www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кыска-нуска
0 170

Шайтан эмнеге Эмил Бусурманкуловдон чоочуйт?

22-октябрь 2019, 09:11 Темирлан Келдибеков

Токаев, Мирзиёев, Жээнбеков үчөө бир учак менен Москвага учуп баратышат. Аңгыча бир шайтан келип учактын моторуна илешип калат. - Миллиард пайда берчү нефтимди ал, үстөгүнө миллиардер Владимир Кимди кошуп берейин, -дейт Токаев, шайтан ынабайт. - Миллиард пайда берчү газымды ал, үстүнө миллиардер Салибай Абдувалиевди кошуп берейин, -дейт Мирзиёев, шайтан көнбөйт. - Миллиард пайда берчү Кумтөрдү ал, үстөгүнө Эмил Бусурманкуловду  кошуп берейин, -дейт биздики. ...

0 186

Азилньюс: Криминалдар кыргыз революциясын сагына башташтыбы?

21-октябрь 2019, 08:54 Темирлан Келдибеков

Ак үйдүн алдында капыстан Революция менен Конституция жолугуп калышып, чачташып жатышат: - Мен биринчимин! – дейт Революция. - Мен биринчимин! – дейт Конституция. - Мен күчтүүмүн! - дейт Революция. - Жок, мен күчтүүмүн! - дейт Конституция. - Менден бийлик титиреп турат - дейт Революция. - Менден дагы коркуп турушат - дейт Конституция.

0 834

Азилньюс: Аялды канча жаштан баштап башкарыш керек?

22-октябрь 2019, 09:54 Темирлан Келдибеков

Деги эле эркектер аялына салыштырмалуу өйдөрөөк болгусу келет. Үйдө аялын башкарып алгысы келгени туурулуу иш, деги эркек үйдө кожоюн боло алабы, карап көрөлү: Эркек 20 жашка чейин дайыма мен башкарам дейт; Эркек 30 жаштан өткөндө мен анан аял башкарат дейт; Эркек 40 жаштан өткөндө аял анан мен башкарам дейт; Эркек 50 жаштан өткөндө аял башкарат дейт... Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

0 439

Азилньюс: Депутат Кулбараков Ысык-Көлдү сүйгөнү үчүн аны талашкан Жириновскийди жек көрөбү?

17-октябрь 2019, 12:29 Темирлан Келдибеков

Кыргызстандын ЖКсынын депутаты Автандил Кулбараков, Орусия Мамдумасынын депутаты Владимир Жириновский, Өзбекстандын Олий мажлисинин депутаты Ахмаджон Гофуров, Казакстан мажилисинин депутаты Нурлан Нигматулин болуп учак менен Нью-Йоркко баратышат. Аңгыча учак ылдый кулай баштайт. Өзбек: “Ашхаду ан ля иляха илля Ллаху, ва ашхаду анна Мухаммадан расулю Ллах”-деп кыйкырып учактан секирет. Казак: “Отаным Казакстан!”-деп кыйкырып учактан ...

0 219

Азилньюс: Кытай шовинисттерин визасы жок кийирүү үчүн парламентте мыйзамды оңдойм деп жулунган Махабат Мавляновага

16-октябрь 2019, 10:59 Темирлан Келдибеков

Визасыз кийирем деп, Биз азбыз, аны билем. Оо, кытай доллар берген, Бары бир сени сүйөм.   Кайырма: Жол карап өттү күндөр, Кытайда сагыныч бар. Үзүлбөйт сенден күдөр, Үмүтүм өчпөй жанар.   Виза жок кийирүүгө, Элибиз чыкты каршы. Кытайым келсе болмок, Кытайым абдан жакшы.   Кайырма: Жол карап өттү күндөр, Кытайда сагыныч бар. Үзүлбөйт сенден күдөр, Үмүтүм өчпөй жанар. Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

0 133

Азилньюс: Депутаттар иттерди сүйлөгөнгө кантип үйрөтөт?

15-октябрь 2019, 07:54 Темирлан Келдибеков

ЖК депутаты, «Улуттар Биримдиги» партиясынын мүчөсү Искандер Гаипкулов казак, кыргыз жана өзбекке итти сүйлөгөнгө үйрөтүп бер деп, бир КАМАЗ толтура колбаса берип бир айдан кийин келем деп кетет. Бир айдан кийин казакка келсе, итин май баскан семиз, бир ооз да сүйлөгөнгө жарабайт. Өзбекке келсе ит майтаңдап колбасаны ашап жатыптыр, гап бажарганды билбейт. Андан ары Гаипкулов кыргызга барса, ит бурчта жатат дейт, ...

0 215

Азилньюс: Асан кайгы бүгүн жашаса клан, коррупция, Көк үй, Ак үйгө боор ооруп ыйламак беле?

14-октябрь 2019, 07:55 Темирлан Келдибеков

Куйругу жок, жалы жок, кумда туулуп, чөлдө өскөн, Кулан байкуш кантти экен? Элди эзип, өзү ток, валютасы күндө өскөн, Клан байкуш кантти экен? Чымчып алар жүнү жок, чыңырарга үнү жок, Боорунда буту жок, жылан байкуш кантти экен? Кылган камы жок, алган даны жок, Баккан малы жок, мал багарга алы жок, Көзү башын көгөртүп, көгөн байкуш кантти экен? Айткан кеби көп, заказ берген шефи көп, Будуң-чаңды чыгарган, ОБОН байкуш кантти экен? Таразасын ...

0 614

Азилньюс: 23 жаштагы студент чалыш  мугалимге наам алып берген министр Каныбек Исаковго

11-октябрь 2019, 08:29 Темирлан Келдибеков

Мектепти  агайлардан алып берип, Этектеп эжейлерге салып бердик. Эжейсиз иштер бүтпөй мектепте эч, Эркектер иштеп калды барып келип.   Этектүү көйнөк кийген ак жоолукчан, Эжейлер мектептерге толуп алган. Агайлар алар менен жүрө берип, Калпакчан «эжей» атка конуп алган.   «Калпакчан эжей» атка конуп алып, Калп эле эжейлердей болуп алып. Агайлар аял сымаал жүрө берет, Кез-кезде жүз граммдан согуп алып.

0 311

Азилньюс: Мелис Мырзакматовдун «Улуттар биримдиги» бүгүнкү парламентте барбы?

09-октябрь 2019, 08:55 Темирлан Келдибеков

Жогорку Кеңештин депутаты, “Улуттар биримдиги” партиясынын ардактуу мүчөсү Искандербек Гаипкулов көрөр көзүнө: - Карасаң, карасаң, телевизордон баягы эле бизди - парламенттин сенаторлорун көрсөтүп жатат, - дейт сыймыктана. - Кайдагы телевизор? - дейт экен көрөр көзү. - Жакшылап карасаң боло, ал деген күзгү... Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

0 478

Малдын ичеги-карындары сууга ыргытылып жатат

Видео 08-октябрь 2019, 16:19 Алтын Булат

Жайнаган малдын ич эттерин байма-бай сууга ыргытышууда. Бул тууралуу Аламүдүн районуна караштуу Маевка айылынын тургуну тартып алган видеодон белгилүү болду. Анда айтылгандай, видеодогу көрүнүш 7-октябрдан 8ине караган түнү болгон. Анда белгисиз адамдар аталган айылга жакын, Ала-Арча суусуна малдын ич эттерин ыргытып кетишкен. Ошондой эле мындай учур ар 7-10 күндө кайталанып жатканы айтылат. Булак: NazarNews.kg

0 231

Бишкекте өзгөчө жол белгилер пайда боло баштады

08-октябрь 2019, 16:21 Алтын Булат

Бул сүрөттөгү жол белги туура эле көрсөтүлүп турат. Анан эмне жөө жүргүнчүлөр жер менен баспаганда, асманда калкып жүрүшмөк беле. Демек, ага жараша жолдон өтө турган белги дагы ылдый жакта болуш керек. Болбосо берки автобус асманда учуп бара жаткандай, аны дагы жерге түшүрүп, ордуна учактын сүрөтүн илип коюшса болчудай. Булак: NazarNews.kg

0 870

Азилньюс: Капыстан Атамбаев парламентке кирип келсе, депутаттардын жүрөктөрү оозуна тыгылыптыр

08-октябрь 2019, 09:02 Темирлан Келдибеков

Капыстан эле Жогорку Кеңештин жыйындар залында Алмазбек Атамбаев пайда болуп, трибунага чыгып келет. Депутаттар нес болуп таңыркап карап калышат. -Биринчи маселе, - дейт Алмазбек Атамбаев, - менин бийлигим мыйзамдуу деп табылсын. Залда отурган депутаттар шатырата кол чаап жиберишет. -Экинчи маселе, - дейт Алмазбек Атамбаев, - СДПК партиясынын мүчөлөрү, бүгүндөн баштап баш кошолу. Залда дүркүрөгөн кол чабуулар. -Үчүнчү маселе, - дейт Алмазбек ...

0 780

Азилньюс: Бабанов президент болуп калса Кыргызстанды Жерүйгө кошуп башка кендерди берип, геологиялык эксперимент катары башкармак беле?

04-октябрь 2019, 08:02 Темирлан Келдибеков

Мамлекетти голографияны бекем үйрөнүп, илимий эксперимент катары башкара алаарын Аскар Акаев далилдеди; Мамлекетти Камбар-Ата ГЭСин куруп, экономикалык эксперимент катары башкара алаарын Курманбек Бакиев далилдеди; Мамлекетти чек араларды жаап коюп, дипломатиялык эксперимент катары башкара алаарын Роза Отунбаева далилдеди; Мамлекетти Кытайдан карзы алып, коррупциялык эксперимент катары башкара алаарын Алмазбек Атамбаев далилдеди; Мамлекетти мугалимдердин айлыгын көтөрүп, педагогикалык эксперимент катары башкара алаарын Акматбек Келдибеков далилдеди. мамлекетти башкара алаарын ...

0 221

Азилньюс: Мамлекет башчылары деле селфиге түшөт, селфиге түшкөндөр эмне жөнүндө “бажарышкан”

03-октябрь 2019, 09:01 Темирлан Келдибеков

Арменияда өтүп жаткан ЕАЭБтин жыйынында сельфиге түшкөн мамлекет башчылары  «Дүйнөнү ким эмнеси менен таң калтырат» деген конкурс өткөрүп калат. -Дүйнөнүн оозун ачырып, борбор калаабызды тез арада куруп, саммит, олимпиадаларды өткөзүп жатабыз.-деген Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев үчүнчү орунду алыптыр. -Дүйнөнүн оозун ачырып, экономикадан чоң секирик жасап жатабыз.- деген  Армениянын премьер-министри Николай Пашинян экинчи орунга чыгат. -Дүйнөнүн оозун ачырып, карызка баткан экономикабызды тез эле кылдан ...

0 1209

Азилньюс: Атамбаев  ЖКга тизме түзүп жатат, «Ата-Мекен» келет...

01-октябрь 2019, 09:26 Темирлан Келдибеков

Тизме түзүү алдында бийликке баш ийген партиялар Чуңкурчак жайлоосуна чогулуп алышып тизме тактап жатышат: -Конституция боюнча 60 пайыздан ашпайбыз, мыйзамды сактайлы СДПКга 60 пайыз! –дейт Фарид Ниязов. -«Республика-Ата-Журткачы?» - дейт Өмүрбек Бабанов эки жагын алаңдап карап. -30 пайыз, жасалма оппозиция болосуңар! -«Кыргызстан» партиясыначы? - дейт Канат Исаев. -10 пайыз. -«Өнүгүү-Прогресс» партиясыначы? - деп жарыша суроо берет Исхак Масалиев менен Бакыт ...

0 323

2020-жылы парламенттик шайлоого төө куштун жумурткасы даярдалып жатат, тооктун жумурткасы майда болуп калат экен

20-сентябрь 2019, 09:13 Темирлан Келдибеков

2008-жылы 26-апрелде Каркыраны кайтарып алабыз деп Болот Шерниязов башында турган «Ата-Мекен» партиясы Түптө ОБОНчулардын жумуртка чабуулуна тушуккан. 2009-жылы 30-май түнү Түптө БЭКтин курултайын өткөзөбүз деп Текебаев, Отунбаева, Шерниязовдор Түп, Ак-Суу РИИБи тарабынан кармалып, жумуртка чабуулуна кабылган. 2014-жылы 26-сентябрында Өмүрбек Абдрахманов, Равшан Жээнбеков сыяктуу азыркы «ар-намысчылар» Ош шаарынан жумуртка чабуулуна кабылган. 2015-жылы 4-октябрда  парламенттик шайлоо өтөт, мында да президенттин кеңешчиси  Фарид Ниязов жумуртканы унуткан жок.  2020-жылы ...

Жарнама үчүн орун!
600 x 50
0 456

Азилньюс: Президенттер да ыйлайт, камалат, ал эмес калп да айтышат...

19-сентябрь 2019, 08:47 Темирлан Келдибеков

Мамлекет башчыларынын ичинде эл үчүн иштеп, түбөлүк тарыхта калгандары да бар, коррупцияга малынып түрмө тозогуна кабылгандар да бар. Арийне, башкалар түрмөгө кылган кылмышы үчүн барышса, мамлекет башчылары элдин каргышы менен барышат. Түштүк Кореянын коррупцияга малынып камакта жаткан экс-президенти Пак Кын Хэ, Армениянын коррупцияга малынып камакта жаткан экс-президенти Роберт Кочарян жана Кой-Таш маселеси боюнча камакта жаткан Кыргызстандын экс-президенти Алмазбек Атамбаев ким көп ...

0 518

Азилньюс: Батукаевди качыргандар каякта отурушат?

16-сентябрь 2019, 08:31 Кызгалдак Жакыпова

Батукаевди качыргандардын узун тизмеси бар. Жакында мунун бары факты менен жарыкка чыгат. Түрмөдөн качкан Батукаевди Нарындан Токмокко чейин, Токмоктон аэропортко чейин ээрчип келген түрмө кожоюну Зарылбек Рысалиев кызматтан кетип баратканда ырдаган «частушкадан»: Түрмөдө болуп кожоюн, Алмаке ырын созоюн. Нарындан Азиз узатып, Аэропорт жактан тосоюн. Хоп, хей-хоп! Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

0 532

Азилньюс: Президент болсо казактарга кыргыздарды дүңүнөн сатып ийгиси келген Бабановдун арманы

13-сентябрь 2019, 08:37 Кызгалдак Жакыпова

Көрүшкөнчө көздөрүмдөн чагылган, Казактарга салган менин көпүрөм. Кыргыз эли сага барбай жаңылгам, Жетпей калып президентке өкүнөм.   Кайырма: Кимге айтып күйүтүмдү, Кимге барып өтүнөм. Казак ойлоп күнү-түнү, Кимге айтып күйүтүмдү, Кимге барып өтүнөм.   Таанышкыча табышмактуу казагым, Тандап кеттим Орусия өлкөнү. Пенза жакта цемент завод бар чыны, Артык экен башка жердин көркөмү.   Кайырма: Арбалдым да эми келдим ,

0 712

Азилньюс: Текебаев абактан бошоор менен бийликти даңазалап, аны менен кызматташам деп калды

11-сентябрь 2019, 08:47 Кызгалдак Жакыпова

Жашаймын түбөлүккө Абылгазиев! Дайыма жарык чачкан күнүм белең Сен барда жалаа жок да, үйүм кенен. Жашаймын сени менен Абылгазиев, Түбөлүккө картайбаган сүйүүм менен. Кайырма: Кыялдарга батам түркүн Абылгазиев  мага сүйкүм. Бүт  өмүргө шерик болуп, Мен бошогон ошол бир күн. Оо, президент өмүрлөшүм, Мени бошоткон көңүлдөшүм, Сен бар үчүн бактылуумун. Атамбаевдин эч нерсе эмес камаганы, Атымды булгап мени жамандады. Апирист ...

0 522

Азилньюс – Кыргыздын прокурорлору Вышинский сыяктуу каардуу эмес, бирок  ичип-жеген жагын жакшы көрүшөт

10-сентябрь 2019, 09:03 Кызгалдак Жакыпова

Кыргыз Республикасынын Башкы прокурору Жамшитов Өткүрбекке өткүр саптардан: Аттиң, аттиң прокурордук сабатым жок, Куш болсом уча турган канатым жок. Эгерде Жээнбековдор түшүп калса, “Ака” деп сыйлай турган жамаатым жок. Аттиң, аттиң прокурордук сабатым жок... Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

0 3037

Рысбекти жайлаган соң татарлардын аркасы менен Чеченстанга Батукаевди ким кетирген?

09-сентябрь 2019, 10:05 Кызгалдак Жакыпова

Рысбек Акматбаев менен тирешип жүрүп, кыргыз дегенде тикесинен-тик турган аны туугандары менен жайлаган соң татарлардын жардамы менен Батукаев Чеченстанга кеткен. Батукаевди  баласынын самолету менен Грозныйга учурган коопсуздук вице-премьери Шамил Атаханов кызматынан кетип баратканда ырдаган «частушкасынан»: -Самолет таап майладым, Валюта алып жайладым, Батукаев Азизди, Грозныйга айдадым. Хоп, хей-хоп! Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

0 564

Азилньюс -Атамбаев кимдерди каматып, чет мамлекетке айдап, мойнуна миллиондорду илчү эле?

06-сентябрь 2019, 09:23 Кызгалдак Жакыпова

Атамбаевдик бийликке каршы Мырзакматов баштаган “Улуттар биримдиги” чыгып жаткан убак, 2014-жылдын 10-апрели. Азыркы ЖК депутаты Искендер Гаипкуловго карап Уран Ботобеков айтып жатат: -Эгер Атамбаевди кубалап чыгып бийликти алып калсак ким президент болот? Анда  Искендер Гаипкулов тыңшоочу аппарат жок бекен деп, эки жагын алактап карап: -Чишш чечек!  Атамбаев тыңшоочу аппараты менен угуп ...

0 1280

Азилньюс - “Бир болдун” шефи Сулайманов турганда “арак сүйүүчү” Жапаров кимдерди сабайт?

04-сентябрь 2019, 08:41 Кызгалдак Жакыпова

Депутат Акылбек Жапаровдун жини жаман чет мамлекетке барып, арак ичип алса мейманкананын бөлмөсүнөн баштап, барын жанчып кирет. Акылбек Жапаров Кытайга  барып калат. Дөңгө чыгып алып эле кыйкырып жатат дейт: -Жүз миң кытай жекеге .- деп.. Жүз миң кытай чыгып алып, аны ээрчип дөңдүн артына кетишет. Эртеси Акылбек Жапаров баатыр дөңгө чыгып алып кайра кыйкыра баштайт: -Эй, жүз миң кытай ...

0 233

Азилньюс – Абылгазиев өзүнүн жакындарын кандай мотив менен чоң кызматка койот?

03-сентябрь 2019, 15:20 Кызгалдак Жакыпова

Премьер-министр Абылгазиев туугандарын чогултуп алып кимге эмне кызмат берем деп сынай баштайт. -Эки жерде эки канча?- дейт айылдаш тууганы, аракечтин тукуму Алмаз Кулматовдон. -Үч.-дейт Кулматов. -Сарамжалдуу экенсиң. Экономикага жооп берген менин кеңешчим бол .- дейт Абылгазиев. - Эки жерде эки канча? - деп таякеси Медет Ирсалиевден сурап калат: - Беш. - дейт Ирсалиев. -Берешен экенсиң, соцфондго барып пенсия тарат. ...

0 309

Азилньюс: 1 жарым миллион доллар алып бербей жүргөн Эркинбек Чодуев да министр болгон?

30-август 2019, 10:12 Кызгалдак Жакыпова

Өкмөт мүчөлөрү өкмөттүк жыйындан соң эс алганы чыгышып, убакытты көңүлүн ачып өткөрүш үчүн анекдот айтышалы деп чечишет. Анекдотту  премьер-министр Абылгазиев баштайт: -Жыйырма биринчи!- дейт, бардыгы эле кыраан-каткы күлүп калган экен. Аңгыча вице-премьер Замирбек Аскаров чыгып: - Сегизинчи! - деп коёт, кайрадан министрлер жапырт каткырып калышат. -Мына мен бир анекдот айтайын –дейт Ички Иштер министри Кашкар Жунушалиев: “Он ...

0 484

Оштук кыздардын саясий сезими күчтүү, башка аялзаты бала төрөп талгак болушса, булар бийликке талгак болушат

29-август 2019, 07:51 Кызгалдак Жакыпова

Ак үйдө күйөө кызматта, Ал үйдө калган кыштакта. Талыкпай улам жол карап, Тажады күтүп кыштакта.   Жыламын деп сиз жакка, Жылуу жумшак иш жакка. Бишкекти көздөй каптады, Кийип алып шиш така.   Шиш такаңыз шиш така, Ким калат эми кыштакта. Бишкекти көздөй каптады, Кызганчаак келин кыз катта. Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, «NazarNews.kg

0 703

Кудай таланттарды ченеп чачып жүрүптүр, Жалал-Абад,Токтогул жактан өтүп баратканда шамал болуп, ошол жакка таланттардын бары чачылып калыптыр

28-август 2019, 09:48 Кызгалдак Жакыпова

Таланттуу болуш опоңой, Сөз менен атат октобой. Тормузу жок бийликке, Толкуп чыгат токтобой.   Кыдырып кетсе жоктобой, Кыздарын кармайт ноктолой. Кыңылдап эле үн чыкса, Кыр ашып кетет токтобой.   Жоголуп шаарга жетишет, Жоолугун эптеп чечишет. Жыгылып туруп бат эле, Жылдыз болуп кетишет.   Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, «NazarNews.kg

0 487

Таң атпай эшик шыпыргандан качышкан Баткендик  кыздардын жалкоолору Бишкекке келишет

27-август 2019, 09:03 Кызгалдак Жакыпова

Арыбас мээнет издеген, Агарган таңдан иштеген. Күйөөсүн айтпай атынан, Күңкүлдөп эптеп сиз деген.   Шарыят жолун кармаган, Шарапты колго албаган. Шаар жакты көргөн кыздары, Шак эле жигит тандаган.   Күнүгө тынбай иштеп не, Күйөөсүн сыйлап сиздеп не. Жаа бою качкан жумуштан, Жалкоосу келет Бишкекке.   Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, "NazarNews.kg"

0 458

  Таластык кыздар бийликке татыктуу, эгер күйөөсү президент болсо Акаевдей мурдунан жетелеп алышат

26-август 2019, 09:17 Кызгалдак Жакыпова

«Кошалек» болсо танка дейт, «Кошалек» жокто маңка дейт. Кошомат сүйгөн кыздарын, Кокуй күн, кудай сакта дейт.   Алганын багат жүдөтпөй, Ансыз да эч бир күн өтпөй. Ачуусу келсе кокустан, Ачылат оозу күрөктөй.   Талуудан алат талашса, Татына кыздар талаш да. Танкалуу кыздар келишет, Маңкасы калып Таласта. Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, «NazarNews.kg”

0 1692

Нарындык кыздар калың боюнча кымбат,бирок бары бир Бишкектин жигиттерин көргөндө көздөрү кычышып турат, бөтөнчө Кайыпов губернатор болгондон бери

22-август 2019, 08:37 Кызгалдак Жакыпова

Качырат кызды шок кылып, Капчыкка калың толтуруп. Катыра анан сеп берип, Калышат сызга отуруп.   Жумгалдык кыздар көңүлдүү, Жар болуп барса өмүрлүү. Үстүнө кошуп берет дейт, Үч тонна кара көмүрдү.   Ат-Башы, Нарын кыштагы, Аябай суук кыш дагы. Ак аюу сымал үшүбөй, Аязга көнгөн кыздары.   Жан бакканды билишет, Жакага лапша илишет. Жабышып шаардык жигитке, Жалакай кыздар тийишет.  

0 289

Нарындык кыздар калың боюнча кымбат, бирок бары бир Бишкектин жигиттерин көргөндө көздөрү кычышып турат, бөтөнчө Кайыпов губернатор болгондон бери

21-август 2019, 09:46 Кызгалдак Жакыпова

Качырат кызды шок кылып, Капчыкка калың толтуруп. Катыра анан сеп берип, Калышат сызга отуруп.   Жумгалдык кыздар көңүлдүү, Жар болуп барса өмүрлүү. Үстүнө кошуп берет дейт, Үч тонна кара көмүрдү.   Ат-Башы, Нарын кыштагы, Аябай суук кыш дагы. Ак аюу сымал үшүбөй, Аязга көнгөн кыздары.   Жан бакканды билишет, Жакага лапша илишет. Жабышып шаардык жигитке, Жалакай кыздар тийишет.  

Жарнама үчүн орун!
600 x 50
0 365

СССР боюнча Ысык-Көл курорттук аймак болор эле, КМШда өз статусун бекемдеп келатат, көлдүк кыздар Бишкекке келсе кандай болот?

20-август 2019, 09:00 Кызгалдак Жакыпова

Сүзүшөт көлдө чабактай, Сүзүлтүп көзүн карап, ай, Закуска кылып «Кумтөрдү», Шар эле жешет таң атпай.   Жубатып эптеп көндүк деп, Жулунса кокуй өлдүк деп. Безишет Бишкек балдары, Бет маңдай келсе көлдүк деп.   Качырбай эч ким жакшысын, Карматпайт эч ким таттуусун. Каргалар келет Бишкекке, Калтырып көлдө ак куусун. Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, "NazarNews.kg"

0 850

Бишкекке   Чүйлүк кыздардан  кандай кыздар келишет?

19-август 2019, 09:07 Кызгалдак Жакыпова

Модалуу кийим кийишет, Моменттерди билишет. «Городский» көрүшсө, Мойнуна каамыт илишет.   Кыргызча чала, орус так, Кыңк эттирбей коюшат. Каарына калса эгерде, Каратэ менен согушат.   Башыма балээ үйдүк деп, Байкабай мына күйдүк деп. Баштары ооруйт шаардыктын, Баш кошкон жарым чүйлүк деп. Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, «NazarNews.kg

0 430

Калк инфляциядан запкы жесе, Атамбаевдин сүйүктүү «Балашкасы» Толкунбек Абдыгулов инфлляциядан жума сайын акча жасап көнгөн

16-август 2019, 08:44 Кызгалдак Жакыпова

Күйөөсүн сыйлап сиз демек, Банк жакта эле иштемек. Бакс, сомго карабай, Балчайта эле тиштемек. Татына өңү жарашмак, Артынан ээрчип карашмак. Көңүл буруп койчу деп, Көпчүлүк аны талашмак. Модалуу кийим кийем деп, Моментин өзүм билем деп. «Шишканын» көрсө баласын, Жабышмак өзүм тийем деп. Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, «NazarNews.kg

0 703

Бабанов кыргыздын акчасын Орусияга ташып жүрүп, цемент заводун куруп алды,андан көрө Таласка фасоль цехин курса эл бата бермек

15-август 2019, 09:17 Кызгалдак Жакыпова

Күзгүгө улам каранып, Күмүштөй чачын таранып. Жибектей сулуу кыз болмок , Жигиттер келсе бааланып. Тусовка кылып кечинде, Түз эле Маскөө, Пекинде. Күрддөрдөн тыйын сурамак, Таганы кармап бетине. Модалуу кийим тандамак, Моника сүйүү арнамак. Шимшилеп издеп ааламды, Миллиардер жигит кармамак.   Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, «NazarNews.kg

0 578

“Өнүгүү” деп элди өнүктүрбөй, өз капчыгын өнүктүргөн Бакыт Төрөбаев шайлоодо эле элди ойлойт

14-август 2019, 08:41 Кызгалдак Жакыпова

Күйөөсүн «сиз» деп сыйламак, Жакындарын жыйнамак. Билгендердин барысын, Доллар тап деп кыйнамак Кечигип келсе күйөөсү, Бензинин ченеп сурамак. Күнүгө эле таяк жеп, Күйөөсүнөн куурамак Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, «NazarNews.kg

0 297

Акча десе Акылбек Жапаровду, Акылбек Жапаров десе акчаны ойлоп калышты, акчаны МИССи болгону менен сулуулардын мисси боло элек

13-август 2019, 07:52 Кызгалдак Жакыпова

Көшөгөсүн жаап алмак, Көчөдөн акча саап алмак, Кытайдан алып карызга, Кызганчаак күйөө таап алмак. Тили буудай куурумак, Миллионду көздөй жулунмак. Көгала болуп дайыма, Көздөрү күндө курумак. Долларды дайым сыйламак, Кызматтан түшсө ыйламак. Төркүнүнө кетем деп, Төшөгүн кошо жыйнамак   Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, «NazarNews.kg

0 668

Вице-премьер Замирбек АСКАРОВ жаш туруп жагынганды үйрөнүп алыптыр, жаш кезде мамлекетти өнүктүрүүнү ойлош керек эле

12-август 2019, 07:58 Кызгалдак Жакыпова

Замир мырза кыз болсо, Ийкемдүү өңдүү кыз болмок. Туура эмес эри сүйлөсө, Тумшукту көздөй муш коймок. Сөөмөйдү кесеп асылмак, Сөз бербей эч бир кажылдап. Мас болуп келсе күйөөсү, Сабамак аны тарсылдап. Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, «NazarNews.kg»

0 631

Кой-Ташта чыр чыкса койкоюп тешиктен карап турган Дүйшөн Ирсалиев мулжуңдап турат     

09-август 2019, 07:53 Кызгалдак Жакыпова

   Дүйшөн мырза кыз болсо, Дүкүйгөн куник кыз болмок. Эпчил болуп колдору, Элине жаккан уз болмок. Акчаны жасап тыйындан, Долларга күндө сыйынган. Соодагер болмок, ичиңде, Акча бар десе ыйынган.   Бизнестин билип оң-солун, Ээлемек базар борборун. Күйөөсүн анча жактырбай, Сомдорун сүймөк, сомдорун. Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, «NazarNews.kg»

0 559

Кой-Таштагылар жана аларды курчап тургандар кайсы туалетке киришет?

08-август 2019, 15:55 Кызгалдак Жакыпова

Кой-Таштын туалетине «М», «Ж» деп ташка тамга баскандай жазып коюшуптур. Таң калышып сурашат: «М»га ким кирет дешип, «М» мужиктер кирет, эркекпи, аялбы,ОБОНчубу мужиктер киришет деп. «Ж»гачы деп сурашат, «Ж»га Жээнбековчулар киришет дешет. Атамбаевди курчап турган коопсуздук органдары да туалетине «А», «Э» деп жазып коюшуптур. «Э»ге ким кирет деп сурашат, «Эркектер» дешет, аялдар жок болсо «А»га ким кирет деп сурашат. «А»га  ...

0 847

Кой-Таш деп эл ызы-чуу түшүп жатса, капчыгым деп кан ыйлап жаткан Мухаммедкалый АБУЛГАЗИЕВ кыз болсо кандай болмок?

08-август 2019, 07:50 Кызгалдак Жакыпова

Мукан мырза кыз болсо, Мукамдуу сулуу кыз болмок, Бийликте жигит көрүнсө, Артынан калбай тыз коймок. Буркурап  атыр жыттанмак, Француз вино ууртамак. «Долларды» көрсө алыстан, Долонду ашып чуркамак. Пикетке чыкмак сүйлөнүп, Саясат жагын үйрөнүп. Күйөөгө тийүү жагынан, Рекордду коймок дүйнөлүк. Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, «NazarNews.kg»

0 672

Айран ичкенин кармабай, челек жалаганын кармап көнгөн Кашкар ЖУНУШАЛИЕВ кыз болсо кандай болмок?

07-август 2019, 08:39 Кызгалдак Жакыпова

Коңторуп казып билимдин, Сержанты болмок ИИМдин. Сын такпай эле эч кимге, Сыланып киймек кийимин. Акырын сүйлөп жубайга, Ар күнү батмак убайга. Айлыгы жетпей отурмак, Арманын айтып кудайга, Интернетти чокумак, Диссертация толтурмак. Авансты алып ай сайын, Автобус күтүп отурмак. Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, «NazarNews.kg»

0 256

Солтон-Сарыда чыр чыкты десе, тажик чек арасында чыр чыкпаса болду деп кайдыгер отурган вице-премьер Разаков кыз болсо кандай болмок?

06-август 2019, 15:54 Кызгалдак Жакыпова

Жеңиш мырза кыз болсо, «Закүнчүл» сулуу кыз болмок. Күйөөсү колун көтөрсө, СИЗОго түшүп мыш болмок. Колунан кетпей иш текке, Колтугу дайым китепте. Будуң-чаң кылып көчөнү, Буттары жүрмөк пикетте.   Булак: Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, «NazarNews.kg»

0 324

Батукаевди кетирүүнүн “көзүрү” ошол кездеги президенттик  аппарат жетекчиси Данияр Нарымбаевдин кошогунан

06-август 2019, 08:00 Кызгалдак Жакыпова

Жаш элем шайыр шаттанган, Бийликти көздөй аттангам. Тушоомду кесип ал жерден, Акаев байкем мактаган. Кайырма: Кыялга батып алам шак, Мыйзамды жазып салам бат. Батукаевди чыгарып, ай, Нарындан жазган салам кат.   Атамбаев кезде тейледим, Аппарат деген жердемин. Элүү миң доллар бир чалсам, Бүтүрүп өзүм келемин.   Кайырма: Кыялга батып алам шак, Мыйзамды жазып салам бат. Батукаевди чыгарып, ай, Нарындан жазган салам кат.   Батукаев бизди жактырып, Чемодан доллар калтырып  Бөлүшө албас кыргызды,кетти, Бири-бирине чактырып.   Кайырма: Кыялга батып алам шак, Мыйзамды жазып салам бат. Батукаевди чыгарып, ай, Нарындан жазган салам кат. Булак: ...

0 463

Кен байлык менен алтынды чимирилткен Кожобек  Рысбаев ким бийликке келсе «шуттугу» менен миллионерге айланды

05-август 2019, 07:56 Кызгалдак Жакыпова

Алтындын шуту Кожобек, Калпыңын шуту Кожобек. Атамбаев шуту Кожобек, Жээнбеков шуту Кожобек.     Кайырма: Кожобек, менин шутум, Кожобек, сенин шутуң. Күндө өсүп баратат, Кожобек, мына бүгүн, мына бүгүн.   «Ар-Намыс» шуту Кожобек, СДПК  шуту Кожобек. Өкмөттүн шуту Кожобек, Өлкөнүн шуту Кожобек.   Булак: Жалал-Абад менин шаарым, Обону, сөзү : Ибрагим Жунусовдуку; Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, «NazarNews.kg»  

0 797

Акаевдин төбө чачы качан тике турат?

02-август 2019, 10:56 Кызгалдак Жакыпова

Жусупбек Шарипович Москвага барып калса ал губернатор кезинде президенти зериккенде сүйлөшкөнгө киши таппай Аскар Акаев жүрөт дейт. Колу ачык Жусупбек Шарипович Акаевге кошуп бир сокур, бир дүлөйдү ресторанга киргизет. -Ой, тобо, -дейт жүз граммдан согуп алып жан-дүйнөсү козголуп кеткен сокур.- Көзүмө ымыр-чымыр бир нерсе көрүнгөнсүп кетти. -Эй, кызык, -дейт жүз граммды тартып ийген дүлөй.- Кулагыма каңырыш дабыштар угула баштады.

0 696

Террористтерди уштап, бетин жара муштай турган ИИМ министри Кашкар Жунушалиев канчага чейин Ак үй жакты этектеп жүрө берет?

01-август 2019, 11:00 Кызгалдак Жакыпова

Ийнемдин учун майтардым, Бүгүн да Ак үй кайтардым. Ийнемдин учун түзөттүм Митингди бүгүн күзөттүм. Балтамдын  учу долоно, Бандиттер мында жолобо. Бандиттер келсе уштайбыз. Башын жара муштайбыз.   Ак үйдүн учу таман жол, Кайтарган бийлик аман бол. Террорист  келсе уштайбыз, Бетин жара муштайбыз. Төөгө чиркеп байлабыз, Төбөгө чаап айдайбыз.   Ак үй жакты этектеп э-эээ-ээ-эй, Мен коноюн Бекбекей. Президент тонуна ...

Жарнама үчүн орун!
600 x 50
0 880

Атамбаевдин Орусиянын жыттатып келген татар Андрей Бельяниновго кайрылып тургандагы кези

Дайыма жарык чачкан күнүм белең Сен барда Кант Авиабазасынан учуп кетем. Жашаймын сени менен Андрей -сот, Түбөлүккө картайбаган сүйүүм менен.   Кайырма: Кыялдарга батам түркүн Андрей-дос  мага сүйкүм. Бүт  өмүргө шерик болуп, Кремлдеги ошол бир күн. Оо, Бельяминов өмүрлөшүм, Мени алып кеткен көңүлдөшүм, Сен бар үчүн бактылуумун.   Бийликтин эч нерсе эмес камаганы, Бифштекс кылып мени жамандады. Бир доллар баага кеткен «Кыргызгазы», Бирөөгө оозду ачсаң камал дагы.   Кайырма: Кыялдарга батам түркүн Андрей-дос  мага сүйкүм. Бүт  өмүргө шерик болуп, Биз ашаган ошол бир ...

0 2455

Мыйзамды сактай турган спикер Дастан Жумабеков өз аялын неге мыйзамсыз ишке түртөт

Чунга-Чанга- биздин парламент Чунга-Чанга- ага айла «нет». Чунга-Чанга- сессияда отурбайт, Чунга-Чанга- декларация толтурбайт. Кайырма: Мыйзам менен, мыйзам менен, Кадыр топтоп мында келген , Акча топтоп мында келген. Чунга-Чанга! Декларацияны  жаман дейбиз, Кокос жейбиз, банан жейбиз, Топоз жейбиз, каман жейбиз, Чунга-Чанга!   Чунга-Чанга-добуш топтойбуз Чунга-Чанга- барын тоотпойбуз. Чунга-Чанга- мында бир келген, Чунга-Чанга- кетпейт бийликтен.   Булак: ЧУНГА-ЧАНГА, Обону: В.Шаинскийдики Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, «NazarNews.kg»  

Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83