www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Адабият
0 413

Топчукеден калган "өгөй балдардын" тагдыры эмне болот?

16-ноябрь 2019, 14:07 Айдар Нуралиев

2012-жылы Ишеналы Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин алдында Манас таануу институту негизделип, анда студенттер билим ала баштаган. Учурда аталган институттун абалы оор бойдон калууда, деп жазып чыкты "Ачык саясат" гезити. Анткени, институтту негиздегендердин бири Топчубек Тургуналиев Манас жана Чынгыз таануу академиясына ректор болгон. Бирок Арабаев университетиндеги Манас таануу институтунун студенттерин ара жолдо таштап кеткен. Учурда 50дөй студенттин тагдыры чечилбей, ...

0 202

А сиз билесизби? Белгилүүлөрдүн белгисиз тагдыры...

16-ноябрь 2019, 11:52 Айдар Нуралиев

Стив Жобс, Аpple компаниясынын негиздөөчүсү Тарыхый жеңилүүсү: Дүйөнөгө белгилүү бизнесмен Стив Жобс Стэнфорд университетинен айдалган. Мындан тышкары өзүнө тиешелүү компанияда жумушунан айдалган.  Ийгилигинин тарыхы: Айдалгандан соң башка компания ачкан. Ал NeXT Inc деп аталган. Кийинчерээк аны 429 миллион долларга сатып, Аpple компаниясын башкаруу укугун кайра сатып ала алган.  Билл Гейтс, Microsoftтун негиздөөчүсү: Тарыхый жеңилүүсү: Гарварддагы окуусун таштап салган. Анын ...

0 196

Күз жана кызыл алма

06-ноябрь 2019, 13:07 Айдар Нуралиев

Алтын күз. Чындыгында эле азыр айлана-тегеректин баары алтынга чулгагандай сапсары, кызгылтың сары, жашыл сары түстөгү жалбырактарга оронуп ажайып бир сулуулукту, өзгөчөлөнгөн кооздукту тартуулап турса, салкын тарткан күзгү мээлүүн таза аба дагы, адамдын көңүл кушун сергитип көкөлөтөт! Ушул күздө сары алтынга боёлгондой түркүн кооз жалбырактуу, дүпүйгөн калың алма бакты аралап келатып бактарда кыпкызыл болуп бышып, сабагынан үзүлөйүн деп мөлтүрөп турган ...

06-ноябрь 2019, 13:07 | 196
0 276

Чыңгыз Айтматов атындагы мамлекеттик жаштар сыйлыгын ыйгаруу боюнча комиcсиянын курамы бекитилди

28-октябрь 2019, 16:45 Бакыт Молдалиев

Чыңгыз Айтматов атындагы Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жаштар сыйлыгын ыйгаруу боюнча комиссиянын курамы бекитилип, тиешелүү чечимге премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев кол койгонун өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмүнөн билдиришти. Маалыматка ылайык, жаштар сыйлыгын ыйгаруу боюнча комиссия 2019-жылдын 8-ноябрына чейинки мөөнөттө талапкерлерге сыйлыктарды ыйгаруу жөнүндө чечимди кабыл алышы зарыл. Эске салсак, Чынгыз Айтматов атындагы Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жаштар сыйлыгы ...

0 394

Бишкекте ооруп жаткан наристе үчүн кыргыз кызы кыргыз тыйынына дары сатпай койду

Видео 27-октябрь 2019, 12:11 Бакыт Молдалиев

Бул тууралуу маалыматты black_list.kg аккаунту Интсаграммдагы баракчасына видеосу менен бирге жарыялады. Анда аталган аккаунтка Алышпаева аттуу жаран “Саламатсыздарбы! Мен 24-октябрда үйдөгү кичинекей наристе үчүн дары алууга Бишкектин Алмата-Түштүк магистраль көчөлөрүнүн кесилишиндеги жайгашкан аптекалардын бирине кирип соода кылайын десем, андагы кыз кыргыз тыйындарын алуудан баш тартып, “тыйындарды акчага алмаштырып кел” деп мага дары сатпай койду. Кокус менин ордумда башка бирөө аргасыз акыркы тыйындарын ...

0 315

"Икигай. Япондордун узак жана бактылуу жашоосунун сыры" кыргызчага которулду. Анын сыры эмнеде?

22-октябрь 2019, 10:24 Бакыт Молдалиев

Дүйнөдө 2016-жылдан бери 1 жарым миллион нускада сатылган "Икигай. Япондордун узак жана бактылуу жашоосунун сыры"(Англисчеси “IKIGAI The Japanese Secret to a Long and Happy Life by HECTOR GARCIA AND FRANCESC MIRALLES”) аттуу китеп кыргыз тилине которулду. Буга чейин 20 тилге которулуп, 54 өлкөдө сатылган китеп, 21-болуп кыргыз тилине которулду. Бул тууралуу Бишкектеги “Кереге” коомдук фондунун аткаруучу директору, аталаган китепти которуу ...

0 288

Шолоховдун жолдош Ежовдун аялы менен интимдик байланышы катталды

17-октябрь 2019, 15:22 Айдар Нуралиев

25 жашында өзүнүн «Тынч Дон» романы менен атак-даңкка ээ болгон Михаил Шолохов советтик адабияттын жылдызына гана айланбастан, советтик аялдардын арзуу-кыялына да айланган. Алардын бири ошол кездеги мамлекеттик коопсуздук боюнча эл комиссары Николай Ежовдун аялы Евгения Хаютина эле. Евгения алгачкы жолу жазуучу менен 1937-жылы күзүндө таанышат. Кийинки жылы май айында жазуучу "СССР курулушта" журналына макала даярдайм деген шылтоо менен Моквага келип, ...

0 972

Дүйнөнү дүңгүрөткөн Чыңгыз хан кыргыз болгон

13-октябрь 2019, 10:52 Айдар Нуралиев

Чыңгыз хан өзүнүн мураскерлерине “Улуу Ясаны” эч бир өзгөртүүсүз сактап калууну насыят кылган. Ал: «…Эгерде улуу адамдар (мамлекет), бахадурлар (баатырлар – аскер башчылары) жана эмирлер (ноёндор)… мыйзамды бекем карманбаса, анда мамлекеттин иши кыйрайт, Чыңгыз ханды зарлап издеп калышат, бирок (аны ошондо) таба алышпайт…», – деген.  Булак: Рашид ад-Дин, «Летопистердин жыйнагы» Москва: Ладомир, 2002. Т.1. 2-чи китеп. Бети-260.  АЛАН ГОАНЫН ...

0 319

ТАЛКАЛАНГАН ТАГДЫР, ҮМҮТҮ ҮЗҮЛГӨН ҮМҮТАЙДЫН СҮЙҮҮСҮ! (Мигранттын сүйүүсү). 2-бөлүм.

13-сентябрь 2019, 17:10 Нурбек Айдар

Дүкүлдөгөн поезд каза-орус чек арасына жетип акырын токтоду, форма кийген чек арачылар биринин артынан бирин, вагондон чыгарбай текшерип жатты, “ваши документы” дегенди уккан Үмүтай эмне деп жооп берерин билбей, Акжол байкесин жалт карады. Аңгычакты эле Акжол өз документине кошо Үмүтайдын документин текшерүүчүгө сунду. Көпкө ойлонуп карап турган жаш лейтанант акырын “жүрүңүз, мени менен” деп Акжолду  өзү менен ...

0 324

ТАЛКАЛАНГАН ТАГДЫР, ҮМҮТҮ ҮЗҮЛГӨН ҮМҮТАЙДЫН СҮЙҮҮСҮ! (Мигранттын сүйүүсү). 1-бөлүм

13-сентябрь 2019, 17:08 Нурбек Айдар

Мектепти жаңы аяктап жаткан Үмүтайдын, ал убакта жогорку окуу жайга тапшырганы мүмкүнчүлүгү жок болсо да, бирок келечекте жогорку окуу жайын аяктайм деген аруу тилеги бар болчу. 2004жылдын май айында коңшусу Акжол байке келинчеги менен Москвадан айылга барышты, жакшы иштеп барыптыр, мал жан сатып алды, чегине фундамент куйдурду, мындайча айтканда, акча таап келгени көрүнүп эле турду. Үмүтай болсо мына-мына мектебин аяктап ...

0 448

Сталбек Абдраев: "Чөөгө окшоштор"

11-сентябрь 2019, 13:19 Айдар Нуралиев

Чөөлөр дайым тобу менен жүрүшөт, Кылыктанып, кыт-кыт этип күлүшөт. Чуңкур казып үстүн жаап билгизбей, Керек кезде аңга түртүп ийишет… Далың таптап, күлсөң кошо күлүшөт, Керек кезде ыйлап деле ийишет... Өз максатын аткарган соң акырын, Эч билмексен, куйруктарын түйүшөт... Чөөлөр дайым болуп келген, болушат, Керек кезди, чөөлөр издеп тоорушат. Колтуктарга сууну бүркүп акырын, Антпеcе алар кадимкидей оорушат. Чөөлөр дайым жаныңда эле жүрүшөт, Сен ыйласаң ...

11-сентябрь 2019, 13:19 | 448
0 1486

БОЛГОН ОКУЯ: "Тиги дүйнөнүн адамдары"

03-август 2019, 18:15 Кызгалдак Жакыпова

Канн шаарындагы мотордуу кайыктарды ижарага берген фирманын кожоюну менен анын кызматкерлери мотордун үнүн угушарын жана жээкке бараткан кайыкты көрө тургандыктарын айтып ишендиришкен. Качан ал жакындаганда "Магдалина" деген атты окуй тургандыктарын айтышкан, андагы жүргүнчүлөрдү көргөндүктөрүн жана ал көрүңүш тез эле жок болуп кете тургандыгын тастыкташкан. Бул көбүнчө таң заарда же күүгүмдө боло тургандыгын белгилешкен. Алардын сөздөрүн арбак кайыкты көрүшкөнүн пристанга ...

0 1054

БОЛГОН ОКУЯ: "Периштелер"

27-июль 2019, 08:34 Кызгалдак Жакыпова

Ымыркайлар жаткан палатада жымжырттык эч качан өкүм сүрбөйт, бирок кээде мемиреп, баары тегиз уктап калышат. Аларга күнбү, түнбү, айырмасы жок да, кааласа уктайт, каалабаса уктабайт, бири курсагы ачып, эмчек эмгиси келсе, бири чычып коюп, өз памперсинен өзү жийиркенип, баркырап ыйлап калат, кыйратып салгансып. Эми жаңы төрөлгөн ымыркайлардын жумушу ошол да, эмчек эммей, уктамай, анан памперстерин булгамай. Ошол кымындай көз ...

27-июль 2019, 08:34 | 1054
0 861

Маматкадыр Тиллебаев: "Касиетүү кыргызыма кут жанаар, кыйчалышкан кыйын күндөр бүт калаар"

20-июль 2019, 17:30 Кызгалдак Жакыпова

Жакын калды жаңылануу болору,  Кудай колдоп кут береке конору.  Жаңы дооруң тан калтыраар дүйнөнү,  Мүңкүрөбө,башты көтөр жогору. Ырыскыңды ар ким талап жеп келди, Ар ким сени жыргатамын деп келди.  Сен кыргызсың сенин каның башкача, Жаркыраган коомду кураар кез келди. Касиетүү кыргызыма кут жанаар, Кыйчалышкан кыйын күндөр бүт калаар.  Биз биригип таза коомду курганда, Дүйнө жүзү бизди көрүп суктанаар. Улуу элсиң жанат чолпон жылдызың,  Дагы чыгат Бакай, ...

0 291

Өмүрдүн чыныгы баркы, бактысы да ишенимде! Айтматовдун учкул кептери...

14-июль 2019, 20:20 Кызгалдак Жакыпова

Караңгыда көз, капилеттен сөз тапкан кеменгерлердин ой толгоосун, даанышман көрөгөчтүгүн "Кеп казынадан" тартуулап турган чагыбыз. Бул ирет белгилүү жазуучу, коомдук жана мамлекеттик ишмер Чыңгыз Айтматовдун учкул сөздөрүн сунуштайбыз. Кулагыңарга күмүш сырга болсун! Чыңгыз Айтматов 1928-жылы 12-декабрда Талас облусуна караштуу Кара-Буура районундагы Шекер айылында туулган. 1946-жылы Жамбыл шаарындагы Зооветеринардык техникумду, 1953-жылы Александр Скрябин атындагы кыргыз мамлекеттик айыл чарба институтун бүтүргөн. 1956-1958-жылдары ...

0 412

АҢГЕМЕ: "Сүйүү сагынган гүлдөр"

14-июль 2019, 18:30 Кызгалдак Жакыпова

Гүл эжеге жолуккан күн эсимде. Ошол күн күз жамгыры аябай төккөн түндүн эртеси болчу. Айланада, бак-дарактарда, жалбырактарда, терезелерде, жолдордо көз жашка, шүүдүрүмгө окшоп тамчылар мөлтүрөп турган. Серүүн тарткан теребел жамгыр жыттанып, эрте күздүн салкын жели жүзүңдү аймалап, чачтарыңды учуруп, бут алдыңда жалбырактар каалгып, кусалуу сезимдер, жашоомо өзгөрүү, сүйүү эңсеген өзгөчө таң эле. Курулушта түнкүсүн иштечүмүн, таң эрте  жаткан батириме ...

Жарнама үчүн орун!
600 x 50
0 563

АҢГЕМЕ: "Кудуктан чыгып келе жаткан чындык"

14-июль 2019, 17:04 Кызгалдак Жакыпова

Илгери бир жолу Чындык менен Жалган жолугушуп калышкан экен. Жалган «бүгүн күн жакшы болуп турат» деп Чындык менен учурашыптыр. Чындык асманды карап айланасына көз чаптырып чын эле бүгүн жакшы күн экендигине ишенет экен. Алар чоң кудукка чейин чогуу барышат. Жалган колун сууга салып, «жагымдуу жана жылуу экен, эгерде кааласаңыз чогуу чөмүнсөк да болот» деп Чындыкка кайрылыптыр. Чындык дагы шекшип ...

0 206

Акбар Кубанычбеков: " Чикаголук мекендештер поэзияга, кыргыз ырларына абадан суусашыптыр..."

29-июнь 2019, 14:10 Кызгалдак Жакыпова

Жаш калемгерлердин арасында таскагы күч, чабыты ылдам акындардын бири Акбар Кубанычбеков жакында эле Чикаго шаарына барып, мекендештерине ыр окуп кайтты. Океандын ары жагындагы поэзия сүйүүчүлөрү жаш акынды кандай кабыл алышкандыгы тууралуу "Фабула" гезити   Абар Кубанычбеков менен  маек курду. - Акбар акындын көзү менен караганда Чикаго шаары кандай экен? -Абдан жакшы шаар экен. Эмнегедир Кыргызстандын бир жеринде жүргөндөй болдум. Дегеним, шаар ...

0 726

Ички үнүнө ишенген Уинстон Черчилль...көп өтпөй Черчилль түрмөдөн качууну ойлой баштайт.

29-июнь 2019, 14:15 Кызгалдак Жакыпова

Черчиллдин атасы лорд Рэндольф жана анын америкалык аялы Дженни Джерам Мольбордогу белгилүү герцогдордун бирине конокко келип, шартка байланыштуу копко жашап калууга аргасыз болот. Анткени лсди Рэндольф кош бойлуулуктун акыркы жумасында эле, бирок төрөт эмнегедир эки жумадан кийин башталат. Калыбы, Черчилль энесинин ичинде жатканда эле өжөр. көк болорун билдирген окшобойбу. Ал 1874-жылы 30-ноябрь күнү жарык дүйнөгө келет. Эгерде Черчиллдин өмүр-баянына ...

0 867

БОЛГОН ОКУЯ: "Тукум кууган илээшкек оору"

29-июнь 2019, 14:16 Кызгалдак Жакыпова

Бул биздин күнүмдүк жашоо турмушубузда жин оору менен ооругандар көп эле кездешет. Кээ бири күчтүү молдолорго, дарыгерлерге барып айыгып кетишсе, кээ бири эмне кылар айласын таппай кыйналып жүрүшөт. Ошондой жин оорусуна мен дагы  аз  жерден  кабылып кала жаздап, араң дегенде кутулгам.    Дегинкиси Кудайым өзү сактады. Мен    азыркы    учурда түштүктүн борборунда Ош шаарынын өзүндө турам. Мурда ушул ...

0 351

БОЛГОН ОКУЯ: "Жоголгон мурас"

29-июнь 2019, 11:58 Кызгалдак Жакыпова

Борборубуздагы тарых музейине мен көп эле жолу кирип жүрөм, бирок бир нерсеге анча маани бербептирмин. Ал жакта канчалаган гана байыркы эстелик буюмдар бар. Аларды бир кызыга карап коюп кете берееиң, анча маани да бербейсиң. Ошол күнү майрам күн болчу, неберелеримди жетелеп алып аянтга жүргөнбүз. Анан кокусунан музейдин жанынан өтүп калдым да неберелеримди ошол жакка алып барып көрсөтмөккө ичине кирдим. ...

0 472

БОЛГОН ОКУЯ: "Ичиндеги коогалаң"

29-июнь 2019, 11:22 Кызгалдак Жакыпова

Жайдын толуп турган кези. Биздин чакан айылдын кой кезүүсү бизге келип калыптыр. Кечинде эле чоң атам: - Койлорду кырлатып жайгыла. Коого түшпөгүлө. Коонун ээси бар. Анан, бир барганда эле ушунча малдын туягы барса, анын ээсинин тынчы кетет, балдарым. Сак болгула... -дей баштаган. Бул сөз - мен кичине чагымдан берки угуп жүргөн сөз. Баарыбыз унчукпай башыбызды ийкемиш болгонубуз менен көздөрүбүздөн түпкүрүндө ...

0 528

БОЛГОН ОКУЯ: "Колунда көзү бар аял"

29-июнь 2019, 11:22 Кызгалдак Жакыпова

Анда совет доору сайран курган өткөн кылымдын жетимишинчи жылдары эле. Дүркүрөп өскөн, туштарабы тегиз өнүккөн Балыкчы шаары да кулачын жая кеңейип бараткан. Көп улуттуу. Айрыкча өзбектер тамак-аш даярдашып, соодасы жүрүп, ташы өйдө кулаган чак. Мындагылардын тез байышына имиш-имиштерге таянсак, алар кумар ойношуп, уткандарынын «касиети» дешет. Чынында жапырт өзбек туугандар байыгандай сезилди, ич тардык кылганыбыз жок. Бир күнү кечээ эле ...

0 355

Бактыгүл Сексенбекова: "Адашкан карек"

27-июнь 2019, 18:01 Кызгалдак Жакыпова

Аңгеме Жүрөгүм бир башкача болуп, каршы-терши салгылашкан сезимдер менен бара жаттым. Жолдошум экөөбүз Чүйдүн Петровка айылына биринчи жолу бараткандагы сезимдер. Ооба, мен көрө элек, бирок телефондон көп сүйлөшкөн адамга. Баса, эң алгач сүйлөшкөн күн эсимде… Тамак даяр болгондо жолдошумду тамак ичкенге чакыруу үчүн бөлмөгө кирсем, бирөө менен телефондо сүйлөшүп жатыптыр. Мени көрө коюп: — Мына, жеңең келип калды. Сүйлөшүп ...

0 261

Бексултан Мамытов: Эшек минген каарман жана эркиндикти сүйгөн "партизандар"

26-июнь 2019, 17:22 Кызгалдак Жакыпова

Убагында Англиянын колониясынан араң бошонгон Индия бүгүнкү күндө кино тармагы менен аларды бомбалап жаткан кези. Болливуддан дагы бир кино. Кинонун аты — «Индостандын «бандасы» же экинчи дүйнөлүк согушта абдан чоң жардамы тийген жергиликтүүлөрдөн куралган «партизандар»… АКШнын белгилүү экономисти айткандай, «зоордук-зомбулук менен бир өлкөнү аз убакытка кармап турууга болот, а экономика менен дүйнөнү багынтууга болот». Ар убакта амалкөйлүк адамдын алмашкыс куралы болуп ...

0 729

Абдыкерим Муратов : Жесир калган жеңемдин кошогу

15-июнь 2019, 16:05 Айдар Нуралиев

  АҢГЕМЕ Биз, майдалар, чоң атам менен бир туугандардын балдарын бүт аба дечүбүз. Анан калса, туугандар анча көп эмеспиз, баарыбыз эски колхоз курулганда эле энчилип берген тамаркаларыбызга ээлик кылып турабыз, андыктан бир үйдүн түтүнү башка үйлөрдү да аралап кетет. Жамандык-жакшылык гана эмес, орозодогу арапалыктарыбыз да, уйубуз тууса кайнаткан ууз ашыбыз да бирге. Тандыр тебелесек да, кийиз кылсак да, оро ачсак да, көмүр ...

0 264

Топчугүл Шайдуллаева: Эне

13-июнь 2019, 20:48 Айдар Нуралиев

АҢГЕМЕ Райондук бейтапканынын каттоо бөлүмүндө саарлап тоо тараптагы айылдан келген кемпир бир топ отуруп калды. Качан бул жерде иштеген кыздар келе баштаганда колунда эртеден бери абайлап кармап отурган кагазды айнек тешиктен аларга сунду. – Кызым, бу кыз силерге ооруп келип, жатып дарыланып кетиптир, ооруусу эмне дарт экен балам, билип берчи. Кемпирдин капкара болуп туурулган арык, узун колунан бүктөлгөн кагазды алып жатып ак халатчан ...

13-июнь 2019, 20:48 | 264
0 4494

Казак кыздын сүйүүсү: Райым мырза, кубатым болбосоңуз дагы кубанчым болуңузчу...

Биздин редакцияга кат түштү. Кандай кат? –Кадимки эле учурда узун элге кеп болуп, аттуу-баштуудан тартып, аймактагы айылдын ар бир түтүнүнө чейин кеп сөз болгон мурдагы президент Атамбаевдин эң жакшы көргөн инсаны Райымбек Матраимовго, Шолпан аттуу айымдан кат келип түштү. Кашын керек каккан казак кызы, кыргыз тилин суудай билет экен. Шолпан: -Анча-мынча калем кармап, бир-эки ыр саптарын курап коёмун. Ушул ...

0 2117

БОЛГОН ОКУЯ: Ит менен байланышкан өлүм

Бул качанкы окуяны чоң энем раматылык дайыма оозунан түшүрбөй айтып отураар эле. Биз үчүн, анча билинбегени менен, чоң энем өзүнүн арманын айтчу тура бизге... -Силердин атаңар - менин тун уулум. Ырас, азыр жалгыз эле караанар-карманаарыбыз ошол болуп калбадыбы, чоң атаңар экөөбүздүн,- деп баштачу энем сөзүн. - Бирок, мен андан кийин эгиз уул төрөгөм. Оо, ананайындарым, алар аман болсо бул ...

0 758

"Колуңду берчи"

21-апрель 2019, 16:37 Айдар Нуралиев

АҢГЕМЕ Түн бир оокум. Асман бетинде жаркырап турган сансыз жылдыздарды каардуу булут каптап, бир да жылдызга жаркыроого мүмкүндүк бербей кыйнайт. Бул учур караңгыны жазданып, үмүт шооласы кире албаган, буга чейин бейтааныш бөлмөдө бала жалгыз жатты. Апасынын ысык алакандарын тынбай издеп, күнөөсүз наристе ширин уйкуда кыйналып, издегенин таба албай кайгылуу жатаар эле. Энесинин мээримге толгон жылуу алакандарына зар, кайра-кайра төшөктөн колун бери созуп, ...

21-апрель 2019, 16:37 | 758
0 606

Кайрадан тирилген үркүн аскери

20-апрель 2019, 15:05 Кызгалдак Жакыпова

(Фантастикалык аңгеме) “21-кылымда Арал деңизинин кургашы менен көп нерсе өзгөрдү. Кургак чөлгө айланган бул деңиздин астынан чыккан туздар шамал менен кошо республикабыздын тоолоруна, тоолорундагы миңдеген жылдардан бери турган мөңгүлөрүнө учуп келип, аларды ээритүүдө… Акыркы жаңылыктар боюнча Кыргызстан жана Кытай мамлекеттеринин ортосундагы тоодо ким экени белгисиз бир адам табылды. Ал адам жөнүндө маалыматтар дагы да толук бериле элек. Берилген кабарларга  караганда, ал  100 ...

0 832

Жамгыр жууган махабат

18-апрель 2019, 19:55 Айдар Нуралиев

Күз айынын кайсы бир күнү экөөбүз жолуктук. Дарактар жылаңачтанып, шамалга дирилдеген жалбырактар шуудурап бут алдыда тебеленип жаткан учур эле. Жылуу маанай менен экөөбүз көрүштүк. - Кандайсың? Кандай жүрөсүң? Сени көргөндө өзүмдү бир азга жоготуп, кыргыздын төл сөзү менен «жакшы» анан «шүгүр» деп кошумчаладым. - Өзүңчү, көптөн бери көрүнбөйсүң? Кайда жүрөсүң? - Менде баары жакшы... Турмушка чыккам. Уулдуу болдум. Баягы өзүң билген кесибимде ...

18-апрель 2019, 19:55 | 832
Жарнама үчүн орун!
600 x 50
0 469

Кеч гүлдөгөн Акгүл

18-апрель 2019, 19:19 Айдар Нуралиев

... Анда да көктөм быйылкыдай кечигип, күн алыс кар аралаш жаан жаап, жүдөтүп турган убак эле. Асмандан башка айланасынын баары жабык, бийик дубал, темир тор менен тордолгон аялдар абагында да жазды эңсеп күтүл атышкан. «Капырай, жаз эмне мынча күттүрдү?! Эртерээк келсе болбойт беле?», «И, жаз келсе эмне кылат элең? Камакта отурган соң, сага жазбы-кышпы, айырмасы кайсы?», "Койчу" жакшы сөз сүйлөп, жакшы тилек ...

18-апрель 2019, 19:19 | 469
0 1340

Айтканы туура келген молдо

16-апрель 2019, 15:14 Кызгалдак Жакыпова

Мындан бир топ жыл мурда Сары молдо деген киши болгон дешет. Өзүнүн чыныгы ысымы башкача экен. Өзү молдолугу, алдын ала көп нерсени билгендиги менен өзгөчөлөнгөн бул киши өңү сары болгон үчүн "Сары молдо" деп аталып калыптыр. Сары молдо тээ алыскы бир айылда жашайт экен. Таң ата берки айылга жете келиптир шашып. Ал дайыма жөө жүрчү экен. Машина менен жарым күн жүрө ...

16-апрель 2019, 15:14 | 1340
0 381

Жатакананын чатыры

16-апрель 2019, 14:57 Кызгалдак Жакыпова

Бири-бирине окшош типте салынган жатаканалар борбор калаабызда оголе көп. Тээ союз мезгалинде ар бир ишкана өзүнүн жумушчуларын убактылуу жашаганга үй менен камсыздырганы ушундай окшош үйлөрдү сала беришкен. Болгону бир эле бөлмө, ашкана, душ, ажаатканалары жалпы. Төрт кабат же беш кабаттан ашпайт. Лифтиси жок. Мурун ар бир жатакананы пенсиядагы орус кемпирлер кайтарышчу, аны биз "вахтёрша" деп койчубуз. Жада калса училищелерден баштап жогорку ...

16-апрель 2019, 14:57 | 381
0 547

Эч нерсе эсимде жок, бирок...

16-апрель 2019, 14:32 Кызгалдак Жакыпова

Бул окуяны кезектеги иш сапар учурунда, казакстандык кесиптешим айтып берген эле. Анда сөз башынан болсун. Ал күнү жумуштан эртерээк чыгып, жолдон паркка кайрылдым. Бош орундукка барып отургам. Аздан соң жаныма бир киши келип отурду. Кара шляпачан, көз айнекчен бул кишинин жүзүн үңүлүл деле тиктебедим. Өз оюм менен алек болуп отургам. Аңгыча эле тиги киши мага тамеки сунуп калды. Менде деле ...

16-апрель 2019, 14:32 | 547
0 625

Жалбыракты акчага айланткан адам

16-апрель 2019, 14:11 Кызгалдак Жакыпова

Арийне, бул окуяны ким укса да, окуса да ишене беришпейт. Бирок бул чыныгы болгон окуя. Андан бери ушунча көп убакыт өтүп да кетти. Ошол окуяны кайрадан эске салууга туура келип жатат. Шадыкан бакшыны убагында кыргыз эли бүт билбесе дагы, Нарын өрөөнүндө таанымал, белгилүү бакшы болгонуна тарых күбө. Себеби Шадыкан бакшы өз доорунда элге көп пайдасын тийгизип, карапайым элге көп жолу ...

0 450

Кененсары менен Норузбайдын башы эмнеге алынган?

02-апрель 2019, 18:19 Кызгалдак Жакыпова

Тээ илгертен бери эле коңшу казак эли менен биздин эл бири-бири менен урушуп-чабышып келгенине карт тарых өзү күбө.Бирок көбүнчө казактар өздөрү кол салып кыргыз жерине келип, кайра жеңилүү ызасын тартып кеткен учурлар көп болгон. Айткандай элек казактар пир туткан Кененсары, Норузбай деген эки бир тууган, “кыргызды тукум курут кылып, жерин басып алабыз” деп кол топтоп, тынч жаткан элге кол салууну жакшылап ...

0 433

Эйнштейинден эки ооз сөз

01-апрель 2019, 16:29 Айдар Нуралиев

Баардык тармакка кызыкдар болгула. “Мен болгону өтө кызуугусу күч адаммын”. Туруктуулук бул баа жеткис сапат. “Менин жетишкендиктеримдин баардыгы менин акылдуу болгонум үчүн эмес. Бул нерсенин баардыгы менин тайманбастыгымдан, туруктуулугумдан жана ишти аягына чыгаруудагы багынбастыгымдан улам”.  Элестетүү бул – кудуреттүүлүк. “Элестетүү бул – баардыгы. Ал абалдын кандай таризде улануусун алдын ала көрсөтүү касиетине ээ. Элестетүү бул билимден маанилүү”.  Ката кылуудан коркпогула. “Ката кылбаган ...

01-апрель 2019, 16:29 | 433
0 918

Жылан чакырган бала

30-март 2019, 20:02 Кызгалдак Жакыпова

Бул окуя жетимишинчи жылдары алыскы айылдардын биринде болгон экен...Он жаштагы Дөөлөттүн ата-энеси күнүгө эртелеп талаага жумушка кетип, кечинде келишет, Баласы алар жокто мектепке барып жатабы, балдар менен кандай ойноп жүрөт деген кызыгуу менен атасы бир күнү Дөөлөттүн классташы, теңтуштары менен жолугуп, сурап калды. Бирок алар бир ооздон "Сиздин балаңыз биз менен ойнобойт, сабакка да дайыма катышпайт" - дешти. Атасы буга ...

30-март 2019, 20:02 | 918
0 616

Айдоочуга аян берген түш

30-март 2019, 16:37 Айдар Нуралиев

Бул окуя союздун учурунда болгону айтылат. Көп жылдан бери колхоздун жүк ташыган машинасын айдаган Апыш, Балыкчы шаарына жүк алып келгени бара жатып, караңгыда көзү ирмелгенден машинасын жолдун четине чыгарып токтуп уктап, эс алып алууну ойлойт. Анткени бара турган жерине эрте барган күндө деле эки сааттан ашык күтүп калышы бул турган иш эле. Ооба, ал кезде азыркыдай машинанын саны көп болгон эмес ...

30-март 2019, 16:37 | 616
0 3935

БОЛГОН ОКУЯ: Казыбек: “Кемпир акырын келип жарыкты өчүрүп, жаныма келди”

29-март 2019, 18:00 Кызгалдак Жакыпова

Ооба, азыр мигранттардын көбү Россия менен Түркияга каттап, акча табуу үчүн болгон иште иштеп жатышканы да чын. Мен дагы көптүн бири болуп Түркияга сапар алып, барганда эле бир чоң үйдүн тегерек чекесин карап, жыйнамай ишке орноштум. Ал жерде эми эми баары бар, бирок башка эл деген башка эл да. Андан дагы тилин билбей башында катуу кыйналып, акырындык менен көнүп да кеттим. Анткен ...

0 1552

Түркияда калган арзуу

27-март 2019, 21:05 Айдар Нуралиев

Мен дагы эл сыяктуу акча табуунун айынан көпчүлүктүн катарын толуктап, Түркияга барып иштеп калдым. Анткен менен түрктөр аял затына үзүлүп түшүп, ушунчалык жакшы мамиле жасарын байкадым. Балким, мен барган жердеги түрк адам ошондойбу ким билет... Бир жылга жакын жетимиш жаштан өткөн кемпирди багып, эч жакка деле чыга алганым жок. Анткен менен кемпирдин баласы ушунчалык мага жылуу мамиле жасап, жакшы сөздөрүн менден ...

27-март 2019, 21:05 | 1552
0 1401

БОЛГОН ОКУЯ: Муунуп өлүп, кайра тирилген адам

27-март 2019, 17:58 Кызгалдак Жакыпова

(Каармандын аты өзгөртүлүп берилди) Бир караган кишиге катуу азап тарткандай көрүнгөн Чыйбыл эмнегедир бул жолу чечилип сүйлөп берди. -Ал кезде мен аскерден жаңы келип, иш жок болгон үчүн айылда бош жүрүп калдым. Айткандай мен жеринен балдарын кайын-журтуна бактырган эрекектерди абдан жаман көрөм. Анткени мени дагы атам таштап кетип, мен таятамдын колунда өстүм. Эмне болгон күндө дагы “жээн” деп мени айыл эли көп ...

0 1054

БОЛГОН ОКУЯ: Өлүк менен сырдашуу

25-март 2019, 15:24 Кызгалдак Жакыпова

Бул дүйнөдө түбөлүктүү жашоо жок да, адам баласы тургай тирүү жүргөн бардык жандыктар өлүп, топуракка айланышат. Азыркы секундда канчалаган гана адам төрөлүп, канчалаган гана адам оо дүйнөгө жөнөп кетип жатат. Бул жашоого биз мейман катары убактылуу эле келет экенбиз да, анан түбөлүктүү жашоого кетебиз. Мындайча айтканда бардыгыбыз өлүмдүн даамын татабыз. Менин көзүмчө эле канчалаган адамдын көзү өтүп кетип жатышат. ...

0 777

БОЛГОН ОКУЯ: Жатаканадагы “лунатик” жигит

25-март 2019, 15:10 Кызгалдак Жакыпова

Мен булокуяны укканда "армияда "лунатик" менен ооруган жигит тууралуу жазыпсыңар. Аны окуп жатып менин дал ошого окшош бир окуя эсиме түшүп силерге жазгым келди. Окуя тээ илгери болгон, союз мезгилинде. Мен ал жылы мектепти бүтүп келип борбордогу жогорку окуу жайларынын бирине тапшырып окуп калдым. Шаарда туугандарым жок болгондуктан жатаканада жашоого туура келип калды. Ал мезгилде дээрлик көпчүлүгүбүз жатаканаларда жашачу эмес белек. ...

0 397

Ош шаарында “Бирдиктүү терезе” принцибинде иштеген мамлекеттик кызмат көрсөтүү борборунун ачылышы болду

22-март 2019, 12:05 Кызгалдак Жакыпова

2019-жылдын 20-март күнү Ош облусунун ички иштер башкармалыгынын имаратында «Бирдиктүү терезе» принцибинде иштеген мамлекеттик кызмат көрсөтүү борборунун салтанаттуу ачылышы болду. Бул тууралуу маалыматты ИИМдин Басма сөзкызматы билдирди. Бул салтанаттуу иш-чарага Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев, Кыргыз Республикасынын ички иштер министри, милициянын генерал-майору Кашкар Джунушалиев, Ош облустук ички иштер башкармалыгынын башчысы, милициянын полковниги Малик Нурдинов, Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын ...

0 288

Француз пианисти Ричард Клайдермандын өмүр тарыхы

Видео 21-март 2019, 17:50 Кызгалдак Жакыпова

Француз пианисти Ричард Клайдермандын өмүр тарыхы 1953-жылы 28-декабрда башталган. Анын биринчи музыкалык билим алган адамы атасы болгон. Ден соолугунун начарлыгынан улам жеке музыка сабактарды өз алдынча алууга аргасыз болгон. Ар дайым ал атасына келген окуучулардын жанында болуп, роялдын сыйкырдуу дабышын эшитүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болгон. Ал өткөн күндөрдү «төрөлгөнүмөн баштап, мени музыка курчап алды. Биринчи ирет 3-4 жашымда сынкырдуу роялга кол тийгиздим» ...

Жарнама үчүн орун!
600 x 50
0 379

Мо-цзы: Акылсыздар сый-урматка бөлөнүп, жакшылар жазага тартылчу адилетсиздик орногон жерде – даанышмандын гана эмес, боору таш адамдын...

05-март 2019, 17:52 Кызгалдак Жакыпова

Жакшы жаа оңой керилбейт, бирок анын жебеси бийик учуп, терең сайылат. Жакшы тулпарга араба чегиш кыйын, бирок ал оор жүгүңдү алыскы жолго жеткирет. Арийне кашкөй талант да таамай баасын алышы кыйын, аны эң мурда даанышман таанып, таланттын кадырын падышага чейин жеткирет. ♦ ♦ ♦ Азиз адамга «акак таш» же «таш көмүр» дегенди айттырсаң айтат, бирок бул экөөнүн түсү кандай экенин сурасаң айырмасын ...

0 1477

БОЛГОН ОКУЯ: Карышкырлар да арзууга кабылабы?

18-январь 2019, 16:18 Кызгалдак Жакыпова

Бул окуя тээ илгери өткөн кылымдын 60-жылдары болгон экен. Бектен жаш кезинен ата кесибин улантып, колхоздун малын багат. Ооба, мал баккан адам жайы-кышы тоодо мал менен болуп, айылга анда санда түшөрү анык. Андан дагы ысык-суука туруштук бериш да керек. Мезгил жаз. Май айынын башы.Тоодо карлар ээрип, мал кол карабай калган. Кечке маал Бектен койлорду короого жакындатып айдап келип, айлана-тегерекке көз салып, дүрбү менен ...

Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83