www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Эл пикир
0 902

Атамбаевдин балдары тендерлерди дайыма утуп, электрди тейлешчү, эмичи?

09-октябрь 2019, 17:00 Темирлан Келдибеков

Атамбаев дайыма жаш кыздарды Башкы прокурор жана башка жооптуу иштерге кое турган. Ушул күндөрү Атамбаевдин сулуулары тергөөгө чакырылып, жооп берип жатышат, бирок сулуулар мыкты экен, «сынган жок». Ал эми Атамбаев жерге сууга тийгизбей мактап жүргөн «Баатырлары» четинен «сынып» Атамбаевге каршы көрсөтмөлөрдү бере баштады. Президент учурунда өз балдарын бийликке жакын жолотпогону менен электрден бекер түшкөн миллиондор капчыктарына түшүп турчу. Өкмөт тендерлерди ...

0 700

Атамбаев Батукаевдин иши боюнча канча жылга кесилип кетиши ыктымал?

09-октябрь 2019, 15:55 Темирлан Келдибеков

Эл оозунда айтылган кеп боюнча Алмазбек Атамбаев 10 жылдан 20 жылга чейин камалып кетиши мүмкүн. Батукаевдин иши боюнча ачылган кылмыш иштери алты жыл кеч болсо да тамам болуп баратат. Батукаевдин иши боюнча 19 адамга кылмыш козголуп 27-сентябрда Башкы прокуратурага өткөрүлүп берилген. Бул иш боюнча кылмыш иши жүрөктү солкулдаткан чоң мансаптагы адамдарга козголгон: Атамбаев Алмазбек - ал кезде Кыргыз Республикасынын ...

0 398

Опурулган Опумбаев УКМКнын башчылыгынан кетет дейби?

07-октябрь 2019, 15:56 Алтын Булат

Ушул жума ичинде УКМК башчысы Орозбек Опумбаев кызматтан кете турганы айтыла баштады. Учурда бул маалыматка ишенбегендер, таң калган жана алдын ала куттуктап ийгендер дагы бар. Ал эми азырынча, Опумбаевдин кете турган себептери айтыла элек. Анткен менен Ак үй, Көк үй тараптан күбүрт-шыбырт угулгансыйт. Эми буга Опумбаевдин “опкасынан” сайылган операциялары себеп болгон өңдүү. Эске салсак, Кой-Таштагы №1 тероррчу кармалгандан кийинки ...

0 647

Алтын балык же кара-кулжалыктын таз күйөө баласы жөнүндө жаңы стилде жомок

07-октябрь 2019, 15:19 Темирлан Келдибеков

БЧКнын боюнда, Бишкек шаардын койнунда. Акысын төлөп кепеде, Жылдызы жанган чекеде. Жашоочу экен жеке таз, Кара-Кулжадан экен жубай шак, Талгак болуп балыкка, Таап кел деп аны кубалайт. Базарга барып алалбай, Балыкты издеп таба албай, БЧКга жөнөйт дейт, Кайырмак, торун кармалай. БЧКга барыптыр, Кайырмагын салыптыр. Калчылдап абдан үшүптүр, Караса алтын балык түшүптүр. Алтын балык кеп айтат,

0 456

Эски бийлик менен жаңы бийлик бири–биринин белин сындыргысы келди. 1-таймда эски бийлик мертинди...

02-октябрь 2019, 12:32 Темирлан Келдибеков

Атамбаевдик бийлик менен андан кийинки бийликтин ортосунда шахмат боюнча кармашуу болду. Атамбаевдик бийлик күтүлбөгөн жерден катуу цейтнот менен 1-таймда жеңилүүгө учурады. 2-тайм да алдыда, бул таймда кимдер ойногону менен тааныштыра кетели:   Каралар Король Алмазбек Атамбаев Карасанатайлык менен кара өзгөй, кара саясат  жүргүзүп, кара жол менен бийликке келип, кандуу кара жол менен бийликтен кеткен Атамбаев, алты жыл ичинде кыргыз элинин башына кара күн түшүрдү. Кара ...

0 400

5 миллион жеген Албек Ибраимовго “Азаттыктын” кандай тиешеси бар?

01-октябрь 2019, 14:16 Темирлан Келдибеков

Албек Ибраимовдун алкымынан ”Манас” аэропортунан 5 миллион доллар чуркурап өтүп кеткен. Албек Ибраимовду “Манас” аэропорту менен коргогон Венера Жуматаеванын бул акчага тиешеси жокпу? “Азаттык” үн алгысынын мурунку кызматкери Элнура Алканованын айтуусунда: “Манас” аэропортунун айланасында болуп жаткан  “киргил схемаларды”, “Манас” аэропортунун ал кездеги жетекчиси Албек Ибраимовдун кызыктуу бизнестерин каза баштаганда, балким ошол жерди “аштоо” кылып алганбы Венера Жуматаева аны кызматынан ...

0 397

Жаңы парламентке тизмелер такталып жатат, азыркы депутаттардын көбү ай-талаада калчудай

01-октябрь 2019, 11:32 Темирлан Келдибеков

Философияда таанууну таануу деген мыйзам бар, ушуну негиздесек парламентке өмүр бою жабышып албай, жаңырып туруш керек, жок дегенде теңме-теңи. Азыркы учур өзгөчө, анткени, “Ата-Мекен” партиясынан башкаларынын тагдыры Чуңкурчак жайлоосунда чечилгени бышык. СДПК менен “Кыргызстан” партияларынын тизмесин Атамбаев айлана-тегереги аркылуу түзсө, “РАЖ”, “Бир бол”, “Өнүгүү-Прогресс” партияларынын тизмесин бир сыйра карап, аларга парламентке өтүшүнө “добро” берген. Бир гана Мелис Мырзакматовдун “Улуттар Биримдиги” ...

0 303

Кыргызстанда коррупцияга каршы күрөшкөндөр барбы?

02-октябрь 2019, 13:18 Темирлан Келдибеков

Коррупция дүйнөдөгү бардык өлкөлөрдө бар. Бирок анын деңгээли канчалык, коррупция деген аз-аздап жана коррупциянын баткагына тыгылган мамлекеттер бар. Канчалык коррупциясы аз мамлекеттерде, ошончолук адамдардын жашоо деңгээли жогору, канчалык мамлекет коррупциялашып кетсе, ошончолук элдин шору. Кыргыздар ким коррупция менен күрөшсө, бутунан тартып турабыз Раим Матраимовдун Бажыга төрага орунбасары болуп келиши Атамбаевдин Бажыда калыптанып калган, чирип калган ишмердүүлүгүнө катуу сокку урган. Атамбаевдин ...

0 1521

Бабановдун кылмыштуулар дүйнөсүнүн кримтөбөлдөрү менен кандай байланышы бар?

20-сентябрь 2019, 15:28 Темирлан Келдибеков

Эки жыл мурун 2017-жылы сентябрда президенттик шайлоо алдында кылмыштуулар дүйнөсүнүн кримтөбөлдөрү Кыргызстанга Бабановду колдойбуз деп самсып келе баштаган. Кыргызстан КМШдагы демократиялуу жана ачык-айкын саясый системасы бар өлкө болуп саналат эмеспи. Ошону менен катар эле шайлоодо сырткы күчтөрдүн кийлигише кете турганы да маалим. Маселен, Казакстандын жараны, бизге токмоктук «граф» деген каймана ат менен таанымал олигарх Алижан Ибрагимов жана Россиянын чечен ...

0 1900

Сулайман Кочкорбаев, "жинолог": "Аялдар эркектерди окутуп "жинди" кылышат"

19-сентябрь 2019, 17:05 Айдар Нуралиев

Жин деген ааламдын бар экени чындык деген жин чыгаруучу Сулайман Кочкорбаев өзүнүн социалдык баракчасы аркылуу төмөнкү ою менен бөлүшкөн. Кызыгы ал өзүн "жинолог", деп атап жазган. Төмөндө жинолог Кочкорбаевдин пикирин окурмандарга сунуштайбыз.  "Кара магия" дегендер ошол кара жиндер менен зулумдуктун үстүндө шерик болуп иштеген адамдар. Кудайдан коркпогон бийликтегилерде, базардагы соодагерлерде, кумарпоздордун басымдуу бөлүгүндө ошол кара жиндердин кызматынан пайдалануучу тумарлары болот!

0 332

Кечээ Бабановго кошулуп, Жээнбековго «суу куюп» жаткан Жайнак Үсөн уулу, бүгүн кимдерге «суу куюп» жатты экен?

20-сентябрь 2019, 12:15 Темирлан Келдибеков

Жайнак Үсөн уулунун НТСтен  КТРКга келгенине “майлай турган убак” ѳтүп кетти. Эми Жайнак Үсөн уулу улам-улам эле “ким майлап келет” деп, “камок” жакты жал-жал карай бербей, иштей турган убагы келди. Чындыгы ал Бабановдун НТС каналынан келгенин элдин бары билет. Ошондуктан, кыргыз өкмөтү менен орус өкмөтүнүн 2015-жылдын 28-марттагы келишиминин жана Кыргыз Республикасынын Президентинин 2016-жылынын 29-январдагы Указынын  негизинде орусиялык 1-телеканалды Кыргызстанга таркатыш ...

0 1307

Атамбаевдин Тажикстан тууралуу СИЗОдо секин-секин үнү угулат, Сапар Исаков эмне дейт?

02-октябрь 2019, 13:20 Темирлан Келдибеков

Тажикстанда болуп жаткан окуялар Атамбаевдин төбө чачын тик тургузуп жатыптыр. Эми ойгонгон  Атамбаевдин бул жерде стабилдүүлүк орнорууна ишеними чоң экен. Анын айтуусунда азыркы бийлик анын тарапташтары менен күрөшүүнү токтотуп, өлкөнүн коопсуздугу боюнча түзүлүп жаткан курч кырдаалдарды тез аранын ичинде чечиш керек экен. Бул тууралуу Facebook социалдык тармактарына уулу Кадырбек Атамбаевден айттырып жиберген. Атамбаевдин айткандары туура, бирок эмнеге өзү президент болуп турганда ...

0 1388

Саймалуу-Таштагы аялуу жерибизди Эмил Бусурманкулов Кытайларга сатып жибердиби?

16-сентябрь 2019, 14:26 Кызгалдак Жакыпова

Саймалуу - Ташта алтын кени бар экенин байыртан эле белгилүү. Лекин, Саймалуу - Ташта алтындан да кымбат байыркы эстеликтерибиз турат. Ошондуктан, мындай баалуу эстеликтерибизди сактап калышыбыз үчүн, “Макмалалтындын” алтын кени түгөнсө да коомчулук Саймалуу-Ташка кол тийгизбей сактап турган. “Бузулган машинадай болгон” Бусурманкуловдун  өкмөттүн аппарат жетекчисинин орун басарлыгына келиши менен Саймалуу-Таштын баалуулугуна кол шилтенди, кыргыз эмес дүйнөгө баалуу эстеликтерибиз алтын ...

0 1141

Бабановдун мойнуна казак олигархы Утемуратов минип алып кыргызга каршы тукурган

12-сентябрь 2019, 10:23 Кызгалдак Жакыпова

2001-жылы Эл аралык Көк бөрү федерациясы уюшулган. Кыргыздар Көк бөрү боюнча биринчиликти бербей келишкен. Казактар 2017-жылы Бабановдун артын жалап жүргөн “Көк бөрү” федерациясынын президенти Канат Исаевди сатып алышып, Көк бөрүнү казакташтырып “Көк пар” аташып кыргызга каршы эл аралык чемпионат уюштурат. “Көк пардын” биринчи чемипионатын казак олигархы Булат Утемуратов жетектеп, бул чемпионатка   Бабановду президенттик шайлоодо казактар жардам берет ...

0 280

Атамбаевди качан анын бийлиги учурунда коррупцияланышкан СДПК партиясынын мүчөлүгүнөн чыгарышат?

11-сентябрь 2019, 11:47 Кызгалдак Жакыпова

СДПК партиясы 1993-жылы Амангелди Муралиев, Жумабек Ибраимов, Абдыганы Эркебаев тарабынан радикалдуу оппозициялык партиялар менен бийликтин ортосундагы, оңго да, солго да кошулбаган борбордук, конструктивдүү партия катары Москва менен КГБнын генералы Жумабек Асанкулов жардамы менен түзүлгөн. СДПКнын штабын ал кезде жаш саясатчы Акылбек Жапаров ээлеп, 2000-жылкы парламенттик шайлоодо партиялык тизменин негизинде депутат болот. Атамбаев СДПКны менчиктештирип алат. Айрыкча, Атамбаевдин президенттик убагында ...

0 955

Бир көзү Атамбаевди эңсеп, бир көзү Атамбаевге каршы, “тыңчы” сөрөй Кененбаева ачка калды

09-сентябрь 2019, 11:54 Кызгалдак Жакыпова

Атамбаевге каршы иштеген жерди жал-жал тиктеген Кененбаева “СДПК Атамбаеви жок” деген ураан алдында иштеп жаткан Сагынбек Абдрахманов менен кызматташып, Атамбаевге каршы иш жүргүзүп жаткан. Эмнегедир ал бул жерде кызмат тепкичинен тез көтөрүлүп, айтканын бары айкүр туруп, “өзүм хан, өзүм бий” деңгээлине жетип, бул жерде СДПКны өзү билип калган. 2019-жылы 3-апрелде СДПКнын жыйынында Саясий Кеңеш мындан ары азыркы бийлик, компетенттүү ...

Жарнама үчүн орун!
600 x 50
0 1500

Депутаттар А.Артыков, И.Карамушкина, А. Кодуранова, М.Мадеминов жана К.Орозовалар  СДПК партиясынан чыгарылды

09-сентябрь 2019, 11:46 Кызгалдак Жакыпова

СДПКнын Саясий Кеңешинин жекшемби күнү өткөрүлгөн жыйынында Кой-Таш айылында Кыргыз Республикасынын бүтүндүгүнө коркунуч туудуруп, адам өлүмү менен коштолгон кандуу башаламандыкка жол бергени үчүн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин СДПК фракциясынын мүчөлөрү, депутаттар Анвар Артыков, Ирина Карамушкина, Асел Кодуранова, Мурадил Мадеминов жана Карамат Орозовалар  СДПК партиясынан чыгарылды. СДПКнын Саясий Кеңешинин контруктивдүү иштеген тобу апрелде болуп өткөн жыйынында жакшы ой-максаттарды сунуш кылган, ...

0 693

Карганбек Самаковдон 100 миң доллар талап кылган Кылычбек Арпачиев кылычын кайра кайрамай болду

09-сентябрь 2019, 15:18 Кызгалдак Жакыпова

Атамбаевдин убагында “Манас” орденин кимдер алды: өкмөт башчысы Сапар Исаков, президенттик аппарат жетекчиси Фарид  Ниязов, Атамбаевдин жок ата-тегин жасамалап чыгарып даңазалаган Кыяз Молдокасымов. Таң, “Манас” ордени кошоматты жакшы айткандарга берилеби? Эмне үчүн Карганбек Самаковго “Манас” орденин ыроологон жок. “Манас” орденин тим койолу, анын артынан түшүп, камап үнүн жаап койду. Деги, Карганбек Самаков ким? Кыргыздын ала кийиз, шырдагын ЮНЕСКОго каттатып ...

0 3644

АУДИО - Президент Сооронбай Жээнбеков өзүнө көр казып жаткан жокпу?

Аудиофайл 06-сентябрь 2019, 12:49 Кызгалдак Жакыпова

Акыркы мезгилде болуп жаткан саясий окуялар президенттик аппараттын буга чейин болуп жаткан ийгиликтүү иштерине караңгы түшүрүп жаткандай: 1.Германиянын бир убактагы гениалдуу канцлери Отто Бисмарк айткан: “Бийлик келет, кетет, немец эли кала берет”- деп. Бул бизге да тиешелүү. Атамбаевди камоо менен бийликтеги айрым "эки тарапка ойногон саткындар" терең ойлоно баштады. Анткени Атамбаев, бийликте турганда оюна келгенди оттоп, оозуна келгенди майсаңдады. Эки элдин ...

0 2528

Бабановду Кыргызстанга ким алып келди?

06-сентябрь 2019, 10:38 Кызгалдак Жакыпова

Мойнуна кылмыш беренелери илинип,  жүрөгүн Рысбекке алдырып ийип, момпосуйдай монтоюп Москвада жүргөн Бабанов “абиси” Атамбаев камалаар менен Кыргызстанда пайда болду. Жүрөгү жок неме бирөөнүн таянычы болбосо батынып Кыргызстанга кире албайт эле, деги ким Бабановду колдоду деген күмөн ой көпчүлүктө пайда болду: Ак үй. Азыркы бийлик Атамбаевди камап араң кутулду, Текебаев деген тентеги да камактан бошотулду, Бабанов деген “волокитанын” ...

0 525

АУДИО - Мелис Аспеков: Кара-Балтадагы кытайлар кыргыз мыйзамдарын "уруп ойношпойт"

Аудиофайл 05-сентябрь 2019, 18:02 Алтын Булат

Кара-Балтадагы “Жунда” заводу өз билимдик кылып, санитардык нормаларды бузуп жатат. Бул тууралу жарандык активист Мелис Аспеков NazarNews.kg сайтына билдирди. Айтымында, жергиликтүү тургундар ага телефон чалып, жеринде иликтеп берүүнү суранышкан.  Активистке жеткен маалыматтарга караганда, кытайлар заводдун айланасындагы дачаларды сатып алышкан. Учурда документ боюнча 18 гектардай жер, 11 кашар калган. Муну “Чайна Петрол Компани (Жунда)” 2013-жылы 800 миң АКШ долларга сатып ...

0 706

АУДИО - “Азаттык”  элге маалымат бербей эле, В. Жуматаева менен Атамбаевдин менчик “кара пиарчысына” айланды

Аудиофайл 05-сентябрь 2019, 14:19 Кызгалдак Жакыпова

“Азаттык” үн алгысын эки жетекчиси бар: Бири эркектин уругун сээп кетсе эле, жыбырап наристелер бажырайып чыга калчу асыл жер Ат-Башынын кулуну, “Азаттыкка” гана эмес, кыргызга Шаа Ата (духовный отец) боло турган руханий жетекчиси Шайлообек Дүйшеев. Илгери оруста Лев Толстой деген “великий” гений болгон, накта Шаа Ата эле, анын айткандары ак падышадан өйдө турчу. Шакемдин айткандарын ...

0 769

Кытайга бүгүлүп ийилгендер Ли Бого эстелик тургузуп, бул жер илгери кытайдыкы болчу деген ишарат берип жаткандай

04-сентябрь 2019, 15:01 Кызгалдак Жакыпова

Бир убакта Бишкек мэри Нариман Түлеев кытайлыктарга эстелик курам деп, түнү менен бузуп, жоготкон. Көктөмдун ала шалбыртында көктөгөн чор тамандардын Чоротегин чоорун тартып жүрөт. Президенттердин ата-тегин иликтеп, жок болсо ата-бабасын таап, же кытайлыктарга жагынып Ли-Бонун эстелигин Кыргызстанга курабыз деген кээ бир ата-теги кул, өзү акчанын кулу болгон тарыхчылардан айырмаланып накта манаптын тукуму. Ошол үчүн ала шалбыртта баштаган туулган күнү ...

0 509

Бабанов күрддөрдүн жээни, окшоштугу күрддөр Бабан эмиратын түзүптүр

04-сентябрь 2019, 12:12 Кызгалдак Жакыпова

Күрд княздыгы бир учурда Бабан эмираты аталган. Күрд княздыгы 1649-жылдан 1850-жылга чейин азыркы Ирак менен батыш Ирандын аймагында болгон экен. Бабан эмиратынын борбору Сулеймания шаары болгон. 17-19-кылымда Бабан эмираты түрктөргө каршы согушка активдүү катышканы айтылат. Бабан эмиратын азыркы күрддөр аль-Бабан атаса, түрктөр Бабанлар же Бабанзаде атайт экен, кыргыздардын Бабан менен иши жок, орустар көптүк иретинде Бабанов деп аташы мүмкүн. XIX кылымда ...

0 3921

Аракечтик синдромунан арылтуу үчүн Атамбаевге массаж жасап берчү сулуу мансаптуу кызматта

03-сентябрь 2019, 15:22 Кызгалдак Жакыпова

2010-жылдын 7-апрели кимдир бирөөлөргө жакындарынан айрылып кайгы алып келди, кимдир бирөөлөр, жашынып жүрүшүп, бул күнү мансаптуу бийликке келишти да “потолокко” түкүрүп коюшуп, эсирип көбүштү. Кыргызда салт бар адам өлүп жатканда киринбейт, чын эле адам каза болуп жатса ким киринип жатмак эле. 7-апрелде жүздөгөн жигиттер курман болуп жатса, Убактылуу Өкмөттүн төрайымынын биринчи орун басарын мелжеп турган Алмазбек Атамбаев: “Мен СИЗОдон ...

1 862

Депутат Бабанов учурунда эмне үчүн премьер Жээнбековдон өзүн өйдө туткан?

02-сентябрь 2019, 12:24 Кызгалдак Жакыпова

Депутат Бабанов аферист-казак олигархы Кайсар Абылкасымовдун колундагы куурчагы, клоуну гана болгон. Бабанов өкмөт башчысы болгон учурда Кайсар гана Кыргызстанды билип калган. Ал мезгилде Сооронбай Жээнбеков Ош облусунун губернатору болгон. 2017-жылы премьер Жээнбековдун экономикага терең киришкени, эл алдында өсүп бараткан кадыр-баркы Бабановду чоочутат, кыргыз жигиттеринин өсүп баратканын көрө албаган, ичинде ит уулуп жаткан, ичи таар депутат Бабановго президенттик жарышта атаандашы боло ...

0 9803

АУДИО - Бабановду Рысбек өң-алеттен кетирип,купкуу кылып,кан кустуруп, жүрөгүн алып койгон

Аудиофайл 03-сентябрь 2019, 09:10 Кызгалдак Жакыпова

Бабановдун мээси бар, байлыгы бар, бирок жүрөгү жок. 2005-жылы октябрда Рысбек Акматбаевдин иниси ЖК депутаты Тынчтыкбек Акматбаев түрмөлөрдү текшерип жүрүп Батукаев тарабынан жырткычтык менен өлтүрүлөт. ЖКнын депуттары ал кездеги депутат, азыркы президент баш болуп, биринчиден кыргызчылык кылып, экинчиден, Рысбек Акматбаевге эсептелиш үчүн, ар бири анын колун кармап, көңүл айтып келишет. Жети дубан эл келип жаткан соң, Болот Шерниязов баш ...

0 4138

БОЛГОН ОКУЯ: Аялымды тарттырып жибердим...

27-август 2019, 12:51 Кызгалдак Жакыпова

Мен үйлөнгөндө айылдын баары уу-дуу болуп, аялымдын сулуу экенин аңыз кылып айтып бүтпөй калышкан. Бул мен үчүн абдан чоң кубаныч эле. Кездешкен байкелердин баары эле "келин бала абдан сулуу экен. Издеп жүрүп тапкансың го, далай кыз сыныңан өткөн окшойт ээ" деп калышчу. Инилер болсо "Жеңени карап алып эле келечектеги аялыбызды элестетип калдык" деп тамашалап отурушчу. Келинчегимдин бою меникинен кичине ...

0 433

Устатына ашык болгон студент кыздын баяны

4- курстун студент кызы өзүнүн агайына ашык болуп, ага ушул күнгө чейин сезимин айтпастан жашырып келээрин  anonymos_forum сайтына шилтеме калтырган. -- “Мен окуу жайымдагы устатыма 2- курсатан бери ашык болуп келемин. Жашы 27-30 чамасындагы бойдок, шайыр мырза”,- деди сулуу. Бойжеткен кыз сүйгөнүнө сезимин билдирүүдөн тартынат. -- “Бир күнү студенттер менен компьютер бөлүмүндө чогулуп калдык. Агайым жаныбыздан өтмөкчү болуп белимен аяр сылап өттү. Мен бул ...

0 809

Табып Хашим Зайналиев Президентке Кайрылуу жасады

16-май 2019, 09:04 Айдар Нуралиев

Элдик табып катары таанылып, кийинчерээк ээлди алдоого шектелип, СИЗОдо 1 ай камалып,кайра бошотулган Хашим Зайналиев интернет аркылуу Президентке Кайрылуу жасады!Төмөндө Хашым табыптын интернеттеги кайрылуусун эч өзгөртүүсүз беребиз. Урматтуу Президент!!!  Мен 1 ай СИЗО до жатканым жөнүндө кабарыңыз бар. Ошол 1 ай ичинде камалып жаткандардын көбү менен сүйлөштүм, алардын көпчүлүгү ошол СИЗО до камалып жатууга ылайык келбейт. Алардын ичинде эне сүтү оозунан ...

0 543

Сүйүнчү! Мамашова кыргызча сүйлөй баштады!

04-февраль 2019, 10:43 Кызгалдак Жакыпова

Кыргыз тилинин кадыры өспөй, эгемендик алгандан бери өгөйлөнүп келе жатканы эч кимге деле жашыруун эмес. Маселен, көчөдөгү көрнөк-жарнактарды көргөндө жүрөгүң ооруп, жүлүнүн зыркырайт. Андан дагы кейиштүүсү, кыргыздын тыңчыкма кыз-жигиттери өз тилин жээрип, өзгөнүн тилин даңктаганда өлбөгөн гана төрт шыйрагың калат экен. Негизи, эне тилибизди өзүбүз кастарлабасак, бирөө келип көкөлөтүп бермек беле. Баса, буга чейин башка тилде божурап келген Жогорку Кеңештин депутаты Айсулуу Мамашова жакындан ...

0 1832

Эльмира Мадиева: Кийинки кезек кимдики болду экен? Дагы ким "Кумтөр" үчүн жанын сабап, садага чабылаар экен...

20-сентябрь 2017, 13:15 Перизат Кутманалиева

Белгилүү журналист Эльмира Мадиева бүгүнкү болуп жаткан окуялар жөнүндө өз пикирин Фейсбук баракчасы аркылуу төмөнкүдөй билдирди. "Кумтөр" биздеги алтындар түгөнмөйүнчө бутпөгөн тема болот окшойт. Учурда анын айынан атасы кайтыш болуп, атама топурак салдырабы же салдыбайбы?-деп ой-санаа, бук менен Садыр Жапаров түрмөдө отурат. "Кумтөр" кенин кайрадан тендерге коюу боюнча 2007-жылы Малиев Арсланбек мыйзам иштеп чыккан экен. Анда Камеко нөлдөн баштап жаны макулдашууга кол коюп,толугу менен ...

Жарнама үчүн орун!
600 x 50
0 1034

Кайрат Нуртастын иниси Аян Айгеримге үйлөндү

31-август 2017, 11:34 Жазгүл Урманбетова

Казакстандын белгилүү ырчысы Кайрат Нуртастын кичүү иниси үйлөндү. Бул тууралуу Nur.kz  маалымат агенттиги кабар берет. Ырчынын Аян аттуу иниси Айгерим аттуу кызды турмушка чакырган, ал экөө көп жылдан бери кыз-жигит болуп сүйлөшүп жүрүшкөн. Эки жупту куттуктайбыз деп Казакстандын төбөсү көрүнгөн жылдыздардын көпчүлүгү тойго келген. Ал эми той демекчи, ал Алматынын эң жакшы деп саналган ресторанында болуп өттү. Булак: NazarNews.kg

0 1247

Шайлообек Атазов, коомдук активист: “Жомок жана популизм”

31-август 2017, 01:23 Перизат Кутманалиева

Сапар Исаковдун “Жаңы доор- кырк кадам” программасы реалдуу турмушка ишке ашчудайбы же элди алагды кылыш үчүн жазылган программабы? -Сапар Исаковдун программасы депутат Каныбек Иманалиевдин берген суроолорундай эле окшойт. Чындыкты эске алсак, анда бул кадам эмес, көз боёмоочулук! Бул элди алдоо! Жомок жана популизм! Анда “Лиглас”, “Кумтөр”, тышкы карызыбыз, Дача-суу, таможныйдагы коррупциялык системалар, жумушсуздукту чечүү боюнча кадамдары жокко эсе. Булак: "Майдан кж"

0 1344

Суу, суу, суу керек: Чычкан аке, мышык аке, жолборс аке суу берчи! Бактуу-Долоноту айылынын тургундары 3 айдан бери таза суусу жок жашап жатышат!

16-август 2017, 20:21 Жазгүл Урманбетова

Урматтуу "NazarNews.kg" маалымат агенттиги! Сиздердин жамаатка кайрылганыбыздын себеби, биз Ысык-Көл районунун Бактуу-Долоноту айылынын тургундары 3 айдан бери таза суу жок жашап жатабыз. Сиздерге кайрылганыбыздын себеби, таза суу жоктугуна байланыштуу экинчи ирет кайрылып жатабыз. Себеби, суу чыгарып куруу курууга  1млн. 700 миң. сом бөлүнүп берилген эмес. Биздин кайрылуубуз акимге, облустун губернаторго, УКМКга, КР премьер-министрге, телевидениеге кайрылганыбыз текке кетти. 17 млн.сом бөлүнүп берилгенден жыйынтык чыккан жок. Дагы башка тийиштүү органдарга кайрылуубуздан ...

0 635

Элдин ишеними кимге ооп турат?

16-август 2017, 15:06 Перизат Кутманалиева

Президенттик шайлоо жакындагандан баштап Кыргызстандын саясий лидерлери кыйсыпыр түшүп даярдык көрүп жатышат. “Той болот, тойдун эртеси да болот” дегендей, шайлоого чейин канчасы калып канчасы кетет белгисиз. Ал эми шайлоонун аягына чейин кимдердин бара тургандары коомдук сурамжылоо аркылуу эле билинип калды. Мисалы, сурамжылоо жүргүзүп жаткан akipress.org жана super.kg интернет маалымат булактарынын 2017-жылдын 15- августтундагы алдыңкы бешиликтин жыйынтыгына карасак элдин ишеними Өмүрбек Бабановго ...

0 679

Шаирбек Маматокторов: Трайбалист Турсунбек Акун, бийликке кошомат айткандан көрө, Текебаевдин сотуна барып колдоп койбойбу?

15-август 2017, 16:47 Перизат Кутманалиева

Качан таза шайлоо болот? Бүгүн, Мелис Аспеков иним чакырган "Таза шайлоо2017" аттуу тегерек столго катыштым. Жана, уюштуруучулар кайра кайра эле качан таза шайлоо болот деп сурап жаттыңар.  Жөнөкөй мисал, бет маңдайда олтурган Турсунбек Акун сыяктуу кубулма, сатылма, ашмалтай ыплас трайбалисттерди мындай иш чарага кошпогондо. Акыйкатчы болуп шайланган Акун, алгачкы күндөн тартып түштүктүк кызматкерлерди жумуштан кууганын апараттын кызматкерлери тастыктап берет. Аны тастыктатпай эле, мына ...

0 744

Адилет Айтикеев президент тууралу мындай дейт...

15-август 2017, 14:23 Жазгүл Урманбетова

Журналист Адилет Айтикеев Фейсбуктагы баракчасына Алмазбек Атамбаевдин кетээрине ишениш кыйын. 2 айдан кийин шайлоо болот. Бирок анын иш-аракеттери кете турган президенттик аракетине окшобойт. Кете турган президенттик тактикасы таптакыр башкача болот. Каршылаштарын азайтууга, кечирим берүүгө, өзүнө карата нааразылыкты төмөндөтүүгө аракет жасайт. А бул жерде таптакыр башкача аракет болуп жатат. Анан калса Адахан Мадумаровдун шайлоого бойкот жарыялоого карата чакырыгы да өтө ойлонто турган ...

0 1948

Өмүрбек Бабанов тил комиссиясын канчага сатып алды?

Кыргыз тилин өтө деле жакшы билбеген Өмүрбек Бабанов мамлекеттик тил боюнча экзаменде эң жогорку балл алып оозубузду ачырды эле. Көрсө, көп өтпөй эле иштин чоо жайын билдик. Өмүрбек Бабанов тууралуу “ал күрд экен” деген сөздөргө каршы аргумент кылып, өзүн таза кандуу кыргыз катары тааныткысы келип комиссия мүчөлөрүнө чоң суммадагы акча берип, жогорку балл алыптыр. Экзаменде берилүүчү суроолордун жоопторун алдын ала берип ...

0 1370

Руслан Маматов: Ташиевдин бейнесине...

Урматтуу достор. Мен сыйлап урматтаган кыргыздын чыгаан мекенчил уулу Камчыбек Кыдыршаевич Ташиев.Менин жеке оюмда мамлекет башына ушундай мекенин сүйгөн ар бир кыргыз үчүн күйүп, жанын берүүгө даяр адамдар келиши керек. Бийликтин ак жерден каралоосуна карабай, карапайым калк арасында урмат сыйга ээ жана кадыр-баркы жагынан азыркы кондидаттарга салыштырмалуу алда канча жогору. Бир да жолу казынага кол салган же элдин ырыскысын жеген деген сөз айтылган эмес. Кыялы ...

0 1274

Төрөбаев менен Бабанов биригеби?

Президенттик шайлоо жакындаган сайын саясий эксперттер, аналитиктер кайсы талапкер шайлоодо көпчүлүк добушка ээ болуп жеңип чыгат деген маселенин айланасында ой толгошууда. Көпчүлүк эксперттер Өмүрбек Бабанов менен Бакыт Төрөбаевдин калк арасында кадыры жогору экенин, эгер бул эки талапкер мунасага келип бир күч катары шайлоого барышса, биринчи турдан жеңип чыгышмак дешүүдө. Ошол эле учурда, мындай сүйлөшүү жакынкы күндөрү болушу мүмкүндүгүн, экөө тил табашып калышса, ...

0 1046

Ата-Журт” менен эсептешпей туруп, саясат жасоо бүгүн мүмкүн эмес!

- “Ата-Журт” саясий партиясынын басып өткөн жолуна кандай баа бересиз? Анын өлкөдөгү демократиянын өнүгүшүнө кошкон салымын кандай баалайсыз? Лидерлери жөнүндө кандай пикирдесиз? Кайып Шери, апрель баатыры: “Бул жигиттердин жүрөгү эл үчүн күйүп турат...” - “Ата-Журт” мекенчил партия, башка партияларга караганда карапайым элге жакын. Бул айрыкча, 2010-жылы болгон Ош окуясында маалым болду. Ошондо, эл башына түшкөн кыйынчылыкты “Ата-Журт” партиясынын башында турган эки азаматы ...

0 1567

Коррупционерлердин колдору кесилеби, урматтуу президент?

Бишкек шаардык патрулдук милиция башкармалыгынын башчысы Талантбек Барпиевдин Айбек Эшенкулов аттуу аты бар, бирок карааны жок бирөөнү штатка киргизип, мамлекеттин эсебинен айлык берип жүргөнүн жазган элек. ИИМдин Коопсуздук кызматынын Искандар аттуу башчысы бул ишти көз көрүнөө эле жаап койду. Колуңардан «пок» келбейт деди окшойт сыягы. Урматтуу Алмазбек Шаршенович, коррупционерлер жазаланабы же тайраңдап жүрө беришеби? Карабайсызбы буларды, Барпиев өздөрү ич ара «депутат» ...

0 1288

Ажону айланасы адаштыра баштадыбы?

Чоң саясый аренада бүйүр кызыткан, асыресе талаштуу жагдай жаралганы турат. Биз бул жаатта ой калчап, калыс сын пикир менен туура багытты берүүнү эп көрдүк. Алмазбек Атамбаевдин Казань шаарында журналисттерге интервью бергендеги сөзү аябай эле таң калычтуу угулду. Президент: «Сентябрдын башында жаңы өкмөт дайындалып, ал 2020-жылга чейин иштейт» деди. Анын бул сөздөрү саясатчылар менен депутаттардын, окурмандардын көбүн «шок» кылды. Көп кишилерде: «Атамбаев ...

0 2428

Сабатсыз, башка партиялардын жасалгасын «уурдаган» Бакыт Төрөбаев үй-бүлөлүк башкарууну орнотобу?

«Жыгылсаң төөдөн жыгыл, буйласын кармай жыгыл» деген макалды Бакыт Төрөбаев кыязы аб-ы-ыдан жакшы көрөт окшойт. Чоң саясатка аттанганына азыноолак жыл болбой жатып, амбициясы көкүрөгүн тепкилеп «Мен президент болот элем» деп чыкты. Акыркы 2-3 жылдан бери карай «Фермерлерге, дыйкандарга бекер трактор таратам» деген пиарын катуу жүргүзүп, анан дагы президент болуу дымагын шайлоо жылы боло электе эле эртелеп билдирген. Мына ошол «Өнүгүү-Прогресс» партиясынын курултайы ...

0 2505

Турсунбеков президенттик креслону кыялданса, Ибраимов премьер болуунун амалына өттү

Эгер Алмазбек Атамбаев Конституцияны өзүнө ыңгайлаштырып, экинчи ирет шайлоого баруу менен ордунда калууга кам урса, бүгүнкүдөй КСДПнын ичиндеги бөлүнүп-жарылуу болбойт эле. Бирок, анда көпчүлүк катмардын нааразычылыгын жаратмак. Башта маани бербей жүргөнбүз. Көрсө, Чыныбай Турсунбековдун дымагы күчтүү тура. Ал президенттик шайлоого өз алдынча талапкер катары чыгуу үчүн позициясына катуу туруп, КСДПнын «мураскерине» каршты чыкканы түмөн түйшүктүү ойлорду жаратты. Кол бөлүнүп, карта бузулууда. ...

0 1903

Чыке тактыны эңсей баштады...

Жогорку Кеңештин төрагасы Чыныбай Турсунбеков акыркы жылдары саясатта өз ордун таба алды. Эл колдоосуна ээ болуп жарк деп чыга албаса да, саясий салмагы артып, жогорку бийлик чөйрөсүндөгү саясатчылар эсептеше турган деңгээлге жетти. Өзгөчө Жогорку Кеңештин спикери болгону, ар тараптан бышты. Экинин юири болуп, өлкөнүн бир тизгинин чоюп отурат. Амбиция ойгонду. Учурда президент болсом деп дегдей баштады. КСДП Өкмөт башчы Сооронбай Жээнбековдун ...

0 1148

Улуттук лидериң барбы, улутум?

Кыргыз элинин эртеңки бактысы, бейкут турмушу үчүн күрөшүүчүлөр Жусуп Абдрахманов, Ишенаалы Арабаев, Абдыкерим Сыдыков, Белек Солтоноев, Керим Кененбаев, Касым Тыныстанов, Эркинбек Эсенаманов, Жайнак Садаева, Мукаш Далбаев, Төрөкул Айтматов, Асанкан Жээнбаев, Баялы Исакеев, Токчоро Жолдошев, Осмонкул Алиев сыяктуу мыкты инсандарыбыз болгон. Алар кыргыз элинин мамлекеттүүлүгү, бүтүндүгү жана кемибестиги үчүн канын-жанын аябай күрөшкөн. 20-кылымда жарк эткен чагылгандай жаралган кыргыздын мыкты асыл тобу болгон. ...

Жарнама үчүн орун!
600 x 50
0 1016

Эски достордун «эрөөлү»

Жакында Талас шаарындагы А.Огонбаев атындагы музыкалык мектепте “Республика – Ата Журт” фракциясынын лидери Өмүрбек Бабановго жыйында айрым адамдар тарабынан “Өмүрбек Токтогулович, сиздердин фракциядан сунушталып шайланган Талас шаарынын мэри өз деңгээлинде иштей албай жатат, неге татыктуу талапкерлерди тандап сунуштаган жоксуңар? ” деген доомат айтылган. Дооматка жооп берип жатып, Өмүрбек Бабанов Талас шаарынын мурдагы мэри Анарбек Кушубековдун кызматтан кетишине Өкмөттүн облустагы ыйгарым укуктуу ...

27-июнь 2017, 10:52 | 1016
0 1234

Жолдубаева дагы суралабы?

Ленин райондук сотунда 23-июнь күнү Жогорку Кеңештин депутаты Аида Салянованын соту өттү. Соттун жүрүшүндө Салянованын адвокаты Чынара Жакупбекова:”Елисеев лицензиянын негизинде Латвияда фирма ачып иштөөгө мүмкүнчүлүк жаралды деп материалдарда жазылып турат. Иш козголгондон 2 күндөн кийин Латвияга маалым кат жиберилген. Бирок Латвиянын тиешелүү органы Башкы прокуратурага бул боюнча маалымат берүүдөн баш тарткан. Эч кандай далил жок “Елисеев Латвияда ошол узартылган лицензиянын жардамы менен ...

27-июнь 2017, 10:41 | 1234
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83