www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Дүйнө жүзүндө
0 99

Назарбаевдин Лондондогу эч ким жашабаган хан сарайынын сүрөтү жарыяланды

23-октябрь 2019, 18:05 Айдар Нуралиев

Казакстандын биринчи президенти Нурсултан Назарбаевдин Лондондогу хан сарайы Англиядагы эң кымбат үйлөрдүн катарына кирет деп Метро басылмасы жазып чыкты. Анын маалыматына караганда, Назарбаев бул хан сарайды 2008-жылы 50 миллион фунтка (65 миллион доллар) сатып алган. Хан сарай Лондондун түндүгүндөгү Хэмпстед районунун “миллиардерлер көчөсү” аталган Bishops Avenue көчөсүндө жайгашкан. Кызыгы, бул “миллиардерлер көчөсүндөгү” үйлөрдүн жарымында эч ким жашабайт. Булак: NazarNews.kg

0 213

СҮРӨТ+ВИДЕО - Сахнада жааган 50 миң доллар

Видео 23-октябрь 2019, 17:50 Алтын Булат

Бул азиаттарга адаттан тышкары көрүнүш. Деген менен ушуга чейин европалыктарда деле мынчалык чачылган жаан болбосо керек. Эмнеси болсо дагы 24 жаштагы Америкалык рэп ырчысы Post Malone Майамидеги кечки клубдардын бириндеги эс алуусун ысык өткөрүптүр. Ал тургай, анын өзгөчө эс алуусу күйөрмандарына дагы жагып турган учуру. Чөнтөгүнөн уучтап чыккан таңгак-таңгак акчасын олтургандарга карай жаадырып жатты. Айтылгандарга караганда андагы жалпы сумма ...

0 278

Самара Каримова италиялык ырчы менен бирге Кремлде концерт тартуулайт

Видео 23-октябрь 2019, 14:15 Айдар Нуралиев

Интернет айдыңында ырчы Самара Каримованын Кремлде өтүүчү концертине көрүүчүлөрдү чакырган видеосу тарады. Анда Каримовадан сырткары, италиялык белгилүү ырчы, композитор Ингрид Альберини жана концерттин уюштуруучулары менен алпаруучулары сүйлөп, концертке чакырып өтүшкөн. Белгилей кетсек, ырчы Самара Каримова бүгүн, 23-октябрда Москва шаарындагы Кремль сарайында жеке концертин бермекчи. Бул концерттин өзгөчөлүгү, концертте Самара Каримова италиялык ырчы Ингрид Альберини менен бирге француз жана итальян ...

0 653

Видео – Хабиб Нурмагомедовду атактуу түрк ашпозчусу коркутту

Видео 23-октябрь 2019, 09:07 Айдар Нуралиев

Россиянын мушкери жана UFC чемпиону Хабиб Нурмагомедов атактуу түрк ашпозчусу Бурак Өздемирдин кафесинде болду. Бул тууралуу видео интернет булактарына тарады. Видеодон ашпозчу мушкерди тамашага салганын көрсөк болот. Ал чай ташуучу табакка стакандар менен чай көтөрүп келе жатып спортчунун үстүнө төгүп ала жаздаган сыяктуу кылып тамашалаган. Стаканда чай жок эле бош болгонун билгенде Нурмагомедов менен анын жанындагы достору күлүп калышкан.

0 206

Окуучулардын  оозун скотчтогон мугалим иштен кетти

22-октябрь 2019, 17:03 Айдар Нуралиев

Татарстандагы  мектептин биринде мугалим өз каалоосу менен иштен кетти. Буга сабак учурунда биринчи класстын  окуучуларынын  оозун скотчтоп коюп, тынчыраак сабак өтөм деген мугалимдин жоругу себеп болду. Бул көрүнүшкө ата-энелер нааразы болуп  милицияга кайрылышты. «Мой Альметьевск» порталынын маалыматында, №25 мектепке мугалим жыл башында эле  жумушка орношкон. Бул иш боюнча Билим берүү башкармалыгынын башчысы Ирина Павловская регламент боюнча кароодон өткөндүгүн жана ...

0 80

Сыранын мекени Чехия аракечтикке каршы күрөшкүсү келет

22-октябрь 2019, 15:33 Айдар Нуралиев

 Чехия эми “Ичпегиле – бул эң сонун” деген ураан менен иш алып барат. Демилгенин негизги максаты,  элдерди  ичимдиктен алыстатып, дени сак муунду тарбиялоо. Бул тууралуу  21-октябрда Чехиянын   саламаттыкты сактоо министри  Адам Войтек жарыялады. Ал бул программаны колдоого 2 миллион крона (87 миң доллар) бөлүнгөндүгүн, ашыкча алкоголду колдонуу зыян болоорун, элдерге айтып кайрылды. Эскерте кетсек,  алкоголду колдонуу боюнча ...

0 136

ВИДЕО - Чыныгы “жөргөмүш адам” табылды

Видео 22-октябрь 2019, 15:23 Айдар Нуралиев

Индонезиялык Арьес Сусани имараттын ичинде аскага чыгуу боюнча мелдеште дүйнөлүк рекорд жаратып, социалдык тармактарда атагы чыкты. 24 жаштагы Сусани Кытайда өткөн аскага чыгуу боюнча дүйнөлүк чемпионатына катышып, 15 метр бийиктиктеги аскага 6,995 секундда чыгып, алтын медаль утуп алды. Социалдык тармактын колдонуучулары индонезиялык спортчунун койгон рекордуна таң калышты. “Мен төшөгүмөн турганыма мындан көп убакыт кетирем”, “Менин оюмча чыныгы ...

0 69

Жириновский көп аял алууну мыйзамдаштыргысы келет

22-октябрь 2019, 13:17 Айдар Нуралиев

ЛДПР лидери Владимир Жириновский Орусиядагы демографиялык көйгөйдү көп аялдуулук менен гана чечсе болорун билдирди. Бул тууралуу орус басылмалары жазып чыкты.   "Славяндарда мурда көп аялдуулук болгон, эмнеге аны буздуңар? Азыр калкыбыздын саны миллиард болуп калмак", - дейт Жириновский. ЛДПР лидери энелерге каралчу капиталдын көлөмүн көбөйтүүгө каршы чыкты, себеби, анын оюнда бул ыкма өлкөдө ...

0 154

Кыргызстанды Кудай сактаптыр! Эң көп мамлекеттик карызы бар 10 өлкөнүн аты аталды

22-октябрь 2019, 10:39 Алтын Булат

Эл аралык валюта фонду ички дүң продукцияга салыштырмалуу мамлекеттик карызы башынан ашып кеткен өлкөлөрдү атады. Ал маалыматта, 2018-жылдын октябрь айынан ушул жылдын октябрь айына чейин бир жыл ичинде анализ жүргүзүлгөн. 1. Япония — 238% 2. Греция — 182% 3. Барбадос — 157% 4. Ливан — 147% 5. Италия — 132% 6. Эритрея — 131% 7. Конго — 131% 8. ...

0 128

Балээ болду. Бир жыныстуу жуптарга үйлөнүүгө жана боюнан алдырганга уруксат берилди

22-октябрь 2019, 10:37 Айдар Нуралиев

Түндүк Ирландияда  22-октябрдан тарта  жаңы мыйзам ишке киргизилди, эми ага ылайык бир жыныстуу жуптарга үйлөнүүгө жана боюнан алдырганга уруксат берилген. Бул тууралуу Sky News телеканалы кабарлады. Бул маселени ушул жылдын жай мезгилинде  Улуу Британиянын парламентинде Лейбористтик партия көтөрүп чыккан. Буга Түштүк Ирландиянын Юнионисттик  партиясы каршы чыккан менен, бирок добушу жетпей калды. Лейбористтик партиянын лидери  Жереми Корбин Twitter баракчасына  “Бул ...

0 114

Сүрөт. Мадриддин борборун басып алган койлор

22-октябрь 2019, 09:06 Айдар Нуралиев

Жекшемби күнү Мадрид шаарынын борбордук көчөлөрү аркылуу эки миңден ашуун кой өттү. Көрсө, бул байыркы замандан бери келе жаткан салт экен. Бул туралуу ВВС маалымат агенттиги жазды.  Маалыматка караганда, Fiesta de la Trashumancia аттуу фестивалда койлор Мадриддин борборун кесип чубап өтөт. Чабандар мурда кыштын алдында малын түштүктү көздөй айдап, шаар аркылуу өтүүгө укуктуу болгон экен. Fiesta de la Trashumancia ...

0 128

Австралиялык гезиттер бүгүнкү санынын биринчи беттерин боёп чыгарышты

21-октябрь 2019, 16:54 Айдар Нуралиев

Австралиялык негизги гезиттердин баары бүгүнкү санынын биринчи беттерин боёп чыгарышты. Бул жергиликтүү журналисттердин бийликтин журналисттерге маалымат берген булактарды кылмыш жоопкерчилигине тартуу аракетине каршы кампаниясы. Дал ушул убакта өкмөт журналисттерге маалымат берген булактар тууралуу мыйзам долбоорун карап жатат. Журналистердин айтымында, кандай гана маалымат болбосун алар билүүгө жана элге жеткирүүгө укуктуу. Ошондой эле, бийлик финансылык, саясий компаниялар жана климаттын өзгөрүшү  жана ...

0 126

Дастанбек Жумабеков Түркиянын депутаты Хабибе Очал менен жолугушту

21-октябрь 2019, 15:41 Айдар Нуралиев

Бүгүн, 21-октябрда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин төрагасы Дастанбек Жумабеков Түркия Республикасынын Улуу Улуттук Жыйынынын депутаты Хабибе Очал менен жолугушту. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы билдирди.  Маалыматка караганда, Түркиянын Улуу Улуттук Жыйынынын 27-чакырылышынын депутаты Хабибе Очал Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин чакыруусу менен белгилүү профессор Фуат Сезгинге арналган эл аралык симпозиумга катышуу үчүн Бишкекке келген. 

0 42

Каталонияда “таштанды” митинги өтүп жатат

21-октябрь 2019, 13:35 Айдар Нуралиев

Каталонияда жүздөгөн адамдар Барселона шаарынын борборунда унаа өтүүчү жолдорду жаап, жерге отуруп алып митингге чыгышты. Бул тууралуу чет элдик маалымат булактары жазып чыгышты.  Маалыматка караганда, испаниялык өкмөттүн имаратына ыргытуу үчүн митингчилер атайын баштыкка таштандыларды салып келишкен.  Эске салсак, бир нече күндөн бери активисттер Каталониядагы көз карандысыздык боюнча өткөн референдум үчүн 9 жылдан 13 жылга чейин эркинен ажыратылган чиновниктерди бошоткула ...

0 110

Сириянын студенттери АКШ аскерлерине каршы чыгышты

21-октябрь 2019, 12:52 Алтын Булат

Алеппо шаарындагы жогорку окуу жайлардын окутуучулары жана студенттери АКШ армиясын Сириядан чыгарууну талап кылып чыгышты. Бул тууралуу айтылган маалыматтарда, митингкке чыккандардын саны 2 миңден ашат. Окутуучулардын сөзүнө караганда, Америкалык аскерлер терроризм менен көрөшүүдө Сирия күткөндөй жардам бере алган жок. Тескерисинче, алар согушкерлерге көмөктөшүп өлкөнү талкалоого, кыйроого алып келишкен. Эске сала кетсек, өткөн аптада Түркия Сириянын күрддөр жашаган аймагында аскердик ...

0 117

Голливуд жылдызы Женнифер Лоуренс турмушка чыкты

21-октябрь 2019, 12:48 Айдар Нуралиев

Голливуд актрисасы Женнифер Лоуренс сүрөт галереясынын директору Кука Марониге турмушка чыкты. Бул тууралуу чет элдик маалымат булактары жазып чыкты. Маалыматка караганда, үйлөнүү той Род-Айленд штатына караштуу Ньюпорт шаарында жайгашкан 1894-жылы курулган хан сарайда болгон. Үйлөнүү тойго 150 конок катышып, анын ичинде актриса Эмма Стоун, Эшли Олсен, Эми Шумер жана ырчы Адель дагы болгон.  Жаш жубайлардын кыз-жигит болуп сүйлөшүп жүргөнү ...

Жарнама үчүн орун!
600 x 50
0 321

Басков мейманканада бир күн болууга 2,5 миллион рубль коротту

21-октябрь 2019, 11:39 Айдар Нуралиев

Орусиянын белгилүү ырчысы Николай Басков Монте-Карлодогу мейманканалардын биринде үй-бүлөсү менен бир күн болууга 2,5 миллион рубль коротту. Ырчы ошону менен катар эле 43 жаш туулган күнүн белгилөөнү чечкен. Бул тууралуу орусиялык маалымат каражаттары жазып чыкты.  Маалыматка караганда, Басков апасы менен биргеликте эки бөлмөлүү жана өзүнүн китепканасы бар номерге отурукташкан. Николайдын айтымында, ал көптөн бери ушундай тынч эс алууну кыялданып жүргөн. 

0 403

Көрдөн алдын ала орун даярдаган Рамзан Кадыров

21-октябрь 2019, 10:53 Аман Аскаров

Чеченстандын лидери Рамзан Кадыров Сириядагы ислам мамлекетинин согушкерлери Түндүк Кавказга келе турган болсо анда аларга көр белек кыла тургандыгын “Биринчи каналдын” эфиринде билдирди. Анын айтымында, учурда террордук топтор менен күрөшүү үчүн аймакта атайын жоокерлердин  бөлүгү түзүлгөн. -Эгерде ислам амлекетинин мүчөлөрү Кавказга келебиз деген ниети болсо, Кудай жалгасын. Аларды тосуп алабыз. Алар үчүн мүрзөдө орундар дагы даяр” – деген чечен ...

0 155

“Путин менен гана сүйлөшөм”. Орусияда казак жараны чыр салды

21-октябрь 2019, 10:20 Айдар Нуралиев

Казакстандын 29 жаштагы жараны Иркутск облусунун түндүгүндөгү нефть компаниялардын бирине жумушка орношууга барып, орношо албай калган. Ал ойлогондой кызматты баш тартышкан. Ошондо ал үйүнө кайтып келе жатып арак ичип, мас абалында поездге отурууга аракет кылганда, аны поездге отургузбай коюшкан. Бул тууралуу орусиялык маалымат каражаттары жазып чыкты.  Маалыматка караганда, кыжырданган адам Лена станциясындагы бийиктиги 20 метр болгон жарык берүүчү фонарь ...

0 182

Башына коробка кийип тапшырган сынак талкууга алынууда

21-октябрь 2019, 10:29 Айдар Нуралиев

Индиянын  колледждеринин  биринде  студенттерди башына коробка кийгиздирип экзамен  тапшыртышты. Бул тууралуу “The Times of India” басылмасы жарыялады. Андагы маалыматтарга ылайык, студенттердин билимин текшергиси келген директор ушундай амалкөйлүккө барган. Ал эми  тапшырмаларды көрүү жана аны аткаруу үчүн  коробканын маңдайын  кесип коюшкан. Окуу жайдын директору бул жөн гана эксперимент болгондугун, эксперимент студенттердин каалоосу менен ишке ашкандыгын айткан. Ал эми Индия өкмөтү ...

0 89

ВИДЕО - "WhatsApp"ка болгон салык революцияга алып келеби?

Видео 21-октябрь 2019, 10:22 Бакыт Молдалиев

Ливандын борбору Бейрутта өткөн аптанын бейшемби күнү башталган бийликке болгон каршылык акциясы дээрлик баардык өлкө аймагындагы ири шаарларды кучагына алды. Алгач Бейрутта миңдеген митингчилер көчөлөргө чыгышып, автоунаалардын дөңгөлөктөрүн өрттөө менен шаардын түндүк жана түштүк тараптарын бириктирп турган көчөнү бууп салышкан. Кийин “Франс пресс”  дүйнөлүк басылмасы “Учурда Бейруттун көчөлөрү согуш талаасына окшоп турат: өрттөлгөн дөңгөлөктөр, айнектердин сыныктары, таштандылардын чачырандылары... ...

0 514

Дамба жарылган кырсыкта каза болгондордун арасында кыргыз жарандары жок

19-октябрь 2019, 17:48 Айдар Нуралиев

Красноярск крайынын Щетиниск айылда Сайба дарыясында алтын иштетилип чыгарылып жаткан артелде тосмо жарылып кетип, бир топ жарандар дайынсыз жок болуп, каза болгон. Каза болгондордун арасында кыргыз жарандары жок. Бул тууралуу Кыргызстандын Орусиядагы элчилиги билдирди. Кыргызстандын Орусиядагы элчилигинин өкүлү Гүлбарчын Байымбетованын берген маалыматына караганда, РФнын ӨКМнин Красноярск крайы боюнча башкы башкармалыгынын тиийштүү бөлүмү менен элчиликтин Красноярск шаарындагы кеңсесинин кызматкери байланышып, ...

0 457

"Бизге америкалык армиянын кереги жок!” Ызы-чуу салган студенттерди кармап кетишти

19-октябрь 2019, 16:58 Алтын Булат

Тосмодон ашып киришкен түштүк кореялык студент-демонстранттар АКШ элчиси Гарри Харристи “бул жерден жогол” дешти. Айтылгандарга караганда окуя кечээ, 18-октябрда Сеулда катталган. Анда айтылгандай, элчинин резиденциясына каршылык акцияга чыккан студенттердин он тогузун Сеул полициясы кармап кеткен. Учурда студенттер укук коргоочуларга сурак берип жатышат. Белгилей кетсек, студенттердин нааразы болушуна ушул жылдын июнь айында АКШнын расмий бийлиги Түштүк Кореянын аймагындагы америкалык аскерлерди ...

0 1090

СҮРӨТ(18+) - Хакерлер белгилүү ырчы, актрисанын ачык сүрөттөрүн жарыялап жиберишти

19-октябрь 2019, 14:55 Алтын Булат

Ашканадагы аялдын жып-жылаңач селфи сүрөттөрү. Кебетеси америкалык ырчы жана актриса Деми Ловатого окшош. Бул сүрөттөр кара ниеттүү адамдар тарабынан уурдалып, интернетке тараганы айтылууда. Хакерлер сүрөттөрдү бир нече сайттарга жана форумдарга жүктөшкөн. Эми аларды табыш кыйын. Анткени атайын адистер тармактардагы ырчыга тиешелүү баардык маалыматтарды өчүрүүгө көмөктөшүүдө. The Blast порталынын маалыматы боюнча, Твиттердин башкы директору Жек Дорсинин баракчасын бузууда белгилүү болгон ...

0 352

Сауд Арабиясында жол кырсыгына кабылгандардын арасында кыргыз жарандары жок

19-октябрь 2019, 12:58 Айдар Нуралиев

Сауд Арабиясына умрага барып жол кырсыгына кабылгандардын арасында кыргыз жарандары жок. Бул тууралуу Кыргызстандын Сауд Арабиядагы элчилиги билдирди. Эске салсак, 16-октябрда Сауд Арабияга умрага бараткан 36 зыяратчы жол кырсыгынан каза болгон. Маалыматка караганда, кырсык Медина административдик окургундагы аль-Акхаль айылында болгон. Анда зыяратчылар отурган автобус жүк ташуучу унаа менен сүзүшүп, өрттөнүп кеткен. Каза болгондордон сырткары дагы төрт адам ...

0 147

Илон Маск Лукашенко менен кызматташпай койду

19-октябрь 2019, 11:06 Айдар Нуралиев

Беларустун тышкы иштер министри Владимир Макей өлкө чет өлкөлүк компанияларга Беларуста электромобилдерди өндүрүүнү сунуштаганын айтып чыкты. Арасында Илон Масктын да компаниясы бар. Ал «Биз чынында эле “Тесла” компаниясы менен мамиле кылууга аракет кылдык. АКШдагы элчилигибиздин өкүлдөрү аталган компаниянын өкүлдөрү менен сүйлөшкөн, бирок, сүйлөшүүлөр андан ары өнүккөн жок. Анын айтымында, Беларуста электромобиль өндүрүү боюнча башка да чет өлкөлүк компанияларга кайрылышкан. Булак: ...

0 1183

Жигити сүйлөшкөн кызын өлтүрүп, өлүк менен селфиге түшкөн

18-октябрь 2019, 17:01 Айдар Нуралиев

22 жаштагы Илья Метлицкий 20 жаштагы сүйлөшкөн кызы  Анастасияны акча үчүн мыкаачылык менен өлтүргөн. Азыркы учурда кылмыш ишинин соттук отурум уланууда. Бул тууралуу орусиялык маалымат булактары жазып чыкты. Маалыматка караганда, окуя 2018-жылдын 6-майында Санкт-Петербургдагы бир бөлмөлүү батирде болгон. Кандуу окуя эки жаштын ортосундагы уруштан чыккан. Метлицкий Анастасияны жалпы 107 жолу бычак менен сайган. Өлтүргөндөн кийин ал күзгүнүн жанында туруп, ...

0 336

4 жаштагы бала сууга түшүп кеткен карындашын куткарып калды

18-октябрь 2019, 16:29 Айдар Нуралиев

АКШнын түштүгүндөгү Теннесси штатында төрт жаштагы бала эки жаштагы карындашын сууга чөгүп кетүүдөн куткарып калган. Бул тууралуу чет элдик маалымат каражаттары жазып чыкты.  Маалыматка караганда, Лора Форрестер жолдошу жана эки баласы менен жаңы үйгө көчүп келишкен. Лора жолдошу экөө эшиктин алдындагы бассейнди айланта тосмолорду коюп, эшигине электрондук кулпу коюшкан.  Алар коопсуздук үчүн бардык чараларды көрдүк деп ойлошкон. Бирок, бул ...

0 743

ВИДЕО – Суу түтүгүнөн төрт метрлик кобра чыкты

Видео 18-октябрь 2019, 12:07 Алтын Булат

Кадрда көрүнүп тургандай, бир куткаруучу кобраны жылаңач колу менен эле суудан сууруп чыкты. Бирок беш адам жыландын башынан куйругуна чейин кармап турду. Таиланддын калкттуу аймактарынын биринен табылган бул уулуу жылан учурда атайын корукка кое берилгени айтылууда. Ал эми кобранын адамдар жашаган аймакта жүргөнүн куткаруучуларга жергиликтүүлөр билдиришкен. Белгилей кетсек, “Падышалык кобра” же “гамадрит” деп аталган бул уулуу жыландын жашоо узактыгы ...

0 141

Японияда тайфундан көз жумгандардын саны 77ге жетти

18-октябрь 2019, 10:54 Айдар Нуралиев

Японияны каптаган “Хагибис” тайфунунан улам каза болгондордун саны 77 кишиге жетти, ошондой эле дагы 10 киши дайынсыз жоголгон. Учурда тайфундун кесепеттерин жоюу боюнча иштер жүрүп жатат. Бул тууралуу япон басылмалары жазып чыгышты. Маалыматка караганда, катуу бороондон улам электр зымдары үзүлүп, миңдеген үйлөр жарыксыз калса, дарыялар нугунан чыгып каптаганынан улам 33 миң үй суу астында калган.  «Хагибис» Японияда акыркы жылдардагы ...

0 316

Дубайдын мураскор ханзаадасы Өзбекстанда аңчылык кылып жүрөт

Видео 18-октябрь 2019, 09:45 Айдар Нуралиев

Дубайдын мураскор ханзаадасы шейх Хамдан ибн Мохаммед Аль Мактум Өзбекстанга келип, куш салып аңчылык кылып жүрөт. Өзбектер сыйлуу коногуна Навои облусунда аңчылык тур уюштуруп беришкен. Бул тууралуу ханзаада өзүнүн Твиттердеги баракчасына жазган. Новои облусунда тоодактарды көбөйтүү жана сактоо боюнча борбор бар. Борбор 2008-жылы Дубайдын эмири Мохаммед ибн Рашид Аль Мактумдун демилгеси менен ачылган. Бул убакыт ичинде борбордун кызматкерлери 10 ...

0 342

"Акмак болбо!" Трамп Эрдоганга сезимин билдирген кат жазды

17-октябрь 2019, 17:50 Алтын Булат

Ишенүүгө мүмкүн эмес. Бирок чын экендигин эки тарап тең ырасташкан. Анда, Түркия Сириядагы операцияларын баштаар алдында ал өлкөнүн лидери Режеп Тайип Эрдоганга АКШ президенти Дональд Трамптан кагаз кат келген. Анда, "Урматтуу президент мырза, келиңиз, жакшы келишимди талкуулайлы! Сиз миңдеген кишилердин өлүмү үчүн башкалардын айыптоосуна кабылууну каалабайсыз. Мен болсо, түрк экономикасын уратып, жоопкерчиликти өзүмө алгым келбейт",-деп баштаган Трамп каттын аягында ...

Жарнама үчүн орун!
600 x 50
0 339

“Убакыт кандай гана өзгөрдү”. Бир сүрөттүн баяны

17-октябрь 2019, 17:29 Айдар Нуралиев

2016-жылдын январь айында атактуу актер Арнольд Шварценеггер Инстаграмм баракчасына өзүнүн коло статуясы тургузулган көчөдө жаткан сүрөтүн жүктөп, астына: “убакыт кандай гана өзгөрдү”, -деп жазган. Алгач анын бул кадамына көпчүлүк түшүнгөн деле эмес. Айрымдар артист артисттигин кылып жатат деп да чыгышкан. Анын себеби кийинчерээк гана белгилүү болгон. Биз бүгүн ошондо актердун эмне айткысы келгенине кайрылмакчыбыз. Арнольд Шварценеггер Калифорниянын губернатору болуп ...

0 428

Умрага бараткан 36 зыяратчы жол кырсыгынан көз жумду

17-октябрь 2019, 15:15 Айдар Нуралиев

Сауд Арабияга умрага бараткан 36 зыяратчы 16-октябрда жол кырсыгынан каза болду. Ал эми полиция 35 кишинин өлгөнүн тастыктаган. Бул тууралуу дүйнөлүк маалымат каражаттары жазып чыгышты. Алдын ала маалыматка караганда, кырсык Медина административдик окургундагы аль-Акхаль айылында болгон. Анда зыяратчылар отурган автобус жүк ташуучу унаа менен сүзүшүп, өрттөнүп кеткен. Каза болгондордон сырткары дагы төрт адам ооруканага жеткирилген. Автобустагы зыяратчылар араб жана ...

0 492

“Менин көйнөгүмдү айрып...”. Журналист башкы редактор зордуктады деп айыптоодо

17-октябрь 2019, 09:50 Айдар Нуралиев

Журналист Алина Щеглова “Новгород шаардык гезитинин башкы редактору зордуктады” деп Орусиянын тергөө комитетине арыз менен кайрылган. Арыз менен кайрылган фактыны ведомстводон тастыкташкан. Бул тууралуу Орусиянын маалымат каражаттары жазып чыкты.  Маалыматка ылайык, Щеглова “Новгород” гезитинин башкы редактору Михаил Боголюбовду зордуктады деп күнөлөгөн, журналист кайрылган факт боюнча тергөө иштери жүрүп жатат.  Щеглованын айтымында, аны 27-сентябрга караган түнү редакция “Феникс” конкурсунан алган сыйлыкты майрамдап ...

0 389

Женнифер Энистон бир сүрөтү менен Инстаграммды жарды 

16-октябрь 2019, 15:46 Айдар Нуралиев

Голливуд актрисасы  Женнифер Энистон Инстаграммдан аккаунт ачып, бир сүрөтү менен эле социалдык тармакта популярдуулукка ээ болду.  Ал баракчасына 25 жыл мурун  “Достор” деген сериалына тартылган кесиптештери менен түшкөн сүрөтүн киргизген. Сүрөткө Кортни Кокс, Лиза Кудроу, Мэттом Леблан, Мэттью Перри жана Девид Швимер менен түшкөн.  “Эми биз Инстаграммда да досторбуз. Инстаграмм кандай!”- деп Энистон сүрөттүн алдына жазып койгон. 17 сааттын ...

0 435

ФОТО - Ким Чен Ын ак аргымакка мингенде

16-октябрь 2019, 15:13 Айдар Нуралиев

Түндүк Кореянын лидери Корей жарым аралындагы эң бийик чокуга – корейлер ыйык деп эсептеген Пэктусан тоосуна ат минип чыкты. Бул тууралуу дүйнөлүк басылмалар жазып чыгышты. Маалыматка караганда, элдик республиканын лидери Пэкту тоосуна биринчи кар жааган күнү ак ат минип чыккан. Пэктусан – корейчеден “ак чокулуу тоо” деп которулат. Ал Корей жарым аралындагы эң бийик чекит катары саналат. Бийиктиги – ...

0 117

Барселонада массалык башаламандык уланып жатат

16-октябрь 2019, 12:36 Айдар Нуралиев

Испаниянын Каталониясында калк менен укук коргоо органдарынын ортосунда башаламандык дагы деле болуп жатат. Маалыматка караганда, нааразычылык акциясы 14-октябрда башталган. Митингге чыккандар полиция кызматкерлерине бөтөлкөлөрдү жана башка нерселерди ыргытып, Испания өкмөтүнүн өкүлчүлүгүнө кирүүгө аракет кылышкан. Маалымат боюнча, 8  миңге жакын демонстранттар Каталониянын борбору Барселона шаарынын аэропортунун басып алмакчы болушкан, укук коргоо кызматкерлери демонстранттарды дубинкалар менен уруп, көздөн жаш агызуучу газ ...

0 219

Дүйнөдөгү эң сулуу айым ким экендиги айтылды

16-октябрь 2019, 12:22 Айдар Нуралиев

Жулиан Де Сильва аттуу пластикалык хирург америкалык супермодель Белла Хадид дүйнөдөгү эң сулуу айым деп атады. Ал иликтөө жүргүзүп көрүп, жыйынтыгында Белланын жүзү “алтын кесилишке” максималдуу жакындайт деп аныктаган. Бул тууралуу дүйнөлүк басылмалар жазып чыгышты. Хирург “алтын кесилиштин” формуласы менен бир нече белгилүү адамдардын эриндеринин, мурундарынын, чекесинин жаан жаагынын жайгашышы өлчөп, жүздөрүн эсептеп чыккан. Хадид идеалдуу катыштыкка эң жакыны, ...

0 188

Клип кандай тартылат? Димаштын шаркыратма астында клипке тартылып жаткан учуру

Видео 16-октябрь 2019, 11:31 Айдар Нуралиев

Казакстандык атактуу ырчы Димаш Кудайбергеновдун жаңы клип тартуу учурундагы кадрлар тарады. Ырчы жаңы клибин тартуу үчүн атайын Исландияга барган. “Команданын бардык мүчөлөрү суу болушту. Бирок, бул ага татыктуу болчу”, -деп жазган ырчы өзүнүн жеке баракчасына. Булак: NazarNews.kg

0 215

Казактар алдыга кетти. Нур-Султанда эми жол кирени жүзү аркылуу төлөсө болот

16-октябрь 2019, 11:21 Айдар Нуралиев

Нур-Султанда коомдук транспортто атайын камераны карап жол акысын төлөп кое алгандай кылып жаңы система ойлоп чыгышты. Бул туурасында Казакстандын массалык маалымат каражаттары жазып чыкты. Маалыматка караганда, Face Pay системасын Нур-Султанда өткөн “Astana LRT” жыйынында көргөзүштү. “Бул биометриканын жардамы менен төлөм кабыл алына турган система. Биз Telegramдан атайын катталуучу канал ачтык. Ал жерден ар бир адам  ИИН менен катталып, селфи ...

0 243

Эки Корея өлкөсү футболдон беттешти. Оюнда бир гана ФИФАнын президенти көрүүчү болду

16-октябрь 2019, 11:00 Айдар Нуралиев

Түндүк Корея менен Түштүк Кореянын футбол боюнча курама командалары Пхеньян шаарында беттеш өткөрдү. Оюнда көрүүчүлөр да, камералар да, голдор да болгон жок. Бул тууралуу чет өлкөлүк басылмалар жазып чыгышты. Маалыматка караганда, стадиондо бир гана көрүүчү болгон, ал – ФИФАнын президенти Жанни Инфантино. Түндүк Корея менен Түштүк Кореянын футбол боюнча курама командалары Дүйнө чемпиондугуна тандап алуу турниринин алкагында жолугушкан. Бул ...

0 131

Тарыхый окуя. Биринчи жолу марафон 2 саатка жетпей багынды

Видео 15-октябрь 2019, 18:05 Айдар Нуралиев

Кениялык жөө күлүк Элиад Кипчоге марафон аралыгын 2 саатка жетпей багынткан биринчи адам болуп калды. Бул окуя 12-октябрда катталды. Ал 42 чакырым 195 метр аралыкты 1 саат 59 мүнөт 40 секундда чуркап өткөн. Тилекке каршы, бул рекорд деп расмий түрдө катталбайт, себеби Венада өтүп жаткан бул марафон IAAFтын программасына кирбейт. Ийгилик кокусунан эле жаралып калган жок, Кипчоге рекорд жаратууга ...

0 645

Путин үчүн атайын МАИ. Эмираттарда Путиндин кортежин кайсы унаалар коштоп жүрдү?

Видео 15-октябрь 2019, 17:16 Айдар Нуралиев

Интернетте Орусиянын президенти Владимир Путиндин Бириккен Араб Эмираттарына барган учурундагы кортеждин видеосу чыгып кетти. Владимир Путин расмий сапар менен Бириккен Араб Эмираттарына барган. Абу-Даби шаарында президенттин кортежин жергиликтүү номер тагылган, бирок капотторуна ДПС деп орусча жазылган Мерседестер коштоп жүргөн. Маалыматтарга караганда, бул жазууну Путинге урмат көрсөтүү үчүн чаптап коюшкан. Булак: NazarNews.kg

0 230

Эрдоган улуттук валюта менен соода кылууну сунуштады

15-октябрь 2019, 16:54 Айдар Нуралиев

Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоган түрк тилдүү өлкөлөр улуттук валюта менен соода кылышы зарыл деп билдирди. Бул тууралуу ал бүгүн, 15-октябрда Баку шаарында өтүп жаткан түрк мамлекеттеринин кызматташуу кеңешинде сүйлөп жатып айтты. - Долларды колдонуу тобокелчиликтерди арттырат. Доллардын басымын азайтуучу механизмди иштеп чыгыш керек. Түрк мамлекеттеринин ичинде улуттук валютада гана соода кылуу туура деп эсептейм., -дейт түрк ажосу. Белгилей ...

0 1123

Кей-поп жылдызы Соллинин жансыз денеси табылды

15-октябрь 2019, 16:38 Айдар Нуралиев

Түштүк Кореянын кей-поп жылдызы, F(x) тобунун мурунку солисткасы Солли деген ат менен белгилүү Чхве Ри каза болду. Бул тууралуу чет элдик маалымат каражаттары жазып чыкты. Маалыматка ылайык, 25 жаштагы Соллинин сөөгү Сеулдан алыс эмес аймактагы өз үйүнөн табылган. Ырчы менеджери менен байланышпай калганынан улам, менеджери ырчынын үйүнө барган. Ал жактан кыздын өлүгүн таап, полицияга кабарлаган. “Биздин акыркы баарлашуубуздан кийин, Солли ...

0 537

Көрдө өткөргөн 3 күн. Тирүүлөй көмүлгөн ымыркайды таап алышты

15-октябрь 2019, 15:42 Айдар Нуралиев

Ортодогу баласынан ажыраган жубайлар тирүүлөй көргө көмүлгөн ымыркайды таап алышты. Ымыркай көрдө 3 күндөй жатып калган. Таап алгандар аны биротоло багып алууну каалап жатышат. Бул тууралуу чет өлкөлүк басылмалар жазып чыгышты. Маалыматтарга караганда, Индиянын Уттар-Прадеш штатынын Кумар деген тургунунун келинчеги ара төрөп, натыйжада чарчап калган. Алар чарчап калган ымыркайын мүрзөгө көмгөндөн кийин, жер астынан ыйлап жаткан үндү угушкан. Кумар ый ...

0 181

Собчак жазага тартылабы?

15-октябрь 2019, 14:28 Айдар Нуралиев

Россия Федерациясынын Башкы прокуратурасы “Орусиянын ардагерлери” партиясынын төрагасы Ильдар Резяповдун Ксения Собчактын Крымды ээлик кылуу жөнүндө айткан сөзү боюнча арызын карап чыгат. Бул тууралуу орусиялык маалымат каражаттары жазып чыкты. Маалыматка ылайык, Россия Федерациясынын Башкы прокуратурасына түшкөн арыз алдын ала алынган далилдерди эске алуу менен каралып чыгып, профилдик бөлүмдүн кароосуна киргизилген. Россиянын президенттигине талапкер Собчак 5-сентябрда украиналык “Новое время” радиосунун ...

15-октябрь 2019, 14:28 | 181
Жарнама үчүн орун!
600 x 50
0 150

“Ак шумкарлар” бүгүн тайпада экинчи орунга көтөрүлүшү мүмкүн

15-октябрь 2019, 11:52 Айдар Нуралиев

Кыргызстандын футбол боюнча курама командасы бүгүн, 15-октябрда, 2022-жылы Катарда өтө турган дүйнө чемпионатына тандоо оюндарынын алкагында, Монголия курама командасы менен беттешет. Улан-Батор шаарындагы борбордук стадиондо өтө турган оюн Бишкек убактысы боюнча саат 14:00дө башталат. Курама командабыз Мьянмага каршы матчтан кийин Улан-Баторго учуп кеткен болчу. Тандап алуу оюндары ушул жылдын 5-сентябрында башталган. Кыргызстандын «Ак шумкарлары» алгачкы беттешинде Тажикстанга 0:1 эсеби ...

0 335

Малайзиянын падышасы менен “Москва сулуусу” сүрөт үчүн ажырашканбы?

15-октябрь 2019, 10:56 Айдар Нуралиев

Малайзиянын мурунку падышасы Мухаммад V менен “Москва сулуусу-2015” Оксана Воеводинанын Москвада өткөн үйлөнүү тоюндагы сүрөт социалдык тармактарга тарап кеткени үчүн никеси бузулган. Бул тууралуу чет элдик маалымат булактары жазып чыкты. Маалыматка ылайык, Мухаммад V менен Воеводина 2017-жылы Европада таанышкан. 2018-жылы апрелде Оксана ислам динин кабыл алып, Рихана деген мусулман атка өткөн. Эки айдан кийин экөө мусулмандардын салты менен үйлөнүшкөн. 

Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83