www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Коом
0 281

Балдар гезитиндеги уят сөз ата-энелерди оозун ачырууда

12-ноябрь 2019, 11:53 Айдар Нуралиев

“Ай-Данек” балдар гезитинин октябрь айындагы санында уят сөз камтылган анекдот да чыккан. Бул тууралуу окурмандарына шилтеме берип жергиликтүү басылмалардын бири жазып чыкты. Маалыматка караганда, ата-энелер гезиттин № 1041 санында чыккан уят сөздөргө нааразычылык билдирип жатышат. Бул гезитке Бишкектеги баардык мектептер жазылышат. Балдар окушат. Белгилей кесек, “Ай-Данек” балдар гезити 1997-жылдан бери чыгып келе жатат. Булак: NazarNews.kg

0 276

ФОТО - Москвада кыргыз таксистти жөн жерден полиция кармап кетти

12-ноябрь 2019, 11:38 Аман Аскаров

Москва шаарында такси кызматында эмгектенген кыргыз жараны мас абалындагы жүргүнчүнү тийиштүү жерге жеткирбей койгондугу үчүн полиция кызматкерлери кармап кетишкен. Белгилүү болгондой кыргызстандык башкарган унаага мас абалындагы улутчул адам отуруп, айдоочуну ар кандай ыплас сөздөр менен сөгүп, мушташканга аракет кылган. Андан кийин жүргүнчү полиция кызматкерлерин чакырган. Жерине келген тартип сакчылары кыргыз жаранын кармап кетишкен. Айдоочу Валентина ...

0 149

Стивен Сигал Мирзиёевдин күйөө баласын куттуктады

12-ноябрь 2019, 11:20 Айдар Нуралиев

Америкалык белгилүү актер Стивен Сигал өзүнүн Инстаграммдагы баракчасы аркылуу Мирзиёевдин күйөө баласы Отабек Умаровду Өзбекстандын ММА ассоциациясынын президенти кызматына шайлангандыгы менен куттуктады. “Менин досум Отабек Умаров Өзбекстандын ММА ассоциациясынын башчысы кызматына дайындалды. Куттуктайм, тууган”, -деп жазган атактуу актёр. Белгилей кетсек, Өзбекстандын президентинин коопсуздук кызматынын жетекчисинин биринчи орун басары Отабек Умаров 9-ноябрда жаңы ачылган спорттук лиганын төрагасы болуп шайланган. Ал ...

0 177

Кайрат Закиев : «Кайсыл жерде иштесек да, өз милдетибизди так аткарууга милдеттүүбүз»

12-ноябрь 2019, 10:50 Айдар Нуралиев

Милициянын аймактык ыйгарымдуу өкүлүнүн иши эл менен эң жакын байланышта болгон кызмат болуп саналат. Ар бир аймактык тескөөчүгө бөлүнүп берилген аймакты коён жатагына чейин билип, ар бир адамдын жүзүнөн таанып, кыраакы болууга тийиш. «Милициянын аймактык ыйгарымдуу өкүлү»-деп аты айтып тургандай, ошол аймактын болгон арыз-даттанууларын жеринде чечип келишет. Эски сөз менен айтканда «Участковый» өз аймагында кадыр-баркка жетип, элдин ишеничине кирип ...

0 482

Стамбулда өлтүрүлгөн Саймаити башкы консул Сопоковдун унаасы менен жүргөнбү?

12-ноябрь 2019, 11:40 Аман Аскаров

Стамбулда кечээ күнү Айеркен Саймаитини  өлтүрүп кетишкен. Анын чөнтөгүнөн полиция кызматкерлери 34 CC 2902 номурлуу Range Rover унаасынын ачкычын табышкан. Азырынча ал номур Кыргызстандын Стамбул шаарындагы башкы консулу Эркин Сопоковго таандык болуп чыгууда. Эркин Сопуков 1985-1989-жылдары “Кыргызстандын 60 жылдыгы” совхозунда айдоочу, 1998-2002-жылдары “Кыргызавтомашта” айдоочу, “Кыргызавтомаштан” кийин Сопоков ИИМ жана салык кызматында ар кандай кызматтарда эмгектенген. 1995-жылы ...

0 1217

Атамбаевге дагы бир мурдагы үлкөн чиновник каршы көрсөтмө берди

12-ноябрь 2019, 10:18 Аман Аскаров

Свердлов райондук сотунда Бишкек ТЭЦин модернизациялоо иши боюнча соттук отурумда “Электр станциялары” ишканасынын мурдагы башчысы Салайдин Авазов суралды. Андан экс-энергетика министри Осмонбек Артыкбаев ТВЕА компаниясы менен түзүлгөн келишимдин жагдайын түшүндүрүп берүүсүн суранды. Анда Авазов ага бардык инвестициялык долбоорлор президенттин аппараты тарабынан көзөмөлдөнүп тургандыгын айтып, бардык маселелер аппарат менен макулдашылчу деп билдирди. Андан сырткары ал, келишимге кол коюп ...

0 195

Ала качты делген кыз дагы деле табыла элек

Видео 12-ноябрь 2019, 09:50 Айдар Нуралиев

Ала качылды деген кыздын видеосу чын-жалганы дагы деле аныктала элек жана бул боюнча милиция кызматкерлери текшерүүнү улантып жатат. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин маалымат кызматы маалымдады. “Текшерүү улантылууда. Азырынча жыйынтык жок”,-деп милициядан билдиришти. Эске салсак, 7-октябрда социалдык тармактарда “Таласта 2003-жылы туулган кызды 84-жылы туулган жигит ала качып кетти” деген видео таркаган. Анда бул окуя 2019-жылдын 6-октябры болгон деп көрсөтүлгөн.

0 333

ВИДЕО - Колу кычышкандар "Ынтымак"паркындагы пианинону "айрып" кетишиптир

Видео 12-ноябрь 2019, 10:23 Аман Аскаров

Жайдын этегинде Бишкектин түштүк тарабында президенттин катышуусу менен жакшы бир эс алуучу жай ачылган. Ага дагы атайын эл ынтымактуу, биримдиктүү болсун деген ниетте “Ынтымак” деген ат ыйгарылган. Чындыгында, анысы жок деле Бишкектеги көрктүү аймактын үстүнө дагы бир көртүү жай кошулуп, жыргап калдык эле. Ал жерге убагында эл зээрикпесин, таланты ашып-ташкандар музыкалык аспапта ойноп, убактыларын көңүлдүү ...

0 3703

Министр Жамангулов Урмат Үсөнов канча айлык алаарын ачыктады

12-ноябрь 2019, 09:17 Аман Аскаров

Урмат Үсөновду маданият, маалымат жана туризм министринин кеңешчиси кылып дайындоо боюнча буйрукка азырынча кол коюла элек экен. Министр Азамат Жамангулов жергиликтүү басылмалардын бирине берген маегинде, Үсөновду ал өзүнүн көз карашы бар, компетенттүү адис катары көрөөрүн айтып, ошондуктан аны кеңешчи кылууга ниеттенгендигин айтыптыр. Андан сырткары, ырчы толук штатка алына тургандыгын билдирип, эмгек кодексине ылайык ...

0 116

Оштон авиабомба табылды

12-ноябрь 2019, 09:07 Айдар Нуралиев

Жергиликтүү эл арык казып жатып, 82 килограммдык авиабомба таап алышты. Бул тууралуу жергиликтүү басылмалар жазып чыгышты. Окуя  Ош облусунун Чоң Алай районуна караштуу Кара-Тейит айылында 11-ноябрь күнү саат 17:00 чамасында болгон. Бомба болжол менен 25-30 сантиметр тереңдиктен табылган. Тургундар милиция чакырышкан. Милициянын маалыматына караганда, РС-282 үлгүсүндөгү бул авиабомба 1999-жылы Баткен окуясы учурунда ташталган деп жатата.  Чек арачылар снарядды элге ...

12-ноябрь 2019, 09:07 | 116
0 226

Таякеси өкмөт башчы Социалдык фонддун төрагасы Ирсалиевдин пенсия бере турган бюджети канча?

12-ноябрь 2019, 08:58 Темирлан Келдибеков

Медет Ирсалиевдин бир тууган таякеси премьер-министр экенин дудуктан өйдө билет. Мурун таякесин орун басар кылып кетсе, “замдан” эмне таякем өкмөт башында турганда “сам” болом деп Социалдык фонддун төрагасы болгон. 15-ноябрда «КР Социалдык фондунун 2020-жылга бюджети жана 2021-2022-жылдарга божомолу жөнүндө» долбоорун талкуулоого арналган парламенттик угуу өтөт. Жогорку Кеӊештин Бюджет жана финансы боюнча комитети БУУӨП менен Швейцариянын Кызматташтык жана Өнүктүрүү боюнча башкармалыгынын “Жарандардын ...

0 494

Аба ырайы: кар жаайт

11-ноябрь 2019, 18:54 Айдар Нуралиев

Акыркы күндөрдөгү жаан-чачынга байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда жана Каракол - Эңилчек автоунаа жолунун (Чоң-Ашуу ашуусу) 76-90 чакырымдарында кар көчкү түшүшү мүмкүн. Аба ырайы: 12-ноябрда жаан-чачын болбойт. Чүй, Талас облустарынын кээ бир райондорунда туман түшөт. Тоолуу райондордо жолдор тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 4-9 м/с. Абанын температурасы: Чүйдө түнкүсүн -4…+1, күндүз 6…11; Таласта түнкүсүн -1…-6, күндүз 7…12; Баткенде, Ошто, Жалал-Абадда түнкүсүн -3…+2, ...

11-ноябрь 2019, 18:54 | 494
0 500

Өрттөнгөн “Антошканы” ким иштетээри белгилүү болду

11-ноябрь 2019, 18:04 Айдар Нуралиев

“Антошканы” ижарага алып иштеткен адамдын аты-жөнү – Карыпбеков Абдил Эгизбаевич. Бул тууралуу Бишкек мэриясынын жыйналышында айтылды. Эске салсак, 8-ноябрда Бишкектин Чүй проспектиси менен Эркиндик бульварынын кесилишинде жайгашкан “Антошка” тез татым кафеси жарылып, өрттөнүп кеткен. Кырсыктан бир адам каза болуп, 15 адам жабыркаган. Ошол эле күнү Бишкек ШИИББинин тергөө кызматы тарабынан тергөө иштерин жүргүзүү учурунда 1963-жылы туулган К.А. аттуу “Антошка” ...

0 860

Чыпалак Баатыр: “Мотуевге “раз на раз” чыгам”

11-ноябрь 2019, 17:40 Бакыт Молдалиев

“Чыпалак Баатыр” каймана аты менен таанылган Зарылбек Аликенов өзүнүн Инстаграмм баракчасына элди зериктирбей ар кандай видеолорду чыгарып турат. Ошондой эле, кээде социалдык тарматардын колдонуучулары тарабынан келген суроолорго жооп берип турат.  Кечээ жакында эле ал адаттагыдай эле түз эфирде катталуучуларынан келген сууроолорго жооп берип жаткан. Ошондо катталуучуларынын биринин “Мотуев менен “раз ра раз” чыгасыңбы?” деген суроосуна “Жекеме-жеке чыккандай Мотуев - Чак ...

0 298

ФОТО - Ак үйдөгү 120 "койго" айып жок, Балыкчы мэриясынын алдындагы жылкыларга айып бар

11-ноябрь 2019, 17:38 Аман Аскаров

Кыргызстан бир кызык өлкө да. Бишкектин Ак үйүнүн тегерегинде 2015-жылдан тартып 120 “кой” ээн эркин оттоп жүрөт. Ага эч ким эч нерсе деген жок. Айыпка жыккан да, жыгылган да тарап көрүнбөйт. Бирок Балыкчы шаарынын мэриясы башка кеп. Мэриянын аймагына 10-ноябрь күнү 18 баш жылкы кирип кеткен экен. Эми анын айынан жылкынын ээси айыпка жыгылып, анын өлчөмү 7500 ...

0 312

Конгантиевдин атындагы көчөгө башка ат берилди

11-ноябрь 2019, 17:30 Айдар Нуралиев

Мурунку ИИМ министри Молдомуса Конгантиевдин атындагы көчөгө Мурас деген башка ат коюлду. Бул тууралуу айрым басылмалар Көк-Жар айыл өкмөтүнө шилтеме берип жазып чыгышты. Эске салсак, Бишкектин чеитндеги Аламүдүн районуна караштуу Көк-Жар айыл өкмөтүнө караштуу Полиция шаарчасына мурунку ИИМ министри Молдомуса Конгантиевдин урматына анын аты коюлганы белгилүү болгон. Муну коомчулук ар түрдүү кабыл алган. Айрымдар туура десе, дагы бирлери туура ...

Жарнама үчүн орун!
600 x 50
0 364

Диана Гурцкая жолдошу менен ажыраштыбы?

11-ноябрь 2019, 18:06 Айдар Нуралиев

Жагымдуу  үнү бар талантуу ырчы Диана Гурцкаянын ырларын кимдер гана сүйүп укпаган. Мегрел улутундагы Диананын жеке үй-бүлөсү тууралуу төмөндө сөз кылмакчыбыз. Диана болочоктогу күйөөсүн дени сак, жети саны түгөл адам деп элестетчү. Пенденин оозунда, кудайдын кулагында дегендей, ырчы кыз Петр Кучеренко аттуу юрист жигитке турмушка чыккан. Ырчы жолдошу менен Ирина Хакамаданын шайлоо кампаниясында иштеп жүргөн мезгилде таанышкан. Башында бир ...

0 279

ВИДЕО - Сузактын акими Омошевдин таянаар тоосу бир гана спортчулар

Видео 11-ноябрь 2019, 16:44 Аман Аскаров

Жалал-Абад облусунда Сузак деген бир бакыйган район бар. Тимеле коррупциянын чордону дал ошол жерде. Районду Эрмекбай Омошев деген адам башкарат эки жылдан бери. Же мамлекеттик кызматкер,  же жеке ишкер экенин түшүнбөйсүң. Дүкөн, кафе, бардык түр-укмуштарды иштетет. Бирок, ушул районду иштете албай койду. Болгону таянаар тоосу спортчулар. Ал Кыргызстанды дүйнөгө спортчулар эле таанытат деп бакылдады аэропортто депутат Тазабек Икрамовду батына албай тосуп жаткан маалында. Ой ...

0 1037

Төрт киши каза болгон жол кырсыгынын себеби айтылды

11-ноябрь 2019, 16:25 Айдар Нуралиев

Бүгүн, болжол менен түнкү бирлер чамасында 27 жаштагы А.Ж. аттуу жаран Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолунда Субару Импреза унаасын айдап баратып, жүк ташуучу Норд унаасы менен кагышкан. Кырсыктын кесепетинен Субарунун айдоочусу жана бул унаанын үч жүргүнчүсү каза болсо, дагы бир 20 жаштагы жигит оор абалда ооруканага жеткирилген. Каза болгондордун арасында жаш төкмө акын, обончу, маркум төкмө акын Майра Керим кызынын өнөрүн ...

0 250

Премьер Темир Сариев менен министр Аргынбек Малабаевдин башын жуткан жол качан бүтөт?

11-ноябрь 2019, 15:41 Темирлан Келдибеков

2015-жылы ал кездеги “Мегакомду” сатыкка койгон өкмөт башчысы Сариев Кытайга иш сапары менен барып, ошондон соң кыргыздын мыкты ишканалары турса да, бул жолду салуу боюнча тендерди Кытай ишканасы утуп чыгат. Кытай ишканасы «Лонг Хай» — 6 миллиард 803,5 миллион сомго жолду куруу боюнча макулдашып, бир топ акчаларды жетекчилерге сугунткан дешет. Төрт жылдан бери уланып келе жаткан Балыкчы - Корумду - ...

0 454

Сарпашев кайда? Түркияда Интерпол аркылуу издөөдө жүргөн чет элдик кыргыз паспорту менен кармалды

11-ноябрь 2019, 15:38 Аман Аскаров

Ауу-у, Тайырбек Сарпашев деген “мамлекеттик-жеке ишкерди” көргөн жан барбы? Ой айланайын, анын кылган ишинин залакасы азыркыга чейин тийип жатат. Мамлекеттик каттоо кызматында жетекчи болуп турганда кыргыз паспортуна байланышкан далай ызы-чуу болду эле. Өлкө ичинде гана болсо гана. 2016-жылы Түркиянын Стамбул шаарынын эл аралык аэропортунда уйгур улутундагы 98 Кытай жараны жасалма кыргыз паспорту менен кармалганы эсиңердеби? Дүйнөгө бетибиз менен баткакка ...

0 355

ВИДЕО - Манас Ниязов 117 килограммдык торпокту эңип кетти

Видео 11-ноябрь 2019, 15:25 Бакыт Молдалиев

7-ноябрда Кара-Кулжа районунун Чалма айылында улак тартыш өткөрүлүп, ага белгилүү көк бөрүчүлөр да катышты. Аламан улак тартыштын алдында улакчылар 117 килограмм салмактагы торпокту эңүү боюнча күч сынашты. Бул тууралуу жергиликтүү маалымат булактары жазып чыкты.  Маалыматка караганда, 117 килограммдык торпокту жерден көтөргөн эки көк бөрүчү сыйланган.  Чоң торпокту Манас Ниязов жерден так эңип алган. Торпокту атка эңип алуу керек эле, ...

0 2865

ФОТО - Чүй ОИИББинин башчысынын көптөн берки алгачкы сүрөттөрү! "Эрдик" колуна тапшырылды

11-ноябрь 2019, 15:09 Аман Аскаров

7-8-август күндөрү мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди Кой-Таш айылынан мажбурлоо түрүндө тергөөгө алып келүү операциясы учурунда башына таш тийип, кийин комага түшүп, дарыланууга Москвага жөнөтүлгөн Чүй ОИИББинин башчысы Самат Курманкуловго жакында Кыргыз Республикасынын президенти Сооронбай Жээнбековдун жарлыгына ылайык «Эрдик» медалы ыйгарылган. Медалды жабыркаган Самат Курманкуловго ИИМ министри Кашкар Жунушалиев тапшырып келди. Аны менен бирге ал дарыланып жаткан жайга Кыргызстандын Россиядагы элчиси ...

0 384

СҮРӨТ - Бишкектин Чыгыш-5 кичирайонунда “Дасторкон” дүкөнү бузулууда

11-ноябрь 2019, 15:06 Бакыт Молдалиев

Бишкектин Чыгыш-5 кичирайонунда жайгашкан “Дасторкон” дүкөнүн бузуп жатышат. Бул тууралуу маалыматты шаардык мэриянын басма сөз кызматы билдирди.  Маалыматка караганда, муниципиалдык кызматкерлер Чүй проспектиси менен 7-Апрель көчөсүнүн кесилишинде жайгашкан имаратты бузуп жатышат. Себеби, 7-Апрель көчөсү Чүй проспектисинен баштап темир жолго чейин адамдар үчүн ыңгайлуу жана коопсуз жөө жүрө турган зона болот.  Айтылган кичирайондо долбоорду ишке ашырууга тосколдук кылган 38 объект ...

0 198

Абылгазиев коррупция жол салгандар арасында да жыттанып жатканын билдирди

11-ноябрь 2019, 15:07 Темирлан Келдибеков

Коррупция, коррупция дейбиз, коррупция каякта, Абылгазиев бул боюнча чукугандай сөз айтты. Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Кыргызстанда жол салууда чет өлкөлүк компаниялар тендерди утуп, бирок жергиликтүү компанияларга тапшырып койгону коррупцияга айланганын айтып чыкты. Бул туурасында премьер-министр парламенттин Бюджет жана финансы боюнча комитетинин жыйынында билдирди. Жыйындын жүрүшүндө депутат Төрөбай Зулпукаров Кыргызстанда четтен алынган насыяларга курулуп жаткан жолдорду жергиликтүү компаниялар курушу ...

0 336

Түркияда кыргыз кыздарына байланышкан кылмыш катталды

11-ноябрь 2019, 14:50 Аман Аскаров

Түркиянын Анталья шаарындагы Манавгат районунда эки кыргызстандык кыз мекендешин сабап, аны тоноп кеткендиктери үчүн полиция тарабынан кармалды. Haberler порталы маалымдагандай Нүргүл Карбаева аттуу айым Манавгаттын мейманканаларынын биринде тазалоочу болуп иштейт. Ал сабалгандан кийин доктурга кайрылган. Ооруканадан полиция кызматкерлери чакыртылган. Дарыгерлер жабырлануучунун денесинде ур-тепкинин белгилери бар экендиги тууралуу бүтүм чыгарып беришкен. Укук коргоо кызматкерлери көп өтпөй кылмышка шектүүлөрдү кармап, алар ...

0 135

ВИДЕО - Чаткалда алтын кендер мыйзамсыз иштеп жатабы?

Видео 11-ноябрь 2019, 14:36 Айдар Нуралиев

Ийгилик Тургуналиев аттуу Фейсбук колдонуучусу жеке баракчасына Чаткалдагы алтын кендер дагы деле мыйзамсыз иштеп жатат деп жазды. Ал бул мыйзамсыз иштер тууралуу жазганы төмөндө: “Президент Сороонбай Шарипович, сизге кайрылабыз. Чаткалда алтын кендери мыйзамсыз иштеп жатышат, токтотуп беришиңизди суранабыз. Эл каршы чыккан. Алтын кендер казылбайт, иштетилбейт деген убадаңыз бар эле...” Булак: NazarNews.kg

0 441

ВИДЕО - Көргөнү да, көрбөгөнү да арманда. "Газпромдун" "чудиктеринин" кылыгы боорду эзди

Видео 11-ноябрь 2019, 14:12 Аман Аскаров

Убагында Кыргызстан “Кыргызгазды” “Газпромго” 1 сомго сатып жатканда абдан кейидик эле. Ушундай дагы болобу? – деп. “Газпром” болсо тез аранын ичинде өлкөнүн бардык аймагын көгүлтүр от менен камсыз кылабыз деди эле, анысынын дайыны дагы жок. Эптеп Бишкектин бир эки районуна жеткирди окшойт газ түтүктөрүн 3-4 жылда. Бирок, биздин айталы дегенибиз башка. Мындай “чудик” компанияга убагындагы өлкө жетекчилерибиз кантип ишенди ...

0 267

Төкмө каза болгон жол кырсыгында төрт киши көз жумган

11-ноябрь 2019, 13:35 Айдар Нуралиев

Бүгүн, болжол менен түнкү бирлер чамасында 27 жаштагы А.Ж. аттуу жаран Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолунда Субару Импреза унаасын айдап баратып, жүк ташуучу Норд унаасы менен кагышкан. Кырсыктын кесепетинен Субарунун айдоочусу жана бул унаанын үч жүргүнчүсү каза болсо, дагы бир 20 жаштагы жигит оор абалда ооруканага жеткирилген. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришти. Каза болгондордун арасында жаш төкмө ...

0 228

ФОТО - Бишкекте кеч күз, Ак-Сууга кадимки эле кыш келди

11-ноябрь 2019, 13:37 Аман Аскаров

Кечээтен тартып республика боюнча абанын табы төмөндөп, бир топ эле сууктай түштү. Бишкекте майда жаан нөшөрлөдү эле, ал эми Ысык-Көл облусунун эң алыскы району Ак-Сууда 50 сантиметрге жеткен кар жаап салды. Албетте бул жагдай жергиликтүү тургундар үчүн бир топ түйшүктүү болду, андан калса калктуу пунктар арасында жолдор дагы буулган. Бирок, бул көйгөйдүү чечүү максатында кар түшкөн аймакка атайын 12 ...

0 189

ВИДЕО - Айэркен Саймаитини белгисиз адамдар атып кетишти

Видео 11-ноябрь 2019, 12:50 Айдар Нуралиев

«Кыргызстандан чыгарылган миллиондордун изи» аттуу иликтөөнүн негизги каарманы жеке ишкер Айэркен Саймаитинин өлтүрүлдү. Маалыматка караганда, окуя 10-ноябрь кечке маал Стамбул шаарынын Фатих аймагындагы мейманканалардын биринде болгон. Анда Айэркен Саймаитини белгисиз эки адам атып качып кетишкен. Ооруканага жеткизилген Саймаити алган жаракатынан каза тапкан. Саймаити «Азаттык» быйыл май айынын соңунда жарыяланган «Кыргызстандан чыгарылган миллиондордун изи» аттуу иликтөөсүндө аты аталган. Анда 700 ...

0 213

Бишкекке түндө самурайлар келди

11-ноябрь 2019, 13:00 Айдар Нуралиев

11-ноябрга караган түнү “Манас” аэропортуна футбол боюнча Япониянын курама командасынын өкүлдөрү келип түштү. Бул рейсте япон курамасынын тренердик жана медициналык штабы, административдик персоналы жана улуттук чемпиондукта ойногон футболчулар келишкен. Бул тууралуу Кыргызстандын Футбол федерациясынан кабарлашты. Маалыматка караганда, чет өлкөлөрдөгү клубдарда ойногон футболчулар башка рейстер менен келишмекчи. Команданы курамы 12-ноябрда толугу менен чогулат. Япония курамасы бүгүн ...

Жарнама үчүн орун!
600 x 50
0 295

Медетбек Керимкулов деген "ишкер мэр" кайда?

11-ноябрь 2019, 12:26 Аман Аскаров

Акаев заманында далай чиновниктер жыргады. Мал-жандуу, үй-жайлуу, акчалуу болушту. Кандай жол менен экенин ким билсин. Бирок бир чиновник такыр эле унутта калды көрүнөт. Ал Медетбек Керимкулов. Ооба, дал өзү. Такыр көрүнбөй кетти. Билбегендер үчүн бул үлкөн чиновник Бишкек шаарын алты жыл башкарып турган. Тагыраагы 1999-жылдан Акаев куулган 2005-жылга чейин. Эмнеден улам бул адамды эстеп калдык? Азыркы Бишкекти жакшы билесиңер. ...

0 330

Тумандын айынан бир учурда 18 автоунаа сүзүшүп, 29 киши жабыркады

11-ноябрь 2019, 11:57 Айдар Нуралиев

Германиянын түштүк-батышында болгон жол кырсыгынан бир эле учурда 18 автоунаа кагылышып, анын айынан 29 киши жабыркады.  Бул тууралуу чет элдик басылмалар бүгүн жазып чыгышты. Кырсык Германиянын Франкония аймагында болгон. Чоң жолдо автоунаалар өз нугунда жүрүп жаткан, айлананы туман каптап, нымдуулук жогору болгон. Айдоочулардын бири тайгак жолдо унаасын башкара албай калып, алдындагы автоунааны сүзүп алган. Буга удаа эле дагы башка ...

0 331

"Эрдик" медалынын ээси өз алдынча басып, сүйлөй баштады

11-ноябрь 2019, 12:00 Аман Аскаров

7-8-август күндөрү мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди Кой-Таш айылынан мажбурлоо түрүндө тергөөгө алып келүү операциясы учурунда башына таш тийип кийин комага түшүп, андан ары дарыланууга Москвага жөнөтүлгөн Чүй ОИИББинин башчысы Самат Курманкулов өз алдынча сүйлөп жана баса баштады. Саламаттыкты сактоо министрлигинен билдиргендей, Курманкулов акырындык менен басып, айрым көнүгүүлөрдү жасап калды. Андан сырткары, буга чейин Самат Курманкулов үн ...

0 207

Жалал-Абад ОИИБде бир катар сыйлыктар тапшырылды

11-ноябрь 2019, 11:51 Айдар Нуралиев

Бүгүн, 11-ноябрда ички иштер органдарында 30 жылдан ашуун эмгектенген милициянын подполковниги Эрмек Абдрасуловго полковник чини ыйгарылып, ардактуу эс алууга узатылды. Мындан сырткары бир катар кызматкерлерге кезектеги атайын наамдар ыйгарылып, кызматта жана спортто ийгиликке жеткендер медаль тагынышып, дипломдор менен сыйланышты. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБнин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка караганда, мындан сырткары, 7-ноябрь маалымат жана басма сөз күнүнө карата ички ...

0 422

Мыйзамсыз коон ташып келе жаткан жаран кармалды

11-ноябрь 2019, 11:46 Айдар Нуралиев

ЕАЭБтин бажы аймагына товарларды жана транспорт каражаттарын мыйзамсыз ташып кирүү фактыларын табуу жана аларга бөгөт коюу боюнча жүргүзүлгөн ыкчам иш-чаранын жыйынтыгында, Ыкчам бажысынын кызматкерлери Баткен областында З.О. аттуу Кыргыз Республикасынын жаранынын башкаруусундагы “ ВОЛЬВО-FH12” үлгүсүндөгү транспорт каражатын “Шмитц” маркасындагы чиркегичи менен токтотуп текшерүүгө алышкан. Жогоруда көрсөтүлгөн транспорт каражатынын жүк бөлүгүн текшерген учурда Кыргыз Республикасына чектеш мамлекеттен мыйзамсыз ташылып келе ...

0 938

Кара-Көлдө 18 жаштагы кыз дааратканага барам деп ажал тапты

11-ноябрь 2019, 11:38 Аман Аскаров

СССР убагында курулушу аяктабай же болбосо такыр эле каралбай калган объектилер чачтан көп. Андай объектилердин бири Кара-Көл шаарында союз убагында курулган кудук. Анын тереңдиги 8 метрге чамалап калат. Эми ошол кудукта кырсык катталып отурат. Тагыраагы 9-ноябрь, түнкү саат 01:30дар чамасында 18 жаштагы кыз ал кудукка түшүп кетип каза болду. Бул окуя кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине кокустук катары каттоого ...

0 218

“Антошканын” ижарачысы үй камагына чыкты

11-ноябрь 2019, 11:14 Айдар Нуралиев

“Антошканы” ижарага алып иштеткен адам үй камагына чыгарылды. Бул тууралуу Бишкек ШИИББи кабарлады. Маалыматка караганда, мындай чечимди Свердлов райондук соту чыгарган. Эске салсак, 8-ноябрда Бишкектин Чүй проспектиси менен Эркиндик бульварынын кесилишинде жайгашкан “Антошка” тез татым кафеси жарылып, өрттөнүп кеткен. Кырсыктан бир адам каза болуп, 15 адам жабыркаган. Ошол эле күнү Бишкек ...

0 422

Атамбаевдин эркеси Жээнбековду каматам дейт

11-ноябрь 2019, 11:01 Айдар Нуралиев

Темирлан Султанбеков деген бар. КСДПнын саясий кеңешинин мүчөсү. Акыркы убакта Атамбаевге жакын адам болуп көрүнүп, Жээнбековдорго каршы сөз сүйлөй калып жүрөт. Бул ирет дагы өзгөчөлөнөйүн дегенби, айтоор, эми Асылбек Жээнбековду каматам деп оолугуп калыптыр. Ал бул тууралуу Фейсбуктагы жеке баракчасына жазып чыккан. Анда ал Башкы прокуратурага Асылбек Жээнбековго карата кылмыш ишин козгоо боюнча арыз жазганына 20 күн ...

0 247

Эми элестеткиле! Хоккей боюнча курама командабыз Олимпиада 2022 жолдомо алууга жакын калды

11-ноябрь 2019, 11:06 Аман Аскаров

Хоккей боюнча Кыргызстан курама командасы 2022-жылкы Олимпиада оюндарынын тандоо турунда Европанын Босния жана Герцоговина өлкөсүнүн таш талканын чыгарды. Тактадагы эсепти айтсак ишенбейт дагы болсоңор керек. 15:3 эсебинде биздин пайдабызга чечилди. Бул оюн үчүнчү турдун жыйынтыктоочу беттеши болду. Буга чейин Кыргызстан Бириккен Араб Эмирлигин 9:4 жана Люксембургду 5:3 эсебинде утуп, тандоо турунун экинчи баскычына алдын ала өткөн. Тандоо турунун экинчи баскычы ...

0 152

 Күзгү депрессияны эмнелер чакырат? Мелатонин, серотонин, дофамин

11-ноябрь 2019, 11:03 Айдар Нуралиев

Жыл мезгили менен адамдын маанайынын кандай байланышы бар деп ойлойбуз. Албетте, кээ бир сезимтал адамдардын жашоосунда бул абдан чоң ролду ойноору белгилүү. Мисалы, жаздын келиши менен бак-дарак гүлдөп, аба ырайы дагы жылуу болгонго жан дүйнөң жаңыланып, көңүл да көтөрүңкү болот эмеспи. Ал эми күз келери менен күн сууктап, эки күндүн биринде жамгыр нөшөрлөп жаай берет. Ошондуктан күз мезгилинде адамдардын ...

0 429

Жеке ишкер Айэркен Саймаитини Стамбулдан өлтүрүп кетишти

11-ноябрь 2019, 10:41 Аман Аскаров

«Кыргызстандан чыгарылган миллиондордун изи» аттуу иликтөөнүн негизги каарманы  жеке ишкер Айэркен Саймаитинин өлтүрүлгөнү кабарланды. Мындай маалыматты “Азаттык” Түркиянын басылмаларына шилтеме берүү менен жазып чыкты. Маалыматка караганда, окуя 10-ноябрь кечке маал Стамбул шаарынын Фатих аймагындагы мейманканалардын биринде болгон. Анда Айэркен Саймаитини белгисиз адам атып кеткен. Ооруканага жеткизилген Саймаити алган жаракатынан каза тапкан. Саймаити «Азаттык» ...

0 689

ВИДЕО - “Жүзү адамдыкына окшош балык” соцтармактын колдонуучуларынын үрөйүн учурууда

Видео 11-ноябрь 2019, 10:34 Бакыт Молдалиев

Жүзү адамдыкына окшош балык тартылган видео социалдык тармактардын колдонуучуларынын үрөйүн учурууда. Автор “Бул балыктын жүзү адамдыкы” деп пост жазып чыгарган.  Видеодо карп балыгы жээкке келип, оозу менен кызыктай кыймылдарды жасап жатканын көрүүгө болот.  Социалдык тармактын көпчүлүк колдонуучулары балык коркунучтуу экенин жана аларга бул жакпаганын билдирип пикир калтырышкан. Соцтармактын бир колдонуучусу “Адам карптын денеси менен” деп тамашалап пикир калтырган. Булак: ...

0 552

Эксперттер спирт ичимдиктерин кайсы өлкө көп ичерин айтышты

11-ноябрь 2019, 10:26 Айдар Нуралиев

Алкоголь ичимдигин эң көп ичкен өлкө деп Литва табылган. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты. Эксперттер алкоголь ичимдиктерин эң көп колдонгон 10 мамлекетти аташты. Анда сатылган ичимдиктерди өлкөнүн калкынын санына бөлгөндө, ар бир адамга канча литрден туура келээрин эсептеп чыгышкан. 1. Литва. Ар бир  тургунуна орточо эсеп менен жылына 12,3 литр спирт туура келет. 2. Автралия - 11,8 ...

0 197

Боливияда революция! Эво Моралес кызматтан кетүүгө аргасыз

11-ноябрь 2019, 10:12 Аман Аскаров

Боливиянын президенти Эво Моралес өзүнүн отставкасын жарыялады. Анын бул кадамына Боливиянын куралдуу күчтөрүнүн башчысы Уильямс Калимандын билдирүүсү түрткү болду. Ал президентти кызматтан кетишин туура көрө тургандыгын кечээ жар салган. Аталган өлкөдө оппозициянын митинги үч жумадан бери уланып жатат. Нааразычылык акциясында курман болгондор жана жаракат алгандар бар. Нааразычылыкка чыккандар Эво Моралести президенттик шайлоодон кийин кызматтан тез арада кетүүсүн талап кылган. ...

0 403

Милиция кызматкери Гүлсана Жошбаеванын көзүндө катылган жаштын сыры

11-ноябрь 2019, 09:55 Кызгалдак Жакыпова

Өзү назик аялзаты болгону менен эрки күчтүү, жүрөгүндө күйүп турган оту бар милициянын кыздары катарыбызда арбын. Бүгүн Сиздерди мына ошол кесиптештерибиздин бири менен тааныштырганы турабыз, ал Интерполдун ИИМдеги Улуттук борбордук бюросунун ыкчам кызматкери, милициянын подполковниги Жошбаева Гүлсана Султанбековна. Тянь-Шань штурмга алынганда… …Бул окуя мындан 16 жыл илгери, 2003-жылдын июль айында болуп өткөн. 20 адам, анын ичинде «Келечек» жаштар уюмуна ...

0 3317

ФОТО ФАКТ - Урмат Үсөнов кызматта. Спикер Дастан Жумабеков турганда маңка эмес танкасың

11-ноябрь 2019, 10:14 Аман Аскаров

Белгилүү эстрада ырчысы Урмат Үсөнов бүгүнтөн тартып жаңы кызматка киришмей болду. Ал маданият, маалымат жана туризм министринин кеңешчиси болуп дайындалды. Күтүүсүз жаңылык деп жатасыңарбы? Бирок, ал андай эмес! Кеңешчи кызмат бул ырчы үчүн болгону машыгуу. Алкымы чоң. Андан калса сүйүктүү "крыша" агасы Жогорку Кеңештин төрагасы болуп турганда ага жалаң гана светофордун жашыл түсү күйөт да. Дегенибиз, NazarNews.kg былтыр, 2018-жылы эле Дастан ...

Жарнама үчүн орун!
600 x 50
0 1075

Комузчу Нурзат Орозалиева көз жумду

11-ноябрь 2019, 09:18 Айдар Нуралиев

Комузчу, бир нече күүлөрдүн автору Нурзат Орозалиева 44 жашында оорудан улам каза болду. Бул тууралуу анын жакындары билдиришти. Маалыматка караганда, комузчу кечээ, 10-ноябрда көз жумган. Нурзат Орозалиева комузчу эле эмес, күүлөрү менен да белгилүү. Ал акыркы мезгилде Кыргыз улуттук консерваториясында эмгектенип келген. NazarNews.kg маалымат агенттигинин эмгек жамааты Нурзат Орозалиеванын жакындарынын аза кайгысын тең бөлүшүп, терең кайгыруу менен көңүл айтат. Булак: ...

0 330

Рак, өпкө, жүрөк – кан тамырлар, кант диабети оорулары күчөп баратат, дарыгерлерди ким ардактайт?

11-ноябрь 2019, 08:56 Темирлан Келдибеков

“Биринчи байлык ден соолук” деп кыргыздар илгертеден дени сак өсүү үчүн кам көргөн. Кайсы бир учурда эмчи, бакшы, молдо сыяктууларга ден  соолугун тапшырып берген учурлар да болгон. Бүгүнкү күндөрү кыргыз элинде ден соолуктун камын көргөн ден соолук сакчылары болгон дарыгерлер ар бир айылдарга чейин адамдардын ден соолугунун камын көрүп келишет. Булардын абалдары кандай, алсак  “Өнүгүү-Прогресс” фракциясынын лидери  Бакыт Төрөбаев ...

Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83