www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Коом
0 680

10-ноябрга карата аба ырайы тууралуу маалымат

09-ноябрь 2019, 17:17 Кызгалдак Жакыпова

«Кыргызгидромет» борбору кабарлагандай, 10-ноябрда күнү Чүй, Талас, Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда жаан жаап, тоолу райондордо кар жаашы күтүлүүдө. Ош, Баткен, Жалал-Абад облустарында жаан-чачын болбойт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, кээ бир райондордо 15-20 метрге жетет. Абанын температурасы: Чүйдө түнкүсүн -2…+3, күндүз 8…13; Таласта түнкүсүн -4…+1, күндүз 8…13; Баткенде, Ошто, Жалал-Абадда түнкүсүн -1…+4, күндүз 8…13; Ысык-Көлдө түнкүсүн -2…+3, күндүз 7…12;

0 5665

“Көзү ачык аялдар жиндер менен жыныстык катнаштарга барышып, ыплас иштерди жасашат”

09-ноябрь 2019, 17:08 Айдар Нуралиев

Кара күчтөр, арбактар, үй ээси, рухтар, албарсты, басырык – булардын баары жиндер ааламы катары саналат. Бул аалам ар кандай сырлары менен адам баласын кызыктырып келген. Алтургай айрым учурларда азыткы азгырып, жаш балдарды уурдап кеткен (!) деген маалыматтар эл оозунда айтылып калган учурлар кездешет. Бул кандай аалам? Эмне себептен адам баласына кол салат? Себеби эмнеде? Ушул суроолорго төмөнкү макалада жооп ...

0 811

Дүйнөнүн ири мегаполисинде "Киргизия" бар экендигин билчү белеңиз?

09-ноябрь 2019, 17:07 Аман Аскаров

Москвада “Киргизия” кинотеатры бар экендигин ал жердеги эмгек мигранттары жана мурдагы муундун өкүлдөрү эле билсе керек. Кийинки муун үчүн бул өтө чоң жаңылыкпы деп турабыз. Ооба, дүйнөнүн ири мегаполиси болгон Москва шаарында  Кыргызстандын бир чакан бурчу бар. Шаар бийлиги анын имаратын жаңылоонун үстүндө иш алып барып жаткан. Эми анын ачылышы 2020-жылга белгиленгендиги маалым болуп турат. Жаңыланган соода, эс алуучу ...

0 445

Жагымдуу кабар! Кыргыз футболчулары Араб Эмирлигин жеңди

09-ноябрь 2019, 16:29 Аман Аскаров

19 жашка чейинкилер арасында Кыргызстандын футбол боюнча курама командасы 2020-жылы өтө турган Азия чемпионатындагы тандоо турниринде  Бириккен Араб Эмирлигин утту. Ал турнир ушул тапта Иранда өтүүдө. Биринчи оюнда биздин курама Иранга 0:3 эсебинде утулса, Араб Эмирлигин 2:0 эсебинде утту. БАЭ дарбазасына голду Эмир Шыгайбаев (39-мүнөттө) жана Рыскелди Артыкбаев (45-мүнөттө) киргизген. Чечүүчү оюн эртең 10-ноябрда өтөт. Анда Кыргызстан Непал менен ...

0 633

ФОТО - "Сексалю" атыккан Тазабек Икрамов саясаттан машыктыруучулукка оойбу?

09-ноябрь 2019, 16:34 Аман Аскаров

Кадимки эле «Сексалю» атына конгон Тазабек Икрамов деген депутат бар. Чындыгында көп учурда бөтөн сөздөргө тили келе бербейт. Анысын айрымдары “чулдурлук таланты бар” – деп жүрүштү. Өзү деле бир ыңгайсыз жагдайларга көп кабыла бермей жайы бар. Бирок, саясатың курусун, жакында Грузияда ардагерлер арасында күрөш боюнча дүйнө чемпионатында Кыргызстандын намысына жарап бергендигин эч ким тана албайт. Эми ал бул арада өзүнүн ...

0 420

Курманбек Бакиевдин ысымы айылдын көчөсүнө ыйгарылды

09-ноябрь 2019, 15:17 Аман Аскаров

Кыргызстандын мурдагы президенти Курманбек Бакиевдин ысымы Ноокен районундагы Рахманжан айылынын көчөлөрүнүн бирине ыйгарылды. Мындай маалыматты айыл башчысы дагы ырастады. Анын айтымында мындай демилге жергиликтүү тургундар тарабынан көтөрүлгөн. Бирок, ал айылдык кеңештин чечими менен азырынча тааныша электигин билдирген. Булак: NazarNews.kg  

0 368

Адам ысымы - бул тагдыр. Маңкурт, Чомотой, Үлүл, Балтажутар...

09-ноябрь 2019, 15:04 Айдар Нуралиев

Макалада адам ысымдарынын коюлушу, ага маани берүү, жоопкерчилик менен мамиле жасоо керектиги, ысым адамдын тагдырына байланыштуу боло тургандыгы иликтенет, - деп жазып чыкты "Шамбала" гезити. Негизги сөздөр: адам, ысым, ат, тагдыр, улут, коом, келечек. Байыркы Орхон-Энисай таш эстеликтериндеги Гүл тегинге арналган чоң жазууда мындай бир окуя сүрөттөлгөн. Бир кезде түрктөрдүн мамлекети кыйрап, эли-журту, кытайлардын ээлигине өтүп, кыздары күң, уулдары ...

0 2657

Өмүрбек Текебаевди кайра камалат дешти. Түлөөнү бекер эле бергенби?

09-ноябрь 2019, 14:55 Аман Аскаров

Эсиңиздерде болсо «Ата Мекен» партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев жана экс-элчи Дүйшөнкул Чотонов август айынын соңунда Бишкектин Биринчи Май райондук сотунун чечими менен “Маевскийдин иши” боюнча үй камагына чыгарылган. Андан кийин Өмүрбек мырза далай жерге барды. Аттуу-баштуулардын төрүндө конок болду. Айрым чиновниктердин тоюнда дагы жүрдү. Боштондукка чыгышы менен түлөө дагы берди. Кыскасы, “чартаңбай тепти”. Албетте, “Маевскийдин иши” башынан эле бир ...

0 1226

“Антошкадагы” 3 жолу жарылуу тууралуу күбө жашыруун айтып берди

09-ноябрь 2019, 15:38 Айдар Нуралиев

Кечээ, 8-ноябрда Бишкектин Чүй проспектиси менен Эркиндик бульварынын кесилишинде жайгашкан “Антошка” тез татым кафеси жарылып, өрттөнүп кеткен. Кырсыктан 15 адам жабыркаган, алардын жетөөсү кичинекей балдар. Ошондой эле, окуя болгон жерде кафенин бир кызматкери каза болгон. "Антошка" кафесинин маңдайында жайгашкан "Ала-Тоо" кинотеатрынын аты-жөнү жашыруун болуусун каалаган кызматкери NazarNews.kg агенттигинин кабарчысы, Дилде Шатановага көргөндөрүн төмөнкүчө айтып берди: "Мен кечээ жумушта болчумун, түштөрдө ...

0 162

Алмаматов дагы деле кармала элек

09-ноябрь 2019, 14:27 Айдар Нуралиев

Ири өлчөмдөгү пара менен кармалып соттолгон Транспорт каражаттарын жана айдоочулар курамын каттоо боюнча Бишкек шаардык бөлүмүнүн мурдагы жетекчиси Насирбек Алмаматов дагы деле кармала элек. Муну жергиликтүү басылмалардын бирине Бишкек шаарынын Октябрь РИИБинин маалымат кызматкери Айбарчын Батырбекова билдирди. Анын маалыматы боюнча, учурда Алмаматовду издөө иштери Кыргызстандын аймагында жүрүп жатат. Белгилей кетсек, ушул жылдын март айында Транспорт каражаттарын жана айдоочулар курамын ...

0 2880

ВИДЕО - Уят сөздөр бар! Көрсөң эми бооруң эзилет. Аюу аңчылардын унаасын...

Видео 09-ноябрь 2019, 14:20 Аман Аскаров

Ар бир эркек өмүрүндө балык уулоого же аңчылыкка чыкса керек. Албетте, андай “иш чарага” баргандар чоң олжо менен кайткылары келет эмеспи. Кээде күтүлбөгөн кырдаал дагы жаралышы толук мүмкүн. Жашоо ошону менен кызыктуу балким. Төмөндөгү видеонун каармандары дагы аң уулоого чыккандыр. Бирок, алардын планын күтүлбөгөн жерден пайда болгон аюу бузуп койгон сымал. Кыскасы, тасманы көргөнү дагы көрбөгөнү дагы арманда. Булак: ...

0 159

Жарды ой же жаттама билим

09-ноябрь 2019, 14:07 Айдар Нуралиев

Нурболот Азаматов аттуу студент Фейсбуктагы жеке баракчасына билим берүү тууралуу өзүнүн оюн жазган. Ал “балдардын канаттарын кыркууга, чектөөгө, кыйнап эле бир калыпка сала берүүгө жол бербесек” деген оюн билдирген. Жаңычылдыкты каалаган, билим берүүнү жакшыртууга аракет кылган, балдарды тарбиялоодо башка жолду колдонуу керектиги тууралуу анын жазгандары толугу менен төмөндө: “Студент болгонума толук эки ай болду. Ушул убакыт ичинде бир нерсени ...

09-ноябрь 2019, 14:07 | 159
0 193

ВИДЕО - "Антошкадагы" жабыркагандарды алгач милиция куткара баштаган

Видео 09-ноябрь 2019, 13:47 Аман Аскаров

Коомдо кимди көп сындайбыз? Милицияны албетте. Жада калса “менин милициям мени коргойбу же кордойбу” – деген сөз дагы чыгарып алганбыз. Туура, сындай турган жагдайлар көп. Бирок, алардын эрдиги дагы көмүскөдө калбашы зарыл. Айтканыбыз, кечээ Бишкектин чок ортосунда “Антошка” тез татымында газ баллондор жарылып, ондогон адам жабыркап, тилекке каршы ал тез татымдын бир кызматкери каза болду. Дал ошол аймакта нөөмөттө турган ...

0 144

Волочкова  имиджин өзгөрттү

09-ноябрь 2019, 13:09 Айдар Нуралиев

Орусиялык белгилүү актриса, балерина Анастасия Волочкова өзүнүн Инстаграмм баракчасына тармал чачтарынан арылып, жаңы стили менен жылуу свитер кийип түшкөн сүрөтүн жүктөгөн. “Менин жаңылануум кандай экен?..” –деп суроо салган балерина. Анын айтымында, сырткы көрүнүшүн стилист Павел Назаров менен сүрөтчү Андрей Бацуев иштеп чыгышкан. Волочкованын баракчасындагы катталуучулары аны мактап жатышат. Булак: NazarNews.kg

09-ноябрь 2019, 13:09 | 144
0 314

“Антошканын” арендатору кармалды

09-ноябрь 2019, 12:32 Айдар Нуралиев

Бишкек милициясы тарабынан “Антошка” кафесинин арендатору кармалды. Бул тууралуу борбор шаардын ИИББинин басма сөз кызматы кабарлады. Маалыматка караганда, Бишкек ШИИББинин тергөө кызматы тарабынан тергөө иштерин жүргүзүү учурунда 1963-жылы туулган К.А. аттуу “Антошка” кафесинин арендатору кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Учурда сот чейинки өндүрүштүн алкагында иликтөө иштери жүрүп жатат. Тиешелүү соттук жана өрт-техникалык экспертизалар дайындалган. Булак: NazarNews.kg

0 711

ВИДЕО - Нааразы эл шаар башчысын жазалады

Видео 09-ноябрь 2019, 13:08 Аман Аскаров

Мэрди иштеп жаткан кабинетинен көчөгө сүйрөп чыгып, андан кийин аны мазакташкан. Алгач аял мэрди кызыл боёкко боёшуп, андан кийин чачын кыркып салышкан. Бул окуя Голливуд тасмаларындагы кино сценарий эмес. Кадимки эле Түштүк Американын Боливия өлкөсүндө болгон жагдай. Андагы Винта шаарында бир топ күн бою шаар бийлигине нааразы эл митингге чыккан. Митингчилердин арасынан үч адам каза болду деген кабарды уккан нааразы ...

Жарнама үчүн орун!
600 x 50
0 259

Дрондун айынан аэропорт бир сааттан ашык ишин токтотту

09-ноябрь 2019, 12:14 Айдар Нуралиев

Учуп-конуу тилкесинде учууга даярданып жаткан учактар бир сааттан ашык токтоп калышты. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты. Япониянын Кансай аэропорту бүгүн эртең  менен,   дрондун айынан бир сааттан ашык ишин токтотту. Буга аэропорттун жанында дрондун учуп жүргөнүн аэропорттун кызматкери  байкап калганы себеп болгон. Бул бир нече авиарейстердин токтошуна алып келди. Аэропорт толук текшерүүдөн өткөнгө чейин, 27 рейсти башка аэропортко ...

0 273

Асыл таштар ден соолукка кам көрөт. Алмаз, топаз, янтарь, малахит...

09-ноябрь 2019, 12:32 Айдар Нуралиев

Агат – калкан бездин иштешин жакшыртат. Дем алуу, тамак сиңирүү органдарындагы вирустарды өлтүрүп жок кылат жана жүрөк, кан-тамыр, муун системаларын калыпка келтирет. Жөтөлгө да пайдасы зор. Радиациядан эң мыкты коргойт. Алмаз – зат алмашууну, мээдеги кан айланууну калыпка салат. Дене табын түшүрүү касиетине ээ, ошондой эле алсыздануудан, чарчап-чаалыгуудан арылтат. Бирюза – эң күчтүү табигый таш болуп эсептелет. Анткени ал ...

0 158

Мыйзамсыз балык уулаган браконьер кармалды

09-ноябрь 2019, 12:03 Айдар Нуралиев

“Ысык-Көл” мамлекеттик жаратылыш коругунун кызматкерлери мыйзамсыз балык уулап жаткан жаранды кармашты. Мыйзамсыз балык уулоо өзгөчө корголуучу “Ысык-Көл” жаратылыш коругунун аймагында жүргүзүлгөн. Бул тууралуу өкмөткө караштуу курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттиги билдирди. Маалыматка караганда, кармалган жаран Ысык-Көл облусунун Түп районунун Түп айылынын тургуну С. А. болуп чыкты. Кармаганда анын жанынан 8 даана сиг-лудога балыгы чыккан. Бул ...

0 87

«Каникул» рейди өткөрүлдү

09-ноябрь 2019, 11:53 Айдар Нуралиев

Сузак РИИБнин демилгеси менен азыркы эс алуу учурунда жаш өспүрүмдордүн арасында кылмыштуулуктун алдын алуу жана болтурбоо максатында 7-8-ноябрь күндөрү атайын профилактикалык «Каникул» рейди өткөрүлдү. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБнин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка караганда, рейддин жүрүшүндө атайын каттоодо турган жана соода тармагында эмгектенип жаткан жаш өспүрүмдөр, алардын ата-энелери менен жолугушуулар уюштурулду. Алардын каникул мезгилиндеги абалы жана эс алуу күндөрүн ...

09-ноябрь 2019, 11:53 | 87
1 877

Депутат Айнура Осмонова агасы Бекмамат Осмоновду тартканбы?

09-ноябрь 2019, 11:56 Аман Аскаров

Айтылуу Бекмамат Осмонов убагында Алайда, Ошто, Токтогулда, Жалал-Абдда ж.б. аймактарда жетекчилик кызматтарды аркалап жүрүп, эл арасында чоң кадыр-баркка ээ болгон. Бир кездерде Акаев гана анын ишмердүүлүгүнө бут тосуп койбосо, болочокто өлкө башчысы болмок. Анын карындашы (бир тууганынын кызы) Айнура Осмонова. Жогорку Кеңештин депутаты. Бул айым дагы агасын тартканбы, айтор кийинки учурда эл оозунан түшпөй калды. Парламенттин жалпы жыйынында, комитет, фракция чогулуштарында ...

0 4200

ФОТО - Жээнбековдун бул кылгандыгы туурабы эми?

09-ноябрь 2019, 13:44 Аман Аскаров

Бир кездерде бакыйган Жалал-Абад облусунун губернатору, андан мурун дагы, андан кийин дагы далай жооптуу кызматтарды ээлеп жүргөн Жусупжан Жээнбеков деген агабыз бар. Ишинде бир кынтыгын уккан дагы, көргөн дагы эмеспиз. Бирок, анын Фейсбук баракчасындагы акыркы посту бир аз бүдөмүк ойго жем таштады. Анын жазганына караганда, Россияга кайсыл бир үчүнчү тараптан кол салуу болсо, анда мурдагы СССР өлкөлөрүнө кирген мамлекеттердин 60 пайыз ...

0 149

Илбирстерди саноонун жаңы ыкмасы иштелип чыкты

09-ноябрь 2019, 10:49 Айдар Нуралиев

Бул методология илбирс байырлаган 12 өлкөнүн 20дан ашуун курчап турган чөйрөнү коргоо боюнча уюмдарынын адистери, илимпоздору, саясатчылары тарабынан иштелип чыкты. Мунун негизинде Кыргызстандын тоолуу аймактарында байырлаган Ак илбирстин саны боюнча илимий негизделген так маалыматты алууга мүмкүндүк түзүлдү. Бул тууралуу өкмөткө караштуу курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттиги билдирди. Маалыматка караганда, учурда жаңы методология Мамлекеттик агенттиктин жетекчилигинин ...

0 3625

ФОТО - Максим абактагы досу Сапарга кат жазгандыгы ачыкталды

09-ноябрь 2019, 10:24 Аман Аскаров

Коом саясатташып кетти. Кайда барба, эки адамдын башы бириксе эле кеп кылганы саясат. Бири экинчисин “шыбап” кетиптир, экинчиси үчүнчүсүн муштап салыптыр дегендер. Бирок, күнүмдүк тиричиликте кызыктуу окуялар андан көп. Жогорудагы окуучунун үй тапшырмасы мындай алып караганда жөп-жөнөкөй эле билим тармагындагы күнүмдүк боло турган иш. Бирок, социалдык тармакта тараган бул дил баянды дагы айрымдары саясатка аралаштыргандар болду. Себеби, Сапар Исаков ...

0 195

Түштүк Корея 16 кишини өлтүрдү деп шектелген Түндүк Кореянын эки жаранын өткөрүп берди

08-ноябрь 2019, 17:30 Айдар Нуралиев

Түштүк Корея Япон деңизинде 16 кишини өлтүрдү деп шектелген эки балыкчыны Түндүк Кореяга өткөрүп берди.  Бул тууралуу чет элдик маалымат каражаттары жазып чыкты. Маалыматка караганда, 20 жаштардагы эки кылмышкер кечээ өз өлкөсүнө депортация кылынды. Түштүк Корея кылмышкер качкындарды биринчи жолу экинчи өлкөгө өткөрүп берди. Кореяны кайра бириктирүү боюнча министрлик аларды эл аралык мыйзамдын негизинде жооп бериши керек экендигин жана ...

0 254

ВИДЕО - Мэрия жана Бишкекбашкыархитектуранын "чудик" кызматкерлеринин кылыгы

Видео 08-ноябрь 2019, 17:33 Аман Аскаров

Бишкек шаардык мэриясында “чудиктер” иштейт. Же ошондой ой калтырат. Баарыбыз билгендей, калаанын түштүк аймагы тимеле көрктөндүрүлүп, жолдору мемиреп жаңы курулуп жатат. Кыскача айтканда, өнүккөн аймактардын сап башына кирди. Эмнеге? Себеби ал жак шаардын, мамлекеттин жетекчилери байырлаган жерге айланган. Хан сарайлар жыл эмес, күн санап жамгырдан кийинки козу карындай пайда болууда. Мейли эми анысы, жашап алышсын ...

0 369

Милиция: “Антошка” кафесинде эки газ баллон жарылган

08-ноябрь 2019, 16:47 Айдар Нуралиев

“Антошка” кафесинде эки газ баллон жарылган. Бул тууралуу Бишкек ШИИББинен билдиришти. Маалыматка караганда, бүгүн болжол менен саат 13:45 чамасында патрулдук кызматтын кызматкерлери “Ала-Тоо” кинотеатрынын жанында жарылууну жана ага удаа өрт чыкканын көрүшкөн. Кызматкерлер ошол замат жарандардын коопсуздугун камсыз кылууга байланыштуу тиешелүү аракеттерди көрүшкөн. Кафенин кардарларын эвакуация кылууну уюштуруп, өрт чыккан жер курчалган. Учурда окуя болгон жерде Биринчи Май РИИБинин ...

0 561

Камчыбек Ташиев депутат Бактыбек Раимкуловду "бойго" чакырды

08-ноябрь 2019, 16:53 Аман Аскаров

Келээрки жылдын эң маанилүү саясий таймашы али алдыда. 2015-жылкы парламенттик шайлоодо куда түшкөн, бири-бири менен үлпөт үйүнө аттанган саясий күчтөр арбын болгон. Ал союздан өздөрүнө парламенттен орун кымтып кеткен жан бактылар дагы далай чыккан. Алардын бири учурдагы “Республика - Ата Журт” фракциясынан депутат Бактыбек Райымкулов. Ал убагында дал ушул жаңы курулган “үй-бүлөнүн” жардамы менен жылуу креслодон орун ...

0 298

Өкмөт башчы өрттүн себебин тыкыр изилдөөгө тапшырма берди

08-ноябрь 2019, 15:46 Айдар Нуралиев

Кыргыз Республикасынын премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев Саламаттык сактоо министрлигине бүгүн Бишкек шаарында кафеде чыккан өрттүн кесепетинен жабыркагандарга тиешелүү медициналык жардам көрсөтүү жана дарылоо боюнча чараларды көрүүнү тапшырды. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирди. Маалыматка караганда, өкмөт башчы тиешелүү мамлекеттик органдарга Чүй проспектиси менен Эркиндик бульварынын кесилишиндеги жарылуунун жана андан улам тез татым жайынын өрттөнүүсүнүн себептерин тыкыр иликтеп чыгуу ...

0 234

Финпол сап башында, милиция эң артында

08-ноябрь 2019, 15:48 Аман Аскаров

Президент Сооронбай Жээнбеков коррупция менен катуу күрөшөбүз деп жар салган. Ал үчүн атайын укук коргоо органдарынын бирдиктүү депозиттик эсеби дагы ачылган. Ал эсепке канча каражат түшкөнүн билесизби? Билбесеңиз анда маалымат үчүн окуп койсоңуз болот. Жалпысынан 2018-жылдын 2-июлунан 2019-жылдын 25-октябрына чейин андай иш чарадан 1 миллиард 700 миллион сомго жакын акча топтолгон. Тактап айтсак, ал ...

0 290

ВИДЕО - Француз-украин футбол фанаттарынын ортосунда мушташ чыкты

Видео 08-ноябрь 2019, 15:38 Айдар Нуралиев

 Украинанын Львов шаарында француздар менен украин фанаттарынын ортосунда  массалык мушташ болду. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жарыялашты. 7-ноябрь күнү кечки саат 10до Львов шаарында «Александрия» жана «Сент-Этьен» командаларынын беттеши өтмөк. Анын алдында, тактап айтканда 6-ноябрь күнү кечинде  100дөн ашык футбол фанаттарынын ортосунда  уруш чыккан. Фанаттар бөтөлкө ыргытып, айнектерди сындырышкан. Натыйжада 2 полиция кызматкери оор жаракат алган. 12 кишини кармалып, ...

0 971

ИГИЛ өспүрүмдөр үчүн тиркемеге өлүктөрдү сүйрөп жүргөн видеолорду жарыялаган

08-ноябрь 2019, 15:09 Айдар Нуралиев

TikTok тармагына көчөдө өлүктөрдү сүйрөп жүргөн видеолор жарыяланып кеткен. TikTok социалдык тармагынын тиркемеси Ислам мамлекетинин пропагандалык видеороликтерин жарыялаган колдонуучуларды өчүргөн. Аталган социалдык тармактын дүйнө жүзүндө 500 миллиондой колдонуучусу бар. TikTok платформасы колдонуучуларга 15 секундалык видеороликтерди түзүүгө жана бөлүшүүгө мүмкүнчүлүк берет. Бул тиркеме айрыкча өспүрүмдөр арасында популярдуу. Террордук уюмдардын мындай видеолорду таркатышы биринчи жолу болуп жаткан жок. Буга чейин да ...

Жарнама үчүн орун!
600 x 50
0 458

Жарылуу болгон "Антошка" тез татымынын кызматкери каза болду

08-ноябрь 2019, 15:06 Аман Аскаров

Бишкек шаарынын Чүй проспектиси жана Эркиндик бульварынын кесилишиндеги “Антошка” тез татымынан 3 катуу жарылуу болгон. Саат 14:39да өрт толугу менен өчүрүлгөн. Алдын ала мааылматтарга караганда, саат 14:50дө тез татымда иштеген кыз жарылуунун кесепетинен каза болгон. Акыркы маалыматтарга караганда, 15 киши күйүктөн жабыркаган, арасында 3 бала да бар. Ал эми өрттүн келип чыгуу себеби - имараттагы ...

0 843

ВИДЕО-ЧУКУЛ КАБАР! Бишкектеги жарылган кафенин алгачкы видеосу

Видео 08-ноябрь 2019, 14:57 Аман Аскаров

Бишкек шаарынын Чүй проспектиси жана Эркиндик бульварынын кесилишиндеги “Антошка” тез татымындагы алгачкы жарылуунун видеосу тарады. Өрттөн мурун катуу бир жарылуу, көп өтпөй дагы экинчи жарылуу болгон. Кырсык болжолдуу түрдө бүгүн 13:00-14:00 ортосунда болгон. Өрт башка имараттарга дагы жайылууда. Учурда окуя болгон жерде бир нече өрт өчүргүч унаа иштөөдө. Акыркы маалыматтарга караганда, 15 киши күйүктөн жабыркаган. Ал ...

0 1266

ВИДЕО - ЧУКУЛ КАБАР! Бишкектин чок ортосунда жарылуу болуп, белгилүү тамактануучу жай өрттөнүп жатат

Видео 08-ноябрь 2019, 14:56 Аман Аскаров

Бишкек шаарынын Чүй проспектиси жана Эркиндик бульварынын кесилишиндеги “Антошка” тез татымы күйүп жатат. Өрттөн мурун катуу жарылуу болгону белгилүү. Өрт башка имараттарга дагы жайылууда. Учурда окуя болгон жерде бир өрт өчүргүч унаа иштөөдө. Акыркы маалыматтарга караганда, 15 киши күйүктөн жабыркаган. Ал эми өрттүн келип чыгуу себеби азырынча белгисиз. Булак: NazarNews.kg

0 646

Альбина Имашова, актриса: “Артисттерге карата элдин көз карашы  өзгөрдү”

08-ноябрь 2019, 13:58 Айдар Нуралиев

Театр жана кино жылдызы Альбина Имашованын  кыргыз киносундагы чыгармачылыгы ташкындап турган убагы, ал өзгөчө  тастаңдаган тың жеңелердин образын ийине жеткире  аткарган ролдору менен элибиздин купулуна толуп келет.  NazarNews актриса менен азын-оолак маек курду. - Саламатсызбы, жакында эле Бишкек шаардык кеңешинин Ардак громатасы менен сыйландыңыз, сурайын дегеним, эмгекти баалоо чыгармачылыкты шыктандырабы? - Саламатсыздарбы, маданият күнүнө карата Бишкек шаардык кеңеши Ардак ...

0 763

4 жылдан бери шаурма жасаган ашпозчу өзүнүн иштеген жеринин былыктарын айтты

08-ноябрь 2019, 13:10 Айдар Нуралиев

Onliner  YouTube программасына келген ашпозчу бет кап кийип алып иштеген жеринде  кандай былыктар болоорун ачык айтып берди. Ал өз сөзүндө буларга токтолду: “шаурма жасаган жерлердин көпчүлүгү  санитардык талаптарга жооп бербейт. Мен бул жумушка 1 жыл иштегенден кийин, санитардык китепчемди алганмын. Азыркы учурда баардык нерсени акча чечип калган. Көпчүлүк шаурма жасаган жерлерде 3 киши эле иштейт, алар көп нерсеге үлгүрүшпөйт, ...

0 219

ВИДЕО - Бизге жакшылык дагы жарашпайт. Ээнбаштардын кылыгы

Видео 08-ноябрь 2019, 13:16 Аман Аскаров

Жазында шаарды көрктөндүрөбүз деп “Бишкек жашылдандыруу” муниципалдык ишканасы бир топ эле аракет көрдү эле. Шаар үчүн деп эскилиги жетип, кыйылган дарактардан татынакай отургучтар калаанын бир нече жерине орнотулган. Чындыгында идея жакшы эле, үмүт дагы жакшы болчу. Эми ал үмүттү таш каап отурат. 7-ноябрь күнү Кыргыз техникалык университетинин жанына орнотулган андай отуручтарды талкалап, бузуп кетишиптир. Бул ...

0 230

Жалал-Абад шаарынын окуучулары эл аралык олимпиададан байгелүү кайтышты

08-ноябрь 2019, 16:35 Айдар Нуралиев

Түркиянын Анталья шаарында 2019-жылдын 27-октябрынан 4-ноябрына чейин болуп өткөн XI эл аралык предметтик олимпиадага Жалал-Абад шаарынын М. Бабкин атындагы №1 мектеп-гимназиясынын 10 окуучусу катышып келишти. Бул тууралуу Билим берүү жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун Жалал-Абад шаардык комитетинин жаштар кеңешинин төрагасы Максат Мамасыдыков билдирди. Маалыматка караганда, окуучулар 9 предмет боюнча күч сынашты. 1. Биология 2. Орус тили жана адабияты 3. Математика

0 126

Эң атактуу теке өлүп калды. Эми ага эстелик тургузулмакчы

08-ноябрь 2019, 12:10 Айдар Нуралиев

2015-жылы Амур аттуу жолборс менен достошуп элге таанылган Орусиянын Приморск крайында жайгашкан сафари-парктагы Тимур аттуу теке каза болду. Анын жүрөгү кармап калган. Бул тууралуу аталган парктын сайты жазып чыкты. Маалыматка караганда, Тимур 5-ноябрда Тимур өлгөн. Текени баккан парктын кызматкери Эльвира Головинанын айтымында, Тимурдун күл челеги артыкчылык менен жерге коюлат. Кийин ошол жерге Тимурдун колодон жасалган скульптурасы жасалат. Эске салсак, ...

0 975

Кудайдын белегиби? Африкага барган кечил аялдар кош бойлуу болуп кайтышкан

08-ноябрь 2019, 11:59 Айдар Нуралиев

Италиялык эки кечил аял Африкадан кош бойлуу болуп кайтышты. Бул тууралуу дүйнөлүк басылмалар жазып чыгышты. Маалыматтарга караганда, Рим католик чиркөөсү Африкадагы миссионердик сапардан эки кечил аялдын кош бойлуу болуп келгени боюнча өзгөчө окуяны иликтеп баштады. Күнөө кылган аялдар Сицилияда кызмат кылышат, алардын бири бузулган аялдарга жана алардын балдарына жардам берген коомдук институтта иштейт. 34 жаштагы кечил аял ичи ооруганынан ...

0 135

ФОТО - Министрликтердин "иштеп жатат" - деген эле сүрү бар

08-ноябрь 2019, 11:56 Аман Аскаров

Министрлик, ведомстволор, мамлекеттик ишкана-мекемелер иштебейт, иштеген түр көрсөтөт десек таарынгандар көп. Бирок, эл үнүн тиешелүү жерге жеткирүү биздин, журналисттердин милдети. Төмөндө ушундай көйгөйү менен жардам сурап, чечилбей жаткан маселесин социалдык тармактарга жайгаштырган жарандын билдирүүсү. Ал билдирүү эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигине багытталган. Негизи анын жетекчиси Улукбек Кочкоров. Ага бул жарандын көйгөйү жетеби же жокпу? Убакыт көрсөтөт.

0 429

 “Манас” аэропортунда мас кыздар учакты 1 сааттан ашык кармашты

08-ноябрь 2019, 11:36 Айдар Нуралиев

Кечээ, 7-ноябрда “Манас” эл аралык аэропортунда Бишкек-Стамбул каттамы бир сааттан ашык учпай кармалды. Бул кармалуунун себеби, мас абалындагы жүргүнчүлөрдү рейстен алып салуу болгон. Бул тууралуу “Манас” ААКынын басма сөз кызматынан билдиришти. Белгилүү болгондой, лайнер учууга даярданып жатканда, аба кемесинин командири рейстен эки жүргүнчү алынып салууну чечти. Мас кыздар аэропорттогу милиция кызматкерлери тарабынан учактан түшүрүлгөн. Учак 7:00дө учуп кетмек,  бирок  ...

0 157

Дрондор дары-дармек ташып башташты

08-ноябрь 2019, 11:28 Айдар Нуралиев

Дрондор тапшыртма берген кардарлардын үйүнө дары-дармек жеткирип бере баштады. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты. АКШда тапшырыктарды аба аркылуу жеткирип берүү башталды. Түндүк Каролинада биринчи жолу дрондун жардамы менен жеткирип берүү иши сынактан өткөрүлдү. Анда дарыканага тапшырык берген кардардын үйүнө учкучу жок эле жеткирилген дары 6 метр бийиктиктен үйдүн алдындагы газонго түшүрүлдү. Тажрыйба ийгиликтүү аяктап, кардар товарларын өз ...

0 674

Чет элдик унааларга жаңы бажы төлөмү кирбей калышы мүмкүн

08-ноябрь 2019, 11:01 Аман Аскаров

19-ноябрда Москва шаарында Евразиялык экономикалык комиссиянын жыйыны болот. Анда, кыргыз тарап үчүнчү өлкөлөрдөн келген унааларга (иномарка) болгон бажы салыгынын жеңилдиктеринин мөөнөтүн узартуу боюнча маселе көтөрө турган болуптур. Чечим коллегиалдуу болот. Айтсак, 2020-жылдын 1-январынан тартып чет элден ташылып келген унаалар үчүн ЕАЭБдин эрежелери күчүнө кирип, бажы төлөмдөрү асманды чапчып, жарандарыбыз коопсуз немец, япон унааларынан ...

0 1059

ВИДЕО - Уят сөздөр бар! Эмгек мигранты кар тазалоочу унаанын алдынан жан берди

Видео 08-ноябрь 2019, 11:14 Аман Аскаров

“Кырсык каш кабактын ортосунда”. Бирок, көп учурда кырсыкка адамдар дагы күнөөлүү. Жогорудагы видео Россиянын Сургут шаарында орун алган. Айдоочу дагы, каза болгон адам дагы эмгек мигранттары. Тажикстандан келип, ушул шаарда эмгектенип келишкен. Айдоочу кар тазалап иштеп жатканын жакшы баамдаган аял эмнеге техникадан коопсуз аралыкта болгон жок деген суроо туулат. Кайра туруп айдоочу эмнеге артка айдаганда артында эч ким жок ...

0 78

Кыргызстандын эл аралык резерви 2.2 млрд долларга бааланууда

08-ноябрь 2019, 10:44 Айдар Нуралиев

2019-жылдын акыркы 10 айында Кыргызстандын эл аралык ички резерви 2 млрд 294 млн 86 миңди түзгөн. Бул тууралуу Акчабар Улуттук банктын маалыматына шилтеме берип жазып чыкты. Улуттук банктын маалыматына ылайык, бир ай ичинде өлкөнүн резерви 9.13 млн долларга өскөн. Акыркы беш жыл ичинде (2014-жылдан тарта) 2019-жылдын август айынан сырткары (эл аралык резерв 2 млрд 335 млн 79 миң долларды ...

0 172

Бишкекте ооруган балдарга чогултулган миң доллардан ашык акча уурдалган

08-ноябрь 2019, 10:39 Бакыт Молдалиев

Кыргызстанда кайрымдуулук кутучаларынан акча урдаганга каршы “Үмүттү уурдаба” деген акция жүрүп жатат. Бул тууралуу уюштуруучулардын бири жана Help the children кайрымдуулук фондунун директору Елена Конева билдирди.  Фонд Кызыл жарым ай коому менен биргеликте флешмоб киргизди.  Коневанын айтымында, акыркы айларда кайрымдуулук кутучалардан миң доллардан ашык акча уурдалган.  “Бул акчалар онкологиялык оору менен жабыркаган балдарга арналган. Биз милицияга арыз жаздык. Уурулардын ...

Жарнама үчүн орун!
600 x 50
0 189

Бул адамдан жабыркасаңыз милицияга кайрылыңыз

08-ноябрь 2019, 10:40 Аман Аскаров

Бишкек шаардык милициясы тарабынан “ири өлчөмдөгү алдамчылык” беренеси боюнча изделип жүргөн жаран колго түшүрүлдү. Айтсак, Октябрь РИИБине 2019-жылдын 14-январында Б.Н. аттуу жаран арыз менен кайрылган. Анда ал Э.М. аттуу адам анын ишенимине кирип, Хонда Фит үлгүсүндөгү унаасын сатып алам деген шылтоо менен ушул күнгө чейин акчасын бербей, из жашырып жүргөн. Жабырлануучуга 5 миң АКШ долларында чыгып келтирилген. Аталган ...

0 353

ФОТО - Абайлагыла! Пенсионерди алдап, унаасына ээлик кылып алганбы?

08-ноябрь 2019, 09:54 Аман Аскаров

Фейсбуктун Шылуундар тайпасында Екатерина Великанова аттуу айым төмөндөгүдөй маанидеги билдирүү калтырган. Айтымында, бул айымдын эжеси пенсионер. 17-октябрь күнү ага таандык, мамлекеттик номуру 01KG213AFQ Honda Jazz унаасын Курбанбаев Белек аттуу адамга келишимдин негизинде ижарага берген. Бирок ушул күнгө чейин Белектен, унаадан, акчадан дагы дайын жок. Агасы анын үйүнө барганда ал жерде мындай адам жашабагандыгы маалым болгон. Кийин телефонун ...

Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83