www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Дүйнө жүзүндө
0 1360

ФОТО - Хюррем Султан менен жолуккан Болот Отунбаевдин бактысына чек жок

10-ноябрь 2019, 17:26 Аман Аскаров

Түрктөрдүн “Даңазалуу доор” тасмасы убагында далай өлкөлөргө тарап, дүйнөнү багынтканынан кабарыбыз бар. Кыргызстанда дагы бул кино башталаары менен үй ичи жым-жырт болуп, ашканадагы аял менен сыраканадагы эрдин башын сыналгы алдына бириктире калчу. Андагы айтылуу Хюррем Султандын ролун мыкты аткарган Мерьем Узерли Лос-Анжелесте Эл аралык Азия кинофестивалында (Asian World Film Festival) кыргыз делегациясын сый-тамакка чакырганын парламенттин ...

0 812

Дүйнөнүн ири мегаполисинде "Киргизия" бар экендигин билчү белеңиз?

09-ноябрь 2019, 17:07 Аман Аскаров

Москвада “Киргизия” кинотеатры бар экендигин ал жердеги эмгек мигранттары жана мурдагы муундун өкүлдөрү эле билсе керек. Кийинки муун үчүн бул өтө чоң жаңылыкпы деп турабыз. Ооба, дүйнөнүн ири мегаполиси болгон Москва шаарында  Кыргызстандын бир чакан бурчу бар. Шаар бийлиги анын имаратын жаңылоонун үстүндө иш алып барып жаткан. Эми анын ачылышы 2020-жылга белгиленгендиги маалым болуп турат. Жаңыланган соода, эс алуучу ...

0 1199

СҮРӨТ - “Эне-трансформер” ачык сүрөттөрү менен соцтармакты жарды

09-ноябрь 2019, 14:30 Бакыт Молдалиев

27 жаштагы Маргарита Грачева өзүн “апа-трансформер” деп атайт. Ал жогорку технологиялык протез кийип жүрөт.  Мындан бир жарым жыл мурун Маргарита жолдошунун кызганычынын айынан бир колунан ажыраган. Москванын четинде жайгашкан Серпухово шаарынын тургуну аялы Маргаританы токойго алып барып, эки колунун манжаларын кесип салган. Күйөөсү аялын аябай кызганчу жана аны менен ажырашкысы келген эмес. Маргарита ...

0 144

Волочкова  имиджин өзгөрттү

09-ноябрь 2019, 13:09 Айдар Нуралиев

Орусиялык белгилүү актриса, балерина Анастасия Волочкова өзүнүн Инстаграмм баракчасына тармал чачтарынан арылып, жаңы стили менен жылуу свитер кийип түшкөн сүрөтүн жүктөгөн. “Менин жаңылануум кандай экен?..” –деп суроо салган балерина. Анын айтымында, сырткы көрүнүшүн стилист Павел Назаров менен сүрөтчү Андрей Бацуев иштеп чыгышкан. Волочкованын баракчасындагы катталуучулары аны мактап жатышат. Булак: NazarNews.kg

09-ноябрь 2019, 13:09 | 144
0 711

ВИДЕО - Нааразы эл шаар башчысын жазалады

Видео 09-ноябрь 2019, 13:08 Аман Аскаров

Мэрди иштеп жаткан кабинетинен көчөгө сүйрөп чыгып, андан кийин аны мазакташкан. Алгач аял мэрди кызыл боёкко боёшуп, андан кийин чачын кыркып салышкан. Бул окуя Голливуд тасмаларындагы кино сценарий эмес. Кадимки эле Түштүк Американын Боливия өлкөсүндө болгон жагдай. Андагы Винта шаарында бир топ күн бою шаар бийлигине нааразы эл митингге чыккан. Митингчилердин арасынан үч адам каза болду деген кабарды уккан нааразы ...

0 261

Дрондун айынан аэропорт бир сааттан ашык ишин токтотту

09-ноябрь 2019, 12:14 Айдар Нуралиев

Учуп-конуу тилкесинде учууга даярданып жаткан учактар бир сааттан ашык токтоп калышты. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты. Япониянын Кансай аэропорту бүгүн эртең  менен,   дрондун айынан бир сааттан ашык ишин токтотту. Буга аэропорттун жанында дрондун учуп жүргөнүн аэропорттун кызматкери  байкап калганы себеп болгон. Бул бир нече авиарейстердин токтошуна алып келди. Аэропорт толук текшерүүдөн өткөнгө чейин, 27 рейсти башка аэропортко ...

0 188

Белгилүү модельер дүйнөдөн кайтты 

09-ноябрь 2019, 11:23 Бакыт Молдалиев

Францияда бүт дүйнө жүзүнө белгилүү модельер, Louis Vuitton соода маркасынын негиздөөчүсүнүн чөбөрөсү Патрик-Луи Виттон 69 жашында каза болду.   Патрик-Луи Виттон 1973-жылдан баштап үй-бүлөлүк ишканасында иштеп келген. Ал алгач уста катары иштеп баштап, кийин жогорку сапаттагы сандыктардын дизайнери катары белгилүү болгон. Француз мода үйү  Louis Vuitton 1854-жылы негизделген. Мода үйү сандык, сумка, кийим, атыр жана жогорку сапаттагы аксесуарларды өндүрүү ...

0 144

Жаш футболчуларыбыз БАЭ командасын жеңип алды

09-ноябрь 2019, 11:07 Айдар Нуралиев

Кыргызстандын футбол боюнча жаштар курама командасы (U-19) 2020-жылы өтүүчү Азия чемпиондугунун тандап алуу турундагы алгачкы жеңишине жетишти. D тайпасынын тандап алуу раунду бул күндөрү Ирандын Тегеран шаарында өтүп жатат. 8-ноябрда курама командабыз Бириккен Араб Эмираттарынын курамасы менен беттешип, 2:0 эсебинде жеңишке жетишти. Голдорду Эмир Шигайбаев менен Ырыскелди Артыкбаев киргизди. Кыргызстандын футбол ...

0 145

Иракта нааразычылык акциялары токтобой жатат

09-ноябрь 2019, 10:22 Кызгалдак Жакыпова

Иракта нааразылык акцияларында кеминде он адам ажал тапты. Бул өлкөдө каршылык акциялары 1-октябрдан бери токтой элек.  Маалыматка караганда, Иракта бийликке каршы демонстрациялар 1-октябрда башталган. Көчөгө чыккандардын баары жумушсуздукка, коррупцияга, электр энергиясы жана суунун бат-баттан өчүрүлүп жаткандарына нааразы. Бир айдан бери уланып жаткан митингде 260тан ашык адам жабыр тартып, он адам каза болгон. Иракта 40 миллиондон ашык эл жашайт жана өлкө ...

0 528

СҮРӨТ – Спортчу Путин, аракеч Обама. Белгилүү саясатчылар жаш кезинде кандай болгон?

08-ноябрь 2019, 17:44 Бакыт Молдалиев

Бул адамдар дүйнөнүн жаңы тарыхын жазып жатат. Алар жаш кезинде кандай болчу, чогуу көрөлү. 1. АКШнын 45-президенти Дональд Трамп жаш кезинде кино мектебине тапшырууну кыялданчу, бирок бизнеске болгон кызыгуусу артып Пенсильвания университетине бизнес жагына тапшырган.  2.    Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ын бала кезинен эле улуу лидердин ролуна даяр болчу. Кичинекей диктатор учак менен ...

0 201

Түштүк Корея 16 кишини өлтүрдү деп шектелген Түндүк Кореянын эки жаранын өткөрүп берди

08-ноябрь 2019, 17:30 Айдар Нуралиев

Түштүк Корея Япон деңизинде 16 кишини өлтүрдү деп шектелген эки балыкчыны Түндүк Кореяга өткөрүп берди.  Бул тууралуу чет элдик маалымат каражаттары жазып чыкты. Маалыматка караганда, 20 жаштардагы эки кылмышкер кечээ өз өлкөсүнө депортация кылынды. Түштүк Корея кылмышкер качкындарды биринчи жолу экинчи өлкөгө өткөрүп берди. Кореяны кайра бириктирүү боюнча министрлик аларды эл аралык мыйзамдын негизинде жооп бериши керек экендигин жана ...

0 495

Сиз билбейсизби? ФБРдин мурдагы агенти тууралуу маалымат берген адамга 25 миллион доллар төлөнөт

08-ноябрь 2019, 16:29 Бакыт Молдалиев

АКШ ФБРдин мурдагы агенти Роберт Левинсон тууралуу маалыматка 25 миллион доллар берет. Бул тууралуу чет элдик маалымат булактары жазып чыкты.  Маалыматка караганда, 20 миллиондук сыйлык АКШ президенти Дональд Трамптын администрациясы тарабынан жарыяланган. Буга чейин ФБР Левинсон тууралуу маалыматка 5 миллион доллар бере турганын жарыялаган. Ошентип, агент тууралуу маалымат үчүн сыйлык 25 миллион долларды түзөт.  Роберт Левинсонду издөөдө орусиялык жеке ...

0 296

ВИДЕО - Француз-украин футбол фанаттарынын ортосунда мушташ чыкты

Видео 08-ноябрь 2019, 15:38 Айдар Нуралиев

 Украинанын Львов шаарында француздар менен украин фанаттарынын ортосунда  массалык мушташ болду. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жарыялашты. 7-ноябрь күнү кечки саат 10до Львов шаарында «Александрия» жана «Сент-Этьен» командаларынын беттеши өтмөк. Анын алдында, тактап айтканда 6-ноябрь күнү кечинде  100дөн ашык футбол фанаттарынын ортосунда  уруш чыккан. Фанаттар бөтөлкө ыргытып, айнектерди сындырышкан. Натыйжада 2 полиция кызматкери оор жаракат алган. 12 кишини кармалып, ...

0 7089

СҮРӨТ – Монголиядан депортация болгон жарандарын Кытай кандай тосуп алды?

08-ноябрь 2019, 15:23 Бакыт Молдалиев

29-октябрдан 30-октябрга караган түнү Монголиянын Башкы чалгын башкармалыгы, ИИМ жана чет элдик жарандардын иши боюнча башкармалыгы биргеликте текшерүү жүргүзгөндөн кийин Кытайдын 783 жаранын депортациялады. Алар Монголиянын аймагында мыйзамсыз иштеп жүрүшкөн. Бул тууралуу чет элдик маалымат булактары жазып чыкты. Маалыматка караганда, депортация болгон кытайлык жарандар өлкөгө үч жыл кире албайт. Жарандар Кытай тарапка өткөрүлүп берилген.  Кытайлык ММКлар аларды кандай тосуп ...

0 975

ИГИЛ өспүрүмдөр үчүн тиркемеге өлүктөрдү сүйрөп жүргөн видеолорду жарыялаган

08-ноябрь 2019, 15:09 Айдар Нуралиев

TikTok тармагына көчөдө өлүктөрдү сүйрөп жүргөн видеолор жарыяланып кеткен. TikTok социалдык тармагынын тиркемеси Ислам мамлекетинин пропагандалык видеороликтерин жарыялаган колдонуучуларды өчүргөн. Аталган социалдык тармактын дүйнө жүзүндө 500 миллиондой колдонуучусу бар. TikTok платформасы колдонуучуларга 15 секундалык видеороликтерди түзүүгө жана бөлүшүүгө мүмкүнчүлүк берет. Бул тиркеме айрыкча өспүрүмдөр арасында популярдуу. Террордук уюмдардын мындай видеолорду таркатышы биринчи жолу болуп жаткан жок. Буга чейин да ...

0 281

ВИДЕО - Мушкер автокырсыктан каза болду

Видео 08-ноябрь 2019, 13:27 Айдар Нуралиев

3-ноябрда Аргентинанын Буэнос-Айрес провинциясындагы Тигр шаарында автокырсыктан WBO Latino мунуку чемпиону 44 жаштагы Леонардо Хавьер Гонсалес каза болду. Унааны башкарган мушкердин досу катуу ылдамдыкта айдап бара жатып электр түтүгүнө урунган. Унаанын алдыңкы ордунда отурган Гонсалес ошол эле жерден жан берген, ал эми досу ооруканага жеткирилген. Гонсалес 1995-2013-жылдары профессионалдык бокс менен алектенген. Ал 20 беттеш өткөрүп, анын 15инде жеңишке жетишкен. Булак: ...

Жарнама үчүн орун!
600 x 50
0 770

4 жылдан бери шаурма жасаган ашпозчу өзүнүн иштеген жеринин былыктарын айтты

08-ноябрь 2019, 13:10 Айдар Нуралиев

Onliner  YouTube программасына келген ашпозчу бет кап кийип алып иштеген жеринде  кандай былыктар болоорун ачык айтып берди. Ал өз сөзүндө буларга токтолду: “шаурма жасаган жерлердин көпчүлүгү  санитардык талаптарга жооп бербейт. Мен бул жумушка 1 жыл иштегенден кийин, санитардык китепчемди алганмын. Азыркы учурда баардык нерсени акча чечип калган. Көпчүлүк шаурма жасаган жерлерде 3 киши эле иштейт, алар көп нерсеге үлгүрүшпөйт, ...

0 386

Дүйнөдөгү эң чоң эстелик ачылды

08-ноябрь 2019, 12:36 Бакыт Молдалиев

Индияда дүйнөдөгү эң бийик эстелик ачылды. Бул тууралуу дүйнөлүк маалымат булактары жазып чыкты. Маалымат боюнча, эстеликтин бийиктиги 182 метр. “Биримдик айкели” деп аталган эстелик өлкөнүн улуттук баатыры Валлабхаи Пателдин урматына курулган. Валлабхаи Патель улуттук боштондук кыймылынын лидери Махатма Гандинин жолун жолдоочуларынын бири болгон. Эстеликти курууда 250 инженер, 3400гө жакын жумушчулар иштеп, долбоордун баасы 430 миллион долларды түзгөн. Ал Нармада ...

0 126

Эң атактуу теке өлүп калды. Эми ага эстелик тургузулмакчы

08-ноябрь 2019, 12:10 Айдар Нуралиев

2015-жылы Амур аттуу жолборс менен достошуп элге таанылган Орусиянын Приморск крайында жайгашкан сафари-парктагы Тимур аттуу теке каза болду. Анын жүрөгү кармап калган. Бул тууралуу аталган парктын сайты жазып чыкты. Маалыматка караганда, Тимур 5-ноябрда Тимур өлгөн. Текени баккан парктын кызматкери Эльвира Головинанын айтымында, Тимурдун күл челеги артыкчылык менен жерге коюлат. Кийин ошол жерге Тимурдун колодон жасалган скульптурасы жасалат. Эске салсак, ...

0 977

Кудайдын белегиби? Африкага барган кечил аялдар кош бойлуу болуп кайтышкан

08-ноябрь 2019, 11:59 Айдар Нуралиев

Италиялык эки кечил аял Африкадан кош бойлуу болуп кайтышты. Бул тууралуу дүйнөлүк басылмалар жазып чыгышты. Маалыматтарга караганда, Рим католик чиркөөсү Африкадагы миссионердик сапардан эки кечил аялдын кош бойлуу болуп келгени боюнча өзгөчө окуяны иликтеп баштады. Күнөө кылган аялдар Сицилияда кызмат кылышат, алардын бири бузулган аялдарга жана алардын балдарына жардам берген коомдук институтта иштейт. 34 жаштагы кечил аял ичи ооруганынан ...

0 162

Дрондор дары-дармек ташып башташты

08-ноябрь 2019, 11:28 Айдар Нуралиев

Дрондор тапшыртма берген кардарлардын үйүнө дары-дармек жеткирип бере баштады. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты. АКШда тапшырыктарды аба аркылуу жеткирип берүү башталды. Түндүк Каролинада биринчи жолу дрондун жардамы менен жеткирип берүү иши сынактан өткөрүлдү. Анда дарыканага тапшырык берген кардардын үйүнө учкучу жок эле жеткирилген дары 6 метр бийиктиктен үйдүн алдындагы газонго түшүрүлдү. Тажрыйба ийгиликтүү аяктап, кардар товарларын өз ...

0 1978

Ата-энеси 5 жаштагы кызын өлтүрүп, өрттөп салышкан

08-ноябрь 2019, 11:26 Бакыт Молдалиев

Ташкентте беш жаштагы кызын сабап, атайылап өлтүрүп, сөөгүн өрттөп салган күйөөсү менен аялы кармалды. Бул тууралуу өзбекстандык маалымат каражаттары жазып чыкты. Маалыматка караганда, 4-ноябрда А. В. аттуу жаран укук коргоо органдарына Бектемир районунда жайгашкан Compass соода борборунан  5 жаштагы кызы жоголгондугун айтып арыз менен кайрылган. Тергөө иштери башталып, кыз издөөгө алынган.  Кыз табылбай, тергөө тобуна арыз жазган жубайлар шектүү ...

0 329

Сүрөт - Лос-Анжелесте кыргызстандыктар негиздеген кинофестивал старт алды

08-ноябрь 2019, 09:52 Бакыт Молдалиев

Лос-Анжелесте бешинчи Эл аралык Азия кинофестивалы старт алды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыкты. Маалыматка караганда, кинофестивал кинорежиссер Садык Шер-Нияз тарабынан негизделген. Калыстардын төрагасы болуп “Даңазалуу доор” сериалынын жылдызы Мерьем Узерли (Хюрем султан) шайланды. Фестивалдын ачылышында АКШда жашага кыргызстандыктар жана АКШдагы Кыргыз Республикасынын элчиси Болот Отунбаев катышты.  “Оскар” сыйлыгына койгон талапкерлер фестивалда ...

0 217

Орусия менен Кытай чек арасында бут кийимине алтын катып өтүүгө аракеттенген аял кармалды

08-ноябрь 2019, 09:57 Кызгалдак Жакыпова

Сибирден сегиз алтын дисктерди бут кийиминин таманына катып мыйзамсыз Кытайга алып кирмекчи болгон аялды кармалды. Бул тууралуу орусиялык басылмалар жазып чыкты. Маалыматка караганда,  бул окуя сибирь-кытай чек арасында болгон. Сегиз дисктин салмагы 1.9 килограмм же беш миллион рублду (78,650 доллар) түзөт. Читанын Бажы кызматынын өкүлү Марина Бойконун айтымында, кармалган аял чек арадан өзүн "шектүү" алып жүргөндүгү үчүн кармалган. Болгон окуя боюнча кылмыш иши ...

0 75

Сак болгула! Твиттердин мурдагы кызматкерлери тыңчылыкка шектелүүдө

07-ноябрь 2019, 17:05 Алтын Булат

АКШнын юстиция министрлиги Твиттердин мурдагы эки кызматкерин тыңчылыкка күнөөлөп жатат. Бул тууралуу The Wall Street Journal басылмасынын жазгандарына таянсак, мурдагы кызматкерлер Сауд Арабиянын кызыкчылыгына иштешкен. Тагыраагы, Ахмад Абуаммо жана Али Альзабара 2013-2015-жылдары Twitter социалдык тармагында иштешкен. Мына ошол учурда алар Сауд Араб падышалыгын сындагандардын маалыматын алып турган. Бул өз учурунда ошол билдирүүнү жарыялаган адамды издеп табууга мүмкүн болгонун америкалык ...

0 148

Жерге “өзгөчө кырдаал” жарыяланды

07-ноябрь 2019, 14:49 Айдар Нуралиев

Дүйнөлүк коомчулукка  11 миңден ашуун окумуштуулар менен экологдор кайрылуу жасашты. Алар Жер планетасында “өзгөчө кырдаал” жаралганын жана климаттык кризис келгенин, анын тезирээк алдын алуу керектигин билдиришти. Бул тууралуу дүйнөлүк басылмалар жазып чыгышты.   Окумуштуулардын айтымында, эгер жакынкы арада абага көмүр кычкыл газын чыгаруунун көлөмүн кыскартпаса, адамзаты азап чегүү алдында турат. Алар 40 жылдык климатты изилдөөсүнүн жыйынтыгына карап мына ушундай ...

0 671

Көзүнө татуировка тарттырам деген кыз сокур болуп калды

07-ноябрь 2019, 14:04 Айдар Нуралиев

Автралиянын Эмбер Люк аттуу жараны көзүнө татуировка жасатам деп сокур болуп калды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар бүгүн жазып чыгышты. 24 жаштагы Эмбер Люк аттуу кыз бир нече жылдан бери тышкы келбетин ажыдаардын келбетине окшоштурууга аракет кылып келген. Ал дене түзүлүшүн, төшүн, жүзүн, оозун кулактарынын формасын өзгөрткөн.  Кулактары чоң көзөнөкчө, тили эки ача болуп кесилген Люк мунусунда көзүнүнү түсүн ...

0 288

Эрдоган: «Уялбастан «Исламий террор» сөзүн колдонгон Батыш, эң оболу өзүн күзгүдөн карашы керек»

07-ноябрь 2019, 13:31 Айдар Нуралиев

Анкарадагы Бештепе «Миллет» конгресс жана маданият борборунда Анкара университетинин теология факультетинин 70 жылдык мааракесине катышкан Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоган сөз сүйлөдү. Ал АКШнын Сирияда жүргүзгөн оперциясында Багдадинин туннелде өзүн өзү жардырып жок кылганын эске салып: «Биз дагы аялын кармадык бирок биз чуу салган жокпуз. Муну биринчи жолу бүгүн жарыялап жатамын. Ошондой эле Багдадинин карындашын, жездесин да кармадык. Биз ...

0 333

ВИДЕО – Депутаттар мушташа кетишти

Видео 07-ноябрь 2019, 13:12 Айдар Нуралиев

Аэропортто Украинанын Радикалдуу партиясынын лидери Олег Ляшко менен Раданын депутаты Андрей Герус мушташа кетишти. Депутаттардын мушташы социалдык тармактарга тарап кетти. Маалыматтарга караганда, Ляшко менен Геркус Борисполь аэропортунун расмий делегациялар залында жолугуп калышкан. Ляшко Геркусту Кремлдин кызыкчылыгы үчүн иштеп жаткан чыккынчы деп күнөөлөгөн. Бир аз айтышкандан кийин экөө жакалашып, анан мушташа кетишкен. Булак: NazarNews.kg

0 473

Рамзан Кадыров аскер техникасын чыгарып баштады

Видео 07-ноябрь 2019, 11:41 Айдар Нуралиев

Чеченстандын "Болат" ишканасы аскердик багыттагы атайын автоунааларды чыгарууну пландап жатат. Учурда ишкана ар түрдүү аскердик атайын операцияларга ылайыкталган автоунаанын биринчи үлгүсүн жасап чыккан. Тышы ок өтпөөчү материалдан жасалган унаа түрдүү куралдар менен жабдылган. Салону ыңгайлуу келип, ичине кондиционер да орнотулган. Максималдуу ылдамдыгы саатына 120 чакырым. Жарадарларды, жүктөрдү жеткирүүгө, баардык жолдордо жүрүүгө ылайыкталган.  Унаанын салмагы 6 тонна 800 килограмм. Аскердик ...

0 201

Анна Семенович жаңы киного тартылууда

07-ноябрь 2019, 11:18 Айдар Нуралиев

Орусиялык белгилүү ырчы, актриса Анна Семенович Инстаграмм баракчасы аркылуу  жаңылыгы менен  бөлүштү. Ал “Кечээ менин легендарлуу  “Гардемариндер”  фильмине тартылган  биринчи  күнүм болду. Мен сьемка алдында абдан толкундандым,  бирок өзүмдүн кооз костюмумду, кооздугумду, фильмдеги өнөктөштөрүмдүн күчтүү идеясын көрүп, күн бою ырахат алып иштедим. Менин сүйүктүүлөрүм, бизге ийгилик каалап коюңуздар, жакында сиздерди абдан кызыктуу фильм күтөт. Биз болушунча аракет кылабыз”, -деп ...

0 2631

ВИДЕО – 57 жаштагы мугалим биринчи жолу турмушка чыкты

Видео 07-ноябрь 2019, 10:24 Аман Аскаров

Казакстанда 57 жаштагы мугалим биринчи жолу турмушка чыкты. Бул тууралуу өлкөнүн белгилүү телеалпаруучусу Гүлмира Абыкай өзүнүн Инстаграмм баракчасына жазып чыкты. Ал өзүнүн постунда: “Мугалимдерге сүйүү кеч келет”, -деп жазган.

Жарнама үчүн орун!
600 x 50
0 199

Амстердамда учакты барымтага алууга аракет кылышты

07-ноябрь 2019, 10:22 Аман Аскаров

Амстердамдагы “Стипхол” аэропортунда бычакчан белгисиз адамдар учакты барымтага алууга аракет кылышкан. Бул тууралуу чет элдик маалымат булактары жазып чыкты. Маалыматка караганда, бычакчан үч адам учакты барымтага алууга аракет кылышкан. Окуя Air Europe компаниясына тиешелүү Мадридге сапар тарта турган учак бортунда болгон. Маалымат боюнча, учакта 27ден кем эмес адам болушу мүмкүн.  Бул окуя тууралуу азырынча кенен маалымат жок, бирок, полиция ...

0 782

Жумуртка жеш боюнча мелдешкен адам каза болду

07-ноябрь 2019, 10:20 Айдар Нуралиев

Ал досу менен адам баласы 50 бышырылган жумуртка жей алат деп мелдеше кеткен. Эгер ал 50 жумуртканы жесе 2000 (болжол менен 1900 сом) рупия утмак. Мелдеш башталып, ал 41 жумуртка жегенден кийин, алсырап, эсин жоготкон. Ал ошол замат ооруканага жеткирилген менен каза болуп калган. Дарыгерлер анын өлүмүнүн себебин ашыкча тоюп алгандан улам болгонун аныкташкан. Айтмакчы, бул окуя биринчи эле ...

0 1686

Кыргыздарды 10 доллар айлык алат деген Малахов өзүнүн айлыгын айтты

07-ноябрь 2019, 09:49 Аман Аскаров

Белгилүү телеалпаруучу Андрей Малахов орусиялык Биринчи каналда иштеген убакта канча каражат тапканын жана “Россия 1” телеканалындагы кирешесинин болжолдуу суммасын Ксения Собчак менен болгон интервьюсунда айтып берди. Алып баруучунун айтымында, Биринчи каналда ал айына  50 миң доллар алчу. Алып баруучу Владимир Познер менен Иван Ургант андан көбүрөөк аларын да кошумчалады. Ошондой эле,  Малахов азыркы убакта “Россия 1” телеканалында ошого барабар ...

0 193

Тоо сатып алгыңыз келеби? Австралияда 620 миң долларга тоо сатылып жатат

07-ноябрь 2019, 09:38 Айдар Нуралиев

Австралияда Халлен тоосу сатууга коюлду. Тоонун аянты 105,100 чарчы чакырым. Ал тоону мурунку ээлери эс алуу үчүн гана колдонушкан. Алар тоонун бооруна үй курууну кыялданышкан, бирок, кийин пландары өзгөрүп, тоону сатууга коюшканын чет элдик басылмалар жазып чыгышты.  Халлендин аймагы ажайып кооз, түрдүү дарактар жана бадалдар өсөт, ошондой эле ал жакта  Вивенхо көлү да бар. Тоодо коала, кенгуру жана башка ...

0 489

ВИДЕО - Казакстандагы табышмактуу өлүмдөр

Видео 07-ноябрь 2019, 09:37 Аман Аскаров

Казакстандын түндүк жагында жайгашкан Есиль районунун Булак айылында табышмактуу өлүмдөр катталууда. Бул тууралуу казакстандык маалымат булактар жазып чыгышты.  Маалыматтарга караганда, Булак айылында акыркы жылдары ондон ашык тургун табышмактуу каза тапкан жана алардын көбү жаштар болгон. Айылдын тургундарынын айтымында, айылда алтын кенин казып алуу иши башталгандан баштап тургундар ар кандай ооруларга чалдыгып, өлүмгө чейин алып келген учурлар болгон. Ошондой эле ...

0 211

Сүрөт - Шайыр жаныбарлар

06-ноябрь 2019, 15:42 Аман Аскаров

Comedy Wildlife Photography Awards 2019 конкурсунун калыстары жеңүүчүлөрдү аныктады. Конкурска ар кайсы өлкөдөн фотографтар катышып, жеңүүчүлөр конкурстун сайтына жарыяланды. Жеңүүчү деп табылган 40 автордун сүрөттөрү эки максат менен тартылган. Бир тарабынан көпчүлүк элдин кызыкчылыгын арттыруу, экинчи тарабынан флора менен фаунаны сактап калуу.

06-ноябрь 2019, 15:42 | 211
0 1978

ВИДЕО – Пираньялар өспүрүм баланы жеп кетишти

Видео 06-ноябрь 2019, 13:59 Айдар Нуралиев

Социалдык тармактарда жырткыч саналган пиранья балыктары сууга түшүп кеткен өспүрүмдү жеп салган деген видео таркап жатат. Видео кайсы жерде, качан тартылганы белгисиз. Ошондой эле, өспүрүмдү чын эле пираньялар жегенби же башка нерсе жегенби, так далили жок. Бирок, видеодогу кадрлардан эти жок, сөөгү эле калган денени көтөрүп келип ороп жатканын көрүүгө болот. Сөөк эле калган дененин сыртында кийими бар экени ...

0 12083

Сүрөт (18+) - Депутат подиумга кайрадан жылаңач чыкты

06-ноябрь 2019, 12:35 Аман Аскаров

Коомчулукка төшүн көрсөтүп элге таанылган казакстандык депутат-модель Динагүл Тасарова кайрадан көпчүлүктүн талкуусунда. Дептутат 3-ноябрда Казакстандын түштүгүндө жайгашкан Петропавловск шаарында өткөн PetroFashionEvent-2019 мода кечесинде подиумга төшүн көрсөтүп чыккан. Тасарова  подиумдагы  сүрөттөрүн өзүнүн инстаграм баракчасына жүктөгөн. Анын жылаңач сүрөттөрү социалдык тармактын колдонуучулары тарабынан катуу сынга алынды.   “Ооба, бул моода жаатында жакшы, кооз. Эгер сен эл өкүлү ...

0 4460

Сүрөт(18+) - 44 жаштагы Анжелина Жолинин ачык сүрөттөрү жарыяланды

06-ноябрь 2019, 12:59 Аман Аскаров

Голливуд жылдызы жана БУУнун элчиси Анжелина Жоли Harper`s Bazaar журналына жылаңач сүрөткө түштү. Актриса журналдын декабрь-январь эки айлык басылмасына түшкөн. Бул сүрөттү журнал Инстаграмм баракчасына жүктөгөн. Сүрөттө 44-жаштагы Жоли денеси көрүнгөн жука кездемени үстүнө жамынып алып, төшүн колу менен жаап жылаңач түшкөнүн көрсө болот. Башка сүрөтүндө актриса торчо “боди” менен түшкөн.   Актрисанын ...

0 228

Түндүк Сириядагы согуштук аракеттерге шектелип Багдадинин карындашы кармалды

06-ноябрь 2019, 13:00 Алтын Булат

Согуштук опперацияларда террорчулар менен байланышы бар деген негизде, 65 жаштагы Расми Авад кармалды. Бул тууралуу кече, 5-ноябрда Түркия президентинин басма сөз катчысы Фахреттин Алтун Твиттерге жазды. Анда айтылгандай Авад, өлтүрүлгөн башкы террорчу Багдадинин бир тууган карындашы. Маалыматта айтылгандай, Түркия көзөмөлдөгөн Сириянын түндүк аймагындагы Алеппонун Азаз шаарына жакын жерде, Авад трейлерде (дөңгөлөктүү үй) жашаган. Кармоо операциясы учурунда ал аял күйөсү, келини жана ...

0 466

ВИДЕО - Аз жерден поезд астында калайын деди

Видео 06-ноябрь 2019, 10:12 Аман Аскаров

АКШнын Калифорния штатындагы Окленд  шаарында метронун кызматкери жакындап келе жаткан поезддин алдына жыгылып түшкөн адамды куткарып калды. Бул тууралуу чет элдик маалымат булактары жазып чыкты.  Маалыматка караганда, окуя 3-ноябрда “Колизей” метросунда болуп, ал учур видеокамерага түшүп калган. Видеодо киши жолдун чекеси менен өтүп баратып поезд өтүүчү темир жолго кулап кеткенин көрүүгө болот. Ал тура калып платформаны көздөй чуркап жөнөгөн, ...

0 215

№1 террорчунун карындашынын кийинки тагдыры эмне болоору азырынча белгисиз

06-ноябрь 2019, 09:35 Айдар Нуралиев

Түрк бийлиги тарабынан кармалган “Ислам мамлекетинин” өлтүрүлгөн лидери Абу Бакр аль-Багдадинин карындашы Расмия Авад азырынча миграциялык борбордо кармалып турат. Анын андан аркы тагдырын укук коргоо органдары чечет, -деп билдирди Түркиянын президенти Тайип Эрдоган. Буга чейин түрк бийлиги Сириядагы антитеррордук операция учурунда аль-Багдадинин карындашы кармалганын билдирген болчу. Булак: NazarNews.kg

0 478

Instagram аркылуу аялдарды кулчулукка сатып келишкен

05-ноябрь 2019, 16:32 Айдар Нуралиев

Кувейтте Google Play,  Apple, App Stote, Instagram тиркемелери аркылуу үй жумушчуларын кул катары ачык эле сатууда. Бул тууралуу ВВС кызматы жазып чыкты. Маалыматка караганда, миңден ашык аялды жашына, өңү-түсүнө карата сорттоп, бир нече миң долларга баалап сатышууда. ВВС араб кызматы базар кайсыл жакта жүрүп жаткандыгы, кантип соода жүргүзүп жатышкандыгы тууралуу иликтөө жүргүзүшкөн. Журналисттер 57 аккаунттун колдонучулары менен сатып алуучу ...

0 369

Орусияда 25 жаштагы кыргыз жараны жол кырсыгынан көз жумду

05-ноябрь 2019, 14:22 Айдар Нуралиев

Орусиянын Ленинград облусунда жол кырсыгы болуп, анын кеспетинен 1994-жылы туулган, Кара-Суу районунун  тургуну каза болду. Бул тууралуу Орусиядагы Кыргызстандын элчилигинен кабарлашты. Маалыматка караганда, кырсык Ленинград облусунда 1-ноябрда болжол менен түнкү саат 2:16да болгон. Анда Suzuki Grand Vitara жана  Skoda Octavia автоунаалары кагышып, кыргыз  жараны болгон Шкоданын 25 жаштагы айдоочусу каза болгон. Сөөктү  жеткирүү  боюнча зарыл болгон документтер даярдалып, маркумдун ...

0 199

Экономикасы эң ылдам өлкө кайсы экендиги айтылды

05-ноябрь 2019, 12:46 Айдар Нуралиев

Эл аралык валюта фонду экономикасы эң ылдам өскөн өлкө кайсы болорун айтып чыкты. Бул тууралуу дүйнөлүк басылмалар жазып чыгышты. Маалыматка караганда, Гайананын экономикасы 2020-жылы 86 пайызга өсөт, бул жылы ал көрсөткүч 4,4 пайызды түзгөн. Өлкөнүн экономикасынын мынчалык ылдам өсүшүнө Exxon Mobil корпорациясынын нефть запастарын өздөштүрүүсү себеп болот. Гайананын жылдык ички дүң өндүрүмү бүгүнкү күндө орточо 4 миллиард долларды түзөт, ...

0 666

ВИДЕО – Бейитке iPhone эстеликтер коюла баштады

Видео 05-ноябрь 2019, 11:24 Аман Аскаров

Акыркы учурларда эч нерсеге деле таң калбай калдык. Коомдо акылга сыйбас көп нерселер болууда. Төмөндөгү видео Казакстандын түштүгүндө жайгашкан Шымкент шаарындагы  көрүстөндөрдүн биринде тартылган. Анда бейиттин үстүнө коюлган iPhone эстеликти көрсөк болот. Бул өзгөчө эстеликте Орынбетов Заңгар Мүхтарүлы аттуу адамдын ысымы жазылган.  Эстеликте iPhone'дун бардык атрибуттары, мындайча айтканда видеокамера, логотип, эки чекесинде баскычтары жана алдыңкы бетинде маркумдун аты-жөнү менен ...

Жарнама үчүн орун!
600 x 50
0 422

Индия жөнүндө кызыктуу маалыматтар

05-ноябрь 2019, 09:48 Айдар Нуралиев

Өзгөчө маданияты, каада-салты бар  Индия мамлекети жөнүндө кеп кылабыз. * Индия Түштүк Азияда жайгашкан, 1 миллиард 369 миллиондон ашуун калкы менен элинин саны боюнча экинчи орунда турат. * Индия мамлекетти деп Инди дарыясынын атынан аталып калган. * Индияда жыл сайын Австралия же башка кээ бир мамлекеттеринин жалпы санынан да көп наристе төрөлөт. *  100 миллион жыл мурун Индия аралда ...

0 430

39 кишинин өлүмү боюнча Вьетнамда 8 киши кармалды

04-ноябрь 2019, 17:54 Айдар Нуралиев

Вьетнамдын полициясы Англияда унаанын ичинде каза болгон 39 кишинин өлүмү боюнча 39 кишини камакка алды. Камалгандар каза болгон адамдарды мыйзамсыз ташууга күнөөлөнүп жатат. Бул тууралуу дүйнөлүк басылмалар жазып чыгышты. Маалыматка караганда, каза болгондордун көпчүлүгү Вьетнамдын жумушсуздук аябай күч алган Нгеан жана Хатинь провинцияларынан болушкан. Эске салсак, 23-октябрга караган түнү Англиянын Эссекс графтыгында, Лондондон 30 чакырым алыс жердеги Грейс шаарынын ...

Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83