www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Дүйнө жүзүндө
0 202

Окшош бекен? Соцтармактарда Путин менен Грета Тунбергдин окшоштугу талкууланууда

14-ноябрь 2019, 09:49 Бакыт Молдалиев

Twitter социалдык тармагынын колдонуучулары Грета Тунбергдин сүрөтүн Орусиянын президенти Владимир Путинге окшоштуруп, катуу талкуу кылып жатышат. Стрит-арт портрети АКШнын Калифорния штатындагы Сан-Франциско шаарында жайгашкан үйлөрдүн бириндеги дубалда пайда болгон. Кээ бир колдонуучулар Грета Орусиянын президенти Путиндин кызы деп тамашалашууда. Айрымдары болсо, “Коммунисттер Гретаны АКШны жана капитализмди жок кылыш үчүн жиберишкен” деп пикирлерин калтырып жатышат.

0 310

ВИДЕО – Венеция суу алдында калды

Видео 13-ноябрь 2019, 17:56 Кызгалдак Жакыпова

Италиянын Венеция шаары катуу жаандын кесепетинен суу алдында калды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.  Маалыматка ылайык, шаарды  каптаган суунун деңгээли 1,83 метрди түзөт. Акыркы жолу Венецияда мындай суу ташкыны 1966-жылы болгон жана суунун деңгээли 1,94 метрди түзгөн.  Учурда аталган шаардын 80 пайызын суу каптап турат. Шаарда бала бакчалар, мектептер жабылды. Көптөгөн кемелер талкаланып, суу аларды жээкке айдап ...

0 153

Алдамчылык кылып качып жүргөн аял төрөтканадан кармалды

13-ноябрь 2019, 17:55 Айдар Нуралиев

Ири өлчөмдөгү алдамчылыкка шектелип издөөдө жүргөн аял кайтаруу астында төрөдү. Бул тууралуу орус басылмалары жазып чыгышты. Маалыматка караганда, 12-ноябрда 27 жаштагы өзбекстандык мигрант аял Санкт-Петербург шаарындагы төрөтканалардын бирине түшкөн. Аны ушул эле шаардын Пульково көчөсүнөн “Тез жардам” алып кеткен. Төрөткананын дарыгерлери чет элдик жаранды каттоого алуу тууралуу полицияга кабар беришкен. Каттоого алуу учурунда, бул аялдын 2018-жылдын декабрь айынан бери ...

0 230

ВИДЕО - Мас айдоочу МАИчилерге ырдап берди

Видео 13-ноябрь 2019, 16:16 Айдар Нуралиев

Мас айдоочу МАИ кызматкерлерине балалайканын коштоосунда ырдап, майрамдык концерт тартуулады. Бул окуя Москвада болгонун “Москва 24” телеканалы маалымдаган. Маалыматка ылайык, Жол кыймылын тескөөчү инспекторлор ары-бери буруп унаасын айдап келе жаткан айдоочуну токтотушкан. Текшерүү учурунда, айдоочу мас болуп чыккан. МАИчилер мас айдоочуга карата документтерди толтуруп жатышканда, айдоочу аларга балалайканын коштоосунда ырдап берип турган. Шайыр айдоочу медициналык экспертизадан өтүүдөн баш тарткан.

0 657

ВИДЕО - Өзбек ырчысы бийликке чакырык таштады

Видео 13-ноябрь 2019, 15:58 Кызгалдак Жакыпова

Өзбекстандын белгилүү ырчысы Лола Юлдашеванын “Севгини менга айт-2” ырына видеоклип жарык көрдү. Клипте ал Өзбек бийлигинин кээ бир тармактарын мазактагандыктан,  клип бир нече сааттын ичинде өзбек шоу-дүйнөсүндө катуу талкууга түштү.  Клибинде Лола ата-мекендик шоу-бизнестеги тыюуларды шылдыңга алган. Клипке комментарий жазгандардын көпчүлүгү ырчынын бул кадамына суктанып жатышканын, клипти бийликке карата “чакырык” катары кабыл алышканын жазышкан. Ошондой эле, Лоланын айрым фанаттары ...

0 377

Стамбулда өлтүрүлгөн Саймаити кандай кол коёт?

13-ноябрь 2019, 15:00 Айдар Нуралиев

Белгилүү журналист Нарын Айып Фейсбук баракчасына Стамбулда өлтүрүлгөн Саймаитинин койгон колдорун салыштырган. Ал “Өлтүрүлгөн Айэркен Саймаитинин Түркияда алган айдоочулук күбөлүгүндө коюлган колу жана 29-майда “Азаттык” көрсөткөн анын колу менен АКШлык Адам Стэнфилддин койгон колу”, -деп жазып коюлган колдорду салыштырган. Айэркен Саймаитинин Түркияда алган айдоочулук күбөлүгүндө коюлган колу Айэркен Саймаитинин 29-майда “Азаттык” көрсөткөн колу

0 3913

Айеркендин айдоочусу уйгур. Атамбаевдин “иттиги”, Тайырбек “тостоктун” чыккынчылыгы...

13-ноябрь 2019, 14:30 Айдар Нуралиев

Айеркен Саймаитини өлтүрүүгө шектелип кармалгандар өздөрүн Кыргызстандын жараны катары тааныштырганын Түркиянын полициясы оозеки түрдө Кыргызстандын бакшы консулдугуна маалымдаган. Бул тууралуу ТИМдин өкүлү Улан Дыйканбаев коомчулукка билдирди. Бактыга жараша алардын жарандыгын тастыктаган паспорту азырынча чыга элек. Тактап айтканда Түркияда кармалган "кыргызстандык" делинип жаткан Саймаитини өлтүргөн адамдардын аттары төмөнкүчө: Abdullah Enver (Абдуллах Энвер), Hüseyin Ahmetaliyev (Хусейн Ахметалиев) ...

0 286

ВИДЕО – Африкада пилдер массалык түрдө кырылууда

Видео 13-ноябрь 2019, 12:50 Кызгалдак Жакыпова

Африканын Зимбабве өлкөсүндө акыркы үч айдын ичинде ачкачылыктан жана кургакчылыктан 105 пил каза болгон. Аталган аймактагы аба ырайынын мындай шарты  өсүмдүктөрдүн, жаныбарлардын жана калктын өмүрүнө коркунуч келтирүүдө.  Төмөнкү берилген видео Гванг паркында тартылган. Видеодо пилдердин жансыз денелерин көрүүгө болот. Алар арыктап, терисинин түсү бир аз өзгөрүп кеткен. Зимбабведеги улуттук парктардын башкармалыгынын башчысы Тинаше Фараво кырсыктын себеби бир гана кургакчылык ...

0 414

Айэркен Саймаитинин өлүмүнө шектүүлөр кыргыз паспортун таппай жатышат

13-ноябрь 2019, 13:01 Аман Аскаров

Түркияда Айэркен Саймаитини өлтүрдү деп шектелип кармалган жарандардын жанынан  Кыргызстандын паспорту чыккан эмес жана алар өзүлөрү дагы көрсөткөн эмес. Колго түшкөн үч жарандын экөө өзүлөрүн жөн гана кыргызстандыкбыз деп тааныштырган. Бирок, паспортторун көрсөтө албай жатат. Мындай маалыматты Тышкы иштер министрлигинен билдиришти. Андыктан ишкердин өлүмүнө кыргызстандыктардын катыштыгы бар деген маалымат азырынча алдын ала айтылган жана бурмаланган маалымат болуп калышы мүмкүн, -дейт ...

0 279

“Ислам жихады” тобунун лидери өлтүрүлдү

13-ноябрь 2019, 11:57 Кызгалдак Жакыпова

Израилдин коргоо күчтөрү социалдык тармактагы баракчасына “Ислам жихады” тобунун объектилерине сокку берип, аталган топтун башчысы Бахи Абу аль-Ата өлтүрүлгөнүн маалымдашты. Израилдин премьер министри Биньямин Нетаньяху 12-ноябрда өткөн жыйында айтканына караганда, 10 күн мурун  бийлик менен коргоо күчтөрү биргеликте  Бахи Абу аль-Атаны жок кылуу чечимин кабыл алышкан.  “Бул адам террорчулуктун генератору болгон”, -дейт саясатчы. Анын айтканы боюнча, аль-Ата жүздөгөн террордук ...

0 182

Назарбаев Путин менен Зеленскийге ортомчу болгусу келет. Буга Орусия эмне дейт?

13-ноябрь 2019, 11:38 Айдар Нуралиев

Казакстандын биринчи президенти Нурсултан Назарбаев Орусия менен Украинанын президенттерине Казакстанда сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү сунушун киргизген. Бул тууралуу Назарбаев “Мен Украинанын президенти Зеленский менен жолуктум, аны уктум. Ал эми,  кечээ күнү Владимир Путин менен бул көйгөйдү кантип чечүү керек деген темада сүйлөштүм. Мен ойлойм, Орусия менен Украинанын президенттери өздөрүнчө ээн-эркин сүйлөшүшсө жакшы болмок”, -деп “Астана клуб” дискуссиялык аянтчасында билдирген. Назарбаев Украинанын ...

0 293

Стамбулдагы өлүм огу президентке багытталган эле октой...

13-ноябрь 2019, 11:46 Айдар Нуралиев

Ооба, Саймаитиге атылган ок жөн атылган жок. Бул деген батыштын атайын кызматтарынын тымызын иши. Тоту куштай ушу тапта “Азаттык” жанагы 700 миллионун көтөрүп чыгып, Алисин атка миндирип чаап чыга келишкени да жөн эмес. Баары пландаштырылган, - деп жазып чыкты "Кабар инфо" гезити. Эгерде болуп жаткан жагдайга чыныгы көз караш менен сереп салчу болсок, кытайлык ишкердин ...

0 188

Эң кымбат кол сааттын баасын билесизби?

13-ноябрь 2019, 10:42 Айдар Нуралиев

Циферблаты таза алтындан жасалган жалгыз экземплярдагы Patek Philippe Grandmaster Chime 6300A-010 сааты эч качан колго тагылган эмес. Аны Женевада өтүүчү аукционго коюу үчүн атайын жасап чыгышкан. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты. Маалыматка караганда, швейцариялык атактуу Patek Philippe брендинин сааты аукциондо 31 миллион долларга сатылган. Бул тарыхта эң кымбат баада сатылган саат болуп калды. Буга чейинки рекорд дагы ...

0 148

Клинтон британ өкмөтүн сындады

13-ноябрь 2019, 10:19 Айдар Нуралиев

Хиллари Клинтон өлкө саясатындагы Орусиянын таасири жөнүндөгү баяндаманы жарыялоодон баш тартканы үчүн британ өкмөтүн сындады. Ал бул чечимди «түшүнүксүз жана уят» деп атады.  Орусияны 2016-жылы АКШда өткөн президенттик шайлоого кийлигишүүгө айыптаган Клинтон британдыктар 12-декабрда өтө турган шайлоого чейин парламенттеги чалгындоо жана коопсуздук комитетинин баяндамасы менен таанышууга тийиш деп эсептейт. «Бул өкмөт баяндаманы чыгарбай турганына таң калдым. Себеби, бул өлкөдөгү ...

0 120

ВИДЕО – Өлүп жок болгон делген жаныбар камерага түшүп калды

Видео 13-ноябрь 2019, 10:05 Айдар Нуралиев

Эми окумуштуулар жаныбардын бул түрү кайра ачылды деп жатышат. Окумуштуулар Вьетнамдын жунглисинен кичинекей ача туяктуу жаныбар – оленекту табышты. 30 жылдан бери бул жаныбарды биротоло жок болгон эсептеп келишкен. Вьетнамдык биологдор жергиликтүү тургундардан алар оленекторду бир нече жерден көргөнү тууралуу маалымат алышкан. Окумуштуулар өлкөнүн түштүгүндөгү токойлорго ондогон фотокапкан коюшуп, жыйынтыгында оленектор тартылган эки миңдей сүрөт алышкан. Оленектор түркүмүндөгү Tragulus ...

0 388

Израилге атылган ракета видеого тартылып калган

Видео 13-ноябрь 2019, 09:59 Бакыт Молдалиев

Израиль аймагы палестиналык согушкерлер тарабынан массалык ракета чабуулуна учурады. Биринчи кезекте эле аймактын түштүк жана борбордук бөлүгү сокку жеген. Бул тууралуу маалыматты чет элдик басылмалар жазып чыкты. Палестиналыктардын көпчүлүк ракетасы “Темир купол” коргоо күчтөрү тарабынан кармалган. Алар аба катмарында элден жана имараттардан алыс жерден жок кылынган.  Бирок, бир нече ракетага коргоо күчтөрүнүн системасы туруштук бере алган эмес. Белгилей кетсек, ...

Жарнама үчүн орун!
600 x 50
0 255

Саймаити өлтүрүлгөн жердеги унаа кимге тиешелүү экендиги аныкталды

12-ноябрь 2019, 17:44 Айдар Нуралиев

Стамбулда Айэркен Саймаити өлтүрүлгөн жердеги «Рейндж Ровер» автоунаасынын номуру Кыргызстандын Түркия мамлекетинин Стамбул шаарындагы башкы консулдугуна таандык болгон. “Рейнж-Ровер” унаасы башкы консул Сопоковдуку болгон. Бул тууралуу  Тышкы иштер министрлиги маалымдады. Маалыматка караганда, Эркин Сопоков октябрь айында дипломаттык номерин кайтарбай туруп, «Рейндж Ровер» автоунаасын сатуу үчүн “Рамадан туризм” деген автосалонго таштаган. Ал эми Саймаитинин жанында эмне үчүн унаасы туруп калганын ...

0 938

Көрүүчү алпаруучу кызды оорудан сактап калды

12-ноябрь 2019, 17:30 Айдар Нуралиев

Австралияда Венди Маккой аттуу жаран Network 10 телеканалын көрүп отуруп, Актуанет Латуф аттуу журналисттин моюнундагы шишикти байкап калган. Көрөрман журналист кыздын  калкан безинин чоңоюп кеткендигин, тезинен доктурга кайрылыш керек экенин телеканалдын Facebook'дагы баракчасына жазган. Телеканалдын редактору бул туурасында алпаруучу Латуфка айкан. Бирок, ал көпчүлүктөн түрдүү комментарийлер келе берет дегенсип, көңүл бөлгөн эмес. Ошентсе да Антуанет Латуф эфирди кайрадан башынан ...

0 441

ВИДЕО - Саймаитини өлтүргөндөр полицияга алынып келинди

Видео 12-ноябрь 2019, 17:24 Айдар Нуралиев

Стамбул шаарында ишкер Айеркен Саймаитини өлтүрүүгө шектелип кармалгандарды полиция имаратына алып келген учурдагы видеону түрк басылмалары чыгарды. Видеодон полициянын эки унаасы менен үч кишин алып келгенин көрүүгө болот. Эске салсак, 11-ноябрь күнү кытайлык ишкер Айэркен Саймаити аттуу жаран Түркияда киши колдуу болуп каза тапкан. Ал, 2016-жылдан тарта алдамчылык жана ири кылмыштар боюнча айыпталып, эл аралык ...

0 1952

"Мен мындай акчаны көргөн эмесмин”. Екатерина Андреева Малаховдун айлык акысына таң калды

12-ноябрь 2019, 17:05 Бакыт Молдалиев

Орусиянын Биринчи каналындагы “Время” программасынын белгилүү алпаруучусу Екатерина Андреева “Русское радио” эфиринде Андрей Малаховдун алган айлыгына таң калып, өзү андан өтө эле аз аларын билдирди. Ошондой эле, алпаруучу Орусиядагы эркектер менен аялдардын айлык акысы бирдей болбоорун кошумчалады.  Буга чейин Андрей Малахов Ксения Собчак менен болгон интервьюсунда Биринчи каналда иштеп жүргөндө 50 миң доллар айлык алып жүргөнүн айтып, Владимир Познер ...

0 194

Назарбаев Путин менен Зеленскийге ортомчу болот

12-ноябрь 2019, 16:28 Айдар Нуралиев

Казакстандын биринчи президенти  Нурсултан Назарбаев Россия менен Украинанын президенттерине Казакстанда  сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү сунушун киргизди. Ал бул тууралуу “Мен Украинанын президенти Зеленский менен жолуктум, аны уктум. Ал эми,  кечээ күнү Владимир Путин менен бул көйгөйдү кантип чечүү керек деген темада сүйлөштүм. Мен ойлойм, Россия менен Украинанын президенттери өздөрүнчө ээн-эркин сүйлөшүшсө жакшы болмок”, -деп “Астана клуб” дискуссиялык аянтчасында билдирди. Назарбаевдин айтымында, ...

0 405

Малайзиянын падышасы Мухаммад мурдагы аялы Оксана Воеводина жана уулу менен катышпоо үчүн канча төлөйт?

12-ноябрь 2019, 16:45 Аман Аскаров

Малайзиянын падышасы Мухаммад V россиялык Оксана Воеводина экөөсүнүн ортосундагы уулуна буга чейин ай сайын 2 милллион рубль алимент төлөөдөн баш тартып келген. Бирок, ал жакында өзүнүн мындай чечиминен баш тартып, Воеводинага 16 миллион рубль берип, баш оту менен кутулууну чечти.   Ал үчүн падыша баласынын атына фонд ачып, ал жакка аталган сумманы котороорун билдирип, дагы 10 ай аралыгында кошумча 6 ...

0 158

Боливиянын президентине Мексика баш калка берди

12-ноябрь 2019, 16:09 Айдар Нуралиев

10-ноябрда отставкага кеткен Боливиянын президенти Эво Моралес Мексикага учуп кетти. Бул тууралуу Мексиканын тышкы иштер министри Марсело Эбрард Твиттердеги баракчасына жазып чыкты. Эске салсак, Боливиянын президенти Эво Моралес аргасыздан отставкасын жарыялаган. Анын бул кадамына элдин толкундоосу себеп болгон. Аталган өлкөдө оппозициянын митинги үч жумадан бери уланып жатат. Нааразычылык акциясында курман болгондор жана жаракат алгандар бар. Нааразычылыкка чыккандар Эво Моралести ...

0 438

Бала бакчага кирип уу чачып жиберген

12-ноябрь 2019, 15:46 Айдар Нуралиев

Кытайдын  Юньнань провинциясындагы бала бакчалардын биринде жаш балдар ууланышты. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты. Болжол менен 51 бала жана бала  бакчанын үч кызматкери ууланышкан. Бала бакчага бир киши колуна уулуу затты көтөрүп кирип чачып жиберген. Уулангандын экөөсүнүн абалы оор, ал эми калгандарынын абалы биз аз туруктуу.  Окуя, 11-ноябрда күндүз болгон. Кылмышка шектүү деп кармалган жаран, 23 жаштагы ...

0 384

ФОТО - ЧУКУЛ КАБАР! Айэркен Саймаитини өлтүргөндөрдү түрк полициясы кармады

12-ноябрь 2019, 16:45 Аман Аскаров

Стамбул шаарында ишкер Айэркен Саймаитини өлтүрүүгө шектелгендер кармалды. Алар Адана шаарынан Сирияга өтүп кетүү маалында кылтакка илинген. Белгилүү болгондой алардын экөөсү кыргызстандык, бирөө Сириянын жараны. Бул тууралуу Sondakika басылмасы Anadolu (Акыркы мүнөттө) агенттиги жазды. Маалым болгондой, шектүүлөр Түркиядан Сирияга чыгып кетүүгө аракет кылаарда Түркиянын түштүгүндөгү Адана аймагынан кармалган. Ал жакта жүргүзүлгөн ...

0 99

Ойго келбес окуялар: Аба таксилери

12-ноябрь 2019, 15:23 Айдар Нуралиев

Airbus европалык консорциуму шаар ичине аэротаксилерди сыноого киришти. Учурда иштелменин авторлору учуучу аппараттын кыймылдаткыч системасын текшерүүдөн өткөзүүдө. Ушундан кийин жакынкы убакта Европанын ири шаарларынан City Airbus аба таксилерин көрүп калышыбыз ажеп эмес, - деп жазып чыкты "Сырдуу дүйнө" гезити бүгүнкү чыккан санында. Бул долбоор 2015-жылдан бери иштелип келет. Авторлордун пикирине ылайык, долбоор ийгиликтүү түрдө ишке ашса, анда аэротакси 2-4 ...

0 518

ФОТО - ИГИЛдин согушкерлери абакта кандай күн кечиргени кызык болсо, көрүңүз!

12-ноябрь 2019, 15:24 Аман Аскаров

ИГИЛ террористтик кыймылы дүйнө коомчулугун өзүнүн мыкаачылыгы менен үшүн алып келген. Эми бул уюм талкаланып, анын көпчүлүк мүчөлөрү коалициялык күчтөр (НАТО блогу), дагы башка тобу Сирия, Россия, Түркия жана Ирандын куралдуу күчтөрү тарабынан жок кылынса, тирүү калгандарынын көпчүлүгү туткундалган. Аталган уюмга каршы күрд боштондук аскерлери дагы күрөшкөн. Учурда күрддөрдүн карамагындагы абактарда 12 миңге жакын ИГИЛ террористтик кыймылынын согушкерлери күн кечирүүдө. Алардын ...

0 117

Зомби - бактериялар

12-ноябрь 2019, 15:06 Айдар Нуралиев

Жакында бактерияны изилдей турган Амстердам университетинин адистери кызыктуу жагдайга туш болушкан, - деп жазып чыкты "Сырдуу дүйнө" гезити. Тагыраак айтканда, бактерия жетиштүү азыктанбай калса, ачкачылыктан жардам берүүчү зомби режимине өтүп кетери аныкталып отурат. Мындан сырткары бактериялар стресс учурунда атайы булутчага оронуп, жогоруда аталган режимде жашай берери аныкталган. Мисалы, топуракта жашоочу Bacillus subtilis бактериясы азык талап кылынбаганда ушул режимге өтүп кетет ...

12-ноябрь 2019, 15:06 | 117
0 375

Айсберг - өлтүргүч

12-ноябрь 2019, 14:44 Айдар Нуралиев

Гренландиянын чыгыш аймагындагы Иннаарсуит кыштагынын тургундары жээкке жакындап келген зор айсбергдин айынан бөлөк жерге көчүүгө аргасыз. Кыштак кеңешинин мүчөсү Сюзанн Элиассен: "Тоодой болгон музда жарака бар экен. Ал кайсы убакта болбосун кулап түшүп, кыштакты суу басып калышы мүмкүн. Электростанция менен күйүүчү майдын запасы да жээкке өтө жакын жайгашкан. Мунун баары бизди кооптондурууда", - дейт. Буга чейин эксперттер климаттын өзгөрүшүнөн ...

12-ноябрь 2019, 14:44 | 375
0 1310

Биринчи жолу кара терилүү адам бетин алмаштырды

12-ноябрь 2019, 14:38 Айдар Нуралиев

Бетин алмаштырган биринчи кара терилүү адам. Операция 16 саатка созулуп, ага 45 врач катышкан. Мындай маалыматты уккандар поп-король Майкл Жексончу, ал деле бетине операция жасатып, ак терилүү болбоду беле деген суроо туулушу ыктымал. Бирок бул жолу биринчи жолу кара терилүү адамга дал өзүнүкүндөй бет коюлду. Ошентип Калифорниянын 68 жаштагы жашоочусу Роберт Челси биринчи жолу бетин алмаштырган кара терилүү адам ...

0 199

Эрдоган АКШга бара турганын айтты

12-ноябрь 2019, 13:55 Айдар Нуралиев

Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоган, АКШнын президенти Дональд Трамптын чакыруусу боюнча бүгүн ал өлкөгө сапар жасайт. Бул тууралуу маалыматты трт.нет кабарлады.  Маалыматка караганда, Эрдоган, Трамптын чакыруусу боюнча 12-13-ноябрь күндөрү АКШга иш сапары менен барат. Эрдоган сапарынын алкагында АКШнын президенти Трамп менен жолугат жана делегациялар аралык жолугушууларга жетекчилик кылат. Жолугушууларда Түркия менен АКШнын ортосундагы эки тараптуу карым-катнаштар бардык жагынан каралат. Сапардын алкагында ...

0 153

Иракта 2014-жылдан бери өтө элек майрам болду

12-ноябрь 2019, 08:55 Айдар Нуралиев

Иракта мусулмандар Мавлид ан-Набауий же Мухаммед пайгамбардын туулган күнүн белгилешти. Бул күн Мосулдагы атактуу Аль-Баша мечитинде соңку беш жылдан бери биринчи жолу майрамдалып жатат. «Ислам мамлекети» террордук тобу 2014-жылы бул аймакты өз карамагына алганда, бул күн Куранда жазылбаганын жүйөө кылышып, аны белгилөөгө тыюу салышкан. Бул күнү мечитке чогулгандар Мухаммед пайгамбардын өмүр жолун баяндаган, аны даңктап-мактаган диний ырларды аткарышат, куран ...

Жарнама үчүн орун!
600 x 50
0 739

Айэркен Саймаити Атамбаевдин адамдарынын колунан окко учтубу?

11-ноябрь 2019, 18:51 Айдар Нуралиев

10-ноябрдын кечинде Түркиянын Стамбул шаарынын Фатих аймагындагы мейманканалардын биринен буга чейин Кыргызстандан чыгарылып кеткен миллиондор боюнча иликтөөлөрдө аты аталып жүргөн Айэркен Саймаити аттуу кытайлык жаранды белгисиз бирөөлөр атып кетишкени маалым болду. «Азаттыктын» иликтөөсүндө дал ушул кытайлык жаран аркылуу Атамбаевдин убагында бир нече жыл бою 700 млн доллардын тегерегиндеги акча Кыргызстандан күмөндүү жолдор менен чыгарылып кеткени айтылган. Албетте, ал акчалар ...

0 364

Диана Гурцкая жолдошу менен ажыраштыбы?

11-ноябрь 2019, 18:06 Айдар Нуралиев

Жагымдуу  үнү бар талантуу ырчы Диана Гурцкаянын ырларын кимдер гана сүйүп укпаган. Мегрел улутундагы Диананын жеке үй-бүлөсү тууралуу төмөндө сөз кылмакчыбыз. Диана болочоктогу күйөөсүн дени сак, жети саны түгөл адам деп элестетчү. Пенденин оозунда, кудайдын кулагында дегендей, ырчы кыз Петр Кучеренко аттуу юрист жигитке турмушка чыккан. Ырчы жолдошу менен Ирина Хакамаданын шайлоо кампаниясында иштеп жүргөн мезгилде таанышкан. Башында бир ...

0 371

ИГИЛге абадан чабуул жасалды

11-ноябрь 2019, 15:55 Кызгалдак Жакыпова

Ирактагы коалициялык күчтөр ИГИЛ террордук уюмуна абадан чабуул койду. Ирактын Коргоо министрлиги Мосул провинциясынын Махмур районуна караштуу Карачок тоосунда террордук уюмга 14 жолу чабуул жасаганын жарыялады. Маалыматка караганда, терроризм менен күрөшүүчү колаициялык күчтөрдүн операциясынын натыйжасында көп сандаган террорчулар жок кылынган. 2014-жылдын июнь айында ИГИЛ Мосул баш болгон Ирактын аймагынын үчтөн бир бөлүгүн басып алган. Ирактын коопсуздук күчтөрү 2017-жылдын ...

11-ноябрь 2019, 15:55 | 371
0 454

Сарпашев кайда? Түркияда Интерпол аркылуу издөөдө жүргөн чет элдик кыргыз паспорту менен кармалды

11-ноябрь 2019, 15:38 Аман Аскаров

Ауу-у, Тайырбек Сарпашев деген “мамлекеттик-жеке ишкерди” көргөн жан барбы? Ой айланайын, анын кылган ишинин залакасы азыркыга чейин тийип жатат. Мамлекеттик каттоо кызматында жетекчи болуп турганда кыргыз паспортуна байланышкан далай ызы-чуу болду эле. Өлкө ичинде гана болсо гана. 2016-жылы Түркиянын Стамбул шаарынын эл аралык аэропортунда уйгур улутундагы 98 Кытай жараны жасалма кыргыз паспорту менен кармалганы эсиңердеби? Дүйнөгө бетибиз менен баткакка ...

0 223

Дизайнерлер «тирүү» кийим ойлоп табышты

11-ноябрь 2019, 15:42 Айдар Нуралиев

Дизайнер Йин Гао айланасындагыларга жооп кайтарып, бир учурда  кичирейип же чоңоюп, ар түрдү формага өзгөрүлүүчү «тирүү» кийим ойлоп тапты.  Бул тууралуу чет элдик басылмалар жарыялашкан. Маалыматка караганда, кооздук түрүндөгү майда камералар микрокомпьютер менен байланышып, түрдүү түстөгү өңдөрдү чыгарышат. Алар айлана чөйрөдө болуп жаткан нерселер жөнүндө маалымат чогулткан соң, силикон астындагы механизм ишке кирет. Ал ар түрдүү формаларга айланып, өңүн ...

0 242

Жумурткадан каза тапты

11-ноябрь 2019, 14:42 Айдар Нуралиев

Индиянын Уттар-Прадеш штатында Жаунпур аймагында 42 жаштагы Субхаш Ядав бир нече жумуртка жеп каза тапты. Бул тууралуу Gulf news агенттиги жазып чыкты. Жергиликтүү полициянын берген маалыматында Ядав Бибиганж базарында досу менен акчага мелдешип 50 жумуртка жей баштаган. Субхаш 42-жумуртканы жеп баштаганда эстен танган. Жыйынтыгында ал ооруканадан көз жумган. Булак: NazarNews.kg

11-ноябрь 2019, 14:42 | 242
0 682

Коомдук унааларда жүрүү бекер болгон биринчи өлкө пайда болду

11-ноябрь 2019, 14:29 Айдар Нуралиев

 Люксембург – коомдук унааларда жүрүү толугу менен бекер болгон дүйнөдөгү биринчи өлкө. Бул тууралуу дүйнөлүк басылмалар жазып чыгышты.   Маалыматка караганда, бул шайлоо алдындагы убадалардын бири. Мындай чечим жалпы транспорт системасынын абалын жакшыртат деп эсептелүүдө. Ошондой эле тыгындарды азайтат. Луксембург шаарында 115 миңдей адам жашайт, дагы 400 миңдей адам шаарга күнүгө жумушка келип кетет. Франция, Бельгия жана Германиядан дагы ...

0 232

Мустафа Кемаль Ататүрк: "Мамлекет ыйык, сатылбайт, саткындарга тапшырылбайт"

11-ноябрь 2019, 14:19 Айдар Нуралиев

Бүгүн Мустафа Кемаль Ататүрктү эскерүү күнү. Мустафа Кемаль ким экенин баарыбыз билсек керек. Мен ал жөнүндө айрым окуяларды азыркы Кыргызстандагы жагдайды салыштырып баяндагым келди,-деп жазып чыкты саясий серепчи Темирлан Сарлыкбек уулу Фейсбуктагы өздүк баракчасына.  ********** Мустафа Кемаль эл менен жолугушуусунда бир улгайыңкы аял (мурдагы кошунасы) жанына келип даттанат: - Уулум сенин атыңан Мамлекеттик темир жол ишканасына барса, сен жөнөткөн ...

0 189

ВИДЕО - Айэркен Саймаитини белгисиз адамдар атып кетишти

Видео 11-ноябрь 2019, 12:50 Айдар Нуралиев

«Кыргызстандан чыгарылган миллиондордун изи» аттуу иликтөөнүн негизги каарманы жеке ишкер Айэркен Саймаитинин өлтүрүлдү. Маалыматка караганда, окуя 10-ноябрь кечке маал Стамбул шаарынын Фатих аймагындагы мейманканалардын биринде болгон. Анда Айэркен Саймаитини белгисиз эки адам атып качып кетишкен. Ооруканага жеткизилген Саймаити алган жаракатынан каза тапкан. Саймаити «Азаттык» быйыл май айынын соңунда жарыяланган «Кыргызстандан чыгарылган миллиондордун изи» аттуу иликтөөсүндө аты аталган. Анда 700 ...

0 292

Дарыгерлер тирүү адамды “көмүп салышты”

11-ноябрь 2019, 12:22 Бакыт Молдалиев

Колумбиянын түндүгүндө жайгашкан Барранкилья шаарында дарыгерлер тирүү адамды өлүк деп жарыялашкан. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.  Маалыматка караганда, 80 жаштагы Понедера шаарынын тургуну Канделарио Гутьеррес Эрнандес дем алуу көйгөйүнөн улам ооруканада жаткан. Эртең менен саат жетиде анын өлгөндүгүн айтышкан.  “Бизге атамды табигый себептерден улам каза болду деп айтышты. Андан кийин бизге анын өлүмү тууралуу күбөлүктү карматышты. Анын ...

0 330

Тумандын айынан бир учурда 18 автоунаа сүзүшүп, 29 киши жабыркады

11-ноябрь 2019, 11:57 Айдар Нуралиев

Германиянын түштүк-батышында болгон жол кырсыгынан бир эле учурда 18 автоунаа кагылышып, анын айынан 29 киши жабыркады.  Бул тууралуу чет элдик басылмалар бүгүн жазып чыгышты. Кырсык Германиянын Франкония аймагында болгон. Чоң жолдо автоунаалар өз нугунда жүрүп жаткан, айлананы туман каптап, нымдуулук жогору болгон. Айдоочулардын бири тайгак жолдо унаасын башкара албай калып, алдындагы автоунааны сүзүп алган. Буга удаа эле дагы башка ...

0 248

Кыргызстан Кафиристанбы? Дубайдагы кыргыздар тополоң чыгарышты

11-ноябрь 2019, 11:42 Бакыт Молдалиев

Бириккен Араб Эмиратында жашаган кыргызстандыктар телефонго кийгизе турган чехолдун аталышында ката бар деп тополоң чыгарышты. Бул тууралуу Twitter  социалдык тармактын колдонуучуларынын бири жазып чыкты.  “БАЭда жашаган кыргызстандыктар Амазон онлайн дүкөнүндөгү чехолдун аталышына аябай ачууланышты. Сатуучуга кыргызстандыктардан массалык арыздар түшө баштагандан кийин чехолдун аталышындагы ката оңдолгон. Бир сааттын ичинде миңге жакын кат түшкөн”, - дейт социалдык тармактын колдонуучусу. Сүрөттөн телефондун ...

0 3817

Айэркен Саймаитинин өлүмү боюнча Атамбаевдин досу Ахмет Каяны тез арада суракка чакырыш керекпи?

11-ноябрь 2019, 11:29 Айдар Нуралиев

«Кыргызстандан чыгарылган миллиондордун изи» аттуу иликтөөнүн негизги каарманы жеке ишкер Айэркен Саймаитинин өлтүрүлгөнү кабарланды. Мындай маалыматты “Азаттык” Түркиянын басылмаларына шилтеме берүү менен жазып чыкты. Маалыматка караганда, окуя 10-ноябрь кечке маал Стамбул шаарынын Фатих аймагындагы мейманканалардын биринде болгон. Анда Айэркен Саймаитини белгисиз адам атып кеткен. Ооруканага жеткизилген Саймаити алган жаракатынан каза тапкан. Саймаити «Азаттык» ...

0 247

Эми элестеткиле! Хоккей боюнча курама командабыз Олимпиада 2022 жолдомо алууга жакын калды

11-ноябрь 2019, 11:06 Аман Аскаров

Хоккей боюнча Кыргызстан курама командасы 2022-жылкы Олимпиада оюндарынын тандоо турунда Европанын Босния жана Герцоговина өлкөсүнүн таш талканын чыгарды. Тактадагы эсепти айтсак ишенбейт дагы болсоңор керек. 15:3 эсебинде биздин пайдабызга чечилди. Бул оюн үчүнчү турдун жыйынтыктоочу беттеши болду. Буга чейин Кыргызстан Бириккен Араб Эмирлигин 9:4 жана Люксембургду 5:3 эсебинде утуп, тандоо турунун экинчи баскычына алдын ала өткөн. Тандоо турунун экинчи баскычы ...

0 552

Эксперттер спирт ичимдиктерин кайсы өлкө көп ичерин айтышты

11-ноябрь 2019, 10:26 Айдар Нуралиев

Алкоголь ичимдигин эң көп ичкен өлкө деп Литва табылган. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты. Эксперттер алкоголь ичимдиктерин эң көп колдонгон 10 мамлекетти аташты. Анда сатылган ичимдиктерди өлкөнүн калкынын санына бөлгөндө, ар бир адамга канча литрден туура келээрин эсептеп чыгышкан. 1. Литва. Ар бир  тургунуна орточо эсеп менен жылына 12,3 литр спирт туура келет. 2. Автралия - 11,8 ...

0 197

Боливияда революция! Эво Моралес кызматтан кетүүгө аргасыз

11-ноябрь 2019, 10:12 Аман Аскаров

Боливиянын президенти Эво Моралес өзүнүн отставкасын жарыялады. Анын бул кадамына Боливиянын куралдуу күчтөрүнүн башчысы Уильямс Калимандын билдирүүсү түрткү болду. Ал президентти кызматтан кетишин туура көрө тургандыгын кечээ жар салган. Аталган өлкөдө оппозициянын митинги үч жумадан бери уланып жатат. Нааразычылык акциясында курман болгондор жана жаракат алгандар бар. Нааразычылыкка чыккандар Эво Моралести президенттик шайлоодон кийин кызматтан тез арада кетүүсүн талап кылган. ...

Жарнама үчүн орун!
600 x 50
0 515

Жанна Фрискенин миллиондук карызын белгилүү артист төлөп берди

11-ноябрь 2019, 10:03 Бакыт Молдалиев

Жанна Фрискенин “Русфонд” кайрымдуулук фондуна болгон 22 миллион рубль карызын белгилүү артист төлөп берди. Бул тууралуу ырчынын атасы Владимир Копылов билдирди.  Карызын жаап берген артисттин атын Фрискенин атасы атаган жок, бирок ал адам карыз төлөө үчүн  2 миллион карыз алганын кошумчалады. “Карыздын баары жабылды. Баары бүттү... Бир адам бизге аябай жардам берди. Ал шоу дүйнөсүнөн”, -деп Фрискенин атасы Владимир ...

0 1739

ВИДЕО ШОК! - Сириялыктар россиянын аскер контингентин таш бараңга алышты

Видео 10-ноябрь 2019, 16:45 Аман Аскаров

Кыргызстандын  жана айрым КМШ өлкөлөрүнүн жашоочулары Сириядагы кырдаал тууралуу маалыматты интернеттен сырткары кайдан алат? Туура сыналгыдан алат. Сыналгынын кайсыл толкундарынан? Албетте, россиялык “Россия 24”, ОРТ, НТВ ж.б зомби каналдарынан. Ал жерде кабарчылар кандай маалымат беришет? Дагы туура. “Сириялыктар россиянын аскер контингентин колун кенен жайып тосуп алууда, россиялык аскер контингенти сириялыктардын тынч турмушка кайтып келүүсүнө опол-тоодой иш кылууда” –деп сөзсүз түрдө.

Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83