www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Дүйнө жүзүндө
0 1498

СҮРӨТ - Көчүккө жел үйлөсө, чөнтөгүнөн 20 доллар түшкөн Трамп 

21-сентябрь 2019, 11:28 Алтын Булат

АКШнын президенти учактын бортуна көтөрүлүп бара жатат.  Сапырылган сары чач, желпилдеген галстук менен этеги өйдө карай кайрылган костюм. Бул кадимки Калифорниядагы эле шамалдын күчүн көргөзүп жаткандай эле көрүнүш.  Бирок, ушул шамал америкалык лидердин дагы бир “сырын” ачып салды. Тиги этеги өйдө кайрылган костюмдун астын карасаңар. Трамптын арткы чөнтөгүнөн 20 долларлыктын учу чыгып жүрөт. Эми анын акчасы чөнтөккө эмес банкка ...

0 276

АКШ, Сауд Арабия жана Иран ортосунда кармашуу тутанчудай болуп калды

20-сентябрь 2019, 17:50 Аман Аскаров

Сауд Арабиянын мунай объектилерине болгон чабуулга Ирандын түздөн-түз тиешеси бар. Мындай билдирүүнү Сауд Арабиясынын коргоо министрлигинин өкүлү Турки аль-Малики жасады. Анын айтымында, башында ойлогондой эле араб өлкөсүнүн нефти базаларына болгон чабуулга Йемендин тиешеси жок болуп чыккан. Иран фактыларды бурмалаганга аракет жасаган. Бирок, аскер кызматкери маалымдагандай, Иран Сауд Арабиясынын мунайзат объектилерине чабуул кылууга 7 ракета жана 18 ...

0 2309

Кытайдан келаткан колбасадан чочко чумасынын вирусу чыкты

20-сентябрь 2019, 15:03 Айдар Нуралиев

Россельхознадзор Кытайдан Орусияга алып бараткан колбасадан африка чочко чумасынын вирусун тапты. Аны Кытай жараны алып өтүп бараткан. Бул тууралуу РИА Новости 19-сентябрда жазып чыкты. Маалыматка караганда, Россельхознадзор кызматынын кызматкерлери “Забайкальск” өткөрмө пунктунан мындай вирусу бар колбасаны алып өтүүнү катташкан. Колбаса текшерүү үчүн лабораторияга жөнөтүлүп, анын жыйынтыгында африка чочко чумасынын вирусунун генетикалык материалдары бар экендиги аныкталган. Африка чочко чумасы – өзгөчө ...

0 145

Ар 11 секундда бирден ымыркай же кош бойлуу аял каза болот

20-сентябрь 2019, 12:25 Айдар Нуралиев

2000-жылдан кийин балдардын жана кош бойлуу аялдардын өлүмү бир топ азайган. Бирок, ошого карабастан, анын алдын алууга боло турганына карабастан ар бир 11 секунд сайын бирден ымыркай же кош бойлуу аял каза болот. Буга баардык жаңы төрөлгөн ымыркайлар жана энелер тирүү калган Швеция мисал боло алат. Мындай маалымат БУУнун Балдар фонду (ЮНИСЕФ) жана Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо ...

0 138

Бир эле материкте канаттуулардын саны 3 миллиардга азайган

20-сентябрь 2019, 09:46 Айдар Нуралиев

1970-жылдан бери Түндүк Америка материгиндеги канаттуулардын саны 3 миллиарддга жакын азайган. АКШ менен Канадада биринчи жолу жүргүзүлгөн ар тараптуу изилдөөлөрдүн жыйынтыгында, Түндүк Америка континентинде 50 жыл ичинде канаттуулардын саны 2.9 миллиардга азайган. Муну изилдеген Корнелла лабораториясынын директору Жон Фицпатриктин айтымында, мындай чоң жоготуу Түндүк Американын экосистемасынын түзүмүн жоготот. Бул бир эле материктеги изилдөөлөрдүн жыйынтыгы, ал эми дүйнө боюнча алганда канаттуулар ...

0 182

Казакстан М.Аблязовду колго түшүрүү боюнча ишин улантат

19-сентябрь 2019, 17:39 Аман Аскаров

Казакстандын башкы прокуратурасы Мухтар Аблязов боюнча жаңы билдирүү жасады. Анда, "Казакстан качкынды колго түшүрүү боюнча иш чараларын улантат. Ал ошону түшүнүп, коркуп жатат. Анын ишинде эч кандай саясий боек жок. Бирок, ал көрүнгөн өлкөдөн саясий башпаанек сурагандыгын токтотподу. Июль айында Нью-Йорктун соту анын көргөзмөлөрүн четке кагып, башпаанек берүүдөн баш тарткан. Андан мурун ушундай эле өтүнүчү менен Лондонго кайрылган. Бирок, адилеттүү сот ...

0 130

Дүйнөдө 272 миллион мигрант бар

19-сентябрь 2019, 15:31 Кызгалдак Жакыпова

2019-жылы дүйнөдө 272 миллион эл аралык мигрант катталган. Ал жалпы дүйнө калкынын 3,5% түзөт. Мындай маалыматты БУУнун экономикалык жана социалдык малелелер боюнча департаменти таратты. Мигранттарды эң көп кабыл алган өлкө болуп АКШ табылды. 51 миллион адам аталган өлкөгө аттанса алдыңкы үчилтикте Германия жана Сауд Арабиясы бар. Алар 13 миллион чет элдик жаранды кабыл алган. Ал эми төртүнчү орунга 12 ...

19-сентябрь 2019, 15:31 | 130
0 288

Полиция кызматкерлерин мас абалда сабаган балерина 2 айга абакка кесилди

19-сентябрь 2019, 14:18 Айдар Нуралиев

Лондондогу Хитроу аэропортунда 2 полиция кызматкерин мас болуп алып сабаган Дайана Андреас Ривера аттуу испаниялык балерина 2 айга абакка кесилди. Бул тууралуу дүйнөлүк басылмалар жазып чыгышты. Маалыматтарга караганда, окуя август айынын башында болгон. Полиция кызматкерлери мас абалда болгон 33 жаштагы Андреас Ривераны аэропорттон чыгып кетишин талап кылышкан. Бирок, балерина алардын талабын аткарбай койгон жана ал ...

0 115

“Жылдыз жашоого” чыдабаган мышык ээсинен качып кетти

19-сентябрь 2019, 11:34 Айдар Нуралиев

Денесине түрмөдөгү татиуровкалар түшүрүлгөн сфинкс породасындагы мышык ээсинен – Kara Fight аттуу спорт блогеринен качып кетти. Бул тууралуу орусиялык маалымат каражаттары жазып чыгышты. Маалыматтарга караганда, Орусиянын Свердлов облусунун тургуну унаасы менен баратканда, мышык терезеден секирип чыгып чөп аралап качып кеткен. Ээси ошол замат унаасын токтотуп, мышыгын чакырган менен, ал кайрылып келген эмес. Блогер кийинки күнү ...

0 350

Дарыгер Заворотнюктун диагнозун айтты

19-сентябрь 2019, 10:49 Айдар Нуралиев

Орусия илимдер академиясынын академиги, Бурденко атындагы нейрохирургия борборунун илимий жетекчиси жана ардактуу президенти Александр Коновалов актриса Анастасия Заворотнюктун диагнозун айтты. Анын айтымында актрисанын диагнозун ал жетектеген институтта аныкташкан, бирок актриса Германияда дарыланууну чечкен. Ошондой эле, ал глиобластома эң коркунучтуу жана айыкпас шишиктердин бири экенин кошумчалады. Эске салсак, мындан мурун Заворотнюк мээнин рагы менен ооруй турганы тууралуу маалымат тараган эле. ...

0 120

Панда Пекинде өтүүчү Олимпиада-2022 оюндарынын талисманы болду

18-сентябрь 2019, 19:06 Айдар Нуралиев

Олимпиада-2022 кышкы оюндарынын уюштуруу комитети мелдештердин расмий талисманын көрсөттү. Ал Бин Двень Двень аттуу панда болду. Ал эми Паралимпиада оюндарынын талисманы болуп кытай фонары формасындагы Сюэ Жун Жун аттуу адам болду. Олимпиада 2022-жылы 4-февралдан 20-февралга чейин Пекин шаарында өтөт. Паралимпиада да ошол эле жерде 4-марттан 13-мартка чейинки убакытта өтмөкчү. Булак: "NazarNews.kg"

0 119

БУУ: Дүйнөдөгү мигранттардын саны 272 миллионго жетти

18-сентябрь 2019, 16:36 Айдар Нуралиев

Эл аралык мигранттардын саны 51 миллионго көбөйүп, ушул жылы 272 миллионго жетти. Бул тууралуу БУУнун экономикалык жана социалдык маселелер боюнча департаментинин маалыматында айтылат. Докладда айтылгандарга караганда, учурда мигранттар бүт дүйнө калкынын 3,5 пайызын түзөт. Мигранттар туруктуу өнүгүүгө чоң салым кошкону менен, өздөрү колдоого жана коргоого муктаж. Мигранттар эң көп барган өлкө бул – АКШ. Бул өлкөдө 51 миллион чет өлкөлүк ...

0 491

Кличконун...башын жарып кетишти

18-сентябрь 2019, 14:23 Кызгалдак Жакыпова

Киев шаарында калаа мэри Виталий Кличконун орун басары Владимир Слончакты белгисиз адамдар катуу токмоктоп кетишти. «Украина чындыгы» басылмасына караганда учурда анын абалы оор жана реанимацияга жайгаштырылган. Слончак негизги вице-мэрлик кызматтан сырткары «Киевкурулуш» холдингинин байкоочу кеңешинин мүчөсү. Булак: NazarNews.kg

18-сентябрь 2019, 14:23 | 491
0 146

Окумуштуулар дүйнөдөгү эң чоң саламандраны табышты

18-сентябрь 2019, 14:01 Айдар Нуралиев

Окумуштуулар дүйнөдөгү эң чоң саламандраны табышты. Анын узундугу 2 метрге чейин жетиши мүмкүн. Лондондогу зоологиялык коомдун жана Лондон табият таануу музейинин изилдөөчүлөрү ХХ кылымда чогултулган жерде-сууда жашоочулардын ДНК-үлгүлөрүн изилдеп чыгып, жаңы ачылыш жасашты. Окумуштуулардын ою боюнча бул жаңы ачылышы дүйнөдөгү эң чоң амфибия болушу ыктымал. Бул саламандралар 2 метр узундукка чейин жетиши мүмкүн экендигин айтышты. Булак: "NazarNews.kg"

0 192

Улукбек Кочкоров түштүк кореялык кайрымдуулук фонддордун өкүлдөрү менен жолугушту

18-сентябрь 2019, 13:13 Айдар Нуралиев

Эмгек жана социалдык өнүгүү министри Улукбек Кочкоров Түштүк Кореядан келген “Коляски”, “Маленькое деление” жана “Радость деления” кайрымдуулук фонддорунун өкүлдөрү менен жолугушту. Жолугушууда фонддор тарабынан берилген коляскаларды кабыл алып, аларды ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарга тапшырып берди. Министр Улукбек Кочкоров фонддун өкүлдөрүнө ыраазычылыгын билдирди. "Мамлекет муктаж жарандарыбызды коляска менен камсыз кылып, аны өз жоопкерчилигине алган. Ошондой болсо дагы, муктаждарга кылган ...

0 886

СҮРӨТ - Индиянын тургуну мүйүзүн кестирди

18-сентябрь 2019, 12:54 Айдар Нуралиев

 Индиянын тургуну мүйүзүн кестирди. Анын башына “Шайтандын мүйүзү” деп аталган 10 сантиметрдей болгон мүйүз чыгып алган. Беш жыл мурун ал башын уруп алгандан кийин мүйүз чыга баштаган экен. Бул тууралуу чет өлкөлүк басылмалар жазып чыгышты. 74 жаштагы Шьям Лал Ядав мурда чач тарачтарга эле кыскартып жүрө берчү экен да, акыры хирургдарга жардам сурап кайрылганга аргасыз болгон. Индиянын Сагар шаарынын дарыгерлери ...

Жарнама үчүн орун!
600 x 50
0 85

Алам дегендер барбы? Трамптын бала чагы өткөн үй сатылат

18-сентябрь 2019, 10:29 Айдар Нуралиев

АКШнын президенти Дональд Трамптын бала чагы өткөн Нью-Йорк шаарындагы үй кайрадан аукционго коюлду. Бул тууралуу дүйнөлүк басылмалар жазып чыгышты. 1940-жылы курулган үй азыркы АКШ президентинин атасы Фред Трампка таандык болгон. Бул үйдө алар келечектеги президент төрт жашка чыкканга чейин жашап, кийин башка үйгө көчүп кетишкен. Үйдүн кожоюндары Куинс районундагы эки кабаттуу кыштан курулган үйдү 2,9 миллион долларга сатууга ...

0 144

Корейлер деле тажиктерге окшоп ата алышат

18-сентябрь 2019, 10:37 Кызгалдак Жакыпова

АКШ президенти Дональд Трамптын жүрөгүнүн сары суусун алган Түндүк Кореянын кожоюну Ким Чен Ын деген бар. Ал ядролук ракеталар чыгарып, ал эмес Орусия президенти Владимир Путинди Владивостокко чейин учтуруп келип тостурат. Орусиянын аймагына таандык сууларда мыйзамсыз балык уулап жүргөн түндүк кореялык куралчан балыкчыларды кармоо учурунда орусиялык үч чек арачы жаракат алды. Федералдык коопсуздук кызматынын 17-сентябрдагы маалыматына караганда, орус чек ...

0 167

АКШ армиясын согуштук даярдыкка келтирди

18-сентябрь 2019, 09:21 Нурбек Айдар

Американын вице-президенти Майк Пенс АКШ армиясын согуштук даярдыкка келтиргенин айтып чыкты. Бул тууралуу Reuters маалымдады. Анда айтылгандай, Америка тарап Сауд Арабиядагы нефть объекттерине болгон чабуулдардан кийин ушул кадамга барган. Ошондой эле Пенс АКШнын мамлекеттик катчысы Майк Помпео бул чабуулдарды талкуулоо үчүн Сауд Арабиясына кеткенин билдирди. Ал эми Трамп болсо мындан аркы кадамдарын ойлонуп жатат.

0 1745

Тажикстан чек арадагы чырдан үч жоокери өлгөнүн тастыктады

17-сентябрь 2019, 18:27 Айдар Нуралиев

Тажикстан 16-сентябрда кыргыз-тажик чек арасындагы атышуудан үч чек арачысы каза болгонун тастыктады. «Азаттыктын» тажик кызматы бул маалыматты 17-сентябрда Согди облусунун акиминин басма сөз катчысы Музаффар Юнусов ырастаганын жазды. Ал телефондон кыска гана маалымат берип, каза болгондордун бирөө полковник, экөө катардагы жоокер экенин айткан. Алар: Овчи-Калача өткөрмө жайынын жетекчиси Рустам Убайдуллоев (35 жаш), Рамазон Исломов (21 жаш) жана Гиёсиддин Суванов ...

0 109

АКШ Иранга жооп кайтарышы мүмкүн

17-сентябрь 2019, 18:05 Кызгалдак Жакыпова

АКШнын президенти Дональд Трамп, Сауд Арабиянын улуттук «Saudi Aramco» мунай ишканасына таандык жайларга карай кол салуунун себебинен өлкөсүнүн Иранга аскердик кийлигишүүсүнүн ошондой эле жооп болоорун билдирди.  Трамп Нью-Мексико штатына аттанаар алдында Ак үйдүн алдында журналисттерге маалымат берди. «Saudi Aramco» ишканасына таандык жайларга кол салуунун артында Ирандын болуп же болбогондугу боюнча кыска мөөнөттүн ичинде так жыйынтык ала тургандарын белгилеген Трамп: ...

17-сентябрь 2019, 18:05 | 109
0 249

Норвегияда балыкчылар “башка планеталык” балыкты кармап алышты

17-сентябрь 2019, 17:18 Нурбек Айдар

Норвегияда балыкчылар таң калычтуу балык кармап алып, кууруп жеп алышты. Бул тууралуу чет өлкөлүк басылмалар жазып чыгышты. Маалыматтарга караганда, норвегиялык Оскар Лундаль аттуу балык кармоо боюнча гид кардарлары менен палтус балыгын кармоо үчүн деңизге чыккан. Туристтер Түндүк деңизиндеги Аннейа аралына жакын жерде балык уулап жатышкан. Лундаль кайырмагына бир нерсе түшкөнүн байкап, кылды тарта баштаган. 800 метр тереңдиктен балык уулап жатышкандыктан, ...

0 134

Сноуден WhatsApp менен Telegram мессенжерлерин колдонуда сак болууга чакырды 

17-сентябрь 2019, 18:18 Алтын Булат

Америкалык атайын кызматтын мурдагы кызматкери Эдвард Сноуден  France Inter француз радиостанциасынын эфиринде Вотсап, Телеграм колдонгон чоңдорду сак болууга чакырды. Анын айтымында, бул мессенжерлердин колдонуучуларынын эмне жазып, эмне маалымат бөлүшүп жатканын аңдуу оңой. Эфир учурунда Сноуден, Франциянын президенти Эммануэль Макрон Telegram, өкмөт башчысы Эдуард Филипп WhatsApp колдонушарын билдирген. Ал жогорку кызматтардагы чиновниктердин WhatsApp колдонуусу чоң кемчилик экенин баса белгилейт.   Ошондой ...

0 73

Сирия маселеси тууралуу үчтүк саммиттен биргелешкен маалымат билдирилди

17-сентябрь 2019, 16:27 Кызгалдак Жакыпова

Түркия  - Орусия  -  Иран үчтүк саммитинин биргелешкен маалыматында Сириянын эгемендиги, көз карандысыздыгы, биримдиги жана жеринин бүтүндүгү менен БУУнун принциптерине берилгендик баса белгиленди. Бул тууралуу trt.net.tr жазып чыккан. Сирия маселеси каралган үчтүк саммит президент Р. Т. Эрдогандын жетекчилигинде Орусиянын президенти В. Путин жана Ирандын президенти Хасан Руханинин катышуусу менен борбор шаар Анкарада Чанкая сарайында өткөрүлдү. Саммиттин акырында жарыяланган биргелешкен ...

0 196

ВИДЕО - Жүрүп бараткан унаага эки жолу чагылган тийди

Видео 17-сентябрь 2019, 15:30 Нурбек Айдар

Жүрүп бараткан унаага эки жолу чагылган тийип, бактыга жараша эч ким жабыр таркан жок. Маалыматтарга караганда, бул окуя Орусиянын Новосибирск шаарынан Бердск шаарына бараткан трассада болгон. Машинага чагылгандын тийгени анын артында бараткан унаанын видеорегистраторуна тартылып калган. Эки жолу чагылган тийгенде айдоочусу унаасын токтоткон. Белгилүү болгондой, чагылган тийгенден эч ким жабыр тарткан эмес.

0 1629

Кызматтан кетирген селфи. Шоколадга жуунган чиновник иштен айдалды

17-сентябрь 2019, 13:05 Нурбек Айдар

Орусиянын Ульяновск облусунун губернатору Сергей Морозов өзүнүн IT-сферасы боюнча кеңешчиси Светлана Опенышеваны кызматтан кетирип, ага карата кызматтык иликтөө жүргүзүүнү тапшырды. Анын бул кадамга барышына 55 жаштагы кеңешчисинин шоколад ваннасын кабыл алып жатканын селфи кылып тартып, Инстаграмм баракчасына жүктөгөнү себеп болгон. Маалыматтарга караганда, Светлана Опенышева Азербайжандагы санаторийлердин биринде эс алып жүргөн учурунда шоколад ваннасын кабыл алып жатканын селфи кылып тартып Инстаграммга жүктөгөн. ...

0 141

ВИДЕО - Мышыктар менен бала кобранын каршы турушу

Видео 17-сентябрь 2019, 12:48 Нурбек Айдар

Индиялык актер Нил Нитин Инстаграмм баракчасына төрт мышык кобрага чабуул кылып жаткан видеону жүктөдү. Анда мышыктар жыланды карап жатканы, ал тургай бирөөсү жыланды бир чапканы тартылган. Жыйынтыгында бала кобра качып кетүүгө аракет кылган. Бул видео социалдык тармактарга тарап, эки күндө эле аны 90 миң жолу көрүшкөн. Булак: "NazarNews.kg"

0 153

ВИДЕО - Уурдаган жок, ичкен жок, бирок баары бир – түрмө! Эч кандай романтика да жок.

Видео 17-сентябрь 2019, 09:07 Алтын Булат

Орусиянын Тула областынын тургуну ювелердик дүкөндү тономокчу болгон. Бирок, баардыгы ал күткөндөй болгон жок.  Дөкүндүн текчелери жылан сыйпагандай таптаза, касса болсо ачкычсыз ачылбады, анан эле эң кызык учурда сигнализация иштеп калды.  Видеону толук карап чыккан болсоңуз, жолу жок уурунун кыжырданганын көрүүгө болот. Булак: "NazarNews.kg"

0 273

Түркияда кыргызстандык жаран кармалды

16-сентябрь 2019, 17:28 Кызгалдак Жакыпова

Бул тууралуу «Анадолу» маалымат агенттиги кабарлады. Жаңылыкта 16-сентябрда полиция Стамбул шаарынын Фатих жана Башакшехир аймактарында атайын операция уюштуруп, эки басмакананын кампасында мыйзамсыз алкоголдук ичимдик даярдап жаткан шектүүлөрдү кармаганы жазылган. Кармалган беш шектүүнүн үчөө түрк жараны, калган экөө өзбекстандык жана кыргызстандык жарандар экени аныкталган. Алар кармалган кампадан полиция тогуз миңге жакын даяр алкоголдук ичимдик, 5 тонна спирт жана миңдеген чет ...

0 931

Балээ болду. Эми помидор да жей албай калабызбы?

16-сентябрь 2019, 17:08 Нурбек Айдар

Стивен Гандри аттуу америкалык кардиолог “Өсүмдүктөрдүн парадоксу” аттуу китебинде көптөгөн витамин жана минералдар болгонуна карабастан помидорлор ден соолукка зыянын тийгизиши мүмкүн деп жазган. Адистин айтымына караганда, помидорлордо адамдын ден соолугуна олуттуу коркунуч келтире турган заттар да бар. Сөз өсүмдүктөр зыянкечтерден коргонуу үчүн бөлүп чыгара турган лектиндер жөнүндө болуп жатат. Кардиологдун ырасташынча, дал ушул лектин организмге кирген соң, зыяндуу бактерияларды ...

0 209

Орус космонавттарына тапанча берилиши мүмкүн

16-сентябрь 2019, 16:36 Алтын Булат

Орус космонавттардын экипировкасына тапанча да кириши мүмкүн. Бул тууралуу  «Роскосмос» мамлекеттик корпорациясына шилтеме берүү менен РИА Новости жазып чыкты. Бирок бул азырынча жөн гана сөз жүзүндө айтылып жатат.  Курал космонавттарга кайра келип Жерге конгон учурда, коркунучтуу жапайы жаныбарлар бар жерге түшүп калууда керек болушу мүмкүн экендиги айтылган. Булак: NazarNews.kg

0 123

Роухани, Эрдоган жана Путин Сириядагы кырдаалды талкуулашат

16-сентябрь 2019, 16:27 Кызгалдак Жакыпова

«Түркия-Орусия-Иран Үчтүк Саммити» Президент Режеп Тайип Эрдогандын кожоюндугунда Орусиянын президенти Владимир Путин жана Ирандын президенти Хасан Руханинин катышуусунда бүгүн 2019-жылдын 16-сентябрында борбор калаа Анкарада  өтүлүүдө. Президенттик аппараттын коммуникация башчылыгынан Астана форматындагы бешинчи Үчтүк саммити тууралуу маалыматта, «Идлиб баш болгон Сириядагы абалдар талкууланат, куралдуу кагылышуулардын соңуна чыгарылышы, баш калкалоочулардын ыктыярдуу артка кайтуулары үчүн керектүү шарттардын камсыздалышы менен туруктуу саясий чечүүчү ...

Жарнама үчүн орун!
600 x 50
0 212

Аксакал космонавт космоско учпай калды

16-сентябрь 2019, 15:47 Алтын Булат

Медициналык комиссиянын кортундусуна ылайык, Орусиядагы эң эле тажрыйбалуу делген космонавт Федор Юрчихин учууга даярданбай калды. Мындай чечимге космонавтарды машыктыруу борбору келген. Тагырагы дарыгерлер Юрчихиндин ден соолугу машыгууга жана космоско учууга болбой турганын айтышкан. Ал эми космонавтын өзү буга чейин Айды бир жолу чалгындап келүү максаты бар экенин айтып келген болучу. Ошентсе дагы дарыгерлердин корутундусунан кийин башка аргасы калбаганын билдирген.

0 248

Роналду атасын эстеп ыйлады

16-сентябрь 2019, 13:36 Нурбек Айдар

Анын атасы тууралуу видеону көргөндөн кийин атактуу футболчу Криштиану Роналду көз жашын тыя албай калды. Футбол жылдызына атасы Жозе тууралуу видеролик Пирс Морган менен болгон маек учурунда көрсөтүлгөн. Жозе аракеч болгон жана анын айынан ооруп Роналду 20 жашка чыкканда каза болгон. Видеодо атасы көптөгөн маанилүү учурларды өткөрүп жибергенин айткан. Анын ичинде Роналдунун футболдогу ийгиликтерин, ...

16-сентябрь 2019, 13:36 | 248
0 360

Усама Бен Ладендин уулу өлтүрүлдү

16-сентябрь 2019, 11:30 Нурбек Айдар

“Аль-Каида” террордук уюмунун негиздөөчүсү Усама бен Ладендин уулу өлтүрүлдү. Бул тууралуу маалыматты Дональд Трамп да тастыктады. “Аль-Каида” террордук уюмунун негиздөөчүсү Усама бен Ладендин уулу, ушул эле уюмдун жетекчилеринин бири 30 жаштагы Хамза бен Ладен ооган-пакистан чек арасында өткөрүлгөн атайын операция учурунда өлтүрүлгөн. Качан жана кайсы жерде экени так айтылган жок. Эске салсак, №1 ...

0 200

Бурятияда митингге 2 миң адам чыктыбы же үч жүздөй элеби?

16-сентябрь 2019, 10:36 Алтын Булат

Кечээ, 15-сентябрда, Улан-Удэ шаарында шайлоонун жыйынтыгына нааразы болгон 2 миңге чукул адам митингге чыгышкан. Бурятиянын бийлиги каршылык акциясына чыккандардын талабын укпастан кетип калышкан. Бул тууралуу бир нече чет элдик ММКлар жазып чыгышты.  Албетте, жазылган жаңылыктардын дээрлик көпчүлүгүндө пропагандалык маанидеги сүрөттөр бар. Ага абай салгандарга чындап эле нааразы болгондордун саны көптөй көрүнөт. Бирок биз байкаган дагы бир сүрөт, дрон менен ...

0 156

Трамп мунай кендерине кол салуу боюнча пикирин билдирди

16-сентябрь 2019, 09:46 Кызгалдак Жакыпова

АКШнын президенти Дональд Трамп өз өлкөсү Сауд Арабиясындагы мунай кендерине коюлган чабуулга жооп катары чара көрүүгө даяр экенин билдирди. Ал «Твиттердеги» өз баракчасына «Сауд Арабиясындагы мунай өндүрүү чабуулга кабылды» деп жазды. Трамп бул чабуулга байланыштуу расмий Эр-Рияддан маалымат күтүп жатканын белгилеп, ошого жараша жооп кайтарууга даяр экенин жарыялады. Ага чейин АКШ президенти мунай базарындагы абалды турукташтырыш үчүн кошумча чара ...

0 282

Донбасс менен Крымда украин тилинде билим берүү кыскартылды

15-сентябрь 2019, 18:22 Кызгалдак Жакыпова

Орусиячыл жикчилдер көзөмөлдөгөн аймактарда украин тилинде окутуу дээрлик токтотулду. Бул Адам укугу боюнча Харьков тобу жарыялаган баяндамада айтылат, деп Азаттык жазып чыкты. Андагы маалыматтарга ылайык, 2014-жылдан тарта мектептерде украин тилинде билим берүү кыскартылган. Учурда Донбасстын орусиячылдар көзөмөлдөгөн райондорунда жумасына бир гана жолу украин тили сабагы өтөт. “Бул ачыктан-ачык орусташтыруу программасы” деп айтылат укук коргоо тобу жарыялаган отчетто. Ал эми ...

0 219

Кытайда 2 миң жылдык мазар табылды

15-сентябрь 2019, 11:55 Кызгалдак Жакыпова

Синьхуа агенттигинин кабарына караганда Санминсиа маданий мурас жана археологиялык институтунан адистердин Санминсиа шаарынын Линбао районунда жүргүзгөн казуусунда 76 мазар табылган байыркы мазарды ачыкка чыгарды. Линбаодо жол салынып жатканда табылган мазарда жасалган казууларда бир эле үй  - бүлөгө таандык мазарлар менен 720дан ашуун идиш – аяк, темир жана колодон жасалган чыгарма ортого чыгарылды. Чыгармалардын хан династиясы (биздин эрага чейинки 202 – биздин замандын ...

0 191

Крымдын спикери Зеленскийге Украинанын чек арасын тактап алууну сунуштады

14-сентябрь 2019, 14:15 Алтын Булат

“Украина Крым жана Донбасс кошулбаган өзүнүн чегин кайрадан аныктап, мыйзамдаштыруусу керек!” Мына ушундай кеңеш бүгүн 14-сентябрда Владимир Зеленскийге карата айтылды. Тагыраагы, Крым парламентинин төрагасы Владимир Константиновдун мына ушундай билдирүүсүн РИА Новости жазып чыкты. Анда айтылгандарга караганда, Крым парламентинин төрагасы Донецк менен Луганск облустарында адамдар көп кырылганын эске алып, кайтарып алууга деле мүмкүн болбой калганын билдирген. Булак: "NazarNews.kg"

0 408

ВИДЕО - "Форсаж 9" тасмасы Грузиянын Рустави шаарында тартылууда

Видео 14-сентябрь 2019, 13:31 Алтын Булат

Грузиндер “Форсаж 9” тасмасынын трюктарын экрандан эмес, шаардын көчөлөрүнөн өз көздөрү менен көрүшүүдө. Көрсө, тасмадагы баардык эле учурга компьютердин жардамы менен тартылчу атайын эффекттер колдонулбайт экен.   Айтмакчы, Ютубка жүктөлгөн бул видео дагы, жергиликтүүлөрдүн уюлдук телефонуна тартылып алынган. Анда, кадимки адам үрөйүн учурган авто жарыш учуру кадрга түшүп калган. Булак: "NazarNews.kg"

0 156

Украиналыктар газдан баш тартып, отун колдонушу мүмкүн

14-сентябрь 2019, 12:29 Алтын Булат

Көгүлтүр газга караганда, ышталган отун жакшы! Украиналыктар отундун пайдасы үчүн газдан баш тартышы мүмкүн. Бул тууралуу Дүйнөлүк экономика жана илимдер академиясынын эл аралык мамилелер боюнча борборунун Украинадагы директору Валентин Землянский “112 Украина” телеканалынын эфиринде айтып берген.   Анын айтымында, газдан калктын баш тартуусу - бул жылуулуктун альтернативдүү булагына өтүү эмес. Бул жашоо деңгээлинин төмөндөшү дагы деле болсо уланып жаткандыгынан кабар ...

0 951

Эки жаштагы кыз кокусунан апасын өлтүрүп алды

14-сентябрь 2019, 11:38 Нурбек Айдар

Окуя Беларустун Брест облусунда катталды. Анда эки жаштагы кыз кокусунан апасын муунтуп өлтүрүп алган. Бул тууралуу чет элдик маалымат каражаттары жазып чыгышты. Маалыматка ылайык, ушул жылдын 31-август күнү жаш үй-бүлө 2 жаштагы кызы менен Старое Село деп аталган айылга конокко келишкен. Наристенин апасы, 21 жаштагы Юлия Шарко автоунаанын терезеси аркылуу кызын алып жаткан учурда наристе терезенин жабуу механизмин басып ...

0 856

Заворотнюк комага түшүп калды

14-сентябрь 2019, 10:29 Нурбек Айдар

Актриса Анастасия Заворотнюкту өтө оор абалда болгону үчүн медикаменттик комага түшүрүштү. Бул тууралуу РИА Новости жазып чыкты. Маалыматка ылайык, ал эки жума мурун ооруканага түшкөн, абалы начарлап кеткендиктен бүгүн түнү аны жандандыруу бөлүмүнө которушкан. Учурда дарыгерлер мындан ары эмне кылуу тууралуу ойлонуп жатышат. Актриса мындай абалда жатканда операция кылуу да мүмкүн эмес экен. Мындан мурун Заворотнюк мээнин рагы ...

14-сентябрь 2019, 10:29 | 856
0 252

ВИДЕО - Бразилияда дайверлер өтө чоң анакондага туш келишти

Видео 14-сентябрь 2019, 09:45 Нурбек Айдар

Бразилияда дарыяда сүзүп жүргөн дайверлер өтө чоң анакондага жолугуп калган. Анаконда дарыянын түбүндө сүзүп жүргөн. Бартоломео Бове менен Хука Игарапе Бразилиядагы Формоза дарыясын изилдеп жүрүшүп, өтө чоң анакондага туш келип калышкан. Дайверлердин айтымында, анаконданын узундугу 7 метрден кем эмес. Өмүрлөрү үчүн коркунучтуу болсо да, чыдабаган дайверлер жыланга болушунча жакын барышкан. Анаконда суу астында өзүн тынч алып жүргөн жана адамдар менен ...

0 664

ВИДЕО - Үчүнчү аял алгысы келген эркекти эки аялы сабап салды

Видео 14-сентябрь 2019, 10:28 Нурбек Айдар

Индиянын Тамилнад штатында үчүнчү аял алам деген күйөөсүн эки аялы сабап салды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты. Маалым болгондой, Динеш аттуу жигит 2016-жылы биринчи жолу үйлөнгөн. 3 жылдан кийин ал жашыруун түрдө дагы бир аял алган. Мунусунда күйөөсү дагы бир аял алууга ниеттенип жатканын эки аялы билип, аны сабап салышкан. Аларга жергиликтүү тургундар да кошулуп, Динешти сабап жатканын видеодон ...

0 3024

Жер алдында калган шахтер - 17 жылдан кийин тирүү табылды!

14-сентябрь 2019, 13:47 Алтын Булат

Кытай шахтерлору жер титрөөдөн улам жабылып, каралбай калган кенди экскаватор менен казып жатышкан учурда күтүлбөгөн окуя болду. Бул тууралуу жергиликтүү прессалардын жазгандарына таянсак, 17 жыл мурдагы болгон окуяда жер алдында калгандардын бири тирүү табылган. Тагырагы 2002-жылы Кытайдын батыш тарабында, күчү 7-8 баллга жеткен жер титрөө катталып, ошол учурда кен казып жатышкан 118 кенчи жер алдында калып кеткен. Ошол боюнча ...

0 239

Түркиянын президенти авиациялык фестивалга катышуусу күтүлүүдө

13-сентябрь 2019, 18:54 Айдар Нуралиев

Үстүбүздөгү жылдын 17-22 сентябрь күндөрү Түркиянын Стамбул шаарында дүйнөдөгү эң чоң экинчи авиациялык фестиваль болгон “ТЕКНОФЕСТЬ СТАМБУЛ” өткөрүлөт. Бул тууралуу маалыматты Түркиянын Кыргызстандагы элчилигинин басма-сөз кызматы билдирди.  Аталган фестивалга 1 миллион кишинин келээри күтүлүүдө. «ТЕКНОФЕСТ СТАМБУЛ» авиация, космонавтика жана технология фестивалы Түркиянын Өнөр-жай жана технология министрлиги жана Технологиялык топ фонду тарабынан 2019-жылдын 17-22 сентябрь күндөрү Стамбулдун Атаүрк ...

Жарнама үчүн орун!
600 x 50
0 202

Бизде да ушундай болсо кана. Филиппиндин президенти элге пара талап кылган чиновниктерди атууга уруксат берди

13-сентябрь 2019, 17:38 Нурбек Айдар

Филиппиндин президенти Родриго Дутерте элге пара талап кылган чиновниктерди атууга, бирок өлтүрбөөгө уруксат берди. Дутерте аткан адам кийин абакка түшүп калбасы үчүн коррупционерлерди бутка атууну сунуштады. Бул тууралуу РИА Новости жазып чыкты. “Эгерде силер салык, бажы төлөмүн жана башкаларды төлөп жатсаңар, а бул акмактар пара талап кылса, анда ургула. Эгерде куралыңар бар болсо, аларды ата берсеңер болот. Бирок өлтүрбөгүлө. Себеби, ...

0 1409

ВИДЕО - Путин 20 жыл мурун берген убадасын аткарып “жүздү” урду

Видео 13-сентябрь 2019, 17:06 Алтын Булат

«РИА Новости» агентиги “Президент Владимир Путин 20 жылдан кийин Дагестан аскерлери менен ичкилик ичти” деп жазып чыкты. Ага таянсак, Орусия президенти менен болгон түз байланыш учурунда, анын ичилбей калган бокалы дагы деле турганын эскертишкен.  Ал окуя, 1999-жылы Путиндин Дагестанга жасаган алгачкы иш-сапарында болгону баяндалат. Анда, Басаев менен Хаттаб баштаган  бандиттик топ өлкөгө чабуул жасаган мезгил болгон. Согушкерлер чабуулун чагылдыруу ...

Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83