www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Турмуш
0 169

Адамдын организми 24 саат бою иштейт

12-ноябрь 2019, 18:03 Айдар Нуралиев

Түнкү саат бирде: Өзгөчө ушул убакта адам таттуу уйкуда уктап жатса да, организми ар кандай ооруларга сезимтал болот. Болор-болбос дабышка да ойгонушу мүмкүн. Бул тууралуу "“Факты.kg” гезити жазып чыкты.  Түнкү экиде: Боордон башка дененин бөлүктөрү пассивдүү абалда болушат. Боор болсо, так ушул маалда организмдеги ууларды өлтүрөт. Эгерде ушул учурда сизден уйку качып жаткан болсо, эч убакта кофе же чай ичпеңиз. Андан ...

0 321

Малайзиянын падышасы Мухаммад мурдагы аялы Оксана Воеводина жана уулу менен катышпоо үчүн канча төлөйт?

12-ноябрь 2019, 16:45 Аман Аскаров

Малайзиянын падышасы Мухаммад V россиялык Оксана Воеводина экөөсүнүн ортосундагы уулуна буга чейин ай сайын 2 милллион рубль алимент төлөөдөн баш тартып келген. Бирок, ал жакында өзүнүн мындай чечиминен баш тартып, Воеводинага 16 миллион рубль берип, баш оту менен кутулууну чечти.   Ал үчүн падыша баласынын атына фонд ачып, ал жакка аталган сумманы котороорун билдирип, дагы 10 ай аралыгында кошумча 6 ...

0 318

ФОТО - ЧУКУЛ КАБАР! Айэркен Саймаитини өлтүргөндөрдү түрк полициясы кармады

12-ноябрь 2019, 16:45 Аман Аскаров

Стамбул шаарында ишкер Айэркен Саймаитини өлтүрүүгө шектелгендер кармалды. Алар Адана шаарынан Сирияга өтүп кетүү маалында кылтакка илинген. Белгилүү болгондой алардын экөөсү кыргызстандык, бирөө Сириянын жараны. Бул тууралуу Sondakika басылмасы Anadolu (Акыркы мүнөттө) агенттиги жазды. Маалым болгондой, шектүүлөр Түркиядан Сирияга чыгып кетүүгө аракет кылаарда Түркиянын түштүгүндөгү Адана аймагынан кармалган. Ал жакта жүргүзүлгөн ...

0 426

ФОТО - ИГИЛдин согушкерлери абакта кандай күн кечиргени кызык болсо, көрүңүз!

12-ноябрь 2019, 15:24 Аман Аскаров

ИГИЛ террористтик кыймылы дүйнө коомчулугун өзүнүн мыкаачылыгы менен үшүн алып келген. Эми бул уюм талкаланып, анын көпчүлүк мүчөлөрү коалициялык күчтөр (НАТО блогу), дагы башка тобу Сирия, Россия, Түркия жана Ирандын куралдуу күчтөрү тарабынан жок кылынса, тирүү калгандарынын көпчүлүгү туткундалган. Аталган уюмга каршы күрд боштондук аскерлери дагы күрөшкөн. Учурда күрддөрдүн карамагындагы абактарда 12 миңге жакын ИГИЛ террористтик кыймылынын согушкерлери күн кечирүүдө. Алардын ...

0 959

ШОК! ФОТО - ВИДЕО - Жапжаш кыздын атактуу, улгайган көңүлдөшү Олег Соколов кызды кантип өлтүргөнүн айтты

Видео 12-ноябрь 2019, 15:00 Аман Аскаров

9-ноябрь күнү Мойки дарыясынын жээгинде 60-65 жаштар чамасындагы адам бутуна тура албай, сууда ары-бери чайпалып жүргөн. Жергиликтүү тургундар аны алып чыгуу аракетин көргөнү менен негедир ал колундагы баштыкты сууга чөктүрүүнүн аракетин көргөн. Кийинчерээк окуя болгон жерге дарыгерлер чакыртылган. Бирок, дарыгерлер менен бирге эле полиция кызматкерлерин чакыртууга туура келген. Себеби, ал адамдын колундагы баштыкта жиликтенген адамдын колу табылган. Ал дароо ...

0 999

Биринчи жолу кара терилүү адам бетин алмаштырды

12-ноябрь 2019, 14:38 Айдар Нуралиев

Бетин алмаштырган биринчи кара терилүү адам. Операция 16 саатка созулуп, ага 45 врач катышкан. Мындай маалыматты уккандар поп-король Майкл Жексончу, ал деле бетине операция жасатып, ак терилүү болбоду беле деген суроо туулушу ыктымал. Бирок бул жолу биринчи жолу кара терилүү адамга дал өзүнүкүндөй бет коюлду. Ошентип Калифорниянын 68 жаштагы жашоочусу Роберт Челси биринчи жолу бетин алмаштырган кара терилүү адам ...

0 472

ВИДЕО - Москвалык дарыгер Самат Курманкуловдун абалына так мүнөздөмө берди

Видео 12-ноябрь 2019, 13:57 Аман Аскаров

Кечээ күнү Москва шаарынын реабилитациялык борборлорунун биринде дарылануусун улантып жаткан Чүй ОИИББнин башчысы Самат Курманкуловго Ички иштер министри Кашкар Жунушалиев барып, президент тарабынан ыйгарылган “Эрдик” медалын колуна тапшырып келген. Курманкулов дарыланып жаткан борбордун башкы дарыгери Татьяна Шаповаленко бейтаптын абалы тууралуу Коомдук биринчи каналдын журналисттерине төмөндөгүлөрдү айтып берди.  “Бейтап учурда акырындык менен басат, көнүгүүлөрдү өз алдынча аткарууга дарамети жетет. Өзү отурат, турат, ...

0 347

ФОТО - Президент Жээнбеков "понт" дегенди билбейт экен

12-ноябрь 2019, 13:16 Аман Аскаров

Президент Сооронбай Жээнбеков “Манас” аэропортунан чыгып бара жатып шурудай тизилген кортежден баш тартыптыр. Бул тууралуу Бишкек ШИИББинин маалымат кызматынын башчысы Улан Жумаков өзүнүн Фейсбук баракчасына жазып чыкты. Ал “ишене албай турам. Жакында президент кайсы бир өлкөдөн иш сапары менен келип конгондон кийин, аэропорттон аны коштоп жүрүүчү кортежден, атайын үн коштоочу жабдыктардан, ар кандай “понттордон”, күзөтчүлөрдөн баш тартты. Акырын келди, кетти. Эч ...

0 143

Жаш кан адамды жашартабы?

12-ноябрь 2019, 13:11 Айдар Нуралиев

Калыбы, америкалык окумуштуулар жашартуу үчүн улгайган кишилерге жаш кан куйган. Орто кылымдагы ыкманы эми эстешти көрүнөт. Алар жаш бойдон калсам дегенде ак эткенден так эткен кардарларга өздөрүнүн кызматы 8 миң доллар эле турарын билдиришет. Экспериментаторлордун ишендирип айтканына таянсак, эгерде организмге дайыма ден соолугу чың, жаш адамдын донор каны куюлуп турса, анда ал 10-20 жылга жашарат имиш. Анткен менен классикалык ...

12-ноябрь 2019, 13:11 | 143
0 182

Күнболот Момоконов: "Ата-бабалардын наалаты, Жер Эне ыйы, Жараткандын жакшы көрбөс кусуру күчтүү болоор"

12-ноябрь 2019, 12:34 Айдар Нуралиев

ТАЛАСТЫ ТАЛКАЛООНУН ТАРЫХЫЙ КҮНҮ Таластагы Жерүй кенинде алтын казуу аракетинин башталышы катары биринчи жардыруу ишин ишке ашырды. Бул күн Таластагы таза аймакты, касиеттүү Манас атабыздын ыйык жерин, Айтматовдун апачык ааламын талкалоонун биринчи күнү. Эл ойлобос эрендердин башкы байлык Эл, алардын саламаттыгы, балдардын келечеги таза экология, таза шыңгыр суу экенин түшүнбөгөндүктөрүнүн тарыхый күнү. Улам мурунку акылсыз бийлигинин кетирген кемчилигинин айынан, ...

0 233

ФОТО - Москвада кыргыз таксистти жөн жерден полиция кармап кетти

12-ноябрь 2019, 11:38 Аман Аскаров

Москва шаарында такси кызматында эмгектенген кыргыз жараны мас абалындагы жүргүнчүнү тийиштүү жерге жеткирбей койгондугу үчүн полиция кызматкерлери кармап кетишкен. Белгилүү болгондой кыргызстандык башкарган унаага мас абалындагы улутчул адам отуруп, айдоочуну ар кандай ыплас сөздөр менен сөгүп, мушташканга аракет кылган. Андан кийин жүргүнчү полиция кызматкерлерин чакырган. Жерине келген тартип сакчылары кыргыз жаранын кармап кетишкен. Айдоочу Валентина ...

0 1032

Атамбаевге дагы бир мурдагы үлкөн чиновник каршы көрсөтмө берди

12-ноябрь 2019, 10:18 Аман Аскаров

Свердлов райондук сотунда Бишкек ТЭЦин модернизациялоо иши боюнча соттук отурумда “Электр станциялары” ишканасынын мурдагы башчысы Салайдин Авазов суралды. Андан экс-энергетика министри Осмонбек Артыкбаев ТВЕА компаниясы менен түзүлгөн келишимдин жагдайын түшүндүрүп берүүсүн суранды. Анда Авазов ага бардык инвестициялык долбоорлор президенттин аппараты тарабынан көзөмөлдөнүп тургандыгын айтып, бардык маселелер аппарат менен макулдашылчу деп билдирди. Андан сырткары ал, келишимге кол коюп ...

0 3351

Министр Жамангулов Урмат Үсөнов канча айлык алаарын ачыктады

12-ноябрь 2019, 09:17 Аман Аскаров

Урмат Үсөновду маданият, маалымат жана туризм министринин кеңешчиси кылып дайындоо боюнча буйрукка азырынча кол коюла элек экен. Министр Азамат Жамангулов жергиликтүү басылмалардын бирине берген маегинде, Үсөновду ал өзүнүн көз карашы бар, компетенттүү адис катары көрөөрүн айтып, ошондуктан аны кеңешчи кылууга ниеттенгендигин айтыптыр. Андан сырткары, ырчы толук штатка алына тургандыгын билдирип, эмгек кодексине ылайык ...

0 261

ФОТО - Ак үйдөгү 120 "койго" айып жок, Балыкчы мэриясынын алдындагы жылкыларга айып бар

11-ноябрь 2019, 17:38 Аман Аскаров

Кыргызстан бир кызык өлкө да. Бишкектин Ак үйүнүн тегерегинде 2015-жылдан тартып 120 “кой” ээн эркин оттоп жүрөт. Ага эч ким эч нерсе деген жок. Айыпка жыккан да, жыгылган да тарап көрүнбөйт. Бирок Балыкчы шаарынын мэриясы башка кеп. Мэриянын аймагына 10-ноябрь күнү 18 баш жылкы кирип кеткен экен. Эми анын айынан жылкынын ээси айыпка жыгылып, анын өлчөмү 7500 ...

0 250

ВИДЕО - Сузактын акими Омошевдин таянаар тоосу бир гана спортчулар

Видео 11-ноябрь 2019, 16:44 Аман Аскаров

Жалал-Абад облусунда Сузак деген бир бакыйган район бар. Тимеле коррупциянын чордону дал ошол жерде. Районду Эрмекбай Омошев деген адам башкарат эки жылдан бери. Же мамлекеттик кызматкер,  же жеке ишкер экенин түшүнбөйсүң. Дүкөн, кафе, бардык түр-укмуштарды иштетет. Бирок, ушул районду иштете албай койду. Болгону таянаар тоосу спортчулар. Ал Кыргызстанды дүйнөгө спортчулар эле таанытат деп бакылдады аэропортто депутат Тазабек Икрамовду батына албай тосуп жаткан маалында. Ой ...

0 415

Сарпашев кайда? Түркияда Интерпол аркылуу издөөдө жүргөн чет элдик кыргыз паспорту менен кармалды

11-ноябрь 2019, 15:38 Аман Аскаров

Ауу-у, Тайырбек Сарпашев деген “мамлекеттик-жеке ишкерди” көргөн жан барбы? Ой айланайын, анын кылган ишинин залакасы азыркыга чейин тийип жатат. Мамлекеттик каттоо кызматында жетекчи болуп турганда кыргыз паспортуна байланышкан далай ызы-чуу болду эле. Өлкө ичинде гана болсо гана. 2016-жылы Түркиянын Стамбул шаарынын эл аралык аэропортунда уйгур улутундагы 98 Кытай жараны жасалма кыргыз паспорту менен кармалганы эсиңердеби? Дүйнөгө бетибиз менен баткакка ...

Жарнама үчүн орун!
600 x 50
0 2675

ФОТО - Чүй ОИИББинин башчысынын көптөн берки алгачкы сүрөттөрү! "Эрдик" колуна тапшырылды

11-ноябрь 2019, 15:09 Аман Аскаров

7-8-август күндөрү мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди Кой-Таш айылынан мажбурлоо түрүндө тергөөгө алып келүү операциясы учурунда башына таш тийип, кийин комага түшүп, дарыланууга Москвага жөнөтүлгөн Чүй ОИИББинин башчысы Самат Курманкуловго жакында Кыргыз Республикасынын президенти Сооронбай Жээнбековдун жарлыгына ылайык «Эрдик» медалы ыйгарылган. Медалды жабыркаган Самат Курманкуловго ИИМ министри Кашкар Жунушалиев тапшырып келди. Аны менен бирге ал дарыланып жаткан жайга Кыргызстандын Россиядагы элчиси ...

0 1682

Чыпалак Баатыр: «Күчмен» деген партия ачтым, программа даяр»

11-ноябрь 2019, 14:51 Айдар Нуралиев

Чыпалак баатыр каймана аты менен таанымал болгон Зарылбек Аликенов келээрки парламенттик шайлоого катышканга даярданып жатканын билдирет. "Карапайым эл өзү колдоп, шайлоого бар деп жатышат. Мен дагы алардын колдоосу менен мекен үчүн күйгөн, жүрөгү кыргыз деп соккон адамдарды чогултуп, партия түптөп, шайлоого катышууну чечтим. Партияны өзүм жетектейм. Партияга кишилер чогулгандан кийин анын атын коюп, программасын иштеп чыгабыз. Андан ...

0 302

Түркияда кыргыз кыздарына байланышкан кылмыш катталды

11-ноябрь 2019, 14:50 Аман Аскаров

Түркиянын Анталья шаарындагы Манавгат районунда эки кыргызстандык кыз мекендешин сабап, аны тоноп кеткендиктери үчүн полиция тарабынан кармалды. Haberler порталы маалымдагандай Нүргүл Карбаева аттуу айым Манавгаттын мейманканаларынын биринде тазалоочу болуп иштейт. Ал сабалгандан кийин доктурга кайрылган. Ооруканадан полиция кызматкерлери чакыртылган. Дарыгерлер жабырлануучунун денесинде ур-тепкинин белгилери бар экендиги тууралуу бүтүм чыгарып беришкен. Укук коргоо кызматкерлери көп өтпөй кылмышка шектүүлөрдү кармап, алар ...

0 100

ВИДЕО - Чаткалда алтын кендер мыйзамсыз иштеп жатабы?

Видео 11-ноябрь 2019, 14:36 Айдар Нуралиев

Ийгилик Тургуналиев аттуу Фейсбук колдонуучусу жеке баракчасына Чаткалдагы алтын кендер дагы деле мыйзамсыз иштеп жатат деп жазды. Ал бул мыйзамсыз иштер тууралуу жазганы төмөндө: “Президент Сороонбай Шарипович, сизге кайрылабыз. Чаткалда алтын кендери мыйзамсыз иштеп жатышат, токтотуп беришиңизди суранабыз. Эл каршы чыккан. Алтын кендер казылбайт, иштетилбейт деген убадаңыз бар эле...” Булак: NazarNews.kg

0 397

ВИДЕО - Көргөнү да, көрбөгөнү да арманда. "Газпромдун" "чудиктеринин" кылыгы боорду эзди

Видео 11-ноябрь 2019, 14:12 Аман Аскаров

Убагында Кыргызстан “Кыргызгазды” “Газпромго” 1 сомго сатып жатканда абдан кейидик эле. Ушундай дагы болобу? – деп. “Газпром” болсо тез аранын ичинде өлкөнүн бардык аймагын көгүлтүр от менен камсыз кылабыз деди эле, анысынын дайыны дагы жок. Эптеп Бишкектин бир эки районуна жеткирди окшойт газ түтүктөрүн 3-4 жылда. Бирок, биздин айталы дегенибиз башка. Мындай “чудик” компанияга убагындагы өлкө жетекчилерибиз кантип ишенди ...

0 335

Нурбек Жапаров: "Билинбей калган кылмыш болбойт"

11-ноябрь 2019, 14:15 Кызгалдак Жакыпова

«Жолуң шыдыр болсун»-деген сөз да бекеринен айтылбаса керек. Бүгүнкү каарманыбыз Нарын облустук Ички иштер башкармалыгынын жол кайгуул кызматынын ЖКККБнын издөө төбүнүн тескөөчүсү, милициянын ага лейтенанты Жапаров Нурбек Калманбетович жөнүндө болмокчу. Негизи жашоодо адам баласы жакшы көргөн кесибин тандоодо бирөөгө карап же бир нерседен таасирленет эмеспи. Жаңы гана мектептин босогосун аттагандан баштап эже-агайлар окуучу балдарды тамырын кармап көрүп «Келечекте ким ...

0 276

Сокулукта жаңы ат майдан ачылды

11-ноябрь 2019, 13:30 Кызгалдак Жакыпова

Кечээ, 10-ноябрда Сокулук районуна караштуу Күн-Туу айыл аймагында Уранбек Темиров атындагы ат майдан ачылды. Муну Уранбек Темировдун үй-бүлөөсү жана жакын санаалаштары өз күчү менен курушкан. Ипподромдун ачылышында ат оюндары ойнолуп, кунан чабыш, аламан чабыш, тай чабыш жана башка ат оюндары өткөрүлдү. Баш байгеге эки автоунаа коюлган. Булак: NazarNews.kg

0 202

ФОТО - Бишкекте кеч күз, Ак-Сууга кадимки эле кыш келди

11-ноябрь 2019, 13:37 Аман Аскаров

Кечээтен тартып республика боюнча абанын табы төмөндөп, бир топ эле сууктай түштү. Бишкекте майда жаан нөшөрлөдү эле, ал эми Ысык-Көл облусунун эң алыскы району Ак-Сууда 50 сантиметрге жеткен кар жаап салды. Албетте бул жагдай жергиликтүү тургундар үчүн бир топ түйшүктүү болду, андан калса калктуу пунктар арасында жолдор дагы буулган. Бирок, бул көйгөйдүү чечүү максатында кар түшкөн аймакка атайын 12 ...

0 261

Медетбек Керимкулов деген "ишкер мэр" кайда?

11-ноябрь 2019, 12:26 Аман Аскаров

Акаев заманында далай чиновниктер жыргады. Мал-жандуу, үй-жайлуу, акчалуу болушту. Кандай жол менен экенин ким билсин. Бирок бир чиновник такыр эле унутта калды көрүнөт. Ал Медетбек Керимкулов. Ооба, дал өзү. Такыр көрүнбөй кетти. Билбегендер үчүн бул үлкөн чиновник Бишкек шаарын алты жыл башкарып турган. Тагыраагы 1999-жылдан Акаев куулган 2005-жылга чейин. Эмнеден улам бул адамды эстеп калдык? Азыркы Бишкекти жакшы билесиңер. ...

0 282

"Эрдик" медалынын ээси өз алдынча басып, сүйлөй баштады

11-ноябрь 2019, 12:00 Аман Аскаров

7-8-август күндөрү мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди Кой-Таш айылынан мажбурлоо түрүндө тергөөгө алып келүү операциясы учурунда башына таш тийип кийин комага түшүп, андан ары дарыланууга Москвага жөнөтүлгөн Чүй ОИИББинин башчысы Самат Курманкулов өз алдынча сүйлөп жана баса баштады. Саламаттыкты сактоо министрлигинен билдиргендей, Курманкулов акырындык менен басып, айрым көнүгүүлөрдү жасап калды. Андан сырткары, буга чейин Самат Курманкулов үн ...

0 864

Кара-Көлдө 18 жаштагы кыз дааратканага барам деп ажал тапты

11-ноябрь 2019, 11:38 Аман Аскаров

СССР убагында курулушу аяктабай же болбосо такыр эле каралбай калган объектилер чачтан көп. Андай объектилердин бири Кара-Көл шаарында союз убагында курулган кудук. Анын тереңдиги 8 метрге чамалап калат. Эми ошол кудукта кырсык катталып отурат. Тагыраагы 9-ноябрь, түнкү саат 01:30дар чамасында 18 жаштагы кыз ал кудукка түшүп кетип каза болду. Бул окуя кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине кокустук катары каттоого ...

0 128

 Күзгү депрессияны эмнелер чакырат? Мелатонин, серотонин, дофамин

11-ноябрь 2019, 11:03 Айдар Нуралиев

Жыл мезгили менен адамдын маанайынын кандай байланышы бар деп ойлойбуз. Албетте, кээ бир сезимтал адамдардын жашоосунда бул абдан чоң ролду ойноору белгилүү. Мисалы, жаздын келиши менен бак-дарак гүлдөп, аба ырайы дагы жылуу болгонго жан дүйнөң жаңыланып, көңүл да көтөрүңкү болот эмеспи. Ал эми күз келери менен күн сууктап, эки күндүн биринде жамгыр нөшөрлөп жаай берет. Ошондуктан күз мезгилинде адамдардын ...

0 379

Жеке ишкер Айэркен Саймаитини Стамбулдан өлтүрүп кетишти

11-ноябрь 2019, 10:41 Аман Аскаров

«Кыргызстандан чыгарылган миллиондордун изи» аттуу иликтөөнүн негизги каарманы  жеке ишкер Айэркен Саймаитинин өлтүрүлгөнү кабарланды. Мындай маалыматты “Азаттык” Түркиянын басылмаларына шилтеме берүү менен жазып чыкты. Маалыматка караганда, окуя 10-ноябрь кечке маал Стамбул шаарынын Фатих аймагындагы мейманканалардын биринде болгон. Анда Айэркен Саймаитини белгисиз адам атып кеткен. Ооруканага жеткизилген Саймаити алган жаракатынан каза тапкан. Саймаити «Азаттык» ...

0 442

Кыргызстандык Алексей Федосеев аралаш мушташта каршылашынын бетинен тамтык калтырган жок

10-ноябрь 2019, 17:30 Аман Аскаров

Алексеев Федосеев спорт дүйнөсүндө чоң кадыр-баркка ээ кикбоксчу-мушкер. Кыргызстандын, Азиянын, дүйнөнүн үч жолку чемпиону. Өлкөбүздүн желегин далай жолу желбиретти. Чыныгы патриот жигит. Даңазалуу “Гермес профи” спорт клубунда машыккан. Башка мушкерлерге окшоп криминалга аралашпай, өзүн түз алып жүргөн спортчулардын катарында. Жакында ал ММА аралаш мушташ турниринде алгачкы беттешин өткөрүп, аны ийгиликтүү жыйынтыктады. Анын каршылашы Түштүк ...

0 1288

ФОТО - Хюррем Султан менен жолуккан Болот Отунбаевдин бактысына чек жок

10-ноябрь 2019, 17:26 Аман Аскаров

Түрктөрдүн “Даңазалуу доор” тасмасы убагында далай өлкөлөргө тарап, дүйнөнү багынтканынан кабарыбыз бар. Кыргызстанда дагы бул кино башталаары менен үй ичи жым-жырт болуп, ашканадагы аял менен сыраканадагы эрдин башын сыналгы алдына бириктире калчу. Андагы айтылуу Хюррем Султандын ролун мыкты аткарган Мерьем Узерли Лос-Анжелесте Эл аралык Азия кинофестивалында (Asian World Film Festival) кыргыз делегациясын сый-тамакка чакырганын парламенттин ...

0 416

Баягы эле армияда адам өмүрү кыйылды. Кой-Ташта аскер асынып алды

10-ноябрь 2019, 15:21 Аман Аскаров

Бүгүн түнү Кой-Таш айылында жайгашкан 73809 аскер бөлүгүндө аскер кызматкери асынып алды. Белгилүү болгондой асынып алган адам адаттагыдай катардагы жоокер эмес, офицердик курамдагы майор экен. Анын жансыз денесин өзү жашаган жатаканадан табышкан. Окуя болгон жерде Бишкек гарнизонунун аскер прокуратурасы иш алып барууда.    Булак: NazarNews.kg

Жарнама үчүн орун!
600 x 50
0 1895

СҮРӨТ - Мелис Турганбаевдин авторитетин "полго" кимдер түшүрдү? Көрүңүз!

11-ноябрь 2019, 10:58 Аман Аскаров

Генерал Мелис Турганбаевди билбеген адам жок го чиркин. Шаардык милийсаны башкарды, республикалык милийсаны башкарып, ички иштер министри болду. Андан кийин ушул жылдын февраль айынан тартып жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын жетекчиси болду. Жакында Грузияда ардагерлер арасында күрөш боюнча финалдык беттеште америкалык атаандашын жеңип, дүйнө чемпиону дагы болду. Эми эмне дейсиңер? Ушундай даражалуу адамдын сүрөтү чапталган арак ...

0 1857

Айсулуу Тыныбековага Toyota Cаmry белек кылышты

10-ноябрь 2019, 13:40 Аман Аскаров

Күрөш боюнча Азия жана дүйнө чемпиону Айсулуу Тыныбекованы тааныбаган Кыргызстандык жаран жок болсо керек. Анын жеңиши артында Кыргызстандын желеги далай жерде желбиреди. Нур-Султан шаарында өлкөбүздүн тарыхында алгачкы жолу күрөш боюнча дүйнө чемпиону болду. Аны менен бирге Токио шаарында 2020-жылы өтө турчу жайкы олимпиада оюндарына катышууга жолдомо алган. Андан кийин аны президент кабыл алып батирдин ачкычын ...

0 1042

Чиновниктердин айлык акысын билгиңиз келеби? Анда көз жүгүртүңүз!

10-ноябрь 2019, 13:00 Аман Аскаров

Кайсыл чиновник кандай айлык алат болду экен? - деген суроону ар бир карапайым адам өзүнө өмүрүндө бир жолу берип көрсө керек. Негизи мамлекеттик, муниципалдык кызматкерлер жыл сайын кирешеси тууралуу декларация толтуруп турууга милдеттүү. Болбосо жоопко тартылышы керек эле. Бирок, “боло берет турмушта, особенно кыргызда” – дегендей айрым мамлекеттик кызматкерлериң бул норманы "уруп" дагы ойнобойт, жоопко дагы тартылбайт. Декларацияны толтурган чиновниктин ...

0 695

Казакстанда Кыргыз АССРнин биринчи өкмөт башчысы Жусуп Абдрахмановго эстелик тургузуу сунушталды

10-ноябрь 2019, 12:11 Аман Аскаров

Казакстанда Кыргыз АССРнин биринчи өкмөт башчысы Жусуп Абдрахмановго эстелик тургузуу сунушталды. Мындай сунушун Актюбинск облусунун акимине казакстандык активист Турарбек Кусаинов жөнөткөн. Ал мындай чечимин 1930-жылдары кыргыз эли казак элин ачарчылыктан сактап калгандыгы менен түшүндүргөн. Так тарыхый булактардан маалым болгондой, 1936-1938-жылдары Сталиндин репрессивдик механизмине 110 миңден ашуун казактар туш болгон. Анын 25 миңи атууга кеткен. Бул учурда ...

0 501

ФОТО - Журналистке "иди отсюда" - деген депутат Азиз Турсунбаевге эми Чаткалдыктар "иди отсюда" дептир

10-ноябрь 2019, 11:14 Аман Аскаров

“Иди отсюда!” – деп кесиптеш журналист кызыбызды ит айдагандай айдаган чалагайым депутат Азиз Турсунбаев эсиңиздеби? “Депутатмын” – деп эле өзүлөрүн баатыр сезип алган эл өкүлдөрү көбөйдү өзү. Керек болсо бизди депутат кылган дал ушул журналисттер болуп жүрбөсүн деген ой бирине дагы келбесе керек. Себеби, алардын элге “кылымыш” эткен жакшылыгын же жамандыгын коомго журналисттер жеткирбесе, атасынын чокойу жеткиреби? Түшүнүксүз. Эми бул дагы бир "элитный-депутат" эл ...

0 632

Мотуевдин чымыр денесин тарткан Мырзакматов илбирс секиригине камданууда

10-ноябрь 2019, 10:31 Аман Аскаров

“Арстан келатат! Жолборс келатат!” – деген ураанды унута элексиңерби? Ооба, кеп дал ошол Ош шаарынын бир кездеги калаа башчысы Мелис Мырзакматов тууралуу кеп. Бул адамдын кадыр-баркы Ошто дагы деле күч. Анын баркын 2015-жылкы парламенттик шайлоодо “Ата Мекен” партиясы жакшы эле пайдаланып, “үйлөнө” калып, Жогорку Кеңешке тыпыйып өтүп кеткен. Учурда парламентте эң аз сандагы фракция. Эгерде Мелис ...

0 859

ФОТО - Ахматбек Келдибеков Шанхайда эмне кылып жүрөт?

09-ноябрь 2019, 18:07 Аман Аскаров

Жогорку Кеңештин бешинчи чакырылышынын төрагасы “Ата Журт” партиясынын тең төрагасы Ахматбек Келдибеков Шанхайда ѳтүп жаткан “Экспо-2019” экинчи эл аралык импорт көргөзмөсүн катышып жүргөндүгүн уктук. Ахматбек Келдибековго “Экспо-2019” көргөзмөсүнө чакыруу Кытай Өкмөтү тарабынан жөнөтүлгөн. Бул иш чара Кытай Эл Республикасынын түзүлгөндүгүнүн 70 жылдыгына карата ѳлкѳ башчысы Си Цзиньпиндин демилгеси менен уюштурулган. “ЭКСПО‑2019” Кытайдын тарыхындагы ...

0 771

Дүйнөнүн ири мегаполисинде "Киргизия" бар экендигин билчү белеңиз?

09-ноябрь 2019, 17:07 Аман Аскаров

Москвада “Киргизия” кинотеатры бар экендигин ал жердеги эмгек мигранттары жана мурдагы муундун өкүлдөрү эле билсе керек. Кийинки муун үчүн бул өтө чоң жаңылыкпы деп турабыз. Ооба, дүйнөнүн ири мегаполиси болгон Москва шаарында  Кыргызстандын бир чакан бурчу бар. Шаар бийлиги анын имаратын жаңылоонун үстүндө иш алып барып жаткан. Эми анын ачылышы 2020-жылга белгиленгендиги маалым болуп турат. Жаңыланган соода, эс алуучу ...

0 595

ФОТО - "Сексалю" атыккан Тазабек Икрамов саясаттан машыктыруучулукка оойбу?

09-ноябрь 2019, 16:34 Аман Аскаров

Кадимки эле «Сексалю» атына конгон Тазабек Икрамов деген депутат бар. Чындыгында көп учурда бөтөн сөздөргө тили келе бербейт. Анысын айрымдары “чулдурлук таланты бар” – деп жүрүштү. Өзү деле бир ыңгайсыз жагдайларга көп кабыла бермей жайы бар. Бирок, саясатың курусун, жакында Грузияда ардагерлер арасында күрөш боюнча дүйнө чемпионатында Кыргызстандын намысына жарап бергендигин эч ким тана албайт. Эми ал бул арада өзүнүн ...

0 390

Курманбек Бакиевдин ысымы айылдын көчөсүнө ыйгарылды

09-ноябрь 2019, 15:17 Аман Аскаров

Кыргызстандын мурдагы президенти Курманбек Бакиевдин ысымы Ноокен районундагы Рахманжан айылынын көчөлөрүнүн бирине ыйгарылды. Мындай маалыматты айыл башчысы дагы ырастады. Анын айтымында мындай демилге жергиликтүү тургундар тарабынан көтөрүлгөн. Бирок, ал айылдык кеңештин чечими менен азырынча тааныша электигин билдирген. Булак: NazarNews.kg  

0 333

Адам ысымы - бул тагдыр. Маңкурт, Чомотой, Үлүл, Балтажутар...

09-ноябрь 2019, 15:04 Айдар Нуралиев

Макалада адам ысымдарынын коюлушу, ага маани берүү, жоопкерчилик менен мамиле жасоо керектиги, ысым адамдын тагдырына байланыштуу боло тургандыгы иликтенет, - деп жазып чыкты "Шамбала" гезити. Негизги сөздөр: адам, ысым, ат, тагдыр, улут, коом, келечек. Байыркы Орхон-Энисай таш эстеликтериндеги Гүл тегинге арналган чоң жазууда мындай бир окуя сүрөттөлгөн. Бир кезде түрктөрдүн мамлекети кыйрап, эли-журту, кытайлардын ээлигине өтүп, кыздары күң, уулдары ...

0 2568

Өмүрбек Текебаевди кайра камалат дешти. Түлөөнү бекер эле бергенби?

09-ноябрь 2019, 14:55 Аман Аскаров

Эсиңиздерде болсо «Ата Мекен» партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев жана экс-элчи Дүйшөнкул Чотонов август айынын соңунда Бишкектин Биринчи Май райондук сотунун чечими менен “Маевскийдин иши” боюнча үй камагына чыгарылган. Андан кийин Өмүрбек мырза далай жерге барды. Аттуу-баштуулардын төрүндө конок болду. Айрым чиновниктердин тоюнда дагы жүрдү. Боштондукка чыгышы менен түлөө дагы берди. Кыскасы, “чартаңбай тепти”. Албетте, “Маевскийдин иши” башынан эле бир ...

0 4746

“Антошканын” ээсинин уулу: “Кечирим сурайм! Каза болгондун, жаракат алгандардын баарынын чыгымын төлөп беребиз”

Видео 09-ноябрь 2019, 15:15 Кызгалдак Жакыпова

Каза болгондун, жаракат алгандардын баарынын чыгымын төлөп беребиз” Кечээ, 8-ноябрь күнү Бишкек шаарынын Чүй проспектиси жана Эркиндик бульварынын кесилишиндеги “Антошка” тез татымынан 3 газ баллон жарылып, өрт чыккан. NazarNews.kg агенттигинин кабарчысы, Дилде Шатанова "Антошка" тез татым кафесин иштеткен адамдын уулуна жолугуп, анын оюн укту. Ошондой эле, Бишкек шаардык №4 ооруканасына барып, жабырлануучулардын абалын билип кайтты. Бул тууралуу төмөндөгү видеодон ...

0 2783

ВИДЕО - Уят сөздөр бар! Көрсөң эми бооруң эзилет. Аюу аңчылардын унаасын...

Видео 09-ноябрь 2019, 14:20 Аман Аскаров

Ар бир эркек өмүрүндө балык уулоого же аңчылыкка чыкса керек. Албетте, андай “иш чарага” баргандар чоң олжо менен кайткылары келет эмеспи. Кээде күтүлбөгөн кырдаал дагы жаралышы толук мүмкүн. Жашоо ошону менен кызыктуу балким. Төмөндөгү видеонун каармандары дагы аң уулоого чыккандыр. Бирок, алардын планын күтүлбөгөн жерден пайда болгон аюу бузуп койгон сымал. Кыскасы, тасманы көргөнү дагы көрбөгөнү дагы арманда. Булак: ...

0 150

Жарды ой же жаттама билим

09-ноябрь 2019, 14:07 Айдар Нуралиев

Нурболот Азаматов аттуу студент Фейсбуктагы жеке баракчасына билим берүү тууралуу өзүнүн оюн жазган. Ал “балдардын канаттарын кыркууга, чектөөгө, кыйнап эле бир калыпка сала берүүгө жол бербесек” деген оюн билдирген. Жаңычылдыкты каалаган, билим берүүнү жакшыртууга аракет кылган, балдарды тарбиялоодо башка жолду колдонуу керектиги тууралуу анын жазгандары толугу менен төмөндө: “Студент болгонума толук эки ай болду. Ушул убакыт ичинде бир нерсени ...

09-ноябрь 2019, 14:07 | 150
0 178

ВИДЕО - "Антошкадагы" жабыркагандарды алгач милиция куткара баштаган

Видео 09-ноябрь 2019, 13:47 Аман Аскаров

Коомдо кимди көп сындайбыз? Милицияны албетте. Жада калса “менин милициям мени коргойбу же кордойбу” – деген сөз дагы чыгарып алганбыз. Туура, сындай турган жагдайлар көп. Бирок, алардын эрдиги дагы көмүскөдө калбашы зарыл. Айтканыбыз, кечээ Бишкектин чок ортосунда “Антошка” тез татымында газ баллондор жарылып, ондогон адам жабыркап, тилекке каршы ал тез татымдын бир кызматкери каза болду. Дал ошол аймакта нөөмөттө турган ...

Жарнама үчүн орун!
600 x 50
0 677

ВИДЕО - Нааразы эл шаар башчысын жазалады

Видео 09-ноябрь 2019, 13:08 Аман Аскаров

Мэрди иштеп жаткан кабинетинен көчөгө сүйрөп чыгып, андан кийин аны мазакташкан. Алгач аял мэрди кызыл боёкко боёшуп, андан кийин чачын кыркып салышкан. Бул окуя Голливуд тасмаларындагы кино сценарий эмес. Кадимки эле Түштүк Американын Боливия өлкөсүндө болгон жагдай. Андагы Винта шаарында бир топ күн бою шаар бийлигине нааразы эл митингге чыккан. Митингчилердин арасынан үч адам каза болду деген кабарды уккан нааразы ...

1 740

Депутат Айнура Осмонова агасы Бекмамат Осмоновду тартканбы?

09-ноябрь 2019, 11:56 Аман Аскаров

Айтылуу Бекмамат Осмонов убагында Алайда, Ошто, Токтогулда, Жалал-Абдда ж.б. аймактарда жетекчилик кызматтарды аркалап жүрүп, эл арасында чоң кадыр-баркка ээ болгон. Бир кездерде Акаев гана анын ишмердүүлүгүнө бут тосуп койбосо, болочокто өлкө башчысы болмок. Анын карындашы (бир тууганынын кызы) Айнура Осмонова. Жогорку Кеңештин депутаты. Бул айым дагы агасын тартканбы, айтор кийинки учурда эл оозунан түшпөй калды. Парламенттин жалпы жыйынында, комитет, фракция чогулуштарында ...

Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83