www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Дүйнө жүзүндө
0 169

Путинге ким айып пул салмак эле?..

27-август 2019, 15:03 Кызгалдак Жакыпова

Орусиянын Севастополь Жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу башкармалыгы Орусиянын президенти Владимир Путинге шлемсуз мотоцикл айдаганы үчүн айып салбайт. Аталган башкармалык муну жол кыймылынын эрежелери протоколдук иш-чаралар учурунда таркатылбайт деп түшүндүрдү. Эске салсак, Максим Чихунов аттуу юрист Жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу башкармалыгы менен Башкы прокуратурага кайрылып, Путин жана аны менен кошо Севастополдо өткөн байк-шоуга катышкан ...

0 147

Франция менен Бразилиянын президенттери кайым айтышты

27-август 2019, 13:25 Кызгалдак Жакыпова

Франция президенти Эмманюэль Макрон Бразилиянын президенти Жаир Болсонару калтырган өтө одоно комментарийлер үчүн өкүнөөрүн билдирди. Сөз Фейсбук социалдык тармагында болгон чыр тууралуу болууда. Анда Болсонарунун расмий баракчасына катталган адам Франция жана Бразилия президенттери жубайлары менен түшкөн сүрөттү жайгаштырып, алдына, “Макрон, Болсонаруну эмнеге аңдыганы эми белгилүү болду. Президент, Макрон сизге жөн эле ичи күйөт!” – деп жазган. Болсонарунун расмий баракчасы ...

0 127

Ди Каприонун фонду Амазонияга жардам катары 5 миллион доллар которот

27-август 2019, 13:23 Кызгалдак Жакыпова

Негиздөөчүлөрүн бири актер Леонардо ди Каприо болгон EarthAlliance кайрымдуулук уюму токойлору өрттөнүүдон жапа чегип жаткан Амазония регионуна жардам катары 5 миллион доллар которот. Мындан мурун Франциянын президенти “Амазониядагы өрттү өчүрүүгө G7 20 миллион евро өлчөмүндө ылдам жардам көрсөтөт” деп билдирген. Канада өлкөсү да 15 миллион доллар бөлүп берүүнү убадалаган. Эске салсак, Амазониянын токойлорун бир нече жумадан бери күчтүү өрт ...

0 111

АУДИО - Ингушетиянын жаңы башчысы болуп Махмуд-Али Калиматов дайындалды

Аудиофайл 27-август 2019, 12:02 Кызгалдак Жакыпова

Ингушетиянын өкмөт башчысы Зялимхан Евлоев отставкага кетүү тууралуу арыз жазган соң Владимир Путин Махмуд-Али Калиматовду Ингушетиянын жетекчилигине убактылуу дайындады. Бул тууралуу журналисттерге Россия президенттинин басма сөз катчысы Димитрий Песков айтып берди. 60 жаштагы Калиматов буга чейин аталган региондун прокурорлук кызматын аркалап келген. Булак: "NazarNews.kg"

0 112

АУДИО - Россия АКШ сенаторуна виза бербей койду

Аудиофайл 27-август 2019, 12:10 Кызгалдак Жакыпова

Американын сенатору Рон Жонсон Россия ага виза берүүдөн баш тартканын жарыялады. Сенатордун маалымат каражаттарына берген маалыматына таянсак, Жонсон Россияга бир конгресске катышуу үчүн келмекчи болгон. Максаты, орус чиновниктери менен америкалык бизнес жана жарандык коомдук уюмдар тууралуу сүйлөшүүлөрдү жүргүзмөк. “Тилекке каршы, Россиянын жооптуу адамдары дипломатиялык оюн ойногондорун токтотушпады. Мына ушундай, чын жүрөктөн аракет кылып менин Россияга кирүүмө баш тартышты. Бирок мен ага ...

0 221

АУДИО - Кытай бензин менен жүрүүчү унааларга тыюу салышы мүмкүн

Аудиофайл 27-август 2019, 15:24 Кызгалдак Жакыпова

Кытай бийлиги ичинен күймө кыймылдаткычтуу, тактап айтканда, бензин менен жүрүүчү жаңы унааларды сатууну жарым-жартылай же толук тыюу салуу мүмкүнчүлүгүн карап жатат. Мындай чектөө бүт өлкө боюнча же айрым региондордо ишке ашышы мүмкүн. Кытайдын Өнөр жай жана маалыматтык технологиялар министрлиги алгач бензин менен жүрүүчү унааларга болгон талаптарга анализ жасап, зыяндуу заттардын чыгындысынын санын изилдеп чыгышмакчы. Анын жыйынтыгына карап бензин менен ...

0 404

Путиндин “түбөлүк жаштыгынын” сыры ачылды

27-август 2019, 09:35 Кызгалдак Жакыпова

Орусиянын президенти Владимир Путин 10 жыл мурункуга караганда жаш көрүнөт. Орус президентинин келбетине испаниялык издание El Mundo басылмасы көңүл бурган. Басылма белгилегендей, орус лидери 66 жашка караса да, мыкты формада. Буга анын уйкусун кандыра уктаганы, туура тамактануусу, спорт менен машыгуусу жана спирт ичимдиктеринен баш тартуусу себеп. Путин хоккей менен алектенет, дзюдо боюнча 8-дандын ээси, сууда сүзгөндү жана жөө басканды ...

0 201

Дүйнөнүн эң бай адамдары бир күндө 14 миллиард доллар жоготушту

26-август 2019, 18:11 Кызгалдак Жакыпова

Ушул жылдын 23-август күнү дүйнөнүн эң бай 10 адамы 14 миллиарддан ашуун акчасынан кол жууду. РИА Новостинин маалыматына караганда, бул АКШ менен Кытайдын ортосундагы соода чыр-чатагынан жана дүйнөлүк биржанын төмөндөшүнөн улам болгон. Байлыгы 1 күндө 3,25 миллиардга кыскарган Amazon компаниясынын башчысы Жефф Безос эң көп акчасын жоготкон.  Ошондой эле, Facebook компаниясынын негиздөөчүсү Марк Цукербергдин, Microsoft компаниясын негиздеген Билл Гейтстин жана башка ...

0 298

Алданган эркек аялын сотко берди

26-август 2019, 16:18 Кызгалдак Жакыпова

Лондондун Жогорку соту алданып бирөөнүн баласын тарбиялап жүргөнүн билген күйөөнүн арызын карап, өз чечимин чыгарды. Бул тууралуу Daily Mail басылмасы жазып чыкты. Маалыматка ылайык, баланын чыныгы атасы аялынын мурунку ойношу болуп чыккан. Алданган күйөө бул тууралуу бала 8ге чыкканда билип калган. Ал аялын сотко берип, анын баласын тарбиялоого бул жылдары короткон акчасын кайтарып берүүсүн талап кылган. Андан сырткары, ал ...

0 564

ВИДЕО - Москванын аэропортунда кыргызстандык таксисттер сабалды

Видео 26-август 2019, 15:02 Кызгалдак Жакыпова

Москванын “Шереметьево” аэропортунун унаа токтотуучу жайында таксисттер менен күзөт кызматкерлеринин ортосунда массалык мушташ болгонун орусиялык маалымат каражаттары жазып чыкты. Интернет тармактарга бул мушташтын камерага тартылып калган айрым жерлери таркап кетти. Андагы маалыматка караганда, массалык мушташ Москва шаарындагы “Шереметьево” аэропортунун F терминалына жакын жердеги унаа токтотуучу жайда болгон. Мушташ кыргызстандык таксисттер менен күзөт кызматынын куралдуу мас кызматкерлеринин ортосунда болгон. Бир ...

0 137

ВИДЕО - Красноярск губернаторуна 7 жашар кыз каршы чыкты

Видео 26-август 2019, 14:47 Кызгалдак Жакыпова

Красноярск крайынын жашоочулары 23-августта губернатор Александр Усстун кызматтан кетишин талап кылып кайрадан митингге чыгышты. Эске салсак, 1 айдан бери эл губернатордун жумуштан кетишин талап кылып келе жатышат. Губернатор Усстун карапайым калкка бой көтөргөндүгү, кырс мүнөзү, анын кесиптик деңгээли региондун башчылыгына татыксыз экендиги айтылып келген. Ошондой эле бул сапар чоңдордун катарында, 7 жашар кыздын дагы ...

0 130

Абхазияда президенттик шайлоо 2 тур менен өтө турган болду

26-август 2019, 10:42 Кызгалдак Жакыпова

Абхазиянын учурдагы президентти Рауль Хаджима 26,6% добуш менен азырынча лидерликти карманууда. Бул тууралуу “РИА Новости” жергиликтүү БШКнын билдирүүсүнө таянып жазып чыкты. Анда айтылгандай, азырынча бул көрсөткүчтөр 154 шайлоо участогунун 150сүнөн гана алынгандары. Учурда, 4 участоктун добуштары саналууда. Ал эми ушул убактарда Коргоо министринин кеңешчиси Олег Аршба 24,9% добуш топтоп, 2-орунда болсо, оппозициячы Алхас Квициния 24,6% добуш менен ага куйрук улаш ...

0 910

Вольф Мессинг деген ким? Сталин, Гитлер Эйнштейн ага эмнеге суктанган?

23-август 2019, 17:14 Кызгалдак Жакыпова

Вольф Мессинг 1899-1974-жылдары жашап өткөн. Бирок азыркы күнгө чейин мындан кийинки келечекти дагы алдын ала айткан үчүн али күнчө атактуу. Албетте, ал жөнүндө ар ким өз оюн айткан. Ал тургай өзү дагы же Кудайга, же шайтанга кызмат көрсөтүп жатканын билбеген бойдон көзү өтүп кеткен. Ал дайыма өзүнө мен киммин деген суроону көп берген. Бирок ошого жооп таба алдыбы, же ...

0 583

Сойкулардан да “киреше” түшөбү?

23-август 2019, 16:10 Кызгалдак Жакыпова

Сойкулук байыркы кесиптердин бири экендиги баарыңыздарга эле маалым болсо керек. Андыктан ал тууралуу ашыкча маалымат берүүнүн да кажети жоктур. Ошол себептен азыркы учурда интимдик кызмат кайсы мамлекетте кандай нукта “өнүгүп” жатканына саресеп салдык.   Дүйнө жүзүнө “Секс туризм” деген аталыш менен белгилүү болгон Таиландда мамлекет тарабынан тыюу салынгандыктан сойкулук мыйзамдаштырылган эмес. Ошондой болсо да жашыруун түрдө туристтерди тейлеген сойкуканалар бар. 

0 135

"Оскарга" тандоо башталды

23-август 2019, 13:34 Кызгалдак Жакыпова

Дүйнөлү "Оскар" сыйлыгынан Кыргызстандагы комитети 92-ирет өтүп аткан фестивалга сынак жарыялады. Бизден "Эл аралык мыкты толук метраждуу тасма" номинациясына ат салышууга татыктуу тасма тандалат. Тандоо туру 1-сентябрдан 10-сентябрга чейин уланат. Шарт боюнча тасма толук метраждуу, 40 мүнөттөн аз болбош керек. Тасма 2018-жылдын 1-октярбдан 2019-жылдын 30 сентярына чейин элдин назарына сунушталуусу керек. Мыкты деп табылган тасма "Оскардын" шорт - листине ...

23-август 2019, 13:34 | 135
0 113

Twitter Россиянын Жогорку сотуна арыз менен кайрылды

23-август 2019, 12:54 Кызгалдак Жакыпова

Twitter Россиянын Жогорку сотуна арыз менен кайрылды. Бул тууралуу «Коммерсантъ» гезити жазып чыкты. Буга Роскомнадзордун аталган социалдык тармакка 3000 (үч миң) рубль айып пул салганы себеп болгон. Эске салсак, Россиянын аталган көзөмөлдөөчү органы социалдык түйүндү аларга жеке маалыматтарды бербей койгондугу үчүн сотко берген. Ушул жылдын 5-апрелинде тынчтык соту Твиттерди күнөөлүү деп таап, 3 миң рубль айып пул салган. Ал ...

Жарнама үчүн орун!
600 x 50
0 387

Чеч Дөбөдөгү чечим коомчулукка жарыяланды...

23-август 2019, 11:58 Кызгалдак Жакыпова

“Сүйлөштүк, кепке келдик, чечим кабыл алдык, эми аларды аткаруу үчүн тике туралы”- деп тарашты кечээ 21-август күнү Ат-Башы районундагы Кошой Коргон-Чеч Дөбөгө республика боюнча чогулган 300 гө жакын эл. “Улуттук Биримдик: Чеч дөбө кеңеши” аталышындагы эл тагдыры-өлкө тагдырына байланышкан маселелерди талкуулаган элдик жыйын болуп өттү. Ал күнү Ат Башы өрөөнү нурга бөлөнүп турду, демейдегиден күн да башкача чыгып, элдин ...

0 1437

Эми россиялыктар бир жумада 4 күн иштешет

23-август 2019, 10:20 Кызгалдак Жакыпова

Эми россиялыктар бир жумада 4 күн иштешет. Бул тууралуу маалыматты https://lenta.ru жазып чыкты.  Россиянын эмгек министрлиги 30 – сентябрга чейин бир жумада 4 күндүк иш демилгесине баа бериш керек. Бул тууралу “Известия” гезити Женевада өткөн Эл аралы эмгек конференциясынын жыйынтыгында, Россиянын өкмөт башчысы Дмитрий Медведев тарабынан берилген буйрукка шилтеме берип жазып чыгышты. Эске сала кетсек, ушул жылдын июн айында, Медведев ...

0 1341

Каза болгон солдаттын башын кесип, денесин темир жолго ташташкан

23-август 2019, 09:34 Кызгалдак Жакыпова

Украиналык аскерлер, чогу кызмат өтөгөн аскердин башын кесишкен үрөй учурган бул окуя августтун18 нен 19на караган түнү болгон. Украина элдик милициясынын басма сөз кызматынын башчысы Даниил Безсоновдун журналисттерге берген маалыматына караганда, Македоновкадагы 501 батальондун аскерлери, мастыктан улам өз ара уруша кетишкен. Натыйжада кежигесине сайылган бычактан улам бир аскер каза болгон. Кылмыштын изин жашыруу максатында, талаштын катышуучулары ал каза болгон ...

0 225

Украиналык журналист жердештерин Россия менен согушууга даяр болууга чакырык таштады

22-август 2019, 18:39 Кызгалдак Жакыпова

Украина бийлиги Россияга согуш ачууга милдеттүү! Мындай пикирин журналист, блогер Юрий Бутусов өзүнүн маалыматтык блогуна жазып чыкты. Бутусовдун анда жазгандарына караганда учурдагы бийлик согушууну каалабайт. Андыктан журналист бийлик чечкиндүү кадамдарга баруусу зарыл экендигин жазат.  -“Тескерисинче баары эле, “тынчтык, тынчтык, тынчтык” дешет. Бирок биз көрүп жатабыз да маселе кайда бара жатканын. Азырынча аракетке өтүүнүн таасири аз. Ошондуктан алгач Киев Москва ...

0 180

Бүгүн, Крымдагы Ай-Петри тоосунун чокусуна Россиянын желеги орнотулду

22-август 2019, 18:34 Кызгалдак Жакыпова

Мындай маалыматты, РИА “жаңылыктары” аталган региондогу өзгөчө кырдаалдар министри Сергей Шаховдун билдирүүсүнө таянып жазып чыкты. Анда айтылгандай, Россиянын туусу бийиктиги 1,2 километр келген Ай-Петри чокусуна орнотулган. Бул өлкөнүн желек күнүнө туура келип, 5 жылдан бери салт катары өткөрүлөт. -Тууну орнотууга авариялык-куткаруу отрядынын кызматкерлери жана жергиликтүү тургундар жардамдашты.  Белгилей кетсек, РФ улуттук желек күнү 22-августка белгиленип, жыл сайын Алыскы Чыгыштан, ...

0 132

Бельгиялык жаштар Трампты какшыкташты

22-август 2019, 17:22 Кызгалдак Жакыпова

"Трамп, Валлонияны сатып алыңыз", -деп Бельгиянын “Жаңы Фламанддык альянс” улутчулдар партиясынын жаштар канаты Твиттерге жазып чыкты. Ага ылайык, партиянын жаштар канаты какшыктап АКШнын президенти  Дональд Трампка Валлония аймагын 1 еврого сатып алууну сунушташкан.   “Урматтуу президент Трамп, бир евро – Валлония силердики. Бизге чалыңыз” — деп айтылат андагы жазылган постто. Трамп буга чейин Гренландияны Даниядан сатып алууну каалаганы айтылган эле.  Булак: NazarNews.kg

0 123

Сирия аскерлери террорчулардын таянычы болгон Хан-Шейхунду ээлешти

22-август 2019, 16:10 Кызгалдак Жакыпова

Сириянын өкмөттүк аскерлери Идлиб провинциясындагы Хан-Шейхун шаарын ээледи. Ал эми 2 күн мурун, тактап айтканда, 19-августта Сириянын өкмөттүк аскерлери Россиянын авиациясынын колдоосу астында Хан-Шейхундун түндүгүндөгү М-5 шоссесин толук көзөмөлгө алышкан эле. Муну менен алар согушкерлердин жабдуу жолун жана алардын шаардан чыгып кетишин буушкан. Хан-Шейхун шаары буга чейин террорчулардын Идлибдеги эң ири базасы саналып келген. Булак: "NazarNews.kg"

0 143

Өзбекстандын президенти Өзбекстанда чакан ишкерлерди салыктан бошотту

21-август 2019, 16:01 Кызгалдак Жакыпова

Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиеев Өзбекстанда чакан ишкерлерди 5 жылга салыктан бошотту. Бул боюнча атайын токтомго кол койду. Ошондой эле ишкерликке жаңыдан тиш салып жаткандарга жеңил шарттагы насыя берүүнү кебөйттү. Мындан тышкары, өзбек ажосу өлкөдөгү ири ишкерлерге болгон салыктын көлөмүн көбөйтө турган болду. Бул жаатта өзгөчө тоо кендерин казуу тармагына көп көңүл бурула турганы айтылды. Негизи эле акыркы жылдары Өзбекстанда ...

0 378

Мирзиёевге кайрылган гей-активистти милиция издөөгө алды

21-август 2019, 14:52 Кызгалдак Жакыпова

Укук коргоо органдары Өзбекстандагы ЛГБТ-коомчулугун коргоо үчүн Шавкат Мирзиёевге видеокайрылуу жолдогон Шохрух Салимовду издеп жатат. Бул тууралуу Борборду Азия жаңылыктары жазып чыкты.  Учурда Түркияда жашаган Салимовдун билдиришинче, милиция кызматкерлери анын туугандарынын үйлөрүнө барышып, камоо үчүн аны издеп жүрүшкөнүн” айтышкан. Буга чейин Шохрух Салимов Шавкат Мирзиёевге кайрылып, Өзбекстандын Кылмыш кодексинен “гомосексуализм” беренесин алып салууну суранган. Салимов Өзбекстанда жашаган үй-бүлө мүчөлөрү ...

0 173

Твиттер жана Фейсбук Кытайды Гонгконг темасында айыптады

20-август 2019, 15:07 Кызгалдак Жакыпова

Твиттерден берилген маалыматта 936 эсеп токтотулганы белгиленип, аты аталган дезинформациялоо акцияларынын «Гонконгдо саясий түшүнүшпөстүктү жаратууну максаттаганы» белгиленди. Социалдык медиа платформалары Фейсбук жана Твиттер, Гонконгдо уланып жаткан нааразалык акцияларын дезинформациялаган Кытайды күнөөлөп жүздөгөн эсепти жаап койду. Твиттерден берилген маалыматта 936 эсеп токтотулганы белгиленип, аты аталган дезинформациялоо акцияларынын «Гонконгдо саясий түшүнүшпөстүктү жаратууну максаттаганы» белгиленди. Анда бул тема тууралуу жасалган иликтөөлөрдө акциянынын ...

0 444

Өзбекстан алтын казууда дүйнөдө алдыңкы орунга жетти...Кыргызстанчы?

20-август 2019, 14:32 Кызгалдак Жакыпова

2019-жылдын январдан июль айына чейин Өзбекстан башка мамлекеттерге караганда 3,4 млрд.долларлык алтын сатты. Бул тууралуу Бүткүл дүйнөлүк алтын кеңеши (World Gold Council) билдирди. Акыркы 5 жылда Өзбекстан бир нече жолу алдыга чыккан. Мисалы, 2015-жылы 823,9 миллион доллар, 2016-жылы 738,2 миллион доллар, 2017-жылы,1,6 миллиард доллар чапчыган алтын казып алышкан. Ал эми июнь айында эле алтын үчүн 1 унция 1 миң 397,7 ...

0 249

Кубанычбек Исабековдун "Кумтөрдөгү "Алтын" МАФИЯ" китебиндеги коррупциялык ишмердүүлүктүн мамлекетке зыян келтирген далилдери...

20-август 2019, 11:45 Кызгалдак Жакыпова

Мамлекеттик кызматтын II класстагы мамлекеттик кеңешчиси, Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген экономисти, юридика илимдеринин кандидаты, айыл чарбасынын отличниги. КМШнын Парламенттер аралык ассамблеясынын “Шериктештик” ордени, СССРдин, Россия Федерациясынын жана Кыргыз Республикасынын 17 орден-медалдары менен сыйланган Кубанычбек Исабековдун калемине таандык "Кумтөрдөгү "Алтын" МАФИЯ" китебиндеги коррупциялык ишмердүүлүктүн мамлекетке зыян келтирген далилдерин окурмандарга тынымсыз жарыя кылып турабыз. БЕКЕР БЕРИЛГЕН ЖАЙЫТТАР 1993-жылы Өкмөттүн токтому менен ...

0 218

Чаддын эки аймагында өзгөчө кырдаал жарыяланды

19-август 2019, 15:01 Айдар Нуралиев

Чадда болуп жаткан этникалык кагылышууларда бир канча адамдын каза табышынан кийин өлкөнүн Сила жана Уаддай аймактарында өзгөчө кырдаал жарыяланды. Чаддын президенти Идрис Деби Сила аймагына жасаган сапарында берген маалыматында, этникалык кагылышуулардан кийин өлкөнүн чыгышында Сила жана Уаддай аймактарында өзгөчө кырдаал жарыялангандыгын билдирди. Деби: «Аймакка коопсуздукту сактоо үчүн аскердик бөлүктөрдү жөнөтүп жатабыз. Аймак элинин колдорундагы куралдарды чогултуп жарандарды куралсыздандырышыбыз керек»,-деп айтты. Уаддайда 9-августтагы кагылышууларда 9 киши ...

0 1531

Кубанычбек Исабеков: "Кумтөрдөгү алтын "МАФИЯ"

19-август 2019, 10:57 Кызгалдак Жакыпова

Кыргыз элине белгилүү саясатчы Кубанычбек Исабековдун калемине таандык "Кумтөрдөгү алтын мафия" китебин NazarNews.kg маалымат агенттиги окурмандарга сунуштайт.  ИСАБЕКОВ КУБАНЫЧБЕК САТИНДИЕВИЧ 1957-жылдын 20-февралында Жети-Өгүз районунун Ак-Терек айылында туулган. 1973-жылы орто мектепти аяктаган. Эмгек жолун 1973-1974- жылдары “Чолпон” бут кийим фабрикасында жумушчу болуп баштаган. 1974-жылы Львовдогу жогорку аскердик-саясый окуу жайына тапшырып, аны 1978-жылы бүтүрүп, офицер болуп чыккан. 1978-1988-жылдары Советтик Армиянын бөлүктөрүндө офицердик кызматты аркалаган. ...

0 457

Орусиянын Сочи шаарын сел каптады

19-август 2019, 09:07 Кызгалдак Жакыпова

Орусиянын Кара деңиз жээгиндеги Сочи шаарын сел каптады. Шаардын борборунда нөшөрлөп жааган жамгырдын себебинен бир топ үй жана жолдорду сел каптап, жамгыр капыстан катуу жааганы үчүн элге жардам берүүлөр жетише алган жок, бир топ киши өз мүмкүнчүлүгү менен селден кутулган. Псов дарыясынын ташкынга учурашынын себебинен курорттук зона Адлер суу астында калды. Орусиянын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги ушул убакка дейре өлүм ...

0 243

Кабулдагы бакыт үйүндө жарылуу болду

18-август 2019, 15:02 Кызгалдак Жакыпова

Ооганстандын борбор калаасы Кабулдагы бакыт үйүндө жарылуу болуп көп сандаган киши каза тапканы билдирилди. Ооганстандын ички иштер министрлигинин басма сөз катчысы Насрет Рахмаи, медиага берген маалыматында Кабулдун 6-коопсуздук аймагындагы бакыт үйү Касри Дубаиде жарылуу болгон. Рахими жергиликтүү убакыт боюнча саат 22:40та болгон жарылууда көп сандаган киши каза тапкан. Жаралуулар ооруканаларга жеткирилгени белгиленди. Кол салууну азырынча эч ким моюнга ала ...

Жарнама үчүн орун!
600 x 50
0 268

Кыргызстан Сирия жана Ирактагы жарандарын алып кетет

17-август 2019, 09:37 Кызгалдак Жакыпова

Кыргызстан, Сирия жана Иракта согуш аянттарында жүргөн атуулдарын алып кетиш үчүн иш-аракеттерин баштады. Өлкөнүн чалгындоо кызматы Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин маалыматына караганда президент Сооронбай Жээнбеков, Сирия жана Ирактагы согуштук аймактарда ар түрдүү лагерлерде жүргөн Кыргыз атуулдарынын өлкөгө алып келиниши үчүн буйрук берди. Ушул алкакта комитет, Сирия жана Ирактагы Кыргыздардын өлкөгө алып келиниши үчүн иш-аракетин баштады. Кырыз бала жана жаштардын ...

0 361

Үйлөрү түрттүрүлгөн эки киши өз өмүрүнө кол салды

16-август 2019, 18:38 Кызгалдак Жакыпова

Түркстан шаарында мамлекеттин муктаждыгына үйлөрү түрттүрүлгөн эки тургун өзүнө кол салууга аракет жасады. Бул тууралуу маалыматты Борбордук Азия жаңылыктары жазып чыкты. 15-августта “Фейсбук” социалдык түйүнүндө Түркстан шаарынын эки тургуну өз өмүрүнө кол салууга аракет жасаган видеосу тарады. Видеодо үйдүн чатырына чыгып алган киши газ баллонун жардырмак болгон. Ал үйүнүн түрттүрүлүшүнө каршы чыккан. Экинчи видеодо улгайып калган аял үйүнүн ичинде ...

0 224

УКМК: КР жарандарын Сирия жана Ирактагы качкындар лагерлеринен кайтарып келүү боюнча иш-чаралар жүрүүдө

16-август 2019, 09:24 Кызгалдак Жакыпова

Кыргыз Республикасынын Президентинин тапшырмасына ылайык, КР улуттук коопсуздук органдары тиешелүү тараптар жана ошондой эле өнөктөш кызматтар менен биргеликте Сирия жана Ирак согуш аймактарындагы, ошондой эле ар кандай качкындар лагеринде жүргөн жарандарды кайра кайтаруу боюнча иштердин экинчи этабын улантууда. Бул тууралуу маалыматты УКМКнын басма-сөз кызматы билдирди. Азыркы убакта террористтик иш-аракеттерге катышкандардын жарандыгын аныктоо иштери жүрүп жатат. Ал жерде көбүнүн балдары ...

0 190

Казакстандын борбордук бөлүгүндөгү өрт аймагы беш эсеге жайылды

15-август 2019, 09:58 Кызгалдак Жакыпова

Караганды облусунун Каркаралы районундагы өрттүн аянты беш эсеге кеңейип, бир суткада 2700 гектарга жетти. Өрттөнгөн аймактын бир жарым миң гектары мамлекеттик токой коругуна кирет. Бул тууралуу Казакстан Ички иштер министрлиги кабарлады. Бул тууралууц маалыматты Борбордук Азия жаңылыктары билдирди. Ички иштер министринин орун басары Юрий Ильин 14-августта өткөн брифинг учурунда Каркаралы районунда жагдай кыйын экенин айтты. Анын билдиришинче, өрттү өчүрүүгө ...

0 158

Президент Эрдоган Курман айт майрамынан улам кээ бир өлкөлөрдүн лидерлери менен майрамдашты

13-август 2019, 17:17 Кызгалдак Жакыпова

Президенттик аппаратынын коммуникация башкармалыгынан берилген маалыматка караганда президент Эрдоган Курман айт майрамынан улам Малайзиянын премьер  - министри Махатхир Мухаммед, Палестиндин мамлекет башчысы Махмуд Аббас, Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнебков жана Казакстандын куруучу президенти Нурсултан Назарбаев менен телефон аркылуу сүйлөштү. Сүйлөшүүдө Эрдоган жана лидерлердин бири бирин Курман айт майрамы менен куттуктагандыгы билдирилди, деп trt.net.tr өз пикирин коомчулукка жарыялаган. Булак: NazarNews.kg

0 253

Йемендин Аден шаарында кагылышуудан каза болгондордун саны кыркка жетти

12-август 2019, 16:23 Кызгалдак Жакыпова

Йемендин түштүгүндөгү убактылуу борбор шаар Аденде акыркы төрт күндө болгон кагылышууларда кырк жаран каза болуп, эки жүз алтымыш жаран жараланды. БУУнун Йемен кеңсесинен берилген жазуу түрүндөгү маалыматта бул тууралуу даярдалган биринчи отчетко караганда 8 -  август күнү Аден шаарында чыккан кагылышууларда ушул күнгө чейин кырык жаран каза болуп, эки жүз алтымыш жаран жараланды. Маалыматта БУУнун Йемен координатору Лисе Гранденин ...

0 518

Түркмөн президенти Бердымухаммедов эл алдына чыкты

12-август 2019, 15:50 Айдар Нуралиев

Түркмөнстандын президенти Гурбангулы Бердымухаммедов 12-августта Каспий экономикалык форумунда сөз сүйлөдү. Бул түркмөн президентинин 5-июлдан - же «ал көз жумду же ооруп комага түшүп калды» деген сөздөр айтылып келе жаткандан берки биринчи жолу эл алдына чыгышы. Түркмөнбашы шаарынын жанындагы Аваза туристтик аймагындагы жыйын учурундагы Бердымухаммедовдун телеканалдан түз эфирде да көрсөтүлгөн сөзү 20 мүнөткө созулду. Анын саламаттыгы чың жана жакшы көрүндү, ...

0 364

Индияда сел каптоолор жана жер көчкүлөр жан алды

11-август 2019, 17:16 Айдар Нуралиев

Индиянын түштүк-батышындагы Керала жана Карнатака провинцияларында нөшөрлөп жааган жамгырдан келип чыккан сел жана жер көчкүлөрдө 66 киши каза тапты. Press Trust of India'nın (PTI) маалыматына караганда Керала провинциясынын башкаруучулары, Козхикоде, Малапуррам жана Вайанад провинцияларында нөшөрлөп жааган жамгыр себеп болгон сел каптоолордо бейшемби күндөн бери 42 киши каза болгону жарыяланды. Жооптуу кызматкерлер Вайанадда чай талаасында жер көчкү болуп анын астында ...

0 412

ВИДЕО - Люксембургдагы катуу шамал жергиликтүү тургундарды чоң кыйроого учуратты

Видео 10-август 2019, 19:21 Кызгалдак Жакыпова

Маалыматка ылайык, кечээ 9-августь күнү кечинде Люксембургда катуу шамал (Куюн) болду. Бул маалымат тууралуу "Deutsche Welle" жазып чыкты. Чоң кыйроолорду алып келүүчү катуу шамалдан 14 адам жабыркаган. Люксембурдгагы аба ырайынын бузулганына байланыштуу Бельгия менен Франциянын чек арасына жакын жайгашкан шаарларга да таасирин тийгизген. Мекеменин маалыматы боюнча, болжол менен 160  имарат кыйроого учураган. Булак: NazarNews.kg

0 2367

Казакстандын Президенти Касым – Жоомарт Токаев Кыргызстандагы абалга көз салууда

08-август 2019, 13:28 Кызгалдак Жакыпова

Казакстандын Президенти Касым –Жоомарт Токаев Кыргызстандагы абалга абай салып турат. Бул тууралуу маалыматты Казакстандын мамлекет башчысынын басма сөз катчысы Берик Улан өзүнүн социалдык тармагына жазып чыкты.   “Казакстандын Президенти Кыргызстандагы болуп жаткан окуяга кылдаттык менен көз салып жатат. Мамлекет башчысы кошуна мамлекеттеги болуп жаткан окуя Кыргыз Республикасынын ички иши деп билдирди. Касым-Жоомарт Токаев кырдаал мыйзам чегинде кырдаал жөнгө салынаарына ...

0 121

Орусия менен виза эркиндиги бүгүн башталууда

07-август 2019, 20:15 Кызгалдак Жакыпова

Орусия менен Түркиянын ортосундагы виза эркиндигинин алкагында кызматтык жана жеке паспорт ээлери менен эл аралык транспорт айдоочуларына карата визадан бошотуу бүгүн башталууда. Тышкы иштер министрлигинен берилген маалыматта Орусия менен жүргүзүлгөн виза сүйлөшүүлөрүнүн негизинде бири бирине карата расмий паспорт  ээлеринин визадан бошотулушуна мүмкүнчүлүктүн түзүлгөндүгү эске салынды.  Маалыматта Орусия тарабынан кызматтык жана жеке паспорт ээлери түрк жарандарынын визадан бошотулары билдирилди. Кызматтык ...

0 1102

НОТА: Бакиевди куттуктаганы үчүн ТИМ Беларусь элчисин чакырып урушту?

07-август 2019, 16:40 Кызгалдак Жакыпова

КРдин Тышкы иштер министрлигине Беларусь Республикасынын Элчилигинин Ыйгарым укуктуу элчиси кызматын убактылуу аткарып жаткан С.Иванов чакыртылып, нота тапшырылды. Бул тууралуу ТИМдин басма сөз кызматы билдирди. Ивановдун ТИМге чакыртылышына Беларусь президенти Лукашенко КРнын мурдагы президенти Курманбек Бакиевди 70 жашка чыгышы менен куттуктап, белек бергендиги себеп болгон. Жолугушууда ТИМ тарабынан нота тапшырылып, КРде кылмыш иши козголгон Бакиевди ...

0 201

БУУ эки өлкөгө чакырык салды

06-август 2019, 16:35 Кызгалдак Жакыпова

БУУ Индиянын Жамму Кашмирдин атайын макамын жокко чыгарышынан кийин аймакта күчөгөн чыңалуунун санаркатуучу экенин билдирди жана тараптарды тынчтанууга чакырды. БУУнун баш катчысынын басма сөз катчысы Стефан Дюжаррик күнүмдүк маалымат жыйынында, Индиянын Кашмир чечиминен кийин аскердик кыймылдуулукка жана чыңалууга жакын байкоо салып жаткандарын айтты. Аймакта күчөгөн чыңалуунун санаркатуучу экенин белгилеген Дюжаррик, Индия менен Пакистанды тынчтанууга чакырды. Индия жарым кылымдан ашуун убакыттан ...

06-август 2019, 16:35 | 201
0 262

Элчи Женгиз Камиль Фырат мырза кыргыз туугандар менен Ванда жолугушат

06-август 2019, 12:27 Кызгалдак Жакыпова

Түркиянын Ван аймагындагы Улуу Памир айылына 1980-жылдары көчүп барган 4 миңге жакын кыргыз жашайт. Аталган аймакта үстүбүздөгү жылдын 12-24 – август күндөрү эки өлкө арасындагы маданий көпүрөнү чыңдоо максатында Түркиянын Кыргызстандагы элчилигинин демилгеси менен Түркиянын Маданият жана туризм министрлигинин жана Кыргызстандын Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин колдоосу менен иш-чара өткөрүлөт. “Ата Журттан туулган жерге карай: кыргыз туугандар Ванда жолугушат...” ...

0 257

Түркиянын дагы эки мега долбоору ишке кирди

05-август 2019, 08:20 Кызгалдак Жакыпова

Түркиянын автожолу жана саламаттык сактоо тармагында эки мега долбоору ишке кирди. Стамбул менен Измирдин ортосун 9 сааттан 3,5 саатка түшүргөн автожол менен Бурсадагы Түркиянын 10-Оорукана шаарчасы президент Режеп Таййип Эрдоган тарабынан ачылды. Ачылыш аземинде сөз сүйлөгөн президент Режеп Таййип Эрдоган, автожолдун пландалгандан бир жыл мурда бүткөрүлгөнүн белгилеп: «Бүгүн тарых жазуудабыз, Стамбул менен Измирдин ортосундагы саякатты коопсуз, ылайыктуу абалга келтирүү ...

0 261

Баланын астыңкы ээгинен 526 тиш чыгарылды

04-август 2019, 12:19 Кызгалдак Жакыпова

Индиянын Тамил Наду аймагынын борбор шаары Ченнаиде жети жаштагы баланын астыңкы ээгине көмүлгөн 526 тиш чыгарылды. Жергиликтүү басма сөздө чыккан кабарларга караганда үй  бүлөсү Равиндранат аттуу баланы ээгинин оң жагындагы шишик менен эң жакын тиш дарыгерине алып барган. Бул жерде Равиндранаттын ээги томографияга түшүрүлүп, чоң  кичине болгон 526 тиштин астыңкы ээктеги шишик ичинде калгандыгы аныкталды. Дарыгерлер беш саатка созулган ...

Жарнама үчүн орун!
600 x 50
0 346

Эң билимдүү өлкө

03-август 2019, 15:48 Кызгалдак Жакыпова

Канада дүйнөдөгү эң билимдүү өлкө. Канаданын калкынын теңинен көбү орто же жогорку билимге ээ. Бул өлкөнүн жогорку окуу жайларынан бүткөн бүтүрүүчүлөр дүйнөнүн бардык мамлекеттеринде жогору бааланат. Канада жөнүндө кызыктуу фактылар: 1.Өлкө аталышынын келип чыгышы. Француз изилдөөчүсү Жак Картье жаңы жерге келгенде, жергиликтүү жашоочулар аны канатага (kanata) чакырган, ал сөз айыл дегенди билдирген. Изилдөөчүлөр аны өлкөнүн аталышы экен деп кийинчирээк kanata ...

03-август 2019, 15:48 | 346
0 211

Орусиялык оппозиционер Иван Жданов ачкачылык жарыялады

03-август 2019, 15:07 Кызгалдак Жакыпова

Орусиялык оппозиционер Алексей Навальныйдын Антикоррупциялык фондунун башчысы, 15 күнгө камалган Иван Жданов ачкачылык жарыялады. Жданов - Москва шаардык кеңешине 8-сентябрда боло турган шайлоого катталбай калган оппозициялык жана көз карандысыз талапкерлердин бири. Ал ачкачылык жарыялоосун камакка алган сот чечимине каршылыгы менен түшүндүрдү. “Менде өз позициямды билдирүүгө башка жол жана мүмкүнчүлүк жок. Бүгүнтөн тарта мен ачкачылык жарыялайм. Мен суроолорго жооп берүүдөн ...

Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83