www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Дүйнө жүзүндө
0 487

Кылмышкерлер түрмө кызматкерлерин сабап салыштыбы? ЖАМКнын жообу

Видео 04-ноябрь 2019, 17:33 Айдар Нуралиев

Жакында, тактап айтканда, 2-ноябрда “Түрмө кызматкерин кылмышкерлер сабап салышты” деген темада видео тараган. Айрымдар видео Жаңы-Жердеги №19-түрмөдө тартылган деп чыгышкан. Бул боюнча маалымат сурап биз Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматына кайрылганыбызда,  аталган ведомствонун басма сөз катчысы Элеонора Шаршеналиева төмөнкүчө жооп берди: - Кайсы өлкөдө тартылганы тууралуу так маалыматым жок, бирок бул видео Кыргызстандын түрмөлөрүндө тартылган эмес. Видео интернетке таркаар замат ...

0 311

McDonalds кызматкери менен сүйүү мамилесин курган директорун иштен айдады

04-ноябрь 2019, 15:01 Айдар Нуралиев

McDonalds корпорациясы аткаруучу директору Стив Истербрукту кызматкери менен сүйүү мамиле түзгөндүгү үчүн жумуштан айдады. Бул тууралуу чет элдик маалымат булактары жазып чыкты. Маалыматка караганда, Стив Истербрук кызматчысы менен эки жактуу макулдук менен мамиле түзгөнү компаниянын саясатына каршы келет.   Директорлордун кеңешинин чечими менен Стивдин ордуна Крис Кемпзински аткаруучу директор болду.  McDonalds компаниясынын юридикалык эрежелеринде кызматкерлердин ортосунда мамиле түзүүгө тыюу ...

0 278

Илон Маск бир жумада 2 миллиард долларга байыды

04-ноябрь 2019, 13:56 Айдар Нуралиев

Space жана Tesla компаниясынын негиздөөчүсү Илон Масктын байлыгы 2 миллиард долларга көбөйүп, 22,9 миллиард долларга чейин жеткен. Бул Tesla 2019-жылдын үчүнчү чейрегинин отчетун бергенден кийин белгилүү болду. 23-октябрда рыноктун жабылышынан кийин, өндүрүүчү  бир акциядан 1,86 доллар киреше тапканын жарыялаган. Ал эми аналитиктер компания ар бир акциясынан 42 центке чейин чыгаша тартат деп күтүшкөн. Булак: NazarNews.kg

0 266

Лондондо өлүгү табылган 39 адам вьетнамдыктар болуп чыкты

04-ноябрь 2019, 09:58 Айдар Нуралиев

Англиянын Эссекс графтыгында өлүгү табылган 39 адамдын баары вьетнамдыктар болуп чыкты. Бул тууралуу Эссекстин полициясы маалымдаганын англиялык басылмалар жазып чыгышты. Эске салсак, 23-октябрга караган түнү Англиянын Эссекс графтыгында, Лондондон 30 чакырым алыс жердеги Грейс шаарынын өнөр жай аймагында токтоп турган оор машиненин ичинен 39 адамдын денеси табылган. Анын 31и эркек (ичинде бир өспүрүм да бар), 8и аял. Англия ...

0 491

Эң узун тиш кайсы адамга тиешелүү жана анын узундугу канча экенин билесизби? 

04-ноябрь 2019, 09:56 Айдар Нуралиев

Германиянын Оффенбахе шаарында стоматолог дүйнөдөгү эң узун тишти сууруп чыкты. Бул тууралуу чет элдик маалымат булактары жарыялады. Маалыматка караганда, 2018-жылдын сентябрь айында 63 жаштагы аксакал Макс Лукас аттуу дарыгерге тишинин катуу ооруп жатканын айтып кайрылып, дарыгер тишти жулуп алуу боюнча операция жасаган. Аксакалдын тишинин төрттөн бир гана бөлүгү сыртка чыгып турган. Тиш жулунуп ...

0 103

Ооганстанда мина жарылып, тогуз окуучу мерт кетти

03-ноябрь 2019, 12:39 Кызгалдак Жакыпова

Ооганстандын Тахор облусунда жол четине орнотулган мина жарылып, тогуз окуучу набыт болду. Облус акиминин басма сөз катчысы Жавад Хижрийдин айтымында, 1-ноябрда эртең менен сегиз жарымда окуучулар мектепке баратканда минага туш келишкен. Бийлик аны талибдерден көрүп жатат. Бирок жоопкерчиликти азырынча эч бир топ өзүнө ала элек. Тахор облусунда «Талибан» кыймылынын жоочулары көп. Ооганстанда салгылашуулар кырк жылдан бери уланып келатат. 2018-жылы ...

0 137

Пил унаанын үстүнө жатып эс алды

02-ноябрь 2019, 17:50 Айдар Нуралиев

Таиландда зор пил автоунаанын үстүнө жатып алып эс алууну чечкен. Унаанын айдоочусу качып кетүүгө үлгүргөн. Бул тууралуу чет өлкөлүк басылмалар жазып чыгышты. Маалыматка караганда, Дуэа аттуу 34 жаштагы пил Таиланддагы «Кхауяй» улуттук паркында жүргөн туристтин автоунаасынын үстүнө чыгып кеткен. 7 тонналык Дуэа унаанын үстүнө алгач алдыңкы буттарын коюп, андан соң үстүнө чыгып жатып алган. Мунун натыйжасында, унаанын айнектери сынып, ...

0 120

Мексикалыктар арбактарды кантип чакырышат?  

02-ноябрь 2019, 17:41 Айдар Нуралиев

Карнавалдык костюмдар, коркунучтуу грим, мунун баары Өлүктөр күнүндө көрсөтүлөт. Мексикалыктар 1-2-ноябрда белгиленүүчү бул күндөрү арбактар өз үйлөрүнө келет деп ишенишет. Көрүстөндөр да бул күндөрү гүл, мөмө-жемиштер, ленталар менен кооздолуп, үйгө карай жолго күйүп турган шамдарды коюшат. Ал эми көчөлөрдө карнавалдарды өткөрүшүп, баш сөөктүн формасындагы таттууларды сатышат. Булак: NazarNews.kg

0 883

15 жыл жаткан аялдын денеси мумияга айланып калган

02-ноябрь 2019, 16:12 Айдар Нуралиев

Мадриддин полициясы 15 жыл бою жаткан аялдын сөөгүн табышты. Бул тууралуу чет өлкөлүк басылмалар жазып чыгышты. Маалыматтарга караганда, Изабель Ривера 78 жашында каза болгон. Кошуналары аны акыркы жолу 2004-жылы сентябрь айында көрүшкөнүн, күйөөсүнүн өлүмүнөн кийин ал жалгыз үйүндө жашаганын айтышкан. Кийин аялдын дайыны чыкпаганын байкаган кошуналары полицияга бир нече жолу кайрылышкан, бирок полиция тараптан эч кандай реакция болгон эмес. ...

0 229

Чагылгандын кесепети... 10 киши көз жумду

02-ноябрь 2019, 13:48 Аман Аскаров

Индиянын батыш провинциясы Махараштрада чагылгандан 10 киши көз жумду. Бул тууралуу trt.net.tr өз пикирин коомчулукка жарыялады. Кабарларга караганда, өлкөнүн батышында орун алган Махараштранын Акола, Амравати жана Нандед аймактарында 10 киши чагылгандын себебинен каза тапты. Аймактын баарында нөшөрлөп жамгыр жаап жаткандыгы билдирилди. Индияда жыл сайын кеминде 2 миң киши чагылгандын айынан каза болот. Булак: NazarNews.kg

0 1182

92 жаштагы эне аны карылар үйүнө өткөрмөкчү болгон уулун атып салды

02-ноябрь 2019, 13:42 Бакыт Молдалиев

Баягы эле Американын 48-штаты катары саналаган Аризона шаарында жашаган 92 жаштагы кемпир өз уулу аны карылар үйүнө өткөрөйүн деп жүргөнүн билип, аны өз колу менен атып салды. Анна Блессинг өзү жарык дүйнөгө алып келген баласынын кантип мындай кадамга барганы жатканын ойлоп, кайгыга батат. Натыйжада ал дүйшөмбү күнү эрте менен халатынын чөнтөгүнө эки тапанча салып барып уулу менен жолугат. Кары ...

0 448

ВИДЕО - Беш кылымдык тарыхы бар хан сарай өрттөнүп кетти

Видео 01-ноябрь 2019, 17:30 Алтын Булат

Бул 2000-жылдары ЮНЕСКОнун тизмесине кирген Япониянын Окинава аралында жайгашкан хан сарай. Анын тарыхына келсек, хан сарайды 500 жыл илгери Рюкю династиясы курганы белгилүү. Ушул маданий мурастын толук өрттөнүп кеткенин кадрдан көрүүгө болот. Андагы айтылган маалыматтарга караганда, тилсиз жоодон жабыр тарткандар жок. Өрттүн келип чыгуу себептери аныкталып жатканы айтылууда. Булак: NazarNews.kg

0 194

Чет өлкөлүк ишкерлер казак атка минерине пара беришкенин билдиришти

01-ноябрь 2019, 16:36 Алтын Булат

Ушул убакта казак чиновниктерине пара бергендигин монаколук Unaoil компаниясынын башчылары, ага-ини Сайрус жана Саман Ахсанилер мойнуна алышкан. Бул боюнча АКШнын Юстиция министрлиги кабарлаган маалыматта айтылганы менен, аларга карата сот өкүмү эмдиги жылдын 20-апрелинде чыгары белгиленген. Анда айтылгандай, Ахсанилер 1999-2016-жылдары Алжир, Ангола, Азербайжан, Конго, Ирак, Казакстан, Ливия жана Сирия өлкөлөрүндөгү көптөгөн мунайгаз компаниялары менен кутумга барып, пайдалуу келишим түзүү үчүн ...

0 222

Өзбекстанда бактардын баалуу түрлөрүн кыюуга мараторий киргизилет

01-ноябрь 2019, 16:08 Айдар Нуралиев

Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев 1-ноябрдан тарта мамлекеттик токой фондуна кирбеген баалуу бактар менен бадалдарды кыюуга мораторий киргизүү тууралуу жарлыкка кол койду. Бул тууралуу өзбекстандык маалымат булактары жазып чыкты. Маалыматка ылайык,  мораторий 2020-жылдын 31-декабрына чейин күчүндө болот. Бул аралыкта тиешелүү органдар бактар менен бадалдардын анда көрсөтүлгөн түрлөрүн кыюуга уруксат бербеши керек. Ошол эле маалда документте бактар менен бадалдарды түрдүү оорулардан ...

0 390

Авто кырсыктан 19 киши мерт кетти

01-ноябрь 2019, 14:23 Айдар Нуралиев

Филиппинде жүргүнчүлөрдү ташып бараткан жүк ташуучу унаа жардан кулап,  анын натыйжасында 19 киши каза болсо, дагы 22 киши түрдүү жаракаттарды алышкан. Бул тууралуу чет өлкөлүк басылмалар жазып чыгышты. Маалыматка караганда, окуя, 31-октябрь күнү кечинде, Филиппиндин Апаяо провинциясында болгон. Жүк ташуучу унаанын ичинде көпчүлүгү улуу курактагы адамдар болушкандыгы айтылат, алар кошуна провинциядан өкмөт акчалай жана үрөн түрүндө берген жардамды алып, ...

0 171

Пакистанда поезд өрттөнүп, 73 киши каза болду

01-ноябрь 2019, 14:20 Айдар Нуралиев

Пакистанда поезд өрттөнүп кетти. Каза болгондор менен жабыркагандардын арасында кыргызстандыктар жок же бар экени белгисиз. Муну учурда ТИМ  тактоодо. Кечээ,  31-октябрда  Пакистандын Пенджаб  провинциясында   жүргүнчү ташуучу поездде чыккан өрттөн 73 жүргүнчү курман болгон. Каза болгондордун көпчүлүгүнүн күйүктөрү өтө оор болгондуктан, алардын аты-жөндөрү аныктоо мүмкүн болбой жатат. Поезд Карачиден Равалпинди шаарын көздөй бара жаткан. Алдын ала маалыматтарга караганда, өрт жүргүнчүлөр ...

Жарнама үчүн орун!
600 x 50
0 201

Тажикистанда окуучуну сабаган милиция кызматкери иштен алынды

01-ноябрь 2019, 14:03 Айдар Нуралиев

Тажикстанда сабак учурунда 11-класстын окуучусун сабаган Исфара облустук ички иштер бөлүмүнүн кызматкери жумуштан алынды. Милиция кызматкери тарабынан сабалган Акбар Довудовдун айтымында, ал 16-сентябрда экинчи сабакка кечигип келгендиги үчүн токмоктолгон. — Ошол маалда кыргыз-тажик чек арасындагы кырдаалга байланыштуу коопсуздукту камсыз кылуу үчүн биздин аймакка милиция кызматкерлери жөнөтүлгөн. Мен кирсем класста Ахад Гайбуллозода аттуу милиционер бар экен. Ал кечиккендигимдин себебин сураганда дааратканада ...

0 232

ВИДЕО – 101 жаштагы чоң эне дагы деле кызматта

Видео 01-ноябрь 2019, 11:14 Алтын Булат

Өткөн-кеткендерге маалымат кагаздарын таратып, күркө ичинде жаштар менен катарлаш чоң эне олтурат. Кызыгы, бул видеодогу маалыматта кемпирдин курагы бир кылымдан ашык экени айтылууда. Анда айтылгандай, тасма АКШнын түштүгүндөгү ири штаттарынын бири Техаста өткөн жарманкелердин биринде тартылган. Жаш курагы боюнча рекорд койгон чоң эне элге, мекенине пайдасын тийгизгенден ырахат аларын айтууда. Эс алууну таптакыр каалабайт, тескерисинче иштегенди жактырат. Ошондуктан ага пенсия ...

0 355

Бири өлтүрүлсө, экинчиси келди. Террорчулардын жаңы лидери белгилүү болду

01-ноябрь 2019, 10:31 Алтын Булат

Башкы террорчу Абу Бакр аль-Багдади жана анын оң колу Абу аль-Хасан аль-Мухаджир да жок кылынганын «Ислам мамлекети» террордук уюмунун өкүлдөрү ырасташты. Ошол эле учурда бул уюмга - Аби Ибрахим аль-Хашеми аль-Кураши аттуу адам лидер болгонун жарыяланды. Американын Коргоо министрлиги «Ислам мамлекети» террордук уюмунун башчысы Абу Бакр аль-Багдадини жок кылуу операциясынан тартылган видео менен сүрөттөрдү жарыялап, анын айрым деталдарын ачыктаган.

0 1335

Москвада жоголду делген кыздын атасы: “Өткөөл курак. Күнөө кызымдан кетти...”

01-ноябрь 2019, 10:02 Айдар Нуралиев

Кечээ, 31-октябрда эрте менен Акыл Сатыбалдиев аттуу Фейсбук колдонуучусу жеке баракчасына Москва шаарында кыргыз кызы дайынсыз болуп жатканын, маалымат билгендер болсо кабарлап коюшун суранган. Айтымында, дайынсыз болуп жаткан Таңзада деген кыз.  Таңзада “Кечээ күнү мени бирөөлөр алдап алып кетип, камап коюшту, алып кеткиле мени, даректи билбейм, суу эле берип жатат”, -деп боздоп аудио билдирүү жөнөткөн экен. Ал заматта бүт ...

0 270

Американын депутаттары Трампты президентиктен кетиребиз деп чыгышты

01-ноябрь 2019, 08:31 Бакыт Молдалиев

АКШнын Өкүлдөр палатасы президент Дональд Трампка импичмент жарыялоо ишине байланышкан иликтөөнүн кийинки баскычын баштоого жол ачкан резолюцияны колдоду. Жөнөкөй көпчүлүк менен кабыл алына турган резолюцияны 232 депутат колдоп, 196 каршы добуш берди. Ага негизинен бардык республикачылар жана эки демократ каршы болду. Добуш берүүгө төрт эл өкүлү катышкан жок. Палатада демократтар көпчүлүктү түзөт. Резолюция ачык угууларды өткөрүүгө, жабык жыйындардагы көрсөтмөлөрдүн ...

0 649

Африкада 5 орусиялык жалданма аскер өлтүрүлүп, баштары алынды

31-октябрь 2019, 15:58 Айдар Нуралиев

Африка материгинде жайгашкан Мозамбик өлкөсүндө радикал исламчылар менен болгон беттеште Вагнердин армиясынын 5 жалданма аскери каза болду. Бул тууралуу чет өлкөлүк басылмалар жазып чыгышты. Маалыматка караганда, окуя 27-октябрда Кабу-Делгаду провинциясында болгон. Орусиялык жалданма аскерлердин колоннасы жергиликтүү радикал исламчылар уюштурган барымтага туш болушкан. Өкмөттүк армиянын 20 аскери жана орусиялык 5 жоокер каза болгон. Булардын баарынын башы алынган. Өлүктөр Муеда шаарынын ...

0 201

Саясатчылар эми Твиттерден Фейсбукка "көчүшөт?". Сыры эмнеде?

31-октябрь 2019, 15:45 Бакыт Молдалиев

Twitter социалдык түйүнү мындан ары саясий жарнамаларды жарыялоодон баш тартууга ниеттенүүдө. Компания мындай чечимин «бул сыяктуу маалыматтар сатылбашы керек» деп түшүндүрдү. Twitter компаниясынын башчысы Жек Дорсинин билдиришинче, сервисте шайлоого талапкерлердин жарнамалары жана саясий темадагы кулактандыруулар 22-ноябрдан тарта жарыяланбайт. Twitter түйүнүнүн атаандашы болгон Facebook жакында саясий рекламаларга киргизилген тыюудан баш тарткан. Компаниянын башчысы Марк Цукербергдин пикиринде, жарандардын өз оюн эркин ...

0 502

Өзбекстанда кызы зордукталган мугалим аял экинчи жолу өзүнө кол салды

31-октябрь 2019, 14:41 Бакыт Молдалиев

15-сентябрда Кашкадарыя облусунун Касан районунда 40 жаштагы мугалим асынып өлүүгө аракет жасаган. Аны мектептен келген кызы көрүп, аман алып калган. Бул мугалим аял былтыр, 2018-жылы да өзүнө өрт койгон. Маалыматка караганда, анын 14 жаштагы кызын зордуктаган киши жазага тартылган эмес, айылда болсо анын үй-бүлөсү тууралуу айың кептер тараган. Буга байланыштуу ал өз жанын кыйгысы келген. Ал эми кызы болсо ...

0 962

11 жаштагы кызды үчүнчү аял кылып алган имам айып пул төлөп кызды өзүнө калтырды

31-октябрь 2019, 14:16 Бакыт Молдалиев

11 жашар кыз менен нике кыйып, бүтүн интернет колдонуучуларды кыжырданткан 41 жаштагы малайзиялык имам айып пул төлөп кутулуп кетти. Имамдын бир нече аял алууга уруксаты жок болгондуктан, ал шарият боюнча 900 ринггит (15 147,8 сом) айып пул төлөгөн. Белгилей кетсек, Малайзияда 11 жаштагы кыз менен 41 жаштагы эркек никелешкен эле. Кыздын ата-энеси жакырчылыктан кыйналгандыктан, кыздарын эрте турмушка беришкен. Алар бир гана ...

0 320

ВИДЕО –Селкинчек тепкен уйлар чек арадан өтүп кетишти

Видео 31-октябрь 2019, 13:10 Алтын Булат

Жыгачтан жасалган өпөң-чычаң. Бир учунда байланган уй, торпоктор ортодогу зым тордон ашырылып өткөрүлүүдө. Бул албетте, мыйзамсыз иш – аракет. Антсе дагы адамдын тапкычтыгына айла жок “ырсаят” экенсиң. Социалдык түйүнгө чыккан бул видео качан, кайда тартылганы белгисиз. Кадрдагы сүйлөшүүлөрдөн улам байкалгандай, Индия-Пакистан чек арасы болушу мүмкүн. Анда көрүнүп тургандай адамдардын тобу мал уурулук кылып жатышат. Болбосо коңшулаш карапайым эки эл ...

0 393

Москвада кыргыз кызы изделип жатат

31-октябрь 2019, 10:50 Айдар Нуралиев

Акыл Сатыбалдиев аттуу Фейсбук колдонуучусу жеке баракчасына Москва шаарында кыргыз кызы дайынсыз болуп жатканын, маалымат билгендер болсо кабарлап коюшун суранып пост жазган. Анын жазганы төмөндө толугу менен: “Салам алейкум, туугандар, 27-октябрь күнү саат 18.00дө Новокосино метросуна подработка чакырган эле. Ошол күнү баргандар болсо кабарлап койгулачы, сураныч, Рысбек кызы Танзада жок болуп жатат. Чалсак, телефону өчүк, кайра в сети болуп ...

0 706

Дүйнөдөгү эң узак жашаган аял каза болду

31-октябрь 2019, 09:26 Айдар Нуралиев

Орусиянын Астрахань облусунун Алча айылында Танзиля Бисембеева аттуу кемпир 125 жаш курагында каза болду. Ал ушул жылдын январь айынан бери дүйнөдөгү эң кары адам катары эсептелип келген. Бул тууралуу орус басылмалары жазып чыгышты. Маалыматтарга караганда, Танзиля Бисембеева  Астрахань облусунда төрөлгөн, улуту казак. Танзиля жөнүндө орус басылмалары 2016-жылы жазып чыккан, анда ал 121 жашта болчу. Анын уулу апасынын  ден соолугу ...

0 443

ВИДЕО - Өзбекстан араб өлкөлөрүндөй эле бутуна турмай болду

Видео 30-октябрь 2019, 17:37 Аман Аскаров

АКШда катталган Epsilon Development Company Өзбекстандын түштүгүнөн 10 миллион тонна мунайзат жана 7 миллиард куб метрге барабар көгүлтөр от кенин тапты. Жаратылыш ресурсу Кашкадарыя облусунун Култак-Камашы аймагында орун алган. Март айында Epsilon Development Company (АКШ) жана Epsilon Asia Limited (Гонконг) Фергана жана Бухара-Хиви аймактарынын мунай жана газ тармактарынын инвестициялык блокторун түзгөн. 2019-2023-жылдар аралыгында долбоор алкагында 5,2 миллиард доллар инвестиция ...

0 951

ВИДЕО – Бузулган учак: кокуйлаган аялдар... “Кургурдан” урдурган эркектер...

Видео 30-октябрь 2019, 17:31 Алтын Булат

Учак аэропортко конуп жаткан учуру... Кол кармашкан жүргүнчүлөр болгон үндөрү менен кыйкырып, Кудайга сыйынышууда... Анткени, аларга учактын бузулганы айтылган. Айтмакчы, мында бир эркек жүргүнчү башкалардан айырмаланып, коркунучун ичимдик менен басып, анысын жанындагыларга сунуштады. Колдогондор бар. Бул тууралуу айтылган маалыматтарга караганда, “Каракас – Майами” багытындагы рейсте учуп чыккан “Боинг” учагынын бир кыймылдаткычы учкандан жарым саат өтпөй иштен чыккан. Анткен менен ...

0 262

ВИДЕО – Зеленский “лох” эмес

Видео 30-октябрь 2019, 15:56 Алтын Булат

“Мен 42демин. Мен лох эмесмин”. Мына ушундай лозунг жана ал сөздөрдөн куралган ыр менен Мариуполь шаарынын тургундары Владимир Зеленскийди өзгөчө тосуп алды. Учурда бул интернетте “хит” болуп жатат. Айтылган маалыматтарга караганда, украин лидери инвестициялык форумга катышуу үчүн келе жаткан. Анын кортежи жакындаган убакта, каршылык акциясына чыккан активисттер, музыканын коштоосунда мындай баннерди жол боюна жая салышкан. Иш аракеттер тездик менен ...

30-октябрь 2019, 15:56 | 262 |
0 290

Дональд Трамп Кыргызстандан асырап алынган кызды коноктоду

30-октябрь 2019, 15:30 Аман Аскаров

Убагында Кыргызстандан асырап алынган кыз АКШ президенти Дональд Трамп менен жолукту. Ал кызды багып алган Хайден-Памела Аллен иш чарадагы сүрөттү өзүнүн Фейсбук баракчасына жүктөгөн. Хеллоуин майрамынын урматына президент Дональд Трамп жана анын жубайы Мелания Трамп тарабынан ак үйдүн аймагында кече уюштурулган. Иш чарага Кыргызстандан асырап алынган Хайден аттуу кыз дагы чакырылган. Президент жана биринчи ханайым чакырылгын балдарга таттууларды белек ...

Жарнама үчүн орун!
600 x 50
0 1475

СҮРӨТ - Миллионер аялдын өлүгү муздаткычтан табылды

30-октябрь 2019, 14:36 Айдар Нуралиев

Таиланддын Чиангмай шаарында 58 жаштагы миллионер аялдын жансыз денеси бетондолгон абалда өз үйүндөгү муздаткычтан табылган. Бул тууралуу дүйнөлүк маалымат булактары жазып чыкты.  Маалыматтарга караганда, Вонни Жирахароенинг аттуу миллионер аял курулуш тармагында ишкерлик менен алектенип, кайрымдуулук иштерин көп жасачу. Ал 18-октябрдан баштап жакындарына байланышка чыкпай калган жана аны эч ким көргөн эмес.  27-октябрда Жирахароеннингдин кошуналары анын үйүнөн жагымсыз жыт чыгып ...

0 754

Түштүк Кореядагы мекендештер ал өлкөгө барып иштөөнүн эң оңой жолун айтышты

Видео 30-октябрь 2019, 14:35 Айдар Нуралиев

Түштүк Кореяда иштеп жүргөн Эрик Жумабаев аттуу мекендешибиз аталган өлкөгө барып иштеп келүүнүн эң оңой жолун ойлонуштуруп, ал боюнча “Корея турмушу” аталыштагы ролик да даярдаган. Бирок, бул ролик Орусиянын жарандыгын алган мекендештерге көбүрөөк арналган. Эрик: “Орусиядан Кореяга иштегени келгендер туурасында маалымат катары видеоблог даярдадым. Болушуп коюңуздар. Башкалар да көрсүн, билсин, келсин, иштесин, байысын”, -дейт. Булак: NazarNews.kg

0 352

Кафедеги атышуудан бир киши каза болуп, дагы бешөө жаракат алды

30-октябрь 2019, 14:03 Айдар Нуралиев

Казакстандын Чимкент шаарында болгон атышуудан бир киши каза болуп, дагы бешөө жаракат алды. Бул тууралуу казак басылмалары жазып чыгышты. Маалыматка караганда, шаардагы кафелердин бирине белгисиз адамдар кирип, бир нече жолу ок чыгарышкан. Анын жыйынтыгында бир киши каза болуп, дагы бешөө жаракат алган. Окуя болгон жерден кылмышка пайдаланылган куралдар табылганы айтылган менен, эмне куралдар экени айтылган жок. Бул боюнча кылмыш ...

0 215

Тажик журналисттери бийликке нааразы

30-октябрь 2019, 12:16 Айдар Нуралиев

Европада жашап жаткан тажик журналисттери Тажикстандын улуттук банкы аларды терроризмге байланыштуу адамдардын тизмесине киргизгенине түшүнбөй жатышат. Алардын ызылдаганына Тажикстандын бийлиги азырынча жооп бере элек. Тажикстандын улуттук банкы октябрь айынын ортосунда өзүнүн сайтына терроризмге байланышкан адамдардын кеңейтилген жаңы тизмесин жарыялаган. Ага жалпысынан бийлик террорчулукка катыштыгы бар жана аны каржылаган деп эсептеген 2400 адам кирген. Алардын арасында чет өлкөлөрдө жашап жаткан ...

0 203

Биволго дүйнөнүн супер чемпиону статусу ыйгарылды

30-октябрь 2019, 10:59 Айдар Нуралиев

Орусиялык мушкер Дмитрий Биволго WBA версиясы боюнча дүйнөнүн супер чемпиону статусу ыйгарылды. Бүткүл дүйнөлүк бок ассосиациясы (WBA) жарым оор салмак боюнча дүйнө чемпиону Дмитрий Биволго супер чемпион статусун ыйгарды. Мушкерге жаңы титулду берүү аземи жакынкы убакытта болоору айтылды. Орусиялык мушкер 12-октябрда Чикагодо өткөн акыркы беттешинде доминикалык Ленин Кастильону жеңип, WBA версиясы боюнча дүйнө чемпиону наамын коргоп калган. Анын эсебинде ...

0 238

ВИДЕО - Бала бакчадагы “дедовщина”

Видео 30-октябрь 2019, 09:51 Айдар Нуралиев

Орусиянын Ярославль шаарындагы № 236 бала бакчанын кичинекей тарбиялануучулары өздөрүнүн эле тайпасындагы кызды чогулуп сабап жатышкан видео тарады. Видеодон жерде жаткан кичинекей кызды башкалары келип уруп-тепкилеп кеткенин, үстүнө чыгып алып секирип жаткандарын көрүүгө болот. Бала бакчанын тарбиячылары бул убакта кайда жүргөнү белгисиз. Муну көрүп “дедовщина” бала бакчадан башталып калган го деген ой кетет экен. Булак: NazarNews.kg

0 276

ФОТО+ВИДЕО – Күчтүү өрт Американы каптоодо

Видео 29-октябрь 2019, 16:53 Алтын Булат

Сырттагы күзгү аба ырайынын табы күндүзү 17 градустун тегереги, эрте-кеч адамды үшүтүп, чыйрыктырып жиберет. Ал эми Калифорнияда тескерисинче кайнап жатат. Ысыгына адам чыдагыс. Тагыраагы, тутанган өрт тоо-токойлорду жалмоодо. Оттун жалыны алоолонуп, жолунан чыккан жандуу жана жансыздын баарын жалмап бара жатат. Өрттү өчүрүүгө мүмкүн болбой калганын дүйнөлүк ММКлар жазып жатышат. Анда айтылгандай күч алган от жылдыздардын мекени болгон Лос-Анжелеске чейин ...

0 310

Орусияда аял беш айлык баласынын көзүн бычак менен чукуп салды

29-октябрь 2019, 14:23 Айдар Нуралиев

Орусиянын Хакасия республикасынын Таштып айылында үрөй учурга окуя катталды. Кызганычтын айынан күйөөсү менен урушкан аял күчүн беш айлык баласынан чыгарып, баласынын көзүн чукуп салган. Бул тууралуу бүгүн, 29-октябрда орусиялык маалымат булактары жазып чыгышты.  Малыматка караганда, 36 жаштагы аял психикалык жактан ооруйт. Жолдошу Абакан шаарына кеткенде, Ольга атту бул айым төрт жаштан 14 жашка чейинки улуу балдарын бир бөлмөгө камап ...

0 316

Өзбекстан аскерин күчтөп жатат

29-октябрь 2019, 12:10 Айдар Нуралиев

Өзбекстан Орусиядан “Тайфун” брондолгон автоунааларынын ири партиясын сатып алды, унааларды ташуу иштери ушул жылы эле башталмакчы. Бул тууралуу РИА Новости жазып чыкты. Маалыматка караганда, “Тайфун” брондолгон автоунааларынын ири партиясын сатып алуу боюнча келишим түзүлгөн. Белгилей кетсек, Өзбекстан ушул жылы Орусиядан БТР-82А бронетранспортёрлорун, "Тигр" брондолгон автоунааларын, "Сопка-2" радиолокациялык станцияларын сатып алган. Мындан сырткары Өзбекстанга 12 даана Ми-35М транспорттук-аскердик тик учактарын жеткирүү ...

29-октябрь 2019, 12:10 | 316
0 396

Өлтүрүлгөн башкы террорчунун денеси деңиз жаныбарларына жем болот

29-октябрь 2019, 11:57 Алтын Булат

“Ислам мамлекети” террордук уюмунун башчысы Абу Бакр аль-Багдадинин денеси деңизге ташталды. Бул тууралуу Пентагондун өкүлдөрү маалымат таратты. Маалыматка караганда, учурда террорчуну жок кылууда алынган фото-видеолорду аныктоо, ачыктоо иш-чаралары жүрүп жатат. Ал жакынкы күндөрү жыйынтыкталарын, АКШ Бириккен штаб башчыларынын комитетинин төрагасы Марк Мили атайын брифингде айтып берди. Андагы дагы бир маалыматта, операция учурунда америкалык спецназ тирүү эки адамды кармаганы айтылат. ...

0 144

Хакасияда Орто Азия ашканасынын күндөрү өтөт

29-октябрь 2019, 11:56 Айдар Нуралиев

 29-октябрдан 31-октябрга чейин Хакасия мамлекеттик университинде азия элдеринин тамактары даярдалат. Тактап айтканда, аталган университеттин ашканасында  Борбор Азия  ашканасынын майрамдык  күнүнө карата Кыргызстан, Казакстан, Түркмөнстан, Тажикстан жана Өзбекстандын тамак-аштары жасалат. Бул тууралуу  орус басылмалары жазып чыкты. “Октябрь, ноябрь айларында Борбор Азия өлкөлөрүндө түшүм  майрамдары  болот. Мисалы, Кыргызстанда чечкор, Туркменстанда хасыл байрамы  жана Тажикстандын  мехргон майрамы болот. Биздин өлкөдө түшүм майрамын ...

0 317

Түтүн чыгуучу түтүккө тыгылып калган киши каза болду

29-октябрь 2019, 10:46 Айдар Нуралиев

Улуу Британиянын жараны түтүн чыгаруучу түтүктүн башына тыгылып, каза болду. Бул тууралуу чет өлкөлүк басылмалар жазып чыгышты. Каргашалуу окуя, Камбрия графтыгындагы Карлайл шаарчасында болгон. Маркум 90 метрлик түтүктүн башына эмне себеп менен чыккандыгы азырынча белгисиз. Жергиликтүү тургундар ал кишинин түтүккө тепкич менен чыккандыгын, андан соң жардам сурап элге кыйкыргандыгын жана алар дароо куткаруучуларды  чакырышкандыгын  айтышкан. Маркум башы ылдый караган ...

0 690

ВИДЕОФАКТ – Таштандыдан тамак издеген үй-бүлө изделүүдө

Видео 29-октябрь 2019, 10:24 Алтын Булат

Эне мектеп жашындагы үч баласы менен бирге таштанды челегин аңтарып, бир нерселерди чогултуп жатышат. Жанындагы коляскада дагы кичине кыз бар. Аз убакыт өтпөй тапкан табылгаларына ыраазы боло жөнөп кетишти. Кийген кийимдерине караганда - анча деле жарды үй-бүлөдөй көрүнбөйт. Мына ушул видеону тартып алып, интернетке жүктөгөн адам видеонун астына: “Якутск шаарындагы көп балалуу үй-бүлө, тамак-аш издешүүдө. Орусиянын алмаздуу борбору! Башкысы ...

0 310

ФОТО - Англия жана Испания. Меган Маркл менен ханайым Летициянын юбкалары жарышка түштү

29-октябрь 2019, 10:26 Аман Аскаров

Ханзада Гарринин колуктусу Меган Маркл менен Испаниянын ханайымы Летициянын кийим-кечеге болгон табити бирдей көрүнөт. Айтсак, Меган Маркл жакында жолдошу ханзада Гарри менен Лондондо өткөн чоң бир иш чарага барган. Иш чаранын маанилүүлүгү деле экинчи орунга өтүп кетти. Бардыгы Мегандын кызыл түстөгү булгаарыдан тигилген юбкасына көз артышкан. Эң кызыгы, эртеси эле Испаниянын ханайымы Түштүк Кореяга болгон сапары учурунда дал ушундай ...

0 562

ВИДЕО - Макрегор Конордун жабык пресс-конференциясында дагестан аны бөтөлкө менен чаап жиберди

Видео 29-октябрь 2019, 09:21 Бакыт Молдалиев

Конор Москвада журналисттерге жабык пресс-конференция берип жаткан учурунда аны бир дагестан улутундагы жаран бөтөлкө менен чаап жибергени, ал эңкейе коюп бөтөлкө тийбей калганы боюнча видео интернетке тарады. Анда бөтөлкө ыргыткан дагестан: “Эмне үчүн биз (дагестандар –ред.) коркокпуз!? Сага менин атам, менин агам эмне кылды? Акмак! Оозуңду жаап жүргүн, акмак!” деп кыйкырып жатканын көрүүгө болот. Эскерте кетсек, 24-октябрда Конор Макгрегор ...

0 126

Эрдоган республика майрамынын 96-жылдыгына карата билдирүү жасады

29-октябрь 2019, 09:12 Бакыт Молдалиев

Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоган, 29-октябрь Республика майрамынын 96-жылдыгынын урматына өз билдирүүсүн жарыялады. Билдирүүсүндө Эрдоган улут жана мамлекет катары тарыхый күрөштүн ичинде экенибизди белгилеп: «Боштондук согушубуздун окшошун башкача ыкмалар менен жүргүзүүдөбүз», -деди. Аны менен катар ал бир кылымдык шаңдуу өтмүшкө ээ боштондук согуштун жеңишке жетишүүсүндө жана жаңы мамлекеттин түзүлүүсүндө милдет алган Гази Мустафа Кемал Ататүрк баш болгон баатырларды урматтоо менен эскерди.

Жарнама үчүн орун!
600 x 50
0 374

Назарбаевдин биринчи селфиси жарыяланды

28-октябрь 2019, 17:40 Айдар Нуралиев

Нурсултан Назарбаев менен болгон биринчи селфи социалдык тармактарга жарыяланды, ал 15 жыл мурун болгон. Сүрөттү Казакстандын биринчи  президенттинин  басма сөз кызматы  жарыялаган. Анда “Елбасы менен биринчи жолку селфи, 2004-жыл” деп  жазылган. Бирок, селфи сүрөт кайсы жерде, кимдер менен тартылганы айтылган эмес. Булак: NazarNews.kg

0 464

Башкы террорчунун өлгөнүнө орустар ишенген жок

28-октябрь 2019, 17:27 Алтын Булат

"Ислам мамлекети” террордук уюмунун лидери Абу Бакр аль-Багдадинин өлтүрүлгөнү тууралуу АКШнын билдирүүсүнө Орусиянын коргоо министрлиги ишенген жок. Тескерисинче, акыркы убакта АКШнын бир дагы абадан сокку урганын Орусиянын аскер аба күчтөрү каттабаганын эске алып, Багдадинин чындап өлгөндүгүн далилдөөнү расмий Вашингтондон талап кылды. Маалыматтарга караганда, аталган органдын өкүлү Игорь Конашенков АКШ лидери башкы тероррчунун өлүмү тууралуу чындыкка дал келбеген билдирүү таратканын ...

Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83