www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Дүйнө жүзүндө
0 167

Фараондор Египетке кайдан барышкан. Окумуштуулардын оозу ачылууда

10-сентябрь 2019, 09:32 Нурбек Айдар

Германиядагы Макс Планк институтунун жана Тюбинген университетинин окумуштуулары 1500-3500 жыл болгон 90 египеттик мумиялардын геномун калыбына келтиришти. Аны талдап көрүшүп, байыркы египеттиктер африкалыктар эмес экендигин аныкташты. Фараондордун айрымдары түрктөр болсо, дагы бирлери азыр Израиль, Иордания, Сирия, Ливан, Грузия жана Абхазия жайгашкан түштүк европалыктар болуп чыккан. Мындан бир аз мурун Цюрихтеги iGENEA генеологиялык борборунда Тутанхамондун мумиясынын генин изилдешкен эле. Анын жыйынтыгында, ...

0 3975

Кызы порно актриса экенин билип калган атасы аны өлтүрмөкчү болгон

09-сентябрь 2019, 15:38 Алтын Булат

Түбү ооганстандык Улуу Британиянын эки жараны порноактрисаны өлтүрүүнү пландап жатышып, жергиликтүү полициянын колуна түшүштү. Алардын бири кыздын өз атасы экенин The Daily Mail жазып чыкты. Айтылгандай, кыз 2017-жылы иудаизмди кабыл алып, күйөөсү менен Австрияга келген жана ал жерде күйөөсүнүн порнографиялык фильминде роль аткара баштаган. Киши өлтүрүүгө шектелгендердин бири 54 жаштагы Мохаммед Патман актрисанын атасы экени белгилүү болду. Ал 49 ...

0 324

Жаңы премьер-министрди “койлор” шайлаштыбы?

09-сентябрь 2019, 13:20 Нурбек Айдар

Кечээ, 8-сентябрда Грузиянын премьер-министри болуп 44 жаштагы Георгий Гахария шайланды. Аны парламенттин 98 депутаты колдоп берди, ал эми оппозициялык партиялар каршылык иретинде добуш берүүгө катышпай коюшту. Кызыгы, шайлоонун алдында болду, жарандык коомдун өкүлдөрү Георгий Гахариянын премьер-министрликке шайланышына каршы болуп, парламенттин имаратына койлорду айдап келишти. “Уят” кыймылынын лидерлеринин бири Гига Макарашвили “парламенттин ичинде “койлордун” бир бөлүгү отурат. Койлор гана берилген буйрук ...

0 394

Бадыраң, банан, бокал, лампочка... Дарыгерлер ички органдарда калып калган кызыктай предметтердин сүрөттөрү менен бөлүштү

09-сентябрь 2019, 12:11 Алтын Булат

“Секс-оюнчуктары атайын боолору менен сатылышы керек! Бул адамдардын ичинен алып чыгууга ыңгайлуу” деген билдирүүсүн Орусиялык бир дарыгер Twitter баракчасына жайгаштырган. Бул постту жазуу менен ал дарыгер адамдардын ички органында калып калган секс-оюнчуктарды көп жолу опперация жолу менен алганына жини келгенин жашырган эмес. Айтып олтурса, дүйнөнү таң калтырган адам баласынын мындай кылыктары өтө эле көп. Тагырагы, дарыгерлер тарабынан жарыяланган рентген ...

0 565

Америкада эң чоң аллигатор кармалды

09-сентябрь 2019, 09:56 Нурбек Айдар

Америкада өтө чоң аллигатор кармалып, бул жаңы рекорд койду. АКШнын Жорджия штатында аңчылар узундугу 4,3 метрге, салмагы 318 килограммга жеткен аллигаторду кармашты. Бул тууралуу Daily Mail маалымдады. Бул АКШда кармалгандардын ичинен эң чоңу болуп саналат. Мурунку рекорд 2013-жылы кармалган аллигаторго караштуу болуп келген. Анын узундугу 4,21 метр болчу. Маалыматка караганда, бул аллигаторду атып алган аңчылар анын суудан чыгып турган ...

0 321

Путин менен Зеленский туткун алмашуунун жыйынтыгын сүйлөштү

08-сентябрь 2019, 16:23 Кызгалдак Жакыпова

Орусия менен Украинанын президенттери Владимир Путин менен Владимир Зеленский телефон аркылуу сүйлөшүп, тутукундарды алмашуу маселесин талкуулашты. Эки өлкөнүн лидерлери соттолгондордун бошотулганына канааттанганын билдиришкен. Бул тууралуу эки мамлекеттин башчыларынын басма сөз кызматтары кабарлашты. Президенттер Донбасста элдешүү келишимин сактоо жана жаңжал болуп жаткан аймактарда кырдаалды жөнгө салуу маселесин талкуулашты. Франция менен Германиянын катышуусунда өтө турган норманд форматындагы саммитке даярдык сүйлөшүүдөгү негизги ...

0 693

Эң бактылуу адамдар жашаган өлкөнү билесизби?

08-сентябрь 2019, 11:07 Кызгалдак Жакыпова

Норвегиянын жашоочулары жер бетиндеги эң бактылуу адамдар деп табылды. Бактылуу өлкөлөрдүн рейтинги The Spectator журналына жарыяланган. Бул тууралуу Lenta.ru жазып чыккан. Бул тизмеде экинчи жана үчүнчү орунду Дания менен Исландия ээледи. АКШ болсо 14-орунда, ал эми Улуу Британия 15-орунга жайгашкан. 34-орунда Бириккен Араб Эмираты, Россия 49-орунда турат. Түркия менен Кытай 69 жана 79-орунда. Тизмени 122-орунда турган Индия бүтүргөн. Казакстан ...

0 113

Дональд Туск Орусияны саясий туткундарды бошотууга чакырды

08-сентябрь 2019, 10:49 Кызгалдак Жакыпова

Орусия менен Украинанын ортосундагы туткундарды алмашуу жараянын бир катар мамлекеттер жана Европа Биримдигинин жогорку өкүлдөрү колдоого алууда. Бул тууралуу «Deutsche Welle» жазды. «Акыры Олег Сенцов жана украиналык моряктар да бошоду», деп жазды Европа кеңешинин төрагасы Дональд Туск. Ал Орусияны бардык саясий туткундарды бошотууга жана Украинанын аймактык бүтүндүгүн сактоого чакырды. Европа Биримдигинин тышкы саясат боюнча жогорку комиссары Федерика Могерини алмашуунун ...

0 242

Гренландиядагы ири мөңгү катмары жукарып баратат

08-сентябрь 2019, 10:37 Кызгалдак Жакыпова

Гренландиядагы ири мөңгү катмары бул жылы эң жогорку жукаруу деңгээлине жетти. Эрүү жалпы дүйнөдө деңиз деңгээлинде 1 миллиметрден ашыкча жогорулоого жол ачты. Изилдөөчүлөр эрүүнүн ылдамдыгынан тынчсызданышууда. Гренландия Британиядан жети эсе чоңдукта муз менен капталган аймак. Өткөн отуз жылдын ичинде Гренландиядагы эрүү чоң өлчөмдө өстү. Ал түгүл өлчөөлөрдө 15 жылда мөңгү деңгээлинде 100 метрдик бир төмөндөөнүн болгондугу байкалды. Кээ бир ...

0 3587

Окумуштуулар арктика жаракаларынан башка планеталык кораблга туш болушту

07-сентябрь 2019, 17:18 Алтын Булат

Түштүк уюлду изилдөөчүлөр белгисиз учуучу тарелканын (НЛО) күбөөсү болушту. Шумдуктуу табылганын анда жатканына кеминде 3 миң жыл болгон. Бул тууралуу "Диалог.UA" билдирет. Окуянын күбөлөрү айткандарына таянсак, алгач алар жерден асманга спирал түрүндө буралып чыгып жаткан нурларды алыс аралыктан көрүшкөн. Жакындап келгенде көргөн көздөрүнө ишенбей катып калышкан. Анткени алардын бет маңдайында, музга оролгон белгисиз учуучу объектин корпусу жаткан болучу. Белгилей ...

0 298

Каза болгонуна 2 ай болгон аял ымыркай төрөдү

07-сентябрь 2019, 12:34 Алтын Булат

Ишенүүгө мүмкүн эмес. Бирок, бул Польшада болгон чыныгы окуя. Мында ымыркайдын жарык дүйнөгө келишине, Краков шаарындагы дарыгерлердин эмгеги зор болгонун жергиликтүү ММКлар жазып чыгышты. Ал маалыматтарга таянсак, бир айлык боюнда бар аял оор акыбалда ооруканага жаткырылган. Дарыгерлер анын мээси жабыркаган болушу мүмкүн деген диагноз коюшкан. Кийинчерээк адистер аялдын мээсинин функциялары токтоп калганын аныкташкан. Анткен менен дарыгерлер, аялдын жатынындагы түйүлдүктүн ...

0 111

Швецияда жол эрежесин бузбаган айдоочулар акча утуп ала алышат

07-сентябрь 2019, 12:23 Нурбек Айдар

Швециянын борбору Стокгольм шаарында айдоочулар жол эрежесин сактоосу үчүн кызыктыруучу лотерея ойнотулат. Кээ бир айдоочулар 3 миң долларга чейин утуп алышат. Ал өлкөдө айдоочулардын унааны белгиленген ченемден жогору айдаганы үчүн төлөгөн айып пулдардын бир бөлүгү лотереялык фондго которулат. Кандайдыр бир тартип бузууларда байкалбаган айдоочулар автоматтык түрдө лотереяга катыштырылып, бакыт жылмайган айдоочулар акчалай утуштарга ээ болушат. Бул схема белгилүү бир деңгээлде ...

0 259

ВИДЕО - Интернетте таанышуу тиркемесин өздөштүргөн чоң эне жаш жигиттер менен мамиле түзүүдө

Видео 07-сентябрь 2019, 09:30 Алтын Булат

Нью-Йорктук 83 жаштагы Хэтти Ретрож аттуу кемпир күйөөсү менен ажырашканга чейин аны бир дагы жолу башкага алмаштырган эмес. Бирок, ал жакындан бери интернетте таанышуунун кыныгын алган. Ошондон тарта жалаң жаш жигиттер менен мамиле түзүп келет. Мына ушундай маалыматтар Хэтти чоң эне тууралуу тартылган видеодо камтылат. - Көрсө мен сыяктуу өтө эле картаң айымдар менен кездешүүнү каалагандар көп экен. Азыр ...

0 545

Меркель кайрадан өзүн жаман сезүүдө – ойлонуп олтурган фотосүрөтү пайда болду

06-сентябрь 2019, 18:13 Алтын Булат

Кытай өлкөсүнө болгон иш сапарында, Ангела Меркелдин ден – соолугу жайында болгон жок. Ал өлкөнүн гимни ойноп жаткан учурда отургучта олтуруусун уланткан. Бул тууралуу жергиликтүү ММКлар тараткан маалыматтарга таянсак, 30 градус күндүн ысыгында иш-чараны өткөрүү оңой болгон эмес. Ошентсе дагы Меркель оорусун сыртка байкатпоого аракет кылгандыгын жазышат. Жолугушуу учурунда дагы ал көңүлдүү жана сөзмөр болгон. Эске сала кетсек, Меркельдин ...

0 601

АУДИО - Айрымдар кытайлык спортчу кыздарды эркек деп шек санашууда. Сизчи?

Аудиофайл 06-сентябрь 2019, 17:45 Нурбек Айдар

Кытайлык спортчу кыздарды ушуну менен экинчи ирет эркектер деп шек санашууда. Массалык маалымат каражаттары Ляо Мэньсюэ жана Тун Цзенхуань деген жөө күлүк кыздарга көңүл бура башташты. Буга Кытайда өткөн 400 метрге чуркоо мелдешинде эки спортчу кыздын алдыңкы эки орунду ээлеши себеп болгон. Бул экөө башкаларга караганда марага 2 секундага тез келишкен. Бул кыздардын эркек болушу мүмкүн деген шек саноо ...

0 711

ВИДЕО - Балалуу болууга эч качан кеч эмес! Индияда 74 жаштагы кемпир эгиз төрөдү

Видео 06-сентябрь 2019, 15:30 Алтын Булат

Индиянын Андхра-Прадеш штатынын Эрраматти Мангаямма аттуу тургуну дөйнөдүгү эң эле улгайган апа болду. Ал эконун жардамы менен эгиз кыз төрөгөн. Коомчулук буга “шок” болуп, бул маалыматка ишенип, ишенбей турган чагы. Төрөттү кабыл алган жергиликтүү клиниканын директору, улгайган апаны кесерево жолу менен төрөткөнүн, учурда эненин жана эгиз кыздарынын ден-соолугу жакшы экенин билдирген. Айтылгандай, 74 жаштагы Мангаямма менен анын 80 жаштагы ...

Жарнама үчүн орун!
600 x 50
0 417

ВИДЕО - "ОЙ ШУМДУК": Адам итке эмес, ит адамга кожоюн боло баштаптыр   

Видео 06-сентябрь 2019, 14:08 Алтын Булат

Өзүнө таандык вилласы бар жана кабриолет минип жүргөн Гюнтер IV аттуу германиялык ит дүйнөнүн эң байларынын бири болуп калды. Анын учурдагы байлыгы 373 миллион долларга бааланат. Маалыматтарда, Гюнтер IVкө мурас атасы Гюнтера IIIтөн калды. Өз убагында, жалгыз мураскери катары, 1991-жылы Карлот Либенштайн аттуу немис графиня-мультимиллионер айым өзүнүн багып алган үй жаныбарына байлыгын калтырып кеткен. Ошентип учурдагы мураскер, 13 жаштагы ...

0 87

АУДИО - ВИДЕО - Орусиялык активист Котов 4 жылга кесилди

Аудиофайл Видео 06-сентябрь 2019, 12:10 Алтын Булат

Москвадагы Тверь райондук соту митингдерде бир нече ирет мыйзам бузгандыгы үчүн активист Константин Котовду 4 жылга эркинен ажыратуу чечимин чыгарды. Бул тууралуу Орусиянын маалымат каражаттары жазып чыгышты. Айтылгандай, Котов Орусиянын “Митинг, пикеттерди уюштурууда белгиленген тартиптерди бир нече ирет бузуу” беренеси менен соттолгон экинчи адам болду. Буга чейин ушул эле берене менен Ильдар Дадин 2 жылга эркинен ажыратылган болчу. Котов ...

0 297

ВИДЕО - Бир бөтөлкө арак үчүн дүкөнгө уурулукка кирген

Видео 06-сентябрь 2019, 11:13 Алтын Булат

Орусиянын Йошкар-Ола шаарында күлкү келерлик карактоо болду. Тагырагы биздин телеграм каналга келген видеодо, дүкөнгө уурулукка кирген адам мас болуп калып полициянын колуна түшкөнүн көрүүгө болот. Ал адам дүкөндүн айнегинен текчеде тизилип турган арактарды көрүп кармана албай калып, 1-2 бөтөлкө ичкилик алуу үчүн ичкери кирген. Бирок, кубанганынан чыдабай ошол эле жерде ичип баштаган. Полиция келген учурда ууру дүкөнгө кандай киргенин ...

0 173

«Дориан» бороонунан каза болгондордун саны өсүүдө

05-сентябрь 2019, 12:09 Алтын Булат

Багам аралдарында катталган бул күчтүү шамалдан улам каза болгондордун саны 20 адамга жетти. Бул тууралуу дүйнөлүк ММКлар жазып жатышат. Эске салсак, кечээ АКШнын Флорида, Жоржия жана Түштүк Каролина штаттарында өзгөчө кырдаал жарыяланган. Бороондун айынан баарынан көп Багам аралдарынын Барбадос, Сент-Люсия, Сент-Томас, Абако жана Чоң Багам аралдары жабыр тарткан. Ылдамдыгы саатына 300 километрге чейин жеткен бороондон 7 киши каза болуп, ...

0 272

Украинаны өкмөтү Кличкону кызматтан алууну сунуштады

05-сентябрь 2019, 09:51 Нурбек Айдар

Украинанын министрлер кабинети кечээ, 4-сентябрда президент Владимир Зеленскийдин офисине кайрылып, Виталий Кличкону кызматынан кетирүүнү сунуштады. Эми Кличкону кызматтан алууну же ордунда калтырууну Зеленский чечет. Белгилүү мушкер Виталий Кличко 2014-жылдын 5-июнунан бери Киевдин мэри, 2014-жылдын 25-июнунан бери Киев шаардык администрациясынын башчысы кызматын аркалап келет. Булак: "NazarNews.kg"

0 545

Багам аралдарынын бороондон кийинки сүрөттөрү жарыяланды

04-сентябрь 2019, 17:37 Нурбек Айдар

Багам аралдарына 1-сентябрда жеткен “Дориан” бороонунан кийин калыбына келтирүү иштери башталды. Ал эми АКШнын Флорида, Жоржия жана Түштүк Каролина штаттарында өзгөчө кырдаал жарыяланды. Бороондун айынан баарынан көп Барбадос, Сент-Люсия, Сент-Томас, Абако жана Чоң Багам аралдары жабыр тарткан. Ылдамдыгы саатына 300 километрге чейин жеткен бороондон 7 киши каза болуп, 13 миңдей үй талкаланганы кабарланууда. Шаарлар менен айылдар суу астында калып, ...

0 400

ВИДЕО: Окумуштуулар «Дориан» бороонунун чок ортосун видеого тартып алышкан

Видео 04-сентябрь 2019, 14:57 Алтын Булат

«Дориан» бороону АКШнын бир топ аймагын астын-үстүн кылып, дагы деле күчүн жогото элек. Көпчүлүк эл бороондон коргонуунун айласын таппай жатканда, окумуштуулар бороонду изилдөө үчүн чыгышкан. Учактын бортундагылар, АКШ метеорогиялык чалгындоочу 53-эскадрону менен Океанды жана атмосфераны изилдөө улуттук башкаруу тобу. Алар метеорологдор үчүн эң керектүү маалымат топтоо үчүн бороондун чок ортосуна аттанышкан. Алар күтпөгөн асмандагы көрүнүштөр, таң калычтуу кубулуштарды өзүңөр ...

0 152

Алматылыктар Жанаозендиктерди колдоо акциясына чыгышты

04-сентябрь 2019, 12:39 Алтын Булат

Кытай заводдорунун курулушуна каршы болгон Жанаозен шаарынын тургундарын алматылыктар дагы колдоорун билдирип, ондогон адамдар акимиат алдына чогулушту. Бул тууралуу казак маалымат булактары жазышууда. Чогулгандар жанаозендүктөрдү колдоо сөздөрүнөн тышкары, коррупцияга шектелип абакта жаткан "Казатомпром" уран казуу компаниясынын мурдагы башчысы Мухтар Жакишевдин бошотулушун да талап кылышкан. Эл алдына акимдин орун басары Сапарбай Туяков чыгып, сүйлөшүү үчүн ичкери кирүүнү сунуштаган. Бирок буга ...

0 82

Түркияда 5 террорист жок кылынды

04-сентябрь 2019, 11:39 Алтын Булат

Түркиянын абадагы операциясы учурунда 5 террорист жок кылынды. Алар жикчил террордук уюмдун (ПКК) мүчөсү болгон. Бул тууралуу Түркиянын Улуттук коргоо министрлигинин маалыматына таянып, түрк маалымат булактары жазып чыгышты. Ага ылайык, жикчил террористтер Ирактын түндүгүндөгү Хакурк аймагында жүргүзүлгөн асмандан жасалган соккудан улам жок кылынган. Ал эми операцияны Түрк куралдуу күчтөрү менен Улуттук чалгындоо уюмунун биргелешип өткөзгөнү айтылууда. Булак: "NazarNews.kg"

0 217

Орусиянын абасы кир, таза эмес шаарлары аныкталды

04-сентябрь 2019, 11:41 Алтын Булат

Орусиянын шаар жергелериндеги аба өтө эле булганган. Бул тууралуу жаратылыш министрлигинин сайтында жайгаштырылган “2018-жылдагы Орусия Федерациясынын ахвалы жана айлана чөйрөнү коргоо” деген докладында кенен түшүндүрмө берилет. Айтылгандарга таянсак, абасы булганган калаалардын көпчүлүгү Сибирь федералдык округуна тиешелүү болуп, ал 57 пайызды түзгөн. Алып айтсак; Абакан, Ангарск, Барнаул, Братск, Иркутск, Красноярск, Новокузнецк, Норильск, Улан-Удэ, Чита жана башка шаарлар. “Ушул калаалардын тургундары ...

0 220

ВИДЕО - Адамдар дүйнөлүк океанды булгады

Видео 04-сентябрь 2019, 11:31 Кызгалдак Жакыпова

Америкалык илимпоздор инсандар бүгүнкү күндө Арктиканы да желим бөтөлкөлөр менен булгап салганын Еuronews.com жазып чыкты. Америкалык атайын экспедиция Арктиканы атайын 3 жума изилдешкен. Жыйынтыгында алар муздун бөлүкчөлөрүн топтошкон. Алар жыйнап алган муздун бөлүкчөлөрү түркүн-түстүү  экени аныкталган. Адистердин айтымында мындай желим бөтөлкө менен баштыктардын көзгө көрүнбөгөн майда бөлүкчөлөрү деңиз жаныбарларына чоң зыян алып келсе, экспедициянын курамындагылар деңизде мындай таштандылардын көлөмү ...

0 79

Бразилиянын туризм элчиси Франция президентин маскарапоз атады

04-сентябрь 2019, 10:03 Нурбек Айдар

Бразилиянын туризм элчиси жана белгилүү спортчу Рензо Грейси социалдык тармактарга Франциянын президенти Макронду коркуткан видео жүктөдү. Анда ал француз ажосун маскарапоз атап, бизге келсең тооктукундай мойнуңдан кармайбыз деген. Ошондой эле ал Макрондун 66 жаштагы аялына да тийишип өткөн. Аны түрү суук атап, ажыдаарга салыштырган. Эске салсак, Франциянын президенти Чоң жетиликтин саммитинде көптөн бери өрттөнүп жаткан Амазонияны сактоого акчалай жардам ...

0 228

Пентагондун мурунку жетекчиси эң коркунучтуу өлкөнү атады

04-сентябрь 2019, 08:52 Нурбек Айдар

Пентагондун мурунку жетекчиси Жеймс Мэттис калкы радикалдашып кеткенинен жана ядролук потенциалын өстүрүп жатканы үчүн Пакистанды дүйнөдөгү эң коркунучтуу өлкө деп атады.  “Мен мамиле кылган баардык мамлекеттердин ичинен эң коркунучтуусу Пакистан деп эсептейм”, -деп жазган ал өз китебинде. Анын китеби “Чакырык “Хаос”: башкарууну үйрөнөбүз” деп аталып, 3-сентябрда сатыкка чыккан. Мэттис американын коргонуу ведомствосунун башчысы болуп 2017-жылдын январынан 2018-жылдын 31-декабрына чейин иштеген. Июль айында Пентагондун ...

0 1430

Индияда аялдын ашказанынан бир жарым килограммдан ашык баалуу буюмдар табылды

03-сентябрь 2019, 18:19 Алтын Булат

Индиянын батыш Бенгалия штатында жашаган 22 жаштагы аял катуу ич оорудан улам ооруканага түшкөн. Рентген аппараты айымдын ашказанында сакталып жаткан баалуу буюмдарды көргөзгөн. Ал аялдын ашказанына операция жасаган хирургдар баалуу таштардын салмагы бир жарым килограммдан ашык экенин, арасында абдан баалуу жасалгалардын болгонун билдиришкен. Бул тууралуу unian.net жазып чыкты. Ушул өзгөчө аялдын жакындары, үйдөгү баалуу буюмдар акырындык менен жоголо баштаганынан ...

0 568

Трамп дагы секс-жаңжалга кабылды

03-сентябрь 2019, 17:58 Нурбек Айдар

АКШ Конгресси президент ачыкка чыгарбашы үчүн порноактрисаларга акча төлөп берген же бербегенин изилдөөнү чечти. Октябрь айында Палатанын соттук өндүрүш боюнча комитетинде порноактриса Сторми Дэниелс менен Плейбойдун мурунку жылдызы Карен Макдугалга 2016-жылы акча төлөгөнү боюнча күбөлөрдүн көрсөтмөлөрүн укмакчы. Эске салсак, Дэниелс менен Макдугал Трамп менен сүйүү байланышы болгонун, шайлоо алдында муну элге айтпоосу үчүн акча алышканын айтып чыгышкан.

03-сентябрь 2019, 17:58 | 568
0 345

ВИДЕО - Кытайда ири жол кырсыгы катталды

Видео 03-сентябрь 2019, 16:45 Алтын Булат

Азырынча жабыр тарткандардын саны жана алардын акыбалы тууралуу маалыматтар жок. Кырсыктын себептери да белгисиз. Бирок, бул тууралу Кытай ММКлардын жазган болжолуна таянсак, бир автоунаанын тормозу кармабай калгандан улам мындай кырсык катталган. Булак: "NazarNews.kg"

Жарнама үчүн орун!
600 x 50
0 94

АУДИО - Украинанын депутаттары кол тийбестикти алып салууга макул болушту

Аудиофайл 03-сентябрь 2019, 17:12 Нурбек Айдар

Украинанын парламенти бүгүнкү отурумунда депутаттык кол тийбестикти алып салышты. Мындай чечимди 373 депутат колдоп добуш берген. Эми президент кол койсо, депутаттык кол тийбестик боюнча мыйзамга киргизилген өзгөртүү 2020-жылдын 1-январынан баштап күчүнө кирет. Депутаттык кол тийбестикти алып салуу боюнча мыйзам Украинанын парламентинде 2 жылдан бери талкууланып, бирок, мыйзам артка кайтарылып келген. Булак: "NazarNews.kg"

0 388

АУДИО - Эң үрөй учуруучу туристтик жай кайсы экендиги айтылды

Аудиофайл 03-сентябрь 2019, 15:54 Нурбек Айдар

Адистер Мексиканын борбору Мехикого жакын жайгашкан Куурчактар аралы эң үрөй учурган туристтик жай деп табышты. Бул арал бир кыздын өлүмү жана миңдеген коркунучтуу куурчактар тууралуу айтылган легендадан кийин атагы чыккан. Легенда боюнча, бул аралда жашаган Хулиан Сантана Баррера аттуу кечил кайсы бир күнү кыздын кыйкырыгына угуп калат. Ал үн чыккан жакка чуркап барган менен эч кимди тапкан эмес, бирок, ...

0 1034

АУДИО - ВИДЕО - Өксүгөн өспүрүм кызды турмушка узатышууда

Аудиофайл Видео 03-сентябрь 2019, 17:07 Алтын Булат

Ирандык журналист Масих Алинежад Твиттердеги баракчасына өспүрүм кыздын турмушка чыгып жаткандагы видеосун жүктөп, “бул кыз мени ыйлатты”, - деп астына текст жайгаштырган. Анын айтканына караганда, кыз 13 жашка дагы чыга элек. Бул видеотасманы миңдеген адамдар өз баракчаларында бөлүшкөн. Андан дагы көптөрү мындай салтка нааразы болгон пикирлерин комментарийде калтырып, өспүрүм кызга каалоо-тилектерин жазышкан. Коомду буга кайдыгер карабоого чакырык таштагандары дагы ...

0 298

АУДИО - Музыканттын тажиясында күйөрмандары табытын ачып, чечинтип салышты

Аудиофайл 03-сентябрь 2019, 16:46 Нурбек Айдар

Музыканттын тажиясында күйөрмандары маркумдун табытын ачып, чечинтип салышты. Алар музыканттын өзү экендигине ишенүү үчүн маркумдун денесиндеги татиуровкаларын издешкен. Белгилүү музыкант Анж Дидье Хуан Африканын батышында жайгашкан Кот-д'Ивуар мамлекетинде таасирдүү адамдардын катарында болгон. 33 жаштагы музыкант 12-августта автокырсыктан каза болгон. Абиджан шаарынын стадионунда анын фанаттары үчүн маркум менен коштошуу зыйнаты уюштурулган. Айрым фанаттарына бул да аздык кылып, алар музыканттын жакындары ...

0 217

Эң коопсуз шаарлар кайсылар экенин билесизби? Рейтинг жарыяланды

03-сентябрь 2019, 14:52 Нурбек Айдар

Дүйнөнүн эң коопсуз делген шаарларынын рейтинги түзүлдү. Анын алдыңкы үчтүгүнө Япониянын эки шаары кирген. Англиянын Economist Intelligence Unit деген компаниясы жыл сайын түзүлчү дүйнөнүн эң коопсуз делген шаарларынын рейтингин жарыялады. Ал рейтингдин сап башын Токио ээлесе, экинчи орунду Сингапур, ал эми үчүнчү орунду Япониянын Осака шаары ээлеген. Рейтингге 57 көрсөткүч менен бааланган дүйнөнүн 60 шаары киргизилген. Ал көрсөткүчтөргө санариптик ...

0 317

АУДИО - Куранды которгон дүйнөдө жалгыз котормочу каза болду

Аудиофайл 03-сентябрь 2019, 15:58 Алтын Булат

Оруссиялык котормочу жана мусулмандар коомунун өкүлү Иман Валерия Порохова 79 жаш курагында каза болду. Бул тууралуу Day.Az, Telegram-каналдары жазып чыгышты. Порохова Куранды орус тилине өз мааниси менен которо алган жалгыз котормочу катары таанылып жүрөт. Оруссиянын табыйгый илимдер академиясы 2000-жылдын апрель айында котомочунун эмгегин баалап, “Илимди өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн” ардак белгиси менен сыйлаган. Ал эми тарых илимдеринин доктору Алексей Малашенко, ...

0 2007

1.5 жыл мурда океанда жоголгон аялды ошол эле жерден, ошол эле кийими менен табышты.

03-сентябрь 2019, 10:57 Алтын Булат

Айрым учурда логикага сыйбаган, түшүндүрүүгө оңой болбогон нерселер болуп кетет. Алардын бири Индонезиянын Нининг Сунарсих аттуу айымына таандык бир окуя эч бир акылга сыйбай турат. Бир жарым жыл мурда 52 жаштагы бул айым Ява аралындагы курорттордун биринде эс алууну чечет. Мына ошол күндөрдүн биринде абдан катуу шамал болот. Ошол учурда пляжда жүргөн Сунарсихти  чоң толкун океанга тартып кетет. Ал ...

0 200

Украинанын билим министри ката жазып шылдың болду

02-сентябрь 2019, 17:54 Нурбек Айдар

Украинадагы социалдык тармактын колдонуучулары ал өлкөнүн Билим жана илим министри Анна Новосаддын жазган текстинен толтура ката таап чыгышты. Бул тууралуу РИА новости жазып чыкты. Анна Новосад Фейсбук баракчасына украин тилинде пост жазып, анда президент менен өкмөткө ишеним көрсөткөндүгү үчүн ыраазычылык билгизген. Бирок интернет колдонуучулар анын жазган текстинен толтура ката таап, аны белгилеп, жаңы министрди сындап чыгышкан. Булак: "NazarNews.kg"

0 85

Грузиянын өкмөт башчысы отставкага кетти

02-сентябрь 2019, 16:53 Алтын Булат

“Мага тагылган милдет ушул этапта бүттү. Мен отставкага кетүү чечимин кабыл алдым!”. Грузиянын премьери Мамука Бахтадзе кызматтан кеткендиги тууралу ушундай билдирүүнү бүгүн 2-сентябрда Фейсбук баракчасына жазып чыкты. Анда Бахадзе өнүгүү рамкасы уюштурулганын, түптөлгөнүн жана улантылып жатканын белгилеп өтөт.     Эми анын ордуна вице-премьер, Грузиянын ИИМ башчысы Георгий Гахария келери күтүлүп жатканын Тбилиси маалымат каражаттары жазып чыгышты. Өкмөт башчы кызматын тапшырып ...

0 85

Киевде граната жана тапанча менен кыргыз жараны кармалды

02-сентябрь 2019, 16:04 Алтын Булат

Кечээ, 1-сентябрда сумкасына эки огу менен тапанча жана үч граната  салып жүргөн кыргызстандыкты Киев полициясы кармаган. Бул тууралуу украиналык ММКлар жазып чыгышты.  Маалыматтарга караганда, полиция кызматкерлери супермаркеттин жанында токтоп турган Lexus автоунааны байкап калышып, унаадан түшүп жаткан эркектерден документтерин көрсөтүүнү талап кылышкан. Ошол учурда алардын бири тапанча алып чыгып коркутуу менен качууга аракет жасаган. Анткен менен ал адам кармалган. Жанындагы ...

0 118

Дарига Назарбаева спикерликке кайрадан сунушталды

02-сентябрь 2019, 17:11 Нурбек Айдар

Казакстандын экс-президенти Нурсултан Назарбаевдин улуу кызы Дарига Назарбаева Сенаттын спикерлигине кайрадан көрсөтүлдү. Бул тууралуу Zakon.kz.  маалымдады. Маалыматка караганда, экс-ажонун кызын спикерликке көрсөтүүнү Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаевдин атынан анын администрациясынын жетекчиси билдирген. Эми аны сенаторлор шайлашы күтүлүүдө. Дарига Назарбаева Сенаттын спикери болуп 2019-жылдын март айында шайланган. 12-августта болсо кайра депутат болгон. Эми спикерлик үчүн дагы шайлоо болмокчу. Булак: "NazarNews.kg"

0 108

Британиялык кокусунан Кытай императоруна таандык вазанын ээси болуп калды

02-сентябрь 2019, 13:10 Нурбек Айдар

Аты аталбаган Улуу британиялык адам вазаны кайрымдуулук дүкөндөн 1 фунт стерлингге (85сом) сатып алып, аны кайра онлайн-аукциондо кымбатыраак сатууну көздөгөн. Бул тууралу Daily Mail билдирет. Ал маалыматтарда айтылгандай, вазаны сатып алуу кызыкчылыгын билдирген кардарлар биринин артынан бири чыккан. Буга таң калган ал киши антиквариатты баалоочуларга текшерткенде, табылга чанда кездешчү кытай вазаларынын бири болуп чыккан. Тагыраагы, адисттер вазанын экспорт үчүн чыгарылбаганын, ал ...

0 101

Тесла жарым жылда 150 миңден ашуун унаа саткан

02-сентябрь 2019, 12:41 Кызгалдак Жакыпова

2019-жылдын биринчи жарымында электромобилдерди чыгаруучу Tesla компаниясы158 миң 200 электромобиль саткан. Бул тууралуу компаниянын маалымат кызматы билдирүү таратты. Ал тургай компаниядан сатылган унаалардын бааларынан бери маалымдашкан. Электр унааларынын баалары: Model 3 — $38,990 Model S — $79,990 Model X — $84,990 Булак: "NazarNews.kg"

0 85

Африкадагы бороондун космостон тартылган сүрөтү жарыяланды

02-сентябрь 2019, 12:35 Кызгалдак Жакыпова

Кооз көрүнүш. Италиялык астронавт Лука Пармитано Африканын космостон тартылган сүрөтү менен бөлүштү. «Африканын чөлүндөгү шамал кум менен чаңды көтөрүп, жүздөгөн чакырымга алып кетүүдө», — деп жазган ал сүрөттөрүнүн астына. Булак: "NazarNews.kg"

0 128

Шварценеггердин жакын досу каза болду

02-сентябрь 2019, 17:09 Кызгалдак Жакыпова

Белгилүү Голливуд актеру Арнольд Шварценеггер өзүнүн Инстаграмм баракчасына жакын досу, бодибилдер Франко Коломбо каза болгону тууралуу билдирди. Маалыматтарга караганда,  Коломбо Сардиния аймагында деңизге түшүп жатып, жүрөгү кармап каза болгон. Коломбо 1941-жылы 7-августта Италиянын Сардиния аралында туулган. Бокс боюнча ийгиликтүү карьерасын жыйынтаган соң, Германияга көчүп барып, бодибилдинг менен алектене баштаган. Эки ирет, 1976-жылы жана 1981-жылы «Мистером Олимпия» наамын жеңип алган. ...

0 137

АУДИО - АКШ - Кытай соода согушу күч алды

Аудиофайл 02-сентябрь 2019, 12:26 Кызгалдак Жакыпова

Жакынкы аралыктарда 13%га жакын компания Кытайды таштап кетүүгө камынууда. Бул тууралуу АКШ президенти Дональд Трамп журналисттерге маалымат берип жатып айтты. Маселени Кытай пошлинасына такаган Америка президенти бул сан дагы өсүшү мүмкүн экендигин белгилейт. Анткен менен сөз чет элдик же жалгыз эле америкалык компаниялар тууралуу болуп жатканын тактаган эмес. Мурдараак дагы Трамп, 1-сентябрдан тарта көлөмү 300 миллиард долларлык  Кытай өлкөсүнөн кирген товардын ...

Жарнама үчүн орун!
600 x 50
0 73

Орусияда аскердик машыгууда снаряд айылга жакын жерде жарылды

02-сентябрь 2019, 10:34 Кызгалдак Жакыпова

Артиллериялык бир нече снаряддар, 30-августтун кечинде Новоборзинск айылындагы үйлөргө жакын жерде жарылган. Бул тууралу Чита.ру басылмасы маалымдады.   Анда айтылгандарга караганда, ошол күнү айылга жакын аралыктагы «Борзя-Новая» полигонунда аскердик машыгуу өткөн. Машыгуу учурунда кокусунан бир нече снаряд айылга жакын жарылган. Аскерлер 31-августта Новоборзинскинин тегерек-четин изилдеп чыгышканда жабыр тарткандар болгон эмес. Бирок, үйлөрдүн терезелери талкаланып калгандыгы айтылган. Ал эми Борзя районунун башчысы ...

0 75

Амазониядагы өрттүн асмандан көрүнүшү

02-сентябрь 2019, 10:03 Кызгалдак Жакыпова

Сүрөттөр Бразилиянын ар кайсы штаттарында тартылган. Бразилиянын космостук изилдөөлөр боюнча улуттук борборунун маалыматы боюнча, ушул жылдын январь айынан август айына чейин Бразилияда 1,8 миллион гектар токой өрттөнүп жок болгон. Булак: "NazarNews.kg"

Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83