www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Коом
0 60

Марлен Маматалиев: "Бизге Орусиянын же батыштын саясатын колдоо ультиматуму коюлуп жаткандай"

22-ноябрь 2019, 17:20 Айдар Нуралиев

- Кыргызстанга автоунааларды киргизүүдө бажы төлөмдөрүнө жеңилдик берүү суранычын ЕАЭБ четке какты, эми жаңы жылдан тарта баягы автоунаалардын баасы 5 эсеге кымбаттайт. ЕАЭБге кирип эмне пайда таптык? - Кыргызстан ЕАЭБ эркин соода чөлкөмүнө киргенде, элге жалаң жакшы жактары айтылган. Эсиңиздерде болсо, күйүүчү май арзандай турганын, эгер биз ЕАБЭге кирбесек күйүүчү майга болгон баа көтөрүлөөрү айтылган. Экинчиден, четте иштеп ...

0 62

Эртеңки күнгө карата аба ырайы тууралуу маалымат

22-ноябрь 2019, 16:55 Бакыт Молдалиев

23-ноябрда түнкүсүн көпчүлүк аймактарда жаан, күндүз кээ бир райондордо жаан, кар, тоо этектеринде жана тоолуу райондордо кар жаайт. Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда туман түшүшү мүмкүн. Зымдарга жана бактарга суу кар жабышат. Жолдор тайгак жана тоңголок болуп, кар күрткүсү пайда болот. Батыш тараптан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Абанын температурасы: Чүйдө түнкүсүн -2…-7, күндүз -2…+3;

0 60

Гитлер менен анын көңүлдөшүнүн буюмдары сатыкка коюлду

22-ноябрь 2019, 16:52 Аман Аскаров

Германиянын Грасбрунн шаарчасында Гитлердин жана анын көңүлдөшү Ева Браундун жеке буюмдары аукционго сатыкка коюлду. Анда Гитлердин аты-жөнү чегерилген баш кийими эң баалуу буюм катары коюлган. Анын баштапкы баасы 50 миң еврону түзөт. Андан сырткары, аукционго улутчулдардын кол башчысы үй тиричилигинде колдонгон ар кандай буюмдар, ашканасындагы күмүш буюм-тайымдары сатыкка чыкан. Ал эми көңүлдөшү Еванын баш кийими, ...

0 122

Борбо кызы Рабия, табып: "Табыпчылык менен көзү ачыктын айырмасы чоң"

22-ноябрь 2019, 16:53 Айдар Нуралиев

Жыйырма алты жылдан бери табыпчылык менен алектенип, тамыр кармап бейтаптарга шыпаа берген Рабия айым менен маек. - Рабия айым, канча жылдан бери табыпчылык менен алектенип келесиз? - 1995-жылдан баштап ооруган адамдарды көрө баштадым. Ошондон бери түрдүү оорулууларга шыпаа берип, колдон келишинче сыркоолордун оорудан сакайып кетишине жардам берип келем. Эл көрүп, табыпчылык менен алектенгениме быйыл жыйырма алты жыл болуп ...

0 102

Баңгизат жарнамасы Өзбекстанга жетти

22-ноябрь 2019, 16:44 Кызгалдак Жакыпова

Өзбекстандын Ташкент шаарында баңгизатты көмүскө түрүндө жарнамалаган баннер табылды. Бул тууралуу өзбек маалымат булактары жазып чыкты. Маалыматка ылайык, Ташкент шаарынын Яшнабад районунда баңгизатты көмүскө түрүндө жарнамалаган баннер табылган. Учурда аталган өлкөнүн милициясы баңгизатты ким жарнамалаганын териштирип жатат.  Эске салсак, 20-ноябрда Бишкек шаарынын Чүй проспектиси менен Курманжан датка көчөлөрүнүн кесилишинде илинип турган мына ушундай баннер алынган. Ошондой эле, ушуга окшош ...

0 174

ВИДЕО - Кайра карактоо, кайра аэропортто. Кыргызстандыктын 33 миллионун карактап кетишти

Видео 22-ноябрь 2019, 16:28 Аман Аскаров

Екатеринбург шаарындагы "Кольцово" аэропортунда кыргыз жаранына кол салуу болуп, анын чемоданындагы 33 миллион рубль каракталган. Бул карактоо видеого дагы түшүп калган. Анда 33 миллион рубль бар чемоданын сүйрөп бара жаткан курьерге артынан эки адам чуркап келип, тапанчадан ок чыгарып, акчаны алып качып кетишкен. Курьер жана аны коштоп бара жаткан адам кол салгандардын артынан чуркагандыгы менен жетпей калышкан. ЖМКдагы маалыматтарга караганда, кол ...

0 170

“Хаббл” телескобу спиралдык галактиканын сүрөтүн жарыялады

22-ноябрь 2019, 16:12 Айдар Нуралиев

Европа космостук агенттиги “Хаббл” космостук телескобу тарабынан тартылган жаңы фотону жарыялады. Сүрөттө NGC 772 спиралдык галактикасы чагылдырылган. Сүрөткө караганда, бул галактика биздин галактикага – Саманчынын жолуна аябай окшош. Аталган агенттиктин маалыматына караганда, эки галактиканын тең бир нечеден спутниктери – аларга гравитациясы байланышкан жакын жайгашкан өтө чоң эмес галактикалары бар. Булак: NazarNews.kg

0 147

ТАГДЫР: "Бир бөйрөгүм жок, доктурлардын каршылыгына карабай 2 бала төрөдүм"

22-ноябрь 2019, 16:11 Айдар Нуралиев

Ичкиликтин запкысын менчелик тарткан жан жоктур Бир бөйрөгүм жок. Оорунун азабынан эрте жашымда эле алдыргам. Алсызмын, ага карабай турмушка чыгып 2 балалуу болдум. Улам-улам ооруй берип кайын журтумду, жолдошумду тажатып алсам керек, акыркы убактарда жолдошум "Сенден тажадым, оорукчан аял багам деп өмүрүм өттү" - деп көп айта турган болуп калды. Сыркоолой берет дешпесин деп, доктурлардын каршы болгонуна карабай бир ...

0 139

Матраимов айыптоолорго жооп берди

22-ноябрь 2019, 16:23 Аман Аскаров

Бажыдагы коррупциялык схемалар боюнча журналисттик иликтөөгө Матраимовдордун улуусу, Жогорку Кеңештин депутаты Искендер Матраимов жооп берди. Ал "Азаттык" жана Kloop'тун  иликтөөсүндөгү материалдар далилсиз экендигин айтат. Анда ал: "Иниме багытталып жаткан айыптоолор боюнча жооп берейин. "Азаттык" алгачкы иликтөөсүндө жасалма документтерди негиз кылып чындыкка дал келбеген маалыматтарды таратканы далилденген. Андагы негиз болуп көрсөтүлгөн документтер жасалма болуп чыккан. Мындагы иликтөөсүндө дагы ошондой эле каралоо болуп жатат. "Булактарыбыз айтты, атын айткандан коркту" ...

0 143

Орусияда кыргыз жараны полиция кызматкерин сабаган деп кармалды

22-ноябрь 2019, 16:01 Айдар Нуралиев

Орусиянын Санкт-Петербург шаарында  укук коргоо органдары кыргыз жаранын колго түшүрүштү. Бул тууралуу жергиликтүү басылмалар жазып чыгышты. Маалыматка караганда, кыргыз жараны Псков шаарында полиция кызматкерин сабап, качып кеткени үчүн издөөдө жүргөн.  Окуя, 2016-жылдын 31-декабрында катталган. Кыргызстандын эки жараны мас абалында, Псков шаарындагы Жылдызча көчөсүндө турган автоунаага кол салган.  Мыйзамсыз бул иш үчүн  полиция кызматкерлери эки жаранды кармамак  болгондо, экөө аларды  ...

0 56

Экономика өлдү, бир жылда жумушсуздук 19 пайызга өстү

22-ноябрь 2019, 15:50 Айдар Нуралиев

Бийлик эгелери мамлекетти сазга тыкты. Экономика өлдү. Жумушсуздук күч алды. Мына Кыргызстанда жумушсуздуктун саны бир жылда 19 пайызга өскөн. Расмий катталган иши жоктордун саны 83,3 адамды түзгөн. Ички дүң продукциянын өсүшү Өкмөттүн апыртуусун эске алганда 10 айда араң 3,3 пайызды түзгөн. Инфляция болсо 2,3 пайызга жеткен. Ошондо өсүш болгону 1 процент болот. Жок десек деле жарашат. Мына жалпы сырткы товар ...

0 105

Иранда алты күндөн бери интернет иштебей жатат

22-ноябрь 2019, 15:49 Айдар Нуралиев

Иранда өткөн жуманын ишемби күнүнөн  бери интернет жок. Буга мунайдын баасынын кымбатташынан улам митингдер күч алып, ал бир нече шаарларга тараганы себеп болгон. Айрым маалыматтарга таянсак, нааразычылык акциясына чыккандар банктарга жана өкмөт имараттарына өрт коюшкан. Полиция демонстранттарды таратуу үчүн ок аткан. Андан сырткары, адам укуктарын коргогон Amnesty International уюму тарабынан 106 киши өлгөнү кабарланган.   Бул кырдаалга АКШнын президенти Трамп Иран ...

0 78

Жамангулов оптимизацияны жоюп жиберүү деп түшүнөбү?

22-ноябрь 2019, 15:38 Айдар Нуралиев

Маданият, маалымат жана туризм министрлиги өлкөдөгү райондук гезиттерди биротоло жоюуга жең түрө киришти. Мурда өз алдынча чыгып келаткан областтык, райондук гезиттер эми өз алдынча юридикалык жак болбой эле, областтык телерадиокомпаниялардын бир бөлүмү болуп калат. Дүйнөдө жок мындай нерсе биздикилердин башына кайдан келип калганы түшүнүксүз? Кала берсе бул багыт маңызынан алып караганда азыркы өлкө президентинин жүргүзүп жаткан саясатына дегеле коошпой, каршы да ...

0 294

ВИДЕО - Кытай Казакстанды “жучок” менен камсыздап жатабы?

Видео 22-ноябрь 2019, 15:31 Кызгалдак Жакыпова

Жакында эле кытайлык компания тендерден утуп, Бишкекте адам жүзүн аныктоочу камералар орнотулуп ишке кирди эле. Бул маселе адам укугун бузууга жатат деп коомчулук нааразычылык билдирген.  Төмөнкү видео качан, кайсы жерде тартылганы белгисиз. Ошондой эле ал айтып жаткандардын канчалык чындыгы бар экендиги да белгисиз. Бирок, видеодо сүйлөп жаткан адамдардын тилине караганда Казакстанда тартылган. Видеодо поезддеги одеяло Казакстандан чыккан деп жазылып ...

0 225

Кол күрөш жылдызына айланган сулуу

22-ноябрь 2019, 15:25 Кызгалдак Жакыпова

Екатерина Никишева дүйнөлүк армрестлинг  жылдызы. Орусиянын Новосибирск шаарында туулуп өскөн спортчу жакында эле дүйнө чемпионатында экинчи жолу алтын медалга ээ болду. Бул тууралуу орусиялык маалымат булактары жазып чыкты.  Екатеринанын айтымында, ал кол күрөш менен алектенем деп ойлогон эмес.  “Негизи бул кокусунан болуп калган. Мен биринчи мелдешке чыкканда эрежелерди жакшы билбей эле чыккам. ...

0 264

ВИДЕО - "Назар" тонолду. Кылмышкерди тааныгандар кайрылгыла

Видео 22-ноябрь 2019, 15:22 Аман Аскаров

20-ноябрь, шаршемби күнү Бишкек шаарынын Жибек Жолу - Орозбеков көчөлөрүнүн кесилишиндеги “Назар” дүкөнүнүн кассасынан 10 миң сомдон ашуун акча уурдалган. Дүкөндүн сатуучусу видеосун “NazarNews.kg” сайтына жөнөтүп, жардам сурап кайрылды. Белгилүү болгондой, ал күнү дүкөнгө 18-22 жаштардагы азиат улутундагы жигит кирип, памперс сатып алмакчы болот. Сатуучуну алаксытуу максатында ал дүкөндүн кассасынан алыс жайгашкан памперстин түрүн айтат дагы, реализатор товарга жөнөгөн убакыттын ортосунда колун ...

Жарнама үчүн орун!
600 x 50
0 138

Токтогулда 1-класстын окуучусу чоң класстын окуучусу тарабынан катуу сабалды

22-ноябрь 2019, 15:08 Айдар Нуралиев

Жалал-Абад облусунун Токтогул районунда 1-класстын окуучусу катуу сабалып, ооруканага түштү. Бул тууралуу жабыркаган баланын атасы жергиликтүү басылмаларга билдирди. Маалыматка караганда, Токтогул районуна караштуу Торкен айылындагы Ашыралиев атындагы мектепте 1-класста окуган окуучуну 8-класстын окуучусу каттуу сабап салган. Сабалган бала денесинен, башынан жаракат алып, Бишкектеги ооруканалардын биринде дарыланууда.  Окуя ушул жылдын 15-ноябрында катталган. 1-класстын окуучусу мектептен чыгып келе жатканда, 8-класстын окуучусу ...

0 130

ФОТО - Шаар тургуну аялдамада күнүн өткөргөн кемпирге жардам сурайт

22-ноябрь 2019, 15:10 Аман Аскаров

Бишкек шаарынын Киев жана Абдрахманов көчөлөрүнүн кесилишиндеги аялдамада күндүн ысыгында да, суугунда да улгайган кемпир келип күн кечирет. Аны байкаган жаран кемпирди сүрөткө тартып алып, компетенттүү органдар бул адамга жардам берүүсүн өтүнөт. Булак: NazarNews.kg

0 210

Хабибулла Абдыкадырды инаугурацияга Атамбаев чакырганбы?

22-ноябрь 2019, 14:32 Аман Аскаров

Азаттыктын 21-ноябрдагы жарык көргөн иликтөөсүндө учурдагы президент Сооронбай Жээнбеков жана буга чейин белгисиз Хабибулла Абдыкадыр аттуу уйгур тектүү, кытай жараны тууралуу сөз козголгон. Андан кийин иликтөөдө аты аталган Хабибулла Абдыкадыр Жээнбековдун президенттик кызматка киришүү салтанатындагы сүрөттөрү жарыяланган. Фейсбуктагы Беспредел КG-КР баракчасы болсо аты аталган ишкерди инаугурацияга ошол кездеги президенттин аппарат жетекчиси Фарид Ниязов иш-тизмени жеке Атамбаев менен гана акылдашканын жазып чыкты.  Макалада маалыматтар ишенимдүү булактардан ...

0 138

Алты эм төрөлгөн кыздар азыр кандай болуп калышты?

22-ноябрь 2019, 14:24 Айдар Нуралиев

Жанет менен Грэм Уолтон ата-эне болууну абдан кыялданышчу. Бирок, жаш түгөйлөр табыгый жол менен балалуу боло алышкан эмес.  Акыры атайын технологиянын (ВРТ) жардамы менен бойго бүтүрүү аракетин көрүшкөн. Бирок, 12 жолу аракет кылып көрүшкөнү менен андан майнап чыккан эмес.  Жанет менен жубайы үмүттөрүн үзүп, акыркы жолу технологиянын жардамы менен бойго бүтүрүүгө аракет кылууну чечишкен. Бактыга жараша он үчүнчү аракети ...

0 132

ФОТО - Президент Сооронбай Жээнбеков: Реформанын алкагында прокуратуранын укук коргоочулук функциялары биринчи планга чыгуусу зарыл

22-ноябрь 2019, 14:25 Айдар Нуралиев

«Реформанын алкагында прокуратуранын укук коргоочулук функциялары биринчи планга чыгуусу зарыл. Жарандардын укуктарын коргоо — прокуратура органдарынын түздөн-түз милдети», — деп белгиледи Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 22-ноябрда Кыргыз прокуратурасынын 95 жылдыгына карата өткөн иш-чарада. Бул тууралуу Президенттин басма сөз кызматы билдирди.  2019-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирген жаңы кодекстер жана мыйзамдар менен өлкө жаңы укуктук мейкиндикке киргенин айтып, Президент ...

0 198

ВИДЕО - Төбө чачың тик турат. "Жаңы кудай" Арстан Алайдын Лебединовкадагы кеңсеси

Видео 22-ноябрь 2019, 14:08 Аман Аскаров

Арстан Алай көптөн бери көрүнбөй, аты чыкпай калды деп жаттык эле. Көрсө ал азыр өтө маанилүү иш менен алектенип жаткан учуру экен. Катарына жаңы күчтөрдү топтоп, өзүнүн "пенделерин" “тарбиялап” жаткан маалы окшойт. Айтсак, анын Лебединовка айылында бир укмуштуудай кеңсеси бар экен. Ал жерге чогулгандар Арстан Алайды кудайдай эле тутуп, ага сыйынышат дагы окшойт. Чогулгандар бир ооздон “жаңы кудай Арстан Алай -  керемет ...

0 184

Садыр Жапаров кимдин өтүнүчү менен президенттен ырайым сурагандыгы белгилүү болду

22-ноябрь 2019, 13:59 Аман Аскаров

Абакта отурган Садыр Жапаров жакында президентке кайрылуу жолдоп, анда ал ырайым сурагандыгын анын адвокаты Шарабидин Токтосунов билдирген болчу. Ал кайрылуусунда Садыр Жапаров өзүнө тагылган айыптар боюнча күнөөлүү эмес экендигин билдирип, акыркы убакытта атасы, апасы, уулунан ажырагандыгын айтып, жакын туугандары дагы оор абалда экендигин билдирген. Маалым болгондой, абактагы саясатчынын президенттен ырайым сурашына анын бир тууган ...

0 196

2010-жылдагы июнь окуясынын уюштуруучуларынын бири боштондукта

22-ноябрь 2019, 12:55 Аман Аскаров

2010-жылы Ош жана Жалал-Абад облустарында улут аралык кагылышуу болгон.  Анда расмий маалыматтар боюнча 447 адам каза болгон. Мындай маалыматты ошол кездеги вице-премьер-министр Ибрагим Жунусов парламенттин пленардык жыйынында билдирген. Анын маалыматы боюнча жабыркагандардын саны 2 миң 425 адамды түзгөн. Андагы окуяны козуткан орто даражадагы шектүүлөрдүн басымдуу бөлүгү кармалып, ар түрдүү мөөнөттөгү жазаларын алышкан. Бирок негизги уюштуруучулар кармалбай калып, жоопкерчиликке тартылган ...

0 113

Орусияда “Азаттык” чет элдик агент деп таанылды

22-ноябрь 2019, 12:26 Кызгалдак Жакыпова

Орусиянын Мамлекеттик Думасы үчүнчү окууда “чет өлкөлүк агенттер” жөнүндө мыйзамга өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү боюнча мыйзам кабыл алды. Ага ылайык эми жеке адамдар да агент деп саналат. Мисалы, “чет өлкөлүк агент” болуп интернет аркылуу алардын материалдарын жарыялаган ММКда иштеген журналисттер да саналат. Бул тууралуу орусиялык маалымат булактары жазып чыкты.  Маалыматка караганда, Орусия бийлиги “Радио Свобода” (“Азаттык”), “Голос  Америки” жана ...

0 165

12 жаштагы окуучу кыз мектепте зордукталганы үчүн шаардын акими иштен алынат

22-ноябрь 2019, 12:13 Кызгалдак Жакыпова

Казакстандын президенти Касым-Жоомарт Токаев Тараз шаарынын акимин иштен кетирүүнү буйруду. Бул тууралуу казак маалымат булактары жазып чыкты.  Маалыматка караганда, аталган өлкөнүн президенти жакында эле Тараз шаарында 12 жаштагы окуучуну сабак учурунда зордуктап кеткен окуядан кийин шаардын акимин иштен кетиргиле деп буйрук берген.  “Тараздагы мектептеги окуядан улам Жамбыл облусунун акимине Тараз шаарынын акимин жумуштан алуу буйругун бердим. Облустун акимине болсо ...

0 348

Орусиялык олигарх Наоми Кэмпбелл үчүн курган хан сарайын сата албай убара

22-ноябрь 2019, 12:08 Айдар Нуралиев

Орусиялык миллиардер Владислав Доронин 3 жылдан бери Барвихадагы хан сарайын сата албай убара тартууда. Убагында аталган хан сарайды ал америкалык модель Наоми Кэмпбелл үчүн курдурган. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жарыялашты. Mash өз маалыматында хан сарай 6,4 миллиард рублга бааланууда десе,  «Метриум Петриумдун” директору Илья Менжунов 150 миллион долларга (9,6 миллиард рубль) бааланууда дейт.   Британ архитектору Захой Хадид  ...

0 435

Аскат Тейит: “Азаттык” эмне үчүн иликтөөсүн Саймаити өлгөндөн кийин чыгарды?..”

22-ноябрь 2019, 11:56 Айдар Нуралиев

Фейсбукта Аскат Тейит деген ат менен белгилүү жигит бар. Ал баракчасына Кыргызстандагы саясат тууралуу өзүнүн ойлорун байма бай жарыялап турат. Бул сапар ал “Азаттыктын” Саймаити тууралуу иликтөөсү тууралуу өз оюн жазып чыккан. Биз мындан соң Аскат Тейит менен байланышып, андан айрым суроолорубузга жооп алдык. - Аскат мырза, “Азаттык”  үналгысынын изилдөөсүнө пикириңизди жазып чыктыңыз. Тышкы саясаттагы билинбеген ички саясатта тымызын ...

0 86

Кыргызстан 2019-2023-жылдарга ЮНЕСКОнун Аткаруучу кеңешинин курамына биринчи жолу шайланды

22-ноябрь 2019, 11:57 Айдар Нуралиев

Кыргызстан тарыхта биринчи жолу ЮНЕСКОнун Аткаруучу кеңешинин курамына – Уюмдун жетектөөчү органына шайланды. Тиешелүү чечим 2019-жылдын 20-ноябрында Парижде Уюмдун Башкы конференциясынын 40-сессиясында добуш берүүнүн жүрүшүндө кабыл алынды. Учурдагы сессиянын ишине КР Тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков башында турган КР делегациясы катышты. Бул тууралуу аталган министрликтин басма сөз кызматы билдирди. Добуш берүүнүн жыйынтыгы боюнча, 2019-2020-жылдарга ЮНЕСКОнун Аткаруучу кеңешине өз талапкерлигин ...

0 94

Министр Чолпонбаевге баары бирби?

22-ноябрь 2019, 11:16 Айдар Нуралиев

Саламаттыкты сактоо министри Космосбек Чолпонбаевге карата Жогорку Кеңештин комитетинде гепатитти дарыгерден жуктурган адам чыркыраган чындыкты айтып министрди жемеледи. Ал өз сөзүндө: "Мен тишимди алдырып жатам, бир жерим кесилип калат, мен силерге жуктуруп жатам, силер түшүнүшүңөр керек, ыйлашым керек болуп жатат. Аны алып келип сатып мен бизнес кылгым келген жок. Мен болгону силерге жугуп калбасын деп вакцинацияны сурап жатам. Вакцинация ...

0 121

Жол кырсыгынан жабыркагандарга барган куткаруучулар дагы жол кырсыгына кабылды

22-ноябрь 2019, 11:59 Аман Аскаров

Кечээ, 21-ноябрда Суусамыр өрөөнүндө жол кырсыгы катталган. Анда Mercedes-Benz Sprinter унаасы чоң жүк ташуучу унаа менен кагышып, анын кесепетинен бир адам каза болуп, 4 адам ооруканага жеткирилген. Көп өтпөй ошол эле кырсык болгон жерде дагы бир жол кырсыгы катталып отурат. Биринчи окуядагы жабыркагандарга жардам берүү үчүн барган куткаруучулардын токтоп турган унаасын башка машине сүзүп алган. Анын кесепетинен 3 куткаруучу ...

0 112

Принтерге акча басып чыгарган адам кармалды

22-ноябрь 2019, 11:04 Айдар Нуралиев

Өзбекстандын Кашка-Дарыя облусунун Касбий районунда жаштар союзунун райондук бөлүмүнүнүн 24 жаштагы жетекчиси принтерге акча басып чыгарган. Бул тууралуу өзбек басылмалары жазып чыгышты. Маалыматта, ал тигүү цехин ижарага алган. Анан ноутбук алып, Epson үлгүсүндөгү принтерге акча басып чыгара баштаган. Жалпысынан ал 50 миң сумдук 172 купюра басып чыгарууга жетишкен. Андан тышкары, 50 миң сумдук 84 купюра басып чыгарууга даяр болгон.

Жарнама үчүн орун!
600 x 50
0 135

Улуттук кызыкчылык өлдү...

22-ноябрь 2019, 10:57 Айдар Нуралиев

Өзбектер Эркечтам аркылуу көп товарларын Кытайга экспорттой башташты. Өкүнүчтүүсү реэкспорт үчүн Кыргызстанга эч нерсе төлөбөй турганы айтылууда. Деги бизде мамлекеттин кызыкчылыгын ойлогон адам калганбы? Бажы кызматы коррупциялашып, жедеп чирип, бир адамдын көзүн карап калды. "Улуттук кызыкчылыкты коргоо" деген түшүнүк өлдү, - деп жазып чыкты "Фабула" гезити. Бул аз келгенсип, ЕАЭБ Кыргызстанды такыр тоготпойт. Биздин кызыкчылыктар Россия, Белоруссия Казахстан сыяктуу ...

22-ноябрь 2019, 10:57 | 135
0 163

Депутат Руслан Казакбаев кыргыз өкмөтү ЕАБК жыйынына даярданбай баргандыгын айтты

22-ноябрь 2019, 10:43 Аман Аскаров

Жакында ЕАЭБ мүчөлөрү Кыргызстандын үчүнчү өлкөлөрдөн автоунааларды киргизүүдө бажы төлөмдөрүнө жеңилдик берүү боюнча өтүнүчүн четке какты. ЕАЭБ биргелешкен комиссиясынын жыйынында бул өтүнүчтү вице-премьер-министр Жеңиш Разаков жана ЕАЭБги Кыргызстандын өкүлү Алмаз Сазбаков тааныштырган. Кечээ, 21-ноябрда Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында бул тууралуу мурдагы тышкы иштер министри, учурдагы депутат Руслан Казакбаев сөз кылып, өкмөттү кескин сынга алды. “Эл аралык сүйлөшүүлөрдө Кыргызстандын кызыкчылыгын коргоо ...

0 113

ВИДЕО - “Лох болбогула!”, депутат Дастан Бекешев баңги зат саткандарга кантип акчасын алдатканын айтып берди

Видео 22-ноябрь 2019, 10:33 Алтын Булат

Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев Telegram аркылуу баңги зат сатып алууну көздөгөн. Бирок жыйынтыгында баңги заттан да, акчасынан да жок калган. Депутат муну эксперимент үчүн жасаганын, өзүнүн YouTube каналына чыгарган видеодо кеңири айтып, ар бир кыймылын башынан баштап көргөзүп берет. Анын айтымында, эл өкүлүнө кыргызстандыктар интернет аркылуу баңги зат саткандарга бөгөт коюп берүү талабы менен кайрылышкан. Видеодо байкалгандай, Телеграмдын ...

0 174

Дүйнө жүзүндө казыла элек канча алтын калган?

22-ноябрь 2019, 10:12 Кызгалдак Жакыпова

Дүйнө жүзүндө 2017-жылдын аягына чейин  бардыгы болуп 190 миң тонна алтын казылып алынды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты. Адистердин айтымында, буга дүйнө жүзүндөгү бардык алтындар, анын ичинде илгерки зер буюмдар дагы кирет. Бул көлөмгө жыл сайын 2,5-3 миң тоннадан кошулуп турат. "Сөз болуп жаткан алтындын үчтөн эки бөлүгү 1950-жылдан кийин казылып алынган. Алтындын дээрлик 50 пайызы зер ...

0 158

Ипотека компаниясынын жетекчиси Элмира Абжапарова айына 111 миң сом айлык алабы?

22-ноябрь 2019, 09:59 Айдар Нуралиев

Кандайдыр бир жакшы ниет менен башталган иштер ошол жерге барган алсыз анан өзүмчүл жетекчинин айынан аксап калары айдан ачык. Мындай жетекчилердин айынан канчалаган адамдар түзүлгөн мүмкүнчүлүккө колун жеткире албай баштарын мыкчып кала беришет. Дегеним, Мамлекеттик ипотекалык компанияны жакшы ниет, жакшы тилек менен түзүштү эле. Үй-жайсыз батирлеп жүргөн жарандарыбыздын көйгөйүн чечүү максатында. Ооба, максаттар абдан жакшы эле. Коомчулук да муну ...

0 54

Кой -Таш окуясы парламентте каралат

22-ноябрь 2019, 09:56 Айдар Нуралиев

Кой-Таш окуясын иликтөө боюнча атайын түзүлгөн мамлекеттик комиссия өз ишин жыйынтыктап, корутундусу Жогорку Кеңешке жиберилди. Эми комиссиянын корутундусу парламентте талкууланат, - деп жазып чыкты "Ачык саясат плюс" гезити. Комиссия мүчөсү Клара Сооронкулова корутундуга кол коюудан баш тартты. Демек, мамлекеттик комиссия өз алдынча эркин иш алып барышкан эмес десек болот. Учурда Сооронкулованын принципиалдуулугуна коомчулук ыраазы болууда. Эми ЖК депутаттары эки ...

0 126

ВИДЕО Уят сөздөр бар! - Мэр Суракматов эми бул сөгүнчөөк милицияны качан сыйлайт?

Видео 22-ноябрь 2019, 09:59 Аман Аскаров

20-ноябрда Бишкектин чок ортосунда калаа тургундарына, андан кийин милиция кызматкерлерине бычак менен кол салган видео тараган. Анда милициянын кандай иштегендигине коомчулук күбө болгон. Анда тартип сакчылары тургундарга, анан калса милицияга бычак менен тап берген адамды кармай албай убара болушкан. Ал жерде кокусунан пайда боло калган ИИМ министринин орун басары Алмазбек Орозалиев дагы жүргөн. Ошентип, бычагын көтөрүп алып жолго чыккан адамды ...

0 91

Белгилүү актёр Сагынбаев Жапаровду колдогондордун катарына кошулду

22-ноябрь 2019, 09:29 Алтын Булат

Садыр Жапаровдун бошотулушун колдогондордун саны күн өткөн сайын арбып барат. Муну Фейсбуктагы Жапаровду колдогондордун атайын баракчадан байкаса болот. Анда Жапаровдун актыгын, анын акталышын талап кылган карапайым жарандан тартып, белгилүү кишилерге чейин өз пикирлерин билдирип келишет. Алардын катарында режиссёр, сүрөтчү жана бир катар кыргыз кинолорунда мыкты образ жараткан актёр Садыр Сагынбаев дагы кечээ жакында “Адашым Садыр тез арада бошотулушу керек!”, ...

0 131

Саймаитинин өлүмү боюнча депутаттык комиссия түзүлдү

22-ноябрь 2019, 09:17 Айдар Нуралиев

Стамбул шаарында өлтүрүлгөн кытайлык ишкер Айеркен Саймаитинин өлүмүнө байланыштуу Жогорку Кеңеште убактылуу депутаттык комиссия түзүлдү. Мындай чечим кечээ, 21-ноябрда кабыл алынды. Бул депутаттык комиссияга КСДП фракциясынан Искендер Матраимов, Өмүрбек Бакиров, Сайдиломжон Жураев, Аалы Карашев, «Республика - Ата Журт» фракциясынан Мирлан Жээнчороев, Талант Мамытов, Закир Шарапов, «Кыргызстан» фракциясынан Данияр Төлөнов, Алмазбек Эргешов, «Өнүгүү-Прогресстен» Тынчтык Шайназаров, «Бир Болдон» Алтынбек Сулайманов жана ...

0 152

Ишкердин өлүмү боюнча бир адамга издөө жарыяланды

22-ноябрь 2019, 09:13 Аман Аскаров

23-октябрь күнү “Манас” эл аралык аэропортунун унаа токтотуучу жайындагы машинелердин биринин багажында 39 жаштагы Сокулук районунун тургунунун сөөгү табылган. Ал адам таксист болгон жана көп жылдар бою чет өлкөгө акча которуп ишмердүүлүк кылып жүргөн. Айрым маалыматтар боюнча, ал 10-ноябрда Стамбул шаарында өлтүрүлгөн Айеркен Саймаитинин “курьери” болгон. Көп өтпөй ал “курьердин” өлүмүнө шектелип эки адам колго ...

0 141

Индонезиялыктар кыргыз тасмасын көрүшүүдө

22-ноябрь 2019, 08:59 Кызгалдак Жакыпова

Кыргызстандык режиссёр Бекзат Пирматовдун "Аврора" тасмасы Индонезиянын Жакарта шаарында өтүп жаткан Азия киносунун XIV эл аралык фестивалына катышып жатат. Бул тууралуу Кинематографияны колдоо департаменти билдирди. Маалыматка ылайык, кыргызстандык фильм "Жокья-НЕТПАК" (JAFF) деп аталган фестивалдын негизги конкурстук программасына кирген. "Аврора" биринчи жолу кечээ көрсөтүлдү. Ал эртең да элге тартууланат", -деп айтылат билдирүүдө. Калыстар тобунун курамында кино тармагында аты чыккан режиссёрлор ...

0 291

“Анда Ысык-Көлдө балык жок”. ИИМдин Кыргызстанда кылмыштуу топтор жок дегенине коомчулук эмне дейт?

21-ноябрь 2019, 18:21 Айдар Нуралиев

Кыргызстанда уюшкан кылмыштуу топтор жок деп басма сөз жыйында ИИМ министринин орун басары Мирлан Каниметов билдирди. Анын айтымында, ИИМ уюшкан кылмыштуу топтордун лидерлери менен мүчөлөрүнүн эсебин жүргүзүп турат. Мурда соттолгондордун да эсеби бар. Журналистер ИИМдин орун басарынан уюшкан кылмыштуу топтор барбы же жокпу деген суроосуна расмий түрдө сот тарабынан таанылган уюшкан кылмыштуу топтордун өкүлдөрү жок деп жооп берди. Журналисттер ...

0 263

Кечириш үчүн акыл-эс жана эрк керек, ал эми өч алуу үчүн жек көрүү эле жетиштүү

21-ноябрь 2019, 18:09 Айдар Нуралиев

Жүрөк көп учурда кечирет, акыл-эс сейрек учурда гана кечирет, куру намыс болсо эч качан кечирбейт. (Луи Дюмюр) Кечире билбегендерди кечиргенге болбойт. (Фридрих Ницше) Кечирүү – жакшы адам болуунун эң оңой жолу. (Юлий Берзин) Күчтүү адамдар гана кечире алышат. (Элиза Ожешко) Кечире билбегендердин күнөөсүн Кудай да кечирбейт. (Августин) Кечире бил, ошондо күч-кубатың ого бетер артат. (Публилий Сир) Турмуш мени көп ...

0 134

Өкмөт аке сүйүнчү! Бишкекте үч эм төрөлдү

21-ноябрь 2019, 18:00 Алтын Булат

Борбор калаанын №4 төрөт үйүнүн дарыгерлери үч эмди жарык дүйнөгө алып келишти. Бул тууралуу Бишкек мэриясынын басма сөз кызматы “NazarNews.kg” маалымат агенттигине билдирди. Маалыматта айтылгандай, 46 жаштагы Айнура Жайнакова аттуу шаар тургуну салмагы 1,75 килограмм жана 1,27 килограмм келген эки кыз, ошондой эле 1,45 килограмм болгон уул төрөгөн. Мындан сырткары бул эненин өспүрүм курактагы эки уулу бар экени белгиленет.

0 174

Элнура Кулуева: "Эми кезек министр Космосбек Чолпонбаевге келди..."

21-ноябрь 2019, 17:49 Айдар Нуралиев

Журналист Элнура Кулуева Саламаттык сактоо министри Космосбек Чолпонбаевдин короосуна таш ыргытты. "Эми кезек Саламаттык сактоо министри Космосбек Чолпонбаевге келди... Урматтуу министр Космосбек Сариевич, сиз саламаттык сактоо системасында көп нерсени көрбөй жатасыз. Сизям иштебей жатасыз деп кесе эле айтабыз. Кыргызстанда 500 миң адам гепатит менен ооруйт деген маалымат чыкты. Сариевич Саламаттык сактоо системасын талкалап, бүлдүрдү деп ар бир тешиктен уксаңыз ...

0 176

Депутат өлтүрүлгөн Саймаити менен достук мамиледе болгондугун моюндады

21-ноябрь 2019, 17:45 Аман Аскаров

Жогорку Кеңештин депутаты Дүйшөн Төрөкулов Стамбулда өлтүрүлгөн кытайлык ишкер менен 15 жылдай  тааныш болуп жүргөндүгүн мойнуна алды. Ал бул тууралуу «Chagylgan.kg» порталына билдирген. “Саймаити ийгиликтүү ишкерлердин бири болгон. Аны көбү тааныйт. Убагында Саймаити ага кимдир бирөө арыз жазып, кылмыш иши козголгондугун мага өзү айткан. Ошондон улам ал чет өлкөгө кетип калса керек. Андан ары анын жашоосу ...

Жарнама үчүн орун!
600 x 50
0 154

Депутат Дастан Бекешев: “Бөйрөктөрүн саткан адамдарды табуу керек”

21-ноябрь 2019, 17:36 Айдар Нуралиев

Жогорку Кеңеште Казакстанда бөйрөк саткан адамдарды текшерүү сунушталды. Бул тууралуу   депутат Дастан Бекешев билдирди. Анын айтымында, бюджеттен гемодиализ кызматтарын көрсөтүүгө 478 миллион сом сарпталат.  “Бөйрөгүн саткан жарандарды табууга аракет кылыш керек. Бул потенциалдуу гемодиализниктер. Бул адамдарды саламаттыкты сактоо уюмдары аркылуу ким экенин аныктап алууга болот. Кандай учур болбосун, кандайдыр бир диагноз менен кайрылышат. Алардын адам  органдарын сатуусуна жол бербөөгө ...

0 175

Насыйкат Карыпбекова: “Небереме зээним кейип, оорукчан болуп бүттүм"

21-ноябрь 2019, 17:31 Айдар Нуралиев

Кочкор районунун Туз айылында жыйырма жаштагы небересин баккан эне жашайт. Өзү жетимиш жашка таяп калса да мүмкүнчүлүгү чектелген небересин карап келет. Буга чейин Азизанын дары-дармегине, кем-карчына экөөнүн пенсиясын жумшап келген. Бирок күн өткөн сайын небересинин абалы оорлошуп, кайрымдуу адамдардан жардам сураганга муктаж болуп отурат. Эне-баланын тагдырына кайдыгер карабагандар кол сунарына үмүтүбүз чоң, - деп жазып чыкты "Леди.kg" гезити. “Балдарды ...

Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83