www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Коом
0 82

Өзбекстанда айрым эркектер “боюнда бар”, “төрөдү” деген жалган документтер менен жөлөк пул алып турушкан

21-октябрь 2019, 19:30 Кызгалдак Жакыпова

Өзбекстандын бюджеттик мекемелеринде эки жарым жыл аралыгында 3,1 млрд сум же 330 миң доллар декреттик өргүү үчүн жөлөк пул катары мыйзамсыз төлөнүп берилген. Бул тууралуу аталган өлкөнүн Башкы прокуратурасына таандык «Укук» гезити жазып чыкты. Маалыматка караганда, айрым бюджеттик мекемелердин кызматкерлери жалган документ менен декреттик төлөм алып турушкан. Маселен, Жизак облустук тери-венерологиялык диспансеринин экономистине 2,1 млн сум, Жизактагы мектептердин биринин кароолчусуна 900 ...

0 1087

ФОТО - Турдакун Усубалиевдин раритет унаасы кимге буйруду?

21-октябрь 2019, 19:09 Айдар Нуралиев

Кече, 20-октябрда Кочкор районунда Турдакун Усубалиевдин алгачкы унаасы “Бадырак” фирмасынын жетекчиси Өмүралиев Бакай Асылбековичке  берилди. Унаа 43 жылдан бери айдалбай Абдылдаев Жуманасырдын унаа токтотуучу жайында турган. Бул илгерки унаа көпчүлүктүн кызыгын артып, талашка түшкөн. Ошого карбастан унаанын ээси райондук бизнесменге берүүнү чечкен. Раритет унааны белек кылган Абдылдаев Жуманасыр менен маек курдук: Жуманасыр Буларович бул Турдакун Усубалиевдин алгачкы унаасы сиздин ...

0 271

Назми Байзакова: " Кыздарымдын тапичкесин машинама тумар кылып салып алам"

21-октябрь 2019, 17:42 Айдар Нуралиев

-1999-жылдан бери машина айдап келе жатам, ошондо быйыл туптуура 20 жыл болуптур. Өзүмдүн апам дагы машина айдагандыктан, кичинекей эки жаш курагымдан баштап апам конокко бара жатканда алдына отуруп алчу элем. Ал учурда унаа айдаган айымдар дээрлик жокко эсе болчу. Ошондуктан жолдо бара жатканда элдин бары таң калып карап калышчу эле. Ошондон болсо керек, машина айдоого болгон  кызыгуум бала кезимен эле ...

0 59

Пара алганга шектелген прокурор менен тергөөчү СИЗОго киргизилди

21-октябрь 2019, 17:35 Айдар Нуралиев

Кылмышка шектелип кармалган Жети-Өгүз райондук прокурорунун орун басары менен аталган райондун ички иштер бөлүмүнүн тергөөчүсү УКМКнын СИЗОсуна киргизилди. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди. Мындай чечимди Бишкектин Биринчи Май райондук соту кабыл алган. Эске салсак, 2019-жылдын 16-октябрында УКМК менен Башкы прокуратура биргеликте өткөрүлгөн ыкчам-тергөө иш-чараларынны жүрүшүндө Ысык-Көл облусуна караштуу Жети-Өгүз районунун Кызыл-Суу айылында алган ...

0 126

Сарамжалдуу Жээнбеков же...

21-октябрь 2019, 17:39 Аман Аскаров

Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн Японияга учуп кеткендигин билебиз. Кабарланды жакшы эле. Ал Токиого Япониянын жаңы императорунун такка отуруу иш чарасына катышмак. Бирок, Жээнбеков Токиого кадимки эле каттам менен учуп барган. Мына кызык, алыскы сапарларга өлкө лидерибиз ар дайым кадимки каттам, ал эми жакынкы сапарларга “Борт№1” менен учуп жүрөт. Эмнеге? деген суроо туулат. Же чындыгында президентибиз өтө сарамжалдуу адам же болбосо ...

21-октябрь 2019, 17:39 | 126
0 87

Австралиялык гезиттер бүгүнкү санынын биринчи беттерин боёп чыгарышты

21-октябрь 2019, 16:54 Айдар Нуралиев

Австралиялык негизги гезиттердин баары бүгүнкү санынын биринчи беттерин боёп чыгарышты. Бул жергиликтүү журналисттердин бийликтин журналисттерге маалымат берген булактарды кылмыш жоопкерчилигине тартуу аракетине каршы кампаниясы. Дал ушул убакта өкмөт журналисттерге маалымат берген булактар тууралуу мыйзам долбоорун карап жатат. Журналистердин айтымында, кандай гана маалымат болбосун алар билүүгө жана элге жеткирүүгө укуктуу. Ошондой эле, бийлик финансылык, саясий компаниялар жана климаттын өзгөрүшү  жана ...

0 56

Кыргызстандагы тоо чокулары дагы бир ысым менен толукталды

21-октябрь 2019, 16:54 Аман Аскаров

Тоо чокулардын бирине Турдакун Усубалиевдин ысымы берилди. 20-октябрда Жаштар иштери боюнча агенттиктин директорунун орун басары Канатбек Арпачиев башында турган кыргызстандык альпинисттер Кыргыз Ала-Тоосунун борборундагы («Салык» мөңгүсүнүн жанындагы) бийиктиги 4 миң 650 метрге жеткен мурда аты жок болуп келген чокуга чыгып, ал жерге Турдакун Усубалиевдин ысымы жазылган тактаны орнотушту. Аталган иш чара Кыргыз Республикасынын Баатыры Турдакун ...

0 151

Чиновниктер Тесла минип калышы мүмкүн

21-октябрь 2019, 17:58 Айдар Нуралиев

Кыргыз Республикасынын премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев электр кыймылдаткычы бар транспорт каражаттарын колдонууну өбөлгөлөө жана 2019-2020-жылдарга карата Кыргыз Республикасында кубаттоо инфраструктурасын түзүү маселеси боюнча кеңешме өткөрдү. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы кабарлады. Маалыматка караганда, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн тиешелүү буйругуна жакында эле кол коюлган. Айтылып жаткан документ бир катар салыктык жана салыктык эмес төлөмдөрдү жоюу боюнча өбөлгөлөөчү чараларды киргизүү жолу аркылуу ...

0 240

ФОТО - Казакбаев, Бекназаров жана Үмөталиеванын тоюнун айырмачылыгы эмнеде?

21-октябрь 2019, 17:07 Аман Аскаров

Эки-үч жума мурун депутат Руслан Казакбаевдин уулунун үйлөнүү үлпөт тою болуп, ал жерге үлкөндөр, зеги менен экси, позиция менен оппозициясы бир стөлдөн даам сызып, тимеле жыргашкан. Эми кечээ тарыхый дагы, салттуу дагы “экстердин экси” Азимбек Бекназаров уулун үйлөдү. Ал жерге деле баягы “табакташтар” чогулду. Арасында бардыгы бар, эми ассорти деп да койсо болот. Бул эки ...

0 137

Спикер Жумабеков эмнеге күрддөр менен согушуп жаткан Түркиянын спикери менен жолукту?

21-октябрь 2019, 16:07 Темирлан Келдибеков

Талас электоратында парламенттик шайлоодо добуштарды ээлеп кете турган күрддөрдүн жээни бар. Акыркы мезгилде спикер Жумабеков уктаса түшүндө парламенттик шайлоону көрүп калды, күрддөрдүн жээнин ооздуктап койбосо, Таласта добуш ала албасын спикер түшүнөт.  Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин төрагасы Дастанбек Жумабеков Түркия Республикасынын Улуу Улуттук Жыйынынын депутаты Хабибе Очал менен жолугушту. Түркиянын Улуу Улуттук Жыйынынын 27-чакырылышынын депутаты Хабибе Очал Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин ...

0 167

ВИДЕО - Акын Аалы Туткучев эми куудул

Видео 21-октябрь 2019, 15:32 Алтын Булат

Аалы Туткучев дегенде кыргыз-казак эли калпагын кежигеге баса кийип, колундагы комузун күүлөп, сахнадагы каршылашын какшыктап, ай-буйга келтирбей “оодара тартып” жаткан сары төкмө акынды элестетээрибиз бышык. Анткен менен “талант бир сырдуу, миң кырдуу” болот деген ушул Туткучевге жарашып турат окшойт. Себеби, Аалыкеде өнөр көп экен. Эми аны куудулдук, аткаруучулук жана пародия жанрында дагы таанып калганы турабыз. Дегеним, жакында ал “Катын калп айтпайт, ...

0 136

2020-жылы 28,8 млрд сом карызды жабабыз,  ал эми 2021-жылы 34,7 млрд сом, 2022-жылы 37 млрд сом

21-октябрь 2019, 15:37 Темирлан Келдибеков

Парламенттик угуу учурунда Жогорку Кеӊештин Бюджет жана каржы боюнча комитетинин төрагасы Эмил Токтошев бүгүнкү күндө Кыргызстандын улуттук экономикасы оор абалга душаар болуп жаткандыгын белгиледи. Анын айтымында, өлкөнүн ички дүӊ продукциясын (ИДП) өндүрүүнүн көлөмү 2019-жылы 604 млрд сомго белгиленген. Азыр 600 млрд сомго болжолдонууда. Демек, 3,9 млрд сомга азайып жаткандыгы, анын натыйжасында салык жана бажы алымдарын топтоо боюнча 2019-жылга белгиленген бюджеттин кирешелеринин ...

0 191

ФОТО - "Кудай буюрса" - дей берген жетекчилердин сөзү кудайга жетпей жатат

21-октябрь 2019, 16:53 Аман Аскаров

 “Кыргызстан туризмдин мекени, экинчи Швейцария” – деп убагында оозду көптүргөнбүз. Сөз жок, жаратылыштын сулуулугу, ажайып кооздугун жараткан өзү эле жаратпаса башка эч кимдин колунан келбейт. Бирок, сервисти ким куруш керек эле? Ким даараткана, эс алуу жайларындагы тейлөөнүн сапатын жеткиликтүү деңгээлге жеткирүүгө милдеттендирилген, жоопкерчелигин алган? Аны дагы жаратканбы? Негизи, биздин жетекчилер “Кудай буюрса” – деген сөздү көп колдонот, бирок буюрбай жатпайбы ...

0 142

Казак "эмири" Айсултан Назарбаев жазасын алды

21-октябрь 2019, 15:43 Аман Аскаров

Казакстан Сенатынын башчысы Дарига Назарбаеванын 30 жаштагы уулу Айсултан Назарбаев кылмыш жоопкерчилигине тартылды. 30 жаштагы Нурсултан Назарбаевдин небересине Лондондун соту бир жылдык мөөнөт чегерди. Андан сырткары, ал 140 саат коомдук ишке жана милдеттүү түрдө 20 жолу баңги зат илдеттен арылтуу сессиясына катышы керек. Сот аны менен эле чектелбестен, соттолучуга акчалай дагы айып салды. Ал жабырлануучулар тарапка жалпы жонунан 6 миң ...

0 48

Кыргызстандын жаш тескөөчүлөрүнүн командасы Россияда өтө турган ЖКЖТ отряддарынын мамлекеттер аралык слётуна катышат

21-октябрь 2019, 14:15 Айдар Нуралиев

Кыргызстандын жол кыймылынын жаш тескөөчүлөрүнүн (ЖКЖТ)командасы IX жол кыймылынын жаш тескөөчүлөрү отрядынын мамлекеттер аралык слетуна катышат. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.  Маалыматка караганда, бул жылы Кыргызстанды Бишкек шаарынын Биринчимай районунун №49 мектебинин ЖКЖТ отряды көрсөтмөкчү. Балдар бир жыл бою Кыргыз Республикасынын ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын тескөөчүлөрунө биздин республиканын жолдору менен көчөлөрүндө балдардын коопсуз жүрүм-турумун ...

0 133

Актай кагаз кармап борбордук аянтта жүрүүгө болбойт. Эмнеге...?

21-октябрь 2019, 17:26 Алтын Булат

Кызыл аянтта актай плакат кармап турган оппозиционер Ольга Мисикти полиция кармап кетти. Орусиянын полициясы мындай маалыматты ырастаган. Анда айтылгандай, Мисикке коомдук жайдагы тартипти бузгандыгы үчүн протокол толтурулуп, айып пул салынган. Эске сала кетсек, мындай актай барак менен ушул эле Кызыл аянтта буга чейин ЛГБТ-кыймылынын мүчөсү Полина Симоненко дагы акцияга чыгып, полициянын тарбиясын алган. Ошондой эле Нур-Султан шаарынын борбордук аянтында ...

Жарнама үчүн орун!
600 x 50
0 205

Теңирчилердин жол башчысы өңдөнүп дөөрүгөн Арстан Алайдын көктү карап айткандары эмнеге жалган чыгат?

21-октябрь 2019, 14:13 Темирлан Келдибеков

Ислам дининде “кудайдан башка кудай жок” дейт,“Мен Кудаймын” деп өзүн коомчулукка тааныштырып, социалдык тармакта катуу талкуу жараткан, ал тургай Жогорку Кеңешти чоочуткан Арстан Алайды эми кыргыз эли жалпы угушу керек. Анын айткандарына саресеп салып көрөлү:  “Атамбаев теңир жараткан улуу адам, ошондуктан ал эч качан камалбайт”. Азиз Батукаевди качырган кылмыш иштери боюнча Атамбаев камакта отурат. Кой-Таштагы козголгон кылмыш иштери боюнча анын мойнуна дагы ...

0 206

ВИДЕО - Бишкекте 2000ден ашык доллар таап алган бала акчанын ээсинен кайра доллар менен сыйлык алды

Видео 21-октябрь 2019, 14:02 Бакыт Молдалиев

Бишкекте 2200 доллар таап алган Адилет аттуу бала акчанын ээсине кайтарып берди. Бул тууралуу видео соцтармактарга жарыяланды. Анда башка улуттун өкүлдөрү Адилетке “Эркексиң! Эгерде ушул акчанын баарын өзүң эч кимге айтпай иштеткениңде арам болмок, ал эми бул 500 доллар сенин ак ниеттигиң үчүн биз тараптан ыраазычылык менен берилип жаткандыктан, адал болот”, -деп акчаны эки ирет санашып, сыйлык ...

0 479

Жарым жылда, бир ишканада, эки жетекчи дүйнө салды

21-октябрь 2019, 14:12 Аман Аскаров

“Электр станциялар” ишканасынын башкы директорунун орун басары Азамат Жоотуманов дүйнө салды. Ал болгону 39 жашта болчу. Артында төрт баласы калды. Айрым маалыматтарга караганда ал жүрөк оорусунан улам көз жумган. Жоотуманов ушул жылдын 13-сентябрынан тартып капиталдык курулуш жана инвестициялык долбоорлор боюнча ишкананын директорунун орун басары болуп келген. Белгилей кетсек, ушул эле жылдын март айында “Электр станциялары” ишканасынын директору Аскар Эшимбеков ...

0 39

ИИМ Академиясынын курсанттары ант беришти

21-октябрь 2019, 13:42 Айдар Нуралиев

2019-жылдын 19-октябрь күнү Кыргыз Республикасынын ИИМдин милициянын генерал-майору Э.А. Алиев атындагы Академиясынын плацында биринчи курстун курсанттарынын ант берүүсүнө арналган салтанаттуу иш-чара өттү. Бул тууралуу ИИМдин маалымат кызматы билдирди. Маалыматка караганда, бул күнү ИИМдин Академиясынын курсанттары элине жана Мекенине өзүнүн берилгендигин далилдеген антын беришти. Салт боюнча салтанаттуу иш-чара ИИМдин Академиясынын Туусун көтөрүү менен башталды. Ал эми иш-чаранын коноктору катары ички ...

0 28

Каталонияда “таштанды” митинги өтүп жатат

21-октябрь 2019, 13:35 Айдар Нуралиев

Каталонияда жүздөгөн адамдар Барселона шаарынын борборунда унаа өтүүчү жолдорду жаап, жерге отуруп алып митингге чыгышты. Бул тууралуу чет элдик маалымат булактары жазып чыгышты.  Маалыматка караганда, испаниялык өкмөттүн имаратына ыргытуу үчүн митингчилер атайын баштыкка таштандыларды салып келишкен.  Эске салсак, бир нече күндөн бери активисттер Каталониядагы көз карандысыздык боюнча өткөн референдум үчүн 9 жылдан 13 жылга чейин эркинен ажыратылган чиновниктерди бошоткула ...

0 159

651 миӊ пенсионер бар, Соцфонддун камсыздандыруу төгүмдөрү пландагыдан 5 пайызга кем аткарылды

21-октябрь 2019, 13:29 Темирлан Келдибеков

Премьер-министрдин бир тууган жээни, Соцфонддун төрагасы Медер Ирсалиевдин айтымында, камсыздандыруу төгүмдөрү пландагыдан 5 пайыз кем аткарылган. Соцфонддун өткөн жылдагы жалпы кирешеси 51 млрд 13 млн 750 миӊ сомду түзгөн, бул андан мурдагы жылга салыштырмалуу 104,3 пайызга көп. Ал эми камсыздандыруу төгүмдөрү план боюнча 30 млрд 800 млн 305 миӊ сом болсо, иш жүзүндө 30 млрд 642 млн 143 миӊ сом ...

0 1930

ҮРӨЙ УЧУРГАН ВИДЕО - Жеке ишкердин сөөгүн казып алуудагы тасма жарыяланды

Видео 21-октябрь 2019, 13:20 Аман Аскаров

Жеке ишкер Хуфур Абдурахемандин сөөгү кылмышкерлер көрсөтмө бергендей эле Кочкор районунда табылган. Маркумдун денесин казып алуу учурудагы видео жарыяланды. Эске салсак, дээрлик 15 күн дайынсыз болуп, туугандары жана милиция тарабынан изделип жаткан Бишкектеги “Мадина” кафесинин ээси, 38 жаштагы ишкер Хуфур Абдурахемандын сөөгү Нарын облусунун Кочкор районунан табылган. Бишкек ШИИББи берген маалыматка ылайык, Свердлов РИИБинин кызматкерлери спецназ менен биргеликте кылмышка шектүүлөрдүн изине ...

0 72

Сириянын студенттери АКШ аскерлерине каршы чыгышты

21-октябрь 2019, 12:52 Алтын Булат

Алеппо шаарындагы жогорку окуу жайлардын окутуучулары жана студенттери АКШ армиясын Сириядан чыгарууну талап кылып чыгышты. Бул тууралуу айтылган маалыматтарда, митингкке чыккандардын саны 2 миңден ашат. Окутуучулардын сөзүнө караганда, Америкалык аскерлер терроризм менен көрөшүүдө Сирия күткөндөй жардам бере алган жок. Тескерисинче, алар согушкерлерге көмөктөшүп өлкөнү талкалоого, кыйроого алып келишкен. Эске сала кетсек, өткөн аптада Түркия Сириянын күрддөр жашаган аймагында аскердик ...

0 69

Голливуд жылдызы Женнифер Лоуренс турмушка чыкты

21-октябрь 2019, 12:48 Айдар Нуралиев

Голливуд актрисасы Женнифер Лоуренс сүрөт галереясынын директору Кука Марониге турмушка чыкты. Бул тууралуу чет элдик маалымат булактары жазып чыкты. Маалыматка караганда, үйлөнүү той Род-Айленд штатына караштуу Ньюпорт шаарында жайгашкан 1894-жылы курулган хан сарайда болгон. Үйлөнүү тойго 150 конок катышып, анын ичинде актриса Эмма Стоун, Эшли Олсен, Эми Шумер жана ырчы Адель дагы болгон.  Жаш жубайлардын кыз-жигит болуп сүйлөшүп жүргөнү ...

0 167

Ата, апа, “эшек” деп көп тилдечү элеңер, эшек болуп чоңойдум

21-октябрь 2019, 12:36 Айдар Нуралиев

“Эшек!”, “Кебетең кантет, чочко!”, “Ары турчу, колуңан бок да келбейт!”, “Айтканды укпайсыңбы, сөзгө аралашпай жөн тур” ж.б. Бул сөздөрдү бир күндө миң жолу укчумун. Ата-энем турса да, мээримге зар болуп чоңойдум. Алар мени эркелетип, жакшы көрөрүн айтышчу эмес. Кичинемде көз жашымдын баарын төгүп койгон окшойм, азыр ыйлай да албайм. Кокустан чыны сындырсам же тамак төксөм, дароо бекиткенге шашчумун. Байкалбай ...

0 155

Атамбаевдин саламаттыгы өгүздүкүндөйбү?

21-октябрь 2019, 12:21 Аман Аскаров

Кызык эй, ушул темир тордун артына баргандардын арасынан мурдагы президент, учурдагы бир топ оор кылмышка шектелип жаткан Атамбаевдин эле ден-соолугу өгүздүкүндөй окшойт. Бир кыңк дебей жатат. Тобоо, чын, буга чейин андай жерге түшүп калган көп эле саясатчылар ооруп, мурдунан суу агып, өлүмүш болчу эле. Ошол эле Өмүрбек Текебаев, Аида Салянова, Осмонбек Артыкбаев, Жантөрө Сатыбалдиев ж.б. толгон токойлор. Жада калса жапжаш, чүкөдөй ...

0 115

Кыргыз маданияты бүгүн: "Пулуң болсо, кулуңмун!"

21-октябрь 2019, 12:24 Бакыт Молдалиев

Кыргыз интернет айдыңында Бишкектин чок ортосунда жайгашкан Кожомкул Кааба уулу атындагы спорт ордосунун оңдоп-түзөө иштеринен кийинки көрүнүш жарыяланып, анда аталган спорт сарайдын жетекчилиги, маданият министрлиги, Кыргызстандын аткаруу бийлиги жана оңдоп-түзөө иштерине көмөк көрсөткөн мекеме сынга кабылды. Сүрөттө көрүнүп тургандай, демөөрчүлүк кылган компания өз аталышын ар бир олтургучка балчайтып жаза берген. Мындан улам интернет колдонуучулардын кыжыры кайнап, “Эми эмне, Элит-хаус ордосу дейбизби?”, ...

0 115

Ишкерди өлтүргөндөр СИЗОго киргизилди

21-октябрь 2019, 11:50 Айдар Нуралиев

Бишкектеги “Мадина” кафесинин ээси Хуфур Абдурехманды өлтүргөнгө шектелгендер СИЗОго киргизилди. Бул тууралуу укук коргоо органдары кабарлашты.  Маалыматка караганда, мындай чечимди Бишкектин Свердлов райондук соту кабыл алган. Белгилүү болгондой, ишкерди өлтүрдү деп шектелген 4 жаран (арасында мурунку милиция кызматкерлери да бар) СИЗОго киргизилген, ал эми бул кылмышка жалпысынан 8 киши шектелип жатат. Эске салсак, дээрлик ...

0 198

Басков мейманканада бир күн болууга 2,5 миллион рубль коротту

21-октябрь 2019, 11:39 Айдар Нуралиев

Орусиянын белгилүү ырчысы Николай Басков Монте-Карлодогу мейманканалардын биринде үй-бүлөсү менен бир күн болууга 2,5 миллион рубль коротту. Ырчы ошону менен катар эле 43 жаш туулган күнүн белгилөөнү чечкен. Бул тууралуу орусиялык маалымат каражаттары жазып чыкты.  Маалыматка караганда, Басков апасы менен биргеликте эки бөлмөлүү жана өзүнүн китепканасы бар номерге отурукташкан. Николайдын айтымында, ал көптөн бери ушундай тынч эс алууну кыялданып жүргөн. 

0 55

Айдоочулардын теңинен көбү жол эрежесин билбейт

21-октябрь 2019, 11:39 Аман Аскаров

Бишкекте эмне көп? Унаа тыгыны көп. Унаа тыгыны бир эле жолдордун тардыгы же белгилердин жоктугунан эле эмес, ага айдоочулардын жеке күнөөсү дагы бар. Себеби, көп учурда унаанын рулуна отурган адам кадимки эле негизги жол эрежелерин да билбейт. Ал эми көлөмү чоң коомдук транспорттун айдоочусу жол эрежесин билбесе эмне болот? Тыгын ого бетер көбөйөт. Ошондуктан, шаар жетекчилиги коомдук транспорттун айдоочуларынан ...

0 93

ВИДЕО - Идрис Айтбаев, акын: “Бүгүн интернетти пайдасыз чукугандар – эртеңки көрдү чукуган жалкоолор!”

Видео 21-октябрь 2019, 11:24 Бакыт Молдалиев

Мындай пикирин кыргыздын белгилүү полиглот төкмө акыны Идрис Айтбаев Жалал-Абад шаарынын борбордук стадионунда өткөн китеп фестивалында жаштарга кайрылып жатып билдирди. Төмөндө видеосун сунуш кылабыз.  

Жарнама үчүн орун!
600 x 50
0 215

Мугалимдердин айлыгын эсептөө эми автоматташтырылат

21-октябрь 2019, 10:43 Айдар Нуралиев

Буга чейин борборлоштурулган бухгалтериянын кызматкерлери айлык акыны которуу эсебин кагаз түрүндө  жүргүзүп келген болсо, эми мугалимдердин айлык маянасын эсептөөдө автоматташтырылган бирдиктүү системага өтүү пландаштырылууда. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин  басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка караганда, эсеп палатасы, прокуратура, каржы полициясы текшерүү учурунда мыйзам бузуу фактылары катталганын тастыктайт. Көбүн эсе эмгек акынын жана стимулдук фондду негизсиз коротуу, каражатты ...

0 358

Орусия Кыргызстанга көмөк да, өбөк да көрсөтөт

21-октябрь 2019, 11:06 Темирлан Келдибеков

Владимир Путиндин Жакынкы Чыгыштагы  араб мамлекеттери Сауд Арабиясы менен Бириккен Араб эмираттарына жасаган иш сапары Дональд Трамптын оозун Вашингтонду  каратты. Арабдар негизи мусулман калктар, бекер жерден Путинди чечен лидери Кадыров коштоп барган жок. Анткени, Орусияда да православиеден кийин ислам дини өркүндөп өсүп келатат. Орусия Кыргызстандын башкы жана негизги өнөктөшү. 150 жылдан ашуун убакыттан бери орус-кыргыз мамилеси чыңдалып келатат. Учурда эки ...

0 73

Жакырбыз дегендерге арданышат

21-октябрь 2019, 10:36 Аман Аскаров

 “Ооруну жашырсаң өлүм ашкере кылат” – дегендей, Кыргызстан жакыр өлкө. Туура эмес багыттабыз деген аналиктиктерге бийликтегилер арданышат. Жыйынтык чыгаргандын ордуна болбой эле “өнүгүүнүн жолундабыз” – деп карганышат. Эми жергиликтүү эксперт, экономисттерге ишенбесеңер беделдүү Дүйнөлүк банктын изилдөөсүнө ынанарсыңар! Аталган уюмдун анализине ылайык, Кыргызстан менен Тажикстандын айрым аймактарында жакырчылык 40 пайыздан ашат экен. Негизинен анализдерге ылайык жумушсуздукту жана жакырчылыкты жоюуда жыйынтык бар болуп чыкты. Бирок ал ...

0 101

“Путин менен гана сүйлөшөм”. Орусияда казак жараны чыр салды

21-октябрь 2019, 10:20 Айдар Нуралиев

Казакстандын 29 жаштагы жараны Иркутск облусунун түндүгүндөгү нефть компаниялардын бирине жумушка орношууга барып, орношо албай калган. Ал ойлогондой кызматты баш тартышкан. Ошондо ал үйүнө кайтып келе жатып арак ичип, мас абалында поездге отурууга аракет кылганда, аны поездге отургузбай коюшкан. Бул тууралуу орусиялык маалымат каражаттары жазып чыкты.  Маалыматка караганда, кыжырданган адам Лена станциясындагы бийиктиги 20 метр болгон жарык берүүчү фонарь ...

0 107

Ишкерди өлтүргөндөрдүн арасында мурунку милиционерлер да бар

21-октябрь 2019, 09:46 Айдар Нуралиев

Дээрлик 15 күндөн бери дайынсыз болуп, туугандары жана милиция тарабынан изделип жаткан Бишкектеги “Мадина” кафесинин ээси, 38 жаштагы ишкер Хуфур Абдурахемандын сөөгү Нарын облусунун Кочкор районунан табылган. Бишкек ШИИББи берген маалыматка ылайык, Свердлов РИИБинин кызматкерлери спецназ менен биргеликте кылмышка шектүүлөрдүн изине түшкөн. 18-октябрда Бишкектин аймагынан кылмышка шектелип, Нарын облусунда 1964-жылы туулган К.Э., Бишкек шаарында 1990-жылы туулган Ш.У., Ысык-Көл облусунда ...

0 28

Кылымдарды карыткан таза суу маселеси

21-октябрь 2019, 10:02 Аман Аскаров

Учурда Кыргызстандын аймагында Коомчулукту өнүктүрүү жана инвестициялоо агенттиги тарабынан 205 миллион долларлык 12 долбоор ишке ашырылып жатыптыр. Негизги үч багытта экен. Аны аталган агенттиктин жетекчиси Бекжан Супаналиев Жогорку Кеңештеги КСДП фракциясынын комитет жыйынында айткан жайы бар. Андагы үч негизги багыт - таза сууну камсыздоо жана санитария кызматы менен анын сапатынын жеткиликтүүлүгү – 102 миллион доллар, айыл чарбасын өнүктүрүү – ...

0 110

Макгрегор 20 жаштагы кызды зордуктады деп шектелип жатат

21-октябрь 2019, 09:32 Айдар Нуралиев

Белгилүү ирландиялык UFC мушкери Конор Макгрегорго сексуалдык зордук-зомбулук көрсөттү деген шек менен иликтөө жүрүп жатат. Бул тууралуу чет элдик маалымат каражаттары билдирди. Маалыматка караганда, зордуктоо Дублиндеги сыра ичүүчү жайлардын  бириндеги унаа токтоотуучу жайда болгон. Жабырлануучу 20 жаштагы кыз. Ал мушкерге каршы арыз жазган-жазбаганы белгисиз, бирок окуянын күбөлөрү көрсөтмө беришкен. Азыркы тапта Макгрегорго полиция расмий айып кое элек жана ал ...

0 499

ВИДЕО - Ошто индиялык жана пакистандык студенттер мушташты

Видео 21-октябрь 2019, 10:17 Аман Аскаров

Ош шаарында чет элдик студенттер бири-бири менен мушташа кетти. Айрым маалыматтар боюнча мушташ индиялык жана пакистандыктардын ортосунда орун алган. Ош шаардык ички иштер башкармалыгы бул иш боюнча иликтөө болоорун билдирди, бирок азырынча эч ким арыз менен милицияга кайрылган эмес. Белгилей кетсек, эки өлкөнүн ортосунда да байма-бай чыр-чатак болуп турат.  Булак: NazarNews.kg

0 328

ВИДЕО - Бишкектик 12 жашар “калькулятор бала” орустардын студенттерин уят кылып, калыстарды жана көрүүчүлөрдү таң калтырды

Видео 21-октябрь 2019, 10:42 Бакыт Молдалиев

Россиянын “Россия-1” телеканалында өтүп жаткан “Таң калычтуу адамдар” телеберүүсүндө Бишкектен барган Арсен Рахымбеков Россиянын жогорку окуу жайларында окуган 3-курстун студенттери менен эсеп чыгарууда жарышып, аларды такыр эле караандатпай койду. Ал бул таланты менен анда олтурган калыстарды жана берүүнүн көрүүчүлөрүн таң калтырды. Арсен Рахымбеков болгону 12 жашта. Мектептен сырткары агасы менен биргеликте Жакшылык Матанов негиздеген "Интеллект” окуу борборунда кошумча билим ...

0 265

Арктикада күндүн ысышы турак-жайларды жарактан чыгарууда

21-октябрь 2019, 08:58 Кызгалдак Жакыпова

"Расмий маалыматтарга ылайык, жыл сайын Россия мөңгүлөрдүн ээришине каршы 50 млрд рублдан 150  млрд рублга чейин акча сарптайт. Чыгым болсо жылдан-жылга өсүүдө”. Бул тууралуу “Bloomberg”ге Ыраакы Чыгыш жана Арктиканы өнүктүрүү боюнча министрдин орун басары Александр Крутиков жарыялады. Жарыяланган маалыматтарга таянсак, Арктикадагы топурактардын ээрүүсү көптөгөн курулуштарга, структураларга коркунуч келтирет. Бул аймактарда күндүн ысышы эки ...

0 290

ВИДЕО - Ташкентте миң түстүү “бийчи” фонтан коноктордун “оозун Ошту каратып жатат”

Видео 20-октябрь 2019, 14:27 Бакыт Молдалиев

Sputnik Узбекистан "Tashkent City” аталыштагы парктын ачылышындагы өзгөчө миң түстүү “бийчи” фонтан тууралуу маалыматты видеосу менен бирге жарыялады. Андагы маалыматка ылайык, Өзбекстандын борбору Ташкент шаарында “Tashkent City” аталыштагы парктын ачылышы болуп, анын башкы кооздук-шөкөтү катары музыка жана сандаган түстүү жарыктардын коштоосунда “бийлеген” лазердик фонтан болгон. Лазердик фонтан көлдүн аймагындагы 1,5 гектар жерди ээлейт. Андан атырылып чыккан суунун бийиктиги 60 метрге чейин жетип, түн ...

0 278

Айнура Нурлан кызы: Намаз окууну үйрѳтүүчү жайнамазды ойлоп таптык

21-октябрь 2019, 09:00 Айдар Нуралиев

Айнура Нурлан кызы: «Намаз окууну үйрѳтүүчү жайнамазды ойлоп таптык», деп "Леди.kg" гезитине маек курган. Айнура да ѳз жолунда изденүүнү баалаган, элге пайдам тийсе деп эмгектенген жаштардын бири. Анын табылгасы калың элге пайдасын тийгизеринде шек жок. --Эң алгач бул жайнамаз кандай формада экени кызык болуп жатат? Биздин жайнамаз кадимки жайнамаздардын кѳлѳмүндѳй эле кѳлѳмдѳ. Эл ойлогондой электрондук эмес. Бир айырмасы, ...

0 375

Социалдык тармактар үй-бүлөнү кантип бузат?

20-октябрь 2019, 13:42 Айдар Нуралиев

Социалдык тармактар адамга жаңы, кызыктуу маектештерди табуу үчүн керек. Бирок айрымдар ага өтө эле көп убакыт бөлүп, башка максатта колдонушат. Социологдор ажырашып жаткандардын 50 пайызы өздөрүнүн үй-бүлөсүнүн бузулушуна дал ушул социалдык тармактарды күнөөлөшөрүн айтышат. Минтип отурса жакында ажырашуулардын негизги себеби болуп калары деле талашсыз. Негизи, социалдык тармактар үй-бүлөнүн бузулушуна кандай таасир этет? Түгөйүн башкалар менен салыштырат. Социалдык тармактардагы лентаны ...

0 409

Лайнер жүргүнчүлөрү менен абада 20 саат жүрүүгө муктаж болду

20-октябрь 2019, 09:40 Кызгалдак Жакыпова

“Boeing 787-9” австралиянын компаниясы Qantas Airlines 20 саат абада, жерге конбостон жүрүүгө муктаж болду, алардын негизги максаты  рекордду жаңылоо эле. Бул жөнүндө FlightAware порталы жарыялады.Маршруттук  самолёттун каттамы  Нью-Йорктон Сиднейге чейинки аралыкты түзүп,  16 миң 309 километрди 19 саат 14 минутада басып өтүштү. Бир гана жөнөкөй рейстерден айырмасы  - бортто жүргүнчүлөрдөн 40 киши жана экипаждар,  медицина кызматкерлери болду. Медицина кызматкерлери ...

0 165

ВИДЕО - Бишкекте аз жерден окуучуларды сүзүп кете жаздаган милиция жоопко тартылабы?

Видео 20-октябрь 2019, 09:04 Бакыт Молдалиев

Кечээ, 19-октябрда Бишкек шаарынын Токтогул жана Тимирязев көчөлөрүнүн кесилишиндеги жөө адамдар өтүүчү жол сызыгынан 2 окуучу баланы патрулдук милициянын автоунаасы сүзүп кете жаздаган видеосу интернет айдыңында тараган. Ушул эле күнү видеодогу “башкы каарман” - Жол коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын кызматкеринин өздүгү аныкталган жана ага жол эрежесин бузганы боюнча протокол толтурулуп, 3000 сом айып пул салынды. Мындан сырткары аталган кызматкерге карата ...

0 864

Ноокатта төрөткананын 5 миллион сомдук оңдоп-түзөө иштерин бир эле үй-бүлө бүтүрүп берип койду

19-октябрь 2019, 19:28 Бакыт Молдалиев

  Ноокат районунун Көк-Жар айыл өкмөтүндөгү төрөт үйү толугу менен капиталдык оңдоо иштери бүттү. Кызыгы, төрөт үйүнүн бул оңдоо иштерине кеткен чыгымдарды – жалпысынан 5 миллион сомду бир үй-бүлө – Азимжан Баатыров аттуу жергиликтүү аксакал уулдары менен биргеликте көтөрүшкөн. Ага кошумча кайрадан ачылуу аземине “Тез жардам” автоунаасын белекке тапшырышкан. Бул тууралуу бүгүн, 19-октябрда Жогорку Кеңештин депутаты Төрөбай Зулпукаров соцтармактагы өзүнүн баракчасына ...

Жарнама үчүн орун!
600 x 50
0 549

ФОТО - Өлтүрүп, көөмп коюшкан. Ишкерди өлтүргөнгө шектүүлөр кармалды

19-октябрь 2019, 19:11 Айдар Нуралиев

Дээрлик 15 күндөн бери дайынсыз болуп, туугандары жана милиция тарабынан изделип жаткан Бишкектеги “Мадина” кафесинин ээси, 38 жаштагы ишкер Хуфур Абдурахемандын сөөгү Нарын облусунун Кочкор районунан табылды. Бул тууралуу Бишкек ШИИББинен кабарлашты. Маалыматка ылайык, Свердлов РИИБинин кызматкерлери спецназ менен биргеликте кылмышка шектүүлөрдүн изине түшкөн. 18-октябрда Бишкектин аймагынан кылмышка шектелип, Нарын облусунда 1964-жылы туулган К.Э., Бишкек шаарында 1990-жылы туулган Ш.У., ...

0 244

Ангелина Гагарина:"Башкаларды шыктандырам деген максатыма жеттим"

19-октябрь 2019, 18:57 Айдар Нуралиев

"Кыргызстан сулуусу-2019" сынагына катышып, вице-мисс наамын утуп алган , 19 жаштагы Ангелина Гагарина башынан өткөргөн кыйынчылык күндөрү жана "Кыргызстан сулуусу-2019" сынагына катышуусу тууралуу "Леди KG" гезитине айтып берди. "Бийлегенге муундарым чоюлуп калды деп ойлогом" - 2011-жылдын жай айына чейин менден өткөн бактылуу адам жок эле. Ата-энемдин сүйүктүү кызы, жалгыз эжемдин сүйкүмдүү сиңдисимин. Апам мени кичинемден бийге берип, "Ак кайың" ...

Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83