www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Эл пикир
0 11733

Өмүрбек Текебаев СИЗОдон доклад жазды

Кечээ, 12-майда, Бишкекте  болгон “Таза шайлоо – стабилдүүлүктүн жана бийликти тынчтык жолу менен өткөрүп берүүнүн кепилдиги” аттуу форумдун катышуучуларына Өмүрбек Текебаев СИЗОдон доклад жазып, жолдогон. Аны депутат Аида Салянова орусча окуп берген. Ошол докладды кыргызчага оодарып берип жатабыз. Өмүрбек Текебаев Кыргызстанда “суурдун күнү” келгенин белгилеп, бийликти узурпация кылуу жолуна парламентти бөгөт болууга чакырды. Ал Башмыйзамга жана КРнын мыйзамдарына ылайык парламенттик шайлоону ...

0 5596

Адилет Айтикеев: «Турсунбай акенин постун окуп, өтө капа болдум»

Журналист Адилет Айтикеев азыр Америкада. Ал жакта жүргөнү менен Кыргызстандан кабар алып турат. Фейсбукка активдүү катышат. Өзүнүн баракчасына мындай деп жазыптыр: --Турсунбай агамдын постун окуп алып өтө капа болдум.Турсунбай аке, бул пикириниз өтө ашыкча болуп кетиптир. "Эгерде биздин молдолор, муфтият теңирчилерге жаназа окубай койсо, же аларга мусулман көрүстөнүнөн орун бербей койсо, алар тыйылат эле" деген ойду ...

0 3474

Кытайдан Кыргызстанга эшектин эти кирип жатабы?

Чек ара кызматынын кызматкерлери 8-майда «Торугарт» өткөрүү пунктунан тиешелүү документтери жок Кытайдан алынып келген эттерди кармашты. Бирок эт кайсы малдын эти экени айтылган жок. Маалыматка ылайык, алынып келген эт документ боюнча алма деп жазылган. Эми бул тиешелүү иш-чаралар көрүлүп, кылмыш ишин тергөөнү Мамлекеттик экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматы жүргүзөт. Бул биринчи жолу эмес экени айтылууда. Мындай көрүнүштөр буга дейре бир нече ...

0 1733

Ирина Карамушкинанын кличкасы "мекиянбы?"..

Көптөн бери колдонулбай калган "мекиян"деген сөз кечээ жакындан тарта парламенттин ичинде кеңири колдонула баштаптыр. Болоор болбос нерсени көтөрө койкоңдой берген депутат Ирина Карамушкинага ушул ылакап атты ыйгарып, парламенттин короосундагылар тымызын күлүп жүрүшөт дейт. Карамушкинага эмне себептен "мекиян" деп койгондугун ошол киши эле билбесе, биз анын парламентте улам  кыйкырып чыкканынан болсо керек деп болжодук. Анда, "корозу"ким болду экен?.. Булак: "Айгай"

0 6029

Камчыбек Жолдошбаевдин азансыз коюлган аты “Бош дарбыз”

«Өнүгүү Прогресс» партиясынан келген Жогорку Кеңештин депутаты Камчыбек Жолдошбаевке тээ 2011 жылы эле “Бош дарбыз”деген каймана ат жабышыптыр да калыптыр. Көрсө, Камчыбек Жолдошбаев ошол жылы өзүнүн “Беш Сары” соода кылуучу жайындагы, соода кылып жаткан боюнда бар келинди тээп жибергендиктен, ошол жердеги элдин ичинен бирөө аны дарбыз менен башка чапкан экен. Ошондон улам ал кишиге “Бош дарбыз”деген ат азансыз коюлганынан кулагыбыз чалды. Булак: ...

0 6604

Киттердин кличкалары: Аалы Карашев - "Алпкара"

“Алпкара” Убагында вице-премьер болуп жүргөн Аалы Карашевди тар чөйрөдө "Алпкара" деп тергеп коюшат экен. Мындай каймана аттын берилишин башкы себеби балдызы башкы прокурор болсо, бир учурдагы генералдык прокурор , Конституциялык соттун төрайымы болуп келген илибой саясатчынын башына чай кайната ала турган Чолпон Баекованын карачечекей күйөө баласы. Арийне "кайын журтун кыйынбы?" деген тамаша ыр дал ушул  Аалы Азимовичке жарашат. Ал эми экинчи жагдайы ...

0 1158

Ороковдун ою ордунан чыкпай калды

Жакында эле «Кыргызнефтегаздын» жетекчиси Жеңиш Жумашов Экномикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү кызматы тарабынан мамлекетке ири суммада зыян келтиргени аныкталып камалган. Анын ордуна «Кыргыз алтын», «Макмал алтын» сыяктуу май талкандуу кызматтарды жетектеген, капчыгы калың Азизбек Ороков «Кыргызнефтегаздын» жетекчилигинин милдетин аткаруучу болуп барган. Бул ишкананы 2002-жылдары да башкарган. Майлуу-сүттүү экенин жакшы билет. Мына ушул Ороков жетекчинин милдетин аткаруучу болуп бараары менен аталган ишкананын директорлор ...

0 839

Баягы эле бажы кызматы..

Жогорку Кеңештин спикери Чыныбай Турсунбеков Кыргызстанга алтын буюмдарын мыйзамсыз ташуу тыйылбай жатканын билдирди. Бул туурасында парламентте аталган маселеге тийиштүү мыйзам долбоору талкууланып жатканда айтты. Ырасында эле 2017-жылдын алгачкы 3 айында кыргыз мамлекетине буюмдарынын 88 пайызы аткезчилик жол менен киргизилген. Бул деген 10-20 пайыз эмес, дээрлик 90 пайыз дегенди түшүндүрөт. Демек, бюджетке түшчү миллиондор жеке бирөөлөрдүн чөнтөгүнө түшүп жатат дегендик. Мыйзамды сыйлаган ...

13-май 2017, 09:42 | 839
4 3848

Ипотека элди сыздатууда

Бактыбек Шамкеев деген кыйын чыкмабыз жетектеген Кыргыз өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик ипотекалык компания (МИК) деген тармагыбыз бар. Негизги максаты үйү жок жүргөн жарандарыбызды турак жай менен камсыз кылуу. Бирок, кантип, кандай негизде, кандай план менен иштеп жатканы эч кимге белгисиз. Ал эми үй алуу максаты менен барган жаштарыбыз нааразычылыгын билдиришүүдө. Кененирээк айта турган болсок, үй алуу үчүн МИКге барган жарандарыбыздан дароо эле, ...

13-май 2017, 09:13 | 3848
0 1049

Аскер Сакыбаева: «Эми "а" деген соң "б" дегенди айтыш керек»

«Бүгүнкү күндүн жакшы жаңылыгы президент Атамбаевдин "Азаттыкка" миллиондорду койгон доо арызын артка кайрып алганы болду. Бул чыныгы лидердин кадамы. Эми "а" деген соң "б" дегенди айтыш керек. "Заноза" сайты менен Нарын Айыптан да миллиондорду алып салса, чын эле айкөлдүктү көрмөкпүз. Мөөнөтү аяктап кетип бара жаткан адамдын эсте каларлык мамилеси болмок. Сиздер кандай дейсиздер?»,-деп жазган Фейсбуктагы баракчасына белгилүү журналист ...

0 935

Роза Отунбаева: “Президенттикке талапкерлер мурдагыдай эле саясий куугунтукта”

"Жарандык көзөмөл комитети" уюму "Таза шайлоо - туруктуулуктун жана тынч бийлик алмашуунун негизи" аттуу форум өткөрдү. Ага экс-президент Роза Отунбаева, экс-премьер-министр Темир Сариев, Феликс Кулов, Амангелди Муралиев, Равшан Жээнбеков,  Жогорку Кеңештин депутаттары, коомдук ишмерлер, укук коргоочулар катышышты. Анда Роза Отунбаева бүгүнкү бийлик мурдагыдай эле экенин айтты: --Бүгүнкү кырдаал мурдагыдай эле болуп турат. Президенттикке талапкерлер мурдагыдай эле ...

0 883

“Зордуктадың” деп таксистти коркутуп акча өндүргөн аялдар тобу кармалды.

Аялдан амал качып кутулбайт экен да. Дегеним, Жалал-Абад шаарында таксистке “зордуктадың” деген жалаа жаап акча талап кылган үч аял кармалды. Бул тууралуу “Спутник” сайты жазып чыкты. Маалыматка ылайык, 24-апрель күнү жергиликтүү жаран зордуктоо боюнча жалаа жабуу менен эки аял акча алганын айтып милицияга кайрылган. Анда окуянын курмандыгы болгон жаран: “Шаарда Токтогул көчөсү менен баратсам бир аял унаама отуруп, баласын шаардан алып, ...

0 1028

Мыйзам чыгарып, аны көзөмөлдөйт деген депутат өзү пара берип жатса…

Мына сага, шумдук! Жогорку Кеңештин депутаты Рыскелди Момбеков баласын Бишкек шаарындагы №5-мектеп-гимназияга киргизүү үчүн пара бергенин айтып чыкты. Бул тууралуу, фракция жыйынында республикадагы орто билим берүүчү окуу жайларын 5 күндүк системине өткөрүү боюнча мыйзам долбоору каралып жаткан учурда билдирген ал: “Класстардагы окуучулардын саны 40-42ден ашат. Мектепке кирүү өтө кыйын. Мен пара бергем. Мен! Ал эми карапайым адамдар жөнүндө эмнени айтууга болот?”,-деди. Эгер ...

0 697

Концерттик залда эмес…

Өткөн аптада Жогорку Кеңештин депутаттарына жер көчкү болгон Өзгөн районунун Аюу айыл аймагы тууралуу өкмөттүн тийиштүү мүчөлөрү маалымат берди го. Түштөн кийин залда 12 эле депутат калып. Ошондо депутат Камчыбек Жолдошбаев өкмөт өкүлдөрүнө айтып атат, адатынча алпа-далп сөзүн айтып, «Силер депутаттарды жаман көрөсүңөр, алар суроо берип атат, бүт элдин баары карап атат, анан элдин баарын жанагындай ситуацияга алып келип саласыңар, мына ...

12-май 2017, 16:04 | 697
0 941

СДПКчылар Болсунбек Казаковду катуу сынга алышты…

Бүгүн, 12-майда, КСДП фракциясы «Улуттук холдинг» ачык акционердик коомун түзүү боюнча Жогорку Кеӊештин токтомунун долбоорун карап, Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун төрагасы Болсунбек Казаковдун отчетун угуп, сынга алышты. Депутат Анвар Артыков Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун төрагасы Болсунбек Казаковдун «Мамлекеттик ишканалардын жетекчилеринин адистиги төмөн, ошондон улам натыйжалуу иштей албай жатат» деген сөзүн эске салып, ошондой начар жетекчилерди Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун өзү дайындап ...

0 884

Мисирейген министр Исакунова

Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигин Кудайберген Базарбаев башкарган кезде алгылыктуу иштер жүргөнүн жалгыз гана жамааты эмес, бүткүл эл билет. Чет өлкөлүк жарандарга  кароосуз калган балдарды саткан жагынан таанылган министрликтин ишин жөнгөрүп, алкоого арзый турган нерселерди жасап кетти. Албетте, партиялык система же коалициялык башкаруу деген балекеттер жок болгондо Кудайберегн мырза азыр деле башкара бермек, себеби, ишин кынтыксыз аткарып келген эле. Андан кийин ...

Жарнама үчүн орун!
600 x 50
0 1050

«Алтын Балык» аттыккан Динара Исаева үн катты...

Жогорку Кеңештин депутаттары бир канча типке бөлүнөт эмеспи. Алардын ичинен эң эле популярдуусу «алтын балыктар» тиби. Бул типке кирген депутаттар үн катпаса дагы, капчыгы кагылып турат. Мындай депутаттардын катарын толуктаган Динара Исаева. Кечээ ушундай «үн катыптыр», 7 жылдан бери биринчи жолу. Болгондо дагы Замира Сыдыкованын «Республика» гезитине. Эсиңер ооп калдыбы… Ал эми аталган басылмада «Алтын балыкты» бал тилге салып сүйлөткөн журналист ...

0 856

Мародерлук иш эмне болду?

Жакында коомчулукка чуулгандуу иштин бетин ачкан кылмыштуу факты ачыкка чыгат экен. Угушубузга караганда, ИИМдин кайсыл бир тергөөчүсү 2010-жылдагы мародерлукка тиешелүү материалдарды жок кылгандыгы боюнча фактылар ачыкка чыгат. Ал тергөөчүгө ошол кездеги министр тарабынан буйрук болуп, кылмыш ишине тиешелүү дело жок кылынган. Учурда бул иш такталып жатыптыр. Демек, тергөөчүнүн көрсөтмөсү менен жакын арада мародерлор камакка алынышы мүмкүн. Булак: "Ачык саясат"

0 2361

Акун айтты… Туке эми жетинчи кабаттан секиреби?

Кыргыз саясатында Т. Акун деген бар. Кайсыл жерде митинг, пикет болсо Акун ошол жерде. Тукенин башынан эмнелер гана өтпөдү? Чыкыйына таш тийгенден тартып, ала качууга чейин дуушар болду. Ачкачылык жарыялап, кабинетинен чыкпай койгон күндөрү да өттү. Кечээ жакында ЖМКлардын бирине ошол Т. Акун: «Бабанов же Төрөбаев президент болсо жетинчи кабаттан секирип өлүш керек» деди. Эмнеге экенин эмкиде бизге чечмелеп бермек болду. Булак: ...

1 1139

Элден чогулган каражат кайда жумшалат?

Кыргызстандагы уюлдук компаниялары 9-майдагы Жеңиш майрамын утурлай ар бир абоненттин тынчын алып: «Баланча номур менен баланча дарекке СМС жиберсең согуш ардагерлерине 20 сом которсоңуз болот» – деген билдирүүлөрдүн улам кайталап, бир күндү текке кетирбей жазышты. Бул быйылкы эле көрүнүш эмес, жыл сайын ушундай мазмундагы катты жиберип келишүүдө. Анан боорукер элбиз: «Ардагерлерден 20 сомду аямак белек» деп СМС келээри менен акчасын ...

0 1901

Кыргызбай тамада болуп жүрө берсе жарашмак...

«Таанышың болсо таңкасың, болбой калса маңкасың» дегендей, Кыргызбай Осмонов деген тамада жогору жактагы тааныштарынын күчү менен Кырдрамды бир нече жыл башкарды. Эл сыйлаган актрисалар кан какшап, тыным  албай күрөшүп, акыры Ак үй алдына пикетке чыгып, анан кетирип тынышкан. Бирок, көпчүлүк айткандай колдогон күчтүү окшойт, көп өтпөй Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониянын директорлугуна жетти. Албетте, ал жердеги маданияттын корифейлерине жакпай келет. ...

0 930

Акибаевдин «Чемоданына» кызмат тийип калса таң калбагыла...

Ысык-Көл областына башчы болуп Токтобек аттуу адам эле барбаса, башкалары токтобос болду. Өкмөт акенин койгон ар бир өкүлдөрүнүн артына, түлкүнүкүндөй булактаган куйрук пайда болуп жаткандыгы жалган эмес. Баарыныкы эле оп-окшош. Өнүктүрүү фондуна түшкөндөрдү оп тартуу. Ошолордун ичинен учурдагы бийликтин өз балдарына сөз да, ок дагы жетпес тура. Мына акыркысы эле  Мирбек Асанакунов менен Аскат Акибаевдер дал ушундай күбүр-шыбырдан улам эле кызматтарынан ...

0 2014

Президент болчу кишибиз ыйлаак болсо…

«Өнүгүү-Прогресс» партиясы ыйлактап бүтпөй койду. «Бийлик минтип жатат, тигинтип жатат, Жалал-Абадда жаныбызды койбой жатат» – деп эле арызданып бүтпөй коюшту. Бакыт Төрөбаев эмитен эле ыйлактап жатса эртең элди кантип башкарат? Президент болчу жигиттин кебетеси бул болсо, анда шорубуз шорподой эле кайнайт го. «Ыйлаар бала атасынын сакалы менен ойнойт» болбой, Төрөбаев эртерээк эсине келсе жакшы болот эле. Булак: "Ачык саясат"

0 2559

Токмоктон канатыңды кайрып алдың…

Кечээ 11-майда, УКМКнын тергөө башкармалыгы Жогорку Кеңештеги “Кыргызстан” фракциясынан депутат Канат Исаевге козголгон кылмыш ишине байланыштуу айыбын угузду. Бул тууралуу УКМКнын маалымат бөлүмү кабарлайт. Анда айтылгандай, Канат Исаев Токмок шаарынын мэри болуп иштеп турган кезинде муниципалдык жер тилкесин соода комплексин курам деген жеке тарапка арзан баада сатып жиберген. Ошондой эле мэриянын башка кызматкерлери менен жең ичинен сүйлөшүп алып, шаардык бюджеттен каржыланган автобекеттин ...

0 754

Батыралиев тартип орното албай жатат

Саламаттыкты сактоо министри Талантбек Батыралиев медицина тармагына тартип орното албай жатат. Буга чейин Ош наркологиялык борборунун башчысы Айгүл Садиева «Батыралиевден коркконум жок» десе, эми минтип Таластагы дарыгер «Атамбаевди уруп ойнобойм» деди. Ошентип медиктер өз билгендерин жасап, чектен ашкан деңгээлге жетти. Буга ким күнөөлүү? Албетте Батыралиев. Анткени, Талантбек мырза тартип орното албай жатат. Колунан келбегенден кийин тырмышпай кетип калыш керек да. Булак: "Ачык ...

0 3706

Даниярдын Динарасы азамат экен

Жогорку Кеңештин депутаты, Данияр Үсөновдун аялы Динара Исаева мыкты аял экен деп калдык. Жакшысын да, жаманын да бары-жогун да билдирбейт. Депутаттыгына таянып алып, бизнесинин битин сыгып коюп отурат. Мына сага депутат. Мамлекеттин маселесинин ага кенедей да кызыкчылыгы жок. Данияр менен калп эле ажырашып кеткен киши болуп, бул жактагы бизнестерин коргоп калды. Болбосо Данияры эбак эле башка катынга үйлөнөт эле го… Булак:"Ачык саясат"

0 2190

Кадырбек Керимбаев (Саяковский): «Бабанов күлүк эмес жулик»

Депутат ­Өмүрбек Бабанов президенттик тактыга ат салышам дегенден бери Фейсбукта жакшы эле талкууланып жатат. Каймана ат менен белгилүү болгон Саяковскийдин айткан жана жазганынан бердик. «Кадырбек Саяковский аке минтет: - Бабанов сөзсүз президент болот. Андай жулик азыр төрөлө элек. Аны ордуна койгон АША премьер болот. Анан чоң тамаша башталат- дейт. Кудай сакта!» деп жазган Бурулкан Карагулова Фейсбуктагы өздүк баракчасына.

0 622

Чиркей вакцинасы үчүн ыктыярдуулар изделип жатат.

Вакцинаны сыноо эки баскычтан турат АКШнын Улуттук саламаттык сактоо институттары, англиялык эки компания тарабынан иштелип чыккан жана чиркейдин шилекейи аркылуу жуккан бардык ооруларга каршы таасир берүүчү экени айтылган жаңы вакцинанын сыналышы үчүн 60 ыктыярдууну издеп жатат. Улуттук саламаттык сактоо институттарынын Аллергия жана жугуштуу оорулар боюнча иститутунун изилдөөчүлөрү тарабынан ыктыярдууларда өткөрүлө турган сыноонун эки баскычтан тураары белгиленди. Анда жаңы жасалган вакцина менен эмделген ыктыярдуулар ...

0 963

Бишкекте "Саясий туткундарды коргоо комитети" митинг өткөрдү

Бишкекте "Саясий туткундарды коргоо комитети" Германиянын Кыргызстандагы элчилигинин алдында нааразылык акциясын өткөрдү. Аталган комитет төрагасы Сапар Аргымбаев нааразы тарап немис элчилигине кайрылуу жолдой турганын билдирди. Анда Евробиримдик, анын ичинде Германияга Кыргызстандагы бийлик режимин саясий жана каржылык колдоону токтотуу чакырыгы ташталган. - 25 саясий туткунду негизсиз жерден кармап, алардын укугун одоно бузган саясий режимди Евробиримдик айыптап, ага карата колдоонун бардыгын токтотсун, - ...

0 1079

Чоң-Алайда 3000 адам турак-жайсыз калды

Чоң-Алайда болуп өткөн жер титирөөлөрдө 3000 адам турак-жайсыз калды. Жалпысынан 8 үй толук жаракаттан чыгып, 529 турак-жай авариялык абалга кептелген. Учурда 2964 адам 510 чатырда баш калкалоодо. Коомдук мекемелерден 1 оорукана, 3 мектеп жана1 мечит авариялык абалда. 3-майда Тажикстандын аймагында күчү 7 баллга жеткен жер титирөө болуп, капшабы Кыргызстандын бир катар калктуу конуштарына чейин жеткен. Андан кийин жер титирөө 5-майда дагы ...

0 1154

Алтынай айым, «каша» муздап баратат…

Биздин чоңдор кызматка же депутаттыкка бир иш кылайын деп келишпейт. Жөн эле келе беришет. Башкы максаты байлык жыйноо, бизнесин сактоо же мартаба күтүү. Анан да алар деңгээл, тажрыйба дегенден тептегерек нөл бойдон келип алышат. Бир нерсе үйрөнгөнчө кызматы же мандаты «оомийн» болот да, ошол бойдон кете беришет. Мындай «кереметтен» алар да тажашпады, уялышпады, эл да тажабады. Айталы, Жогорку Кеңештин вице-спикери Алтынай ...

0 1310

Добуш башталды: Сиз кимди президент кылат элеңиз?

«Эгер президенттик шайлоо бүгүн өтсө, кимге добуш берет элеңиз?” деген суроо менен АКИpress добуш берүүнүн экинчи этабын баштады. Добуш берүү бүгүн башталды.Тизмеге 11 саясатчынын аты-жөнұн киргизген. Алар: Өмүрбек Текебаев Мыктыбек Абдылдаев Өмүрбек Бабанов Сооронбай Жээнбеков Аида Салянова Сапар Исаков Ахматбек Келдибеков  Адахан Мадумаров Темир Сариев  Камчыбек Ташиев  Бакыт Төрөбаев Булак: «NazarNews.kg»

Жарнама үчүн орун!
600 x 50
0 1075

Эшектин мээси «деликатес»

Шумдуктуулар кийинки кездерде чубалжып чыгып жатат. Өмүрү эшекти атка теңебей келген айрым укмуштуулар эми анын сүтүн теңдешсиз дары кылып аздектеп калышты. Көрсө, анын ынак сүтү жылкынын кымызынан миң эсе артык имиш. Ал тургай обу жоктонуп кеткен «дарыгерлер» саратанда тоо тарапка чатыр тигип эшектин сүтү менен сыркоологондорду айыктырууга далалат жасашууда. Көрсө, биротоло өлөт деп больницадан чыгарып койгон бечаралардын көбүн так ушул ...

0 3119

Нурлан менен Самарага пародия...

Видео 11-май 2017, 15:43 Перизат Кутманалиева

Нурлан менен Самаранын аткаруусундагы «Бололу бирге» ыры ушул күнгө чейин популярдуулугун жоготпой ар кандай талкуулардын чордонунда. Учурда жаңы баш кошкон түгөйлөр да бал ырды фонограмма менен аткарып, слайд шоу тартып, калың журттун назарына деп социалдык түйүндөргө ар кими өзүнүн вариантын жүктөп жатышат. Үйлөнүү үлпөт тойлорун болсо сөзсүз жаш жубайларды элге алып кирээрде, жаштардын гимниндей болуп калган "Бололу бирге"ырынын коштоосу менен киришет. Жагымдуу ырга узун ...

0 2505

Гүлнур Сатылганова ырдаган ырларды башкалар ырдай албайт экен

Кыргыз эл артисти Гүлнур Сатылганова көптөгөн акын, обончулардын ырларын ырдап келет. Ырчынын аткаруусундагы “Сахна” аттуу ырды Айчүрөк Иманалиева экөө да талашып жүрбөдү беле. Ошол ыр боюнча “Азаттык” радиосундагы маегинде сөз козголуп, ага төмөндөгүдөй жооп бериптир: “Автордук укук маселесин күчүнө киргизүү күндүн талабы. "Кыргызпатент" ыр жазган акынды же обончуну гана каттоого алып, аларга акы төлөйт экен. Аткаруучулардын да укугу корголушу керек. Бизде ...

0 1114

Ысырапкорчулуктан баш тартуу...

Саналуу күндөрдөн кийин окуу жылы аяктайт. Салтка айланып калгандай, бул баягы классташтардын 10 жылдык, 20 жылдык деген шаан-шөкөттөрү менен коштолот эмеспи. Майрамдык кечени уюштурууга бир топ акча кетери белгилүү. Бирок окуучулук кезди эстеп, бир чер жазышып алууга не жетсин дегендер арбын экени талашсыз. Ал эми быйылкы 20 жылдык бүтүрүүчүлөрдүн арасынан кочкорлук туугандар өзгөчөлөндү. Дегеним, Кочкор районуна караштуу Кара-Суу айылындагы орто мектебин 20 ...

0 1245

Дагы бир СДПКчы кызматка келди

Талас шаарынын мурдагы вице-мэри Азат Койчубековдун ордуна  Чыңгыз Мураталиев келди. Ал 36 жашта. Кесиби боюнча юрист. Эмгек жолун ветеринардык лабораторияда айдоочулуктан баштаган. КСДПнын мүчөсұ. Шаардык кеңештин 27 депутаты бүгүнкү жыйында Мураталиевдин талапкерлигин бир добуштан колдоп беришкен. Булак: «NazarNews.kg»  

0 637

Чудиновдун чубалган кылмыштары неге каралбайт?

Азыркы депутат, андагы экс-өкмөт башчы Игорь Чудинов ушу тапта кыргызга эмне кызмат кылып берип жатат деген мыйзам ченемдүү собол туулат. Аныгында Чудиновго окшогондор кыргыздын ырыскысына колун матыргандан башка ырыстуу иш кылышпаган. Айталы, Чудиновдун айланасындагы чырлар арбындыгынан бирөөнү гана мисал тарттык. Эсиңердеби, «Кыргызгаздын» мурунку башкы инженери Керимбек Сарбашев «БЭК» аттуу ортомчу фирма «Кыргызгаздан» алган газды өлкөдөгү ири ишканаларга сатып, ортодон 25 миллион доллар ...

0 1364

Чолпонкул Арабаев Академияны жетектей турган болсо, жыргаган экенбиз

Илимпоздордун ит жыгылыш интригасы аяктабай, «спектакль» аябай көп актылуу болуп баратат. Чын эй, бир топтон бери Кыргыз Улуттук Илимдер академиясына жаңы жетекчини дайындай албай убарабыз. Абдыганы Эркебаев өз каалоосу менен кызматтан кеткен соң, ал орунга мурунку өкмөт башчы Жоомарт Оторбаевдин келе тургандыгы айтылган, бирок, али күнчө дайын жок. Бирөө-жарымдар Чолпонкул Арабаевдин келээрин айтууда. Бирок, бул киши ким жана илимге кандай салым кошконун ...

0 993

Сауна, автомойка, дүкөн күйүп жатат

  2017-жылдын 10-майда саат 14:00 чамасында Ысык-Көл облусунун Каракол шаарынын Тельман көчөсүндө “Таш Рабат” комплекстин алдын ала алган маалымат боюнча (сауна, автомойка, дүкөн) болжол түрүндө 132 чарчы метр жыгач устундуу темир жабылган чатыры күйүп жатат. Өрттү өчүрүүгө 3 бөлүм тартылган, 14:30да локализация берилди. Кошумча маалымат берилерин КР ӨКМнин басма сөз кызматы билдирди. Булак: «NazarNews.kg»

0 1643

Бакыт Төрөбаев: «БШК төрайымы көчөдөн алынган сөздөрдү сүйлөп жатат»

"Өнүгүү Прогресс" фракциясынын лидери Бакыт Төрөбаев  «Марал» радиосуна маек берип атып, президенттик шайлоого катышып жаткан саясатчыларга үгүт иштерин эрте баштабай турууну БШНнын катуу эскертүүсүнө төмөндөгүдөй жооп берген: «БШК ушунчалык эле биздин жумушубузду көзөмөлдөйбүз десе көзөмөлдөшсүн. Бирок, алар дагы так билиши керек. БШК «партиялар талапкерин чыгарып жатат» деп атат. Партиялар талапкер чыгарган жок анын мүчөлөрү президенттикке барчу кишиге макулдугун ...

0 1299

Көп аялдуулук...

Көпчүлүк кыргыз кыздары өз теңин таба албай, жаштыгы менен өмүрү өтүп, айрымдары кытай, түрк, индустарга чыгып кетип жатышы да эркектердин аздыгына барып такалууда. Бирок турмуш менен табият өз өкүмүн жүргүзүп, жашыруун үйлөнүп алган байларыбыз деле жок эмес. Ошондуктан көп никелүүлүккө уруксат берүү маселесин К. Бакиевдин тушунда бир министр көтөрүп, бирок ал төө бастыга кабылган болчу. Эми бул көйгөйдү кыргыз кыздар өздөрү көтөрүшүүдө. ...

10-май 2017, 15:39 | 1299
0 1493

Депутат Дастан Бекешов төрт азизди сотко бердиби?

Мындай маалыматты Темирлан Ормуков Фейсбуктагы өзүнүн баракчасына жазып чыкты. “Айтмакчы, Дастан Бекешов менден башка дагы 4 азиз майыпты сотко бериптир, “абройго шек келтирди” деп. Ал төртөө деле майып. «Атамбаевге деле ыр түгүл, жаман сөз айткан эмеспиз» дешет. Дастан өз аброюм деп жанталашып жатып башкалардын беделин түшүрүп койду көрүнөт. Шакылдатып эле сотко берип жатат...»,-деп жазган Темирлан Ормуков.

0 1642

Кар жаап, кар көчкү жүрүшү мүмкүн

5-майдан 8ине чейин жааган жана жаай турган жаан-чачындан жана күндүн жылуусунан улам тоолуу аймактарда жана Бишкек-Ош, Каракол-Эңилчек, Барскоон-Ак-Шыйрак автожолдорунда кар жаап, кар көчкү жүрүшү мүмкүн. Автожолдордогу кар көчкү коопсуздугу бар тилкелерде транспорт ортосундагы аралыкты 500 метрге кармануу керек. 7-9-майда республиканын тоо этектеринде жана тоолуу аймактарда нөшөрлөп жамгыр төгүп, сел жүрүү коркунучу бар. Дарыялардагы суу деңгээли көтөрүлүшү ыктымал. Булак: «NazarNews.kg»

0 7200

Эмчек саясаты

Көпчүлүк айымдар эмчектин формасын кантип сактап калам же канткенде терисин модель кыздардыкындай сыймакай кылам деген суроолор менен баш оорутуп келет. Анда эмесе, айымдар, эмчек саясатына саякатка кеттик. Бал жана миндал майы аралашкан маска. Бал менен миндал майын бир көлөмдө аралаштырасыз. 10 минут тыныктырып койгон соң эмчегиңизге алып сыйпайсыз. 20 минута койгон соң жылуу суу менен жууп саласыз. Бал жана миндалдан жасалган масканын ...

05-май 2017, 21:06 | 7200
0 1013

Мэриянын аппарат башчысы Жунушалиев Маданбекованы жоолук салынганы үчүн жумуштан кетирдиби?

Бишкек шаарынын Мэриясында конкурс менен өтүп, жакшынакай эле иштеп жаткан Маданбекова Сейилди Мэриянын аппарат жетекчиси Жунушалиев Мелис мыйзамсыз кызматтан кетиргени боюнча соттошуп жатканын, Бишкек шаардык соту 24-майда болорун биздин редакцияга билдирди. “Менин ордум аябай керек болгондуктан, аларга менин жоолугум шылтоо болду го деп ойлойм. Себеби, менин ордума стажер келди. Ал бир чоңдун баласы экенин кийин уктум”,- дейт ал. Сейил Маданбекова. Мэриядагы кадр ...

0 3022

30 үй, 35 электр мамычасын жер көчкү басып калган

Бу маалыматты КР ӨКМдин Басма сөз кызматы билдирди. Ош облусундагы Чоң-Алай району боюнча жер титирөө алдын ала маалымат боюнча, райондук Жарандык коргонуу комиссиясынын изилдөө иштеринин негизинде, Жекенди а/а жалпысынан 903 турак-үй изилденип, анын ичинен алдын ала 92 үй 1-категорияга, 204 турак үй 2-категорияга, 285 турак үй 3-категорияга, 319 турак үй 4-категорияга, 3 үй 5-категорияга киргизилген.Тактоо иштери улантылып жатат. Жалпысынан, КР ...

0 13241

Ырчы Гүлжигит Сатыбековдун «двойниги» табылды

Ырчы Гүлжигит Сатыбековдун “двойнигин” таптык. Кызыгы, ал ырдабайт, эл ташыйт. Айдоочу болуп иштейт. Шаардын четинде жашайт. Үй-бүлөлүү.  Аны менен болгон кызыктуу маекти жакында биздин сайттан окуй аласыздар! Айдоочу менен ырчы бир тууган болуп калышы мүмкүн... “Назарга” назар салып туруңуздар! Булак: «NazarNews.kg»

Жарнама үчүн орун!
600 x 50
0 17306

Ырчы Бегимай Эсенгулова баптистпи?

Бул ушак эмес, так маалымат. Анткени, бул ырчы кызды Горький менен Совет көчөсүнүн ортосунда жайгашкан «Баптисттердин сыйынуу үйүнөн» көргөндөр бар. Ал жерден Бегимай Эсенгулова эле эмес, анын эжеси, белгилүү продюсер Динара Эсенгулованы да көрүптүр. «Бул эже-сиңди арданбай, кайра сыймыктанышат экен. Ырчы Бегимайдын күйөөсү пастырь экенин угуп алып, ого бетер жаман болдум. Баарынан да эч нерсеге түшүнө элек, эч нерседен кабары жок ...

0 892

Кубик, рубик жасалды

Зээнди, дээрди ойготкуч оюн курал кубигин ойлоп тапкан Алымбек Момбеков. “Кубик, рубиктерди жасоодогу башкы максатым дүйнөгө таанытуу. 300 сомдон сатып атам”,- дейт автор. Алымбек Момбековдун маегин жакында биздин сайттан окуй аласыздар! Булак: «NazarNews.kg»

05-май 2017, 15:20 | 892
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83