www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Коом
0 157

Депутат Строкованын уюму социалдык фондго кокон тыйын которгон эмес

16-ноябрь 2019, 10:49 Аман Аскаров

Жогорку Кеңеште бир кездердеги Атамбаевдин жана КСДПнын “торпедасы” Евгения Строкова деген эл өкүлү бар. Ар дайым бир нерсеге капа болуп, “ыйлактап” жүрөт. Эсиңерде болсо, 2015-жылы парламенттик шайлоодо “Бүтүн Кыргызстан” саясий партиясынын лидери Адахан Мадумаров шайлоочулары менен жолугушууда жүргөндө, сахнага чыгып алып ким концерт койду эле? Туура, дал өзү, Евгения Строкова “шефинин” буйрутмасы мененби же өз демилгеси мененби Адахан Мадумаров менен ...

0 147

Дүйнөдөгү эң алгачкы телефон

15-ноябрь 2019, 18:31 Айдар Нуралиев

Дүйнөдө биринчи чөнтөк телефон 1973-жылы 3-апрелде «МОТОRОLLА» компаниясынын өкүлү Мартин Купер тарабынан иштелип чыккан. Алгач телефондун салмагы 20 кг болуп, аны машинага салып жүрүшкөн. Кийинчерээк анын салмагын азайтып, баштыкка салып жүрө турган кылып чыгарган. Кийин телефонду жеңил жана колго көтөрүүге ыңгайлуу кылып жасап сатыкка чыгара башташкан, - деп жазат "Фабула" гезити. Булак: NazarNews.kg

0 131

Шумдугуң кур: Эң кичинекей көчө

15-ноябрь 2019, 18:28 Айдар Нуралиев

Дүйнөдөгү эң кыска көчө Шотландиядагы Уик көчөсү. Анын узундугу 206 см. Бул көчөгө Уик деген атты Александр Синклер 1883-жылы ыйгарган. Ал Америкадан келип Уик деген мейманканага жатып, ошол мейманканага бара турган жолду мейманкананын атынан Уик көчөсү деп атап койгон. Ошондон тартып ал жол Уик деген атка ээ болуп, шотландиялыктар да Уик көчөсү деп атап калышкан, - деп жазат "Фабула" ...

0 113

Эң кымбат бургер

15-ноябрь 2019, 18:24 Айдар Нуралиев

Биринчи бургерди Лондондо жасап башташкан. Ошол эле Лондондун бургер жасоочулары дүйнөдөгү эң кымбат бургерди жасап сатыкка чыгарышкан. Ал бургердин баасы 200 долларды чапчыйт. Мындай кымбат бургердин курамында уй эти, ак трюфель, пияз, ак вино, майонез жана нан бар,  - деп жазат "Фабула" гезити. Булак: NazarNews.kg

15-ноябрь 2019, 18:24 | 113
0 165

 Үй-бүлɵлүк зомбулуктан коргоо боюнча тегерек стол өттү

15-ноябрь 2019, 17:54 Айдар Нуралиев

«Үй-бүлɵлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо чɵйрɵсүндɵгү мыйзамды ишке ашыруунун механизмдери» темасындагы тегерек стол Бишкек шаарында өттү. Бул тууралуу Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинин маалымат кызматы кабарлады. Маалыматка караганда, иш-чаранын катышуучулары үй-бүлɵлүк зомбулук кɵйгɵйүн чечүүгɵ натыйжалуу жана координацияланган мамиле кылуу үчүн биргелешкен ведомстволор аралык механизмдер жɵнүндɵ талкуулашты. Эмгек жана социалдык өнүгүү министринин орун басары Жаныл Алыбаева, ар түрдүү изилдɵɵлɵрдүн жана сурамжылоолордун кɵрсɵткүчтɵрү жөнүндө ...

0 246

Өзбекстандык экс-дүйнө чемпиону орус мушкерине машыктыруучу болду

15-ноябрь 2019, 17:47 Айдар Нуралиев

Өзбекстандык супер оор салмактагы мушкер, экс-дүйнө чемпиону Руслан Чагаев орус мушкерин машыктырмакчы болду. Бул тууралуу орус басылмалары жазып чыгышты. Маалыматка караганда, Өзбекстандын атынан чыгып жүргөн Бүткүл дүйнөлүк бокс ассоциациясынын (WBA) версиясы боюнча мурунку чемпиону Руслан Чагаев мушкерлердин “Ноакуттар падышасы” шоусунда орусиялык мушкер Фатима Дудиеваны машыктырмай болду. Фатима Дудуева 14-ноябрда Санкт-Петурбург шаарында өткөн турнирде польшалык Дорота Норекти жеңип алган. Көрүүсүндөгү ...

0 1030

Женнифер Лопес: “Кийимиңди чеч, төшүңдү көрсөт деп...”

15-ноябрь 2019, 17:43 Бакыт Молдалиев

Америкалык белгилүү ырчы жана актриса Женнифер Лопес чет элдик басылмаларга берген маегинде карьерасынын башында съемка жүрүп жаткан аянтчада режиссер тарабынан асылууга кабылганын айтып берди.  Лопестин айтымында, ал тартылуучу тасмалардын биринде үстүн чечип, төшүн көрсөтүш керек болчу. Актриса бул кадамга барганга даяр болгонун түшүндүрүп кетти. Бирок, режиссер кийим которуучу бөлмөдө алдын ала чечинүүнү талап кылган. Ал бул көрүнүштү асылуу катары ...

0 196

ФОТО - Жалал-Абад: Шаар мэри тургундар менен жолугушууда

15-ноябрь 2019, 17:34 Айдар Нуралиев

Жалал-Абад шаарынын калкына ыңгайлуу шарттарды түзүүдө калаанын инфраструктуралык абалын жакшыртуу аракеттер келерки жылы да улантылат. Бул тууралуу шаар башчысы Мураталы Тагаев аймактык башкармалыктардын тургундары менен болгон жолугушууда билдирди.  Жыл сайын калаа жетекчилери шаардын келээрки жылдагы бюджетинде аткарылуучу жумуштарын пландоодо, аймактагын тургундардын сунуш пикир жана көйгөйлөрү менен жеринде таанышып келет. Бул аракеттер дагы да улантылып, жашоочуларга Жалал-Абад шаарында 2019-жылда аткарылган ...

0 599

ФОТО - Акылы "тайкы Эдичка" эмне дейт? Кайра "тайыптыр" аныңар...

16-ноябрь 2019, 14:31 Аман Аскаров

Улуу Британияда бир “чудной” элчибиз бар. Аты Эдил Байсалов. Эсиңердеби, аны убагында “Эдичка” – деп дагы атап  калышкан.  Тилдин баркын билип, аны туура жерде жана туура убакытта колдонууну билгендиги эле элчи кылып бактысын ачып кетти да. Азыр Гонконгдо укмуштуудай нааразачылык акциясы болуп жатпайбы. Июнь айынан бери токтой элек. Эми ошол митингдин апогейи болуп жатат окшойт. Ал ...

0 204

Эртеңки күнгө карата аба ырайы тууралуу маалымат

15-ноябрь 2019, 17:25 Кызгалдак Жакыпова

16-ноябрда түнкүсүн Ысык-Көл облусунун кээ бир райондорунда жамгыр аралаш кар жаашы мүмкүн. Калган аймактарда жаан жаабайт. Тоолуу райондордо жолдор тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метр, Ысык-Көл акваториясында 15-20 метрге жетиши ыктымал. Абанын температурасы: Чүй өрөөнүндө түнкүсүн -4…+1, күндүз 4…9; Таласта түнкүсүн -1…-6, күндүз 4…9; Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн -3…+2, күндүз 9…14; Ысык-Көлдө түнкүсүн -3…+2, күндүз ...

0 198

ФОТОРЕПОРТАЖ - Төрага Дастанбек Жумабеков Айыл чарба жана тамак-аш кызматкерлеринин күнүнө арналган иш-чарага катышты

15-ноябрь 2019, 17:13 Айдар Нуралиев

Бүгүн, 15-ноябрда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Дастанбек Жумабеков Кыргыз улуттук агрардык университетинде өткөн Айыл чарба, тамак-аш жана кайра иштетүү кызматкерлеринин күнүнө арналган иш-чарага катышып, аларды кесиптик майрамы менен куттуктады. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы билдирди. Төрага өлкөнүн айыл чарба тармагынын калыптануу жолу биз үчүн узун сабак, кызык кеп экенин баса белгиледи. «Дыйкандарыбыз менен фермерлерибиздин кажыбас кайраты, талыкпаган ...

0 186

Прокуратура 20 десе, Бишкек ШИИББи 21 дело жоголгон дейт

15-ноябрь 2019, 17:02 Айдар Нуралиев

Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги тарабынан жүргүзүлүп жаткан соттук-укуктук реформанын жана КЖБР автоматташтырылган маалыматтык системасын киргизүүнүн алкагында, өткөн жылдардагы кылмыш иштерин инвентаризациялоо боюнча активдүү иштер жүргүзүлүүдө. Бул тууралуу Бишкек ШИИББинен кабарлашты. Андагы маалыматка караганда, Бишкек шаарынын ички иштер башкы башкармалыгынын тергөө кызматы тарабынан кызматтык текшерүү жүргүзүлүп, 1998-жылдан 2007-жылга чейинки мезгилде 21 жоголгон кылмыш иши аныкталган. Жүргүзүлгөн кызматтык текшерүүнүн натыйжасында, ...

0 172

Бажычылар журналисттерге экскурсия уюштурду

15-ноябрь 2019, 17:07 Айдар Нуралиев

2019-жылдын 15-ноябрында Бишкек шаарындагы, Кожевенная көчөсү 74 дареги боюнча жайгашкан Түндүк-Чыгыш бажысынын “Бизнес-Транс-Сервис” (мындан ары-“БТС”) бажылык тариздөө жайында (мындан ары-БТЖ) ММКнын өкүлдөрү үчүн пресс-тур болуп өттү. “БТС” БТЖнын жалпы аймагы 3,8га түзөт.  Бул тууралуу Бажы кызматы билдирди. Пресс-турдун жүрүшүндө КРӨгө караштуу МБКнын кызматкери Калыбаев Болот Акматалыевич “БТС” БТЖнын иши, азыркы күндө аткарылып жаткан милдеттери жана максаттары жөнүндө маалымдады. Экономикалык ...

0 1515

Архитекторду аёсуз сабап кетишти

15-ноябрь 2019, 16:54 Аман Аскаров

Бизнесмендер, журналисттер, спортчулар, укук коргоо кызматкерлери, адвокат, сот, “черныйлар” дагы кайсыл “кесиптин” ээлери коопттуу ыя? Аталгандар чындыгында кооптуу кесиптин ээлери. Себеби кесиптин өзгөчөлүгүнө байланыштуу кайчылаш пикирдегилер бул кесипкөйлөрдө арбын. Бирок кийинки каарманыбыздын кесиби буга чейин коопсуз кесиптин катарына кирип келсе, эми ал андай эмес экендигинен кабар берип турат. Ал кесип - архитектор. Дегенибиз, Новосибирск шаарында Сибирь дизайн жана архитектура ассоциациясынын ...

0 214

Куйругун түйгөн Алмаматовго өлкөлөр аралык издөө жарыяланды

15-ноябрь 2019, 16:41 Айдар Нуралиев

Ири өлчөмдөгү пара менен кармалып соттолгон Транспорт каражаттарын жана айдоочулар курамын каттоо боюнча Бишкек шаардык бөлүмүнүн мурдагы жетекчиси Насирбек Алмаматовго КМШ аймагында мамлекеттер аралык издөө жарыяланды. Белгилей кетсек, ушул жылдын март айында Транспорт каражаттарын жана айдоочулар курамын каттоо боюнча Бишкек шаардык бөлүмүнүн мурдагы жетекчиси Насирбек Алмаматов пара алып жаткан жеринен кармалган. Октябрь райондук соту аны 12,5 жылга ...

0 208

Жарык куну же эски заманга карай...

15-ноябрь 2019, 16:39 Айдар Нуралиев

Күз башында эле "Улуттук энерго холдингдин" төрагасы Айтмамат Назаров жарыкты үнөмдөп пайдалануу, Казакстандан электр энергияны импорттоо боюнча жыландын башын кылтыйткан, - деп жазып чыкты "Фабула" гезити бүгүнкү чыккан санында. Албетте, алгач "Энергохолдингге" төрага болуп бекигенде эле Айтмамат Назаров бул тармакта дилетант экени, арак сатып байып жүргөнү, олигархтардын жөөкөрү экени айтылып келген. Тилекке каршы, энерго системаны өркүндөтүп-өстүрүү боюнча эч нерсе дебей ...

Жарнама үчүн орун!
600 x 50
0 299

Көргөн жоксуңарбы? УКМК 200 миң доллар жоготту

15-ноябрь 2019, 16:27 Айдар Нуралиев

Башкы прокуратуранын башкармалыктарынын биринин Улан Чалбаев деген жетекчиси коррупцияга айыпталып кармалган. Эсиңиздерден чыга элек болсо керек. Ал экс-депутат Карганбек Самаковдон соттун өкүмүн жумшартып чыгарып берем деп 200 миң доллар талап кылган. Ошентип ал 2018-жылдын апрель айында бул акчаны алып жатканда УКМКнын кызматкерлери тарабынан кармалган. Кызыгы эми башталгандай, далил буюм катары сакталып турган Улан Чалбаев алды деген ошол 200 миң ...

0 247

Акчалуулар көп кабаттуу үйлөрдү куруп бүтүп, андан кийин мыйзамдаштырабы?

15-ноябрь 2019, 16:24 Айдар Нуралиев

Урматтуу “Ордо” гезити! Сиздерге атайын кат аркылуу кайрылып жатканымдын себеби төмөндөгүдөй: Мен Жалал-Абад шаарынын Мамыр Баатыр көчөсүндө (мурдагы Строительная көчөсү-48) жайгашкан № 36-үйдү 2000-жылы мыйзам чегинде сатып алганмын. Жалал-Абад шаардык Мамкаттоо кызматы тарабынан жалы берилген жерге болгон менчик укугум жөнүндө мамлекеттик Акты бар. Мыйзамдарга ылайык менин жеке менчикке болгон укуктарым мамлекет тарабынан коргоолууга тийиш эле. Тилекке каршы, 1,5 жылдан ...

0 391

Дүйнөдөгү абасы эң булганган шаарлардын рейтинги жарыяланды. Бишкек канчанчы орунда?

15-ноябрь 2019, 16:07 Айдар Нуралиев

Дүйнөдөгү абасы эң булганган шаарлардын рейтинги жарыяланды, Ташкент үчүнчү орунда. Бул тууралуу AirVisual жарыялады. Маалыматка караганда, эң абасы булганган 30 шаардын 22си Индияда жайгашкан. Эң абасы булгангандардын сап башында Индиянын борбор шаары Дели турат, бул шаарда 19 миллион адам жашайт. Андан кийинки ондукка Пакистандын Лахор шаары, Ташкент (Өзбекстан), Доха (Бангладеш), Ханой (Вьетнам), Калькутта (Индия), Жакарта (Индонезия), Мумбай (Индия), Хо ...

0 853

Эркин Мамбеталиев жол тандабастар боюнча айың-кептерге чекит койду

15-ноябрь 2019, 16:02 Аман Аскаров

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин жан сакчысы Эркин Мамбеталиевди сагындыңарбы? Октябрь айында бир-эки жума маалымат айдыңында тимеле хит болду эле. Баткендеги кайсыл бир күч түзүмдөрүнө эки брондолгон жол тандабасты белекке берип. Анда ИИМ менен Чек ара кызматы алгач унааларды талашып, андан кийин андан баш тартып ит болушту эле. Кытайдан белек алышса жата калып алышат, май-таманына чейин өпкүлөп. Күндө сыналгыдан он ирет кайталоосу менен ...

0 276

Мамлекетти кимдер жеп жатышат?

15-ноябрь 2019, 15:49 Айдар Нуралиев

2019-жылдын 3 кварталында бюджет тармагындагы кызматкерлердин кызматтык каттамдарына (командировка) -12,1 млн. доллар же 849 млн. сом корогон, - деп жазып чыкты "Фабула" гезити бүгүнкү чыккан санында. Башкача айтканда, 9 айдын ичинде "саякатчы" бюджетчилер бир күндө - 228 млн. сом, мейманканага - 309 млн. сом, жол киреге - 312 млн. сом сарптап турушкан. Мындан тышкары, телефондук байланыштарга кеткен жалпы чыгым - ...

0 395

Түркия ИГИЛдин 23 мүчөсүн Кыргызстанга жөнөтөт

15-ноябрь 2019, 15:26 Бакыт Молдалиев

Түркия бийлиги ИГИЛге кирип кеткен чет элдик жарандарды өз өлкөлөрүнө департациялоону пландап жатат. Арасында Кыргызстандын 23 жараны да бар. Бул тууралуу түркиялык басылмалар жазып чыгышты.  Маалыматка караганда, ИГИЛ менен байланышы бар деп кармалгандардын арасында 34 өлкөнүн 959 жараны бар. Анын ичинде көпчүлүгү Сирия, Ирак жана Орусиянын жарандары. Тизмеде 23 кыргызстандык жаран да көрсөтүлгөн.  Буга чейин Түркиянын ММКлары 11-ноябрдан баштап ...

0 219

Өкмөт миң-куштуктарды өз каражаттарына көчүрө албай убара

15-ноябрь 2019, 15:36 Аман Аскаров

Миң-Куш айылы. Кыргызстандагы урандын радиоактивдүү калдыктары жайгашкан бирден-бир аймак. 1947-жылы калыптанган. Союз убагында бул шаарча Москванын камкордугунда болуп, жашоо тиричиликке нааразы болгондордун саны азы эле. Бир кездерде 10 жылга жетпеген убакыт бул жерден союздун керектөөсүнө уран казылып алынчу. Кийин анын ишмердүүлүгү токтотулган. Бирок уран калдыктары калган. Андайлардын бири учурда өтө кооптуу деңгээлге жетип турат. Эгерде андагы урандын калдыктары суу ...

0 210

Кыргыз саясатчылары крокодилдерге караганда коркунучтуу

15-ноябрь 2019, 15:27 Айдар Нуралиев

Жогорку Кеңештин вице-спикери Аида Касымалиева Фейсбуктагы баракчасына пост жазды. Эмне деп жазды дебейсиздерби? Анын жазгандарына караганда крокодилдер кыргыз саясатчыларына караганда коркунучсуз болуп калат экен. Мына сага! Булак: NazarNews.kg

0 977

Бишкек милициясы пиар кылабыз деп кармалып калды

15-ноябрь 2019, 16:50 Айдар Нуралиев

Бишкекте патрулдук милиция кызматкерлерин өздөрүн пиар кылып жаткан жеринен “кармап” алышты. Бул тууралуу Ислан Турганбаев аттуу Твиттердин колдонуучусу жазып чыкты. Ал Твиттердеги баракчасына: “Кандай гана азамат деп жазууну каалап, сүрөтү менен чыгармак болмок. Анан формачан кыз аны телефонго тартып жатканын байкап калдым”, -деп жазып сүрөтү менен чыгарган. Ага удаа эле Бишкек ШИИББи да Фейсбуктагы баракчасына ошол эле сүрөттүн башка ...

0 716

13-кабаттан түшүп кеткен адам ордунан дароо жан берди

15-ноябрь 2019, 15:08 Аман Аскаров

Кечээ, 14-ноябрда 3-төрөт үйүнүн бет маңдайындагы көп кабаттуу үйлөрдүн биринин 13-кабатынан адам түшүп кетип, ал окуя болгон жерден дароо жан берген. Азырынча ал өзүнө-өзү кол салганбы же ага башка себеп болгонбу, белгисиз. Окуя кечки саат 22:00дө болгон. Айрым такталбаган маалыматтар боюнча, каза болгон адам Улуу Британиянын жараны болушу да мүмкүн деген маалымат бар. Бирок ал маалымат азырынча тактала элек. Аны тергөө ...

0 213

«Ну, погоди!» кайрадан тартылат

15-ноябрь 2019, 14:18 Айдар Нуралиев

«Союзмультфильм» «Сениби, шашпа!» («Ну, погоди!») мультфильминин жаңы серияларын тартат. Бул тууралуу аталган киностудиянын жетекчиси Юлиана Слащева Санкт-Петербургда өтүп жаткан эл аралык маданият форумунда билдирди. Анын айтымына караганда, «Союзмультфильм» «Сениби, шашпа!» мультфильминин каармандарынын 50 жылдыгына карата дагы жаңы 26 серияларын тартат. Анын алгачкы эпизоду 2020-жылдын жай айларынын башында чыгып калат. Ушул жылдын июнь айында советтик «Сениби, шашпа!» мультфильми орусиялыктар арасында ...

0 334

ФОТО - Доктурга кирүү үчүн эмчектеги балдары бар аялдар таңдан кечке сызда отурушу керекпи?

15-ноябрь 2019, 16:56 Аман Аскаров

Ооруканалар каралбай калды десек саламаттыкты сактоо министрлиги таарынат, сөздү асмандан алып, оюбузга келгенди жазып жаткандай. Фармакологияга эле көңүл бурулуп калды. Өлкөдө дары-дармектен көп неме жок. Сапаттуусу деле, сапатсызы деле жайнайт. Баасы асмандын башы. Анын себеби эмнеде? Себеби, саламаттыкты сактоо министринин фармакология тармагында бизнеси бар. Ал эми ооруканалар аны кызыктырбайт. Айрыкча жер-жерлердеги ооруган адамдарга бооруң ооруйт. ...

0 218

“Манас” аэропорту 9 айда 2,7 млн жүргүнчүнү тейлеген

15-ноябрь 2019, 13:25 Айдар Нуралиев

“Эл аралык Манас” аэропорту ААКы 2019-жылы 9 айдын ичинде 2 миллион 714 миң 706 жүргүнчүнү тейлеген. Бул көрүнүш мурунку жылга салыштырмалуу 46 миңге көп. Алардын ичинен ички авиялиниянын жүргүнчүлөрү 867 миң 866 адамды түзгөн. Ал эми эл аралык линияда 1 миллион 846 миң 840 адам тейленген. бул тууралуу аталган ишкананын маалымат кызматы кабарлады. Маалыматка караганда, “Эл аралык Манас” аэропортунда ...

0 465

Атамбаев сепаратист эмеспи? Каптагаев аны сотко кантип алып келиш керектигин айтты

15-ноябрь 2019, 13:29 Аман Аскаров

Бүгүн Бишкектин Биринчи Май райондук сотунда кримтөбөл Азиз Батукаевдин абактан мыйзамсыз бошотулушуна байланышкан кылмыш иши боюнча соттук отурум болмок. Анда негизги айыптардын бири мурдагы президент Алмазбек Атамбаевге коюлган. Бирок ал соттук отурумга “барбайм, мунун бардыгы фарс” – деп калжаңдап жатат. Эми бул абалдан кантип чыгуу керек? Себеби, анын мындан аркы соттук отурумга келбеси дагы бышык, аны ...

0 260

Өзгөчө чач жасалгалоонун ээси Атыргүл Сарыбаева КТРКнын байкоочу кеңешине тапталып жатабы?

15-ноябрь 2019, 15:35 Аман Аскаров

КТРКнын Байкоочу кеңешинин төрагасы Жыпар Жекшеев мындан эки-үч күн мурун өз каалоосу менен бул кызматтан кеткен. Ага ал коомдук каналды атына-затын жараштыра албай койгондугу менен түшүндүргөн. Демек, орун бош. Байкоочу кеңеште жалпысынан 15 мүчө бар. “Свято место пусто не бывает” – деп океңдер айткандай ал орун көпкө чейин сары майдай сакталып тура бербейт. Алардын 5 мүчөсүн президент, 5 мүчөсүн парламент, ...

0 545

Казакстандан 50 жейрен алынып келинет, депутаттарга көрсөтпөгүлө!

15-ноябрь 2019, 12:44 Айдар Нуралиев

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттиги Кыргызстанда жоголуп кеткен жейренди кайрадан калыбына келтирүүнү, көбөйтүүнү көздөөдө. Бул тууралуу аталган агенттиктин басма сөз кызматы кабарлады. Маалыматка караганда, Ысык-Көл облусуна болгон жумушчу иш сапарынын алкагында аталган агенттиктин директору Мирслав Аманкулов Ысык-Көлдүн Орто-Токой суу сактагычынын чөлдүү түштүк-батыш жеринде болду. Бул аймакка жакынкы убакта жоголуп кеткен жейренди ...

Жарнама үчүн орун!
600 x 50
0 87

Атамбаев сотко дагы келбей койду

15-ноябрь 2019, 12:08 Айдар Нуралиев

Бүгүн, 15-ноябрда Бишкектин Биринчи Май райондук сотунда “мыйзамдагы ууру” Азиз Батукаевдин мыйзамсыз бошотулушу боюнча соттук отурум болмок. Бирок сот отуруму башталбай жатып 29-ноябрга жылдырылды. Буга мурунку президент Атамбаевдин соттук отурумга катышуудан баш тартканы жана Улуттук гематология борборунун мурдагы жетекчиси Абдухалим Раимжановдун ооруп жатканы себеп болгон. Баса, соттук отурумга Атамбаевдин жан-жөкөрлөрү келишкен жок. Булак: NazarNews.kg

0 981

Бензиндин баасы боюнча Абылгазиев жооп берди. "Бээ десе төө" - деди

15-ноябрь 2019, 12:06 Аман Аскаров

Кечээ парламентте ысык болду. Премьер Мухаммедкалый Абылгазиев желдеттерин ээрчитип алып Жогорку Кеңешке келди. “Сексалю” атыккан депутат Тазабек Икрамов абдан маанилүү бир маселени козгоду. Ал өлкөдө бензин менен интернетке монополия орногондугун айтып, ага ээлик кылгандар ага каалагандай бааны коюп жаткандыгын айтып, өкмөт башчыдан Кыргызстандагы бензиндин баасы менен чет элдеги бензинге болгон баанын айырмасын сурады. Анан “бээ десе төө" деген Абылгазиев эмне деп ...

0 228

Түнү менен телефондон оюн ойногон кыздын көзү көрбөй калды

15-ноябрь 2019, 11:55 Айдар Нуралиев

Түнү бою телефондон оюн ойногон кыздын бир көзү көрбөй  калды. Окуя Кытайда болгон. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты. Маалыматка караганда, бир нече саат түнү менен тынымсыз телефондон оюн ойногон кыз эртең менен ойгонгондо сол көзүнүн көрбөй калганын байкаган. Жөн эле көзү көрбөй калганына таң калган кыз ооруканага кайрылган. Кыздын көзүн текшерген “Songgang People's Hospital” ооруканасынын дарыгери Ки ...

0 177

Садык Шер-Нияз АКШнын атуулу болдубу?

15-ноябрь 2019, 11:46 Айдар Нуралиев

Депутат Садык Шер-Нияз АКШнын Калифорния штатындагы Калвер-Сити шаарынын ардактуу атуулу болду. Бул тууралуу өзү Фейсбуктагы баракчасына жазып чыкты. Садык Шер-Нияз Лос-Анжелестеги Asian World Film Festival эл аралык Азия кинофестивалынын негиздөөчүсү болуп саналат. Бул фестивалда азия өлкөлөрүнүн мыкты деген тасмалары көрсөтүлүп, айрымдары “Оскар” жана “Алтын глобус” сыйлыктарына көрсөтүлөт. Фестиваль жыл сайын октябрь-ноябрь айларында АКШнын Калвер-Сити шаарында өткөрүлөт. Булак: NazarNews.kg

0 201

Жеңиш Разаковго окшоп премьер Абылгазиев дагы тажиктин "тыңчысыбы?"

15-ноябрь 2019, 12:07 Аман Аскаров

13-ноябрда NazarNews.kg сайтында “Лейлектин контрабандисттери чек араны шылтоолоп шылуундук кылгысы келеби?” – деген макалабыз жарык көргөн. Анда Баткен облусунунун Катраң айылдык кеңешинин төрагасы Сапарали Бөрүбаев тууралуу сөз болгон. Ал макала жарык көргөндөн кийин кеңсебизге Баткен облусунунун Катраң айылдык кеңешинин төрагасы Сапарали Бөрүбаев өзү келип, аталган макалага жообун берип кеткен. Ал өз сөзүндө Баткендеги талаш аймактары тууралуу сөз кылып, Лейлек ...

0 160

Францияда жааган калың кар элди ичиркентти

15-ноябрь 2019, 10:46 Айдар Нуралиев

Франциянын түштүк-чыгышында 140 миң үй катуу жааган кардан улам жарыксыз калды. BFMTV телеканалынын маалыматына караганда, кар калың жаагандыктан, бак-дарактар сынып, дарак алдында калган  автоунаалар жабыркаган, ал тургай бак басып калган унаанын ичидеги бир киши каза болгон. Кардын кесепетинен электр зымдары үзүлүп, көптөгөн үй жарыксыз калган. Мындан тышкары үй жана жапайы жандыктар сууктан өлүүдө дейт маалыматта. Кар калың жаагандан жана ...

0 537

Погончондор погончонду "взятка" менен кармадыбы же "подставабы"?

15-ноябрь 2019, 12:09 Аман Аскаров

Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын тергөөчүсү пара алып жаткан жеринен кармалды. ИИМдин ички иликтөө кызматына О.Н аттуу жаран кайрылып, жаза аткаруу кызматынын кызматкери андан 20 миң сом өлчөмүндө пара талап кылып жаткандыгы боюнча арызы менен кайрылган. Белгилүү болгондой, кайрылган адамга карата тийиштүү сотко чейинки өндүрүштү жабырлануучунун пайдасына чечип берүү үчүн жаза аткаруу кызматынын лейтенанты, тергөөчү андан акча талап кылган. Кечээ ...

0 100

Францияда оозунан от чыккан ажыдаар жасашты

15-ноябрь 2019, 09:52 Айдар Нуралиев

Француз усталары салмагы 72 тонна, узундугу 25 метрге жеткен ажыдаар жасашты. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыкты. Франциянын Кале шаарындагы мындай өзгөчөлүк менен жасалган зор механизмди сүрөтчүлөр, дизайнерлер жана механиктер иштеп чыккан. Аны дээрлик 30 жылдан бери жасап келишкен. Механикалык ажыдаардын салмагы 72 тонна,  бийиктиги 10 метр жана узундугу 25 метр. Аны жасоого жыгач, тери жана металл колдонулган.  ...

0 441

ВИДЕО - Ажырашкан эркектерге приют ачылды 

Видео 15-ноябрь 2019, 09:47 Бакыт Молдалиев

XXI кылымда баш кошуп, көп өтпөй кайра эки ажырым түшкөндөр арбып кетти. Бул бүткүл дүйнөлүк көйгөй болуп калды. Он же андан көп жыл жашап деле ажырашып кеткен үй-бүлөөлөр да бар. Көпчүлүк учурда жубайлар ажырашканда, ортодогу балдар энеси менен калат да,  атасы балдарына ай сайын алимент төлөп калат.  Белгилүү болгондой, мындай өлкөлөрдүн катарында Италия биринчи орунда турат десек болот. Италияда ажырашууда ...

0 524

ФОТО - "Итбай-чотбайды" оюнга чогулткан Абылгазиев. Апас Жумагулов отурат "довольный" түр менен

15-ноябрь 2019, 12:08 Аман Аскаров

Кечээ, 14-ноябрда Дөлөн Өмүрзаков атындагы борбордук стадиондо футбол боюнча Кыргызстан менен Япония курама командалары беттешти. Бирок, азыр кеп оюн тууралуу эмес. Оюндун коноктору тууралуу сөз кылалы деп турабыз. Бардыгыбыз күбө болгондой, оюнга премьер-министр өзү катышып, “12-оюнчу” болуп берди. Аны беттешке коштоп “итбай-чотбайдын” калың тобу барды. Бирок эң эле кызыктырган бир фигура отурду, убагында бардыгын кыйратып койгонсуп, “довольный” түр менен. Ал ким? Ал ...

0 221

Атамбаев сотко дагы "барбайм" - деп баштады

15-ноябрь 2019, 11:34 Аман Аскаров

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин соттук иши жабык түрүндө өтүшү ыктымал. Бул тууралуу анын жактоочусу Сергей Слесарев маалымдады. Учурда Азиз Батукаевдин абактан мыйзамсыз бошотулушу боюнча Алмазбек Атамбаевге бир эпизод боюнча кылмыш иши козголгон, калган 14 иш боюнча ал шектүү экендиги тууралуу билдирме жөнөтүлгөн. Белгилүү болгондой, Атамбаев Батукаевдин иши боюнча көрсөтмө берүүдөн баш тартып, башка айыпкерлер менен бетме-бет кезигүүгө (очная ставка) барбай ...

0 257

15-ноябрга карата аба ырайы тууралуу маалымат

14-ноябрь 2019, 19:43 Айдар Нуралиев

Эртең, 15-ноябрда түнкүсүн өлкө аймагында жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз айрым райондордун тоо этектеринде жана тоолуу аймактарында кар жаашы мүмкүн, деп маалымдайт Кыргызгидромет. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Абанын температурасы: Чүй облусунда түнкүсүн -3…+3 күндүз +5…+10 Талас облусунда түнкүсүн -3…+2 күндүз +6…+11 Баткен облусунда түнкүсүн -2…+3 күндүз +11…+16 Ош жана Жалал-Абад облустарында түнкүсүн -2…+3 күндүз +11…+16 Ысык-Көл облусунда

0 338

Мыйзамда көп балалуу ата-энелерге жеңилдиктер каралган. Бул тууралуу министрликтер да билбейт экен, сиз билесизби?

15-ноябрь 2019, 17:23 Айдар Нуралиев

Мыйзам бир жарым жыл мурун кабыл алынган, бирок иштеп баштаганы белгисиз. Жогорку Кеңеш тарабынан 2018-жылдын 18-апрелинде «Кыргыз Республикасынын Салык кодексине өзгөртүү киргизүү жөнүндө» мыйзам кабыл алынган. Мыйзамдын максаты Кыргыз Республикасынын салык төлөөчүлөрүнүн билим алуу жаатында укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоо болуп саналат. Эгерде мектепке чейинки, мектеп курагындагы, орто же жогорку окуу жайында окуган, 24 жашка чыга элек үч жана ...

0 475

Казакстанда кыргызстандык айдоочунун айынан төрт адам жаракат алды

14-ноябрь 2019, 17:44 Аман Аскаров

Казакстанда кыргызстандык айдоочу катышкан ири жол кырсыгы катталды. Окуя Караганда облусунда болгон. 38 жаштагы кыргызстандык  жаран башкарып бара жаткан чакан автобус алдында кетип бара жаткан "Volvo" үлгүсүндөгү оор жүк ташуучу унааны сүзгөн. Анын кесепетинен төрт адам оор абалында ооруканага жеткирилген. Алар жандандыруу бөлүмүнө жайгаштырылган. Белгилүү болгондой эки унаа тең Алматыны көздөй бет алышкан. Полициядан кабарлагандай жол кырсыгы кыргызстандык жарандын жол ...

0 187

Тоо чокусундагы  өзгөчө музей

14-ноябрь 2019, 16:30 Айдар Нуралиев

Италиянын белгилүү Кронплатц (Kronplatz) тоосунда өзгөчө  МММ-Corones (Messner Mountain Museum Corones) деп аталган музей курулган. Долбоордун автору, белгилүү архитектор Заха Хадидге таандык. Музей Кронплатц тоосунун чокусунда, деңиз деңгээлинен 2 миң 275 метр бийиктикте жайгашып, туристтер арасында эң популярдуу жайга айланган. Музейдин аянты 1000 чарчы метр болсо, ал үчүн 4000 чарчы метр жерди казып  темир-бетон жана фибробетон менен салып чыгышкан.

0 221

Депутат Осмоновага эл эмнеге көйгөйүн айта алат, ал эми башкалардан заарканышат?

14-ноябрь 2019, 17:21 Аман Аскаров

Бир кездерде шайлоочуларынын алдында берген убадаларын унутта калтырган депутаттар бара-бара шайлоочуларынан качып, аларды көргүсү келбей калат эмеспи. Бирок, Жогорку Кеңеште бир депутат бар. Качан көрсөң шайлоочулардын арасында жүрөт. Маселени калың эл менен, жеринен чечкенге кызыкдар. Ал ким? Ал айтылуу Бекмамат Осмоновдун карындашы Айнура Осмонова. Бул эл өкүлү чындыгында шайлоочуларынын купулуна толгондой. Башка депутаттар айдан түшкөнсүп шайлоочуларына барып калган болсо, ...

Жарнама үчүн орун!
600 x 50
0 386

Кылычбек Султан, экс-элчи Стамбулдагы консулдук тууралуу: “Чоң Желмогуздар" кутулуп кете тургандай сезилип жатат”

14-ноябрь 2019, 17:23 Айдар Нуралиев

Кыргыз Республикасынын Малайзиядагы, кийин Түштүк Кореядагы экс-элчиси Кылычбек Султан Фейсбуктагы баракчасына президент Сооронбай Жээнбеков өзү көзөмөлгө албаса, Стамбулдагы Башкы консул жазадан кутулуп кетиши мүмкүн деп жазып чыкты. Анын жазгандары толугу менен төмөндө: “Сооронбай Жээнбековго ушул маалыматты жеткирүүнү АНЫН ЖАНЫНДАГЫ ЖҮРӨГҮ ТАЗА адамдардан суранам: 1. Стамбулдагы Башкы консулду Сооронбай Жээнбеков өзү коргоого албаса, анда чыныгы "Желмогуздар" кутулуп кетет. 2. ТИМ ...

0 868

ВИДЕО - Милиционерге "Мама, мент на меня газует" - деп "сайылган" эргул

Видео 14-ноябрь 2019, 15:58 Аман Аскаров

Жинди болгону калдык. Бир убактарда жаздык эле коомубузга адреналин жетишпей, башыбыз айланып баратат деп. Анын дагы бир далилине күбө болсун деп турабыз окурмандарды. Кайсыл бир соода түйүндөрдө чегип алганбы же айнып калган жаранбы, айтор милиция кызматкеринин артынан калбай “Мама мент на меня газует” – деген ыры менен талантын тартуулагандыгын социалдык тармактагылар көрдү. Чындыгында коомубуз эмне болуп баратат, кызык... Булак: ...

Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83