www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Эл пикир
0 414

 Бийликтин “Биримдиги” элди биримдикке  чакырабы?

19-ноябрь 2019, 13:16 Темирлан Келдибеков

“Биримдик” кечээки Акаевдин “Алга, Кыргызстанбы” же Бакиевдин “Ак Жолубу”, мүмкүн Атамбаевдин СДПКсыбы бирок  тирилиш керек эле. Анткени, Конституция боюнча президентке партия ыйгарылганбагы менен, анын инилери Асылбек Жээнбековго Конституция эмес  адамкерчилик боюнча партия түзүүгө эл макул болбогон менен кимдир бирөө партия түзүүгө белсениш керек эле. Ушул возуйпаны  Зулпукаров алгандай. Эми парламенттик партияларга көз жүгүртөлү: СДПК- Атамбаевдин партиясы катары бийликти мыкчып турган.  Эми ...

0 162

Бир кезде "Асаба" да болгон, азыркы маалымат башы

19-ноябрь 2019, 07:55 Темирлан Келдибеков

«Асабанын» «астары» кимдер? Мезгил «критке» чапканы менен Мелис Эшимкановдун «Асаба» гезити тарыхка айланып, учурунда залкарлар мектебине айланган. Асабачылардын кээ бири бийликте тизгин чоюп, кээ бири калемгер катары бекем орношуп, кээ бири көр алдында калса да декабрда «Асабаны» эскере кетели дедим, анткени Мелис мырза дайыма декабрда эскерчү: Алым ТОКТОМУШЕВ –«Асабанын» бети Алым Токтомушевдин «Жолбүгүнү» менен ачыла турган. Ал саясий болгон окуялардын жилигин чагып, ...

0 190

Элди башкарууну мага окшогон кеӊкелеске ишенип берип койгон

18-ноябрь 2019, 07:51 Темирлан Келдибеков

Аз бирок саз, катуу уктаган экемин. Жоготкон тʏштѳрʏмдʏ эстеп кѳрѳйʏн десем, кумдай чачырап кетиптир. Кол шилтеп койдум да, Шолом-Алейхемдин "Коммивояжерын" окуй баштадым. Кызыктуу жазылган китеп экен, бирок бары бир еврейдин жыты жыттанып турат. Китеп окуп жатканым менен кѳӊʏлʏмдѳ кѳксѳгѳн оюмдун бары ал жѳнʏндѳ, канчалык китепти кунт коюп окуганга аракет кылганым менен, эмне окуп жатканым ѳзʏмѳ тʏшʏнʏксʏз болуп турду… Ж. ...

0 241

Чек ара маселелерине бюджеттен канча каражат сарпталат?

14-ноябрь 2019, 15:49 Темирлан Келдибеков

Атамбаев мамлекет башында турганда чек ара маселесине көңүл бурулган эмес. Ошондуктан 1 метр да чек ара такталган жок. Эми делимитация жана демаркация маселелерине канча каражат бөлүнгөндүгүнө кызыкса болот. Вице-премьер-министр Жеӊиш Разаковдун айтымында, кабыл алынган программага ылайык, 33 иш-чара пландалган жана аларды жүзөгө ашыруу үчүн ар жыл сайын 98 млн сомдон бөлүнүп берилип жатат. Ошону менен катар 300 ...

0 414

Депутат 150гө жакын оор жүк ташуучу унаасы менен Ош - Сарыташ - Карамык жолун талкаламай болду

14-ноябрь 2019, 10:48 Темирлан Келдибеков

Примовдор көмүрдү эки цемент заводго ташып, анан Өзбекстанга дагы экспортко чыгарып жатат. Норма боюнча жүк ташуучу унаалардын 6 октуусу 44 тонна, 5 огу бар унаалар 38 тоннадан ашыкча жүк жүктөй албайт. Улан Примовдун 150гө жакын оор жүк ташуучу унаасы Сары-Могол айылындагы көмүр кенден күн сайын кара алтынды ченемден ашыкча жүктөп ташыйт. Ош - Сарыташ - Карамык жолу 2-3 жылда толук ...

0 233

Казак “баурларыбыз” кыргыз өкмөт башчысына эстелик орноткону жатышат

14-ноябрь 2019, 09:18 Темирлан Келдибеков

1930-жылдары Казакстанды улуу ачарчылык каптайт. Бул ачарчылыкта казак элине кыргыздар кол сунат. Миңдеген адамдар өлгөн бул улуу ачарчылыкта эгер кыргыздар жардам бербегенде казактардын теңи кырылып калмак. Ак-Төбө облусунун акимине казак активисти  Турар Кусаинов 110 миң кишини репрессиялаган, 25 миң кишини атып өлтүргөн, ошол кезде Казакстанды жетектеген Левон Мирзояндын эстелигин тыптыйпыл жок кылып, ордуна казак элине жардамга келген кыргыз өкмөт ...

0 232

Премьер Абылгазиев депутаттар тыюу салбаса казинодон пайда тапмак беле?

14-ноябрь 2019, 09:16 Темирлан Келдибеков

СДПК фракциясынын депутаты Улан Примовдун оюу боюнча бюджеттин кошумча булагы катары казинолорду кайра ачуу керек экен. Ал алыскы аймактарда жайгашып, чет өлкөлүктөрдү тартса болот дейт. Өкмөт башчы Абылгазиев бюджетке кошумча каражат түшүп турганына каршы эместигин, бирок мурда депутаттар казиного тыюу салган мыйзам кабыл алганын эскертти. Анын пикиринде, ача турган болсок, мыйзам кабыл алып, маселе жаралбашы үчүн өлкөнүн жарандары ойной албагандай ...

0 263

Эмки “Кыргыз эл Баатыры” ким болот?

14-ноябрь 2019, 09:17 Темирлан Келдибеков

“Кыргыз эл Баатырынын” саны көбөйүп баратат. Мурун “Советтер Союзунун Баатырын” Чолпонбай Түлөбердиев, Дүйшөнкул Шопоковдор кан менен алышкан, кийин “Кыргыз эл Баатырына” Чыңгыз Айтматов, Сүйүнбай Эралиев, Түгөлбай Сыдыкбеков, Төлөгөн Касымбеков, Сабира Күмүшалиева сыяктуу эмгеги менен элге таанымал адамдар татыктуу болушкан. Депутат Сайдулла Нышановдун сунушу менен парламент көрсөткөн “Улуу урматтуу” Атамбаевден кийин, “Кыргыз эл Баатырын” президент Жээнбеков Кулатов менен Ибраимовго берген. ...

0 148

Чодуев министр болгону «чот каккандай эле» баалар чодуңдай баштады

13-ноябрь 2019, 08:49 Темирлан Келдибеков

Чодуев деген чодуңдаган айыл чарба министри бар. Министр болоордо эл алдында асынып өлсөм да бааны кармайм деп ант берген. Анты куруп кетсин, антаңдап жүрүп унга ээ боло албай ун асмандап кетти эле, ун артынан эт, күрүч адыраңдай баштады. Улуттук статистика комитети он айлык жыйынтыгын жарыялап койолу: 2019-жылдын октябрь айынын жыйынтыгы менен өткөн жылдын тиешелүү мезгилине салыштырмалуу ...

0 385

«Гүл өссө жердин көркү, чал кетсе элдин көркү». Казактар каардана баштады, “Желтоксан” (декабрь) келатабы?

12-ноябрь 2019, 14:20 Темирлан Келдибеков

Учурдагы президент Касым-Жомарт Токаев 66 жашта. Жашы 80ди чамалаган Нурсултан Назарбаев президенттиктен кеткени менен таасири күчтүү. 1986-жылы декабрда же казакча желтоксанда Алматыда казак Динмухаммед Кунаевдин ордуна улуту орус Колбин келгени үчүн казак жаштары көтөрүлүп Желтоксан окуясы болгон. Ошонун негизинде Назарбаев бийликке келген. Эми «Ойгон, Казакстан» жарандык кыймылынын митингине 80дей киши келген. Алар негизинен саясий системаны алмаштырып, супер президенттик башкаруудан ...

0 197

Айнек тилгичтер Айга учушту, мык саткандар мыкты миллиардер болушту

11-ноябрь 2019, 14:07 Темирлан Келдибеков

Айнек тилгич Кожобек Рыспаевдин башына бак конду. Афган согушуна катышып ай-амалдын арифметикасын жадыбалдай жаттаган Кожокең кожоңдоп ал кездеги ар кимди сатып жүрүп көнүп калган, темир генералдан “чүпүрөк генералга” айланып калган Феликс Куловдун колтугуна кирип, бир заматта мык саткандан мыкты саясатчыга айланды. Эски “Правда”, эмки Ибраимов Жумабек көчөсүндө көпөлөктөй  мык, кийин чочконун этин сатып жүрүп “аферизмдин” айланкөчөгүндө көчүгү айланган Кожобек ...

0 586

Чоңоюп калган балдарым тилимди алышпайт, эмне кылыш керек?

05-ноябрь 2019, 13:33 Айдар Нуралиев

Окурмандын суроосу: - Саламатсызбы. Менин 19, 17, 15 жаштагы эркек балдарым бар. Оңою менен сөз угушпайт, кичине сүйлөсөм эле кыялдарын көрсөтүшөт. Тил албагынан катуу сүйлөп жиберем, кээде ыйлайм элдин балдары кандай эле угушат, деп. Кандай кылсам болот? Адистин жообу: Асель Баимбетова, психолог: - Менин биринчи суроом, балдарыңыздын атасы кайда? Себеби бул жаш куракта өспүрүм балдар үчүн алар сыйлаган, алар үчүн аброю чоң, ошону карап түздөнүп, ...

0 200

Бишкек мэри шаардын борбордук бөлүгүн эле оңдоп жатабы?

04-ноябрь 2019, 10:22 Айдар Нуралиев

Бакыт Дыйканов аттуу Фейсбук колдонуучусу жеке баракчасына Бишкек шаарынын мэриясына болгон нааразычылыгын жазган. Анын жазгандары толугу менен төмөндө: “Мэр менен анын аппарат жетекчисин апендинин кызындай эле мактайсыңар ишке киришкенден бери. Алар шаардын борбордук, тактап айтканда эл көзүнө көрүнгөн жерлерде эле иштеп жатышкан жокпу? Шаар деген чоң. Борбордук эле жерлерин карап, түзөп жүрө берген болбойт. 83-мектептин жанындагы аялдаманын тагдырын чечип ...

0 266

Кош, Казакстан, темир жол кетет Кытайга

30-октябрь 2019, 15:14 Темирлан Келдибеков

Казакстан менен Өзбекстандын Борбор Азияда лидерликти көксөө тилеги Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолун курууга себеп болууда. Бүгүнкү күнү бир гана альтернативасы жок Казакстандын аймагы ушул чөлкөмдө темир жолду көзөмөлдөп турушу Ташкендин ичин өрттөп, Борбор Азияда лидер болуу демин суутуп жаткандай. Учурда бул оюнга согушуп жатса да, апийим өндүрүп миллиарддаган доллар таап жаткан Ооганстан да кошулуп жаткандай. Ооганстан Өзбекстан аркылуу Казакстанды аралап ...

0 496

Төрөлө элек жатып жанчылган “Кой-Таш Элдик Республикасы”

04-ноябрь 2019, 09:41 Темирлан Келдибеков

Кошоматчылардын берген бекер этине эсирген Кой-Таш резиденциясындагы Атамбаевди коргоочулар июлдун аягында Атамбаев Бельянинов аркылуу Владимир Путин менен жолугушуп келген соң, ойду-тоону сүйлөй башташат. Буларга бекер тамак берип, идеологиялык жетекчисине айланган Алмазбек Атамбаев таш менен курчанып алганы аз келгенсип “живой щитти” же бала-бакыра, кемпир-чалды курчанууга бел кылып алат.  Жасакер төрөлөрү Ички иштер министрлигинин экс жетекчиси Улан Исраилов, экс-социалдык өнүгүү министри ...

0 509

“Кылыгы” чыгып бараткан министр окуу жайын менчиктештирүүгө каршы эмеспи?

04-ноябрь 2019, 09:42 Темирлан Келдибеков

Наристе бул дүйнөгө жаралганда уйку ааламында балкып жүрүп, убакыт өткөн сайын анын кылыгы чыга баштайт. Биздин Билим жана илим министри Каныбек Исаковдун кылыгы “төрөлө элек” жатып чыккан. Ал жердеши студенттик отургучтан жаңыдан турган кызга  “Билим берүү мыктысын” алып берип, элге тескери жагынан көрүнгөн. Эми Акаевдин учурунда Соода техникумун менчиктештирип алгандар, финансы техникумун менчиктештирүүгө далалат жасай башташты. Бул ...

Жарнама үчүн орун!
600 x 50
0 314

Митингде милиция таш жеп, мародерчулар аш жеп, чындыгы алар жок болсо куурап калат экенбиз

29-октябрь 2019, 15:36 Темирлан Келдибеков

Милициялардын баркы бийлик алмашканда келет экен. 2005-жылы 24-мартта, 2010-жылы 7-апрелде милицияны фонарик менен издеп таппай калып, мародерчулукка жол бердик. Кашкар Жунушалиев - 2018-жылдан баштап... Мактасак жаман көргөндөр толтура, жамандасак жаман көргөндөр толтура, ошол үчүн... Улан Исраилов – 2016-2018, Атамбаевге жансакчы болуп жүрүп министрликке жеткен. ИИМ министринен кеткен соң 2019-жылы августта Кой-Ташта өчүп бараткан чөпкө от ...

0 205

 «Вазири бучук болсо, Атамбаеви эмне болот?» же Ошту курам деп акчага оонагандар бар

29-октябрь 2019, 09:16 Темирлан Келдибеков

Жагалданган жылмаюну пара деп эсептесек болобу, анткени жагалданып жылмайгандан алдына киши салбаган  адам бар. Мырза-Акенин коондору гана эмес, «жоондору» дагы таттуу келет. Ошол «жоондорунун» жоону Жантѳрѳ Жолдошевич. Анын негизги адистиги «эксплуатационник». Ошондуктан Аскар Акаев, балким Майрам Акаева  келишимдүү жигитти Бишкек-Ош автожолун «эксплуатация» кылуу боюнча директорлугуна койгон. «Эксплуатационник» Сатыбалдиев «эксплуататор» Акаевге жагыныш үчүн үч кабат асфальт жолдун бир кабатын майга ...

0 209

Карызга акча алып той бергендер бар

29-октябрь 2019, 11:45 Темирлан Келдибеков

Кээ бир насыя алуучулар түшүнбөстүктөн той-топурга жумшоо үчүн насыя алуу боюнча банктарга жана микрокаржылоочу уюмдарга кайрылып жатат. Бирок андай адамдардын саны аз. Тойго акча керек деп кайрылган күндө да, азыркы мезгилдеги банктардагы абалды эске алуу менен алардын насыяны иштетүү үчүн көрсөтүлгөн максаты колдоого алынбастыгы белгилүү. Бирок насыя алуучулар банктарга туура эмес маалымат берип, алынган сумманы тойлорго колдонушу мүмкүн. Мындай насыя ...

0 214

Убада кылган “Кыргыз эл Баатырын” албай калгандар барбы?

28-октябрь 2019, 11:40 Темирлан Келдибеков

 “Кыргыз эл Баатыры” деген наамга Чыңгыз Айтматов, Сүйүнбай Эралиев, Төлөгөн Касымбеков, Түгөлбай Сыдыкбеков, Султан Ибраимов, Төрөбай Кулатов, Апсамат Масалиев сыяктуулар татыктуу. Бирок эл алдына талаш-тартыш жараткан Алмазбек Атамбаев жана Орусияда жүрүп, бир-эки саатта бул наамга татыктуу болгон Алиясбек Алымкулов деген жасалма баатырлар бар.  Каныбек Осмоналиев кыргыздын даңкын ааламга алып чыккан кереметтүү адам. Ал 65 жашка толгондо ...

0 363

Жаратмандык жакшы сөздөр. Мотивациялык цитаталар

26-октябрь 2019, 14:13 Алтын Булат

Интернетте акыл айткан акылдуулар көп. Балким бул башынан сөз барктап, сөз баалаган элибиздин өзгөчөлүгүдүр. Анткен менен жаратмандык жаатында жакшы кеңеш берүүдө чыгыш элдеринен артта калып калгандайбыз. Айрымдарга пайдасы тиер деген таризде, “NazarNews” маалымат агенттиги төмөндө белгилүү адамдардын цитаталарын сунуштамакчы. - Ийгиликтүү жашоого жетиш үчүн - эмне кылуу керектиги боюнча белгилүү бир максатыңыз болушу керек. (Генри Форд) - Ийгиликти багындыруу ...

0 1448

СҮРӨТ+ВИДЕО – Мүрзө эстеликтеринен пол салган соода үйү талкууда

Видео 26-октябрь 2019, 10:17 Алтын Булат

Кесилген таштардан куралган мозаикалык пол. Анын айрым жерлеринде адамдардын ташка чегилген сүрөттөрү байкалат. Бул көрүнүш, капиталдык оңдоосу жаңы бүтүп, ишке кирген «Алем» соода үйүнө таандык. Муну байкап калган жергиликтүүлөрдүн бири, аны социалдык түйүндөргө таратып, “мүрзө таштары” деген бүтүм чыгарган. Маалыматта, аталган соода үйү Казакстандын чыгышында, тагырагы Уст-Каменогорск облусунда жайгашкандыгы айтылат. Соода борборунун жетекчилиги муну оңдоо ишин жүргүзгөн аткаруучуларга шылтап ...

0 217

Мусулмандардын адал тамагы Японияда өтүүчү Олимпианын менюсуна кирет

25-октябрь 2019, 15:51 Темирлан Келдибеков

Япондор 2020-жылы боло турган жайкы Олимпиадалык жана Паралимпиадалык оюндарда мусулмандар үчүн адал (халал) менюну кийире турган болушту. Бул тууралуу The Japan News жарыялап чыкты. Муну менен бирге жергиликтүү ресторан кармоочулар тамак-аштын улуттук колоритте  болушунан баш тартышпайт. Япон басылмаларынын билдиргенине караганда, алар тамак-аштарынын бир бөлүгүн мусулмандар тамактана турган азык-түлүктөр менен алмаштырат. Буларды жасоону үйрөнүү үчүн шеф-ашпозчуларды окутуу сентябрь айынан башталган. Ушуларды ...

0 270

АУДИО - Кыргызстан бизнес боюнча рейтинги аныкталды

Аудиофайл 25-октябрь 2019, 15:32 Темирлан Келдибеков

Дүйнө боюнча эки жүздөн ашуун мамлекеттин ичинен Кыргызстан Doing Business — 2020-жылдын рейтинги боюнча сексенинчи орунду алды. Бул тууралуу Бүткүл дүйнөлүк банктын атайын баракчасына жарыяланды. Бул абдан жакшы көрүнүш, анткени коңшу мамлекет Тажикстан бул көрсөткүч боюнча рейтингде 106-орунда. «Салыштырмалуу методология менен эсептегенде Кыргызстанда бизнес жасоонун жеңилдешинин көрсөткүчү 100 баллга салыштырмалуу былтыркы  65,4 баллдан быйыл 67,8 баллга көтөрүлгөн. Башкача айтканда, ...

0 190

Атамбаевдин “матрёшка” кадрлары качан жоголот?

28-октябрь 2019, 10:51 Темирлан Келдибеков

Атамбаевдин убагында иштеген кадрлардын баарын Атамбаевдики деп айтууга болбойт. Анткени, көпчүлүгү мурун эле иштеп, Атамбаевдин ордунда башка адам президент болсо деле иштей бермек. Атамбаев президент болгону үчүн милдеттүү “матрёшка”, “балашкалары” бар. Атамбаевдин “балашка” министрлери, атка минерлери, депутаттарынын көпчүлүгү “матрёшкадай” окшош: студент, консультант, инспектор, эксперт, референт болуп жүрүп бир күнү жин тийгенсип секирип кетип министр, депутат, зор атка минер боло ...

0 264

Бишкектиктерге мессенжерлер аркылуу кооптуу билдирүүлөр келүүдө

24-октябрь 2019, 15:44 Алтын Булат

- Сиздин жашыңызды билүүгө мүмкүнбү? - Эмнеге? Дал ушул сыяктуу суроолор менен сөзгө тартып, Вотсапп, Телеграмм мессенжерлери аркылуу моделдик агенттиктерге чакырган “Айка” же “Аида” аттуу сулуулар пайда болуптур. Бул боюнча учурда бишкектиктер тынчсызданууда. Айтылгандарга караганда, белгисиз номурдан келген билдирүүдө өзүн тааныштырган соң, маектешинин аты-жөнүн жана жынысы менен жашын сурайт. Анан моделдик агенттикке талапкер издеп жатканын билдирет. Мындан улам шаардыктар ...

0 265

Эми депутат болсоңуз канча сом айлык аласыз?

25-октябрь 2019, 09:53 Темирлан Келдибеков

5 миллион сом менен 9 пайыздык тосмо партияларды ойлондура баштады. Мейли партиялар мамлекеттин эсебине 5 миллион сом төгүшсүн, ал эми партиянын кассасына депутат боло турган адам канча төгүшү керек?  Депутаттардын орточо айлыктарын санап көрсөк, шайлоодо төлөнө турган 350 миң доллар мыйзамдуу түрдө акталбайт экен. Жогорку Кеңештин чыгаан депутаттарынын орточо айлыгы болжол менен 30 миң сом, ага кошумча дагы бир ...

0 243

Укуктук жактан өзүңүздү текшерип көрүңүз. Кимисиники туура?

24-октябрь 2019, 11:44 Алтын Булат

Юридикалык окуу жайлардын биринде мугалим студенттерге бир кемпирдин кошунасынын алма багы боюнча жазган арызын териштирип чыгууну сунуштады. Арызда: Кемпир чарбагын бөлүп турган дубалдын түбүнө жоогазын гүлүн өстүрөт. Ал эми анын ары жагында кошунасынын алма багы бар. Алманын кээ бир салаңдап өскөн бутактарындагы бышкан мөмөлөр гүлдү талкалап жататканы жөнүндө жазылат. Студенттердин ортосунда талкуу башталат. Айрымдары: "Алма кошунага тиешелүү болгондон кийин ...

0 312

Өзбекстанга өтүп жаткан фураларды текшерүүгө президенттин эжеси тыюу салган

23-октябрь 2019, 14:16 Темирлан Келдибеков

Борбор Азияда бир караандар жүрөт. Өзбекстанга өтүп бараткан жана кайра келаткан автомобилдер “текшерүүгө тыюу салынган” деген президенттин эжеси Гүлнабат Довлетова кол койгон белгини тагып алып жүрүшөт. Бул кол койгон белгиде президенттин эжеси жетектеген Кызыл Жарым ай Улуттук коомунун мөөрү басылып турат. Арийне, бул фуралардын бул коомго тиешеси жок экенин маалыматтарда айтылып жатат. Төрт оор жүк тарткан автомобилдер Өзбекстан менен ...

0 354

Ун кымбаттады, инфляция башталдыбы?

22-октябрь 2019, 14:31 Темирлан Келдибеков

Негизи инфляция, гипер инфляциядан 1992-жылдан бери кыргыз эли чоочуп калган. Мугалимдердин айлыгы 2019-жылдын 1-октябрынан баштап көтөрүлдү. Мугалимдердин айлыгы көтөрүлөр менен өкмөт дагы бир нерсени ойлоп табат деп, көпчүлүк мурун эле ойлоп койгон. Мындай нерсе табылды, анткени мугалимдер көтөрүлгөн айлыгын ала электе эле ундун баасы кымбаттап кетти. Кыргыздын карапайым адамдарынын негизги азыгы нан болгондуктан, ундун кымбатташы көпчүлүктүн үй-бүлөлүк бюджетине катуу ...

0 345

Ата, апа, “эшек” деп көп тилдечү элеңер, эшек болуп чоңойдум

21-октябрь 2019, 12:36 Айдар Нуралиев

“Эшек!”, “Кебетең кантет, чочко!”, “Ары турчу, колуңан бок да келбейт!”, “Айтканды укпайсыңбы, сөзгө аралашпай жөн тур” ж.б. Бул сөздөрдү бир күндө миң жолу укчумун. Ата-энем турса да, мээримге зар болуп чоңойдум. Алар мени эркелетип, жакшы көрөрүн айтышчу эмес. Кичинемде көз жашымдын баарын төгүп койгон окшойм, азыр ыйлай да албайм. Кокустан чыны сындырсам же тамак төксөм, дароо бекиткенге шашчумун. Байкалбай ...

0 173

Кыргызстанда билим берүү акысызбы же...

21-октябрь 2019, 10:16 Темирлан Келдибеков

Социалисттик идеологиянын башкы принциптеринин бири мамлекетти жалпы тоталдык сабаттуулукка жетелеп, билим берүүнү акысыз кылган. Орусиянын курамындагы кыргыздарда  1917-жылдагы Улуу Октябрь социалисттик революциясына чейин сабаттуу адамдар аз болгон. Башка республикадагылардай эле Кыргызстан да сабатсыздыкты жоюп, 1928-жылдары буга чейин колдонуп келаткан араб алфавитинен ошол мезгилде популярдуу болуп турган латын алфавитине өтүү башталат. Буга чейин араб алфавитин пайдаланып келген кыргыздар эми жаңы латын ...

Жарнама үчүн орун!
600 x 50
0 273

ВИДЕО – Министрдин буйругу куру сөзбү?

Видео 19-октябрь 2019, 18:17 Алтын Булат

Министрди мугалим тоготпойт же мектеп жетекчисинен – мугалим, мугалимден – ата-эне коркот. Мына ушундай көз караш коомчулукта жаралып жаткан учуру. Тагыраагы, жакында эле Билим берүү жана илим министри Каныбек Исаковдун мектептердеги акча чогултууларга тыюу салган буйругу чыккан. Бирок, бул видеодогу айтылгандарга ылайык, мугалимдер дагы деле ата-энеден акча талап кылганын токтотуша элек. Мугалимдер министрдин буйругун тоготушпай турганын, “бул жөн эле ...

0 631

Убактылуу өкмөт Атамбаевди бийликке алып келген, азыр алар кайда?

18-октябрь 2019, 14:42 Темирлан Келдибеков

Алмазбек Шаршеновичти бийликке алып келгендерди, эмне үчүн ал президент болгон соң бирден талкалаган: Роза Отунбаева - Убактылуу өкмөттүн төрайымы, 2016-жылы 31-августта жөн жерден президент Атамбаевден кагуу жеп, басып кеткен. Алмазбек Атамбаев - Убактылуу өкмөттүн төрайымынын биринчи орун басары, 2011-2017-жылдары Кыргыз Республикасынын президенти. Өмүрбек Текебаев - Убактылуу өкмөттүн төрайымынын орун басары, жалаа менен камалып, учурда сот ишти кайрадан карап ...

0 294

Мунапысты кимдер алышы керек?

18-октябрь 2019, 11:28 Темирлан Келдибеков

Жогорку Кеӊеш жыйынында “Мунапыс берүү негиздери жана аны колдонуу тартиби жөнүндө” мыйзамды колдонууга киргизүү тууралуу” мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” мыйзам долбоору каралды. Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитеттин төрайымынын орун басары Искендер Матраимов мыйзам долбоору боюнча түшүндүрмө берди. Мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздугун камсыз кылуу чөйрөсүндө ыкчам издөө иштери ...

18-октябрь 2019, 11:28 | 294
0 374

ЖКны шайлоого бир жыл калды, кезексиз шайлоолор болбойт, өтө кымбат шайлоо болот

18-октябрь 2019, 11:39 Темирлан Келдибеков

Кээ бир саясатчылар белгилегендей ушул тапта президент Сооронбай Жээнбековдун чүкөсү айкүр конуп турган убагы. Ошондуктан, парламенттик шайлоону азыр өткөрсө, аны колдогондор көп болуп, коалициялык көпчүлүктү бир-эки партия менен эле 90 пайыз алып коймок деген кептер бар. Шайлоо 2020-жылы жазында же күзүндө өтөбү, айырмасы жок. Бирок баары бир нече фактордон көз каранды, убакыт көрсөтөт. Азырынча мөөнөтүнөн мурда шайлоо өткөрүү – ...

0 283

Абылгазиев футболго Салымбековдой мамиле кылса, кыргыз футболу Бразилиянын  деңгээлине жетеби?

17-октябрь 2019, 12:23 Темирлан Келдибеков

Футбол боюнча кыргыздар өркүндөп баратканы чындык. Бирманы (Мьянма) 7:0 эсебинде талкалап, монголдорду да жеңип алдыга чыкты. Жогорку Кеӊештин «Ар кыл маселелер» саатында “Өнүгүү-Прогресс” фракциясынын лидери  Бакыт Төрөбаев футбол боюнча Кыргызстандын курама командасын колдоого алуу сунушу менен чыкты. Депутат Бакыт Төрөбаев акыркы мезгилдердеги Кыргызстандын футбол боюнча курама командасынын жаратып жаткан ийгиликтерине, жеӊиштерине токтолду. «Курама команда Кыргызстандын желегин бийик көтөрүп келет. ...

0 1621

ВИДЕО - Чаткалдык активист президентке салам-дубай жолдоду

Видео 16-октябрь 2019, 16:05 Айдар Нуралиев

Чаткалдан коомдук активист Темирбек Исмаилов президент Сооронбай Жээнбековго кайрылуу жасады. Жол көйгөйүн айткан активисттин кайрылуусун төмөндө  толугу менен: Урматтуу, ардактуу президент, өлкө башчыбыз Жээнбеков Сооронбай Шарипович! Мындан туура эки жыл мурда, президенттик шайлоонун алдында Чаткал районунун эли менен жолугушууга келгениңизде, жолдору татаал, кышы өтө эле катаал болгон Чаткал районубуз үчүн өң ...

0 233

Ит аткычтар барбы? Иттен дагы жаман чиновниктерди ата тургандарчы...

15-октябрь 2019, 16:19 Алтын Булат

Бишкек шаарында жолбун иттер көбөйдү. Бул боюнча кайда барып даттанарын билбей суроо салган шаардыктар бар. Алардын айтымында, мектептин жанында топтошкон мындай иттерден коркуп калган окуучулар ата-энелерине даттанышкан. Маселеге жооп алуу үчүн мэриянын басма сөз кызматына кайрылдык. Бирок, азырынча жооп боло элек. Балким учурда жолбун иттерге караганда, Бишкек мэриясында иштеген чиновник “иттерден” тазалануу маанилүү болуп жаткандай. Антпесе жаныбарга караганда андай ...

0 321

Оңду, солду Чыңгыз Айтматов жана кыргыз бийлиги

15-октябрь 2019, 11:53 Темирлан Келдибеков

Айтматовдун чыгармачылыгы Раззаков, Усубалиев, Масалиев, Акаев, Бакиевдин бийлигине туш келет, деги анын бийлик менен алым-катнашы кандай болду эле? Бул ой -пикир жекече ой-пикир, ар кимдин ойлогону ар кандай: 1. Исхак Раззаков менен жаш Айтматовдун иши деле болбосо керек, бирок 1958-жылы Москвада жарык көргөн «Жамила» повести атактуу жазуучулар Мухтар Ауэзов менен Луи Арагонго жагып Айтматов дүйнөлүк даңазага ээ болгон. Казак Мухтар Ауэзовго ...

0 198

Бюджетке 2020-жылга жалпы көлөмү 183 млрд 708 млн сом акча сарпталат

15-октябрь 2019, 10:42 Темирлан Келдибеков

Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү боюнча комитетинде келерки жылга карата республикалык бюджеттин долбоору каралды. Комитеттин жыйынына КР биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов, Каржы министринин орун басары Алмазбек Азимов жана башка тиешелүү мамлекеттик мекемелердин жетекчилери катышты. Каржы министринин орун басары Алмазбек Азимов 1-окуудагы «Кыргыз Республикасынын 2020-жылга республикалык бюджети жана 2021-2022-жылдарга болжолу жөнүндө» мыйзам долбоору боюнча баяндама жасады. Берилген маалыматка ...

0 398

Камактагы Атамбаев эмне үчүн сотторду тоготпойт?

15-октябрь 2019, 13:56 Темирлан Келдибеков

«Эл бөрү болсо бөрү бол, эл түлкү болсо түлкү бол»-деген кеп бар.Бүгүнкү соттор жүзүнө беткап кийип алган кечээки эле Атамбаевдин сүйүктүү кадрлары. Камактагы Атамбаев эмне үчүн сотторду тоготпойт: Соттор бийлик алмашып кетсе, кайрадан Атамбаевдин колуна түшүп калабызбы деп опкоолжуп турушат. Эгер алар Атамбаевдин ачуусуна тийишип,кайрадан ал бийликке келе турган болсо, тирүүлөй азабын берерин далысынан сезип турушат. Атамбаев кечээ даңазалап жүргөн ...

0 411

Мусулман кыргыз калкын Арстан Алай теңирчи теңине алабы?

14-октябрь 2019, 14:07 Темирлан Келдибеков

2011-жылы  президенттик шайлоого шумураңдап токсондон ашуун кыргыздар талапкердигин коюп, эски СССР боюнча Гиннестин китебине жазылгандай болушту. Бул президенттик шайлоого көптүн бири катары Ат-Башыда дүкөнчү болуп иштеп жүрүп, бирин-серин мал күтүп, өзүн Арстан Алай бизнесмен деп атаган Арстанбек Абдылдаевдин да катышкан. Арстан Алай “элден эмнем кем, капчыктагы теңгем кем” деп чакчаңдап талапкер болуп барып отуруп калбай, үшүгөн табарсыктай болуп элге акыл, ...

0 997

Акча үчүн элин да, жерин да сатып ийүүгө даяр депутаттарга Омар Хайямдын айткандары

11-октябрь 2019, 15:23 Темирлан Келдибеков

Оо, депутат! Адам жыргар үзүмүн, Ач көздөргө  барын берип бүтүрдүң. Калктын көбү үзүм нанга кор болсо, Калыстыкка анда жаба түкүрдүм.   Мергенчилер ууга капкан салгандай, Ал капканга өзү түшүп калгандай. Революция алып келген ЖКда Түлкү жүрөт, чөөлөр жүрөт ар кандай.   Эл-журтту акча менен алдап эшек, Тамакты ресторанда тандап жешет. Эшекче сүйлөшпөсө алар менен, Колумда турат менин мандат дешет.

0 994

Атамбаев кайрадан президент болсо Бабановду “жөжөдөй” бырпыратып запкы көрсөтөрү бышык

11-октябрь 2019, 11:41 Темирлан Келдибеков

Атамбаев абисин Бабанов сагынып калгандай. Өмүрбек үкасы менен кошо Өмүрбек акасы да Атамбаев соттогонуна карабай кусалыгы артып жаткандай. Баштан өтпөдүбү, Атамбаев кайрадан президент болсо Бабановду “жөжөдөй” бырпыратып баса калып жалмалап, Текебаевге дагы бир Маевскийди таап келип түрмөнүн түбүнө чиритер. “Жалын күйүп чок болоор, “жөжө” өсүп “тоок” болоор” Атамбаев убагында “жөжө” Бабанов Москвага барып өсүп жетилгендей. Бабановдун “кол баласы” Руслан Казакбаевдин ...

0 250

ВИДЕО - Тар жолду талашкан автобус

Видео 10-октябрь 2019, 14:57 Алтын Булат

Өзү ичке жол, анын дагы эки чети токтотулган унааларга толгон. Мына ушул жолдо шаардык автобус сыгылып келе жатканын көрүүгө болот бул тасмадан. Тасманы тартып, интернетке жарыялаган Бишкек шаарынын тургунунун жазганына караганда, жол көйгөйү Үсөнбаев менен Москва көчөлөрүнүн кесилишинде болууда. Шаар бийлиги ушул маселеге көңүл бурушса жакшы болот эле. Минтип ансыз дагы тар жол жээгине туш келди токтоткон унаа ээлерине ...

0 413

Трайбалисттик сезимдери кала элек кыргыздар, шайлоону көздөй алга!

10-октябрь 2019, 14:07 Темирлан Келдибеков

Президентке шайлоо десе кырк уруулуу кыргыздан сексен адам так талашка аттанат.Мындайча айтканда ар бир уруудан экиден адам. Жетер жерине бир гана адам жетчү бул таймашууда жыгылгандар да көп. Парламенттик шайлоодо жапа тырмак аттанабыз, арийне шайланган соң сөгүп калабыз.                             1 Адигине, Тагайдан, Артык элең далайдан Өрөөндү кармап өкүртө, Өктөмдөр чыккан Алайдан.

0 562

СҮРӨТ - Модел кызга ашыкпыз, бирок ага Айсулуудай көңүл бурбай калыппыз

10-октябрь 2019, 11:36 Алтын Булат

Кыргызстандык модел кыз “кетем” деп коркутууда. Тагыраагы Сусанна Егорян аттуу кыргызстандык кыз, “Miss Asia World – 2019” эл аралык сулуулар сынагын жеңип келгенден кийин бийликке жана элге нааразы болгонун Инстаграмм баракчасына жазып чыкты. Анда Сусана ачык эле өлкөнү башка өлкөлөргө тааныштырганын милдет кылган. Анын жазгандарын туура түшүнсөк, Кыргызстан биринчи жолу Дүйнөлүк сулуулар сынагын жеңди. Керек болсо аны чет өлкөнүн ...

Жарнама үчүн орун!
600 x 50
0 278

Кекиртеги кернейдей кенен Кененбаев кененчиликти тарытып баратат

10-октябрь 2019, 13:04 Темирлан Келдибеков

Куда - сөөктөрдүн алдыңкы сабында, кимдир бирөөлөргө кайни болуп бараткан Алмаз Кененбаев деген президенттик аппараттын жетекчисинин орунбасары бар. Кененбаев бул мансапка келгени кыргыздар оңуп деле кеткен жок. Митаам Кененбаев СДПКга кирип, анын каймагын калпып жеп, Бишкек шаардык Кеңешинин СДПК фракциясын жетектеп калган. Анын Максим Бакиевдин кайын-журту жана Роза Отунбаеванын кудасы  Кененбаевдерге тиешеси барбы, жокпу белгисиз, бирок аккан суусу өйдө ...

0 366

Атамбаевдин атын түбөлүккө калтыргысы келген, ау, Кубанычбек Жумалиев кайдасыз?

10-октябрь 2019, 13:05 Темирлан Келдибеков

Акаевдин өкмөт башчысы, учурдагы «Бир бол» фракциясынын депутаты Кубанычбек Жумалиев Атамбаевдин атын түбөлүккө калтыргысы келип, Түндүк-Түштүк альтернативдүү жолуна койгусу келген. Эми Баткен районунун Ак-Сай айыл өкмөтүнүн айылдык Кеңеши Тажикстандын айылдарын айланып өтүүчү Көк-Таш — Ак-Сай – Рават жолуна Жеңиш Разаковдун ысымын ыйгарууну сунуштап жатат. Жеңиш Парпиевич мүмкүн Тажик - Кыргыз чек арасы үчүн канын-жанын аябай жүргөнү үчүн ...

Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83