www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Дүйнө жүзүндө
0 302

Экологиясы эң кир өлкө

03-август 2019, 12:41 Кызгалдак Жакыпова

Бангладеш экологиясы эң кир өлкө болуп саналат. Буга калктын жыштыгы менен экологиялык талаптарга жооп бербеген эски жабдыктарды завод-фабрикаларында иштеткени себеп болууда. Абасы аябай булганып, абадагы зыяндуу заттар адам өмүрүнө коркунуч туудурууда, - дейт Фабула гезити. Булак: NazarNews.kg  

03-август 2019, 12:41 | 302
0 266

Орусиядагы өрт 3 миллион 71 миң гектар жерди күлгө айлантты

03-август 2019, 11:36 Кызгалдак Жакыпова

Орусиянын Сибир аймагынын чыгышында өткөн жумада башталган өрт 3 миллион 71 миң гектар жерди күлгө айлантты. Кургакчылыктан улам өрттү бүгүнкү күнгө чейин өчүрө алышкан жок. Өрттүн эң өрчүгөн жери Якутия жана Красноярск аймактары. Азыркы учурда Якутияда 1,1 миллион, Красноярскта 1 миллион, ал эми Иркутскта 700 миң гектар токой күйүп кетти. Күйгөн токойдун жалпы аянты Бельгиянын, ал эми өрттүн таасири ...

0 198

Ирактагы кыргызстандык балдарды алып келүү маселеси талкууланды

02-август 2019, 11:22 Кызгалдак Жакыпова

Тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков жана БУУнун Балдар фондунун (ЮНИСЕФ) Кыргызстандагы өкүлү Кристин Жольмд Ирактагы кыргызстандык балдарды алып келүү маселесин талкуулашты. Жольмд өзү жетектеген уюм балдарды Ирактан кайра алып келүүнү уюштуруу иштерин колдоого даяр экенин айтты. Тышкы иштер министрлиги буга чейин Сирия жана Ирактагы кыргызстандыктарды алып келүү боюнча иштер жүрүп жатканын айткан. Маалыматка караганда, ал жактагы жарандардын санын тактоо ...

0 301

Трамп эки өлкөгө сапар жасайт

02-август 2019, 09:10 Кызгалдак Жакыпова

АКШнын президенти Дональд Трамп 31-августтан 3-сентябрга чейин Польша жана Данияга сапар жасайт. Ак үйдүн басма сөз катчылыгынын жазуу түрүндөгү билдирүүсүндө, Трамп менен жубайы Мелания Трамптын Польша жана Данияга сапары тууралуу маалымат берилди. Билдирүүгө караганда Трамп 1-сентябрь күнү Польшанын баш калаасы Варшавада Экинчи дүйнөлүк согуштун башталганынын 80 жылдыгынан улам согуш эстелигин зыярат кылат жана өткөрүлө турган аземге катышат. Польшадан кийин ...

02-август 2019, 09:10 | 301
0 154

АКШ үч өлкөгө курал сатат

31-июль 2019, 19:20 Кызгалдак Жакыпова

Америка башкаруучулугу Египет, Түштүк Корея жана Канадага жалпы 1,5 миллиард долларлык курал сатууга макулдук берди. АКШнын Коргоо министрлигине (Пентагон) караштуу коргоо жана коопсуздук боюнча агенттигинин жазуу түрүндөгү билдирүүсүндө, Мамлекеттик катчылыктын ыктымалдуу курал сатууга макулдук бергендиги темасында Конресстин маалыматтандырылгандыгы белгиленди. Үч башка пакет түрүндө бекитилген курал соодасынын ар бири үчүн Конгресске өз-өзүнчө кат жөнөткөн агенттик Египет, Түштүк Корея жана Канадага ...

31-июль 2019, 19:20 | 154
0 159

Иран улуттук валютасын деноминациялайт

31-июль 2019, 17:16 Кызгалдак Жакыпова

Ирандын өкмөтү улуттук валютадан эки нөлдү алып салуу планын жактырды. Бул тууралуу 31-июлда кабинеттин жыйынынан кийин өкмөттүн басма сөз катчысы Али Рабиеи билдирди. Эми долбоор парламенттен жана Революция сакчыларынын кеңешинен өтүүгө тийиш. Ислам жумуриятында бир нече жылдан бери инфляция жогору болуп, улуттук акча – риалдын куну качууда. Реалдын деноминациясы көптөн бери талкууланып келет. Апрелде Эл аралык Валюта фонду быйыл ...

0 233

Сууга агып кеткен кыргыз чек арачысынын сөөгү Өзбекстандан табылды

31-июль 2019, 12:04 Кызгалдак Жакыпова

Суу агызып кеткен кыргызстандык чек арачынын сөөгү Өзбекстандын аймагынан табылганы тууралуу Кыргызстандын Чек ара кызматы билдирди. Алардын маалыматына караганда, №2030 аскердик бөлүктө кызмат өтөп жаткан жоокер 19-июлда сыйгаланып, Ак-Булак дарыясына түшүп кетип, суунун катуу агымы жоокерди окуя болгон жерден 11 чакырым алыс агызып кеткен. Аны издөө иштерине Кыргызстан жактан да, Өзбекстан тараптан да куткаруучулар катышкан. Аскердин сөөгүн Өзбекстандын Өзгөчө ...

0 591

Президенттин өлүмү тууралуу ушак тараткандар кармалды

30-июль 2019, 14:22 Кызгалдак Жакыпова

Түркмөнстандын өлкө президенти Гурбангулы Бердымухамедовдун өлүмү тууралуу ушак тараткан адамдар четинен кармала башталганын «Түркмөнстан хроникасы» басылмасы кабарлады. Маалыматка караганда, «Түркмөнтелеком» ишканасынын Лебап облусундагы бөлүмүнүн кызматкери, Суу чарба башкармалыгынын жана жергиликтүү Турак-жай-коммуналдык чарбасынын бирден жумушчулары кармалган.   Кечээ Түркмөнстанда айрым эстрада ырчылары менен блогерлер социалдык тармактардагы баракчалары аркылуу мекендештерин президент Гурбангулы Бердымухамедовдун өлүмү тууралуу кабарга ишенбөөгө чакыра башташкан. Алардын көбү #duryalan ...

0 331

Өзбекстанга митинг. Үйү бузулгандарга компенсация төлөнөт

30-июль 2019, 10:17 Кызгалдак Жакыпова

Өзбекстан мамлекеттик коопсуздук кызматынын төрагасы Абдусалом Азизов Кашкадарыя облусунун Яккабаг районуна барды. Маалыматтарга караганда, атайын кызматтын башчысы Эски Якаббог айлына барып, бизнесмендин дүкөнүн түрттүрүүгө аракет жасаган акимдин орун басарын жана аткаминерлерди сынга алган. Бул маалымат тууралуу 24.kg жазып чыкты. Эскерте кетсек, эки күн мурун райондун акиминин орун басары Мансур Туймуевге каршы кол салуу болгон. Ага үйү бузулган жарандар бензин ...

0 181

Пакистандагы токой өрттөрү жана көчөт отургузуу

30-июль 2019, 09:32 Кызгалдак Жакыпова

Пакистандын Хайбер Пахтунхва облусунда акыркы бир жылда чыккан токой өртүнөн  1.2 миллион бак-дарак жок болду. Токой чарбачылыгы, айлана-чөйрөнү жана жаратылышты коргоо министрлигинин билдирүүсүндө  күйүп кеткен 1.2 миллион бак-дарактын көпчүлүгү акыркы 5 жылда “Бир миллиард бак-дарак” долбоорунун негизинде отургузулган дарактар болгон. Өрт боюнча жүргүзүлгөн иликтөөлөрдүн жыйынтыгында  жаратылыш кырсыгынын 27 миллион Пакистан акчасына (рупи) зыян келтиргени белгилүү болду. Маалыматта өрттүн өткөн ...

0 199

Иран жана Омандын тышкы иштер министрлери Тегеранда жолукту

28-июль 2019, 13:37 Кызгалдак Жакыпова

Ишембиде Иран менен Омандын тышкы иштер министрлери Мохаммад Жавад Зариф жана Юсеф бен Алави Тегеранда жолугушту. Ирандын Тышкы иштер министрлигинин "Телеграм-каналындагы" маалыматта “эки тараптуу кызматташтык, эки өлкө ортосундагы мамиле жана аймактагы, дүйнөдөгү соңку кырдаал талкууланганы” айтылат. Министрлер Тегеран менен Маскаттын ортосундагы консультацияны улантуунун маанилүүлүгүн белгилешти. Буга чейин Омандын Консультативдик кеңешинин вице-спикери (Межлис аш-Шура) Мухаммед Абу Бакр Салем ал-Гасани Оман ...

0 412

Жакында баарына бекер интернет!

28-июль 2019, 11:27 Кызгалдак Жакыпова

Мына ушундай ураан менен Амазон соода компаниясы "Койпер долбоорун" ишке ашырууну максат кылууда. Алар долбоорду ишке ашыруу үчүн Жерге жакыныраак орбитага 3 236 интернет-спутникти коё беришмекчи. Ошондой эле буларга удаа Илона Маска SpaceX rjvgfybzcs  дагы 12 000ге чейинки спутникти ишке киргизүүгө ниеттенүүдө. Мындан сырткары, Facebook эл аралык социалдык тармагы өз интернет-спутнигин иштеп чыгууну көздөп жатышат. Мунун баары мобилдүү телефондор кармабаган ...

0 505

БОЛГОН ОКУЯ: "Арбактуу үй"

28-июль 2019, 11:05 Кызгалдак Жакыпова

1964-жылы Франциянын Авиньон деген жеринде Деррендердин үй-бүлөсү автокырсыктан каза болгон кожогондардын үйүнө көчүп киришет. Бир аздан соң Деррендер мурдагы кожоюндардын арбагы үйүнө дайыма келерин байкап калышат. Эч ким жок ваннадан агызылган суунун үнү жана фендин ызылдагы угулуп турчу. Телевизор өзү эле иштеп калчу, бирок аны эч ким иштеткен эмес эле. Ал эми ашканадан идиш-аяктын калдырактары угулуп турчу. "Алгач абдан ...

28-июль 2019, 11:05 | 505
0 217

Угандада эбола коркунучу акырына чыкты

28-июль 2019, 10:56 Кызгалдак Жакыпова

Уганда саламаттык сактоо министрлигинен берилген маалыматта 12 -июнда бир баланын эболадан каза болушунан кийин өткөн 42 күндө эч бир оорулуунун болбогондугу белгиленди. Маалыматта Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму сунуш кылган 42 күндүк эбола байкоо мөөнөтүндө жаңы оорулуунун чыкпашы менен аймакта эбола эпидемия коркунучу акырына чыккандыгы белгиленди. Уганда Конго Демократиялык Республикасы менен узун чек араны бөлүшкөндүгү эске салынган билдирүүдө чек арадагы ...

0 2582

Путин кичинекей мамлекеттин "майдачыл" адамына акыл айтам деп чоң саясатта утулду

27-июль 2019, 19:10 Кызгалдак Жакыпова

Биздин улуу урматтуу мурдагы президентибиз Алмазбек Атамбаев Россия Федерациясына барып келгенден кийин саясатта эч кандай өзгөрүү болбоду дегендер жаңылышат. Өзүнүн эгемендүү өлкө деп эсептеген Кыргызстандын мурдагы президенти өлкөнүн эгемендүүлүгүн кол шилтеп өлкө кызыкчылыгынан, өзүнүн кызыкчылыгын жогору коюп эштеңдеп Маскөөгө барып кайтты. Барып кайтканда жөн кайтпай, улуу державанын лидерин “3-4 жолу чакырды барбай койбосом болбойт” деп мактанып Путин экөөнүн ортосундагы ...

0 632

Бельгияда ысыктык рекордго жетти

27-июль 2019, 18:30 Айдар Нуралиев

Сезондун нормасынан жогору болгон аба шарттарында Бельгияда абанын ысыктыгы биринчи жолу 41, 8 болуп өлчөлдү. Бельгиянын кээ бир шаарларында шаршемби күнү рекорддук деңгээлдеги 40, 7 градустук абанын ысыктыгы Бегинендейк кыштагында 41, 8 градусту ашып рекордго жетти. Түндүк Африкадан Европага карай кеткен ысык аба толкуну шаршемби күндөн бери өлкөнү таасири астына алууда. Бельгия менен бирге Германия, Франция, Испания жана Голландияда ...

Жарнама үчүн орун!
600 x 50
0 399

Тоңдурулган жолборстор табылды

27-июль 2019, 13:39 Кызгалдак Жакыпова

Вьетнамда аткезчилерге каршы операцияда бир автоунаада тоңдурулган 7 жолборс табылды. Өлкөнүн басма сөзүндөгү кабарларга караганда, баш калаа Ханойдун Кау Джай районунда бир авто бекетте токтоп турган автоунаада тоңдурулган 7 жолборс табылды. Жооптуу кызматкерлер, аткезчиликке каршы жүргүзүлгөн операциянын алкагында 3 кишинин камакка алынгандыгын билдиришти. Лаостон Ханойго алынып бара жаткан өлүү жолборстордун бирөөнүн салмагы 300 килограмм экенин айтышкан кызматкерлер, жолборс сөөктөрүнүн ...

0 357

Дүйнөдөгү эң ысык өлкөлөр

27-июль 2019, 12:35 Кызгалдак Жакыпова

Эфиопия дүйнөдөгү эң ысык өлкөлөрдүн катарына кирет. Бул өлкөдө жылдык орточо температура +35 °С түзөт. Кышкысын абанын температурасы +28 °С болот. Бирок кечинде жана таңга маал абанын температурасы 15 градуска чейин төмөндөйт. 9 ай 35 градус ысыктан бул өлкөнүн жашоочулары жакын жайгашкан тоолорго чыгып кетишип сактанышат. Себеби тоодогу абанын температурасы шаарга караганда бир топ төмөн болот экен. Ямайкадагы жылдык ...

27-июль 2019, 12:35 | 357
0 349

Украинада добуштар саналып бүттү

27-июль 2019, 08:20 Кызгалдак Жакыпова

Украинада 21 -июль жекшемби күнү болгон эрте жалпы шайлоодо берлиген добуштар саналып бүттү. Украина Борбордук Шайлоо Комиссиясы билдирген расмий болбогон жыйынтыктарга караганда үкөктөрдүн баары ачылгандан кийин Украинанын президенти В. Зеленскийдин партиясы «Элдин кызматчысы» 43, 16 пайыздык добуш алып шайлоодон биринчиликти алып чыкты. Орусия жактоочусу «Оппозиция платформасы» 10, 05 пайыз, мурунку премьер- министр Юлия Тимошенконун "Батькивщина" партиясы 8 ,18, мурунку ...

0 865

Жер шары ашыкча күн ысып кетүү коркунучунда

24-июль 2019, 15:12 Кызгалдак Жакыпова

Жакынкы 100 жылдыкта биздин планета ашыкча ысып кетүүдөн сактоочу калың катмарлуу жана топтошкон булуттан ажыроо коркунучуна кабылышы мүмкүн экен. Эгер бул божомол чын чыкса, анда жашыл Жер шары климаттык кыйроодон качып кутула албайт. Муну Калифорния технологиялык университети билдирип чыкты. Адистердин изилдөөсүнө таянсак, СО2 концентрациясы белгилүү көрсөткүчтөн (1 200 ррm) ашып кетсе, анда көк асманда томуктай булут болбой, ал океандын жылышына алып келет. ...

0 243

Роосияга баруучулардын жүгүнүн көлөмү кыскартылат

24-июль 2019, 13:10 Кызгалдак Жакыпова

Жаны эреже боюнча Россияга баратканда нормадан көп мөмө-жемиш же жашылча бажы көзөмөлүнөн өтө албай турган болду. Бул тууралуу орус ЖМКлары жазып чыгышты. 19-августтан тарта Россияга мөмө-жемиш, жашылча жана гүл альш кируү үчүн жаңы эреже иштеп баштайт. Маалыматтарда: башка өлкөдөн бараткан жарандар беш килограммдан ашпаган мөмө-жемиш жана жашылча, үчтөн көп эмес букет гүл, ал букеттин гүлү же жалбырагы 15ке чейин ...

0 400

Трамп: «10 миллион адамды өлтүргүм келбейт»

23-июль 2019, 18:36 Кызгалдак Жакыпова

АКШнын президенти Дональд Трамп өлкөсүнүн Ооганстанда согушууну кааласа муну бир жумада жеңе туранын белгилеп: «Бирок 10 миллион кишини өлтүргүм келбейт», - деди. АКШнын президенти Трамп менен Пакистандын премьер - министри Имран Хан, Ак үйдөгү жолугушууларынын алдында журналисттерге Ооганстандагы акыркы кырдаал туурасында маалымат беришти. Трамп Ооганстанда көптөгөн жылдардан бери уланып келе жаткан согушка байланыштуу жакынкы убакта Пакистандын да жардамы менен натыйжа ...

0 224

Эл аралык атом энергетика агенттигинин башкы директору каза болду

23-июль 2019, 17:03 Кызгалдак Жакыпова

Эл аралык атом энергетика агенттигинин башкы директору Юкия Амано 72 жашында каза болду. Бул маалымат тууралуу trt.net.tr билдирди. Эл аралык атом энергетикасынан берилген маалыматта башкы директор Аманонун каза болгондугу тууралуу маалыматтын кайгыланткандыгы белгиленди. Башкы директордун каза болгондон мурда кызматын таштоону ойлогондугу белгиленген маалыматта ушул себеп менен башкаруу кеңешине сунуштоо үчүн жазган каттан үзүндүгө да орун берилди. Амано катында агенттиктин ...

0 252

Иран Алжирге таандык мунай зат ташуучу танкерин эркин кое берди

22-июль 2019, 12:09 Кызгалдак Жакыпова

Иран, Хүрмүз кысыгында кармап алган Алжирге таандык мунай зат жана жаратылыш газ өндүрүүчү фирмасы Sonatrachка таандык мунайзат ташуучу танкерин эркин кое берди. Sonatrach жооптуу кызматкерлеринен алынган маалыматка караганда Ирандын Жээк коопсуздугу күчтөрү мурдагы күнү кечинде фирмага таандык мунай зат ташуучу танкерин бир канча саатка кармап турган. Тегеран бийлиги менен байланыш курулгандан кийин эркин кое берилди жана Сауд Арабиядагы Ra's Tennure май тазалоочу ...

0 384

БУУ: Дүйнө жүзүн ачарчылык каптоодо, Кыргызстанда “бийлик” талашмай...

22-июль 2019, 09:41 Кызгалдак Жакыпова

БУУнун маалыматына таянсак, өткөн жылы дүйнөдө 820 миллион киши ачкачылыктан азап чеккен. Андан сырткары акыркы жылдары дүйнөдө ачкачылыктын көрсөткүчү өсүп бара жаткандыгын баса белгилеген БУУ. 2018-жылдын маалыматы боюнча ала турган болсок ачарчылыктан 821.6 миллион киши бир уурттам таза сууга жана тамак-ашка зар болгон. Бириккен Улуттар Уюмунун "Бүткүл дүйнөлүк азык-түлүктү жана коопсуздукту камсыз кылуу” бөлүмү дүйнө жүзүндөгү ар ...

0 246

Египетте байыркы шаар табылды

21-июль 2019, 15:13 Кызгалдак Жакыпова

Египеттин Александрия шаарында Рим мезгилине таандык байыркы бир шаардын калдыктары табылды. Египет тарыхый чыгармалар мекемесинин төрагасы Еймен Ашмави берген жазуу түрүндөгү маалыматта Египет жана польшалык аргеологдордун Александрия шаарында жүргүзгөн орток иш алып баруусунун натыйжасында Рим мезгилине таандык байыркы шаардын калдыктарын табышкандарын белгиледи. Ашмави биздин эрага чейинки 4 – 6 -  кылымдарга таандык экендиги белгиленген шаарда кичинекей бир театр, императорлук ...

0 225

АКШ менен Орусия жаңы өзөктүк келишим тууралуу сүйлөшүлөрдү өткөрөт

20-июль 2019, 17:42 Кызгалдак Жакыпова

АКШ менен Орусиянын өкүлдөрү өзөктүк куралдарды чектөө тууралуу жаңы келишим түзүүнүн келечегин баалоо максатында шаршембиде Женевада жолугушат. Бул тууралуу Reuters агенттиги Дональд Трамптын администрациясынын жогорку кызматтагы өкүлүнө шилтеме кылып жазды. Басылманын маалыматына караганда, сүйлөшүүлөр эки өлкөнүн тышкы иштер министрлеринин орун басарларынын деңгээлинде өтөт. Ак үй анын жыйынтыгында Кытайдын катышуусунда өзөктүк куралдарды чектөө тууралуу үч тараптуу келишим түзүү ыктымалдыгы боюнча ...

0 592

Билл Гейтс Миллиардерлердин тизмесинде үчүнчү сапка түшүп калды

19-июль 2019, 18:03 Кызгалдак Жакыпова

Microsoft компаниясынын негиздөөчүсү Билл Гейтс Bloomberg Bilionaires Index рейтингинде жети жылда биринчи ирет үчүнчү орунга түштү. Бул тууралуу Bloomberg басылмасы жазды. Бул ирет дүйнөдөгү эң бай адам деп Louis Vuitton Moet Hennesy  компаниясынын президенти Бернар Арно табылды. Ал жетектеген компания 107,6 миллиард доллар деп бааланды. Ишкер болсо бир жылда эле байлыгын 39 миллиард.долларга көбөйткөн. Ошентип Арнонун байлыгы Гейтске салыштырмалуу 200 миллион долларга ...

0 248

Казакстан - дин эркиндигин чектелген өлкөлөдүн катарына киргизилди

19-июль 2019, 15:41 Кызгалдак Жакыпова

Казакстан - дин эркиндиги чектелген өлкөлөрдун катарында Казакстан Вашингтондогу Pew Research изилдөө борборунун баяндамасында жарандардын дин эркиндиги чектелген өлкөлөрдүн катарына киргизилди. Борбордун 15-июлда жарыяланган баяндамасында белгиленгендей, Казакстанда бийлик менен болжолдуу түрдө макулдашпастан диний адабияттарды даярдоого, басып чыгарууга жана таратууга мыйзам менен тыюу салынган. Ошол эле маалда Казакстан баяндамада диний себептерден улам чыккан социалдык жаңжалдар аз катталган өлкөлөрдүн катарына кирген. Борбордун ...

0 347

Мугалимдер 1000 долларга чейин айлык алат

19-июль 2019, 15:10 Кызгалдак Жакыпова

Мурда «Мугалим мөмөлүү дарак» деп айтылаар эле. Анан калса келечек муундарга билим берген билим берүү тармагынын кызматкерлери өзгөчө, ардактуу деп бааланчу. Тилекке каршы ушул олуттуу маселе биздин Кыргызстанда бүгүнку учурда сазга тыгылгандай эле абалда калды. Кыргызстандагы келечек муундарды тарбиялоого болгон абал, билим берүүнүн таптакыр төмөн түшүп кетиши азыркыдай абалга кептелип көргөн эмес. Кезинде азыркы ажо өзүнүн шайлоо компаниясындагы эң ...

0 355

Бардык тармактар боюнча "даанышман" президент экен

17-июль 2019, 18:35 Кызгалдак Жакыпова

Түркмөнстанда адамдарды салттуу эмес жолдор менен дарылаган айрым табыптар колдонмо катары өлкө президенти Гурбангулы Бердымухамедовдун дары чөптөр жөнүндөгү китебин пайдаланып жатышат. Мамлекетти башкарган 12 жыл ичинде 50дөн ашык китеп, анын ичинде «Түркмөнстандын дары өсүмдүктөрү» жыйнагын жазган Бердымухамедовдун чыгармачылыгы өлкөдө расмий деңгээлде пропагандаланат. Президенттин дары чөптөр жөнүндөгү китебине өлкөнүн расмий медицинасы да кайрылган учур болгон. 2018-жылы октябрда Саламаттык сактоо министрлиги ...

0 1365

Өзбекстандын алдамчы мигранттары өз өлкөсүнө жөнөтүлөт

17-июль 2019, 13:22 Кызгалдак Жакыпова

Финляндия билими тууралуу жасалма документтерди көрсөткөн өзбекстандык 140 жаранды өлкөдөн чыгарганын ырастады. Өткөн бейшемби күнү Финляндиянын «Үlе» телеканалы Миграция кызматы 140 өзбекстандыкты өлкөдөн чыгаруу жөнүндө чечим чыгарганын кабарлаган. Аларды мекеме «жумушка калуу учурунда «курулуш техникумун бүтүргөн» деген жалган документтерди тапшырган» деп күнөөлөгөн. Маалыматтарда, өзбек жарандары жумушка документтерди толтурганда 1993 -жылы эле жабылып калган техникумдун дипломдорун көрсөткөнү айтылат. Аларга жасалма дипломдор 1997-2016-жылдары берилгени ...

Жарнама үчүн орун!
600 x 50
0 216

Германиянын коргоо министри Еврокомиссиянын башчылыгына шайланды

17-июль 2019, 09:39 Кызгалдак Жакыпова

Германиянын Коргоо министрлигин алгачкы аялдардан болуп жетектеген белгилүү Урсула фон дер Лейен, биринчи аял саясатчы болуп Европа комиссиясынын башчылыгына шайланды. Бүгүн,17-июлда бул кызматын  тапшырат. Маалымат булактары кабарлагандай,  ал бул кызматка ноябрдын башында киришип, люксембургдук Жан-Клод Юнкердин ордун ээлейт. Лейенди 383 депутат колдогон. Анын талапкерлиги Европа биримдигинин Брюсселдеги саммитинде жана Европарламенттеги дебаттарда талкууланган. Булак: NazarNews.kg

0 471

ВИДЕО - Согушу жок өлүм, кыямат келдиби?

Видео 16-июль 2019, 19:24 Кызгалдак Жакыпова

Индиянын Ассам штатында тынымсыз жааган жаандан улам суу ташкындары күчөдү. Жаратылыш кырсыгынан 800 миңден ашуун киши жабырланып, 6 киши дүйнөдөн көз жумган. Азыр Брахмапутра, Беки, Бхарели, Дхансири жана Путимари дарыялары көтөрүлүп, аты аталган штаттардын 33гө жакын аймагын ээлеп алган. Жергиликтүү аба ырайын изилдөөчүлөр жаан аталган аймакта дагы 2 күн нөшөрлөй тургандыгын айткан.   Андан сырткары чет элдик ММКлар мындай ...

0 194

Демократтар Трампты расист деп айыптоодо

16-июль 2019, 10:12 Кызгалдак Жакыпова

Кошмо Штаттардын президенти Дональд Трамп «Твиттерге» Конгресстеги демократ аялдар тууралуу жазган билдирүүсүнөн кийин кескин сынга кабылды. Демократтар аны расизм үчүн айыптап жатышат. «Өздөрү өкмөтү толук бечел, жемкорлукка баткан, колдорунан эч нерсе келбеген мамлекеттерден чыккан Конгресстеги «прогрессивдүү» демократ аялдар Кошмо Штаттардын элине, дүйнөдөгү эң улуу жана кубаттуу өлкөнүн бийлиги кантип иштеши керек экенин айтып жатышканына көз салуу... Булак: NazarNews.kg  

0 407

Эрдоган С-400дөр тууралуу маалымат берди

15-июль 2019, 17:13 Кызгалдак Жакыпова

Президент Режеп Таййип Эрдоган, Түркиянын Орусиядан С-400 системаларын сатып алуусунун максаты, аймакта тынчтык жана улуттук коопсуздуктун корголуусу экенин айтты. Президент Эрдоган, газета жана телеканалдардын башкы редакторлору, айрым жазуучу жана академиктер менен Стамбулда «Вахдеттин» комплексинде жолугушту. Түркиянын С-400дөрдү сатып алып согушка даярданбагандыгын белгилеген Эрдоган: «Тынчтыкты жана өз улуттук коопсуздугубузду коргоого аракет кылып жатабыз. Коргонуу өнөр жайыбызды өнүктүрүүгө карата берки баардык ...

0 244

Кытай экономикасынын өсүшү 1990-жылдардагы деңгээлге түштү

15-июль 2019, 11:53 Кызгалдак Жакыпова

2019-жылдын экинчи жарымында Кытайдын экономикасы 6.2 пайызга өстү. Бул 1990-жылдан берки эң төмөн көрсөткүч. Дүйнөдөгү экинчи ири экономиканын солгундаганы дүйнө жүзүнө таасир этет деген тынчсыздануулар айтылууда. Бээжин экономикалык өсүшкө түрткү берүү үчүн салыкты азайтып, банктар тоңдуруп турчу акчанын көлөмүн төмөндөттү. Бул аркылуу Кытай бийлиги базарда көбүрөөк акча жүгүрүп калат деп үмүттөнүп жатат. АКШ менен Кытайдын ортосундагы соода согушу да ...

0 224

Түрк кондитери Путинге арнап пирог жасады

15-июль 2019, 09:20 Кызгалдак Жакыпова

Түркиянын Бурса шаарынын кондитери Хасан Аджар Россиянын президенти Владимир Путинге түрктөрдүн улуттук пирогун  жасап белек кылды. Аджар бул белегин Россиянын С-400 зенит-ракеталык комплексинин Түркияга келишине арнаган. ​Ал жасаган тамагы Путинге тез жетет деген ниетин билдирип, президентке "Тамагыңыз таттуу болсун", — деди. Түрк кондитери 2012-жылы 2023 метрлик бөрек жасап, Гиннестин рекорддор китебине кирген. Белгилей кетсек, Түркия С-400 зениттик-ракета комплексинин төрт ...

0 234

Филиппиндер менен Японияда болгон жер титирөөлөр коркутту

14-июль 2019, 16:00 Кызгалдак Жакыпова

Филиппиндердин түштүгүндөгү Минданао аралында 5,8 баллдык жер титирөө болду. Эрте менен болгон жер титирөөдө эң аз 25 киши жараланды. Имарттардын зыян тарткандыы белгиленди. Япониянын Окинава аралында 6,1 баллдык жер титирөө болуп, жер титирөөдө каза болгондордун же жаралангандардын  болбогондугу билдирилди. Булак: NazarNews.kg  

0 427

Түркия эгемендүүлүгү С-400 менен көрүндү

13-июль 2019, 16:05 Кызгалдак Жакыпова

12-июлда Түркияга Россиянын абадан коргонуучу С-400 системалары келип түшө баштады. Бул система менен Түркия өзүнүн коопсуздугун чыңдап, абадан коргонуу жагынан бир топ кепилдик алат. НАТОнун мүчөсү болуп туруп, НАТОнун душманы эсептелген Россиядан С-400 системасын сатып алууга Түркияны бир нече жагдай мажбур кылды. Анын биринчиси, НАТОнун анабашы АКШнын “Пэтриот” абадан коргонуу системасын Түркияга сатпай коюшу. Кечээ жакында президент Трамп “Барак ...

0 686

ВИДЕО - Жер Ортолук деңизинен 24 млн тонна желим бөтөлкө чыкты

Видео 12-июль 2019, 18:46 Кызгалдак Жакыпова

Дүйнөлүк окмуштуулар желим буюмдарын пайдаланууну азайтуу керек экендигин талап кылууда. Мындай желим идиштерин пайдаланууну токтотпосо 2050-жылдары Жер ортолук деңизи, океандар желим таштандылардын саны балыктардын санына караганда көбөйүп кетиши мүмкүн. Бул тууралуу маалыматты Еuronews.com жазып чыкты. Алсак Жер Ортолук деңизинен бир жылдын ичинде 24 млн тонна желим бөтөлкөлөрдүн таштандылары чыгарылат. Алардын төрттөн бири гана океандын түбүнө түшүп кетет. Бул көрүнүш ...

0 439

Короз соттолду, мындан ары тоокканадан чыкпайт

12-июль 2019, 11:33 Кызгалдак Жакыпова

Мындан бир нече күн мурун “бакырчаак” короздун айынан Францияда эки кошуна соттошуп жатканы тууралуу дүйнө жүзүнө маалымат кеткен эле. Швейцариянын Цюрих шаарынын тургуну кошунасын тоокан ачып алгандыгына байланыштуу сотко берген. Доогер сотко кошунасынын корозу тез-тез өтө каттуу үн чыгарып кыйкыра берет деп арызданган. Ал тургай кошунасынын тоогу бир саат ичинде 14 жолудан 44гө чейин кыйкыргандыгын аныктап чыккан.

0 301

Президент Р. Т. Эрдоган твиттер эсебинен Сребреница геноциди тууралуу маалымат берди

12-июль 2019, 12:18 Кызгалдак Жакыпова

Президент Р. Т. Эрдоган Сребреница геноцидинин тарыхта эч унутулбай тургандыгын белгиледи. Эрдоган Босния Герцеговинанын чыгышындагы Сребреницада 1995 - жылы болгон геноциддин 24 жылдыгынан улам твиттер эсебинен маалымат берди. Бул тууралуу трт.нет жазып чыкты.  Президент Эрдоган маалыматында: «Европанын көз алдында болгон жана 8 миң 372 күнөөсүз кишинин өлүмүнө себеп болгон Сребреница геноциди тарыхта эч качан унутулбайт. 24 - жылында Сребреница геноцидинде шейит болгон босниялык ...

0 265

Forbes эң көп акча тапкан атактуулардын рейтингин жарыялады

11-июль 2019, 19:47 Кызгалдак Жакыпова

Американын Forbes басылмасы эң көп акча тапкан белгилүү адамдардын быйылкы рейтингин жарыялады. Бул жылы тизменин сап башына ырчы жана актриса Тейлор Свифт жайгашкан. Анын бир жылдык кирешеси 185 миллион долларды түзгөн. Экинчи орунга Ким Кардашьяндын сиңдиси, «Кардашьяндар үй-бүлөсү» реалити-шоусунун катышуучусу Кайли Женнер жазылган. Ал бир жыл ичинде 170 миллион доллар тапкан. Рейтингдин үчүнчү сабына 150 миллион доллары менен рэпер ...

0 213

Өзбекстанда адамдын жетиле элек клеткаларын сактоочу банк түзүлөт

10-июль 2019, 14:53 Кызгалдак Жакыпова

Өзбекстанда Алдыңкы технологиялар борборунун базасында адамдын жетиле элек клеткалары сактала турган банк түзүү пландалууда. Мындай демилгени өлкөнүн Инновациялык өнүгүү министрлиги көтөрүп чыкты. Маалыматтарга караганда, банк реестри өлкөдөгү профилдик медициналык мекемелерге анемия, онкология сыяктуу олуттуу оорулар менен жабыркаган бейтаптар үчүн жетиле элек клеткалардын үлгүлөрү бар - жоктугу тууралуу маалыматтарды берип турат. Өлкөнүн Инновациялык өнүгүү министрлигинен билдиришкендей, лейкоз оорусу күчөп, адамдын баш ...

0 345

Белиз чоң көк тешиги

09-июль 2019, 11:35 Кызгалдак Жакыпова

Жер жүзүндөгү дагы таң калтыруучу жерлердин бири - бул Юкатан жарым аралына жакын, Лайтхаус - Рифтин борборунда жайгашкан - Чоң көк тешик. Бул тешик француз изилдөөчүсү Жак - Иву Кустонун жардамы менен бүтүндөй дүйнөгө атагы чыккан. Ал диаметри 305 м жана 120 м тереңдиктеги куйгуч сыяктуу. Учурда дүйнөдөгү дайвинг үчүн мыкты жайлардын бири. Булак: Факты.kg  

09-июль 2019, 11:35 | 345
0 261

Кытайдын түстүү тоолору

09-июль 2019, 11:21 Кызгалдак Жакыпова

Кытайдын Чжанъе Данксиа тоолору Кытайдын Ганьсу провинциясында жайгашкан. Бул тоолор ар түстүү боекторго боёлуп, туристтерди өзүнө көп тарткан аймак болуп саналат. Чжанъе Данксиа тоолору дүйнөлүк мурастардын тизмесине киргизилген. Булак: Факты.kg  

09-июль 2019, 11:21 | 261
0 669

Зеленский жыйында англис тилинде сөз сүйлөп шылдың болду

07-июль 2019, 14:38 Кызгалдак Жакыпова

Украинанын президенти Владимир Зеленский Канададагы жыйында англис тилинде сөз сүйлөп, конференциянын катышуучуларына шылдың болду. Бул тууралуу бир катар чет элдик басылмалар жазышууда. Ал англис тилинде: --Салам Канаданын урматуу премьер-министри Джастин Трюдо, урматуу достор, айымдар жана мырзалар! Болду! Калганы украин тилинде” деген саламдашуусу жыйындын катышуучуларына маанай тартуулады. Ошондой эле сөзүнүн аягында Украинаны Европага көчүрүп, НАТОнун стандарттарына ылайык армия түптөөгө даяр экенин билдирген видеосу социалдык ...

Жарнама үчүн орун!
600 x 50
0 329

Назарбаевдин жээн небереси Лондондо баңгизат чегип, полицияга кол салды деп кармалды

07-июль 2019, 12:42 Кызгалдак Жакыпова

Лондондун Сазарк районунда королдук сот 28 жаштагы Айсултан Назарбаевдин ишин карады. Казакстандын экс-президентинин жээни баңгизат чегип алып, полицияга каршылык көрсөтүп, тиш салган деп айыпталууда. Айсултан Назарбаев - экс-президенттин улуу кызы Дарига Назарбаева менен анын качкында жүрүп, бөтөн жерде каза болгон күйөө баласы Рахат Алиевдин баласы. Ал Сандхерсте Королдук академияны бүтүргөн. Назарбаевдин небересинин иши боюнча алгачкы сот жыйыны 4-июлда башталды. ...

0 3142

Кыяс Молдокасымов: "Шавкат Мирзиёевдин кыргызга жасаган өзгөчө мамилеси"

02-июль 2019, 19:28 Кызгалдак Жакыпова

Белгилүү тарыхчы, журналист Кыяс Молдокасымов Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёевдин кыргызга жасаган өзгөчө мамилеси тууралуу жазып чыкты.  Өзбек Республикасынын Президенти Шавкат Миромонович Мирзиёев кыска убакытта эле чыныгы лидер экенин көргөзүп, Өзбекстанды өзгөртүүгө батыл киришип, өнүгүүгө кенен жол ачып бере алды. Ал ошол эле учурда кылымдар бою кошуна жашаган кыргыз элине өзгөчө урмат көргөзөөрүн иш жүзүндө ырастады. Аны кыргыз эли туу туткан ...

Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83