www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Турмуш
0 455

Баягы эле армияда адам өмүрү кыйылды. Кой-Ташта аскер асынып алды

10-ноябрь 2019, 15:21 Аман Аскаров

Бүгүн түнү Кой-Таш айылында жайгашкан 73809 аскер бөлүгүндө аскер кызматкери асынып алды. Белгилүү болгондой асынып алган адам адаттагыдай катардагы жоокер эмес, офицердик курамдагы майор экен. Анын жансыз денесин өзү жашаган жатаканадан табышкан. Окуя болгон жерде Бишкек гарнизонунун аскер прокуратурасы иш алып барууда.    Булак: NazarNews.kg

0 1981

СҮРӨТ - Мелис Турганбаевдин авторитетин "полго" кимдер түшүрдү? Көрүңүз!

11-ноябрь 2019, 10:58 Аман Аскаров

Генерал Мелис Турганбаевди билбеген адам жок го чиркин. Шаардык милийсаны башкарды, республикалык милийсаны башкарып, ички иштер министри болду. Андан кийин ушул жылдын февраль айынан тартып жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын жетекчиси болду. Жакында Грузияда ардагерлер арасында күрөш боюнча финалдык беттеште америкалык атаандашын жеңип, дүйнө чемпиону дагы болду. Эми эмне дейсиңер? Ушундай даражалуу адамдын сүрөтү чапталган арак ...

0 1939

Айсулуу Тыныбековага Toyota Cаmry белек кылышты

10-ноябрь 2019, 13:40 Аман Аскаров

Күрөш боюнча Азия жана дүйнө чемпиону Айсулуу Тыныбекованы тааныбаган Кыргызстандык жаран жок болсо керек. Анын жеңиши артында Кыргызстандын желеги далай жерде желбиреди. Нур-Султан шаарында өлкөбүздүн тарыхында алгачкы жолу күрөш боюнча дүйнө чемпиону болду. Аны менен бирге Токио шаарында 2020-жылы өтө турчу жайкы олимпиада оюндарына катышууга жолдомо алган. Андан кийин аны президент кабыл алып батирдин ачкычын ...

0 1121

Чиновниктердин айлык акысын билгиңиз келеби? Анда көз жүгүртүңүз!

10-ноябрь 2019, 13:00 Аман Аскаров

Кайсыл чиновник кандай айлык алат болду экен? - деген суроону ар бир карапайым адам өзүнө өмүрүндө бир жолу берип көрсө керек. Негизи мамлекеттик, муниципалдык кызматкерлер жыл сайын кирешеси тууралуу декларация толтуруп турууга милдеттүү. Болбосо жоопко тартылышы керек эле. Бирок, “боло берет турмушта, особенно кыргызда” – дегендей айрым мамлекеттик кызматкерлериң бул норманы "уруп" дагы ойнобойт, жоопко дагы тартылбайт. Декларацияны толтурган чиновниктин ...

0 755

Казакстанда Кыргыз АССРнин биринчи өкмөт башчысы Жусуп Абдрахмановго эстелик тургузуу сунушталды

10-ноябрь 2019, 12:11 Аман Аскаров

Казакстанда Кыргыз АССРнин биринчи өкмөт башчысы Жусуп Абдрахмановго эстелик тургузуу сунушталды. Мындай сунушун Актюбинск облусунун акимине казакстандык активист Турарбек Кусаинов жөнөткөн. Ал мындай чечимин 1930-жылдары кыргыз эли казак элин ачарчылыктан сактап калгандыгы менен түшүндүргөн. Так тарыхый булактардан маалым болгондой, 1936-1938-жылдары Сталиндин репрессивдик механизмине 110 миңден ашуун казактар туш болгон. Анын 25 миңи атууга кеткен. Бул учурда ...

0 559

ФОТО - Журналистке "иди отсюда" - деген депутат Азиз Турсунбаевге эми Чаткалдыктар "иди отсюда" дептир

10-ноябрь 2019, 11:14 Аман Аскаров

“Иди отсюда!” – деп кесиптеш журналист кызыбызды ит айдагандай айдаган чалагайым депутат Азиз Турсунбаев эсиңиздеби? “Депутатмын” – деп эле өзүлөрүн баатыр сезип алган эл өкүлдөрү көбөйдү өзү. Керек болсо бизди депутат кылган дал ушул журналисттер болуп жүрбөсүн деген ой бирине дагы келбесе керек. Себеби, алардын элге “кылымыш” эткен жакшылыгын же жамандыгын коомго журналисттер жеткирбесе, атасынын чокойу жеткиреби? Түшүнүксүз. Эми бул дагы бир "элитный-депутат" эл ...

0 671

Мотуевдин чымыр денесин тарткан Мырзакматов илбирс секиригине камданууда

10-ноябрь 2019, 10:31 Аман Аскаров

“Арстан келатат! Жолборс келатат!” – деген ураанды унута элексиңерби? Ооба, кеп дал ошол Ош шаарынын бир кездеги калаа башчысы Мелис Мырзакматов тууралуу кеп. Бул адамдын кадыр-баркы Ошто дагы деле күч. Анын баркын 2015-жылкы парламенттик шайлоодо “Ата Мекен” партиясы жакшы эле пайдаланып, “үйлөнө” калып, Жогорку Кеңешке тыпыйып өтүп кеткен. Учурда парламентте эң аз сандагы фракция. Эгерде Мелис ...

0 916

ФОТО - Ахматбек Келдибеков Шанхайда эмне кылып жүрөт?

09-ноябрь 2019, 18:07 Аман Аскаров

Жогорку Кеңештин бешинчи чакырылышынын төрагасы “Ата Журт” партиясынын тең төрагасы Ахматбек Келдибеков Шанхайда ѳтүп жаткан “Экспо-2019” экинчи эл аралык импорт көргөзмөсүн катышып жүргөндүгүн уктук. Ахматбек Келдибековго “Экспо-2019” көргөзмөсүнө чакыруу Кытай Өкмөтү тарабынан жөнөтүлгөн. Бул иш чара Кытай Эл Республикасынын түзүлгөндүгүнүн 70 жылдыгына карата ѳлкѳ башчысы Си Цзиньпиндин демилгеси менен уюштурулган. “ЭКСПО‑2019” Кытайдын тарыхындагы ...

0 812

Дүйнөнүн ири мегаполисинде "Киргизия" бар экендигин билчү белеңиз?

09-ноябрь 2019, 17:07 Аман Аскаров

Москвада “Киргизия” кинотеатры бар экендигин ал жердеги эмгек мигранттары жана мурдагы муундун өкүлдөрү эле билсе керек. Кийинки муун үчүн бул өтө чоң жаңылыкпы деп турабыз. Ооба, дүйнөнүн ири мегаполиси болгон Москва шаарында  Кыргызстандын бир чакан бурчу бар. Шаар бийлиги анын имаратын жаңылоонун үстүндө иш алып барып жаткан. Эми анын ачылышы 2020-жылга белгиленгендиги маалым болуп турат. Жаңыланган соода, эс алуучу ...

0 634

ФОТО - "Сексалю" атыккан Тазабек Икрамов саясаттан машыктыруучулукка оойбу?

09-ноябрь 2019, 16:34 Аман Аскаров

Кадимки эле «Сексалю» атына конгон Тазабек Икрамов деген депутат бар. Чындыгында көп учурда бөтөн сөздөргө тили келе бербейт. Анысын айрымдары “чулдурлук таланты бар” – деп жүрүштү. Өзү деле бир ыңгайсыз жагдайларга көп кабыла бермей жайы бар. Бирок, саясатың курусун, жакында Грузияда ардагерлер арасында күрөш боюнча дүйнө чемпионатында Кыргызстандын намысына жарап бергендигин эч ким тана албайт. Эми ал бул арада өзүнүн ...

0 421

Курманбек Бакиевдин ысымы айылдын көчөсүнө ыйгарылды

09-ноябрь 2019, 15:17 Аман Аскаров

Кыргызстандын мурдагы президенти Курманбек Бакиевдин ысымы Ноокен районундагы Рахманжан айылынын көчөлөрүнүн бирине ыйгарылды. Мындай маалыматты айыл башчысы дагы ырастады. Анын айтымында мындай демилге жергиликтүү тургундар тарабынан көтөрүлгөн. Бирок, ал айылдык кеңештин чечими менен азырынча тааныша электигин билдирген. Булак: NazarNews.kg  

0 368

Адам ысымы - бул тагдыр. Маңкурт, Чомотой, Үлүл, Балтажутар...

09-ноябрь 2019, 15:04 Айдар Нуралиев

Макалада адам ысымдарынын коюлушу, ага маани берүү, жоопкерчилик менен мамиле жасоо керектиги, ысым адамдын тагдырына байланыштуу боло тургандыгы иликтенет, - деп жазып чыкты "Шамбала" гезити. Негизги сөздөр: адам, ысым, ат, тагдыр, улут, коом, келечек. Байыркы Орхон-Энисай таш эстеликтериндеги Гүл тегинге арналган чоң жазууда мындай бир окуя сүрөттөлгөн. Бир кезде түрктөрдүн мамлекети кыйрап, эли-журту, кытайлардын ээлигине өтүп, кыздары күң, уулдары ...

0 2664

Өмүрбек Текебаевди кайра камалат дешти. Түлөөнү бекер эле бергенби?

09-ноябрь 2019, 14:55 Аман Аскаров

Эсиңиздерде болсо «Ата Мекен» партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев жана экс-элчи Дүйшөнкул Чотонов август айынын соңунда Бишкектин Биринчи Май райондук сотунун чечими менен “Маевскийдин иши” боюнча үй камагына чыгарылган. Андан кийин Өмүрбек мырза далай жерге барды. Аттуу-баштуулардын төрүндө конок болду. Айрым чиновниктердин тоюнда дагы жүрдү. Боштондукка чыгышы менен түлөө дагы берди. Кыскасы, “чартаңбай тепти”. Албетте, “Маевскийдин иши” башынан эле бир ...

0 4867

“Антошканын” ээсинин уулу: “Кечирим сурайм! Каза болгондун, жаракат алгандардын баарынын чыгымын төлөп беребиз”

Видео 09-ноябрь 2019, 15:15 Кызгалдак Жакыпова

Каза болгондун, жаракат алгандардын баарынын чыгымын төлөп беребиз” Кечээ, 8-ноябрь күнү Бишкек шаарынын Чүй проспектиси жана Эркиндик бульварынын кесилишиндеги “Антошка” тез татымынан 3 газ баллон жарылып, өрт чыккан. NazarNews.kg агенттигинин кабарчысы, Дилде Шатанова "Антошка" тез татым кафесин иштеткен адамдын уулуна жолугуп, анын оюн укту. Ошондой эле, Бишкек шаардык №4 ооруканасына барып, жабырлануучулардын абалын билип кайтты. Бул тууралуу төмөндөгү видеодон ...

0 2885

ВИДЕО - Уят сөздөр бар! Көрсөң эми бооруң эзилет. Аюу аңчылардын унаасын...

Видео 09-ноябрь 2019, 14:20 Аман Аскаров

Ар бир эркек өмүрүндө балык уулоого же аңчылыкка чыкса керек. Албетте, андай “иш чарага” баргандар чоң олжо менен кайткылары келет эмеспи. Кээде күтүлбөгөн кырдаал дагы жаралышы толук мүмкүн. Жашоо ошону менен кызыктуу балким. Төмөндөгү видеонун каармандары дагы аң уулоого чыккандыр. Бирок, алардын планын күтүлбөгөн жерден пайда болгон аюу бузуп койгон сымал. Кыскасы, тасманы көргөнү дагы көрбөгөнү дагы арманда. Булак: ...

0 161

Жарды ой же жаттама билим

09-ноябрь 2019, 14:07 Айдар Нуралиев

Нурболот Азаматов аттуу студент Фейсбуктагы жеке баракчасына билим берүү тууралуу өзүнүн оюн жазган. Ал “балдардын канаттарын кыркууга, чектөөгө, кыйнап эле бир калыпка сала берүүгө жол бербесек” деген оюн билдирген. Жаңычылдыкты каалаган, билим берүүнү жакшыртууга аракет кылган, балдарды тарбиялоодо башка жолду колдонуу керектиги тууралуу анын жазгандары толугу менен төмөндө: “Студент болгонума толук эки ай болду. Ушул убакыт ичинде бир нерсени ...

09-ноябрь 2019, 14:07 | 161
Жарнама үчүн орун!
600 x 50
0 193

ВИДЕО - "Антошкадагы" жабыркагандарды алгач милиция куткара баштаган

Видео 09-ноябрь 2019, 13:47 Аман Аскаров

Коомдо кимди көп сындайбыз? Милицияны албетте. Жада калса “менин милициям мени коргойбу же кордойбу” – деген сөз дагы чыгарып алганбыз. Туура, сындай турган жагдайлар көп. Бирок, алардын эрдиги дагы көмүскөдө калбашы зарыл. Айтканыбыз, кечээ Бишкектин чок ортосунда “Антошка” тез татымында газ баллондор жарылып, ондогон адам жабыркап, тилекке каршы ал тез татымдын бир кызматкери каза болду. Дал ошол аймакта нөөмөттө турган ...

0 711

ВИДЕО - Нааразы эл шаар башчысын жазалады

Видео 09-ноябрь 2019, 13:08 Аман Аскаров

Мэрди иштеп жаткан кабинетинен көчөгө сүйрөп чыгып, андан кийин аны мазакташкан. Алгач аял мэрди кызыл боёкко боёшуп, андан кийин чачын кыркып салышкан. Бул окуя Голливуд тасмаларындагы кино сценарий эмес. Кадимки эле Түштүк Американын Боливия өлкөсүндө болгон жагдай. Андагы Винта шаарында бир топ күн бою шаар бийлигине нааразы эл митингге чыккан. Митингчилердин арасынан үч адам каза болду деген кабарды уккан нааразы ...

1 901

Депутат Айнура Осмонова агасы Бекмамат Осмоновду тартканбы?

09-ноябрь 2019, 11:56 Аман Аскаров

Айтылуу Бекмамат Осмонов убагында Алайда, Ошто, Токтогулда, Жалал-Абдда ж.б. аймактарда жетекчилик кызматтарды аркалап жүрүп, эл арасында чоң кадыр-баркка ээ болгон. Бир кездерде Акаев гана анын ишмердүүлүгүнө бут тосуп койбосо, болочокто өлкө башчысы болмок. Анын карындашы (бир тууганынын кызы) Айнура Осмонова. Жогорку Кеңештин депутаты. Бул айым дагы агасын тартканбы, айтор кийинки учурда эл оозунан түшпөй калды. Парламенттин жалпы жыйынында, комитет, фракция чогулуштарында ...

0 4208

ФОТО - Жээнбековдун бул кылгандыгы туурабы эми?

09-ноябрь 2019, 13:44 Аман Аскаров

Бир кездерде бакыйган Жалал-Абад облусунун губернатору, андан мурун дагы, андан кийин дагы далай жооптуу кызматтарды ээлеп жүргөн Жусупжан Жээнбеков деген агабыз бар. Ишинде бир кынтыгын уккан дагы, көргөн дагы эмеспиз. Бирок, анын Фейсбук баракчасындагы акыркы посту бир аз бүдөмүк ойго жем таштады. Анын жазганына караганда, Россияга кайсыл бир үчүнчү тараптан кол салуу болсо, анда мурдагы СССР өлкөлөрүнө кирген мамлекеттердин 60 пайыз ...

0 3626

ФОТО - Максим абактагы досу Сапарга кат жазгандыгы ачыкталды

09-ноябрь 2019, 10:24 Аман Аскаров

Коом саясатташып кетти. Кайда барба, эки адамдын башы бириксе эле кеп кылганы саясат. Бири экинчисин “шыбап” кетиптир, экинчиси үчүнчүсүн муштап салыптыр дегендер. Бирок, күнүмдүк тиричиликте кызыктуу окуялар андан көп. Жогорудагы окуучунун үй тапшырмасы мындай алып караганда жөп-жөнөкөй эле билим тармагындагы күнүмдүк боло турган иш. Бирок, социалдык тармакта тараган бул дил баянды дагы айрымдары саясатка аралаштыргандар болду. Себеби, Сапар Исаков ...

0 262

ВИДЕО - Мэрия жана Бишкекбашкыархитектуранын "чудик" кызматкерлеринин кылыгы

Видео 08-ноябрь 2019, 17:33 Аман Аскаров

Бишкек шаардык мэриясында “чудиктер” иштейт. Же ошондой ой калтырат. Баарыбыз билгендей, калаанын түштүк аймагы тимеле көрктөндүрүлүп, жолдору мемиреп жаңы курулуп жатат. Кыскача айтканда, өнүккөн аймактардын сап башына кирди. Эмнеге? Себеби ал жак шаардын, мамлекеттин жетекчилери байырлаган жерге айланган. Хан сарайлар жыл эмес, күн санап жамгырдан кийинки козу карындай пайда болууда. Мейли эми анысы, жашап алышсын ...

0 371

Милиция: “Антошка” кафесинде эки газ баллон жарылган

08-ноябрь 2019, 16:47 Айдар Нуралиев

“Антошка” кафесинде эки газ баллон жарылган. Бул тууралуу Бишкек ШИИББинен билдиришти. Маалыматка караганда, бүгүн болжол менен саат 13:45 чамасында патрулдук кызматтын кызматкерлери “Ала-Тоо” кинотеатрынын жанында жарылууну жана ага удаа өрт чыкканын көрүшкөн. Кызматкерлер ошол замат жарандардын коопсуздугун камсыз кылууга байланыштуу тиешелүү аракеттерди көрүшкөн. Кафенин кардарларын эвакуация кылууну уюштуруп, өрт чыккан жер курчалган. Учурда окуя болгон жерде Биринчи Май РИИБинин ...

0 569

Камчыбек Ташиев депутат Бактыбек Раимкуловду "бойго" чакырды

08-ноябрь 2019, 16:53 Аман Аскаров

Келээрки жылдын эң маанилүү саясий таймашы али алдыда. 2015-жылкы парламенттик шайлоодо куда түшкөн, бири-бири менен үлпөт үйүнө аттанган саясий күчтөр арбын болгон. Ал союздан өздөрүнө парламенттен орун кымтып кеткен жан бактылар дагы далай чыккан. Алардын бири учурдагы “Республика - Ата Журт” фракциясынан депутат Бактыбек Райымкулов. Ал убагында дал ушул жаңы курулган “үй-бүлөнүн” жардамы менен жылуу креслодон орун ...

0 302

Өкмөт башчы өрттүн себебин тыкыр изилдөөгө тапшырма берди

08-ноябрь 2019, 15:46 Айдар Нуралиев

Кыргыз Республикасынын премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев Саламаттык сактоо министрлигине бүгүн Бишкек шаарында кафеде чыккан өрттүн кесепетинен жабыркагандарга тиешелүү медициналык жардам көрсөтүү жана дарылоо боюнча чараларды көрүүнү тапшырды. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирди. Маалыматка караганда, өкмөт башчы тиешелүү мамлекеттик органдарга Чүй проспектиси менен Эркиндик бульварынын кесилишиндеги жарылуунун жана андан улам тез татым жайынын өрттөнүүсүнүн себептерин тыкыр иликтеп чыгуу ...

0 234

Финпол сап башында, милиция эң артында

08-ноябрь 2019, 15:48 Аман Аскаров

Президент Сооронбай Жээнбеков коррупция менен катуу күрөшөбүз деп жар салган. Ал үчүн атайын укук коргоо органдарынын бирдиктүү депозиттик эсеби дагы ачылган. Ал эсепке канча каражат түшкөнүн билесизби? Билбесеңиз анда маалымат үчүн окуп койсоңуз болот. Жалпысынан 2018-жылдын 2-июлунан 2019-жылдын 25-октябрына чейин андай иш чарадан 1 миллиард 700 миллион сомго жакын акча топтолгон. Тактап айтсак, ал ...

0 458

Жарылуу болгон "Антошка" тез татымынын кызматкери каза болду

08-ноябрь 2019, 15:06 Аман Аскаров

Бишкек шаарынын Чүй проспектиси жана Эркиндик бульварынын кесилишиндеги “Антошка” тез татымынан 3 катуу жарылуу болгон. Саат 14:39да өрт толугу менен өчүрүлгөн. Алдын ала мааылматтарга караганда, саат 14:50дө тез татымда иштеген кыз жарылуунун кесепетинен каза болгон. Акыркы маалыматтарга караганда, 15 киши күйүктөн жабыркаган, арасында 3 бала да бар. Ал эми өрттүн келип чыгуу себеби - имараттагы ...

0 848

ВИДЕО-ЧУКУЛ КАБАР! Бишкектеги жарылган кафенин алгачкы видеосу

Видео 08-ноябрь 2019, 14:57 Аман Аскаров

Бишкек шаарынын Чүй проспектиси жана Эркиндик бульварынын кесилишиндеги “Антошка” тез татымындагы алгачкы жарылуунун видеосу тарады. Өрттөн мурун катуу бир жарылуу, көп өтпөй дагы экинчи жарылуу болгон. Кырсык болжолдуу түрдө бүгүн 13:00-14:00 ортосунда болгон. Өрт башка имараттарга дагы жайылууда. Учурда окуя болгон жерде бир нече өрт өчүргүч унаа иштөөдө. Акыркы маалыматтарга караганда, 15 киши күйүктөн жабыркаган. Ал ...

0 399

ВИДЕО – Шаар тургундары эмнеге Эльвира Сурабалдиевага нааразы?

Видео 08-ноябрь 2019, 14:42 Кызгалдак Жакыпова

Бишкек шаарынын Волков көчөсүнүн абалы тургундарды түйшүккө салып келет. Бир жыл мурда бул көчөгө асфальт басуу боюнча тендер жарыяланып, тендерден уткан компания көп өтпөй ишин баштаган. Көчө казылып, шагыл төгүлгөн соң, ошол боюнча белгисиз себептер менен токтоп калган. Дал ушул жакта Жогорку Кеңештин депутаты Эльвира Сурабалдиевага тиешелүү “Кудайберген” базары жайгашкан, ошондуктан шаар тургундары бул депутат деле жолдун оңдолушуна жардам ...

0 1279

ВИДЕО - ЧУКУЛ КАБАР! Бишкектин чок ортосунда жарылуу болуп, белгилүү тамактануучу жай өрттөнүп жатат

Видео 08-ноябрь 2019, 14:56 Аман Аскаров

Бишкек шаарынын Чүй проспектиси жана Эркиндик бульварынын кесилишиндеги “Антошка” тез татымы күйүп жатат. Өрттөн мурун катуу жарылуу болгону белгилүү. Өрт башка имараттарга дагы жайылууда. Учурда окуя болгон жерде бир өрт өчүргүч унаа иштөөдө. Акыркы маалыматтарга караганда, 15 киши күйүктөн жабыркаган. Ал эми өрттүн келип чыгуу себеби азырынча белгисиз. Булак: NazarNews.kg

0 770

4 жылдан бери шаурма жасаган ашпозчу өзүнүн иштеген жеринин былыктарын айтты

08-ноябрь 2019, 13:10 Айдар Нуралиев

Onliner  YouTube программасына келген ашпозчу бет кап кийип алып иштеген жеринде  кандай былыктар болоорун ачык айтып берди. Ал өз сөзүндө буларга токтолду: “шаурма жасаган жерлердин көпчүлүгү  санитардык талаптарга жооп бербейт. Мен бул жумушка 1 жыл иштегенден кийин, санитардык китепчемди алганмын. Азыркы учурда баардык нерсени акча чечип калган. Көпчүлүк шаурма жасаган жерлерде 3 киши эле иштейт, алар көп нерсеге үлгүрүшпөйт, ...

0 219

ВИДЕО - Бизге жакшылык дагы жарашпайт. Ээнбаштардын кылыгы

Видео 08-ноябрь 2019, 13:16 Аман Аскаров

Жазында шаарды көрктөндүрөбүз деп “Бишкек жашылдандыруу” муниципалдык ишканасы бир топ эле аракет көрдү эле. Шаар үчүн деп эскилиги жетип, кыйылган дарактардан татынакай отургучтар калаанын бир нече жерине орнотулган. Чындыгында идея жакшы эле, үмүт дагы жакшы болчу. Эми ал үмүттү таш каап отурат. 7-ноябрь күнү Кыргыз техникалык университетинин жанына орнотулган андай отуручтарды талкалап, бузуп кетишиптир. Бул ...

Жарнама үчүн орун!
600 x 50
0 140

ФОТО - Министрликтердин "иштеп жатат" - деген эле сүрү бар

08-ноябрь 2019, 11:56 Аман Аскаров

Министрлик, ведомстволор, мамлекеттик ишкана-мекемелер иштебейт, иштеген түр көрсөтөт десек таарынгандар көп. Бирок, эл үнүн тиешелүү жерге жеткирүү биздин, журналисттердин милдети. Төмөндө ушундай көйгөйү менен жардам сурап, чечилбей жаткан маселесин социалдык тармактарга жайгаштырган жарандын билдирүүсү. Ал билдирүү эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигине багытталган. Негизи анын жетекчиси Улукбек Кочкоров. Ага бул жарандын көйгөйү жетеби же жокпу? Убакыт көрсөтөт.

0 678

Чет элдик унааларга жаңы бажы төлөмү кирбей калышы мүмкүн

08-ноябрь 2019, 11:01 Аман Аскаров

19-ноябрда Москва шаарында Евразиялык экономикалык комиссиянын жыйыны болот. Анда, кыргыз тарап үчүнчү өлкөлөрдөн келген унааларга (иномарка) болгон бажы салыгынын жеңилдиктеринин мөөнөтүн узартуу боюнча маселе көтөрө турган болуптур. Чечим коллегиалдуу болот. Айтсак, 2020-жылдын 1-январынан тартып чет элден ташылып келген унаалар үчүн ЕАЭБдин эрежелери күчүнө кирип, бажы төлөмдөрү асманды чапчып, жарандарыбыз коопсуз немец, япон унааларынан ...

0 1064

ВИДЕО - Уят сөздөр бар! Эмгек мигранты кар тазалоочу унаанын алдынан жан берди

Видео 08-ноябрь 2019, 11:14 Аман Аскаров

“Кырсык каш кабактын ортосунда”. Бирок, көп учурда кырсыкка адамдар дагы күнөөлүү. Жогорудагы видео Россиянын Сургут шаарында орун алган. Айдоочу дагы, каза болгон адам дагы эмгек мигранттары. Тажикстандан келип, ушул шаарда эмгектенип келишкен. Айдоочу кар тазалап иштеп жатканын жакшы баамдаган аял эмнеге техникадан коопсуз аралыкта болгон жок деген суроо туулат. Кайра туруп айдоочу эмнеге артка айдаганда артында эч ким жок ...

0 190

Бул адамдан жабыркасаңыз милицияга кайрылыңыз

08-ноябрь 2019, 10:40 Аман Аскаров

Бишкек шаардык милициясы тарабынан “ири өлчөмдөгү алдамчылык” беренеси боюнча изделип жүргөн жаран колго түшүрүлдү. Айтсак, Октябрь РИИБине 2019-жылдын 14-январында Б.Н. аттуу жаран арыз менен кайрылган. Анда ал Э.М. аттуу адам анын ишенимине кирип, Хонда Фит үлгүсүндөгү унаасын сатып алам деген шылтоо менен ушул күнгө чейин акчасын бербей, из жашырып жүргөн. Жабырлануучуга 5 миң АКШ долларында чыгып келтирилген. Аталган ...

0 360

ФОТО - Абайлагыла! Пенсионерди алдап, унаасына ээлик кылып алганбы?

08-ноябрь 2019, 09:54 Аман Аскаров

Фейсбуктун Шылуундар тайпасында Екатерина Великанова аттуу айым төмөндөгүдөй маанидеги билдирүү калтырган. Айтымында, бул айымдын эжеси пенсионер. 17-октябрь күнү ага таандык, мамлекеттик номуру 01KG213AFQ Honda Jazz унаасын Курбанбаев Белек аттуу адамга келишимдин негизинде ижарага берген. Бирок ушул күнгө чейин Белектен, унаадан, акчадан дагы дайын жок. Агасы анын үйүнө барганда ал жерде мындай адам жашабагандыгы маалым болгон. Кийин телефонун ...

0 2043

ВИДЕО - Ысык-Көлгө сүрөттөгү айым метро курат

Видео 08-ноябрь 2019, 10:31 Аман Аскаров

Ысык-Көлдү айланып өтүүчү жер үстүндөгү метрону куруу пландалууда. Мерчем боюнча инвесторлор Ысык-Көлдү айлантып, андан ары Алматы менен Бишкекти бириктириши керек экен. Бул тууралуу аталган облустун мурдагы губернаторунун орун басары Нурбүбү Кененбаева аттуу айым билдириптир. Мурдагы! Учурдагы эмес! Мындайча айтканда “атың чыкпаса жер өрттө” дегендей эле кеп болуптур. Көрсө, долбоорду россиялык инвесторлор ишке ашырууну көздөп турушкан имиш. Капчыгына ...

0 257

Кылыч Шанаев: “Айыл өкмөт, депутат, акимдер аман эле болгула!”

Видео 07-ноябрь 2019, 12:42 Айдар Нуралиев

Кылыч Шанаев аттуу Фейсбук колдонуучусу Чаткал, Ала-Бука, Аксы райондорунун унаа жолдорунун абалын видеого тартып жеке баракчасына жүктөгөн. Видеонун астына ал “Кудай буйруган күнү жолдорубуз оңолуп калаар. Ага чейин чыдабаска арга жок”, -деп жазган. Анын жазгандары толугу менен төмөндө: “Өкмөткө өгөй регион! 1991-жылдан бери Кыргызстан жол куруу үчүн чет өлкөдөн 3 млрд 700 млн $ кредит алган. Кайсы региондун депутаттары ...

0 498

Зарина: "Уулумду таппай калсам кантип жашайм деп коркуп келем"

07-ноябрь 2019, 11:18 Айдар Нуралиев

36 жаштагы Зарина 2018-жылдын 22-декабрында Чүй облустук аймактык ооруканасынын төрөт бөлүмүндө эгиз уул төрөгөн. Бирок “балаңдын дене табы көтөрүлүп жатат” деп медайым алып кеткен бойдон эне уулун экинчи көргөн эмес. Эки сааттын ичинде “балаң чарчап калды” деп, бирок ымыркайдын сөөгүн көрсөтүшкөн эмес. Он айдан бери Зарина өлгөн бала аныкы эмес экенин, баласын алмаштырып коюшканын далилдей албай келет, - деп ...

0 2200

“Ошол күнү мени зордукташмак”. Бирге кызмат өтөгөндөрдү аткан жоокер агынан жарылды

07-ноябрь 2019, 11:19 Алтын Булат

Аскерде бирге кызмат өтөгөндөрүн аткан Рамиль Шамсутдинов аны зордуктамакчы болгонунан улам ушул жолго барганын айтып берди. Айтымында, ал эч күнөөсү жок эки жоокерди атканына өкүнөт, калган жоокерлерди өлтүргөнүнө эч өкүнбөйт. Антпесе өзү зордукталмакчы болгонун билдирүүдө. «Мага чейин башка баардык жаңы келгендерди зордукташкан, ошол кечте менин кезегим келмек. Менин башка аргам калган жок. Кимге даттанасың? Күлкү келет. Жөн эле айта ...

0 244

Адамды жүзүнөн таануучу видео көзөмөлдү орнотууга активистер каршы чыкты

06-ноябрь 2019, 18:22 Алтын Булат

“Жарандык көзөмөл комитети” деп аталган коомдук бирикменин мүчөлөрү кытайдын видео көзөмөлдөгүчтөрүн орнотууга каршы чыкты. Алардын келитрген жүйөлөрүнө ылайык, бул жарандардын укугун бузуп, коопсуздугуна шек келтирет. Мындан улам жарандардын коопсуздугу үчүн ал видео көзөмөлдөрдүн иштешин толук ачыкталмайынча орнотууга мараторий киргизүүнү талап кылышууда. Айтылгандарга ылайык, адамдын жеке маалыматтары кыянаттык менен пайдаланылып кетпеши үчүн техникалардын инфраструктуралык коргоосу канчалык мыйзамдуу экенине мамлекет кепилдик ...

0 458

Пайдалуу кеңеш: Жашартуучу кремдин курамы

06-ноябрь 2019, 15:33 Айдар Нуралиев

70 жаштагы айымга айланасындагылар дайыма 55 жаш беришет эле. Бирок ал айым жаштыктын сырын жашыргандардан эмес экен. Үй шартында аткара турган бырышты жазып, беттин терисин азыктандырып жылмакай көрсөткөн, жаштыктагыдай тамылжыган жүздү сактоонун сырын дайыма эле айта берет, болгону ага ишенип жасап көргөндөр аз болгон. Ишеним менен жасап көрүңүз.! Крем үчүн керек: бир аш кашык бал, бир чай кашык вазелин, ...

0 263

Кенжебек Бокоев, ЖК депутаты: "Мен 6-классымда эле өз алдымча тирилик кылып калгам"

06-ноябрь 2019, 11:44 Айдар Нуралиев

- Мен Талас облусунун, Кара-Буура районуна караштуу Грозный айылында туулгам, азыр Аманбаев айылы деп аталып калган. Өзүм 10 бир туугандын эң кичүүсү болом. Ошондуктан, атымды Кенжебек деп коюшкан. Балалыгым туулуп өскөн айылым менин жашоом байланыштуу, андыктан айылымды дайым эстейм, - дейт Жогорку Кеңештин депутаты Кенжебек Бокоев "Факты.kg" гезитине берген маегинде. Жыл өткөн сайын өзүбүз менен кошо айылыбыз дагы өзгөрөт экен. Анан ...

0 282

Төрөбай Зулпукаров, ЖК депутаты: "Өз ата-эне менен чоң ата-эненин тарбиясы эки башка болот"

06-ноябрь 2019, 10:29 Айдар Нуралиев

«Өз ата-эне менен чоң ата-эненин тарбиясы эки башка болот» - Мен туулуп өскөн, балалыгым өткөн жер Ноокат районуна караштуу Кара-Таш айылы, - дейт Жогорку Кеңештин депутаты Төрөбай Зулпукаров "Факты.kg" гезитине берген маегинде. Кара-Таш айылы тоо боорунда жайгашкан, тоо тарабынан Кыргыз -Ата суусу Найман каналы аркылуу өткөн өтө кооз айыл. Ата-энебиздин 5 уул 3 кызы болгон. Биз сегиз бир тууганбыз. ...

0 177

Жаныбек Абиров, Бишкек шаардык кеңештин төрагасы: «Шаарда турганыбыз менен айылдыкмын деп өзүмдү эсептейм»

06-ноябрь 2019, 09:58 Айдар Нуралиев

- Ата-энем көптөн күткөн уулунун жаны, ден соолугу бек болсун деп атымды Жаныбек коюшкан экен. Себеби, мен үч кыздан кийин келген уулмун, - дейт Бишкек шаардык кеңештин төрагасы Жаныбек Абиров "Факты.kg" гезитине берген маегинде. Балалык кезим Ысык-Ата районунда жана Токмок шаарында өткөн. Шаарда турчубуз, бирок атам мени ак кол болуп калбасын деп, мал-жанга аралаштырып өстүрдү. Атка минип кой кайтарган күндөрүм ...

0 506

Абдыгул Чотбаев, генерал-полковник: "Чоң атам отун жарып, чоң энем калама бышырып, үчөөбүз казанды тегеректеп отурчубуз"

05-ноябрь 2019, 18:19 Айдар Нуралиев

- Кемин районунун Тар-Суу айылында төрөлгөм. Мен чоң атам менен чоң энемдин колунда өстүм. Чоң апам дайыма калама жасайт эле. Чоң атам экөөбүз отун жарып жанында, казанды тегеректеп отурчубуз. Каламанын жыты, чатырап күйгөн оттун илебин азыркыга чейин эстеп, ошол күндөрдү эңсеп калам, - дейт генерал-полковник Абдыгул Чотбаев "Факты.kg" гезитине берген маегинде. Чоң атама, чоң энеме эркелегеним менен өз ата-энемден ...

0 312

Эркингүл Иманкожоева, экс-депутат: "Айылдагы жумуштун көптүгү окуума тоскоол болчу эмес"

05-ноябрь 2019, 16:56 Айдар Нуралиев

- Менин балалык кезим Ысык-Көл областынын кооз жеринин бири болгон Жети-Өгүз районунун Чоң-Жаргылчак айылында өттү. Ошондой эле Дархан айылында биринчи класстан баштап таята, таянемдин колунда тарбияланып, мектепти аяктагам, - дейт экс-депутат Эркингүл Иманкожоева "Факты.kg" гезитине берген маегинде. Өзүм сегиз бир тууганмын, атам 45 жыл Жети-Өгүз районунун токой чарбасында карагай ташып, айдоочу болуп эмгектенди, көптөгөн медаль, ордендердин ээси. Райондук кеңешке ...

Жарнама үчүн орун!
600 x 50
0 269

Айнуру Алтыбаева, ЖК депутаты: "Балалык кез адам болуп калыптануудагы маанилүү учур"

05-ноябрь 2019, 16:24 Айдар Нуралиев

- Адам баласынын басып өткөн жолундагы эң таттуу эсте кала турган учуру болуп балалык кез эсептелет. Адам баласынын балалык кези менен кийинки жашоо турмушу тыкыс байланышта болот. Бала кезде урушуп талашуунун курчоосунда өткөн бала өксүк болуу коркунучу болот. Кудайга шүгүр деп айтат элем менин балалык кезим ойдогудай өттү, - дейт ЖКнын депутаты Айнуру Алтыбаева "Факты.kg" гезитине берген маегинде. Үйдүн ...

0 582

Чоңоюп калган балдарым тилимди алышпайт, эмне кылыш керек?

05-ноябрь 2019, 13:33 Айдар Нуралиев

Окурмандын суроосу: - Саламатсызбы. Менин 19, 17, 15 жаштагы эркек балдарым бар. Оңою менен сөз угушпайт, кичине сүйлөсөм эле кыялдарын көрсөтүшөт. Тил албагынан катуу сүйлөп жиберем, кээде ыйлайм элдин балдары кандай эле угушат, деп. Кандай кылсам болот? Адистин жообу: Асель Баимбетова, психолог: - Менин биринчи суроом, балдарыңыздын атасы кайда? Себеби бул жаш куракта өспүрүм балдар үчүн алар сыйлаган, алар үчүн аброю чоң, ошону карап түздөнүп, ...

Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83