www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Адабият
0 1165

Жылкылардын сүйүүсү

29-декабрь 2018, 12:40 Айдар Нуралиев

Бул жашоонун түгөнбөгөн сыры бар, бирок биз ага көп маани бере бербейбиз. Эмесе бир эле адамдар эмес камбар атанын тукуму жылкы баласында дагы арзуу сезими бар экенин, сиздерге учкай баян кыла кетейин. Айткандай бул окуяны мага Токтогулдук байке айтып берген эле. Эмесе укканымды сиздер менен бөлүшүүнү туура көрдүм. Чабдар айгыр бул үйүргө айгыр салынганына он жылдай убакыт болгон. Анткен менен үйүрүнө жакшы ...

29-декабрь 2018, 12:40 | 1165
0 2237

Назира Айтбекова: Жашооңдо мүдүрүлгөнүңдө баланы көгала койдой сабап, өмүр бою жек көрүш, кордош үчүн тууба!

27-декабрь 2018, 10:21 Кызгалдак Жакыпова

Баланы сүйүп жарат. Сүйгөнүңө белек кылып, тукумун ула. Өзүңдүн боор этиңен чыгар. Баланы айбандай кумарыңды кандырып атканда кокусунан жаратпа. Абортко жетишпей, чоңоюп кеткени үчүн төрөбө. Эртеңки күнү дааратканага, акыр - чикир салчу челекке ыргытыш үчүн же эзели тааныбаган бирөөнүн улагасына ташташ үчүн, жетимкананын муздак дубалын кучактатыш үчүн алып келбе бул дүйнөгө! Ичип аткан арагыңдын бөтөлкөсүн ташытыш үчүн, кылып аткан арамыңды көрсөтүш үчүн, жашооңдо ...

0 2097

Назира Айтбекова: Карышкыр карышкырды жеп кетиптир, жолборс жолборсту өлтүрүп кетти деген жаңылык уккан эмесмин

25-декабрь 2018, 09:47 Кызгалдак Жакыпова

Пилге пил кол салыптыр, карышкыр карышкырды жеп кетиптир, жолборс жолборсту өлтүрүп кетти деген жаңылык уккан эмесмин. Бирок акылдуу деген адамдар бирин бири мейли физикалык жактан, мейли моралдык жактан өлтүрүп, жок кылып келе жатат. Биз бири бирибизге эле эмес бүтүндөй чөйрөгө, жан - жаныбарга кол салабыз. Жер планетасынын эң эле жырткычы, боору таш биз эле болсок керек. Окуганым боюнча токойдо бир бак кыйылса, ...

0 4074

БОЛГОН ОКУЯ: Ажалды көргөн адам

07-декабрь 2018, 09:57 Кызгалдак Жакыпова

Бул окуя Талас аймагындагы бир айылда болгон. Бирок биз шартка байланыштуу каармандардын ысымдарын өзгөртүп берүүнү туура таптык. Акман карыянын жашы сексендин бешинде. Анткен менен акыркы кездерде кыймыл аракети оордоп, баштагыдай сергек болбой калды. Учурунда жакшы кызматтарда иштеп, элге алынган, кадырлуу адам болгон. Карылык айылына баш бакканы элден четтеп, өзү менен өзү болуп эч ким менен иши жок. Бир күнү ооруп төшөк тартып жатып ...

0 421

Кыргыз эмне үчүн жапон болгусу келбейт?

02-декабрь 2018, 23:01 Кызгалдак Жакыпова

Качан болсо эле “жапондор бизден тараган” деп мактанганды жакшы көргөн менин кыргыздарым эмне үчүн жок дегенде күнүнө бир эле сааттан жапон боло албай жатат? Айтайын дегеним, жакында Москвада аяктаган Дүйнөлүк футбол оюнун баарыбыз көрдүк. Москваны күндүз да, түнкүсүн да тепсеп жүргөн күйөрмандарды көрдүк. Отурган жеринде “челектеп” пиво ичип олтурган, ооздору бошобой бирдеме жеп олтурган европалык футбол фанаттарын да көрдүк. Бирок футболдо кимдер утулуп, ...

0 897

Болотбек Таштаналиев: “Антистандарттагы” алты кумалак. Поэзия –порнография эмес

14-ноябрь 2018, 10:40 Кызгалдак Жакыпова

Акыркы жылдарда Интернет желесиндеги социалдык түйүндөр таасирдүү күчкө айланып, коомдук аң-сезимдин көңүлүн өзүнө бурган, коомдук ой-пикир жараткан да социалдык кубулушка айланып баратат. Мына ошол социалдык түйүндөрдүн колдонуучуларынын арасында жазуучу-драматург С.Раевдин айрым ырларын социалдык түйүндөргө жүктөп: «Пай-пай, Султан палвандын ырларын түшүнүү үчүн бир кылым керек окшойт» деп, ары тамшанып, ары баш чайкап, комментарий жазгандар арбын. Анда, С.Раевдин ырларын окурман менен чогуу окуп көрөлү. Ыр жыйнак «…Анти ойлор огубу ...

0 649

Сени жек көрөм...

26-октябрь 2018, 09:41 Кызгалдак Жакыпова

Сени жек көрөм, таң калып атасыңбы?  Таң калбай артка кылчайып көзүңдү карап жалдырап жүргөн мени эсте. Эстедиң да ээ, эмнени көрдүң? Керсейип каада күтүп турган ары жок өзүңдүбү?  Анан күндөрдүн бир күнүндө баары бүттү деп басып кеткен мени көрдүңбү? "Көзүмдү карап турчу эле, не болгонун түшүнбөй калдым, алыстап кетти"-деп ар кимге айткан өзүңдү чоңураак көзүңдү ачып карачы макулбу? .... Билип турасың баарын... Тим ...

26-октябрь 2018, 09:41 | 649
0 461

Жумагул Сааданбеков: “Чыңгыз Айтматов калтырып кеткен эбегейсиз бай мурас менен элибиздин рухий дүйнөсүн байытуу милдети турат”

19-октябрь 2018, 12:07 Кызгалдак Жакыпова

Бүгүн, 19-октябрда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде улуу жазуучу Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдыгына арналган илимий-практикалык конференция өз ишин баштады. Иш-чарага окумуштуулар, академиктер, адабиятчылар,Жогорку Кеңештин экс-төрагалары, учурдагы парламенттин депутаттары катышууда. Жогорку Кеңештин экс-төрагасы Абдыганы Эркебаев улуу калемгердин көсөмдүгүнө, даанышмандыгына анын өмүр-таржымалы менен дүйнөгө таанымал классикалык чыгармаларынан мисалдарды келтирди. Ошону менен катар экс-төрага Жогорку Кеңештин бир жыйынын улуу жазуучубуз Ч.Айтматовго арнап өткөрүүнү сунуш кылды. Саясат таануу ...

0 747

Сен өлгөн жоксуң...

02-октябрь 2018, 10:55 Перизат Кутманалиева

Кыргыз үчүн жалындап күйүп турдуң, Жарык чачып күн болуп тийип турдуң. Чындык үчүн чыркырап жалгыз өзүң, Парламенттен, соттордон бийик турдуң!   Чындык үчүн күрөштү баштап кеттиң, Чымын жаның чыркырап какшап кеттиң. Чындык жанып от болуп тутансын деп, Дүрт эттирчү учкунду таштап кеттиң.   Акыйкатсыз жашоого көнгөн жоксуң, Чындыгы жок келечек көргөн жоксуң. Акыйкаттын символу болуп калдың, Сен өлбөдүң.., Уланбек...өлгөн жоксуң, Маматкадыр. 26.07.18. Булак: NazarNews.kg   

02-октябрь 2018, 10:55 | 747
0 643

Чоңду көрдүм намыстанган эл менен, автобуска чогуу түшүп, баскандан.

29-сентябрь 2018, 10:28 Кызгалдак Жакыпова

Баарын көрдүм Досту көрдүм кабат-кабат там салган, Бомжду көрдүм кышта тонуп ач калган.  Чоңду көрдүм намыстанган эл менен, Автобуска чогуу түшүп, баскандан.  Пенде көрдүм беш маал намаз окуган, Байды  көрдүм зекет десе чочуган.  Кытай  көрдүм казып жаткан тоолорду, Мөңгү көрдүм ээрип жаткан чокудан.  Турист көрдүм биздин жерге сыйынган, Арча,көрдүм, кайын көрдүм кыйылган.  Ыйык жерди гүлдөтүүнүн ордуна, Элди көрдүм митинг десе жыйылган.  Дуба кылып,сабыр кылып турайын. 

0 514

ББИМ: "Aйтматовду дүйнө окуйт" аттуу онлайн флешмобу уланууда

20-сентябрь 2018, 14:36 Кызгалдак Жакыпова

Кыргызстанда жана чет өлкөлөрдө өтүп жаткан "Дүйнө Aйтматовду окуйт" аттуу онлайн флешмобу уланууда. Бүгүнкү күнгө чейин акцияга Кыргызстан, Жапония, Кытай, Орусия, Тажикстан, Израил жана башка өлкөлөрдөн Ч.Айтматовдун чыгармаларынын күйөрмандары катышты. Ошондой эле акцияга сентябрь айында Грузия да кошулду.Тбилисидеги А. Грибоедов атындагы орус драм театрынын артисттери “Кылым карытар бир күн”, “Делбирим” аттуу Ч.Айтматовдун чыгармаларынан үзүндүлөрдү окушту. “Кыямат” романынан үзүндүсү грузин ...

0 388

Айтматовдун чыгармаларынын он томдук жыйнагы чыгат

19-сентябрь 2018, 09:21 Кызгалдак Жакыпова

Залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдык мааракесин утурлай анын чыгармаларынын он томдук толук жыйнагы чыгат. Бул тууралуу “Улуу тоолор” басмаканасынын жетекчиси Жумадин Кадыров “Азаттык” радиосуна кабарлады. Маалыматка караганда, жыйнакка Айтматовдун бардык чыгармалары, маек, макалалары, биргелешип иштеген эмгектери, сүйлөгөн сөздөрү кыргыз жана орус тилдеринде чыкканы жатат. Китеп эки жуманын ичинде даяр болору айтылды. Китеп эки тилде өкмөттүн тапшырмасы менен миң комлекттен чыкканы жатат. ...

0 1226

Астанада Чыңгыз Айтматов атындагы көчө ачылды

16-август 2018, 19:17 Кызгалдак Жакыпова

Казакстандын Астана шаарындагы бир көчөгө жазуучу Чыңгыз Айтматовдун ысымы ыйгарылды. Бул аземге Кыргызстандын премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев жана казак премьери Бакытжан Сагинтаев катышты. Бул тууралуу маалыматты Азаттык билдирди. Астанадагы көчөгө Айтматовдун ысымы жазуучунун 90 жылдыгын белгилөө алкагында берилди. Ушул күндөрү Астанада кыргыз-казак өкмөт аралык кеңешинин жыйыны өтүп жатат. Анда эки өлкө ортосундагы кызматташтыкты өнүктүрүү маселелери каралууда.  Булак: NazarNews.kg

0 1987

Адамдар өлүмдү унутушту...

Колуңдан көөрү төгүлгөн устасыңбы, атагың аласка кеткен ырчысыңбы, чечендигиң ашынган сөзмөрсүңбү, төгүлүп чачылган көпөссүңбү, эл башкарган бакансыңбы баарыбир бир күнү, кара жер кучактап, келбес жакка кетесиң... Анан эмнеге, өлбөчүдөй, бул жашоо жараткандын энчисиндей, ээлирип жашайбыз...Акчанын артынан түшүп, көмөлөнүп, көңтөрүлүп күн өткөрөбүз...Бири бирибизге акаарат айтабыз, таарынабыз, көңүл жубаткандын ордуна көөдөй шыбайбыз, сынтагабыз. Чоң үйүбүз, унаабыз, кызматыбыз менен таанышыбызды айтып мактанабыз. 40 жашка келип, мен ...

21-июль 2018, 13:30 | 1987
0 1562

Алия Шагиева: Бардыгын ааламдын эркине койдум...

17-июль 2018, 18:01 Айдар Нуралиев

Болгону 20 жаштагы Алия Шагиева өлкөдөгү белгилүү сүрөтчүлөрдүн бири. Анын “Агым” деген аталыштагы акыркы көргөзмөсү чоң кызыгууну жаратты. Графикалык жана живопистик сүрөттөрүн көрүүгө көп адам келди. Көргөзмөгө келгендердин басымдуу бөлүгүн жаштар түздү. – Эмне үчүн көргөзмөңүздү “Агым” деп атадыңыз? – Бул аталыш мага күтүлбөгөн жерден келди. Көрүүчүлөргө бул көргөзмө менен эмнени айткым келет? – деп ойлонуп отургам. Анын максаты эмнеде? Деги, максаты ...

0 2121

Назира Айтбекова: Сүйүүнүн уяты, намысы жок..

Аялдын жан дүйнөсү өтө назик. Үлбүрөк. Үйлөп койсоң, ооруп калган. Астейдил, кастарлап сүйүү кажет. Алаканга салып, алдабай, ааламыңарды ачсаңар, гүлдөтүп беребиз. Жүрөгүбүз - аманатыбыз. Катуурак кысып койсоңор, өйүйт. Байланып алып, багыбызды жайнатып, багынып, табынып, элжиреп сүйүп, жалынып жаныңарда жайдары жүргөндө барбыз, бактылуубуз. Күчүңөргө сүйөнүп, өзүңөргө таянып, эркелеп, назик болуп, жел үйлөсө учуп кетчү какым сыңары жашообузду алдыңарга жая салабыз. Тебелебегилечи? Чокоюңарды ...

Жарнама үчүн орун!
600 x 50
0 1252

Сотторубуз "соолуп" жатат, иш козголгон чиновник ооруп жатат...

Алыста жүрүп Кыргызстанды сүйгөн мигрант жигитибиздин патриоттук сезимдерди ойготкон төмөндөгү ыр саптарын тартуулайбыз. Улуу элек бир убакта, Уулдары намыска бек, Урпактарын нарк-насилин, Улантып алышса деп, Аталар жанын үрөп, Жакшылыкка чакырышып, Жексурлук,жемкорлукка, Жебедей атылышып, Жат жандарга билгизбей келди эле го, Жаманын жакшысын да, Жан дүйнөгө батырышып. А бүгүн Мекенимдин, Соттору "соолуп" жатат, Иш козголгон чиновник ооруп жатат, Сатылма адвокаты, Сайрап-какшап коруп жатат. Кыргыздар ойгонгула, Кыйын күндүн "шамалы"согуп жатат. Жалаа менен такталбаган, Укуктары сакталбаган, Абакта канча жандар, Олтурат акталбаган. Качканы качып кетти, Кара жемсөө айынан, Карайлатып ...

0 991

Хадистер жөнүндө кыргыз тилинде 7 томдук китеп жарык көрдү

22-июнь 2018, 13:58 Айдар Нуралиев

Ош мамлекеттик университетинин теология факультетинде “Хадистердин негизинде ислам” аттуу жети томдон турган китеп басылып чыкты. Бул тууралуу ушул факультеттин деканы Самаган Мырзаибраимов “Азаттыкка” билдирди. Анын айтымында, бул китеп Курандан кийинки ислам дининин негизи болгон хадистерди камтыган кыргыз тилиндеги биринчи көлөмдүү жыйнак. Басылмада жашоонун бардык чөйрөсүн камтыган хадистер жөнүндө 400дөн ашуун теманын ар бири кеңири баяндалган. 5000 нускадагы китептин жарымынан көбү Кыргызстандагы имамдарга ...

0 1097

Шым так санга киреби же жуп санга

Кыска жана күлкүлүү Таарынчак кемпир Абхаз жомогу Бир кемпир түш көрүптүр. Түшүндө бийлеп аткан болот. Ойгонуп кетип, кол чаап коштобогону үчүн жанында жаткан чалына жини кайнап баштаптыр. Табарман Пурдел Ооган жомогу – Пурдел, сен так сан менен жуп санды үйрөнүп келдиңби? – Ооба, агай. – Кана, айтчы: шым так санга ...

0 1760

Ит менен кошо каза болгон кыз

08-июнь 2018, 19:09 Гүлжан Шерипбаева

Быйыл Ит жылы болгондуктан, иттер тууралуу көп окуялар эске түшөт. Анткени силердин гезитиңер дагы иттер тууралуу укмуштуу, табышмактуу окуяларды баяндап жазып жатпайсыңарбы. Менин дагы башымдан өткөн ушул ит тууралуу бир окуяны баяндап бергим келет. Ал мындайча болгон. Дегеле үй жаныбарларынын баарынан ит адамга жакын болот эмеспи. Ити бар үйгө уурулар да оңой менен кире алышпайт. Алар жакшы коргоочу келип, кожоюнун ...

0 804

Акыйкат издеп жүрөм, Ай элдер, көрдүңөрбү? Тим коюп унчукпастан, Тирүүлөй өлдүңөрбү?

14-апрель 2018, 17:07 Кызгалдак Жакыпова

Акыйкат издеп жүрөм, Ай элдер, көрдүңөрбү? Көрүнбөй кетти эле, Көңүлдү бөлдүңөрбү? Же ансыз жашаганга, Жеңилип, көндүңөрбү? Тим коюп унчукпастан, Тирүүлөй өлдүңөрбү? Көрүнбөй көчөлөрдөн, Чын эле кайда кеткен? Алыста жүрөйүн деп, А балким айга кеткен. Чырмалып кол-бутунан, Чириген байга кеткен. Көз көргүс, кулак уккус, Көрүнбөс жайга кеткен. Сүйлөнбөй чогулушта, Сүрүнөн кайтса керек. Кан агып көздөрүнөн, Кайгыга батса керек. Жүдөгөн дербиш сымал, Жүзүнөн нуру ...

0 616

Жумурткалардын кошогу

03-апрель 2018, 16:36 Гүлжан Шерипбаева

Толкуну күчтүү көлдөйдү, Токтобой аккан селдейди. Токтогул менен Торкендин, Эми тооктору туубайт сендейди.   Ирими күчтүү көлдөйдү, Иргелбей аккан селдейди. Индус менен Кытайдын, Эми индюгу туубайт сендейди.   Өзөндөн соккон желдейди, Өзөгү күчтүү селдейди. Өзгөн менен өзбектин, Эми өрдөгү туубайт сендейди. Фейсбук баракчадан алынды: Булак: NazarNews.kg

03-апрель 2018, 16:36 | 616
0 2734

Ыргыткан канжарым жүрөгүнө барып сайылды...

Көп убакыттан бери сандыктын тубүндө жатып, анан өзүнөн-өзү эле жөнөкөй аш бычакка айланып калганына Сагын өз көзүнө өзү ишенбей, таң кала жакасын карманды. -Ой тобо-оо, бул эмнеси ай.., анан аялына кыйкырды, - ыя, Кал-бүбү бери келчи, бол ылдам! -Эмне болуп кетти, тынччылыкпы деги? -Ошо тынччылык болбогонунан сени чакырып атпаймынбы. Айтчы, бул сандыктагы канжарды сен алмаштырып койгон жок белең? -Жок, эмне болуп кетти? -Карачы бул жакты, ...

0 1068

“Акжарыктын айыкпаган сыныгы” китеби жөнүндө

29-март 2018, 12:23 Айдар Нуралиев

2018-жылдын 30-мартында КР УИАнын чакан залында саат 14.00до Ч.Айтматов атындагы Тил жана адабият институту тарабынан уюштурулган Самсак Станалиевдин “Акжарыктын айыкпаган сыныгы” аттуу тарыхый-биографиялык роман трилогиясынын бет ачары өтөт.  Жазуучу Самсак Станалиев  “Акжарыктын айыкпаган сыныгы” роман трилогиясынын үстүндө 3 жыл бою иштеген. КР Жогорку Кеңешинин депутаты Рыскелди Момбеков китепке жазган “Чыңгыз ...

0 534

Каныбек Осмоналиевге карата кылмыш иши жанданды

УКМКнын коррупцияга каршы күрөшүү кызматы профессор Каныбек Осмоналиевди 16-мартта суракка чакырды. Бул тууралуу Каныбек Осмоналиевдин адвокаты Жыргалбек Бабаев билдирди. Көрсө, мындан 3 жыл мурун Каныбек Осмоналиевге 304-кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланды деген берене менен иш козголуп, бирок Башкы прокуратура кыскартып салган кылмыш иши жанданыптыр. Сыягы, президент Сооронбай Жээнбековдун кыскарган жана токтотулган кылмыш иштерин кайрадан карап чыгуу тапшырмасынан кийин унтта калып бараткан иштер ...

0 650

Кундузбү Маматова: "Керек окшойт тирүүлүктө сүйүлүш"

23-март 2018, 11:42 Камчыбек Бостон

Күндөн -  күнгө көз карашың башкача, Мени тартып бара жатат капырай. Кемселиме батпай  улам толкундайм, Сүрдөгөндөн жайнап турса  ай чырай. Суук көзгө урундурбай, үшүтпөй, Алаар бекем махабатың асырай. Салам айтсаң доошум чыгат калтырай, Көз карашың тушап турса бастырбай. Колдон алсаң алаканым өрттөнөт, Демиң ысык жалын бүркүп чачырай. Бүт дүйнөмдү жалгыз өзүң ээледиң, Сезимиңди алаар бекем асырай. Сүрөтүңө адат болуп тигилиш, Жан дүйнөмдө ...

0 607

Нурлан Атамырзаев: "Уулуңдун сөзүн укчу, кейиген бир"

11-март 2018, 20:19 Камчыбек Бостон

Турмуштун чыга албай көйүнөн бир, Мээмди ой жеп келет өйүгөн бир. Ата-Журт! Азып жүргөн араңдагы, Уулуңдун сөзүн укчу, кейиген бир. Бирөөмүн, катарыңда басып жүргөн, Күү чалган күйүтүмдү жазып жүргөн. Тирилик ташкынында азап чегип, Суурулуп Мекенинен, азып жүргөн. "Неге жүрөм бөтөн жерде, көрбөгөн күндү көрүп?" "Мен сатсам болбойбу не, энчимди бөлүп-бөлүп?" "Эртеңим не болот?" деп санааркабай, Ой басып жүргөнүмчө жүрөк өйүп. Ансыз да, жан ...

0 3778

Мен бирөөгө жубай болгом укпадыңбы...

Укпадыңбы?! Аллоо... Мырзайым, сенсиңби? өзүңсүңбү? Бүгүн сага бир жигит төгүлсүнбү... Мен өзгөрдүм, баары үчүн кечирип кой, Дарегиңде кайра Б..... көрүнсүнбү?..   -Деди дагы сөздөрүн улай берди, Угуп жаттым, кечирим сурай берди. Нелерди тиленчү элек деген сайын, Негедир жашым уюп кулай берди.   Өкүндүм өзүңсүз айларыма, Өзүмдү тапшырайын кайра мына. Эреркип кыялданып олтурамын, Эмне белек кылсам деп майрамыңа.   Кечирим бер экинчи ката кылбайм, Кейитпейм, ашыкча маза кылбайм. Жибип койчу суранам акын кызым, Жигиттик сөзүм эми капа кылбайм.   Аллоо... Мырзайым, сүйлөйсүңбү?.. Же ...

0 745

Кундузбү Маматова: "Сурадыңбы жок дегенде бир жолу"

04-март 2018, 16:10 Гүлжан Шерипбаева

Үйгө кайтсаң, жубайыңа чаласың, Алын сурап, эркелетип баласын. Чалбай калса кайра сурап өзүнөн, "Айтчы жаным, эмне жейсиң, аласың", Айткандарын түгөл таап чарчабай, Каалаганын издесең да табасың. Күндө ошол, көңүлүн таап аласын, Көксөгөнүн тандап, талдап  тазасын. "Өңүң эмне купкуу болот, жаным" деп, Кээ бир күнү күйпөлөктөп каласың. Үнүн укпай калганыңда тынч албай, Саат сайын, чарчабастан чаласың. Азаматсың, алганыңды  сыйлагын,

0 1736

Баяна Кулова: Сиз өөп жаткан аялдын чачын жулуп, бетин тытып, тытмалап, экөөңдү кошуп туруп өрттөп салгым келди...

Тыбырчылап кызганып жатканымды билип туруп жасадыңызбы.... Так маңдайымда кесиптешиңизди бетинен өөп жатканыңызды көрүп жаным чыгып кетти. "Өппө эй"-деп үнүм бийик чыгып кетиптир. Жанымда турган эже да чоочуп "кимди кызганып атасың ай"-деп күлүп калды... Кызганычым көкүрөгүмдү өрттөп, көөдөнүмө батпай, ошол сиз бетинен өөп жаткан аялдын чачын жулуп, бетин тытып, тытмалап, экөөңдү кошуп туруп өрттөп салып басып кетким келди... Билем, сиз башка адамдыксыз, меники болбойсуз, болгону ...

0 764

"Кызы жок жазды көрө албайм, Жазы жок кызга көнө албайм"- дейт Бердибек Жамгырчиев

Бүгүн жаз айынын 1-күнүндө,асылзаада айымдарга ыр десте сунган Бердибек Жамгырчиев. Жаз менен кызды бөлө албайм Башыңа гүлдү жаздатып, Ааламды бүтүн жаз басып. Жан-дүйнөң канат байланып, Баарына жаккан жаз бакыт.   Көз моокум канбай көркүнөн, Көңүлдөр эргип көлкүгөн. Кулпурган жашоо көз жарып, Кулундар туйлап мөңкүгөн.   Мээримин төгүп күн ачык, Жүрөктүн баары гүл ачып. Жаз айын бизге жашар деп, Жараткан берген гүлазык.   Кейиген күндөр кайра шат, Керилип кыздар жай басат. Жандарын безеп чымчыктар, Жашоо бар дешип сайрашат.   Бийкечтер бизге карыздар, Дегендей издеп нагыз ...

0 836

Аркайган тоо алыстан көрүнөт!...

26-февраль 2018, 10:37 Перизат Кутманалиева

Кечээ эле арабыздан түбөлүккө кош айтышып кеткен улуу жазуучубуз Чыңгыз Айтматовдун да 90 жылдыгы да жакындап калды. Айтматовдун карааны улам бизден алыстап кетип бара жатат. Дагы бир аздан кийин эле 100 жылдыгы белгиленет. Анан дагы бир аз убакыттан соң (жарым кылым — ​тарых үчүн — ​бир көз ирмем!) 150 жылдыгы… Ошентип, кийинки муундардын ажырагыс руханий дүйнөсүнө, тирек-демөөрүнө айланып кала берет… Бери эле болгондо, — ​биздин өзүбүздүн кыргыз ...

26-февраль 2018, 10:37 | 836
Жарнама үчүн орун!
600 x 50
0 1462

Актилек Гүлжигит кызы: Басмайылды тартам деп канча жолу жерге “бүк” түштүм...

26-февраль 2018, 10:26 Перизат Кутманалиева

7-класста окуган кез. Ноокат. Чоң атамдын үйү.  Таң заарда чоң атам мени “ойгон” дегенсип, бөлмөм жакка келип күрс-күрс жөтөлүп коёт. Тура калып эле аткана жакка бет алам. Көк ат меники эле. Жоош болчу. Чоң атам жасап берген кичинекей үстөлдү коюп алып, ээр токуйм. Басмайылды тартам деп канча жолу белим менен жерге “бүк” түштүм. Эптеп иймеңдеп жүрүп, жерге жарык кирээрде атты токуп ...

0 2333

Тун сүйүүм ай, сени кайра көрбөй эле койсом болмок...

22-февраль 2018, 16:39 Перизат Кутманалиева

1-сентябрь күнү жаңы алган кийимдерибизди кийип мектепке бардык, үч ай көрбөгөн классташтарың менен баарлашып ара чолодо кандай кийим алды экен деп баштан-аяк карап чыгасың. Бул жылы башталгыч классты бүтүп чоң класстардын катарына кошулдук. Бизди жаңы мугалим тосуп алды. Ал да быйыл эле жумушка орношуптур. Мектептин астында өткөн салтанаттуу иш-чарадан кийин класстык бөлмөгө кирдик. Арабызда эмнегедир бейтааныш бир кыз жүрөт. Бир маалда мугалим ...

Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83