www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Эл пикир
0 1040

Мандат тапшыруу «дарты» жакында токтобойбу

Ырас, биз 120 эле депутатты шайлаганбыз. Бирок мандат тапшыруулар, анан алардын ордуна келгендер болуп атып бул чакырылыштын депутаттарынын саны арбып баратат. Ооба, 120 эле депутат иштеп атат деӊизчи, бирок кеткендер деле «депутат болгонбуз» деген дымагын кошо ала кетишүүдө. Бул мандат тапшыруу «дарты» жакында токтобойт окшойт. Дегеним, Жогорку Кеңештеги КСДП фракциясынан дагы 3-4 депутат  мандатын тапшырат деген сөздү уктук. «Кимдер болду экен?» ...

0 2676

Соке кызматын тапшырып кадрдык өзгөрүүлөр күтүлүшү мүмкүн

Аз күн мурун КСДПнын саясый кеңеши Сооронбай Жээнбековдун талапкерлигин жактырышкан, эми партиянын съезди аркылуу толук кандуу бекисе, анан БШКдан президенттик шайлоого талапкер катары күбөлүк алат. Мына ушундан кийин ал премьер-министрлик кызматын өткөрүп береби? Же Конституцияда көрсөтүлгөн негизде иш-аракетин уланта береби? Айтмакчы, эмитен эле саясый чөйрөдө ар кандай сөздөр тарай баштады. «Сооронбай Жээнбеков өкмөт башчылыктан кетпесе, ыйгарым укуктарын шайлоого чейин ашыкча пайдаланат, ...

1 2997

Элнура: Насыядан кутулмайынча төрөбөйсүң дейт

Атым Элнура, жашым 30да. Бир үйдүн жалгыз кызы, бир үйдүн жалгыз келинимин. Облустардын биринин борборунда кайын эне, кайнатамдар менен бирге турабыз. Бир кызым бар. Жолдошум - билимдүү, ишине так, түз жүрүп, түз сүйлөгөн, жоош момун адам. Ал 35те. Турмуш курганыбызга 3 жыл болду. Мен анын экинчи никесимин. Эрлан экөөбүз чыныгы сезимдер менен табышып баш кошкондуктан, мен анын өткөн чагына көз ...

0 3902

Көңүл буруңуздар: митинг, пикетке чыгууга тыюу салынды!

Мындай маалыматты Бишкек милициясынын маалымат катчысы Адыл Оморов “Азаттык” радиосуна билдирген. Анын маалыматына таянсак, Биринчи май райондук соту 27-июнга чейин Чүй проспектисинде, Жогорку Кеңештин имаратынын алдына митинг, пикеттерди өткөрүүгө тыюу салган. Ошондой чечим бар экенин Адыл Оморов мындай деп ырастаган: --Ошондой чечим бар экен. 27-майдан 27-июнга чейин Жогорку Кеңештин имаратынын алдында митинг, пикет өткөрүүгө тыюу салынат, башка жакка барып уюштурса болот ...

0 1488

Өндүрүш Токтонасыровду милиция кармап, эскертүү менен кое беришти

Бүгүн жарандык активист Өндүрүш Токтонасыров плакаты менен кошо эки куурчак көтөрүп алып Жогорку Кеңештин имаратынын алдына пикетке чыккан. Ал шайлоо мыйзамдарына өзгөртүү киргизүүгө, анын ичинде байкоочулар боюнча жаңы сунуштарга нааразылыгын билдирип чыккан. Анан эле ал жерден милиция алып кеткенин угуп, байланышсак, буларды айтты: “Кое беришти, баары жакшы. Биринчи Май районуна караштуу милициялар суракка алышты, аябай текшеришти. 27-июнга чейин Горький эстелигинин жанынан ...

0 1220

Дин маселеси парламентте талкууланып, сынга алынды

  Акыркы жылдары республикада коомдо диний радикалдашуунун жанданышы жаштардын чет өлкөгө барып жана диний билим алууга умтулуусу менен байланышкан. Негизинен жаштар Сауд Арабиясына, Египет, Түркия, Пакистан, Афганистан, Индия жана Иран өлкөлөрүндөгү диний окуу жайларына билим алганы кетип жатышат. Өзгөчө диний билим алуу үчүн 9-14 жаштагы жашы жете элек өспүрүмдөрдүн диний билим алуу үчүн кетип жатканы тынчсызданууну жаратат. Ошону менен бирге эле, ...

0 495

Акмат Раманкулов: «Шайлоодо өзүн тизмеден таппай калгандар дагы эле болду»

Кечээ жергиликтүү кеңештерге шайлоо болуп өттү. Анда баягы эле тизмеден өзүн таппай калган көрүнүш болуптур. Ал боюнча Фейсбукка Акмат Раманкулов жазып чыкты. «Бүгүнкү шайлоодо өзүн тизмеден таппай калгандар дагы эле болду. БШКнын айтуусунда жарандар алдын ала өзүн тизмеден текшербегендиктен өздөрү күнөөлүү экен. Макул, бирок тизмелерди баш аламан кылып таштаган ГРС эмне үчүн жоопко тартылбайт? Эмне үчүн жарандар өзүнүн мыйзамдагы укугунан пайдалануу ...

0 874

Абдувахаб Мониев: «Камбагал элге - капчык бий, караңгы элге - тантык бий"

Белгилүү журналист Абдувахаб Мониев Фейсбуктагы баракчасына сонун сөз жазыптыр: «Кадырлуу достор! Ана бий (президент) болот, мына болот деп деп дүрбөп атканыңардан улам, өткөндө "Бузулган элге - бучук бий" деген макалды эске салдым эле. Бүгүн "мен болом", " ушул жарайт".... дегендерди карап отуруп, ой келди: «Камбагал элге - капчык бий, караңгы элге - тантык бий". Кандай дейсиңер, бу жаңы макал бүгүнкү кыргыз коомуна ...

0 1089

Эмне Өкмөттүн сайты кыргыз тилин «өкүрүп» туруп, көөмп салышканбы?

Кыргыз республикаснын өкмөтүнүн расмий сайты бар «www.gov. kg» деген аталыштагы сайттан өмөткө тиешелүү баардык маалыматты кыргыз жана орус тилинде алса болот. «Тоюс», болчу. Эми сайттын билермандарыбы же дагы бир кыйынчыкмаларбы теңирден тескери ушатып атышыптыр. Кечээ жакында аталган сайтка кирип кызыктай бир жагдайга туш болдук. Дегенибиз, аталган сайтка кирип өкмөттүн «мамлекеттик органдар, мекемелер, уюмдар» деген бөлүгүнөн маалымат алалы десек, кашайып алтармактагы маалыматтар ...

1 1324

СДПКчылар Сооронбай Жээнбековго ичи чыкпай жатабы

Бийлик президенттик шайлоого өз талапкерин атаары менен буга чейин Акүйгө оң көзү менен карагандардын көбү айнып, Өмүрбек Бабановдун тегерегине топтоло башташканы байкалат. Болгондо да КСДПнын көзүрлөрү дейт. Алар бири-бири менен ат тезегин кургатпай катташып, таң ашыра акылдашып, акыры «РАЖдын» лидерине токтолушканын себебин да чала-була угуп калдык. Көрсө, Сооронбай мырза иш десе ишке, аш десе ашка тойбой турган Бабановго атаандаш боло албайт ...

0 857

Узарбек Жылкыбаев КСДП фракциясынын «балапан ооз» депутатыбы

КСДП фракциясынын «балапан ооз» депутаты Узарбек Жылкыбаев (Акаев учурунда УКМКны башкарган Калык Иманкуловдун бөлөсү) ушул күндөрү парламент трибунасынан адалсына сүйлөп, тим эле апакай көрүнгөнгө далалат кылганын кантесиң? Ушул эрендин Ысык-Көлдөгү кадрдык иштерге баш салып, тажатканы басма сөз беттерине канчалык жарыяланса да, партия жетекчилиги үн катпаганы неси? Узарбек Жылкыбаевдин бир тууган агасы Камчы Көлбаевдин жакын досу катары УКТ катарында турганы жалганбы? Өзү ...

2 11534

Элмира: Күйөөмдүн ойношторунан төрөлгөн балдарды бага берип тажадым

Мен качандыр бир кезде эркектерди мынчалык жектеп, алардын ар бирин жек көрүү менен карап калам деп ойлогон эмесмин. Себеби кенедейимден атамдын коргоосунда эркеси болуп өсүп, агаларыма таянып, алардын ар бирин сыйлап чоңойгом. Алардын ар бири мени эркек аттууну сыйлоого, урматтоого үйрөтүшкөн. Мен муну эркектин баары ошого татыктуу деп да кабыл алып алыптырмын. Жогорку окуу жайын аяктаган соң кесибим менен иштеп кеттим. ...

0 1351

Олжобай Шакир уулу: "АША бийлиги компартия кейпин кийгизгени калды

Акын, журналист Олжобай Шакир уулу ушундай аталышта ачуу чындыкты жазып чыкты. Ал кандай чындык? Келгиле, чогуу угалы! Культ личностко шыдыр жол! Бир кездеги улуу урматтуу Курманбек Салиевичтин «Ак жол» партиясы азыркы парламенттин алдында шоона эшпей калды. Устаттан шакирт өтө турганы мына, улуу урматтуу Алмазбек Шаршеновичтин КСДП акалакчылары акүйдүн 7-кабатынын мукмасалын илгиртпей аткарган жагынан идиректүү чыгышты. Баарын ишке ашырып берип атышат. Моюн ...

0 4117

CҮРӨТ - Ахматбек Келдибековду Алай эли президенттик жарышка чыгуусун талап кылышты

Жогорку Кеңештин экс-спикери Ахматбек Келдибеков өзү туулуп өскөн Алай эли менен жолугушту. Аны менен Ата Журт саясий партиясынын лидерлеринин бири Камчыбек Ташиев, ЖКтин депутаты Улугбек Ормонов, ЖКтин 5-чакырылышынын вице-спикери Надира Нарматовалар барышты. Бул тууралуу маалыматты Каныбек Темиров билдирди.  Жолугушууда учурдун талаптары айтылып, Ахматбек Келдибековго калың эл батаасын беришип, Бакай калпак кийгизип, ак чепкен жаап, ак боз ат мингизип алдыдагы президенттик шайлоодо жолу ...

3 5342

Бакыт: Бала баркын билбеген жексурлар

Милицияда иштечүмүн. Оңой жумуш эмес. Күндүр-түндүр эле ызы-чуунун үстүндө жүрмөй. Бир ирет “коңшуларыбыз тынчтык бербей жатат” деген чакыруу келип, шаардын чок ортосундагы көп кабаттуу үйгө бардык. Мындай чакыруулар толтура эле болот. боорукер Кептин баары аракта да. Андайда масты алып келип, бир жумадай камап салабыз. Айткандай эле, мас экен. Күйөөсү-аялы экөө тең жапжаш кыргыздар, экөө тең мас. Ызы-чуу түшүп мушташышкан окшойт. Үй ...

2 15770

Салима: «Имам таш ыргытып, кызымды «шайтан» деп кыйкырды»

«Имам таш ыргытып, кызымды «шайтан» деп кыйкырды», деп Бишкек шаарынын тургуну Салима аттуу айым Фейсбукка жазып чыкты. Анын айтуусуна таянсак, кызы Аминада аутизмдин синдрому бар. Бир нерсе жакпай калса жинденет, кыйкырат, уулуйт. Бир эле нерсени бир канча жолу кайталайт. Айрым буюм-тайымдарга түшүнбөйт. Салима кызынын сүйлөбөгөнүнө аябай эле тынчсызданат, бирок, аны жеңерине терең ишенет. Анткени буга чейин далай кыйынчылыкты артка таштап келген. ...

Жарнама үчүн орун!
600 x 50
0 3051

Элвира Сурабалдиева: "Экс -президенттин уулу Максим Бакиев Лондондогу Кыргызстандын бийлигине каршы сотту утуп алды"

Экс -президенттин уулу Максим Бакиев Лондондогу Кыргызстандын бийлигине каршы сотту утуп алды. Эми Кыргызстан Максимге компенсация төлөп бериши керек. Бул жөнүндө депутат Элвира Сурабалдиева Facebook баракчасына төмөнкүлөрдү жазды.  "Мен унчукпай коё албайм. Биз Максимдин экономикалык кылмыштарын Великобританиянын сотунда далилдей албаганыбыз аз келгенсип, эми биз ага карыздар да болуп калдык." Максим Бакиев 2016-жылдын күз айларында Кыргызстанды сотко берген. Кыргызстандын бийлиги аябай кымбат ...

0 3607

Малика Калбутаева: «Жердешимди черныйга тыгып салдым»

«Менин бир жердеш жаш айымым бар. Мен аны черныйга тыгып салдым ФБда. Кайра-кайра эле Атамбаевди мактап, анан калса бирөө  Атамбаевди жамандап жазса эле ага тескери жооп жазат. Көрсө, ал наам алыптыр, ага жакында наам берип жатканын интернеттен көрүп калдым. Атамбаев кимге наам берсе эле мактай бересиң да. Назира Айтбекова, эгер сага жакынкы күндөрдө наам берсе, анда мен эмес, башка эл да ...

2 12925

Салкын: “Атамдан кутулуу үчүн башка улуттан күйөө издейм”

Башында баары жакшы болчу, ата-энем бизди жакшы жашоодо чоңойтушту. Эки эжем турмушка чыгып куда-сөөк күтүштү. Ал кезде мен 5-класста окусам, иним мектеп босогосун жаңы аттаган. Үйүбүздөн киши үзүлбөй дайыма шатыра-шатман болуп турчу. Мен чоңойгон сайын атамдын ичкени көбөйө баштады. Анан апам экөө урушат, иним экөөбүз ыйлайбыз... Жакшысы чатак башталган кезде ортого түшкөн мени атам укчу. Аларды кантип ажыратыш керек, атамды ...

0 1459

Бүгүнүн эптей албай атып, эртеңки “куйрукту” сугунгусу келген Кыянбек мырза

Бүгүнүн эптей албай атып, эртеңки “куйрукту” сугунгусу келген айрым атканминерлер жалпыга көө жаап коюп, элдин көөнүн жетекчилерден айнытып атпайбы. Кечээ күнү самса сатып жүрүп эле бүгүн бакандай мамкызматкер болуп чыга келгендер кызматтык этика, аброй дегендерге көп деле баш оорутушпайт өңдөнөт. Дегеним, Өкмөттүн Жалал-Абад областы боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Кыянбек Сатыбалдиев Cоцдемчи болгону менен эртеңки күндүн камын көрүү максатында учурда аламанга тизилген ...

0 1334

Темирлан Сарлыкбек уулу: «Эт жеген жагынан артта калыппыз»

Фейсбуктагы өзүнүн баракчасына эт жөнүндө мындай деп жазыптыр: «Эт жеш жагынан элден артта калыппыз. Кыргыздарда бир киши жылына орточо эсеп менен 36 кг эт жесе, окендер - 62кг, америкалыктар - 120 кг эт жейт экен». Темирлан эт жегиле десе, айрым окумуштуулар «эт көп жеген зыян” дешет. А сизчи окурман, кандай ойлойсуз? Булак: «NazarNews.kg»

0 2198

Сейил Маданбекова: «Жумуштан кеткенимдин себеби – жоолук, анан менин ордум таасирдүү кишинин баласына керек болгон»

Маектешибиз Сейил Маданбекова Бишкек шаарынын мэриясында эки жыл иштеген. Анан аны кандайдыр бир себептерден улам иштен кетиришкен. “Мыйзамсыз жумуштан кетирди” деген арыз менен Бишкек шаарынын Ленин райондук сотуна кайрылып, утуп алган. Сот жабырлануучуну угуп, токтоосуз ээлеген кызматына кайра орноштуруу чечимин чыгарып, дисциплинардык айыптарды да жокко чыгарган. Бирок, мэрия аппеляция арызы менен Бишкек шаардык сотуна кайрылган. Ал эртең 24-майда болмокчу. Ошонун ...

0 1104

Эки ит официалдуу түрдө үйлөндү

Кытайдын Куньмин шаарында өзгөчө үйлөнүү той болуп өттү. Бул жолу үйлөнгөн ашыктар  кыз менен жигит эмес, эки ит деп кабарлайт Баг.кз. Күйөө жигит беш жашаар ит болсо, жубайы андан бир эки жашка кичүү экен. Үйлөнүү үлпөт тойунда төрт бутту сүйүшкөндөр келген коноктор менен бирге чөптө эс алып жатышты. Тойду уюштуруучулар баарын жогрку деңгээлде жазашкан. Келген бардык конокторго эки сүйүшкөн иттин сүрөтү ...

0 1317

КСДП ичинде тымызын тиреш күч алууда

КСДПнын талапкери катары президенттик шайлоого катышканы турган Сооронбай Жээнбеков майдын этеги менен кызматтан кетээри күтүлүүдө. Учурда премьер-министр ким болот деген маселе баш ооруга айланып, КСДП ичинде тымызын тиреш күч. Айрымдар Сапар Исаков премьер болот экен дешсе, кээлери Иса Өмүркулов болот дешүүдө. Айтор баш бакан болууга жандалбастагандар ажонун көңүлүн табуунун, ынандыруунун айласын издеп убара. Чыныбай Турсунбеков болсо спикерлик ордун сактап, иш алып ...

0 1268

1-сентябрдан тартып бир китеп үчүн 25 сом төлөнөбү

23-май 2017, 12:11 Гүлжан Шерипбаева

Өткөн жумада Жогорку Кеңештин депутаты Жанар Акаев чет мамлекеттерде билим алуу үчүн Кыргызстанга берилген квоталар ачык бөлүнбөй жатканын айткан. Буга Венгрияга окууга сынак тапшырган балдардын документтери жиберилбей, тизмеге чиновник, депутаттардын уул-кыздары кирип калганын мисал катары келтирген. Мындай жагдай коомчулукта чоң талкуу жаратты. Мындан улам Билим берүү министрлиги: «Грантка катышкандар кимдин балдары экенинин бизге кызыгы жок. Бизге баланын билим деңгээли, анын жарандык ...

0 840

Шайлоону биометрика же башка ыкмалар чечпей, эл чечет

Ар бир бийликтин тушунда мурдакы шайлоолорду таза эмес өткөн деген таризде наалыган сөздөр көп айтылат. Бирок эгемендүү мезгилдеги шайлоолордун тарыхы башкача фактыларды эске салат. Мисалы Абсамат Масалиев өлкөнүн тынчтыгын ойлоп өзүн колдогон элдин толкунун токтотсо, Акаев мезгилиндеги парламенттик шайлоодо дүйнөдө сейрек кездешкен көрүнүштөр болгон. 2000-жылы Кадамжай районунан ыраматылык Баяман Эркинбаев Жк депутаттыгына ат салышат. Бирок аны Кадамжай районунун соту шайлоодон четтетет. ...

1 3907

Сариевге сыйыртмак салынаар замат Сокулук солк этет

Президент шайлоого чыккандардын арасынан Темир Сариевге бийлик тараптан жакында сыйыртмак ыргытылат экен деген кабар тарады. Эгер Темикеге сыйыртмак ыргытылып, кылмыш ишин ачышып, темир тор артына алабыз деген план бийлик тараптан ишке аша турган болсо, анда эле бул бийлик чоң нерсенин үстүнөн чыкканы. Азыр Сариевдин салмагы оорлоп турган кезде кыйын абал накта ошондо жаралат. Сокулук солк этсе эле жалын дүрт этип кеткени ...

0 4236

Өмүрзаков тууралуу эч ким унчукпайт

2010-жылкы түштүктөгү өрттү өчүрүүдө далай кишилердин, эр азаматтардын ысымы аталбай келе жатат. Негедир Апрель окуясынын баатырларынын ысымы бийик трибунада көтөрүңкү добуш менен аталат да Ош окуясын ийне-жибине чейин иликтеп, эскерген эч ким болбойт. Маселен, кандуу окуя менен бийлик алмашкандан кийин түштүктө абал оорлошуп, май айында Убактылуу бийликтин өкүлдөрүнөн бийликти кайра тартып алган окуялар кайталанып турбады беле. Утурумчулар койгон облус жетекчилери көчүк ...

0 2016

Байсаловду тушай албай кимдер убара

Эдил Байсалов деген активист бар. Кээ бир адамдар анын сүйлөгөн сөзүн, көтөргөн маселесин угуп, бул бала кайдан чыккан деген ойго жетелениши мүмкүн. Бирок, президенттин “Эдичкасына” айланган жигит, айткандарын документ менен далилдеп, азыркылардын чекесине чыккан чыйкан болду. Ажонун тээ илгери Түркиядагы 35 млн долларга сатып жиберген деген фабрикасын иликтеп, андай эмес экенин далилдеп чыккан Байсаловго жетинчи кабат катуу кыжырланып калса керек. Анын ...

1 11985

Мелис Карыбеков, парапсихолог: «Келээрки президент сарыбагыш уруусунан…»

“Парапсихолог Мелис Карыбековдун айтканы туура келет” деп эле айтып жүрүшөт. Өзү да “Бакиев көпкө отурбайт, анын ордун Алмазбек Атамбаев ээлейт” десек, эч ишенген эмес” деп айтыптыр “Азия Ньюс” гезитинин редактору Аслан Сартбаев менен болгон маегинде. Бу жолку болочоктогу президентти сураса, атын атабай, мындай деп сүрөттөптүр: «Саясатта атын булгаган эмес, арты таза. Билимдүү. Жашы 40-50нүн ортосунда. Сарыбагыш уруусунан. Орто бойлуу. Энергиясы күчтүү, ...

0 947

Санарипке кошулууга көпчүлүктүн чама- чаркы келбей жатат

Азыр анологдук берүүлөр өчүрүлдү. Эл буга даяр эмес болчу. Учурда нааразычылык күч алды. Редакциянын телефонун тындырбай чалган жарандар, санарипке кошулуу мөөнөтүн узартып берүүнү бийликтен суранып жатышат. Анткени теледен жаңылыктарды көрө албай калышкан. Ошондой эле жазгы талаа иштерине болгон каражаттары кетип, санарипке кошулууга көпчүлүктүн чама- чаркы келбей жатыптыр. Бийлик карапайым эл менен да эсептешип койсо болот эле. Булак: “Ачык саясат”

0 925

Президенттикке талапкерлер “Кыргызтест” аркылуу сынактан өтөбү

Жогорку Кеңеш 17-майда “Президентти жана Жогорку Кеңеш депутаттарын шайлоо жөнүндө” конституциялык мыйзамга сунушталган өзгөртүүлөрдү талкуулап, экинчи окууда добуш берүүгө жиберген. Анда талапкерлерден сынакты “Кыргызтест” аркылуу алуу, босого чекти 9 пайызга көтөрүү, талапкерлердин күрөөсүн 100 миң сомдон 2 млн. сомго көтөрүү, шайлоо мөөнөтүн 15-октябрга белгилөө сыяктуу сунуштар бар. Белгилей кетсек, мамлекеттик тилди билүү деңгээлин аныктоо боюнча ”Кыргызтест” системасы 2013-жылы ишке кирген. “Кыргызтест” лексика- грамматика, ...

Жарнама үчүн орун!
600 x 50
0 1501

Дамира Ниязалиеваны сагынып издегендер көп

Социалдык тармакты тейлеген вице-премьер министр Чолпон Султанбекованын таскагы катуу чыкпай жатат. Мурдагы Дамира Ниязалиеваны сагынып издегендер көп өкмөттүн ичинде. «Иштин майын чыгарып, жасаган иштерибизден кадимкидей ырахат алчубуз» дешет. Мыктыны мыкты эле деш керек, Ниязалиева Дамирадай иштин көзүн билген кадр жокко эсе. Учурда социалдык тармакка дал ошол Дамирадай кадр керек болуп турат. Ал эми, Социалдык фонд менен Соцзащитанын айырмасын билбеген кадрга «позор» ...

0 879

Терезеден түкүрөм деп кулап кеткен карыя  

Мындай маалыматты «Турмуш» сайты таратты. Алардын маалыматына таянсак,  Ош облустук ооруканасынын урология бөлүмүндө дарыланып жаткан 77 жаштагы карыя 3-кабаттын терезесинен түкүрөм деп кулап кеткен. Ал Кудай жалгап, эшиктеги бастырманын чатырына кулаган. Аталган оорукананын жетекчиси Шайырбек Сулаймановдун айтымында, учурда аксакалдын абалы жакшы, урология бөлүмүндө эле дарыланууда. Булак: «NazarNews.kg»

0 1850

Темирлан Ормуков: «Бабанов анык шылуундардын Шыпшайдары көрүнөт»

"Айла жок" деген аталышта Темирлан Ормуков Фейсбукта өзүнүн баракчасына буларды жазды: «Учурда ким президент болот? Ким татыктуу?» деп сурамжылагандар көп. Башта, мен, Бабановду татыктуу деп ойлочу элем. Бирок, бул талапкер анык шылуундардын Шыпшайдары көрүнөт. Былтыр декабрда, 200го жакын адамдын көзүнчө мени кабыл алам деп убада кылып, кийин куйругун түйүп кетти. Кенедей иште сөзүнө турбаган адам чоң иште убадасына турмак беле?! «Мейли ...

0 4986

Атамбаев Кыргызстандын жарандыгын алуу боюнча 175 кишиге уруксат берди: тизмеден көрүңүз!.

Жакында президент Алмазбек Атамбаев 175 кишини Кыргызстандын жарандыгын алуу боюнча указга кол койду. Кызыгы, дээрлик бардыгы Өзбекстандын жарандары экен. Анын ичинен улуту боюнча өзбектер – 39, тажиктер – 13, орус – 2, уйгур – 2, түрк -3, кыргыз – 116, жынысы боюнча аялы -124, эркеги – 51 киши. Бардыгы буга чейин Кыргызстандын ар кайсыл жеринде жашап келишип ...

0 1830

Кудрет Тайчабаров: «Бабановду Айга-Күнгө теңеген кошоматчылар!

"Кыргызстандагы эң бюрократ, элден алыс саясатчы Бабанов экенин билесиңерби? Даже журналисттер Бабановго жолугуп интервью ала алышпайт. Эгер ал интервью Бабановго керектүү болсо өзү таптырат. Башка учурда чекесинен сылай турган суроо берилбешин билет да. Гансиге ГСМ ташып бюджетке бир тыйын төлөбөй жүз миллион долларды тапкан иш боюнча, же болбосо парага келген ат, же болбосо Россияга салынган завод, Казакстандын паспорту жөнүндө, 7 ...

0 14373

Шайыр Абдырахманов: «Бийлик  Өмүрбек Текебаевди президенттик шайлоого катыштырбастын далалатын көрүп атат»

Журналист Шайыр Абдырахманов «Өмүрбек Текебаевдин ишин эмне үчүн жарыктын ылдамдыгындай тездикте сотко өткөрүп жатышат?” деген аталышта Фейсбуктагы баракчасына жеке пикирин жазды. “УКМК тергөөчүсү КРдин Жазык- Процесстик кодексинин 231, 232, 233 беренелерин одоно бузуу менен, Өмүрбек Текебаев жана анын жактоочусун иштин материалдары менен толук тааныштырбай, шашылыш түрдө сотко өткөрүп жаткандыгы бул бийликтин Ө.Текебаевди президенттик шайлоого катыштырбай, эртерээк ...

0 930

Илмияновдун англис тил кабинети коомчулукта катуу талкууланууда...

Бул сүрөт Фейсбукта көңүл борборунда, элдин чордонунда. Катуу талкууланып жатат. Айрымдары жактырса, айрымдары жактырбайт дегендей... Акын, журналист Темирбек Алымбеков «өзү билет бекен?» десе, котормочу, акын, журналист Олжобай Шакир уулу мындай деген: “Атана куурагырлар айе, ушинтселе тарыхта калабыз дешкени го))))) Кыргыз эмне мынчалык мансапкорлукту сүйгөн калк - түшүнбөйм. Кээси чыкты ажыга барып келгендердин... Алар да шоопурга окшоп өз кабинеттеринин сыртына “баландай ажы” ...

2 43394

Семетей Талас уулу:  «Бабановго жолуктуруп койгулачы, анын банкынан жээним кредит алды эле…»

«Датым бар, угуп койгулачы» деген аталышта журналист Семетей Талас уулу Фейсбуктагы баракчасына жазган. «Өмүрбек Бабановдун ашкере жактоочулары менин эжемдин баласы АКБ Кыргызстандан үйүн коюп, 35% менен кредит алган. Жээним дөңгөлөк сатып,бизнес кылат. Бирок, былтыр эски дөңгөлөктөр мурдагыдай киргизилбей, доллар да өсүп, ал ортодо бирөөлөр да кидать кетип, азыр кредитин кечиктирип төлөп атат. Кечүүгүнүн айынан банк штраф салып, азыр пенясын эле төлөп атыптыр. ...

0 605

Эртең журналисттер чогулат

Эртең, 17-майда, саат 11.00до «Дасмияда» Улуттук кеңеш “Мамлекет менен коомдун ортосундагы ажырым: Эмне кылуу керек?» аталышта пресс-конференция өтөт. Аталган конференцияда учурдагы мамлекеттик абал, бийлик менен элдин ортосундагы мамиле талкуу болот. Жыйынга, саясый партиялар, коомдук жана жарандык уюмдар, саясый ишмерлер, ММК өкүлдөрү катышат. Булак: «NazarNews.kg»

0 2888

Президенттин жакын кишиси мэр Албек Ибраимов жер тилкелерин кантип, кимге саткан?

«Кош стандарттар. Наталья Никитенко Шыкмаматовдун иши жана мэр Албек Ибраимовдун жер тилкелери боюнча» аталышта «Zanoza.kg» сайтына жарыяланды. Кыргызчага которуп, берип жатабыз. «Ата Мекендин» депутаты Наталья Никитенко кызматтагы адамдар катышкан эки иш боюнча: Алманбет Шыкмаматовго козголгон кылмыш иши жана бир кезде “Дастанга” тиешелүү жер тилкесинин кайра-кайра сатылганы боюнча ызы-чуунун ортосунда параллель жүргүзүп көрдү. Агезде “Дастандын” башында азыркы Бишкек мэри Албек ...

1 13231

Мелис Мырзакматов менен Токтайым Үмөталиева бир тууганбы?

“Мелис Мырзакматовдун түбү Талас турбайбы, таластык экен» деп мурда эле укканбыз. Жакында эле “Токтайым Үмөталиева экөө бир тууган” деп угуп, Токтайым айымдан сурасак, танган жок. Кызыгып калдыңызбы? Кандайча бир тууган болуп калгандарын Токтайым Үмөталиеванын өз оозунан жакында угасыңар. Булак: «NazarNews.kg»

0 871

Кыргызстандын 95 пайызы санарипке өттүбү?..

Маданият, маалымат жана туризм министринин орун басары Айнура Темирбекова Бишкектеги маалымат жыйынында билдиргендей, Кыргызстандын 95 пайызы санарипке өттү. Аналог көрсөтүүлөр 15-майга караган түнү өчүрүлдү. Маалыматка караганда, аймактарда штаб, мобилдик топтор түзүлгөн, алар элдин кайрылууларына жооп беришет. Өлкөнүн калган 5 пайызы, 326 калктуу пункт “радио байланыш жетпеген аймактарда” жайгашкан. Аларда тиешелүү жабдуулар орнотулуп бүткүчө аналогдук телеберүүлөр өчүрүлбөйт. Кыргызстандын башка аймактарында аналог 15-майдан тарта өчүрүлөрү ...

0 1744

Өндүрүш Токтонасыров: “Алыкул Осмоновдун мүрзөсүнө барып, кечирим сурадык»

Бүгүн, 15-майда, «Алыкул агай, кечирип коюнуз!» деген аталышта акция болууда. «200 сомдук акчадагы сүрөткө байланыштуу акын Алыкул Осмоновдун мүрзөсүнө барып, маркумдан кечирим сурадык.  Улуттук банкка кайрылып, акчадагы сүрөттү оңдоого чакырык жасайбыз! Бу акциянын аягына чыгабыз!”,-деди активист Өндүрүш Токтонасыров. Эскерте кетсек, 2016-жылдын аягында Улуттук банк дизайны бир аз өзгөргөн 200, 500, 1000 сомдук жаңы акча жүгүртүүгө чыгарын билдирип, алардын жаңы жасалгаланган сүрөтүн жарыялаган. ...

1 5711

Күнүнө аспириндин төрттөн бир бөлүгүн ичип туруунун пайдасын билесизби?...

Кан кою болуп кетпеш үчүн 40 жаштан кийин ар бир адам аспириндин төрттөн бир бөлүгүн ичип турушу керек. Кээ бирөөлөр "менин каным көп, донормун венамдан кан берип келдим. Жаман кандарым жок" деп келишет. Чынында венадан алган кан менен далынын үстүнөн алган кандын асман менен жердей айырмасы бар. Дегеним, венадан таза кан чыкса, далыдан, желкеден дээрлик жаман кандар чыгат деп билдирди элдик ...

0 1038

"Светчи Айболит" Осмонбек Артыкбаевби?.

Эл байкайт экен да. "Токтогулдук"деп койсо эле энергетиканын эсебин таап коем деп ээлигип, Энергетика жана өнөр жай министирлигинин эки тизгин бир чылбырын колго алып иштеген, Осмонбек Артыкбаев деген. Учурда Жогорку Кеңештин депутаты. Каа-аап, "бөдөнөнү сойсо да касапчы сойсун"деген кеп бар эмеспи? Кыргыздар аны унутуп, аптекага кирип алып насос сураган куудулдардай эле энергетика тармагына аптекарь Осмонбек Мамбетжановичти отургузуп коюптурбуз. Министирликте иштегенден тартып, ...

0 11731

Өмүрбек Текебаев СИЗОдон доклад жазды

Кечээ, 12-майда, Бишкекте  болгон “Таза шайлоо – стабилдүүлүктүн жана бийликти тынчтык жолу менен өткөрүп берүүнүн кепилдиги” аттуу форумдун катышуучуларына Өмүрбек Текебаев СИЗОдон доклад жазып, жолдогон. Аны депутат Аида Салянова орусча окуп берген. Ошол докладды кыргызчага оодарып берип жатабыз. Өмүрбек Текебаев Кыргызстанда “суурдун күнү” келгенин белгилеп, бийликти узурпация кылуу жолуна парламентти бөгөт болууга чакырды. Ал Башмыйзамга жана КРнын мыйзамдарына ылайык парламенттик шайлоону ...

Жарнама үчүн орун!
600 x 50
0 5591

Адилет Айтикеев: «Турсунбай акенин постун окуп, өтө капа болдум»

Журналист Адилет Айтикеев азыр Америкада. Ал жакта жүргөнү менен Кыргызстандан кабар алып турат. Фейсбукка активдүү катышат. Өзүнүн баракчасына мындай деп жазыптыр: --Турсунбай агамдын постун окуп алып өтө капа болдум.Турсунбай аке, бул пикириниз өтө ашыкча болуп кетиптир. "Эгерде биздин молдолор, муфтият теңирчилерге жаназа окубай койсо, же аларга мусулман көрүстөнүнөн орун бербей койсо, алар тыйылат эле" деген ойду ...

0 3470

Кытайдан Кыргызстанга эшектин эти кирип жатабы?

Чек ара кызматынын кызматкерлери 8-майда «Торугарт» өткөрүү пунктунан тиешелүү документтери жок Кытайдан алынып келген эттерди кармашты. Бирок эт кайсы малдын эти экени айтылган жок. Маалыматка ылайык, алынып келген эт документ боюнча алма деп жазылган. Эми бул тиешелүү иш-чаралар көрүлүп, кылмыш ишин тергөөнү Мамлекеттик экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматы жүргүзөт. Бул биринчи жолу эмес экени айтылууда. Мындай көрүнүштөр буга дейре бир нече ...

Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83