www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Эл пикир
0 1722

Атахан Кожогулов: Өмүрүң улайт уулдарың, Өлбөпсүң Боке. өлбөпсүң!

5-май таланттуу тележурналист Болотбек Макетаевдин туулган күнү, эгер тирүү болгондо 57жашка толмок экен. Ага-ини болуп катарлаш 20 жылдан ашуун бирге жүрдүк, сырдаштык, ырдаштык өмүрдүн көп таттуу күндөрү өттү, мени жакын инисиндей көрүп ичиндеги арман, бугун айткан күндөрү көп болду. Ал туурасында эскерүүм жазылып бүтө элек, буйруган күнү окуп каласыздар деген ойдомун. Төмөндөгү ыр Болотбек байке каза болгон жылы ...

0 922

Кичинекей шахматчы Чынгыз чет өлкөгө барат

Кыргызстандын Шахмат федерациясы алты жашар шахматчыбыз Султай Чынгыз үчүн чет элдик машыктыруучу чакырыла тургандыгын федерациянын президенти Мирлан Турпанов билдирди. Султай Румынияда 9 беттеш өткөрүп, 7 жеңишке жетишкен. “Баарынан кытай шахматчы кызды утканы өзүнө аябай жакты” дейт бала шахматчынын атасы жана машыктыруучусу Чынгыз Абылкасымов. Булак: «NazarNews.kg»

0 1269

Өмүрбек Текебаев кайрадан камакта калды

Бүгүн Бишкек шаардык соту депутат Өмүрбек Текебаевдин баш коргоо чарасын кароону саат 9:30га белгилегени менен кечки саат 16:00гө жылдырган. Бирок, шаардык сотунда эмес, Аскер сотунун имаратында каралды. Сот баш коргоо чарасын өзгөртүүсүз калтырды. Эми адвокаттар беш күн аралыгында Жогорку сотко кайрыларын маалымдашты. Эскерте кетсек, "Ата Мекен" партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев "Мегаком" компаниясына байланыштуу жемкорлукка шектелип 26-февралда ...

0 4908

Шашылыш билдирүү: эртең жамгыр жаайт

2017-жылдын 4-майына чейин жаап өткөн жаан-чачынга жана 4-майынан 8-майына чейин абанын температурасынын жогорулашына байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда, Бишкек-Ош унаа жолунун (Төө-Ашуу ашуусу) 121-128, 132-136-чакырымдары, (Ала-Бел ашуусу, Чычкан капчыгайы) 222-250-чакырымдары, Каракол-Эңилчек унаа жолунун (Чоң-Ашуу ашуусу) 45-92 чакырымдары, Барскоон-Ак-Шыйрак унаа жолунун (Барскоон жана Сөөк ашуусу) 60-68-чакырымдарында кар күрткүсү жана кар көчкү түшүү коркунучу сакталат. Унаалардын ортосундагы 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарыл.

0 554

Михаил Фрунзенин үй-музейинде көргөзмө ачылды

Михаил Фрунзенин үй-музейинде Улуу Ата Мекендик согуштун 72-жеңиш күнүнө карата “Биз силерди эстеп жүрөбүз!” аттуу көргөзмө ачылды. Көргөзмөгө Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучулары Макай Усуповдун, Мусакожо Бекташовдун, Садыр Мамбеткожоевдин фотосүрөттөрү, жоокерлердин тагдырларын чагылдырган ар кайсыл жылдардагы гезиттерге жарыяланган макалалар коюлду. Социалдык өнүгүү жана эмгек министрлигинин маалыматы боюнча республикада азыркы учурда Улуу Ата Мекендик согуштун 647 ветераны жашайт.

0 1172

Көчкү алдында калган туугандардын тизмеси

КР ӨКМнин басма сөз кызматы Зергер айыл аймагына караштуу Аюу Сай айылындагы жер көчкүдөн алдында калган 24 адамдын ичинен 8 адамдын денеси табылганын билдирип, тизмесин жарыялады. Алар: 1) 2003-жылы туулган Назирбаева Азиза Икрамжановна; 2) 2007-жылы туулган Назирбаева Умида Икрамжановна; 3) 1978-жылы туулган Коргонбаев Икрамжан Назирбаевич; 4) 2013-жылы туулган Назирбаев Алмазбек Икрамжанович; 5) 2000-жылы туулган Назирбаев Хуршидбек Икрамжанович; 6) 2005-жылы туулган ...

0 616

Дааватчыларды мыйзам менен тыюуга мүмкүнбү?

03-май 2017, 20:22 Гүлжан Шерипбаева

Тазабек Икрамов, Жогорку Кеңештин депутаты: – Дааватка чыккандар муфтияттын уруксаты менен чыгып жатышат. Дааватка чыгып ичип кеткен, туура эмес жолго түшкөн жарандардын көбү туура жолго түштү. Дааватчыларды мыйзам менен тыйбай, аларды муфтияттын уруксатысыз дааватка чыкпагандай кылып көзөмөлдөө керек. Жарандарды мечитке чакыргандардын эмнеси жаман?.. Же эмне мечит жаманбы? Мечитке барууну каалагандар бар. каалабагандар бар. Каалабагандар барбай койсун. Бул мыйзамды демилгелеген кесиптештерим ашыкча ...

0 559

Көчкү алдында калган  үч адамдын денеси табылды

Ош облусунун Өзгөн районунда 2017-жылдын 3-май күнү саат 17:40та Зергер айыл аймагынын Аюу айылындагы жер көчкүдөн куткаруучулар 2 кыздын (2003-жылы туулган, жана 2007-жылы туулган) жансыз денелерин табышкан. Саат 18:10до Зергер айыл аймагынын Аюу айылындагы жер көчкүдөн куткаруучулар дагы 1 баланын (2000-ж.т.) жансыз денесин табышкан. Бардыгы 8 жансыз дене табылганын КР ӨКМнин басма сөз кызматы билдирди. Булак: «NazarNews.kg»

0 585

Дааватчыларды мыйзам менен тыюуга мүмкүнбү?

03-май 2017, 20:18 Гүлжан Шерипбаева

Жолдошбек Бузурманкулов, милициянын полковниги: – Депутаттардын дааватка жол бербөө мыйзамын кабыл алганы жатканы эң туура. Анткени өлкөбүздү бүгүнкү күнү дааватчылар каптап кетти. Этеги жер чийген шалбыраган чапандарды кийип алып сандалып жүргөндөрдү тыюу зарыл. Ал эми мечитке келген элге даават айтышка жол берилет. Анткени, Кудайдын, Алланын, Мухаммед пайгамбарыбыздын сөзүн элге жеткирүү бул молдолордун да, менин да, сенин да, айтор ар бир мусулман ...

0 581

Дааватчыларды мыйзам менен тыюуга мүмкүнбү?

03-май 2017, 20:15 Гүлжан Шерипбаева

Алмаз Ибраев, Кыргызстандагы Чыгыш университетинин ректору: – Менимче мындай тыюу салган законду кабыл алыштын зарылчылыгы жок. Даават ишин жүргүзүү боюнча керектүү талаптарды койсо болот. Мындай закондун кабыл алынышы мусулмандарга кысым кылуу кооптуулугун жаратат. Булак:"Фабула"

0 828

Ажатканадан алынган ымыркай ооруканадан көз жумду

ӨКМдин Жалал-Абад шаардык бөлүмүнүн башчысынын орун басары Ч.Шекенов Turmush басылмасынын кабарчысына маалымдагандай, 2017-жылдын 30-апрелинде 1987-жылы туулган Н.А. ажатканага барган учурда төрөп, ымыркай ажатканага түшүп кеткен. Окуя тууралуу келиндин жакындары Жалал-Абад шаардык өрткө каршы мамлекеттик кызмат бөлүмүнүн байланыш бөлүмүнө кабарлашкан. «Кырсык катталган жерге жакын жайгашкан №20 аскерлешкен өрткө каршы бөлүгүнүн төрт кызматкери жөнөтүлгөн. Жакындары ымыркайдын тирүү калышынан үмүттөрүн үзүп коюшкан. Ошого ...

0 12873

Ак үй ШЫБЫРТ: Асан Мансуров маданият министри болобу?

21-апрель 2017, 03:47 Гүлжан Шерипбаева

Бүгүнкү шыбырт кеп, Ош улуттук драма театрында директорлук кызматты аркалаган ырчы Самара Каримованын жубайы Асан Мансуров жөнүндө болмокчу. Айта кетсек, жакын арада эле Асан Мансуров, Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин Түштүк аймак боюнча маданий борборунун жетекчиси болуп дайындалган. Ушул тапта тар чөйрөдө "Асан Мансуровду КР маданият, маалымат жана туризм министри болот", деген сөздөр күч алды. Эл арасында айтылып ...

0 4682

ВИДЕО - Илимбек Исраилов: «Москва шаарында каза болгон Эдилди туугандары билишпейт»

Видео 16-январь 2017, 06:48 Айдар Нуралиев

Москва шаарында дагы бир кыргыз жараны белгисиз себептерден улам каза тапты. Бул тууралуу NazarNews.kg маалымат агенттигине жеринен Илимбек Исраилов билдирди.Москва шаарындагы «Мекенчил мигранттар» уюмунун мүчөсү Жума Маматкалык уулу, 2017 - жылы 13 - январда Одинцова шаарында полицияга эки кыргыз түшүп, экинчиси каза болгондугун кабарлады. Кармалгандардын бири Акимбаев Абайбек Эмилбекович, 1979-жылы Чүй облусунда туулган. Экинчиси Нарын облусунун тургуну Касымбаев Эдиль Жумабаевич белгисиз себептер менен ...

Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83