алып баруучу Турусбек Жумалиевдин жубайы Зоя Токторбаева өткөн жылдын 14-декабрында узакка созулган оорудан көз жумган. 41 жыл бирге жашаган жубайынан айрылган агабыздын кабыргасы кайышып турган кези. “Зоядай адам менен өмүрүмдү бирге өткөргөнүмө бактылуумун” деген маектешибиз маркум жубайын жылуу сөздөр менен эскерип отурду. -Турусбек мырза, жубайыңыздын арты кайырлуу болсун! Аны менен эң биринчи кезиккен күнүңүз бүгүнкүдөй эсиңизде сакталуу ...

0 321

Цирктин кызматкерлери митингге чыгышты

21-январь 2019, 11:47 Жазгүл Урманбетова

Буга байланыштуу цирктин эмгек жамааты бүгүн, 21-январда Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин алдына митингге чыгышты. Митингде алар өздөрү сунуштап жаткан цирктин артисти Аида Акматованы гана директор кылып берүүнү талап кылышууда.  Буга чейин маалым болгондой, Кыргыз циркинин директорлугуна маданият, маалымат жана туризм министринин мурдагы орун басары Фархад Бекманбетовдун, Кыргыз циркинин артисти Аида Акматованын жана балетмейстер Зарылбек Молдобакировдун талапкерлиги сунушталган. Эскерте кетсек, цирктин мурдагы директору Курмангазы Исанаев ээлеген кызматынан 2018-жылдын 20-декабрында бошотулган. ...

0 366

“Азиянын фильмдери” сынагында “Дарак ыры” тасмаcы мыкты деп табылды

19-январь 2019, 12:09 Жазгүл Урманбетова

Дакка шаарында өткөн эл аралык кинофестивалда “Дарак ыры” тасмасы “Азиянын фильмдери” сынагында мыкты тасма деп аталды. Бул тууралуу Кыргызстандын Кинематографияны өнүктүрүү фонду билдирди. Маалыматка ылайык, Бангладештин борбору Даккада болгон фестиваль 10-январда башталып, 18- январда жабылуу аземи болуп өттү. Ага Кыргызстандын атынан 5 тасма катышкан. Мыкты тасма аталган “Дарак ырын” режиссер Айбек Дайырбеков тарткан. “Дарак ыры” тасмасы былтыр жаз айларында жарыкка чыккан. Белгилей ...

0 369

Ольга Бузова «Евровидение-2019» сынагына барып калышы ыктымал

16-январь 2019, 18:19 Жазгүл Урманбетова

Орусиянын ырчысы Ольга Бузова Оруссиянын атынан  «Евровидении-2019» сынагына катышуусу мүмкүн. Андан башка аталган конкурска Филипп Киркоров, Егор Крид, Лена Темникова, Сергей Лазарев, Александр Панайотов жана ырчы Манижа да ат салышмакчы. Ольга Бузова ырдап чыкканына аз гана убакыт болсо да, абдан популярдуу болууга жетишкен. Ал эми Киркоров, Темникова жана Лазарев  «Евровидение» сынагында тажрыйбасы мол ырчылар болуп саналат. Панайотов болсо бир нече жылдан ...

0 679

ВИДЕО - Теленин кемесинде калаксыз сүзгөн Анаш Кадырова тууралуу сюжет

Видео 16-январь 2019, 09:31 Кызгалдак Жакыпова

Кыргызстанга белгилүү диктор, мукан үнү менен кыргыз элинин эсинде калгаан,кыргыз телесинин жүзү Анаш Кадырова кыргыз элинин сыймыгы. 20 жылдын доорун теленин кемесинде сүзгөн белгилүү диктор эжекебиздин КТРКнын журналистери даярдаган талбаган эмгегин NazarNews.kg сайтынан көрө аласыздар. Төмөндө белгилүү диктордун өмүр баяны тууралуу сюжет. Булак: NazarNews.kg

0 1113

Түшү аркылуу казына тапкан киши

16-январь 2019, 08:39 Кызгалдак Жакыпова

Бир адамга атасынан мураска көп байлык калат. Бирок, «Оңой келген оңой кетет» болуп, байлык бат эле түгөнүптүр. Колундагы байлыгынын баарын түгөтүп, жегенге тамак да таппай калат. Эми дагы мындай байлыкка ээ болуудан үмүтү үзүлсө да, жашоодон үмүт үзбөй Жартканга жалынып, дуба кылат: «Оо, Жараткан, мага дагы байлык бер. Мен өз катамды моюнга алам. Эми байлык берсең, аны сарамжалдуу пайдаланам». Бечара адам ушинтип ...

0 10594

Максат Довранов: "Көп нерсени айтып салайын деп, өзүмдү сабырлуу кармайм"

07-январь 2019, 14:31 Кызгалдак Жакыпова

"Көп нерсени айтып салгым келет"- деген Максат Довранов ырчы айым Сайкал Садыбакасова менен бир үй-бүлөө болбой калганын ачыктап койду окшойт. Айтайын дегенибиз өзүнүн инстаграм баракчасынан күйөрмандарынын суроолоруна жооп берип жатып сыр тутулуп бирок элдер кызуу талкууга алып жаткан жеке жашоосу жөнүндө кененирээк жакындай баарын ачыктап айтып бере турганын айтып өткөнсүдү. Чынында эле көп учурда жалгыз жүрүп аткан Максат жакында сырларын бир төгүп алат ...

0 2419

ВИДЕО: “Менин президентим менен селфи” деген аталыштагы клип кызуу талкууга түштү

Видео 05-январь 2019, 16:37 Кызгалдак Жакыпова

Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёевдин сүрөтү менен селфиге түшкөн видеоклип жарыкка чыгып, коомчулукка жарыяланды. “Менин президентим менен селфи” деген аталыштагы клип, Өзбекстандагы “Божалар” тобунун ырчысы Жахонгир Позилжонов тарабынан иштелип чыккан. Клипти ырчы Жахонгир, алгач өзүнүн балдары менен селфи кылып: - “Ассалому аллейкум достор. Урматтуу мекендештер! Бүгүн мен балдарым менен менин президентим менен селфи кыламын. Эгерде менин пикириме кошулсаңар, сиздер дагы ...

0 5823

Дүйнөнү дүңгүрөткөн Чынгыз хан кыргыз болгон

31-декабрь 2018, 10:40 Кызгалдак Жакыпова

(жаңыланган акыркы варианты) Кыргызстан эгемен өлкө болгондон бери расмий тарыхы эч өзгөрбөй турганы менен айрым окумуштуулар, тарыхка кызыккан адамдар тарабынан көптөгөн маалыматтар табылса дагы иретке салынып, дале толук иштелип чыкпай турат. Айрыкча, “Монгол доорундагы” тарыхта чаташуулар көп болгондуктан, Чынгыз хан тууралуу тарыхый булактарды өтө тыкан карап чыгууга туура келди. ЧЫНГЫЗ ХАН ЖӨНҮНДӨГҮ ТАРЫХЫЙ БУЛАКТАР Оригиналын жазган автору белгисиз, кытайча котормосу Пекин шаарынан табылган чоң бир кундуу ...

0 1486

Көзү ачыкка ишенесизби? Калыгул бай уулунун учурдагы заманга айткан ыр саптарын караңыз...

30-декабрь 2018, 10:45 Кызгалдак Жакыпова

Учурда аалдын-ала айткан айтымчылар,  тагдырды таш менен карап айткан көзү ачыктар толтура. Бирок өз мезгилдин айтымчы менен олуялары бар. Өз мезгилинин кыраан олуясы Калыгул атанын учурдагы заманга болгон ыр саптарын эске салалы... Узун чөбүн оруп алаар, Кыска чөбүн коруп алаар. Караңгы болуп мурункулар Атадан бала кыйын чыгаар. Жеген-ичкен башчың болоор Акыры барып качкын болоор. Аял билген заман болоор, Эр жигитке жаман ...

0 2887

Мерген Турган 3 эркек баланын, 2 кыздын атасы экени эми белгилүү болду

29-декабрь 2018, 11:59 Жазгүл Урманбетова

Таланттуу ырчы Мерген Турган быйыл 50 жашка толду. Ал юбилейин гана белгилебестен, небересинин да тушоосун кесип, жек-жаатынын, жакшы санаалаштарынын башын бириктирди. ЖМКларга берген маегинде ал: “3 эркек баланын, 2 кыздын атасы, 1 неберенин чоң атасымын. Бактымды мурун эле тапкам”, - деп жар салган. Белгилей кетсек, Мерген Турган башка ырчылардан өзгөчөлөнүп, пародия туурап ырдаган жайы да бар. Мерген Турганды биз узун чачсыз элестете албайбыз. Ушунча жыл иштеп ...

0 1322

Айбек Карымов сахнаны таштады. Саясатка барабы?

29-декабрь 2018, 10:49 Айдар Нуралиев

Жагымдуусу: Быйыл сахнада жүргөнүмө 25 жыл толуптур. Аны салтанаттуу белгилеп,өзүм тууралуу кино тарттым, китеп жаздым. Төрөлүп-өскөн айылым Токтогул районуна караштуу Сары-Камыштын Тер-Жайлак жайлоосунда чоң той өткөрүп, айыл элинен бата алдым. Тойдо баш байгеге үч автоунаа коюп, ат оюндарын өткөрдүм. Жагымсызы: Мындан ары мени сахнадан көрбөйсүздөр. Башка тармактардан да ийгиликке жетүүнү тилек кылып жатам. Мүмкүн өкмөттүк жумуштардын биринен, бизнес жаатында же саясаттан көрүп калышыңыздар ...

0 476

Зере Индияга кетип жатып, бекер концерт берет

28-декабрь 2018, 14:59 Жазгүл Урманбетова

Ырчы жана активист Зере Асылбек кызы 29-декабрда Бишкектин түштүк-чыгышында жайгашкан "Асанбай борборунда" концерт берет. Бул тууралуу  Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Аялдар программасынын басма сөз өкүлү Мериза Эмилбекова кабарлады: - Негизинен концертке өспүрүм курактагы жаштар катталып жатышат. Азыр каалоочулардын саны 1200дөн ашты. Концерт акысыз болот. Ар бир ырынын алдында Зере чыгып, ыр эмнеден улам жаралганы тууралуу кыска монолог айтат. Зеренин ырларынын мазмуну ...

Жарнама үчүн орун!
600 x 50
0 4125

Гүлнур Асанова: "Көкүрөгүмдө шишик бар экен"

28-декабрь 2018, 11:42 Кызгалдак Жакыпова

Жагымдуусу: Курбум экөөбүз сулуулук салон ачууну көздөп жүргөн элек. Эки жыл мурун да сулуулук салонун ачып, финансылык жетишпестиктен улам бат эле жабылып калган. Быйылкы жылдын акыркы айында жети жылдан бери пландап жүргөн идеям ишке ашты. Эми бул салонду өркүндөтүү  үчүн талыкпай иштейбиз. Жагымсызы: Бул жылы көп оорудум. Көкүрөгүмдө шишик бар экен. Малайзия өлкөсүнө барып тез өөрчүй турган түрүбү же өөрчөбөй турган түрүбү текшертип ...

0 4515

Гүлнур Асанова ким менен кайым айтышууда?

27-декабрь 2018, 19:32 Кызгалдак Жакыпова

Актриса жана фольклор ырчысы Гүлнур Асанова көптөн бери ичине батпай кеткен ич күптүсүн жазып чыкты. Ал өз билдирүүсүндө төмөнкүлөрдү камтыган сырдуу кат жазып калтырган. "Кээ бир адамдын укмуш акылдуу болуп, элге жакшы көрүнүмүш болгонун силер дагы байкасаңар жөн гана мыйыгыңардан күлсөңөр керек. Андай адамдар ар бир чөйрөдө кездешет да. Акыл үйрөткөнгө жараша өзү абдан кыраакы, бардык жактан төп келген, ички дүйнөсү менен ...

0 1130

Көкүрөгүн чоңойткону үчүн Чолпон Талипбекке карата айтылган сөздөр

27-декабрь 2018, 13:50 Кызгалдак Жакыпова

Жагымдуусу: Чыгармачылыкта жүргөнүмө көп жыл болсо дагы бир да ирет убактымды атайын өзүмдүн эс алуума арнаган эмес экенмин. Дайым концерт, жумуш же бир тартуу иштери болуп барчумун. Ал эми быйылкы жылы эгиз сиңдилерим менен бир айлык эс алууга Дубайга барып келдим. Жагымсызы: Менин көкүрөгүмдү чоңойтуу үчүн жасаткан операциям катуу талкуу жаратты. Талкууда жаман да, жакшы да пикирлер айтылды. Негизи элдин сынына кабылып, көп ...

0 583

Зере Асылбек кызы Кыргызстандан кетип жатат

26-декабрь 2018, 09:12 Кызгалдак Жакыпова

Ырчы жана активист Зере Асылбек кызы Кыргызстандан кетип жатканын Фейсбуктагы жеке баракчасына жазды. “Соңку кезде мага оор боло баштады. Мен өзүм эмнени каалайм жана менден эмнени каалап жатышат, ошонун ортосундагы балансты табуу аракетиндемин. Менин кээ бир кадамдарым менин аудиториям үчүн жасалып жатабы же өзүм үчүнбү? Ушул суроого келгенде чаташып калуудамын. Ошондуктан өзүмдү табуу максатында мен Индияга ыктыярчы болуп кетип жатам,”- деп ...

0 317

Айнура Темирбекова маданият, маалымат жана туризм министринин орун басарлыгынан кетерин жар салды

25-декабрь 2018, 12:20 Жазгүл Урманбетова

Айнура Темирбекова маданият, маалымат жана туризм министринин орун басарлыгынан кетерин жарыялады. Социалдык тармактагы баракчасына ал эмнеге мындай чечимди кабыл алганын жазды. Ал өлкөдө санарип боюнча элге түшүндүрүү иштерине мыкты катышкан жана ага бир топ салым кошкон адис. "Жаңы ыкмаларга, идеяларга, мүмкүнчүлүктөргө орун бошотууга убакыт келди. Мен ар бир тармакта кызматташууга ачыкмын жана өлкөбүз үчүн мындан ары да пайдалуу болууга даярмын", - деди ...

0 1080

“Көгүлтүр оттун” ажарын кимдер ачты экен?

24-декабрь 2018, 18:02 Кызгалдак Жакыпова

КТРдин жаңы жылда көрсөтүлүүчү “Көгүлтүр от” телекөрсөтүүсүнө чакырылбай калган ырчылар нааразы. Алар КТРге “Илимбек кетип, Билимбек келээр, Култаев кетип, Куттаев келээр, биздин да көчөдө майрам болоор” деген ойлорун социалдык тармактарга жаза башташты. Аттуу баштуу ырчылар “көгүлтүр отко” катышпай калдым деп арман кылып жатса, “көгүлтүр оттун” ажарын ким ачты экен деген ойго кептелет экенсиң... Булак: NazarNews.kg

0 1084

Айгерим Расул кызы: "Генералга да жетебиз.."

24-декабрь 2018, 10:31 Жазгүл Урманбетова

Айгерим Расул кызы өзүнүн кубанычы менен күйөрмандарына бөлүштү. Жакында эле экинчи ирет бала жытына мас болуп, уулдуу болгон ырчы айым өзүнүн билдирүүсүндө жолдошунун жумушунан көтөрүлгөнүн айтып, кудайга шүгүр жакшылыктын аркасынан жакшылык деп төмөнкүлөрдү жазган. "Менин сүйүүм, жаным, мамалагым, жүрөгүмдүн жарымы, өмүрлүк жолдошумду, балдарымдын атасын «майор» наамын алганы менен чын жүрөктөн куттуктайм! Талыкпаган эмгегиңдин үзүрүн көр, өз кесибиңдин мыкты кызматкерисиң! Майлуу, сүттүү болсун…ар бир ...

0 421

Репер Добр алгачкы ирет өкүл балалуу болду

22-декабрь 2018, 14:31 Жазгүл Урманбетова

Чыгармачылыкта жүргөн айрым инсандардын 15-20 өкүл балдары болсо, рэп ырчысы Добрдун моюнуна буга чейин мындай милдет жүктөлө элек болчу. Ал эми кечээ, 21-декабрда Добр алгачкы ирет өкүл бала, өкүл кыздуу болду. Бул боюнча рэперге байланышканыбызда төмөндөгүлөрдү айтты: "21-декабрда алгачкы ирет өкүл бала, өкүл кыздуу болдум. Буга чейин өкүл ата болуп бериңиз дегендер деле бар болгон. Бирок мен өкүл ата болууга өтө олуттуу мамиле ...

0 315

"Оскар" сыйлыгы: "Чет тилдеги мыкты тасма" категориясында "Айка" тасмасы кирди

18-декабрь 2018, 11:53 Кызгалдак Жакыпова

Кыргыз мигранттын тагдырын сүрөттөгөн "Айка" көркөм фильми "Оскар" сыйлыгынын кыска барагына кирди. "Чет тилдеги мыкты тасма" категориясында "Айканы" кошкондо тогуз фильм бар. Бул тууралуу РИА-Новости уюштуруучуларга таянып маалымдады. "Айка" Казакстандын атынан сунушталган. Америка киноакадемиясынын "Оскар" сыйлыгы жыл сайын февралда тапшырылат. Талапкерлер сунушталгандан кийин алгач узун баракка кирет, тандалгандары кыска баракка жазылат. Арасынан жеңүүчүлөр аныкталат. Орусиялык режиссер "Айка" тасмасы Кыргызстандан Орусияга барып, кыйын турмушка кабылып, ...

0 617

Опол тоодой бар эле... Марат Козукеевди эскерүү

15-декабрь 2018, 10:19 Айдар Нуралиев

Бүгүн, 15-декабрда, Токтоболот Абдымомунов атындагы кыргыз улуттук академиялык театрдын мурунку көркөм жетекчиси Марат Козукеев эскериле турганын аталган маданий жайдан кабарлашканын жазат Спутник кж. Маалыматка ылайык, иш-чара саат 16.00дө башталат. "Кечеге театр кызматкерлеринин аксакалдарынан тарта бардык кесиптештери, жакындары келет. Козукеев режиссер катары койгон спектаклдерден, өзү тартылган тасмалардан үзүндү тартууланат", — деп айтылат билдирүүдө. Эскерте кетсек, КРдин эмгек сиңирген артисти былтыр 9-декабрь күнү 47 жашында көз ...

0 9221

ВИДЕО: Каза болгон атактуу куудул Обид Асомовдун акыркы сөзү

Видео 14-декабрь 2018, 23:01 Кызгалдак Жакыпова

Өзбекстанга белгилүү куудул, Өзбекстандын Эл артисти Обид Асомов бүгүн, 14-декабрь күнү жүрөк оорусунан каза тапты. Белгилей кетсек, Обид Асомов эң акыркы жолу жергиликтүү “Sevimli” телеканалынын “Эслаб-эслаб” көрсөтүүсүндө 9-декабрда катышып, 10-декабрь күнү ооруканага оор абалда түшкөн. Көрсөтүүнүн жүрүшүндө атактуу куудул, акыркы жылдары куудулдар азайып бара жатканын, эл кадырлаган куудулдар дүйнөдөн өтүп кеткенин айткан. Ага мисал катары Обид Асамов Хажибай Тажибаевди мисал кылып кайгырып, ...

0 488

«ПРЕЗИДЕНТ ЖАНА БОМЖ-3» Жаңы шайланган президентке мурдагы бийлик башчылары бут тосуп, ал түгүл аны өлтүрүүгө аракеттенишет

13-декабрь 2018, 10:33 Кызгалдак Жакыпова

«Президент жана бомж» тасмасы 2012-жылы чыгып, коомчулукту уу-дуу түшүргөн. Саясатты курч чагылдырганы үчүн мамлекеттик жогорку кызмат адамдарын да дүрбөлөңгө салган. 2013-жылы “Президент жана бомж-2” тартылып, биринчисинен кем эмес деңгээлди багынткан. Ал эми быйыл май айында “Президент жана бомж-3: Ханзаада сүйгөн айылдык кыз” тартылып бүтүп, бир аз мезгил кинотеатрларда коюлган. Эми 27-декабрдан тартып тасма алымча-кошумчалар менен кайрадан Бишкек шаарыбыздын кинотеатрларында кино ...

0 379

Өлкө башчысы менен төрага салтанатта

12-декабрь 2018, 13:47 Кызгалдак Жакыпова

Бүгүн, 12-декабрда Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков менен Жогорку Кеңешинин Төрагасы Дастанбек Жумабеков Токтогул Сатылганов атында Кыргыз улуттук филармониясында улуу жазуучу Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдык маарекесине арналып өткөрүлгөн салтанатка катышты деп билдирет Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы. Иш-чаранын алкагында келгендерге Чыңгыз Айтматовдун өмүр жолун жана чыгармачылыгын чагылдырган фотокөргөзмө тартууланып, театрлаштырылган программа көрсөтүлдү. Булак: NazarNews.kg

0 305

Академиялык драма театр өнүгүүнүн жаңы нугуна түштү

12-декабрь 2018, 11:51 Айдар Нуралиев

Залкар жазуучу Ч.Айтматовдун 90 жылдыгына карата анын эң алгачкы көлөмдүү чыгармасы “Кылым карытаар бир күн” спектакли Т.Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театрынын Көркөм жетекчиси, режиссер Назым Мендебаиров тарабынан сахналаштырылды. Бүгүнкү күндө Назым Мендебаировдун сахналаштырган  А.Несиндин “Торостук зөөкүр”, Б.Чотурованын “Рамаяна” спектаклдери театрдын репертуарында ийгиликтүү коюлуп келет. Буга чейинки спектаклдери театр таануучуларын, көрүүчүлөрдү өзгөчө табылгалары менен кубандырып келгенин жашырууга мүмкүн эмес. ...

0 312

“Кыргызстан – кыска метраждуу тасмалардын өлкөсү” кинофестивалы старт алат

11-декабрь 2018, 16:39 Жазгүл Урманбетова

Бишкек шаарындагы «Манас» кинотеатрында VIII эл аралык “Кыргызстан – кыска метраждуу тасмалардын өлкөсү” кинофестивалы 12-15-декабрга чейин өтөт. Бул тууралуу «Айтыш» коомдук фондунун директору Акжол Бекболотов билдирди. Бул жылы маданий иш-чара улуу жазуучу Чыңгыз Айтматовдун туулган күнүнө арналат. Аталган фестиваль кинематографиянын мастери Талип Ибраимов менен профессор, кинорежиссер Артык Сүйүндүковдун  жазуучу Чыңгыз Айтматов тууралуу  тарткан тасма менен ачылат. 15-декабрга чейин уланчу иш-чаранын алкагында мастер-класстар өткөрүлөт. ...

0 546

ИИМ Чыңгыз Айтматовдун резиденциядагы үй музейинде

10-декабрь 2018, 18:46 Айдар Нуралиев

“Улуу жазуучу Чынгыз Айтматовдун 90 жылдыгына” карата КРнын Ички иштер министрлигинин милициянын генерал – майору Ж.Ш. Шабиров атындагы Республикалык окуу борборунун өздүк курамы Чынгыз  Айтматовдун резиденциядагы үй музейи менен таанышып келишти деп маалымдайт ИИМдин Басма сөз кызматы. Кыргыз Республикасынын ички иштер органдарынын ишмердүүлүгүн кеңири айкын чагылдырууда, коомдогу укук маданиятын жогорку деңгээлге көтөрүүдө жана кызматкерлердин руханий жан дүйнөсүн байытуу максатында Улуу жазуучу Чынгыз Айтматовдун 90-жылдык ...

Жарнама үчүн орун!
600 x 50
0 393

Курсан Асанов: Мекенибизге болгон патриоттук күчтүү сезимдер да Айтматовдун чыгармаларынын таасиринде жаралды

10-декабрь 2018, 17:58 Айдар Нуралиев

Залкар жазуучу Чынгыз Айтматовдун 90 жылдыгына карата бүгүн, 10-декабрда КРнын ички иштер министрлигинин милициянын генерал-майору Э.Алиев атындагы Академиясында чыгармачылык кече өткөрүлдү. Маданий иш-чарага КРнын ИИМдин орун басары, милициянын генерал-майору К. Асанов, мамлекеттик ишмерлер,  Айтматовдун санаалаштары  А. Джумагулов,  А. Муралиев,  кыргыз эл жазуучусу А. Жакшылыков, жазуучу С.Темиралиев, Бишкек шаардык китепкана түзүмдөрүнүн директору К. Дандыбаева жана башкалар катышышты. Курсан Асанов: “Биз Ч.Айтматовдун чыгармалары менен тарбия алып өстүк. Мекенибизге болгон патриоттук күчтүү сезимдер да, дал ошондо жаралган десем ...

0 515

Назира Жетигенова кол чаппагандарды "Шрек" дейт

10-декабрь 2018, 13:41 Жазгүл Урманбетова

Белгилүү куудул, ырчы, алып баруучу Назира Жетигенова тойдо ага кол чаппай отургандарды "Шрексиңер" кол чаппасаңар ушинтип жүгүнгөн бойдон тура берем деп элдерди күлдүрдү. Тойлорго ал ырчы эжеси менен бирге барат. Жагымдуу ырларды гана ырдабастан Назира элдин боорун эзип, тамашага салган жайы коомчулукка абдан жагат.  Куудул табышмактарды айтканда да, ким тапса ошол менин үйүмө барат деп кызыктырат, анда да табышмактарды таба алгыс кылып ...

0 3655

Айжамал Кабылова жолдошу менен жарашты

07-декабрь 2018, 10:24 Кызгалдак Жакыпова

Ырчы Айжамал Кабылова жолдошу Азамат менен элдешкенин социалдык тармактагы баракчасына жазып чыкты. Ал өз билдирүүсүндө мындан 3 жыл мурда ушакчылардын айынан үй-бүлөсү бузулганын жазып, үй-бүлөлүк сүрөтүн жүктөгөн. Ырчынын билдирүүсүн өзгөртүүсүз беребиз. "Ар кимдин күйөөсүн, аялын өзүнө гана кут кылсын! Бул нерсени ачыкка чыгарбай эле коёюн дегем. Бирок кээ бир үйүндө отуруп алып кыларга иши жок, күйөөсүн кызганып отурган айымдарга жооп бергим келди. Ооба, мындан 3 ...

0 447

Өзбек актёру Улугбек Калдаров: "Кызыл жоолук жалжалым" повестин окуп, өзүм ушул чыгармада роль жаратып каларымды билген эмесмин"

06-декабрь 2018, 13:22 Жазгүл Урманбетова

Өзбек актёру Улугбек Кадыров "Делбирим" тасмасында Даниярдын образын жараткысы келген. Актёр мындай билдирүүнү ушул жумада өткөн пресс жыйында айтты. "Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдыгына карата тартылган тасмада Байтемирдин ролун аткарып жатканыма кубанычтамын. Мен өзбек элинин атынан сиздерди да куттуктайм. "Делбирим" тасмасынын Ташкент шаарында болгон бет ачарына ден соолугума байланыштуу бара албай калгам. Эми тасманы Бишкек шаарынан көрөм", - деди ал. Ошондой эле "сизге дагы кыргыз киносуна тартылуу ...

0 680

Бек Борбиев берген шеринеде ырчылар телефон чукулап...

06-декабрь 2018, 12:29 Жазгүл Урманбетова

Кыргыздын кыраан ырчылары “Тогуз кайрык шеринеси” деп чогулуп, бир жерде ырдап, эс алып отурганын алардын инстаграм же фейсбук баракчаларына чыгарган сүрөттөрүнөн улам коомчулук билишет. Кечээ КР эмгек сиңирген ырчысы Бек Борбиев: “Тогуз кайрык шеринеси кызуу өтүүдө” деп жазып, алдына чогулган ырчылардын эс алып ресторанда отурганы, ага аккардеон черткен ырчы Мирлан Баеков обон созуп жаткан видеосун фейсбук баракчасына чыгарды. Мындагы видеодон Гүлнур Сатылганова, ...

0 297

Рэпер Дрейк - жылдын мыкты музыканты аталды

06-декабрь 2018, 10:49 Жазгүл Урманбетова

Дрейк аттуу рэпер “Spotify” сервиси боюнча 2018-жылдын эң популярдуу музыканты болду. Бул тууралуу “CNET” маалымат булагы билдирет. Беш ай ичинде аткаруучунун акыркы альбому “Scorpion” 8,2 миллиард угарманды жыйнаган. “Scorpion” альбому июль айында чыккан. Ар бир ай сайын “Spotify”тин 180 миллион колдонуучуларынын 42си аны угат. Дрейктин эң популярдуу треги “God’s Plan” болду, аны миллиарддан ашык жолу угушкан. Мындан сырткары, “Spotify”нин ТОП-5 популярдуу музыкантынын катарына Пост ...

0 475

"Киргизче" жарнамаларга ким көңүл бурат?

06-декабрь 2018, 09:34 Кызгалдак Жакыпова

Чакан өлкөбүз базар экономикасына өткөнү жарнамага көбүрөөк көңүл буруп калганын тана албайбыз. Теле-радиону койдук гезит-журналдарга, ал турсун көчөлөр толо жарнама илинген шиттерге толгон. Бирок ошол атайын акча төлөнүп илинген жарнамалардын жазылган жазуунун мазмунуна көңүл бурган деле киши жокпу деген ой пайда болууда. Анткени ката жазылганы аз келгенсип кээ бир жармалардын мазмунун окуп алып ачуу келет. Дагы жакшы биздин эне тилди башка ...

0 434

Султан Раев: “Бир картинам Францияда жеке коллекцияда, бирөө Москвада”

05-декабрь 2018, 11:26 Кызгалдак Жакыпова

Кече көптөн бери сыр катары купуя катып келген сүрөттөрүмдү белгилүү сүрөтчү агам Жылкычы Жакыпов Фейсбукка жарыялап жибериптир. Мен үчун да, мени тааныгандар үчун да күтүүсүз болду окшойт. Сурөттү бала кезден тартчумун. Бирок, көп деле "ачыкка чыгара" элек болчумун.Сүрөт тек гана менин хоббим. Бир жолу псевдоним менен сүрөт көргөзмөсүнө катышкамын. Анда эч ким билген эмес. Бирок, псевдоним менен көргөзмөгө койгон сүрөтүм Сеулдан ...

0 931

Өзбек актеру Улугбек: Негизи "Жамийла" тасмасына тартылууну каалагам, бирок "Делбирим" буйруптур

04-декабрь 2018, 22:14 Кызгалдак Жакыпова

"Фатима менен Зухра" тасмасындагы ээгинде калы бар Шахрух эсиңиздеби? Улугбек Кадыров ошол тасма аркылуу эл оозуна алынып, атагы Өзбекстанга эле эмес, Кыргызстанга чейин жеткен. Андан бери бир нече ролдорду ойноп кино жылдызына айланды. Кыргыз-өзбек киночуларынын биргелешип тарткан "Делбирим" тасмасында Байтемирдин образын жараткан. 5-декабрь күнү Бишкекте аталган тасманын бет ачары болот. Мунун алдында актер редакцияга баш багып, аны менен кабарчы Эламан Карымшаков ...

0 14591

СҮРӨТ - Сайкал Садыбакасованын күйөөсү Максат мурдагы сүйгөнүнө ачык кат жазды

04-декабрь 2018, 16:44 Кызгалдак Жакыпова

Алып баруучу Максат Давранов акыркы убакта кимдир бирөөнү сагынып күтүп жүргөндөй. Кечээ ал социалдык тармактагы баракчасына төмөнкүдөй билдирүү калтырган. Көрсө мурдагы сүйлөшкөн кызы Айбийкени көрүп эстен танып, эски сезимдери козголгон сыяктуу. Айбийке турмушка чыгып боюнда бар экени, анын бактылуу экендигин көргөн Максаттын мурдагы сезимдери ойгонуп, качандыр бир убакта таштап кеткен сүйгөнүнө жете албай убара болуп жаткандыгы байкалат. Текстте ырчы ...

0 635

Ачык кийингендиги үчүн 5 жылга эркинен ажыратылат

03-декабрь 2018, 16:28 Жазгүл Урманбетова

Египеттик актриса жана фотомодель Рания Юсеф 5 жылга эркинен ажыратылышы мүмкүн. Чет элдик басылмалардын маалыматына ылайык, Юсефтин соту 12-январда өтөт. Маалым болгондой, Египет жылдызы "коомдук жайдагы этикалык эрежени сактабады" деп айыпталып жатат. Тагыраагы, ал Каир кинофестивалынын жабылыш салтанатына денеси көрүнгөн кездемеден тигилген көйнөк кийип келген. Көйнөктөн актрисанын жоон саны даана көрүнүп турган. Египет коомчулугу Рания Юсефтин бул кийимин этикага туура келбейт деп ...

0 519

Нурмат Садыров жаш ырчыларга берилген наам жакшы жөрөлгө экенин кыйытты

03-декабрь 2018, 12:55 Кызгалдак Жакыпова

«Торгоюм», «Сардал кыз» «Кыргыз кыздары» аттуу ырлар менен таанымал, бойдок эстрада ырчысы Нурмат Садыров: «Маданиятына кайдыгер караган мамлекеттин келечеги жок деп ойлойм. А биздин эл таланттууларга бай»- деп өздүк баракчасына билдирүү калтырды. Нурмат мырза шоу-чөйрөдө жүргөн жаш ырчылардын наам алуусу жакшы жөрөлгө экенин кыйытты. Кечээ эле ыйык сахнага кадам таштаган ырчы-чоорчулар катуу сын айткан улуу ага-эжелер да жок эмес. Сыйлык алган ...

0 698

Өзбекстандагы фестивалда "Мыкты актриса" аталган Мадина Талипбек

01-декабрь 2018, 16:06 Айдар Нуралиев

Кыргыз актрисасы жана модель Мадина Талипбек Өзбекстандагы PROlogue-2018 эл аралык кинофестивалында “Мыкты актриса” наамына татыктуу деп табылды. Бул номинация ыйгарылганын Талипбек өзү жана өзбекстандык кино ишмерлери социалдык тармактарда 30-ноябрда кабарлашты. Азырынча жеңүүчүлөрдүн аттары фестивалдын расмий сайтында атала элек. А Мадина Талипбек бул сүйүнүчтүү кабары менен өзүнүн инстаграмдагы жеке баракчасында бөлүшүп: "Ташкенттеги эл аралык "PROlogue-2018" кинофестивалынын "Мыкты актриса" наамынын жеңүүчүсү" деген билдирүүсүн калтырган. Кыргыз-өзбек ...

0 482

Ырчы Бегимай Бекбоеванын хиджаб салынуу ниети бар

01-декабрь 2018, 14:01 Жазгүл Урманбетова

Ырчы Бегимай Бекбоева хиджаб кийген сүрөтүн жеке баракчасына жарыялады. Муну көргөндөр ар кандай пикирлерин айтышты. Айрымдары оюнчук кылып кие бербе, кийсең биротоло кий дешти, кээ бири «жакшы жарашат экен»-деген комплименттерди да жаза кетишти. Чындыгында, ырчы Бегимай жөн гана хиджабты кийип сүрөткө түшүп койгондугун айтты. Бирок, келечекте жоолук жабына турчу ниети бар экендигин билдирди. Буга чейин ырчылардын арасынан Асель Кыдыкова хиджаб салынып, биротоло ...

0 377

Ч. Айтматов атындагы сыйлык казак эл акыны, жазуучу Олжас Сулейменовго ыйгарылды

30-ноябрь 2018, 10:19 Айдар Нуралиев

29-ноябрда Санкт-Петербург шаарында өтүп жаткан КМШ өлкөлөрүнүн Парламенттер аралык ассамблеясынын 48-пленардык жыйынынын алкагында Жогорку Кеңеш тарабынан берилүүчү Чыңгыз Айтматов атындагы сыйлык казак эл акыны, жазуучу Олжас Сулейменовго ыйгарылды. Сулейменовдун талапкерлигин уюмдун курамы толугу менен колдоп берген деп билодирет өкмөттүн маалымат катчысы. Сыйлыкты Жогорку Кеңештин төрагасынын орун басары Асел Кодуранова  салтанаттуу тапшырды. Ал эми Олжас Сулейменов кыргыз парламентине ыраазычылык билдирип, Жогорку Кеңештин ...

0 328

Парламенттик делегация Санкт-Петербургдагы Айтматовко арналган экспозициянын ачылышында

29-ноябрь 2018, 17:25 Айдар Нуралиев

Жогорку Кеңештин төрагасынын орун басары Асел Кодуранова  баш болгон парламенттик делегация Санкт-Петербург шаарына болгон иш сапардын алкагында улуу жазуучу Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдыгына арналган экспозициянын ачылышына катышты деп билдирет Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы. Айтматовдун чыгармаларын камтыган сүрөт көргөзмө Таврин сарайында уюштурулуп, ачылыш аземге КМШ өлкөлөрүнүн Парламенттер аралык Ассамблеясынын кеңешине келген бардык делегаттар катышты. Ачылыш аземде сөз сүйлөгөн төраганын орун басары Асел ...

Жарнама үчүн орун!
600 x 50
0 1316

Үлкөндөр Мирбек Атабековдон үлгү алса

28-ноябрь 2018, 16:51 Перизат Кутманалиева

Эстрада ырчысы Мирбек Атабеков өзүнүн балдарына жээнтек той берип элдин батасын алды. Тойдун көркүн ачып сыйлуу коноктору, эстрада жылдыздары барды. Атабековдордун үй-бүлөсү ысырапчылык кылбай, дасторконду кенен жазып, бирок тоюна өзгөчөлүк киргизип көнүп калган устукан тарткан салттан толугу менен баш тартканын Атабековдун коноктору айтып чыкты. Ырчынын бул жөрөлгөсү колдоого татыйт. Депутат, чиновниктерибиз Жогорку Кеңештин трибунасынан ысырапкорчулукту жоюш керек деп кыйкырып, Ак үйдөн чыккан соң кайра ...

0 574

Динара Тилекеева: Элдин сүйүүсү менен жашап келе жатам...

28-ноябрь 2018, 15:04 Кызгалдак Жакыпова

Эл сүйгөн, көптөр суранып ырдаткан ырчы Динара Тилекееваны кепке тартып, айрым суроолорго жооп алдык. -Динара Тилекеева деген мыкты ырчы болушуңузга кимдердин салымы бар? -Менин ырчы болушума, ырчы болуп калыптанышыма көп адамдар салым кошту. Көп ырчылар устат болду. Себеби, мен бала кезде эле ырдаганды жакшы көрчүмүн. Өзүмдү ырчылыктан башка кесипте элестете алчу эмесмин. Улуу муундагы эжелердей болуп ырдагым келчү. Ошон үчүн Жалал-Абад ...

Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83