www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Коом
0 776

Жол кырсыгына кабылган жаранды таанып-билүү мүмкүн болбой калган

30-октябрь 2019, 14:06 Аман Аскаров

Ош шаарында адам өмүрү кыйылган жол кырсыгы катталды. Окуя бүгүн, 30-октябрда эртең мененки саат 10дор чамасында Кулатов кичирайонунда болгон. Анда оор жүк ташуучу “ДАФ” үлгүсүндөгү унаа айланма жолдон бурулуп жатканда белгисиз жаранды коюп кеткен. Маркум ошол жерден эле жан берген. Анын өздүгүн аныктоо татаал болууда. Себеби, алган жаракаттарынан улам аны таанып-билүүгө мүмкүнчүлүк болбой жатат. Такталбаган маалыматтар боюнча көз жумган ...

0 111

Уулуу заттарды колдонуудагы коопсуздук эрежелери бекитилди

30-октябрь 2019, 13:32 Айдар Нуралиев

Кыргыз Республикасында таасири күчтүү уулуу заттарды колдонуудагы коопсуздук эрежелери бекитилди. Тийиштүү чечимге Кыргыз Республикасынын премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев кол койду. Өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирди. Маалыматка караганда, бул чечим Кыргыз Республикасында таасири күчтүү уулуу заттарды колдонууда коопсуздукту камсыз кылуу, авариялык кырдаалдардын тобокелчилигин төмөндөтүү, жарандардын өмүрүн жана ден соолугун сактоо максатында кабыл алынды. Бул коопсуздук эрежесин иштеп чыгууда Евразия экономикалык ...

0 152

"Жинди" Жириновский тартып алгыча Ысык-Көлдү элге ыраа көрүш керек

30-октябрь 2019, 13:36 Темирлан Келдибеков

“Ысык-Көл” биосфера аймагында суу чыгаруу жана тазалоо курулмалары жөнүндө” мыйзам долбооруна кошумча-алымчалар иштелип чыккан. Долбоор «Ысык-Көл» уникалдуу биосфера аймагын анын суу ресурстарына жана экосистемасына агып келип жаткан саркынды суулардын (анын ичинде калктуу конуштардын, рекреациялык объекттердин жана ар кандай чарбакер субъекттердин, анын ичинде коомдук тамактануу ишканаларынын жана автожуума жайлардын турмуш-тиричиликтик таза эмес сууларынын) терс таасиринен коргоого, Ысык-Көлдүн суусуна тикелей келүүчү ...

0 224

Кыргызстанда кыргоол, ондатра жана уларга  мергенчилик кылууга сезон ачылды

30-октябрь 2019, 12:43 Айдар Нуралиев

Кыргызстанда кыргоол, ондатра жана уларга мергенчилик кылууга жаңы сезон ачылды. Бул тууралуу Мамлекеттик айлана чөйрөнү коргоо жана токой чарба агенттигинин маалымат кызматы билдирди. Маалыматта мергенчилик кылууга канча башты кармоого же атууга уруксат берилгендиги белгиленген. Кыргоол – 4250 баш, улар -1200 баш, ондатра – 1500 баш атууга уруксат берилген. Бул иш чаранын негизги максаты, ресурстарды үнөмдүү колдонуу, туяктуу жапайы жандыктарды ...

0 254

Эмилбек Каптагаев: "Атамбаевге бийликти узурпациялоо айыбы тагылыш керек эле..."

30-октябрь 2019, 12:36 Айдар Нуралиев

- Жасалма, түшүнүктөрдү алмаштыруу, тема алмаштыруу... деген сыяктуу түшүнүк булар жалпы жонунан АФЕРАны туюндурат... Атамбаевдин тарапташтары да так ушундай нерселерге сагыздай эле жабышууну чечишкен окшойт. Негизи эч ким Бишкек ЖЭБди модернизациялоо зарылдыгын жокко чыгарбайт, эч ким "насыя каражаттарды алуу зарылчылыгы болгон эмес" деген жок. Алар өлкөгө керек болгон жана бул долбоор Акаев-Бакиев мезгилинен бери эле талкууланып келген, бирок анда сумма ...

0 209

Тажик журналисттери бийликке нааразы

30-октябрь 2019, 12:16 Айдар Нуралиев

Европада жашап жаткан тажик журналисттери Тажикстандын улуттук банкы аларды терроризмге байланыштуу адамдардын тизмесине киргизгенине түшүнбөй жатышат. Алардын ызылдаганына Тажикстандын бийлиги азырынча жооп бере элек. Тажикстандын улуттук банкы октябрь айынын ортосунда өзүнүн сайтына терроризмге байланышкан адамдардын кеңейтилген жаңы тизмесин жарыялаган. Ага жалпысынан бийлик террорчулукка катыштыгы бар жана аны каржылаган деп эсептеген 2400 адам кирген. Алардын арасында чет өлкөлөрдө жашап жаткан ...

0 558

Баткендеги 25 жаштагы жигитти өзүнүн мурдагы кайнатасы атып өлтүргөн

30-октябрь 2019, 12:32 Аман Аскаров

Үч күн мурун Баткен облусунун Лейлек районунун Бешкент айылында 25 жаштагы жергиликтүү тургун өз үйүнөн желкесине ок жеп,  көп узабай жан берген. Көрсө, бул кылмыш күнүмдүк турмуш-тиричиликке байланышкан окуялардан улам келип чыккан экен. Жергиликтүү тургундардын айтымында, маркум буга чейин бир турмуш көрүп, ал никесинен бир кыздуу болгон. Кийинчерээк өзү дагы бир ирет үйлөнгөн. Бирок, көнгөн адат калабы дегенби, мурдагы келинчегинин ...

0 197

Токтогулда майрамдык кичи футбол уюштурулду

30-октябрь 2019, 11:48 Айдар Нуралиев

1-ноябрь Кыргыз милициясынын 95 жылдык мааракесине карата милиция кызматкерлери тарабынан ар түрдүү иш-чаралар өткөрүлүп келүүдө.  Бул ирет Токтогул РИИБинин демилгеси менен “Тартип, тынчтык, ынтымак жана достук”  урааны алдында кичи футбол уюштурулду. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБнин басма сөз кызматы билдирди.  Маалыматка караганда, жалпы байге фонду 25 миң сомду түзгөн бул оюнга райондо жайгашкан жергиликтүү 12 мекеме-ишканалар арасында командалар ...

0 1331

ВИДЕО - Кандуу беттеш. Каршылашынын бетин трактор тебелеп кеткендей болду

Видео 30-октябрь 2019, 11:47 Аман Аскаров

212 килограммдык “Папа” каймана аттуу мушкер Денис Вильданов алгачкы жолу ММАда беттеш өткөрүп, анда каршылашын ийгиликтүү жеңип алды. Атаандашы болгону 146 кг салмактагы Арнольд Величко болгон. Экөөнү октагондо көргөндөр Величкону айнып калган мушкердей эле көрүштү. Себеби, каршылаштардын айырмасы көзгө урунуп эле тургандай. Бирок канткен күндө дагы өгүздөй болгон Денис Вильдановго каршы чыккан Арнольд Величконун эркине баа берүү керек. Беттеш көпчүлүк күткөндөй эле ...

0 1410

Жылдыз Жолдошева: "Коррупционерлерди каматпай, кустуруш керек"

30-октябрь 2019, 11:25 Айдар Нуралиев

Экс-депутат Жылдыз Жолдошева азыркы убактагы коррупционерлердин акча төлөө менен жазадан кутулуп жатканы тууралуу "Майдан.kg" гезитине маек куруп берди. - Жылдыз эже, Унааларды каттоо жана айдоочулукка күбөлүк берүү департаментинин Бишкектеги башкармалыгынын башчысы Насирбек Алмаматов ири суммадагы пара алганы үчүн 12 жарым жылга кесилип, бирок 3 миллион 300 миң сом айып пул төлөгөнү үчүн эркиндикке чыкканы маалым болду. Коррупционерлер айып төлөсө ...

0 256

Карыздарды төлөөнүн негизги көлөмү 2025-жылга, эң көп төлөө 2028-жылга туш келет

30-октябрь 2019, 11:03 Темирлан Келдибеков

 Каржы министри Бактыгүл Жээнбаева мамлекеттин тышкы карызын төлөөнүн негизги көлөмү 2025-жылга жана анын эӊ жогорку чеги 2028-жылга туш болоорун маалымдады. Экономика министри Санжар Муканбетов "бүгүнкү күндө ИДПга карата өлкө карызынын деӊгээли 48%ды түзөт. Бул көрсөткүч 80%га жетсе өтө кооптуу деп эсептелет", -деп кошумчалады. Биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов Кыргызстан тышкы карыздарын жерлери менен төлөбөстүгүн ишендирип өттү. «КР Өкмөтү бул маселе боюнча ...

0 1915

ФОТО - Өмүрүңдө көрбөгөн кадрлар. Токтогул ГЭСине турбиналар ракета ташуучу унаалар менен алынып келген

30-октябрь 2019, 10:54 Аман Аскаров

Кыргыз энергетикасынын жүрөгү Токтогул ГЭСи. Убагында чоң эмгек менен курулган. Бардык союздук өлкөлөрдүн катышуусу менен ишке берилген Кыргызстандагы бирден-бир эң ири объект. Ал эми андагы жабдыктар ГЭСке кандай ташылып келип, орнотулган билесиздерби? Ал жабдыктарды алып келүүдөгү сейрек кездешүүчү сүрөттөр менен  Александр Федотов өзүнүн Фейсбуктагы баракчасында бөлүшкөн. Эми жабдыктардын алынып келүү жолуна токтололук. ГЭСтин турбиналары Украинанын Харьков шаарынан “Руслан” учагы, ...

0 121

Соттор да футбол ойной алышат

30-октябрь 2019, 10:41 Айдар Нуралиев

2019-жылдын 28-октябрында Бишкек шаарында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиги тарабынан “Тамекисиз спорт” урааны алдында Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын кызматкерлеринин арасында жыл сайын өткөрүлүүчү Спартакиаданын кичи-футбол боюнча оюндары жыйынтыкталды. Бул тууралуу Жогорку соттун басма сөз кызматы кабарлады. Маалыматка караганда, бул мелдешке бардыгы болуп 24 мамлекеттик органдардын кызматкерлеринен куралган 24  команда ат салышкан. Кыргыз ...

30-октябрь 2019, 10:41 | 121
0 238

Ахматбек Келдибековго куру жалаа жапкандар көбөйдү

30-октябрь 2019, 10:45 Айдар Нуралиев

Бишкектин Биринчи Май райондук соту Кугtoday сайтын парламенттин мурдагы спикери Ахматбек Келдибековго 30 миң сом төлөп берип, талаш жараткан макалаларды өчүрүүгө милдеттендирди. Келдибеков бул басылмага каршы былтыр декабрда доо арыз жазган болчу. Былтыр күзүндө Бишкектин Октябрь райондук соту Келдибековдун арызынын негизинде "Азия Ньюс" гезитинин башкы редактору Асланбек Сартбаевди ага 2 миллион сом төлөөгө милдеттендирген. Анда мурдагы спикер гезитте басылган айрым маалыматтар ...

0 836

ВИДЕО - Артисттердин мекени. Ушулар бизге мыйзам кабыл алганы жүрөбү?

Видео 30-октябрь 2019, 10:30 Аман Аскаров

Жогорку Кеңештин келээрки чакырылышы бул чакырылыштын клоундарынан ашып түшпөсө болду деп Кудайдан тиленип отурабыз. Дегенибиз, Кайрат Кыргыз деген бир түшүнүксүз адам бар. Ырчы дешет. Өзүн башкалардан өзгөчө алып жүрөт. Жакында эле 2020-жылы өтө турган парламенттик шайлоого катышам деп жар салган. Сунуш кылган бир нече партия бар экен. Азырынча ойлонуп жатам деди эле. Акылы менен достошкондор “тообо, Кудайым өзүң сактай көр” ...

0 288

Депутат Исхак Масалиевдин сунушу партия лидерлерин ачкадан өлтүрөбү?

30-октябрь 2019, 10:23 Аман Аскаров

Депутаттар Исхак Масалиев жана Жанар Акаев 2020-жылы өтө турган парламенттик шайлоодо талапкерлердин ачык тизмесин киргизүүнү сунушташууда. Андай мыйзам долбоору дагы даярдалып чыккандыгын эл өкүлү Исхак Масалиев жергиликтүү басылмалардын бирине маалымдаган.  Исхак Масалиевдин айтымында, ачык тизмеде шайлоочу партияга гана эмес ал партияга мүчө талапкерлердин тизмесине добуш бере алат. Мисалы, шайлоочу добуш берүүчү кабинага кирет, ал жердеги бюллеттенде партия жана андагы ...

Жарнама үчүн орун!
600 x 50
0 119

"Кыргызстандагы адал эт паркы" долбоорун колдой турган мекеме менен макулдашуу жактырылды

30-октябрь 2019, 10:24 Бакыт Молдалиев

Жогорку Кеӊештин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитети “Кыргыз Республикасындагы адал эт паркы” долбоорунун техника-экономикалык негиздемесин даярдоо үчүн техникалык жардам алууга грант берүү жөнүндө Кыргыз Республикасы менен Ислам өнүктүрүү банкы жана Жеке секторду өнүктүрүүнүн ислам корпорациясынын ортосундагы макулдашууну ратификациялоо тууралуу” мыйзам долбоорун үчүнчү окууда жактырды. Экономика министрлигинин маалыматына караганда, азыркы учурда өлкө аймагында этти кайра иштетүү боюнча ...

0 229

ВИДЕО - Бала бакчадагы “дедовщина”

Видео 30-октябрь 2019, 09:51 Айдар Нуралиев

Орусиянын Ярославль шаарындагы № 236 бала бакчанын кичинекей тарбиялануучулары өздөрүнүн эле тайпасындагы кызды чогулуп сабап жатышкан видео тарады. Видеодон жерде жаткан кичинекей кызды башкалары келип уруп-тепкилеп кеткенин, үстүнө чыгып алып секирип жаткандарын көрүүгө болот. Бала бакчанын тарбиячылары бул убакта кайда жүргөнү белгисиз. Муну көрүп “дедовщина” бала бакчадан башталып калган го деген ой кетет экен. Булак: NazarNews.kg

0 336

ФОТО - Кыргыз медицинасы Орусияныкынан да мыкты деп табылды

30-октябрь 2019, 09:52 Аман Аскаров

Кыргызстан саламаттыкты сактоо коопсуздугунун индекси боюнча дүйнөнүн 195 өлкөсүнүн ичинен 47 орунду ээледи. Бул Балтика өлкөлөрү, Грузия жана Армения ны эсепке албаганда КМШ өлкөлөрүнүн ичинен эң жогорку көрсөткүч. Айтсак, Казакстан 83, Беларусь 108, Өзбекстан 116, Азербайжан 117, Тажикстан 130, Түркмөнстан 135чи орунга илинген. Жыйынтыкты чыгарууда ооруларды алдын-алуу, эпидемияларды өз убагында аныктоо жана дүйнө коомчулугуна маалымдоо, Саламаттыкты сактоо системасынын эффективдүүлүгү, ...

0 401

Уурдалган телефондор базары менен Ленин райондук сотун эмне бириктирет?

30-октябрь 2019, 09:19 Аман Аскаров

Кызыктуу бир өлкөдө жашайбыз. Айдоочулар МАИ кызматкерлерин машиненин капотунда ала качкан, маршруттук унаалар салонун толтуруп алып кубалашмай ойногон, энеден туума болуп алып супермаркеттерди кыдырган, каяктагы бир блогерди кудай туткан, Конституцияны жоготуп жиберген жерди мекендейбиз. Бардыгы бар. Кыскасы ассорти өлкөдө күн кечиребиз. Дагы бир кызыктуу фактыга көңүлүңөрдү буралы деп турабыз. Бишкек шаарында Ленин атындагы район бар. Ошол райондук сот Чүй менен ...

0 276

Өзбекстанда МАИ кызматкерин машинеси менен сүйрөп кеткен айдоочу кармалды

30-октябрь 2019, 09:00 Бакыт Молдалиев

Сурхандарыя облусунда Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын инспекторун автоунаасынын капотунда сүйрөп кеткен айдоочу кармалды. Бул тууралуу Өзбекстандын Башкы прокуратурасы маалымат таратты. Маалыматка караганда, 28-октябрда 35 жаштагы айдоочу тартип сакчысынын талабына баш ийбей, аны "Lacetti" үлгүсүндөгү автоунаасынын капотунда 10 метрге чейин сүйрөп кеткен. Натыйжада жол инспектору жаракат алган. Учурда айдоочуга карата “Бийлик өкүлүнө каршылык кылуу” беренеси менен кылмыш иши козголду. Булак: NazarNews.kg

0 237

Россияда Өзбекстандын 25 жараны кулчулуктан бошотулду

30-октябрь 2019, 09:03 Бакыт Молдалиев

Россиянын Ростов-на-Дону шаарындагы өзбек консулдугунун кызматкерлери Астрахань облусунда кулчулукта жүргөн 25 өзбек жаранына документтерин жана айлыктарын алып берүүгө жардамдашты. Бул тууралуу Өзбекстандын Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы маалымат таратты. Мекеменин маалыматына караганда, 24-октябрда жарандардын кайрылуусуна байланыштуу Астраханда көчмө кабыл алуу уюштурулган. - Консул Хужабахлил Асамов менен өзбек диаспорасынын башчысы Баходир Аминов Астрахань облусунун Харабалин районуна барып, 25 өзбек жараны ...

0 231

ВИДЕО - Жаңы үйлөнүп жаткан бала апасынын бутунан өпкөн видео талкууга түштү

Видео 30-октябрь 2019, 08:59 Бакыт Молдалиев

Инстаграмдагы “миллионер” OMKS аккаунту бүгүн жарыялаган “Мындайга бир гана апалар татыктуу” аталыштагы бул видео талкууга түштү. Анда жаңы үйлөнүп жаткан кыргыз жигити апасынын бутунан өөп жатканын көрүүгө болот.  

0 279

Милициянын жардамчылары борбор калаанын көчөлөрүнө илине баштады

29-октябрь 2019, 17:37 Алтын Булат

Бишкекте адамдын жүзүн тааный турган 60 камера орнотулат. Бул боюнча ИИМдин басма сөз кызматы маалымдады. Ага таянсак, эл аралык донорлордун жардамы менен келген бул видео көзөмөлдөгүчтөр шаардын “кооптуу” аймактарында орнотулуп баштады. Ошондой эле «Коопсуз шаар» долбоору боюнча 306 жерге видеокамера орнотуу пландалууда. Бул долбоордун алкагында Бишкек шаарынын алты кичирайонунда «Коопсуз район» долбоору ишке кирип, 72 камера коюлган. Жакын арада ...

0 1855

Асема Токтобекова: "Ичим чоңоюп, өзүм шишип калдым"

29-октябрь 2019, 17:37 Айдар Нуралиев

Ырчы, актриса Асема Токтобекова "Леди KG" гезитине кош бойлуулугу кандай өтүп жатканын айтып, кош бойлуу айымдарга кеңештери менен бөлүштү.  - Азыр ай-күнүм жакындап, ичим чоңоюп, өзүм шишип калдым. Кош бойлуу кезде көнүгүү - айым өзүн сергек алып жүргөнгө, төрөттүн жеңил өтүшүнө абдан жардам берет. Интернет булактарынан кош бойлууларга арналган көнүгүүлөрдү карап алып, аны күнүгө эртең менен жарым сааттан жасап турам. Кош ...

0 404

Эгерде Кыргызстанда тойлор болбой калса...

29-октябрь 2019, 17:08 Айдар Нуралиев

Эгерде Кыргызстанда үйлөнүү жана башка тойлор болбой калса... 1 айдан кийин - азык түлүктүн, жер-жемиштердин баасы арзандайт. Негизги сатып алуучулар жок болгондуктан - базар азык-түлүккө толот. 2 айдан кийин – ресторан,тойканалар жабыла баштайт. 3 айдан кийин – автоуналардын баасы түшөт, эми эч кимге кереги жок болгондуктан базар Гелендваген менен Рендж Роверлерге толмок. Жарым жылдан – акыры аялдар өздөрүнө керектүү ...

0 934

ФОТО - Көк-Жарда жаш жигитти атып кеткен кылмышкерлер изделүүдө

29-октябрь 2019, 17:11 Аман Аскаров

Бишкек шаарында жаш жигитти тапанча менен атып кетишкен. Бул тууралуу жергиликтүү басылмалардын бири күч түзүмдөрүнө таянып маалымат таратты. Ага ылайык, каргаша 23-октябрь түнү болгон. Милицияга кабар саат 03:30да түшкөн. Анда 1997-жылы туулган жигитти Бишкектин четиндеги Көк-Жар айылынан атып кеткендиги тууралуу кабарланган. Жабырлануучуга жалпысынан 5 жерине ок тийген. Белгилүү болгондой ага травматикалык тапанчадан ок чыгарышкан. Доктурлар ...

0 514

Мамашеванын жүзү курусун

29-октябрь 2019, 17:20 Айдар Нуралиев

Депутат Айсулуу Мамашеванын биттин ичегисине кан куюп, ишкерлик менен алектенип жүрүп, атасынын арты, акчанын күчү менен "Ата Мекенден" депутат   болгону баарыбызга эле маалым. Бирок Айсулуунун бир нече жылдан бери иштеген ишканалары мамлекеттин казынасына бир тыйын пайда келтирбегени белгилүү болду. Анысы аз келгенсип, бул айым фирмаларын декларациясында көрсөтпөй, "кембагал" кейпин кийип, бир айда 17 миң гана сом киреше табаарын мамлекеттик документте бепгилеген.

29-октябрь 2019, 17:20 | 514
0 778

ФОТО - "Жооштон жоон чыгат" - деген ушул. Депутат Арапбаев асман чапчыган байлыгын жашырып койгон

29-октябрь 2019, 17:45 Аман Аскаров

Жогорку Кеңештин депутаты Азамат Арапбаев деген бар. Көбү бул кишини биле бербейт. Элге бир пайда тийе турган мыйзам долбоорун сунуштап, өзгөчөлөнүп деле көргөн эмес. Бир жылда бир бакылдап үнү чыгып калат, анан эле кайра жок болот. Көп кабаттуу үйлөрдүн алдындагы балдар бакчасы болот эмеспи. Ошол жерде өзү менен өзү кум-топурак ойной берген баланын эле элесин сүрөттөсөң болот. Сыртынан жоош, жүдөө ...

0 476

Аден Турусбеков: “Чаткалды гүлдөтө турган инвесторлордун акчасы акимдин мафиясынан артпай жатат”

Видео 29-октябрь 2019, 15:47 Айдар Нуралиев

Аден Турусбеков аттуу Фейсбук колдонуучусу жеке баракчасына “Калпты чындай айтканга Канжарбек Эшалиев уста. Акимдин 5 мектеп, бала бакчаларды салганга кыпындай тиешеси жок” деген аталышта пост чыгарды. Анда ал Чаткалдын акими тууралуу жазган. Анын айткандары толугу менен төмөндө: “13 чакырым жол жасатып, оозу-мурду кыйшайбай 30-40 чакырым дейт. Баса, 13 чакырым жол боюнча 2 400 000 сом жетишпестикти УКМК текшерип, таап ...

0 881

БОЛГОН ОКУЯ: "Маркум жоокердин сөөгү"

29-октябрь 2019, 15:59 Айдар Нуралиев

Бул окуяны чоң атам бизге көп жолу кайталап айтып берээр эле. Ал мезгилде биз жаш болгондуктан окуяга кызыкчу  да, маани да берчү эмеспиз. Азыр ошол чоң атамдын айтканы эсиме түшүп кетип жатпайбы. Күүгүм кирип, көз байланып калган кезде Усман болгону тең жолду басып өттү. Кеч күз болгондуктан күн кыска. Түш ооду эле кеч кирип, күн уясына жашынат. Бул кез 1955-жыл эле. Кереметтүү ...

0 296

Жаңы жылдан соң машиналардын баасы кымбаттайбы?

29-октябрь 2019, 16:01 Темирлан Келдибеков

Сырттан келген унаалардын бажы төлөмү жаңы жылдан тарта кымбаттай турган болду. Кыргыз өкмөтү ЕАЭБтеги өнөктөштөр мөөнөттү жылдырууга негиз жок экенин алдын ала айтышкан деди. Ал тапта дүрбөлөң түшүп, унаа сатып алам дегендер көбөйдү. Кыргызстандын унаа базарындагы көрүнүш толук өзгөрдү. Машина мындан төрт-беш жыл мурдагыдай санда жана сапатта түрдүү өлкөлөрдөн келген жери жок. Аны ташып келгендер да азайды.

Жарнама үчүн орун!
600 x 50
0 376

Жалгыздыктан кутулуунун жолдору

29-октябрь 2019, 15:19 Айдар Нуралиев

Жалгыздыкты адаштырып үй-бүлө күткүңүз келсе, кош нерсеге басым жасаганыңыз жөндүү болор. Айталы, күзгүнүн жанына эки ак куунун, эки көгүчкөндүн статуэткасын коюңуз. Баалаган саясатчым, же жакшы көргөн ырчым деп жалгыз бой же турмуштан жаңылышып жүргөн адамдын сүрөтүн бек кадап албаңыз. Экинчи жарымыңызды табууга тоскоолдуктарды жаратат.  Эгер сиз буга чейин бирөө менен мамиле түзүп, же үй-бүлө күтүп анан кандайдыр бир себептер ...

0 227

Ооган тынчтыгы үчүн Бээжин эмнеге безеленип жатат?

29-октябрь 2019, 15:48 Темирлан Келдибеков

Ооган эли жөн жатпаган эл, тишине чейин куралданган оогандыктар акыркы жылдары согушсуз жашап көргөн эмес. 2001-жылы АКШдагы эки мунараны жардырганга да оогандык “Талибандар” күнөөлөнгөн. Кытайдын Ооганстанга жан тартып калганы Кытай-Ооганстан-Өзбек темир жолун салалы деген максаты бар. Бул тууралуу өзүнчө сөз болот. Ооганстандагы «Талибан» кыймылынын делегациясы өлкөдөгү согушту токтотууга жана тынчтык келишимине жетишүүгө багытталган сүйлөшүүлөрдүн жаңы айлампасына катышуу үчүн бүгүн Кытайга ...

0 301

Асановдун иши боюнча саясатчылардын жоон тобу президентке кайрылышты

29-октябрь 2019, 15:20 Аман Аскаров

Мурдагы ички иштери министринин орун басары Курсан Асановду колдогон саясатчылардын жоон тобу президентке кайрылуу жолдошту. Анда алар Курсан Асановдун кызматтан бошотулушу кырдаалды ого бетер күчөттү деп билдиришкен. Андан сырткары, Асанов мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди мажбурлап сотко алып келүү операциясы учурунда өзүнүн тажрыйбалуулугу, чечкиндүүлүгү менен көзгө урунуп,  иш чараны ийгиликтүү өткөргөндүгүнө коом күбө болгондугун кошумчалашып, генерал милициянын кадыр-баркын сактап калды ...

0 227

Булат Кутанов: «Биз үчүн кетирилген бир жолку ката - өмүрүбүздөгү эң акыркы ката болушу мүмкүн»

29-октябрь 2019, 15:13 Айдар Нуралиев

Ички иштер органдарында иштеген ар бир кызматкер кыргыз мамлекетинин бейпилдиги үчүн кызмат өтөп келгендигинде калет жок. Ошондой эле кызматтардын бири ИИМдин «Шумкар» Атайын багыттагы полкунун Бишкек шаары боюнча атайын операция отрядынын Сапердук даярдык боюнча улук тескөөчү-нускоочусу, милициянын майору Кутанов Булат Алыбекович жөнүндө сөз болмокчу. Булат мырза кичинесинен эле милиция болууну самап келген. Балдар менен клубдарга барып кино көргөн учурларда ...

0 169

Өкмөт аке калпты катуу айтат экен

29-октябрь 2019, 14:58 Айдар Нуралиев

Өткөн аптада Жогорку Кеңештин депутаты Айнуру Алтыбаева ундун наркы эки эсе жогорулаганы жөнүндө айткан. Айтып оозун жыйгыча Өкмөттүн маалыматтык камсыздоо бөлүмүндөгүлөр андай эмес, мындай деп, унга болгон бааларды тизмектептир. 2018-жылдын 1-октябрында республика боюнча 1-сорттогу 1 килограмм ундун баасы орто эсеп менен 23,7 сомду тузгөн, Учурда, 2019-жылдын октябрь айында республика боюнча 1-сорттогу 1 килограмм ундун наркы орто эсеп менен 28,1 ...

0 258

ВИДЕО - Депутаттарды артист, эки жүздүүлөр десең арданышат

Видео 29-октябрь 2019, 14:40 Аман Аскаров

Парламенттеги артисттерди тааныйбыз. Алардын ана-башчысы бар Дастан Артисбекович деген. Сентябрь айынын ортосунда күйүгүп-бышыгып, Бишкекте “Илбирсти коргоо” боюнча уюштурулган марафондо 5 чакырым чуркаганын эсиңерден чыгара элексиңерби? Түтөп кеткен чуркай коём деп. Ошондо марафондун ураанын деле унутуп калса керек. “Илбирсти коргоого” арналган. Анан эле октябрдын этегинде дал ошол илбирстен тамак талашып, аркар, кулжа, элик, бугу, каман сыяктуу жаныбарларды атканга эмнеге далбастап ...

0 163

Kloop.kg маалымат агенттигинин сайты чабуулга дуушар болду

29-октябрь 2019, 14:53 Айдар Нуралиев

Бул тууралуу Kloop.kg  сайты Фейсбуктагы баракчасы аркылуу маалымат таратты. Анда: “Урматтуу окурмандар! Учурда биздин сайт чабуулга дуушар болду.  Биз азырынча мунун аркасында ким тураарын, эмне болоорун билбейбиз. Бирок азыр ишибиз кыйынчылык менен жүрүп жатат, адистерибиз порталды калыбына келтирүү боюнча иштеп жатышат. Кечирим сурайбыз”, -деп жазылат. Аталган агенттиктин жамааты сайтына болгон чабуулга алардын кабарчылары Ататүрк паркындагы жер маселеси боюнча жазып ...

0 225

3D ВИДЕО – Бишкектин келечектеги заманбап парктары

Видео 29-октябрь 2019, 14:26 Алтын Булат

Бассейн, спорттук жана балдар ойноочу атайын аянтчалар, автоунаа токтотуучу жайлар, сейил бактар, баардыгы тартипке салынган, баардыгы таза. Бул Бишкектин келечектеги “Түштүк” жана “Ден-соолук” аталышындагы эс алуучу жайлары. Албетте, азырынча бул шаардык архитекторлордун элестетүүсү, кыялдануусунан жаралган 3D план. Аны шаардын башкы архитектору Асхат Тулебердиев муниципалитеттин бүгүнкү, 29-октябрдагы жыйынында көрсөттү. Алдыда парктарды куруу ишиндеги сметаларды кайрадан карап чыгып, куруу чыгымын оптималдаштыруу ...

0 219

Елисеев эмне дейт?

29-октябрь 2019, 14:19 Айдар Нуралиев

ЦАРИИнин мурдагы орун басары, адвокат Алексей Елисеев Кыргызстанда энергетика тармагында ири мафия иш жургүзүп келгенин жана ЖЭБдеги коррупция боюнча айыпталып жаткандардын арасында күнөөлүүлөр жок экендигин «Азатгыктагы» маегинде айтты:  "Тилекке каршы, Кыргызстанда 2010-жылкы төңкөрүштөн мурун да, кийин да энергетика жаатында мафия иш алып барып келген. Ал андагы Бакиев же Ширшов эмес, азыркы Исаков же Атамбаев эмес. Кеп таптакыр башка адамдар ...

29-октябрь 2019, 14:19 | 219
0 1474

Ошто табылган маркумдун ким экендиги аныкталды

29-октябрь 2019, 14:22 Аман Аскаров

26-октябрда Ош шаарынын ооруканасынын аймагында денеси эки айдай убакыт жаткан адамдын жансыз денеси табылгандыгы тууралуу маалымат тараган. Аны кароолчулар аймакты карап, иретке келтирип жүргөндө таап алышкан. Маркум 1969-жылы туулган, Аскар Эргешов аттуу Кара-Суу районунун тургуну экендиги аныкталды. Ата-энесинин көзү тирүү, учурда аталган райондо жашашат экен. Маркум жубайы менен убагында эки жолго түшүп, жумушу жок, акыркы учурда спирт ичимдигине берилип ...

0 496

Унаа жардан учуп кетип, ичиндеги жубайлар каза болушту

29-октябрь 2019, 13:51 Айдар Нуралиев

Жалал-Абад облусунун Ноокен районунда жол кырсыгы болуп, анын кесепетинен эки киши каза болду. Бул тууралуу "Турмуш" жазып чыкты. Маалыматка караганда,  жол кырсыгы Бүргөндү – Майлы-Суу унаа жолунун 7,9 чакырымында, Кызыл-Кыя айылына жакын жерде болгон. Мерседес үлгүсүндөгү унанын айдоочусу унаасын башкара албай калып, жардан кулап кеткен. Унааны 63 жаштагы Майлы-Суу шаарынын тургуну башкарып бараткан, ошондой эле унаанын ичинде айдоочунун 58 ...

0 202

Ийгилик сырын ачуунун жолдору

29-октябрь 2019, 13:45 Айдар Нуралиев

Кызматтан көтөрүлүү, бизнестеги бийиктиктер, түгөйүңүз менен бактылуу болуу, ден соолугуңуздун чың болушун шарттаган фэншуйда да, астрологияда да бир нече багыттар бар. Парапсихологдордун көрсөтмөлөрүнө таянсак, ийгиликке жетүүдө ишеним, токтоолук, убакыт талап кылынат. Эң башкысы, ошол теманын предметин туура тандай билүү зарыл. Адегенде кайсы сферада жакшы жакка өзгөрүу болушун каалап жатасыз — ошону тактап алыңыз. Эми аракеттенсеңиз, натыйжасы болбой койбойт. Финансы

0 293

Байлар да ыйлайт, Кыргызстанда байларды дагы ыйлатыш керек

29-октябрь 2019, 13:43 Темирлан Келдибеков

Жогорку Кеңештин депутаты Төрөбай Зулпукаров  парламенттин Бюджет жана финансы боюнча комитетинде кийинки жылдын бюджети талкууланып жатканда: “Ашкере байлыкка салык деген бар. Ошону өкмөт күчөтүшүңөр керек. Мүмкүнчүлүгү бар аткаминерлер менен ишкерлер сөзсүз көбүрөөк салык төлөш керек. Бирок ал жалпы элге жайылтылбагандай болушу зарыл”, - деди Зулпукаров. Расмий маалымат боюнча, быйыл алгачкы алты айда 38 миллиард 238 миллион сом ...

0 1189

Өзгөндө өзбек тили мамлекеттик тилби?

29-октябрь 2019, 13:34 Айдар Нуралиев

Социалдык тармактарда Өзгөн шаарындагы №2 Ленин атындагы орто мектебинин кире беришинде өзбекче тактай илинип турганын талкуулап жатышат. Кыргызстанда кыргыз тили мамлекеттик тил болсо, орус тили расмий тил деп эсептелет. Ошондуктан ушул эки тилде гана көрнөк-жарнактар жазылышы керек эле да. Эмне үчүн көрнөк өзбек тилинде жазылган деп башыбыз маң. Бул боюнча Билим берүү жана илим министрлигинен жооп күтөбүз. Булак: NazarNews.kg

0 750

ФОТО - Аскар Салымбековдун иниси Раим Мааткабылов агасы убагында "движение" кылбаганда азыр мурдунан чимкиригин тарта албай жүрөт беле?

29-октябрь 2019, 13:13 Аман Аскаров

Акчалуулар менен колунда бийлиги барлардын заманы болду. Каалаганын кылышат. “Кой” деген киши жок болуп калды. Бардыгын колго алып койгондой. Өзүнчө эле 70-80-90-жылдардагыдай атактуу Италиянын Сицилия аралында гангстер, мафиозилердин арасында күн кечиргендейбиз. Сот, прокуратура баары эле акча. Баары эле бирөөнүн кожоюнун колунан сөөк мүлжүгөндөр. Айталы дегенибиз, Кыргызстанда белгилүү кландардын бири Салымбековдор. Адилеттүүлүк үчүн белгилей кетиш керек, бул клан негиздеген Дордой ...

0 461

Байлык эмне дегизбейт, жоктук эмне жегизбейт

29-октябрь 2019, 12:43 Айдар Нуралиев

2020-жылкы парламенттик шайлоо жакындаган сайын бир катар чиновниктерди кара пиардын карааны каптап жатабы же чындап эле ушундайбы ким билсин, айтор, укмуштуудай маалыматтар тарай баштады. "Күнөөкөрлөр" ак же көк дешпей азырынча карманып турушат. Алсак, алгач эле бир кездери "Ак жол" партиясы менен депутаттыкка аттанып, кийин бийлик алмашып, ишенген Бакиевдери Кыргызстандан куулуп, 2010-жылкы парламенттик шайлоодо Бабановдун этегине эрмешип "Республика" партиясы менен ...

Жарнама үчүн орун!
600 x 50
0 298

Өзбекстан аскерин күчтөп жатат

29-октябрь 2019, 12:10 Айдар Нуралиев

Өзбекстан Орусиядан “Тайфун” брондолгон автоунааларынын ири партиясын сатып алды, унааларды ташуу иштери ушул жылы эле башталмакчы. Бул тууралуу РИА Новости жазып чыкты. Маалыматка караганда, “Тайфун” брондолгон автоунааларынын ири партиясын сатып алуу боюнча келишим түзүлгөн. Белгилей кетсек, Өзбекстан ушул жылы Орусиядан БТР-82А бронетранспортёрлорун, "Тигр" брондолгон автоунааларын, "Сопка-2" радиолокациялык станцияларын сатып алган. Мындан сырткары Өзбекстанга 12 даана Ми-35М транспорттук-аскердик тик учактарын жеткирүү ...

29-октябрь 2019, 12:10 | 298
0 421

Түшкө чач кирсе эмне болот?

29-октябрь 2019, 12:11 Айдар Нуралиев

Чач - жашоо энергиясын символдоштурат жана келбеттүү болгонун аян кылат. Эгер түшүндө чачы түшүп жатканын көрсө - ооруп калгандыгынын белгиси. Кокус түштө кимдир бирөө чачыңызды кыркып же жулуп жатса - чыныгы жашоодо да сиздин эркиңизге каршы иш кылганга даярданган бирөө бар, же мартабаңызды төмөндөтүүгө бел байлаган кептер болуп жатканы тууралуу белгилер.  Чачыңыздын узун болуп кулпуруп турганын түш көрсөңүз, сиздин сулуулук ...

29-октябрь 2019, 12:11 | 421
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83