www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Дүйнө жүзүндө
0 1895

ВИДЕО – Оруссияда өткөн жеткинчектердин хокей мелдеши массалык мушташ менен аяктады

Видео 31-август 2019, 17:52 Кызгалдак Жакыпова

Жеткинчектер арасындагы хокей мелдеши Саратовдо өткөрүлгөн. Турнирдин жүрүшүндө «Кометой» (Самара) жана «Аксай» (Ростов областы) командалар ортосундагы мелдеш мушташ менен аяктады. Мушташ бир минутадан көбүрөөк болгону айтылууда. Анткен менен ойундун жыйынтыгында судялар тобу эч кимисине жаза колдонушкан эмес. Самаралыктар 7:3 эсебинде жеңүүчү болушкан. Бул албетте “Хокей-спорту!”. Мындан жаманы балдар компьтер оюндарынан улам ырайымсыз болуп баратканын унутпайлы. Булак: NazarNews.kg

0 267

Москвадагы тумандан улам, аэропорттордогу 140 рейс кармалууда

31-август 2019, 16:09 Кызгалдак Жакыпова

Бул тууралу Оруссия жергиликтүү каналдары жазгандарга таянсак, Внуково аэропортундагы кармалып турган рейсттин саны 29 болсо, Шереметьеводо 71, Домодедоводо 37 экени айтылат. Ошондой эле расписание боюнча Домедовко коно турган дагы башка 11 рейс токтотулган. Москвадагы ала булуттуу аба-ырайы бир күн боюу көзөмөлдөнөрү белгиленүүдө. Булак: NazarNews.kg

0 268

АУДИО - АКШ Президенти Дональд Трамп Кыргызстан элин жана Президент Сооронбай Жээнбековду Эгемендүүлүк күнү менен куттуктады

Аудиофайл 31-август 2019, 13:51 Кызгалдак Жакыпова

Америка Кошмо Штаттарынын Президенти Дональд Трапм Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбековду жана Кыргызстан элин Эгемендүүлүк күнү менен куттуктады. «Америка элинин атынан Сизди жана Кыргыз Республикасынын элин эгемендүүлүгүңүздүн 28 жылдыгы менен куттуктайм. Сиздин өлкөңүз 31-августта эгемендүүлүк күнүн майрамдап жатканда биз Кыргызстандын гүлдөп өнүгүүсү тууралуу каалоолорубузду чын дилибизден жолдойбуз. Өткөн 28 жылдын аралыгында биздин эки өлкөбүздүн мамилеси элибиздин ортосунда күчтүү байланыштын ...

0 279

АУДИО - Белорусиянын Президенти Александр Лукашенко Кыргызстан элин жана Президент Сооронбай Жээнбековду Эгемендүүлүк күнү менен куттуктады

Аудиофайл 31-август 2019, 14:00 Кызгалдак Жакыпова

Беларусь Республикасынын Президенти Александр Лукашенко Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбековду жана Кыргызстан элин Эгемендүүлүк күнү менен куттуктады. «Улуттук майрам — Эгемендүүлүк күнү менен чын жүрөктөн чыккан куттуктоону кабыл алыңыз. Бүгүн Кыргызстан мамлекеттүүлүктү бекемдөөдө көрүнүктүү ийгиликтерди көрсөтүп, экономиканы модернизациялоо менен эл аралык аренада өлкөнүн кадыр-баркын көтөрүп, прогресстин жолунда ишенимдүү кадамдарды жасоодо. Белорусияда эки элдин достугу жана ишенимдүү мамилелери жогору бааланат жана мындан ...

0 135

СҮРӨТ - Оруссияда жаңы "толлейбус" шайлоо участоктор пайда болду

31-август 2019, 13:10 Кызгалдак Жакыпова

Эски троллейбустан орун алган, “№15 Шайлоо участогу”. Бул фотосүрөттү жарыялаган Телеграмм каналынын маалыматында, Оруссиянын Ставрополье аймагында экендиги айтылат. Ал эми бул тууралуу башка маалыматтарга караганда, аталган аймакта өткөн жекшемби күнү, “шаар чөйрөсүн жайлуу кылуу үчүн” – деген акцияга добуш берүү уюуштурулган. Добуш берүү үчүн аллея, сквер жана жол жээктери тандалып алынган. Жалпысынан 80 пункт ачылып, иштеп жатат. Ага жараша жергиликтүүлөр ...

0 215

АУДИО - КЭР Төрагасы Си Цзиньпин Кыргызстандын элин жана Президент Сооронбай Жээнбековду Эгемендүүлүк күнү менен куттуктады

Аудиофайл 31-август 2019, 13:09 Кызгалдак Жакыпова

Кытай Эл Республикасынын Төрагасы Си Цзиньпин Кыргызстандын элин жана Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбековду Эгемендүүлүк күнү менен куттуктады. «Кыргыз Республикасынын Көз карандысыздыгынын 28 жылдык мааракесине байланыштуу Кытайдын Өкмөтү жана элинин атынан, ошондой эле жеке өзүмдүн атымдан Сизди жана Сиз аркылуу дос Кыргызстан элин чын жүрөгүмдөн куттуктап, жакшы каалоо-тилектеримди билдирем. Үстүбүздөгү жылдын апрель айында Сиз Кытайга келип, „Бир алкак, бир жол“ Эл аралык ...

0 230

АУДИО - Түркмөнстандын Президенти Гурбангулы Бердымухамедов Кыргызстандын элин жана Президент Сооронбай Жээнбековду Эгемендүүлүк күнү менен куттуктады

Аудиофайл 31-август 2019, 13:02 Кызгалдак Жакыпова

Түркмөнстандын Президенти Гурбангулы Бердымухамедов Кыргызстандын элин жана Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбековду Эгемендүүлүк күнү менен куттуктады. «Сизди жана боордош кыргыз элин Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүк күнү менен Түркмөнстан эли, Өкмөтү жана өзүмдүн атымдан чын жүрөгүмдөн куттуктап, эң жакшы тилектеримди билдиргим келет. Түркмөнстан Кыргыз Республикасы менен кошуналык карым-катнашка, өз ара урматтоо жана ишенимге негизделген мамилени жогору баалайт. Түркмөн-кыргыз мамилелери мындан ары ...

0 338

Сириядагы абал курч, коопсуздук маселеси жаралууда

31-август 2019, 11:54 Кызгалдак Жакыпова

Бүткүл өлкөлөрдө Идлибге гуманитардык жардамдын жеткирилишине уруксат берилиши керек! Мына ушундай чакырык салган долбоор БУУнун Коопсуздук кеңешинде, Германия, Бельгия жана Кувейт мамлекеттери тарабынан сунушталды. Ал эми Сирия жеринин бүтүндүгүнө басым жасаган, БУУнун Сириядагы атайын өкүлү Гейр Педерсен, Сирияда Түркиянын мыйзамдуу коопсуздук санааркоолору бар экенин эске алып, буга эл аралык коомчулуктун көңүл буруусу керек экенин билдирген. Айтымында, АКШ менен Түркиянын ...

0 972

Лукашенко сулуу кыздар менен дарбыз терди

30-август 2019, 17:53 Кызгалдак Жакыпова

Беларустун президенти Александр Лукашенко 29-август күнү дарбыз терүүгө чыкты. Талаада ага маалымат катчысы Наталья Эйсмонт жана иш протокол кызматынын кыздары жардам беришти. Лукашенконун түшүм чогултканы тууралуу маалымат белорус лидеринин расмий сайтына жарыяланды. Александр Лукашенко талаа иштерине катышканды жакшы көрөрү белгилүү. Мындан мурун да анын дарбыз, картошка терүүгө катышканы көп жарыяланган. Булак: "NazarNews.kg"

0 148

«Узбекконцерт» рэперлерди көзөмөлгө алат

30-август 2019, 17:52 Кызгалдак Жакыпова

«Узбекконцерт» ишканасынын директору Одил Абдукахоров жергиликтүү журналисттерге берген интервьюсунда өлкөдө рэптин андан ары өнүгүшүнө кам көрөрүн билдирди: -Рэпке канчалык тыюу салсак, ал ошончолук популярдуу болуп баратат. Тыюу салынган нерсе дайыма кызыктуу. Биз аларга убагында көңүл бөлбөй, тарбиялабаганыбыз үчүн рэперлер сөгүнүп ырдап, өздөрүн туура эмес алып жүрө башташты. Эми биз рэперлер менен кызматташууну чечтик. Рэпти көзөмөлгө алдык деп айтсак да ...

0 308

Монгол ажосунун байлыгы жарыяланды

30-август 2019, 16:48 Кызгалдак Жакыпова

Коррупция менен күрөшүүчү көз карандысыз орган Монголиянын жогорку кызматтагы чиновниктеринин 2018-жылдагы кирешеси жана мүлктөрү тууралуу отчетун жарыялады. Ал маалыматта, аталган өлкөнүн президентти Халтмаагийн Баттулга 343 миң долларга бааланган 2 батирге, 106 миң долларлык Lexus LX570 үлгүсүндөгү унаага жана 14,9 миң доллар аманат эсебине ээлик кылат. Ошондой эле президент Баттулганын өздүк кирешеси 2017-жылы 7200 доллар, 2018-жылы 15401 доллар деп көрсөтүлсө, ...

0 175

ЖМК: Өзбек ырчылары пара берип сахнага чыгышат

30-август 2019, 15:56 Кызгалдак Жакыпова

Өзбекстанда көз карандысыздык күнүн майрамдоодо сахнага чыгып ырдоо үчүн айрым ырчылар пара беришсе, дагы бирлери жогорку кызматта иштеген тааныштарын ортого салышчу. Бул тууралуу маалымат кызматтарынын биринен Өзбекстандын эл артисти Рустам Хамидов айтып берген. Хамидов көп жылдар бою бул майрамды өткөрүүнүн башкы режиссеру болуп келген. Режиссердун билдиргенине караганда, маданият жана искусство чөйрөсүнүн айрым жетекчилери өлкө президенти катышкан чоң иш-чарада ырдоо ...

0 165

ВИДЕО - UFCнин мурунку чемпиону көчө мушташында нокаутка учурады

Видео 30-август 2019, 15:24 Кызгалдак Жакыпова

UFCнин эки дивизионунун мурунку чемпиону Би Жей Пенн дагы ызы-чуунун очогунда калды. Бул сапар да интернетке анын кезектеги көчөдө мушташкан видеолору тарады. Анын биринде Пенн бир эркекти сабап жатканы тартылса, экинчисинде өзү нокаутка учураган жери тартылган. Маалыматтарга караганда, мурунку чемпион Гавайидеги барлардын биринде достору менен чогуу эс алып отуруп, бардагы кардарлардын бири менен анын ортосунда чыр-чатак жаралган. Экөө сыртка чыгып мушташа ...

0 307

АУДИО - ФБРдин мурдагы агенти интернетте эмнелерди кылбоо керек экенин жазды

Аудиофайл 30-август 2019, 13:30 Кызгалдак Жакыпова

Колдон келсе интернеттен купуя жеке сырларды жазышпай эле койгон жакшы. Желедеги ар бир аракет сакталып калат. Ал тургай браузерди тазалап, жеке каттарыңызды өчүргөн күнү деле. Мындай пикирдеги Жек Шафер менен Марвин Карлинстер, “Атайын кызматтардын жагымдуу методикасын жандырабыз” аттуу китебининде жазып кетишкен. Анда атайын кызматтар сиздин жеке маалыматтарыңызга кандай кырдаалда, кантип ээлик кылып аларын жазышкан. Кызык бекен, анда  кыскача берип ...

0 388

АУДИО - Горбачев өлүм алдындабы?

Аудиофайл 30-август 2019, 13:13 Кызгалдак Жакыпова

СССРдин биринчи жана акыркы президенти Михаил Горбачевдун катуу ооруп, өлүм алдында жатат деген маалыматтар көптөгөн маалымат булактарына тарап кетти. Бирок, бул маалыматтарды Горбачев-фондунун маалымат кызматы жокко чыгарды. Алар берген маалыматка караганда, СССРдин экс-президентинин ден соолугу жакшы. Өзү негиздеген фонддо тез-тез келип, түрдүү жолугушууларды уюштуруп турат. 88 жаштагы экс-президенттин оор формадагы диабеттен жабыркап келери белгилүү. 2011-жылдан бери бир нече ирет ...

0 154

АУДИО - Украин депутаттары өкмөттүн жаңы курамын бекитти

Аудиофайл 30-август 2019, 12:48 Кызгалдак Жакыпова

Украинанын 9-чакырылыштагы Жогорку радасы кечээ, 29-августта өз ишин баштап, ушул эле күнү парламенттин жетекчилигин шайлашты жана жаңы премьерди да бекитип беришти. Парламентти президенттин партиясы болгон “Слуга народа” партиясынын өкүлү Дмитрий Разумков, ал эми өкмөттү буга чейин президенттин администрациясынын жетекчисинин орун басары болуп иштеп келген Алексей Гончарук жетектемей болду. Өлкө башчысы Владимир Зеленский парламентти ишинин башталышы менен куттуктап, алардын максатын ...

Жарнама үчүн орун!
600 x 50
0 232

АУДИО - “Жаңы толкун” эл аралык фестивалында Киркоров чатак салды

Аудиофайл 30-август 2019, 12:33 Кызгалдак Жакыпова

“Ырчы Филипп Киркоров Сочидеги музыкалык сынактын уюштуруучуларын сынга алды”, -деп жазып чыкты Россиянын “Бешинчи каналы”. Күбөнүн видеого тартып алганына караганда, ырчынын сахнага чыгышы күтүлбөгөндүк болгондой. Видеодо ал “Биз азыр камера алдында репетиция кылмайынча сиздердин шоуңар башталбайт. Түшүндүңөрбү?!... Камера келмейинче, мында эч нерсе болбойт...” – деп дагы башка уят сөздөрдү колдонуу менен кыйкырып жатат. Эске салсак, “Жаңы толкун”  эл аралык сынагы, жаш ...

0 125

Россия жаңы окуу жылын майрамдык жыйналышы жок башташы мүмкүн

29-август 2019, 13:04 Кызгалдак Жакыпова

Москвада жылыга салт болуп келген мектеп линейкасы өткөрүлбөйт. Мына ушундай жаңылыкты “Москва” шаардык агенттиги таратты. Анда айтылгандай аталган шаардын Билим берүү жана илим департаментинин жетекчисинин орун басары, коопсуздук үчүн быйыл 2-сентябрда баштала турган окуу жылы салтанаты жок эле окуу программасы менен баштала турганын айткан. Анткен менен Россиянын айрым маалымат булактары Москва шаарынын коопсуздук жана коррупцияга каршы департаменти жогоруда айтылган ...

0 567

Курмандыкка чабылган балдар. Перуда 200дөн ашуун баланын сөөгү табылды

29-август 2019, 12:56 Кызгалдак Жакыпова

Перуда массалык курмандыкка чабылган балдарды көмгөн ири мүрзө табылды. Бул тууралуу ББС жазып чыкты. Маалыматка ылайык, 227 баланын сөөгү Перунун Уанчако шаарына жакын жерден табылган. Сөөктөр 5 жаштан 14 жашка чейинки балдарга тиешелүү. Окумуштуулар балдар 500 жыл мурда курмандыкка чалынган деп болжолдошууда. Археологдор кээ бир сөөктөрдө тери жана чачтар бүгүнкү күнгө чейин сакталып калганын айтышкан. Окумуштуулар муну чиму элине тиешелүү деп жатышат. ...

0 205

Рекорд коймокчу болгон жарышчы аял каза болду

29-август 2019, 12:16 Кызгалдак Жакыпова

Америкалык жарышчы Жесси Комбс жаңы рекорд жаратам деп каза болду. Бул тууралуу чет элдик маалымат каражаттары жазып чыгышты. Маалыматтарга ылайык, 27-августта жарышчы айым реактивдүү автоунаа менен ылдамдыкта аялдар арасында жаңы рекордду багындырам деп жатып авариядан каза болгон. 36 жаштагы жарышчы буга чейин деле бир нече рекорд жараткан. 2013-жылы саатына 632 чакырымды багындырып, 48 жыл сакталып келген аялдар арасындагы рекордду ...

0 902

130 мыйзамдагы ууруну сындырган генерал каза болду

29-август 2019, 09:31 Кызгалдак Жакыпова

Орусиянын Жазаларды аткаруу кызматынын ардагери, генерал-майор Василий Сныцерев 90 жашында каза болду. Ал 25-августта Ульяновск шаарында каза болгон. Анын өлүмүнүн себеби азырынча айтыла элек. Бул тууралуу РИА Новости агенттиги маалымдады. Василий Сныцерев биринчи кезекте “Ак ак куу” түрмөсүн түзүүчүлөрдүн бири катары белгилүү. Белгилүү болгондой, бул абакты түзүүнүн максаты мыйзамдагы ууруларды сындыруу болгон. Василий Сныцерев бул ...

0 488

АУДИО - Бангладеште эми күйөөгө тие турган кыздардан "кыздыгың барбы?" деп сурабайт

Аудиофайл 28-август 2019, 18:00 Кызгалдак Жакыпова

Бангладеште күйөөгө тие турган кыздар эми үйлөнүү үлпөт алдында кыз же кыз эместиги тууралуу айтышпайт. Мындай чечимди Бангладештин Жогорку соту кабыл алды. Бул тууралуу msn басылмасы жазып чыкты. Маалыматка караганда, багладештик кыздар мурда мыйзам боюнча нике сертификатына кумари, тактап айтканда, кыздыгы бар, жесир же ажырашкан дегенди толтурушу керек болгон. Эми кызыдыгы бар деген пункт бойдок деген менен өзгөрөт. Мындан ...

0 178

Бизге да керек. Франция 15 жашка чейинки окуучуларга телефон колдонууга тыюу салынды

28-август 2019, 12:14 Кызгалдак Жакыпова

Францияда 15 жашка чейинки бардык балдарга телефон колдонууга тыюу салынды. Ал тургай түшкү тамак учурунда да. Бул тууралуу Business Insider жазып чыкты. Маалыматка караганда, өлкөнүн өкмөтүнүн балдардын телефонго өтө эле көз каранды болуп калганына кабатырланганы ушундай мыйзам чыгарууга себеп болгон. Мыйзам июль айында кабыл алынган. Телефонго эле эмес, планшеттерге да, акылдуу сааттарга да ...

0 341

Жубайлар миң жылдан ашык убакыт жаткан кенч табышты

28-август 2019, 10:18 Кызгалдак Жакыпова

Англияда жалпы суммасы 6 миллион долларлык эски монеталар табылды. Daily Mail басылмасынын маалыматына караганда, англиялык жубайлар Адам Стейплс менен Лиза Грейс тапкан кенч Улуу Британиянын тарыхындагы табылган эң ири кенчтердин бири. Жубайлар металл издегич менен жасалганына миң жылдан ашык убакыт болгон 2 миң 571 даана күмүш тыйын табышкан. Эксперттер аны падыша Гарольд ІІ жана Вильгельмдин ...

0 321

Таиланд ханышасынын сүрөтү жарыяланды

27-август 2019, 19:10 Кызгалдак Жакыпова

Сүрөттө 34 жаштагы Синиат истребительди сынап аткан учурда, автоматтан ок чыгарып жатканы көрүүгө болот. Анын бул учурдагы сүрөттөрү кийин көрөрмандардын көптүгүнө байланыштуу, чыккан сайттан өчүп калган. Эске салсак, ушул жылдын июль айынан баштап Синиат Вонгваджирапакди корольдун консторгу болуп бекитилген. Ал падышанын официалдуу мыкты адам катары сыйланган. Булак: NazarNews.kg    

0 190

Тынч океандын үстүндө ири көлөмдөгү “Пемза аралы” пайда болду

27-август 2019, 18:32 Кызгалдак Жакыпова

Тынч океандын үстүндө чарчысы 150 квадраттык километр келген, калыңдыгынан суу дээрлик көрүнбөгөн Пемза (ред.: вулкан айнеги) калкып жүрөт. Бул көлөм дээрлик 20 футболдук аянтчага барабар. Мындай маалыматты Би-би-си жазып чыкты. Ал маалыматтарга таянсак, пемза ушул август айынын башында яхтачылар тарабынан табылган. Эксперттердин көз карашында бул суу астындагы вулкандын атырылып чыгуусунан жаралышы мүмкүн. Пемза бир караганда кадимки ташка окшош келет. ...

0 84

Бразилия “Чоң жетиликтин” акчасын алуудан баш тартты

27-август 2019, 18:36 Кызгалдак Жакыпова

Бразилиянын өкмөтү “Чоң жетиликке” кирген мамлекеттер Амазониядагы өрт менен күрөшүү үчүн сунуштаган каржылык жардамды алуудан баш тартканын билдирди. “Чоң жетилик” саммитинде Франциянын президенти Макрон токойдогу өрт менен күрөшүү үчүн 22 миллион доллар жардам берүүгө даяр экендигин маалымдаган. Бразилиянын бийлиги жардамдан эмне үчүн баш тартканын түшүндүргөн жок, бирок, өлкө президенти Жаир Болсонару Францияны Бразилияга карата колониалдык мамиле кылып жатат деп ...

0 184

АУДИО - Экс-депутат Зеленскийди “кандуу маскарапоз” атады

Аудиофайл 27-август 2019, 17:36 Кызгалдак Жакыпова

“Эмнени каалайсыңар? Маскарапоз келди, жада калса ал кандуу!” – деп бүгүн Украинанын экс-депутаты Алексей Журавко жергиликтүү “Спутник” радиосунда маек берип жатып өлкө башчысын сынга алды. Анын айтымында Владимир Зеленскийдин бийликке келишине украиналык саясий ишмерлер көбүрөөк салым кошкон. Анткени учурдагы президент атаандашы Петр Порошенкодон айырмаланып, Донбасттагы согушту токтоторуна чоң ишеним болгон. Бирок көпчүлүк күткөндөй болбой, куралдуу чыр-чатакка байланыштуу башаламан саясат ...

0 124

Россиянын министрлер кабинети бир мекемеге отурукташышы мүмкүн

27-август 2019, 15:10 Кызгалдак Жакыпова

Россиянын расмий бийлиги бардык министрликтердин жетекчилигин "Москва-сити" бизнес борборуна топтоштурууну пландаштырууда. Бул тууралуу "Коммерсантъ" гезити жазып чыкты. Андагы маалыматтарга таянсак, ИИМ жана коргоо министрлигинен башка 14 министрликтин жетекчилиги жакынкы аралыкта бул бизнес борборго көчүп келери айтылат. Орус өкмөтү муну менен чыгашалардын азайышына ишенет. Буга далилдүү келтирилген салыштыруулары дагы бар. Алсак, учурда Москванын ар кайсы тармагында ...

0 168

Путинге ким айып пул салмак эле?..

27-август 2019, 15:03 Кызгалдак Жакыпова

Орусиянын Севастополь Жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу башкармалыгы Орусиянын президенти Владимир Путинге шлемсуз мотоцикл айдаганы үчүн айып салбайт. Аталган башкармалык муну жол кыймылынын эрежелери протоколдук иш-чаралар учурунда таркатылбайт деп түшүндүрдү. Эске салсак, Максим Чихунов аттуу юрист Жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу башкармалыгы менен Башкы прокуратурага кайрылып, Путин жана аны менен кошо Севастополдо өткөн байк-шоуга катышкан ...

0 147

Франция менен Бразилиянын президенттери кайым айтышты

27-август 2019, 13:25 Кызгалдак Жакыпова

Франция президенти Эмманюэль Макрон Бразилиянын президенти Жаир Болсонару калтырган өтө одоно комментарийлер үчүн өкүнөөрүн билдирди. Сөз Фейсбук социалдык тармагында болгон чыр тууралуу болууда. Анда Болсонарунун расмий баракчасына катталган адам Франция жана Бразилия президенттери жубайлары менен түшкөн сүрөттү жайгаштырып, алдына, “Макрон, Болсонаруну эмнеге аңдыганы эми белгилүү болду. Президент, Макрон сизге жөн эле ичи күйөт!” – деп жазган. Болсонарунун расмий баракчасы ...

0 124

Ди Каприонун фонду Амазонияга жардам катары 5 миллион доллар которот

27-август 2019, 13:23 Кызгалдак Жакыпова

Негиздөөчүлөрүн бири актер Леонардо ди Каприо болгон EarthAlliance кайрымдуулук уюму токойлору өрттөнүүдон жапа чегип жаткан Амазония регионуна жардам катары 5 миллион доллар которот. Мындан мурун Франциянын президенти “Амазониядагы өрттү өчүрүүгө G7 20 миллион евро өлчөмүндө ылдам жардам көрсөтөт” деп билдирген. Канада өлкөсү да 15 миллион доллар бөлүп берүүнү убадалаган. Эске салсак, Амазониянын токойлорун бир нече жумадан бери күчтүү өрт ...

Жарнама үчүн орун!
600 x 50
0 110

АУДИО - Ингушетиянын жаңы башчысы болуп Махмуд-Али Калиматов дайындалды

Аудиофайл 27-август 2019, 12:02 Кызгалдак Жакыпова

Ингушетиянын өкмөт башчысы Зялимхан Евлоев отставкага кетүү тууралуу арыз жазган соң Владимир Путин Махмуд-Али Калиматовду Ингушетиянын жетекчилигине убактылуу дайындады. Бул тууралуу журналисттерге Россия президенттинин басма сөз катчысы Димитрий Песков айтып берди. 60 жаштагы Калиматов буга чейин аталган региондун прокурорлук кызматын аркалап келген. Булак: "NazarNews.kg"

0 109

АУДИО - Россия АКШ сенаторуна виза бербей койду

Аудиофайл 27-август 2019, 12:10 Кызгалдак Жакыпова

Американын сенатору Рон Жонсон Россия ага виза берүүдөн баш тартканын жарыялады. Сенатордун маалымат каражаттарына берген маалыматына таянсак, Жонсон Россияга бир конгресске катышуу үчүн келмекчи болгон. Максаты, орус чиновниктери менен америкалык бизнес жана жарандык коомдук уюмдар тууралуу сүйлөшүүлөрдү жүргүзмөк. “Тилекке каршы, Россиянын жооптуу адамдары дипломатиялык оюн ойногондорун токтотушпады. Мына ушундай, чын жүрөктөн аракет кылып менин Россияга кирүүмө баш тартышты. Бирок мен ага ...

0 218

АУДИО - Кытай бензин менен жүрүүчү унааларга тыюу салышы мүмкүн

Аудиофайл 27-август 2019, 15:24 Кызгалдак Жакыпова

Кытай бийлиги ичинен күймө кыймылдаткычтуу, тактап айтканда, бензин менен жүрүүчү жаңы унааларды сатууну жарым-жартылай же толук тыюу салуу мүмкүнчүлүгүн карап жатат. Мындай чектөө бүт өлкө боюнча же айрым региондордо ишке ашышы мүмкүн. Кытайдын Өнөр жай жана маалыматтык технологиялар министрлиги алгач бензин менен жүрүүчү унааларга болгон талаптарга анализ жасап, зыяндуу заттардын чыгындысынын санын изилдеп чыгышмакчы. Анын жыйынтыгына карап бензин менен ...

0 403

Путиндин “түбөлүк жаштыгынын” сыры ачылды

27-август 2019, 09:35 Кызгалдак Жакыпова

Орусиянын президенти Владимир Путин 10 жыл мурункуга караганда жаш көрүнөт. Орус президентинин келбетине испаниялык издание El Mundo басылмасы көңүл бурган. Басылма белгилегендей, орус лидери 66 жашка караса да, мыкты формада. Буга анын уйкусун кандыра уктаганы, туура тамактануусу, спорт менен машыгуусу жана спирт ичимдиктеринен баш тартуусу себеп. Путин хоккей менен алектенет, дзюдо боюнча 8-дандын ээси, сууда сүзгөндү жана жөө басканды ...

0 199

Дүйнөнүн эң бай адамдары бир күндө 14 миллиард доллар жоготушту

26-август 2019, 18:11 Кызгалдак Жакыпова

Ушул жылдын 23-август күнү дүйнөнүн эң бай 10 адамы 14 миллиарддан ашуун акчасынан кол жууду. РИА Новостинин маалыматына караганда, бул АКШ менен Кытайдын ортосундагы соода чыр-чатагынан жана дүйнөлүк биржанын төмөндөшүнөн улам болгон. Байлыгы 1 күндө 3,25 миллиардга кыскарган Amazon компаниясынын башчысы Жефф Безос эң көп акчасын жоготкон.  Ошондой эле, Facebook компаниясынын негиздөөчүсү Марк Цукербергдин, Microsoft компаниясын негиздеген Билл Гейтстин жана башка ...

0 296

Алданган эркек аялын сотко берди

26-август 2019, 16:18 Кызгалдак Жакыпова

Лондондун Жогорку соту алданып бирөөнүн баласын тарбиялап жүргөнүн билген күйөөнүн арызын карап, өз чечимин чыгарды. Бул тууралуу Daily Mail басылмасы жазып чыкты. Маалыматка ылайык, баланын чыныгы атасы аялынын мурунку ойношу болуп чыккан. Алданган күйөө бул тууралуу бала 8ге чыкканда билип калган. Ал аялын сотко берип, анын баласын тарбиялоого бул жылдары короткон акчасын кайтарып берүүсүн талап кылган. Андан сырткары, ал ...

0 564

ВИДЕО - Москванын аэропортунда кыргызстандык таксисттер сабалды

Видео 26-август 2019, 15:02 Кызгалдак Жакыпова

Москванын “Шереметьево” аэропортунун унаа токтотуучу жайында таксисттер менен күзөт кызматкерлеринин ортосунда массалык мушташ болгонун орусиялык маалымат каражаттары жазып чыкты. Интернет тармактарга бул мушташтын камерага тартылып калган айрым жерлери таркап кетти. Андагы маалыматка караганда, массалык мушташ Москва шаарындагы “Шереметьево” аэропортунун F терминалына жакын жердеги унаа токтотуучу жайда болгон. Мушташ кыргызстандык таксисттер менен күзөт кызматынын куралдуу мас кызматкерлеринин ортосунда болгон. Бир ...

0 137

ВИДЕО - Красноярск губернаторуна 7 жашар кыз каршы чыкты

Видео 26-август 2019, 14:47 Кызгалдак Жакыпова

Красноярск крайынын жашоочулары 23-августта губернатор Александр Усстун кызматтан кетишин талап кылып кайрадан митингге чыгышты. Эске салсак, 1 айдан бери эл губернатордун жумуштан кетишин талап кылып келе жатышат. Губернатор Усстун карапайым калкка бой көтөргөндүгү, кырс мүнөзү, анын кесиптик деңгээли региондун башчылыгына татыксыз экендиги айтылып келген. Ошондой эле бул сапар чоңдордун катарында, 7 жашар кыздын дагы ...

0 129

Абхазияда президенттик шайлоо 2 тур менен өтө турган болду

26-август 2019, 10:42 Кызгалдак Жакыпова

Абхазиянын учурдагы президентти Рауль Хаджима 26,6% добуш менен азырынча лидерликти карманууда. Бул тууралуу “РИА Новости” жергиликтүү БШКнын билдирүүсүнө таянып жазып чыкты. Анда айтылгандай, азырынча бул көрсөткүчтөр 154 шайлоо участогунун 150сүнөн гана алынгандары. Учурда, 4 участоктун добуштары саналууда. Ал эми ушул убактарда Коргоо министринин кеңешчиси Олег Аршба 24,9% добуш топтоп, 2-орунда болсо, оппозициячы Алхас Квициния 24,6% добуш менен ага куйрук улаш ...

0 906

Вольф Мессинг деген ким? Сталин, Гитлер Эйнштейн ага эмнеге суктанган?

23-август 2019, 17:14 Кызгалдак Жакыпова

Вольф Мессинг 1899-1974-жылдары жашап өткөн. Бирок азыркы күнгө чейин мындан кийинки келечекти дагы алдын ала айткан үчүн али күнчө атактуу. Албетте, ал жөнүндө ар ким өз оюн айткан. Ал тургай өзү дагы же Кудайга, же шайтанга кызмат көрсөтүп жатканын билбеген бойдон көзү өтүп кеткен. Ал дайыма өзүнө мен киммин деген суроону көп берген. Бирок ошого жооп таба алдыбы, же ...

0 581

Сойкулардан да “киреше” түшөбү?

23-август 2019, 16:10 Кызгалдак Жакыпова

Сойкулук байыркы кесиптердин бири экендиги баарыңыздарга эле маалым болсо керек. Андыктан ал тууралуу ашыкча маалымат берүүнүн да кажети жоктур. Ошол себептен азыркы учурда интимдик кызмат кайсы мамлекетте кандай нукта “өнүгүп” жатканына саресеп салдык.   Дүйнө жүзүнө “Секс туризм” деген аталыш менен белгилүү болгон Таиландда мамлекет тарабынан тыюу салынгандыктан сойкулук мыйзамдаштырылган эмес. Ошондой болсо да жашыруун түрдө туристтерди тейлеген сойкуканалар бар. 

0 134

"Оскарга" тандоо башталды

23-август 2019, 13:34 Кызгалдак Жакыпова

Дүйнөлү "Оскар" сыйлыгынан Кыргызстандагы комитети 92-ирет өтүп аткан фестивалга сынак жарыялады. Бизден "Эл аралык мыкты толук метраждуу тасма" номинациясына ат салышууга татыктуу тасма тандалат. Тандоо туру 1-сентябрдан 10-сентябрга чейин уланат. Шарт боюнча тасма толук метраждуу, 40 мүнөттөн аз болбош керек. Тасма 2018-жылдын 1-октярбдан 2019-жылдын 30 сентярына чейин элдин назарына сунушталуусу керек. Мыкты деп табылган тасма "Оскардын" шорт - листине ...

23-август 2019, 13:34 | 134
0 113

Twitter Россиянын Жогорку сотуна арыз менен кайрылды

23-август 2019, 12:54 Кызгалдак Жакыпова

Twitter Россиянын Жогорку сотуна арыз менен кайрылды. Бул тууралуу «Коммерсантъ» гезити жазып чыкты. Буга Роскомнадзордун аталган социалдык тармакка 3000 (үч миң) рубль айып пул салганы себеп болгон. Эске салсак, Россиянын аталган көзөмөлдөөчү органы социалдык түйүндү аларга жеке маалыматтарды бербей койгондугу үчүн сотко берген. Ушул жылдын 5-апрелинде тынчтык соту Твиттерди күнөөлүү деп таап, 3 миң рубль айып пул салган. Ал ...

0 382

Чеч Дөбөдөгү чечим коомчулукка жарыяланды...

23-август 2019, 11:58 Кызгалдак Жакыпова

“Сүйлөштүк, кепке келдик, чечим кабыл алдык, эми аларды аткаруу үчүн тике туралы”- деп тарашты кечээ 21-август күнү Ат-Башы районундагы Кошой Коргон-Чеч Дөбөгө республика боюнча чогулган 300 гө жакын эл. “Улуттук Биримдик: Чеч дөбө кеңеши” аталышындагы эл тагдыры-өлкө тагдырына байланышкан маселелерди талкуулаган элдик жыйын болуп өттү. Ал күнү Ат Башы өрөөнү нурга бөлөнүп турду, демейдегиден күн да башкача чыгып, элдин ...

0 1434

Эми россиялыктар бир жумада 4 күн иштешет

23-август 2019, 10:20 Кызгалдак Жакыпова

Эми россиялыктар бир жумада 4 күн иштешет. Бул тууралуу маалыматты https://lenta.ru жазып чыкты.  Россиянын эмгек министрлиги 30 – сентябрга чейин бир жумада 4 күндүк иш демилгесине баа бериш керек. Бул тууралу “Известия” гезити Женевада өткөн Эл аралы эмгек конференциясынын жыйынтыгында, Россиянын өкмөт башчысы Дмитрий Медведев тарабынан берилген буйрукка шилтеме берип жазып чыгышты. Эске сала кетсек, ушул жылдын июн айында, Медведев ...

0 1338

Каза болгон солдаттын башын кесип, денесин темир жолго ташташкан

23-август 2019, 09:34 Кызгалдак Жакыпова

Украиналык аскерлер, чогу кызмат өтөгөн аскердин башын кесишкен үрөй учурган бул окуя августтун18 нен 19на караган түнү болгон. Украина элдик милициясынын басма сөз кызматынын башчысы Даниил Безсоновдун журналисттерге берген маалыматына караганда, Македоновкадагы 501 батальондун аскерлери, мастыктан улам өз ара уруша кетишкен. Натыйжада кежигесине сайылган бычактан улам бир аскер каза болгон. Кылмыштын изин жашыруу максатында, талаштын катышуучулары ал каза болгон ...

Жарнама үчүн орун!
600 x 50
0 225

Украиналык журналист жердештерин Россия менен согушууга даяр болууга чакырык таштады

22-август 2019, 18:39 Кызгалдак Жакыпова

Украина бийлиги Россияга согуш ачууга милдеттүү! Мындай пикирин журналист, блогер Юрий Бутусов өзүнүн маалыматтык блогуна жазып чыкты. Бутусовдун анда жазгандарына караганда учурдагы бийлик согушууну каалабайт. Андыктан журналист бийлик чечкиндүү кадамдарга баруусу зарыл экендигин жазат.  -“Тескерисинче баары эле, “тынчтык, тынчтык, тынчтык” дешет. Бирок биз көрүп жатабыз да маселе кайда бара жатканын. Азырынча аракетке өтүүнүн таасири аз. Ошондуктан алгач Киев Москва ...

0 180

Бүгүн, Крымдагы Ай-Петри тоосунун чокусуна Россиянын желеги орнотулду

22-август 2019, 18:34 Кызгалдак Жакыпова

Мындай маалыматты, РИА “жаңылыктары” аталган региондогу өзгөчө кырдаалдар министри Сергей Шаховдун билдирүүсүнө таянып жазып чыкты. Анда айтылгандай, Россиянын туусу бийиктиги 1,2 километр келген Ай-Петри чокусуна орнотулган. Бул өлкөнүн желек күнүнө туура келип, 5 жылдан бери салт катары өткөрүлөт. -Тууну орнотууга авариялык-куткаруу отрядынын кызматкерлери жана жергиликтүү тургундар жардамдашты.  Белгилей кетсек, РФ улуттук желек күнү 22-августка белгиленип, жыл сайын Алыскы Чыгыштан, ...

Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83