www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Дүйнө жүзүндө
0 226

АУДИО - Өзбекстандын президенти жакынкы аралыкта Японияга барат

Аудиофайл 02-июль 2019, 19:18 Кызгалдак Жакыпова

Бүгүн, 2-июлда Өзбекстандын Республикасынын ИИМ Абдулазиз Комилов Япониянын Өзбекстандагы элчиси Нобуаки Итонини кабыл алды. Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө Өзбекстан менен Япониянын ортосундагы эл аралык, транспорт, телекоммуникация, медицина тармагына токтолуп, мындан ары тыгыз мамилени улантуу боюнча сөз болду.  Аны менен бирге эле Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев жакынкы күндөрү Японияга бара тургандыгы айтылды. Нуриза Молдошова, NazarNews.kg

0 299

АУДИО - Түркиянын президенти Эрдоган Кытайдын мамлекет башчысы Си Цзиньпин менен сүйлөшкөнүн ачыктады

Аудиофайл 02-июль 2019, 20:21 Кызгалдак Жакыпова

Түркиянын президент Режеп Тайип Эрдоган, Түркия жана Кытайдын бирдей көз карашты бөлүшкөнүн айтты. Бул тууралуу маалыматты трт.нет жазып чыкты.  Эрдоган, Кытай Эл Республикасына расмий сапарынан мурда бул өлкөдө англис тилинде чыккан «Глобал Таймс» жана кытайча чыккан «Хуанцю Шибао» гезиттерине жана Синхуа маалымат агенттигине маек куруп берди. Президент Эрдоган, макаласында Түркия-Кытай алакаларынын маанисин баса белгилеп, жаңы дүйнө системасы пайда боло баштаган ушул мезгилде ...

0 346

Президент Эрдоган журналисттерге Трамп менен жолугушуусу тууралуу билдирди

01-июль 2019, 18:24 Кызгалдак Жакыпова

Президент Р. Т. Эрдоган Түркиянын Орусиядан ала турган С - 400дөрдүн биринчи сериясын 10 күндүн ичинде өткөрүп аларын айттып, Японияда АКШнын президенти Дональд Трамп менен өткөргөн жолугушуу тууралуу журналисттерге  маалымат берди. Бул тууралуу маалыматты трт.нет жазып чыкты.  Трамптын басма сөзгө берген маалыматын эске салган Эрдоган: «Өз тобуна карабастан так сөздөрдү айтты. Бул жакшы нерсе. С - 400дөр тууралуу түрдүү жерлерде сөз ...

0 302

"Өлгүңүз келеби?"...анда ыңгайсыз жерлерде селфи кылыңыз....

01-июль 2019, 17:16 Кызгалдак Жакыпова

Франциялык Le Figaro гезити өзгөчө фондо өзүн-өзү сүрөткө тартуу учурунда мерт болгон кишилердин саны өсүп жатканын жазды. Буга байланыштуу айрым өлкөдө бийлик белгилүү эрежелерди киргизүү аракетинде. Бул тууралуу Борбордук Азия жаңылыктары жазып чыкты.  Маселен, Индияда “селфи үчүн атайын зоналар” белгиленди. Орусия полициясы болсо “Коопсуз селфи эрежелерин” киргизип, адам өмүрү өзүн-өзү сүрөткө тартуудан жогору турарын эскертүүдө. 2019-жылы АКШда селфи учурунда ...

0 278

СҮРӨТ - Дүйнөдөгү эң коркунучтуу адамдар

01-июль 2019, 09:41 Кызгалдак Жакыпова

Дүйнө жүзүндө миллиарддаган адамдар бар. Так ушул таптарда дүйнө жүзүндө эмнелер болуп жатканын баарыбызга табышмак. Ошол  эле адамдардын өзүнө жараша баладай болгон кыялдары бар. Алсак айрым адамдар канаттуулар сыяктуу учкусу келсе, айрымдары балык сыяктуу суунун астында сүзгүсү келет. Тилекке каршы айрым адамдар өзүнүн ой тилегин ишке ашыруу үчүн коркунучтуу кадамдарга барып жаныбарларга окшош болууга кадам таштайт. Мисалы Гораций Ридлер ...

0 1523

ВИДЕО - «Чоң жыйырманын» саммитинде АКШ Презиндети Трамп термосто “чай ичиии-ип”...

Видео 29-июнь 2019, 22:14 Кызгалдак Жакыпова

Жакында эле «Чоң жыйырманын» саммити 28-29-июнда Жапониянын Осака шаарында болуп өттү. Саммиттин жүрүшүндө Орусиянын президенти Владимир Путин менен АКШнын президенти Дональд Трамп Жапонияда «Чоң жыйырма» (G20) саммитинин жүрүшүндө жолугуп 1 жарым саат сүйлөштү. Бирок бир жарым сааттык сүйлөшүү ММКларга ачыкталбады. Ошондой эле «Чоң жыйырма» (G20) саммитинде АКШнын президенти Дональд Трамп кечки тамак учурунда термосто чай ...

0 238

Арыстын тургундары бийликтен коопсуз конушка көчүрүүнү талап кылууда

27-июнь 2019, 17:24 Кызгалдак Жакыпова

Чымкентте Арыс шаарынын ондогон тургуну бийликтен коопсуз конушка биротоло көчүрүүнү, үй-жай менен камсыз кылууну талап кылып 27-июнда жөө жүрүшкө чыгышты. Ушул тушта алар шаардагы борбордук аянтка чогулуп жатышат. Жөө жүрүшкө чыккандар жолдон «Нур-Отан» партиясынын облустук штабынын имаратынын алдына токтошту, имаратты ондогон полиция курчап турду. Нааразылар «Арыс көчүрүлсүн!», «Ойгон, казак!» деген ураандарды кыйкырышты. Арыстын 100дөн ашык нааразы тургуну бүгүн, 27-июнда эртең менен «Акмешит» ...

0 227

Орусияда учак кырсыгы

27-июнь 2019, 17:07 Кызгалдак Жакыпова

Орусияга караштуу Бурятияда бир жүргүнчү учагы аэропортко чукул конуу учурунда аянттан чыгып, эки учкуч каза болуп, жыйырма эки жүргүнчү жараланды. Орусия басма сөзүнөн берилген кабарларга караганда Нижнеангарск-Улан-Удэ каттамына чыгуу учун Нижнеангарск аэропортунан учкан АН  - 24 моделиндеги жүргүнчү учагы кыска убакыттан кийин чукул конуу үчүн аэропортко кайтты. Конуу учурунда аянттан чыккан учак бир имаратка урунгандан кийин от алды. 40ка жакын жүргүнчү болгон ...

27-июнь 2019, 17:07 | 227
0 262

Арыстагы жарылууга байланыштуу Кыргыз- Москва каттам жолу токтотулду

Казакстандын Түркстан аймагындагы Арыс шаарында аскердик ок-дары кампасында удаама-удаа жарылуу болду. Жарылуулардын себебинен чыккан өрттө 16 киши жаракат алган жана бир адам набыт болгону айтылууда. Өрттү өчүрүүгө көп сандаган өрт өчүргүч жана тез жардам топтору барган. Аталган жарылууга байланыштуу “Кыргыз темир жолунун” Бишкек-Москва багытындагы №17 жүргүнчүлөрдү ташыган поезди токтотулат. Бул тууралуу аталган мекемеден кабарлашты. Каттам качан жүрө турганы боюнча маалымат айтылган эмес. Белгилей ...

0 699

ФОТО - Электрондук тамеки жаш жигиттин оозунда жарылды

22-июнь 2019, 11:17 Айдар Нуралиев

Американын Невада штатында электрондук тамеки өспүрүмдүн оозунда жарылып кеткен. Бул тууралуу NBC News маалымат порталы кабарлайт. 17 жаштагы Остин Адамс чылым чегүүнү таштоого аракет кылып жаткан. Анын энеси баласына, чылым тарткысы келип кыйналганда, жардам болсун деп электрондук аппарат алып берген. Жаш жигит алгач ирет электрондук чылымды оозуна салганда, ал жарылып кеткен. “Остин үйгө оозун жапкан бойдон чуркап ...

0 366

Чочко ылаңы Азияда коркунуч жаратууда

21-июнь 2019, 17:38 Айдар Нуралиев

Азия өлкөлөрүндө өтө кооптуу чочко ылаңы жайылып жатат. Ылаң Лаос, Гонконг, Тайван, Түндүк Корея, Камбожа жана Монголия өлкөлөрүндө катталды. Айым эксперттердин айтымында, абал көзөмөлдөн чыгып кетет деген коркунуч бар. Кытайда миллионго жакын чочко кырылды. Жаныбарлардын саламаттыгын коргоо боюнча эл аралык уюм 20-июнда Вьетнамда ылаңдан улам 2,6 миллион чочко жок кылынганын билдирүүдө. Ушуну менен катар эле, азырынча адамдар үчүн чочко ылаңын сактануу ...

0 1518

Орусиялык депутат Грузиядагы миңдеген адамдар катышкан митингдин күнөөкөрү болду

21-июнь 2019, 10:27 Айдар Нуралиев

Орусиялык депутаттын жоругунан улам, Тбилисиде миңдеген каршылык акциясына чыгышты. Полиция аларга карата көздөн жаш агызган газ жана желим ок колдонушкан. 20-июнда түнү парламенттин алдына чогулган демонстранттардын 70ге чукулу жарат алып, 39ун полиция кармап кетти. Маалыматка ылайык, орусиялык депутат Сергей Гаврилов Тбилисиге  Православия боюнча парламенттер аралык ассамблеяга төрагалык кылуу үчүн барып, грузин спикеринин креслосуна отурганы демонстрациянын себеби болду. Нааразы болгон ...

0 4319

ВИДЕО: “Комик” президент Зеленский Меркель калтырап баштаганда “колтуктап” койгонго жараган жок

Видео 20-июнь 2019, 09:48 Кызгалдак Жакыпова

Украинанын “комик” президенти Владимир Зеленский Германия канцлери Ангела Меркель менен жолугушуу учурунда Ангела Меркелди калтырак басып кетип, абала начарлаганын бир нече дүйнөлүк басылмалар жазып чыгып, талкуу кылышууда. Чыны менен видеотасмада көрүнүп тургандай Ангела Меркель менен Владимир Зеленскийдин расмий жолугушуусу учурунда Ангела Меркелдин абалы начарлап баштаса дагы көмөк көрсөтпөгөндүгү көрүнүп турат. Зеленскийдин мындай кадамы дүйнө элин таң калтырып, ар ...

0 1150

Грегуар Манжа: “Камакта жаткан Гулнара Каримованын абалы оор”

19-июнь 2019, 18:15 Кызгалдак Жакыпова

Женевадагы Mangeat Attorneys at Law жактоочулук борборунун башчысы Грегуар Манжа Өзбекстандын тунгуч президенти Ислам Каримовдун кызы Гулнара Каримова менен жолукканы колонияга барып абалы менен таанышып кайткан. “Каримова менен жолугуп кайттым. Анын абалы оор.  Кан басымы жогору. Бир нече жолу эс-учун жоготкон. Ал медициналык жардамга муктаж” - деген Грегуар Манжа Twitterдеги баракчасына. Андан сырткары жактоочу, анын өз башымчалык аракеттерин токтотууга ...

0 544

Индияда 50 градус ысыкта 70тен ашуун адам көз жумду

18-июнь 2019, 16:40 Кызгалдак Жакыпова

Индиянын түндүк-чыгышындагы Бихар штатында бир айдан бери болуп жаткан ысык аптап 70тен ашык адамдын өмүрүн алды. Бул тууралуу Синьхуа маалымат агенттиги жазды. Маалыматка ылайык, айрым аймактарда абанын температурасы 50,8 градуска жетип, Индиянын тарыхында рекорддук көрсөткүчкө жакындаган. Буга чейин Индиядагы аптаптан 36 киши каза тапканы айтылган болчу. Ошондой эле бүгүн, Индиянын медициналык уюму дарыгерлердин коопсуздугун талап кылып, 24 сааттык нааразычылык ...

0 215

Зеленский Меркел менен жолугат

Украин президенти Владимир Зеленскийдин Берлинде канцлер Ангела Меркел менен жолугушуусу күтүлүүдө. Маалыматка ылайык, эки өлкө лидери Минск келишимдерин ишке ашыруу маселесин, орусиячыл жикчилдер ээлеп алган чыгыш Украинадагы кырдаалды талкуулашат. Ошондой эле «Түндүк агым - 2» газ куурун салуу пландалууда.  Куур Орусиядан жаратылыш газын Балтика деңизинин түбү менен Германияга ташымак. Бирок долбоор АКШнын Москвага ...

Жарнама үчүн орун!
600 x 50
0 1037

Президент уулун губернатор кылды

Түркмөн президенти Гурбангулы Бердимухаммедовдун жалгыз уулу Сердар Бердимухамедовду  Ахал провинциясынын башчысы кылып дайындады. Түркмөнстандын мамлекеттик маалымат агенттигинин маалыматында, мындай буйрукка президент Гурбангулы Бердимухамедовкол койгон. Ахал провинциясы - мурдагы Ашхабад облусу. Быйыл январдан бери 37 жаштагы Сердар Бердимухаммедов облус жетекчисинин орун басары болуп иштеп келаткан. Ал куралдуу күчтөрдүн подполковниги. 2016 жылы президенттин уулу парламентте депутаттык мандатка ээ ...

0 201

Франциянын Чыгыш Жер Ортолук деңизде сөз сүйлөө укугу жок

Президент Режеп Таййип Эрдоган, Франциянын Чыгыш Жер Ортолук деңизде сөз сүйлөө укугу жок экенин айтты.Бул тууралуу TRT сайты жазып чыкты. Президент Эрдоган Тажикстандан кайтып келе жатканда журналисттердин суроолоруна жооп берди. Франциянын президенти Эммануэль Макрондун айткандарына сереп салган Эрдоган:"Чыгыш Жер Ортолук деңизде сөз сүйлөө укугу болгондор сүйлөй алат. Франциянын Чыгыш Жер Ортолук деңиз тууралуу сөз сүйлөө укугу кайдан чыкты? Франция жээктешпи? Мындай нерсе ...

0 498

ВИДИО:Путин Си Цзиньпинге туулган күнүндө балмуздак менен торт белек кылды

Видео 15-июнь 2019, 17:53 Айдар Нуралиев

Кытай лидери быйыл 66 жашка толду. Россия президенти Владимир Путин Кытай лидери Си Цзиньпинге туулган күнүнүн урматына балмуздак менен торт белек кылды.  Туулган күнгө арналган чакан иш-чара Душанбеде Азиядагы кызматташтык жана ишеним чараларынын 5-cаммитинин алдында болуп өттү. ​РФ президентинин маалымат катчысы Дмитрий Песков Путин Си Цзиньпинди анын резиденциясына барып куттуктаганын айтты. Булак: NazarNews.kg  

0 261

Оман кысыгындагы кемелерге Иран кол салды

15-июнь 2019, 15:37 Айдар Нуралиев

АКШнын президенти Дональд Трамп Оман кысыгында нефть танкерлерине жасалган кол салууларды Ирандын жасагандыгын айтты. Трамп бул маалыматты Fox Newsка берген интервьюсунда берди. Трамп : «Иранды кантип токтотосуңар»,- деген суроого «Көрөбүз»,- деп жооп берди жана Ормуз кысыгынын жабылбай тургандыгын, жабылса да мунун көпкө созулбай тургандыгын жактады. Оман кысыгында эки чоң нефть танкеринде жарылуулар болгон. Танкерлердеги 44 кишилик экипаж Иран изилдөө – куткаруу топтору тарабынан ...

0 598

АКШнын Мамлекеттик департаментинин кызматкери Тажикстандык аялын атып өлтүрдү

14-июнь 2019, 10:21 Айдар Нуралиев

7-июнда эртең менен Вашингтондогу үйүнөн Тажикстандан чыккан 45 жаштагы Лола Голумованын жансыз денеси табылган. “Ахбор” жазып чыкты. Полиция эшикти талкалап үйгө киргенде, Голумованын ажырашып жаткан жолдошу Джейсон Риффтин өзүн-өзү атканын да көрүшкөн. Ал ооруканага жеткенде башка атылган октон каза болуп калган. Полициянын божомолунда, АКШнын Мамлекеттик департаментинин кызматкери алгач жубайын өлтүрүп, андан соң өзүн ...

0 285

Окумуштуулар кант диабетин пайда кылган үч себепти атады

13-июнь 2019, 20:37 Айдар Нуралиев

Үч ири иликтөөнүн жыйынтыгы туура эмес тамактануу диабеттин өрчүшүнө чоң таасир этерин көрсөткөн. Рациондогу B12 витамининин көптүгү, жашылча-жемишти аз колдонуу, негизи эле туура эмес тамактануу кант диабетин пайда кылат. Бул тууралуу Medicalxpress АКШ окумуштууларына таянып жазды. Үч ири иликтөөнүн жыйынтыгы туура эмес тамактануу диабеттин өрчүшүнө чоң таасир этерин көрсөткөн. "Жашылча-жемишти, сүт жана эт азыктарын аз жеген адам кант диабетине чалдыгышы мүмкүн. Ошол эле ...

0 244

Дмитрий Медведевдин  твиттерин  хакерлер талкалашкан

13-июнь 2019, 10:21 Айдар Нуралиев

Хаккерлер Орусиянын премьер-министри Дмитрий Медведевдин  твиттердеги (Twitter) аккаунттун талкалап киришкен. Бул тууралуу РИА Новости билдирет. Интернет-колдонуучулары орус өкмөт башчысынын атынан Ирактын Орусиядагы элчиси Хайдар Хадинин жарыялоосуна  кызыктай жооптор жазылып жатканын байкашкан.Комментарийлерди тез  эле өчүрүп салышкан. Орусия өкмөтүнүн өкүлдөрү, Медведевдин каттоо тизмесине кирүү калыбына келгендигин такташты. Булак: NazarNews.kg

0 187

Жапониянын өкмөт башчысы Иранга баратат

12-июнь 2019, 18:46 Кызгалдак Жакыпова

Жапониянын премьер-министри Синдзо Абэнин Ирандагы расмий сапары башталууда. Мындай жогорку даражадагы жапон аткаминери Тегеранга 1978-жылдан бери бара элек болчу. Тегеранда жапон өкмөт башчысы Абэ аятолла Али Хаменеи жана президент Хасан Роухани менен жолугушат. Жолго чыгаардын алдында Синдзо Абэ Жакынкы Чыгыштагы чыңалган абалга тынчсызданып турганын айткан эле. - Бул чөлкөмдөгү тынчтыкка жана туруктуулукка күчүм жетишинче салым кошкум келет, - деди ал. Сүйлөшүүлөрдүн негизги темасы ...

0 373

ВИДЕО - Ханзаада Гарринин Меган Марклга берген кымбат белегинин сыры чечмеленди

Видео 12-июнь 2019, 11:58 Айдар Нуралиев

Журналисттер герцогиня Мегандын королева Елизавета II нин 9-июндагы салтка айланган туулган күн кечесиндеги жаңы  “түбөлүк шакегинин” сырын чечмелөөгө өтүштү. Бул тууралуу People жазып чыкты. Маалыматка ылайык, аталган шакекти ханзаада Гарри алардын үйлөнүү үлпөтүнүн бир жылдык датасында “түбөлүк шакегин” белек кылган. Мындай бриллиант менен шөкөттөлгөн, түбөлүктүүлүктү баяндаган кымбат шакектерди  маанилүү окуядан кийин салтуу түрдө белек кылат. Мисалга, туулган ...

0 244

Москвада спортчунун өлүмүнө шектелип алты тажик жараны кармалды

12-июнь 2019, 09:49 Кызгалдак Жакыпова

Москвада грек-рим күрөшү боюнча спорттун чебери Сергей Чуевдин өлүмүнө шектелип Тажикстандын алты жараны кармалды. Бул тууралуу ТАСС маалымат агенттиги Москва шаардык тергөө башкармалыгындагы өз булактарына таянып билдирди. Алгач орусиялык ЖМКлар 34 жаштагы Сергей Чуев ишембиге оогон түнү Москвада кош бойлуу келинди бейбаштардан коргоо маалында өлтүрүлгөнүн кабарлашкан. Бирок Орусиянын Тергөө комитети бул маалыматты четке кагып, спортчу топтошкон адамдар жолдон өткөрбөй ...

0 257

Орусия мекенине кайткан Кыргызстан, Казакстан жана Армения мигранттарына пенсия төлөйт

12-июнь 2019, 09:42 Кызгалдак Жакыпова

Орусия Евразия экономикалык биримдигине мүчө өлкөлөрдөн – Армения, Беларус, Казакстан жана Кыргызстандан келген эмгек мигранттары мекенине кайтса да, аларга пенсия төлөй баштайт. Учурда биримдик ичинде жарандарды пенсия менен камсыздандыруу боюнча документ даярдалууда. Төлөм 2020-жылдан баштап жүргүзүлөт жана анын суммасы улам көбөйүп турат. Бул тууралуу РБК агенттиги билдирди. Азыркы норма боюнча Орусия бул өлкөдө туруктуу жашаган кишилерге гана пенсия төлөйт. ...

0 214

Зеленский тышкы чалгындоо жетекчилигине "Батькивщинанын" депутатын дайындады

12-июнь 2019, 09:39 Кызгалдак Жакыпова

Украина президенти Владимир Зеленский Тышкы чалгындоо кызматынын жаңы жетекчисин дайындоо жөнүндө жарлыкка кол койду. Бул орунга "Батькивщина" партиясынан депутат Владислав Бухарев дайындалды. 2014-жылы Украинада бийлик алмашкандан кийин Владислав Бухарев Украинанын Коопсуздук кызматынын башчысынын орун басары болгон. Ушул эле жылы ал Юлия Тимошенконун "Батькивщина" партиясынан депутат болуп шайлангандан кийин кызматын тапшырган. Украин ММКлары билдиргендей, Бухарев Орусия Федералдык коопсуздук кызматынан “Күжүрмөн ...

0 162

Пакистан президенти коррупция менен кармалды

11-июнь 2019, 09:24 Айдар Нуралиев

10-июнда Пакистандын мурдагы президенти Асиф Али Зардари коррупцияга айыпталып, резиденциясынан Коррупцияга каршы агенттик кармап, камакка алынды. Зардари менен кошо анын карындашы Фарьял Талпур бир миллион долларга жакын акчаны жеке банк эсептерине которуп келишкен деп айыпталууда. Тергөөнүн мындай версиясын Зардари менен Талпур четке кагып жатышат. Имран Хан өкмөт башчылыкка киришкенден бери коррупцияга айыпталып бир нече саясатчы камалган. Булак:NazarNews.kg

0 233

Путин Түркия - Орусия кызматташуусун мактады

10-июнь 2019, 16:46 Айдар Нуралиев

Орусиянын президенти В. Путин Санкт Петербург эл аралык экономикалык форумунда сүйлөгөн сөзүндө Түркия менен Орусиянын энергетика тармагындагы кызматташуусуна баа берди. Бул тууралуу Тrt сайты жазып  чыкты. Түштүк Агым жана Түндүк Агым сыяктуу долбоорлорунун терсине Түрк Агым долбоорунда Түркия менен Орусиянын ортосундагы ийгиликтүү кызматташтыкты баса белгилеген Путин сөзүн төмөнкүчө улантты : "Түркия менен Түрк Агымдын курулушу тууралуу келиштик жана президент Р. Т. Эрдогандын саясий ...

0 243

Германия: 85 адамды өлтүргөн санитар өмүр бою эркинен ажыратылды

07-июнь 2019, 11:12 Кызгалдак Жакыпова

Ольденбург шаарынын соту мурдагы санитар Нилс Хёгелди өмүр бою эркинен ажыратты. Хёгел 2000-2005-жылдары эки ооруканада 85 адамды өлтүрүүгө күнөөлүү деп табылды. Хёгел сотто бейтаптардын жакындарынан жана досторунан кечирим сурады. 42 жаштагы санитар Ольденбург жана Демменхорст шаарларындагы ооруканаларда иштеген. Ал оорулуу адамдарды өлтүрүп жатканы тууралуу шектенүү 2005-жылы жайында пайда болгон: клиниканын кызматкерлеринин бири Хёгел оорулууга өтө көп дары берип жатканын ...

0 642

Муссонинин ойношу

Диктаторлордун тагдыры ар кандай болуп бүтөт. Кээ бирөөлөр өз өлүмү менен өлсө, айрымдары киши колдуу болушкан. Ал эми италиялык диктатор Бенито Муссонини болсо өз мекендештеринин колунан ажал тапкан. Партизандар аны жөн гана атып салышпастан, денесин кескилеп, адам тааныгыс абалга жеткиришкен. Италиядагы бүт бийликти өз колуна топтоп алган диктатор, экинчи дүйнөлүк согушта Гитлердин ишенимдүү союздашы катары Муссолини Албания менен Ливияда марионеткалык ...

30-май 2019, 18:55 | 642
Жарнама үчүн орун!
600 x 50
0 284

АУДИО - Япония менен Орусия салттуу эмес коркутуулар туурасында сүйлөштү

Япония жана Орусия ядердик куралдарды таратпоо, андан тышкары салттуу эмес коркунуч боюнча кызматташууну улантууну сүйлөшкөндүгүн Жапониянын Тышкы иштер министри Таро Коно билдирди. Эки өлкөнүн дипломаттиялык жана коргонуу мекемелеринин башчылары "2+2" форматында жолугушкан. “Биз салттуу эмес коркутууларга каршы туруу жаатында, аймактык жана эл аралык коопсуздукта ядердик куралданууну жайылтпоо маселелерин талкуулоону улантабыз. Мындан ары да Орусия менен Япониянын эл аралык деңгээлде ...

0 409

АУДИО - Михаил Саакашвили Украинага кайтып келди

Аудиофайл 30-май 2019, 10:28 Нурайым Рысмамбетова

Грузиянын экс-президенти Михаил Саакашвили 29-майда Украинага кайтып келди. Аны түмөндөгөн адамдар «Миша!» деп ураан чакырып тосуп алды. Украинанын президенти Владимир Зеленский буйрукка кол коюу менен Саакашвилиге украин жарандыгын кайтарып берди. Мамлекеттик чек ара кызматы болсо Одесса облусунун экс-губернаторунун өлкөгө киришине тоскоолдук болбой турганын айткан. Эске салсак, Зеленскийге жазган катта саясатчы аны ...

0 180

АУДИО - Президент Эрдоган Азербайжанды куттуктады

Аудиофайл 29-май 2019, 15:50 Нурайым Рысмамбетова

Президент Рэжеп Тайип Эрдоган, Азербайжан Республикасын түзүлгөндүгүнүн 101 жылдыгы менен куттуктады. Бул тууралуу TRT сайты жазып чыкты. Президент Эрдоган социалдык медиа баракчасы Твиттерден бөлүшкөн билдирүүсүндө: «Азербайжан Республикасынын түзүлгөндүгүнүн 101 жылдыгын чын дилден куттуктаймын. Дос жана боордош Азербайжан элине жана президенти Илхам Алиев тууганыма жеке өзүмдүн жана улутумдун атынан салам жолдоймун»,- деди. Президент Эрдоган ушул эле билдирүүсүн Азербайжан түркчөсү менен да бөлүштү.

0 395

АУДИО - Экс-мэр аялын өлтүргөнүн мойнуна алды

Аудиофайл 29-май 2019, 09:50 Нурайым Рысмамбетова

Тегерандын рефарматор мэри катары белгилүү болгон Муххаммед Али Нажафи аялын өлтүргөнүн мойнуна алгандыгын Тегерандын прокурору 28 – майда билдирди. Маалыматка ылайык, бир канча жеринен ок жеп каза болгон Митра Остад кечээ, 28-майда үйүнөн табылган. Ал мэрдин экинчи аялы болгон. Буга чейин, экс-мэр Мухаммед Али Нажафи  жаш кыздар бийлеген иш-чарага катышкандыгы үчүн сынга алынып, ...

0 168

АУДИО - Түркия менен Куба мамлекети биргеликте ракка каршы дары-дармек чыгарат

Аудиофайл 28-май 2019, 11:30 Нурайым Рысмамбетова

Түркиянын Саламаттык сактоо министрлиги, рак вакцинасы жана ракка каршы дарыларды биргелешип өндүрүү максатында Куба менен бирдикте жумушчу топ түзүү чечимине келди. Ушул алкакта Кубанын жогорку даражалуу делегациясынын Түркияга келиши күтүлүүдө. Түркиянын Саламаттык сактоо министри Фахреттин Кожа, кубалык кесиптеши Хосе Анхель Портал Миранда менен 72-Дүйнөлүк Саламаттык сактоо ассамблеясына кошулуу үчүн барган Швейцариянын Женева шаарында жолугушту.

0 165

Эрдоган ТКТРнын Премьер-министри Татарды куттуктады

Эрдоган, Түндүк Кипр Түрк Республикасынын премьер-министри болуп шайланган Эрсин Татар менен ТКТРнын вице-президенти жана тышкы иштер министри Кудрет Өзерсай менен телефон аркылуу байланышып куттуктады. Бул тууралуу TRT.net сайты жазып чыкты. Президент Режеп Таййип Эрдоган, Түндүк Кипр Түрк Республикасынын премьер-министри болуп шайланган Эрсин Татар менен ТКТРнын вице-президенти жана тышкы иштер министри Кудрет Өзерсай менен телефон аркылуу байланышып куттуктады. Президент Эрдоган, телефондогу сүйлөшүүсүндө ТКТРда ...

0 214

Трамп Япониянын жаңы императору менен жолугушту

АКШ президенти Дональд Трамп дүйшөмбүдө, Япониянын жаңы королунун кабыл алган алгачкы чет элдик коногу болду. Токиодо өткөн аталган расмий жолугушууну  NHK каналы түз алып көрсөттү. Американын президентин тосуп алууда сарайдын алдында кызыл килем төшөлүп, атайын кайтаруу коюлган. Эки өлкөнүн гимни ойнолду. Андан кийин, эки өлкөнүн лидерлери жубайлары менен учурашты. Кечинде Трамп жубайы менен сый тамакта кабыл алынды. Нарухито – чет жерде билим ...

0 266

SpaceX интернет спутниктерин космоско учурду

25-май 2019, 19:23 Айдар Нуралиев

Америкалык ракета жана космостук спутник өндүрүүчүсү SpaceX Falcon 9 ракетасы менен 60 интернет спутнигин космоско жиберди. Фирманын социалдык бөлүшүү сайты твиттер эсебинен берилген маалыматында спутник аркылуу интернет менен байланышуу долбоору Starlink үчүн 60 спутниктин АКШнын Флорида аймагындагы Cape Canaveral космостук базасынан ийгиликтүү учурулгандыгы билдирилди. SpaceXтын куруучусу жана жогорку мартабалуу башкаруучусу Елон Муск андан мурда берген маалыматында Starlink долбоорунун негизинде космоско жибере турган ...

0 233

Президент Эрдоган - Гай Райдер жолугушуусу

Президент Р. Т. Эрдоган 12 -  иш алып баруу парламентинин жыйыны үчүн Түркияга келген Эл аралык эмгек уюмунун башкы директору Гай Райдерди кабыл алды. Бул тууралуу trt сайты жазып чыкты. Борбор шаар Анкарада Анкара соода кабинети Конгрессиндеги басма сөзгө жабык өткөн кабыл алуу жарым саатка созулду. Кабыл алууда президенттиктин коммуникация боюнча төрагасы Фахреттин Алтун, президенттиктин катчысы Ибрахим Калын, үй  - бүлө, эмгек жана ...

0 420

Саакашвили Зеленискийден украин жарандыгын кайтарууну өтүндү

Грузиянын мурдагы президенти жана Одесса облусунун экс-губернатору Михаил Саакашвили Украинанын президенти Владимир Зеленскийге кайрылып, ага украин жарандыгын кайтарып берүүнү өтүндү. Бул тууралуу Зеленскийдин администрациясына кат жиберген Саакашвилинин адвокаты билдирди. Зеленскийге жазган катта саясатчы аны Украинанын Конституциясын жана эл аралык укуктарды бузуу менен аны жарандыктан ажыратышканын белгилеген. Ага 2015-жылы Петр Порошенко украин жарандыгын берүү менен аны ...

0 154

Путин, Макрон жана Ангела Меркель телефондон сүйлөшүштү

Орусиянын президенти Владимир Путин, Франциянын президенти Эммануэль Макрон жана Германиянын канцлери Ангела Меркель менен Сирия, Украина жана Иран тууралуу сүйлөшүү өткөрдү. Бул тууралуу TRT сайты жазып чыкты. Кремлдин маалымат борборунан билдирилгендей Путин, Макрон жана Меркель менен телефон аркылуу сүйлөшүү өткөрдү. Телефондогу сүйлөшүүдө Сирия маселеси каралганы белгиленген билдирүүдө, «Путин, Сириянын түндүк батыш жагындагы абалды ыраатуулукка жеткирүү, жарандарды коргоо жана террор коркунучун жок кылуу ...

0 495

Түркмөнбашынын энеси оор акыбалда

Түркменистандын президентинин энеси Огулабат Бердымухамедова оор акыбалда жаткандыгын TurkmenYurt жазып чыкты. Жашы жетип калгандыктан жана өнөкөт ооруларынын айынан Огулабат дайыма дарыгердин көзөмөлүндө болгон. Туркмен Юрт ТВден кабарлагандай, учурда ал немец дарыгерлер тобунун карамагында. Азыр президенттин энесин жасалма дем алдыруучу аппаратка жаткырышкан. Ал жакта Түркменистандын Саламаттыкты сактоо министри, оорукананын башкы дарыгери жана бөлүм башчы жүрөт. Түркиянын Салматтыкты сактоо министрлигинин маалыматында, ...

0 335

АУДИО - 10 жылдан кийин кандай самолётто учабыз?

Аудиофайл 21-май 2019, 14:23 Кызгалдак Жакыпова

Улуу Британиянын жаңы технологиялар боюнча борбору авиажүргүнчүлөрдү ташуу тармагында бурулуш жасаганга даяр. Алар самолёттордун терезелерин алып салып аларды самолёттун узундугу менен барабар болгон сенсордук дисплей менен алмаштырууну пландашууда. Мындай экрандар самолёттун тышына орнотулган камера аркылуу сыртты ичкериге көрсөтүп турат. Изилдөөчүлөрдүн айтымында терезелер жүргүнчү ташыган самолёттор үчүн керексиз жүк экен. Терезесиз жалаң дубалдан турган самолёт бекем болуп, жука да жасалат. ...

0 697

Адам териси менен мукабаланган китеп

Гарвард университети дүйнөдөгү эң кадыр-барктуу жогорку окуу жайларынын катарында турат. Университет аны бүтүрүп чыккан миллиардерлердин көптүгү жана абдан чоң китепканасы менен даңкы чыккан. Дал ушул китепкана Гарварддын атын жаман жагынан дүңгүрөттү. Жакында китепкана кызматкерлери китептерди кайрадан тизмектеп жатышып сырткы мукабасы шек туудурган 3 китеп таап алышкан. Адистердин жардамы менен бул китептердин мукабасы адамдын терисинен жасалгандыгы белгилүү болду. Бир китептин тышы адамдын али ...

0 403

Украинада Петр Порошенко Мамлекеттик саткынчылыкка айыпталууда

Украинанын экс-президенти Виктор Януковичтин админстрация башчысынын орун басары Андрей Портнов, Петр Порошенконун үстүнөн укук коргоо органдарына арыз жазгандыгын Lenta.ru. жазып чыкты. Портнов, Порошенкону мамлекеттик саткынчылык, бийликти басып алууга далаалаттануу жана кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу боюнча айыптоодо. Маалыматка ылайык, Порошенкого каршы 10 кылмыш иши ачылган. Алардын арасында, мыйзамсыз баюу, пара берүү ж.б. күнөөлөр койулган. Булак:NazarNews.kg

0 225

Украинанын өкмөт башчысы кызматтан кетерин билдирди

Украинанын премьер-министри Владимир Гройсман иштен кетерин жарыялады. Ал өкмөттүн 22-майдагы жыйынында кызматын тапшырып берерин дүйшөмбүдөгү телекайрылуусунда айтты. Мурдагы президент Петро Порошенконун саясий биримдигинин мүчөсү болгон Гройсман кийинки парламенттик шайлоого катыша турганын белгиледи. 20-майда Зеленский Украинанын президенти катары иннагурациядан өтүп, мамлекет башчысы катары толук ишине киришти. Раданын келерки шайлоосу ушул жылдын октябрь айына пландалууда. Депутаттардын ...

Жарнама үчүн орун!
600 x 50
0 298

Трамп Иранды дагы бир жолу коркутту

Трамп Твиттер баракчасынан Иранга байланыштуу чыңалууну күчөтө турчу сөздөрдү айтты. Бул тууралуу TRT сайты жазып чыкты. Трамп Твиттер баракчасынан Иранга байланыштуу чыңалууну күчөтө турчу сөздөрдү айтты. Дональд Трамп билдирүүсүндө: «Эгерде Иран согушукусу келсе, бул Ирандын акыры болот. Эч качан АКШны дагы бир жолу коркутпа!»,-деген сөздөргө орун берди. Трамп башкаруучулугу, 2015-жылы кол коюлган атомдук келишимден 2018-жылдын 8-майында чыкканын билдирген болчу. Андан кийин Тегеран башкаруучулугунун мунай зат ...

0 14911

Жер астында жоголгон шахтёр 17  жылдан кийин тирүү табылды

Жашоодо ойго келбеген нерселер болорун Кытайдын Синьцзян провициясындагы катталган окуя далилдейт. Шахтерлор тобу, 17 жыл жыл мурун жер титирөөдөн улам, жер астындагы өтмөктүн эки ири көлөмдөгү аянты урап калган эски шахтадан галлереяга кеткен жол табышкан. Галлереяны изилдеп жатышып, жер алдынан 1997-жылы болгон кырсыктан калып кеткен 59 жаштагы адамды табышкан. Ал киши абдан жаман акыбалда болгон. Шахтерлор аны дароо эле ...

Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83