www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Эл пикир
0 1330

Бектурсун Алибеков, жеке ишкер: “Жакшы күлүктү көралбастар көп болот”

Ахматбек мырза менин назарымда ал ЖКда төрагалык қызматта турганда мамлекеттик тилибиз – кыргыз тилинин ЖКда өз ордун татыктуу ээлөөгө өбөлгө түзгөнү менен калды. Анткени ал ЖКга төрагалык кылган учурдан баштап депутаттарыбыз мамлекеттик тилибизге мамлекеттик мааниде мамиле кыла башташты. Бул талашсыз факт. Ушундан улам менде Ахматбек мырзага қарай биздин мамлекеттик символикабызга урмат- сый менен мамиле жасаган саясатчынын бейнеси жаралды. Тиги сотторубуздун өкүмдөрүнө ...

0 1333

Ибрагим Балтабаев, жеке ишкер: “Ахматбек Келдибеков саясатчы катары такшалган инсан”

Акматбек акени көптөн бери тааныйм. Анын эс тутумуна баа берем. Жеке адамдык мамилеси аябай жакшы киши. Саясатчы катары такшалган инсан деп ойлойм. Кесипкөй ишмер. Акмат аке менен 15 жылдай мурда сүйлөштүк эле. Ошо боюнча көрүшпөй 2013- жылы көрүшүп калдык кокусунан. Тааныбаса керек деп ойлоп эле отурдум эле. Баары эсинде экен. Чоң киши болуп калыпсың иним деп бир топ жакшы сөздөрүн айтты. ...

0 2476

Дайырбек Орунбеков, журналист: ”Президенттик кызматка даяр, бирок...”

Ахматбек Келдибековдун кемтиги менен жөнтөгү эмнеде? -Дайырбек Орунбеков, журналист: ”Президенттик кызматка даяр, бирок...” Ахматбек Келдибеков мамлекеттик кызматтардын тепкичтерин басып өткөн, тажрыйбасы, башкаруу жөндөмү, лидерлик харизмасы бар саясатчы. Экономиканы жана кризистен алып чыгуу механизмдерин түшүнөт. Ал Салык кызматын башкарганда, Соцфондго жетекчи болуп келгенде көрүнүктүү реформа кылган. Мисалы, ун, шекер менен камсыздоо, пенсия маселелерин жөнгө салган. Салык кызматында салык саясатын өзгөрткөн. Салык төлөмдөрүн азайтып, ...

1 9821

Эки аял алууга кыргыз эркектери татыксыз!

Коомчулукта акыркы убакта эки аялдуулукту мыйзамдаштыруу темасы ооздон түшпөй калды. Ата-бабалардын эки эмес, төрттөн аял алган салтына таянып, шарияттагы эрежелерди көзгө сая көрсөткөндөрдүн күнү тууду. Бирок, ал учурдун эркектери такыр башка болгонун билгилери келбейт. Бир таанышым «Эки аял алуу мыйзамдашса эле, экинчи аялды алып, отургузуп коем», – деп алаканын ышкалайт. «Экөөнү бирдей бага аласыңбы?» – деген суроого, көзүн алайтып, таң калып ...

2 18336

Дариха Ишанова:Атамбаев кетээр алдында кыргыздын жигиттерин кырмай болдубу?

Президент иш сапары менен Москвага барып, Путин менен жолугушуп келди. Москва карызын кечмей болуптур. Канча карыз экенибизди билбейм чынында. Бирок, дагы бир маанилүү сүйлөшүү жыйынтыгы Кыргызстан аскер күчтөрүн Сириядагы согушка жөнөтүү сунушталды. Жакында эле Өзбекстандын президенти Кытайга барып сүйлөшүү жүргүзүп, миллиарддаган долларлык инвестиция алып келген, элине керектүү. Атамбаев Кытайга барып ажалдуу жүк алып келип 40 адамдын жанын алды. Эми, Москвага ...

0 14819

Равшан Жээнбеков: “Кремль Атамбаев сунуштаган адамды колдобой койсо, ал адам өтө албай калат”

Атамбаев Орусияга келе жаткан президенттик шайлоодо бийлик партиясынын талапкери Сооронбай Жээнбековго бата алып келүү үчүн сапар жасадыбы? Анын бул аракети ишке ашабы?  – Менин көз карашым боюнча, Атамбаевдин Москвага болгон сапары өзүнөн кийинки бийликке келе турган адамды сүйлөшүп, анын талапкерлигин бекитип келүү деп ойлойм. Анткени, президенттер кетээр маалда мамлекеттик маселелер анча деле маанилүү болбой калат. Башкача айтканда жеке үй-бүлөсүнүн жана ушул кезге ...

0 5632

Эдил Байсалов: “Россиянын расмий жетекчилиги жана дипломаттары эч качан Атамбаевти жактырышкан эмес”

Атамбаев Орусияга келе жаткан президенттик шайлоодо бийлик партиясынын талапкери Сооронбай Жээнбековго бата алып келүү үчүн сапар жасадыбы? Анын бул аракети ишке ашабы? – Жок, андай эмес. Биринчиден, эмки президентти орустун жетекчилиги эмес, кыргыз эли шайлайт. Путин канча кыйын болбосун, ал бирөөнү бизге таңуулай албайт. Сооронбай Путиндин сүйгөн бир тууганы болгон күндө дагы. Путин менен Назарбаев Кыргызстандын башына жалпы элдин колдоосуна ээ, ...

0 1721

Сарпашев дагы былгыйбы?

Т.Сарпашов жетектеп кеткен Мамкаттоо кызматына караштуу Бишкек шаардык жерге орноштуруу жана кыймылсыз мүлктү каттоо башкармалыгынын, т.а. «Бишкекархитектура» мекемесинин кызмат адамдарына иш козголду. Алар Кылмыш-жаза кодексинин 304-беренеси (кызмат абалынан кыянат пайдалануу), 315-беренеси (кызматынан аша чабуу), 350-беренеси (документтерди жасоо, мамлекеттик сыйлыктарды, мөөр, штамп, бланкаларды даярдоо, колдонуу) менен айыпталууда. Бышыктай кетсек, 2016-жылы бул адамдар саламаттык сактоо мекемелерине таандык жерди жергиликтүү жаранга мыйзамсыз бергени жана Киев көчөсүндө ...

19-июнь 2017, 16:16 | 1721
0 2593

Албарсты элди бастыбы же маданият өкүлдөрүнбү?

“Маданият улуттун жүзү” – деп ар бир маданий иш чара болгон сайын какшанып айтып келебиз. Мына ошол маданиятты алып жүргөндөр кимдер деген суроого азыр жооп табуу кыйынга туруп калгандай. Анткени мындан он, он беш, жыйырма жыл мурун эле маданият өкүлдөрү десе биринчи сап башында турган ырчылардын жүзү эске келсе, алардын ырлары, дегеле текстине сөзү дал келип, жалпы коомчулукту бир багытка үгүттөгөндөй ...

0 1342

“Кыргыз темир жолу” вагон алуудан акча жасайбы?

Мамлекеттик “Кыргыз темир жолу” ишканасы Кыргыз-орус енүктүрүү фондунун акчасына 150 вагон сатып алууда. Бул боюнча тендер өтүп, жеңүүчү компания менен келишим түзүлүү алдында турат. Тендерге 4 компания катышып, Казакстандын “ЗИКСТО” компаниясы жеңүүчү деп табылган. 435 миллион сомго жаңы алынчу 150 вагон Жалал-Абад темир жол станциясына берилет. Ошондо бир вагон дээрлик 3 миллион сомдун тегерегинде алынат. Бул ашыкча кымбат десек болот. Сыягы, ...

0 1624

Бакиевдин байлыгы – кимден-кимге?

“Азаттыктын” “Ыңгайсыз суроолор” телеберүүсү Курманбек Бакиевге жана анын жакындарына таандык мүлктөрдүн чоо-жайын иликтеди.  2010-жылы Убактылуу өкмөттүн декрети менен Бакиевдерге жана алардын жакындарына таандык делген 47 объект улутташтырылганы белгилүү. Ушул убакка чейин алардын айрымдары мамлекетке өтсө, кай бирлери жеке колдорго сатылган. Сатып алууга кардар чыкпай, саргайган мүлктөр да жок эмес. Бакиевдердин Ысык-Көл жээгиндеги эле мүлктөрүн тизмектеп көрөлү. Алар: “Аврора Грин”, “Аврора плюс”, “Каприз” ...

3 17058

Жарык дүйнө менен кош айтышып баратып кемпир "Ажобуз айныды. Бекер камады"деп каргады

Урматтуу мекендештер! Мен бир кызык окуяны угуп, төбө чачым тик турду. Ошол окуяны сиздер менен бөлүшүүнү туура таптым. Таанышым ооруп жаткан кудагыйынын ал-акыбалын сураганы барып калат. Жашы 93тө экен. Ден-соолугун сурап отуруп калдык. Анан бир маалда эле кудагый апа: “бекер кылышты, бекер кылышты, – деп күңгүрөнүп сүйлөп калды дейт. – Аны камаштын кереги жок болчу. Атаңа наалат, бекер камашты…” “Кудагый, ...

1 1166

Каныбек Османалиевди капа кылбагылачы?

Жан-дүйнөсү назик адамдар, чыгармачыл инсандар, окумуштуулар кээде боорду эзген кылык-жоруктарды жасап, ар нерсени «балп» эттирип салышат эмеспи. Дегеним, экс-депутат, экс-министр Каныбек Осмоналиев социалдык тармактардагы жеке баракчасына: «Жумушсуз калсам «агалагандар» айлана — чекемден жок болуп кетишти. Үй-бүлөм менен эле бир туугандарым калышыптыр! Ошол «агалагандар» менден кутулуштубу же мен алардан кутулдумбу? Бирок, эмнегедир жеңилдей түшкөндөй болуп жүрөм!!!» — деген билдирүүсүн жазып чыкты. Баягы, депутат ...

0 2456

Биринчи май райондук администрациясында практикадан өтүү үчүн палас жууш керек

16-июнда Facebook'тун колдонуучусу Айкөкүл Маматова Бишкектин Биринчи май райондук администрациясына нааразычылыгын билдирген. Анын жазган маалыматына ылайык КР Президентине караштуу мамлекеттик башкаруу академиясынын студенти катары муниципалдык мекемеде 12-июнда окуу практикасы башталган. Ал эми анын эртеси "иш кагаздардын жалпы" бөлүмүнүн башчысы практиканттарга палас жуудурткан. Мындан улам студенттер саат 9:00до келишип, кечки 20:00до үйлөрүнө кетишкен. Бул көрүнүш 4 күн бою кайталанып, алар практикага тиешеси жок иштерди ...

0 6818

“Бербестин ашы бышпас” болуп, эки жылдан бери казактар бербей келаткан 100 млн доллар жардам бериле турган болду

Казак мажилиси Кыргызстанга бериле турган 100 миллион доллар боюнча келишимди колдоду. Бул тууралуу «Уласть» порталы маалымдайт. Эскерте кетсек, бул акчаны Казакстан Кыргызстанга Евразия экономикалык биримдигине кошулгандыгы үчүн техникалык жардам катары берет. Казакстандын финансы министри Бахыт Султановдун айтымында, жардам акчалай, жабдуу, товар жана кызмат түрүндө болот. Акчанын ар бир бөлүгүн которууда, өзүнчө келишим түзүлөт. Каражат ЕАЭБдин жол картасын ишке ашыруу жаатындагы чараларга гана ...

0 1987

Акылдан айныткан акылдуу эсептегичтер

Акыркы жылдары коомчулукта «Акылдуу эсептегич» боюнча нааразычылыктар аябай көбөйдү. Айбек Калиев башында турган «Энерго холдингдин» жетекчилери бул жагдайды жөн гана техникалык түшүнбөстүк катары карашып, элдин үнүнө кулак төшөгүлөрү келген жок. Тиешелүү укук коргоо органдары, жогорку бийлик жетекчилиги бул коррупция жыттанган схеманын түп-тамырын аңдап, талдоо жүргүзүп чара көрөлү дегенге жарашпады. Натыйжада, «Улуттук энергетикалык холдингдин» жетекчилиги «Акылдуу эсептегичтерди» Туркия, Кытайдан кылып ар кайсы өлкөдөн ар ...

Жарнама үчүн орун!
600 x 50
0 1298

Өкмөттөгүлөр адам өлгөндө иштейби?

Биринчи май районуна караштуу Ак Босого жаңы конушунун Чүй 39 көчөсүндөгү электр зымдары адамдардын коопсуздугуна коркунуч жаратууда. Электр зымдары карагайда эмес, чириген таяктарда илинип турганына он жылдын жүзү болуптур. Жергиликтүү тургундар арызданса эле өзүңөр акча чогултуп, карагай алгыла дешет экен. Бул эмне деген шумдук? Светке 50 сом карыз болсоң өпкөңдү үзүп туруп алышат. Эмне үчүн электр карагайларын орнотуп беришпейт? Сөзсүз эле кырсык басып ...

0 2281

Батыралиев космосто жашап жатабы?

Саламаттыкты сактоо министрлиги төрөт үйлөрүндө паракорлук жок дейт. Министрлик мыйзамга ылайык, боюнда бар, төрөй турган жана жаңы төрөгөн аялдарга бекер жардам берилээрин жар салып: «Медициналык кызматкерлер төрөтканага түшкөн аялдарга акчасына карата мамиле кыла албайт. Анткени дарыгердин башкы максаты — сапаттуу жардам көрсөтүү», – деп элдин оозун ачырды. Министр Талантбек Батыралиев Кыргызстанда жашабай эле космосто жүргөн го. Көчөгө чыгып келиндерден бир ооз төрөтканалар ...

0 919

“Коопсуз шаар” эмнеге иштебей жатат?

Акыркы беш ай ичинде катталган кырсыктардан 61 адам каза тапса, 1168 адам жабыр тарткан, анын ичинен жүргүнчү ташыган коомдук транспорттордон жабыркаганы 66 адамды түзгөн. Мындай ири жол кырсыктарынын катталышы эмнеден улам болууда? Буга ким күнөөлүү? “Коопсуз шаар” долбоору эмне себептен ишке ашпай жатат? Рита Карасартова, укук коргоочу: – Мен билгенден тендер боюнча чатак болуп, иш сотко кеткен. Тилекке каршы, атка минерлер, тендерди ...

0 9053

Жолдубаева кызматтан кетеби?

Башкы прокурор Индира Жолдубаева жакын арада кызматынан кетет деген божомолдор айтылууда. Анын ордуна Канат Керезбеков келиши мүмкүн экен. Индира Жолдубаева коомчулукка ашыкча эле чыга берген жок. Иш менен гана алек болуп жатканы болбосо, манчыркап мансап күткөнү байкалган жок. Жетекчи катары такшала электиги гана болбосо баралы келгенде мыкты юрист болчудай. Булак: “Ачык саясат

0 2072

СДПК партиясынын ички атмосферасы анчейин эмес, учурда Сокеңдин абалы начар

СДПК партиясы президенттик жарышка Сооронбай Жээнбековду көрсөткөндөн бери башкасын мындай эле коелу, сдпкчылар өздөрү көралбай жаман болуп жатышат. Бетине келип күлгөнү менен, көчүккө сууну куюшуп, айтор учурда Сокеңдин абалы начар. Чыкең да капталган чыгып, президенттикке чыгууну көздөп жатканын элдин баарысы билип турат. Өзүнүн командасы аркылуу Сокенин короосуна таш ыргыттырып жатканы маалым. Кыскасы СДПК партиясынын ички атмосферасы анчейин эмес. Атамбаевдин деле башы айланып бүттү ...

0 1356

Атамбаевдин душмандары баштан ашты. Күрөш курчуйт…

Эсиңерде болсо, 2011-жылы Алмазбек Атамбаев аламан жарышка аттанганда, анын президент болуп шайлануусу алдын ала эле белгилүү болчу. Себеби, революциянын деми, элдин колдоосу жана бийлик талапкери катары күчтүү эле. А учурдагы кырдаал таптакыр башка. Кайсы бир саясатчынын күздөгү шайлоодо утуп чыгуусуна кепилдик жок. Атамбаевдин каалоосуна жараша КСДПнын саясый кеңеши Сооронбай Жээнбековдун талапкерлигин жактырышты. Бирок, бул эл көзүңдөгү гана картина. Ал эми ичкериге ...

0 723

Пирматовдун кылмыш иши унутулса Чудиновдуку “чудого” айланабы?

Бизде коррупция менен күрөшуү түшүнүксүз жагдайларда уланып келет. Бийликке жакпаган кээ бир саясатчыларга илинчээк табылса дароо камалат да, айрымдары тергөө шылтоосу менен эркиндикте эле жүрө берет. Көпчүлүгү жең ичинен «жым- жым» болгондой… Мисалы, беш жыл мурун ЖКдепутаты (учурдагы «бирболчу») Исхак Пирматовго коррупция беренеси боюнча кылмыш иши козголуп, мамлекеттин эсебинен 24 миллион долларды уурдоого шектелгенине не дейсиңер? Бул суроо азыр да жоопсуз ...

0 2537

Атамбаев – кедей Кыргызстандын бай президенти

Кыргыз президенти Алмазбек Атамбаев “Мен мурда эле бай болчумун, байлыгымды маңдай терим менен топтогом” деген сөздөрдү көп айтат. Анын “мен мультимиллионер болгондо Салымбеков бизнесин эми баштап жаткан, Бабанов болсо студент болчу”, “Акаев “Вольводо” жүргөндө мен биринчилерден болуп “Мерседес” тээп жүрчүмүн” деген мактаныч сөздөрү эл аралап жүрөт. Бирок Атамбаевдин байлыгынын таза жолдор менен топтолгонуна шек санагандар Кыргызстанда өзүнчө бир массаны түзөт. Алсак, экс-президент ...

0 1074

Тыюу салууга карабай лотераялар ишмердүүгүн улантып жатат 

Жакында лотореяларга тыю салган мыйзам кабыл алынды. Ага карабай алар ачык эле ишмердүүлүгүн жүргүзүп жатат. Мындай пикирин  бүгүн, 15 июнда, депутат Төрөбай Зулпукаров Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында билдирди. “Мыйзам күчүнө кирди. Бирок көчөгө  чыгып карасаңар, ага карабай лотераялар ачык ишмердүүлүгүн улантып жатат.  Эми бул кылмыш болуп калды. Буга тыю салып иштеш керек да. Эгерде көрбөй жатсаңар мен көрсөтүп берем, кай жерде экенин. ...

1 5802

Камила Талиева: «Келдибеков мыйзамды мыкты билген үчүн президенттикке аттанды да»

14-июнь 2017, 14:14 Кызгалдак Жакыпова

--Камила айым, кечээ Жогорку Соттон: «Бишкек шаардык сотунун чечими менен Келдибековго 10 млн сом өлчөмүндө айып салынган. Айып пул 2016-жылдын 8-ноябрында толугу менен төлөнүп бүттү. КРнын Кылмыш-жаза кодексиндеги 76-берененин 3-бөлүмүндөгү 2-пункттун негизинде Келдибековдун соттуулугу 2017-жылдын 8-ноябрында жокко чыгарылат» деген чечим чыгып, билдирүү таркады. Мындай чечимди сиз кандай кабыл алып, кандай ойдо калдыңыз? --Ушундай чечимди ММКлардан окуп калдым. Албетте, Жогорку Соттун мындай ...

0 2119

Апаргүл Рыспекова: «Келдибековго бийлик бут тосту»

14-июнь 2017, 13:44 Кызгалдак Жакыпова

Ахматбек Келдибековдун соттуулугу 8-ноябрда алынары тууралуу Жогорку Соттун басма сөз кызматы кечээ маалымат тараткан. Ошондон бери тарапташтары нааразы болуп, редакцияга келишүүдө. Келдибековду колдоп, капалангандардын бири Апаргүл Рыспекова. --Мен Жогорку Соттун чечимине каршымын жана аябай капамын. Эмнеге ноябрга калат? Демек, бул дагы болсо бийликтин буйругу, коркоктугу, алсыздыгы. Ушундай болуп калганына мен эле эмес, көпчүлүк нааразы. Анткени ушул гана киши президенттикке татыктуу ...

0 925

Өлкөбүздө эми "Эмгек сиңирген ата" наамы ыйгарылып башташы мүмкүн

14-июнь 2017, 12:57 Камчыбек Бостон

КСДП фракциясынан депутат Ирина Карамушкина "Эмгек сиңирген ата" наамын ыйгарууну сунуштады. Бул тууралуу ал бүгүн, 14-июнда Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди. Депутат энелер үчүн наам бар, ал эми аталар үчүн жок экенин белгилеп, "ата макамын көтөрүү үчүн ушундай наам берүү керек" деген оюн айтты. Эмгек жана социалдык министринин орун басары Лунара Мамытова бул сунушту карап көрүү керек экенин билдирди. Айта ...

0 890

Белгисиз бөбөк: «Буй, буй, буй»

12-июнь 2017, 18:37 Кызгалдак Жакыпова

«Бечара ФБны күндө ар ким басып кетип жатат, өткөн күндөрү бир топко чейин албарсты басты, кечээ бөөрү баскан, бүгүн лентанын баарын эле биздин асылзат айымдарыбыз басып калыптыр го» деп Фейстеги баракчасына Кыялбек Жумабаев жазып, бөбөктүн сүрөтүн койду. Керемет сүрөт! Булак: NazarNews.kg

0 1185

Жыргалбек Касаболотов: «Өзүңөргө сын таккыла башында...»

12-июнь 2017, 18:08 Кызгалдак Жакыпова

Биздин белгилүү, мыкты акын, котормочубуз Жыргалбек Касаболотов Булат Окуджаванын “Осудите сначала себя самого...» аттуу ырын бүгүн орусчадан кыргызчага заматта оодарды. Эмнеге бүгүн? Анткени Булат Шалвович Окуджаванын (1997-жылы 12-июнда) бу дүйнө менен кош айтышкан күнү. Атактуу бард (өзү ыр жазып, ага обон чыгарып, гитара менен аткарып чыккан адам), прозаик, сценаристтин белгилүү ырын биздин котормочубуз мыкты которуптур! Бали!   «Өзүңөргө сын таккыла башында...» Адегенде өзүңөргө ...

0 645

Поезд коюп кеткен айдоочу аман калды

12-июнь 2017, 10:33 Кызгалдак Жакыпова

Бул тууралуу ӨКМнин басма сөз кызматы билдирди. Билдирүүгө караганда, Чүй облусундагы Москва районунун Аксуу айыл аймагында 11-июнда саат 19:30да Кызыл-Дыйкан бурулушундагы темир жолдо жүк ташуучу поезд “Мерседес Бенц Спринтер” үлгүсүндөгү мамлекеттик № 1215 ID унааны артынан сүзүп, 125 метр аралыкка чейин сүйрөп барган. Спринтердин айдоочусу 1960-жылы туулган К. Д. эч кандай жаракат алган эмес. Куткаруучулар Спринтерди поездден ажыратып беришкен. Булак: NazarNews.kg

1 4610

Талант Сагынбаев: Садыр Жапаровдон биз эмне үчүн акча алышыбыз керек?!...

Кээ бир адамдарга таң калам, чындыкты факт түрүндө айтып, далилдеп берсең да ишенбейт.  Кээ бир адамдар бар, Сен Жапаровду колдогонуң үчүн, интернетте аны мактаганың үчүн, видеолорун чыгарганың үчүн канча акча аласың Садыр Жапаровдон, дешет. Албетте, мен аларды туура түшүнөм. "Кой дагы аксагы менен жүз" деген сөз бар. Мен ошол инсандарга кайрылат элем; Мен 2013 жылдан баштап саясатка кызыгып, саясаттын ар түрдүү кызыктарын көрүп билип келем, быйыл 7 ...

Жарнама үчүн орун!
600 x 50
5 13145

Жакут Сыдыков: «Нарындагы "Ага Ханды» жоготуш керек! Улуу тоону булгабай жоголсун!»

10-июнь 2017, 14:36 Кызгалдак Жакыпова

«Нарындагы "Ага Ханды» баары бир жоготуш керек! Алардын максаты биз үчүн зыян алып келет. Мекенибиздин босогосун аттатпаш керек! Улуу тоону булгабай жоголушсун! Жалгыз эле Нарынга эмес, бүтүндөй Кыргызстанга коюлган «бомба». Бул Шиалар жөнүндө срочно маалымат алгыла, мекендештер! Алар ким экенин сөзсүз билиш керек!» деп Фейсбуктагы баракчасына жазып чыкты куудул, ырчы, актер Жакут Сыдыков Булак: NazarNews.kg

0 1460

Соттор да ыйлашат тура....

Белгилүү журналист Шейшекан Жээналиева интернеттеги өзүнүн Фейсбук баракчасына мындай деп жазган экен: “Байлар да ыйлайт” дегендей, соттор да ыйлайт тура. Тобоо. Жогорку Соттун төрайымынын кеңешчиси Каныбек Акыевге “тиштери” өтпөгөн соттордун ыйына “боорум ооруду”. Азыр дээрлик бардык системада коррупциянын арааны жүрүп турган чакта адилеттүүлүктү, калыстыкты туу туткан соттордун ыйы шоона эшпейт. Соттор да калыссыздык, адилетсиздик деген эмне экенин жон терилери менен сезишсин!» ...

10-июнь 2017, 11:50 | 1460
0 4395

 2 жашар Ибрагимге зомбулук көрсөткөн агасынын иши бүгүн кайра каралат

09-июнь 2017, 10:32 Кызгалдак Жакыпова

Бул тууралуу “24 kg” жазып чыкты. Маалыматка таянсак, эки жашар Ибрагимге зомбулук көрсөткөндүгү үчүн өмүр бою эркинен ажыратылган агасынын иши кайра каралат. Ибрагимдин адвокаттын айтымында, Жаныбек Тулебеков менен Айзада Аккозованын иши адвокаттарынын арыздануусунан кийин кайра кароого жөнөтүлгөн. Бул ишти бүгүн 9-июнда Чүй облустук соту карайт. Эскерте кетсек, 2015-жылы Ибрагим оор жаракат менен Бишкек шаарындагы № 3 балдар оорууканасына түшүп, бир нече ...

0 895

Милиция журналист кызга кол көтөрдү

08-июнь 2017, 16:34 Кызгалдак Жакыпова

Бүгүн Биринчи май райондук сотунда Садыр Жапаровдун кезектеги сот отуруму ачык өтүп жаткан. Бирок, ага журналисттерди киргизбей коюшту. «24.kg» агентигинин журналисти Наргиза Токоева имаратка кирүүгө аракет кылган кезде милиция ага кол көтөрдү. Тагырагы, Биринчи май райондук ички иштер башкармалыгынын кызматкери аны көкүрөккө урганда Наргиза Токоева кулап түшкөн. Булак: NazarNews.kg

0 1949

Өз кыздарын зордуктаган ата өмүр бою эркинен ажыратылды

08-июнь 2017, 14:10 Кызгалдак Жакыпова

Өз кыздарын бир нече жыл зордуктап жүргөн ата өмүр бою эркинен ажыратылды. Мындай өкүм кечээ Кемин райондук сотунда чыгарылды. Эскерте кетсек, 2016-жылдын 30-декабрында Кемин райондук ички иштер бөлүмү 1978-жылы туулган жаранга “өз кыздарын зордуктаган” деп кылмыш ишин козгогон. ИИБнын билдирүүсүндө, окуя 2013–2016 жылдары болгон. Кыздарынын уулусу учурда 22, кичүүсү 18 жашта. Булак: NazarNews.kg

1 2664

Бактыгүл Үсөнбекова: Бей күнөө олтурган Садыр Жапаровду жана 12 баланы коргоп калалы

Илгери өткөн заманда чоң токойдун жанында кемпир-чал жашаптыр. Чал кышкыга отун даярдамакчы болуп токойдогу эң чоң даракты кыймакчы болот. Кыш келгенче кыйып бүтөйүн деп дарактын түбүнөн керте берет. Дарак болсо жыгылмак тургай кыйшайып да койбойт. Мында эмне себеп болушу мүмкүн деп айланасын караса эле, даракты кармап турган бутактарын көрөт. Бутак эле экенго деген ойдо чал буттактарын да кыя баштайт. Акыры ...

0 1216

Текебаевдин тарапташтары көздөрүн чүпүрөк менен таңып алды

08-июнь 2017, 11:06 Кызгалдак Жакыпова

Биринчи Май райондук сотунда Текебаев менен Чотоновдун соту болууда. Сыртта алардын тарапташтары “Текебаевге боштондук!”, “Чотоновго боштондук!” деп кыйкырып турушат. Кызыгы бу жолу алар көздөрүн чүпүрөк менен таңып алышкан. "Сот жабык эшик артында өтүүдө. Эч нерсе көрбөгөндөн кийин, укпагандан кийин ушундай кадамга бардык”,- дейт Текебаевдин жана Чотоновдун тарапташтары. Эскерте кетсек, бүгүн соттук териштирүүнүн башталышында Биринчи май райондук сотунун судьясы Айбек Эрнис уулу ...

2 4364

Жогорку сот да Акыевдердин үй-бүлөлүк башкаруусуна өткөнбү?

07-июнь 2017, 13:57 Кызгалдак Жакыпова

Эми сөздү ары бери буйтабай, кыргыздар айтмакчы, ток этер жеринен баштайлы. “Баштайлы” - дегенибиз бир киши эмес, бир топ кесиптештер ат башындай арманыбызды айтып албасак, аягы эмне менен бүтөөрү бүдөмүк. Сөзүбүздү эмнеден баштаарыбызды да билбей турабыз, мурун мындай кат жазып көргөн эмес элек. Бирок акыркы учурдагы үй-бүлөлүк башкаруудан тажап же колубуздан эч нерсе келбей, аргасыз сиздерге кайрылуудабыз. Эгер атыбызды ачык атасак, ...

0 1098

Фарид мырза күндүр-түндүр схема чийип иштеп баштадыбы

Президент Алмазбек Атамбаевдин кеңешчиси болуп келген Фарид Ниязов өткөн жумада кызматынан кетип, коомдук башталгычтагы кеңешчи болгону бегилүү болгон. Көрсө, Атамбаевдин ишенимдүү кишилеринин катарын толуктаган Ниязов президенттик шайлоого даярданыш үчүн кызматын тапшырган экен, Учурда КСДПнын штабын жетектеп баштады. Демек, КСДПдан ажолукка ат салышчу талапкерди шайлоодо жеңишке жеткирип, такка отургузуунун схемасын чийип чыгууга тийиш. Ошентип саясий технолог катары Фарид мырза ар бир аймак боюнча ...

0 1251

Күнболот Момоконов: «Президенттикке аттанат» деп шок бала жазып жибериптир»

06-июнь 2017, 17:47 Кызгалдак Жакыпова

Журналист Кубаныч Зайнидинов «Күндүн жаңылыгы» аталышта Фейсбукка мындай деп жазды: «Журналист Күнболот Момоконов күздө өтүүчү президенттик шайлоого аттанды. Муну өзү расмий тастыктады. Таластык жигит бул кадамга мактаныч катары барып жаткан жок. Башмыйзамдагы укугу боюнча баратыр. Ушу тапта БШКга керектүү кол топтоо боюнча ишин баштаганы туру. Балким, бак айтып калаар..» “Таластык бай чиновниктер колдоп, жаштарды түртүп жатса керек” деп чын көргөнү да ...

0 1866

Айланайын айдоочулар, абайлагылачы!

Мамлекетибизде жол кырсыктары чоң көйгөйгө айланып, калдайган журтубузду мүңкүрөтүп турган чагы. Аз күн мурун эрежени так сактап, жол чийинден өтүп бараткан окуучуларды көпкөн айдоочулардын бири уруп, из жашырып кеткен эле. Кырсыкка кабылган эки баланын бири ушул күнгө чейин дурус эсине келе электиги айтылууда. Андан соң ошол эле жол тилкесинде дагы бир окуучу кызды сүзүп, изин жашырган окуя катталып, элдин кабыргасын кайыштырган. ...

2 8330

Жол акы 20 сомго көтөрүлсө даярсызбы?...

Кечээ 2-июнь күнү Бишкек шаардык кеңешинин жолугушуусунда жол транспорту боюнча маселе көтөрүлдү. Аталган жыйынга мер  Албек Ибраимов да катышкан. Маселенин жүрүшүндө жол транспорту боюнча да маселелер талкууланган. Жолугушууда сүйлөгөн сөзүндө  Албек Ибраимов, “маршруттук каттамдарда орундуктардан сырткары туруп кетүүгө тыюу салсак, жол акыны көтөрүүгө туура келет. Андай кылбасак, айдоочулар тарабынан нааразычылыктар болот. Маршруттук каттамдарды жоюп салууга биздин мамлекет даяр эмес. Учурда элдер тарабынан маршруттук каттамдарга нааразычылык ...

0 2767

Бир жаштагы баласын өлтүргөн келин медайым болуп иштечү экен

02-июнь 2017, 15:26 Кызгалдак Жакыпова

Мындан беш саат мурун “Баласын өлтүргөн аял кармалды» аталышта кайгылуу куш кабар жазган элек. Ошол аял жөнүндө толук маалыматты «Турмуш» басылмасы жазып чыкты. Маалыматка таянсак, Ысык-Ата районундагы Красная Речка айылынан кармалган аял психикалык жактан бир жылдан бери ооруп жүргөн. 23 жашта. Ысык-Ата райондук ооруканасында медайым болуп иштечү. Өткөн жылы Кеӊ-Булуӊ айылына турмушка чыккан. Үй-бүлөсүндө уруш көп болгон. Жолдошу сабачу экен. ...

0 4164

Улан Исраилов интригадан колу бошобой

Бирде көлдүк, бирде чүйлүк боло калып жүргөн ИИМ министри Улан Исраиловго учурда көлдүктөр нааразы болушууда. Анткени анын Эркин Мамбеталиевге карата жасап жаткан куугунтуктоосу жигиттикке, ал гана эмес адамкерчиликке да жатпаарын эскертишет. Эркин Мамбеталиевдин башынан кандай гана кыйынчылыктар өтпөдү, Бакиевдер аны өмүр бою түрмөгө кестирип, ошол жерден өлтүрүп коюуну көздөшкөн. Мына ушундай кыйынчылыктар менен актыкка жетип, өзүнүн ак экенин далилдеп чыккан мезгилде, ...

0 1099

Батыралиев ишти кайсыл жагынан баштаарын билбей башы маң

Саламаттыкты сактоо министри Талантбек Батыралиев жетекчилик сапатын көрсөтө албай койду. Өз каалоосу менен кызматын тапшырып берип кетип калса, жалпы кыргыз элинин сообуна калаар эле. Медицина тармагында болуп жаткан үрөй учурган фактылар катталууда. Муну менен Батыралиевдин түнкү уйкусу кантип тынч болуп жатат белгисиз. Мына кечээ жакындан бери Балыкчы шаардык ооруканасынын төрөт бөлүмүндө акушер-врач толготуп келген келинди төрөтөм деп ымыркайдын башын жулуп алгандыгы ...

0 681

Кыргызстан дагы очойгон карызга батабы

Мамлекеттик деңгээлдеги жүрөк өйүткөн орчундуу маселелер болсо калктын назарына салыңыз деген максатта «Бир собол» рубрикасын сунуштайбыз. Бул ирет Жогорку Кеңештин депутаты Зиядин Жамалдинов көтөргөн өтө олуттуу маселени таразага салып, өкмөттүн кенебестигинин аркасында олчойгон суммадагы карызга батканы турганыбыз боюнча коңгуроо кагабыз. Анда депутаттын айткан сөзүн төмөндө өзгөртүүсүз беребиз. 2016-жылы Жогорку Кеңеш тарабынан CASA-1000 долбоору боюнча келишимди ратификация кылып бергенбиз. Аталган келишим боюнча ...

Жарнама үчүн орун!
600 x 50
0 918

Жалал-Абад: Эл Улугбек Бабакуловду жазага тартылышын талап кылышууда

Жалал-Абаддын жарандары улуттар аралык мамилеге карата терс макала жазган  журналистке нааразы экендиктерин  билдиришүүдө.  Тагыраак айтканда, журналист Улугбек Бабакуловдун  “Люди как звери. В киргизском сегменте соцсетей звучат призывы к расправе над «сартами»”деген макаласына кыжырданышканын айткан улуу муундун өкүлдөрү атайын маалымат жыйынын өткөрүштү. “Интернет айдыңына жарыяланган Бабакуловдун макаласы эки элдин тең жинин келтирүүдө”,- дейт Жалал-Абад шаарынын тургуну Махамаджан Дыйканов. “Кыргыздар Өзбек улутун басмырлап, сарт ...

1 1149

Бектемир Төлөн: «Журтташтарым, кыргызча туура жана таза сүйлөйлү!»

01-июнь 2017, 14:29 Кызгалдак Жакыпова

"Алхамду лиллах" эмес - "Кудайга шугур". «Астафируллах» эмес – «кудай сакта». "Гыйбат" эмес - "ушак" «Дуа» эмес – «бата». «Ильхом» эмес – «эргүү». «Ибнь» эмес – «уулу, баласы». «Имсак» эмес –«ооз бекитуу». «Исраф кылба» эмес – «ысырап кылба». «Иншаллах» эмес – «кудай кааласа». «Ифтарлык» эмес – «ооз ачар». «Кафир» эмес – «капыр». «Мабда» эмес - мыйзам. «Макрүх» эмес – «макүрөө».

Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83