www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Турмуш
0 671

Ашыкча тайраңдаба. Өзбекстанда той өткөрүүнүн жаңы эрежеси бекитилди

05-ноябрь 2019, 11:25 Айдар Нуралиев

Өзбекстанда үйлөнүү той, үй-бүлөлүк мааракелер, эскерүүлөр жана иш-чараларды өткөрүү жобосу бекитилди. Бул эреже  2020-жылдын 1-январынан тарта ишке кирет. Бул тууралуу жергиликтүү басылмалар жазып чыгышты. Эреже боюнча, үйлөнүү той, үй-бүлөлүк мааракелер, эскерүүлөр жана иш-чараларды өткөрүү, бир гана күн, саат 06:00дөн баштап 23:00гө чейин өткөрүлүшү керек. Ал эми чакырылган коноктордун саны 200-250дөн, ырчылардын саны экиден ашпоосу зарыл. Ошондой эле, келин менен ...

0 1442

ВИДЕО – Кара дуба окутулуп, мүрзөгө көмүлгөн куурчактар

Видео 05-ноябрь 2019, 10:53 Айдар Нуралиев

Социалдык тармактарда куурчак, сүрөт жана башка буюмдарга кара дуба окутуп, мүрзөгө көөмп койгон деп айтылган видеолор тарап жатат. Кадр артындагы белгисиз адам өзбек тилинде бул буюмдар Ош шаарындагы Сулайман-Тоонун жанындагы мүрзөдөн табылганын айтып жатат. Качан тартылганы, анын канчалык чындык экендиги белгисиз. Кадр артындагы ал адам көптөгөн куурчактарды, ийнелерди, ачкычтарды, ийне сайылган сүрөттөрдү казып чыгарган. Булак: NazarNews.kg

0 1478

Мүрзөдөн апасына телефон чалган кыз

05-ноябрь 2019, 10:17 Айдар Нуралиев

Жайкы эс алуудан кийин, окуу башталар алдында группабыз менен жолугуп башыбыздан өткөргөн кызыктуу окуяларды, ким кайда болгонун айтып бермей салтыбыз бар эле. Бул жылы дагы адаттагыдай шаңдуу маанайда чогулдук. Ар кимибиз туш болгон окуяларыбызды айтып отурганда арабыздан бирөө күтүүсүздөн эле ыйлап кирди. Эч нерсени түшүнбөй отуруп калдык. Андан эмнеге ыйлап жатканын, эмне болгонун сурасак, төмөнкү окуяны айтып берди: - ...

0 2318

Журналист Чынара Токонова каза болду

04-ноябрь 2019, 16:04 Алтын Булат

КТРКнын "Ала-Тоо 24" каналынын журналисти Чынара Токонова бүгүн, 4-ноябрда Бишкектеги ооруканалардын биринде көз жумганын кесиптештери билдирди. Эскерте кетсек, ал кечээ, 3-ноябрда ушуну менен экинчи жолу инсульт болуп, ооруканага жеткирилген. Буга чейин Чынара Токонова КТРКнын "Ала-Тоо 24"  каналдын директорунун орун басары Жылдыз Жумабекованын кысым көрсөткөнүнөн улам инсульт болуп, ооруканага жатып дарыланып чыкканын жергиликтүү маалымат булактарына айтып чыккан эле.  37 жашында көз жумган маркум бир катар телеканал жана радиолордо ...

0 204

Жалал-Абадда ЖККУнун төш белгиси тапшырылды

04-ноябрь 2019, 11:03 Айдар Нуралиев

Бүгүн 4-ноябрда, Жамааттык коопсуздук келишим уюму (ЖККУ) тарабынан “Нерушимое братство – 2019” бирдиктүү машыгуу өткөрүлдү. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБнин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка караганда, машыгууда берилген милдеттерди так аткаргандыгы үчүн “Шумкар” атайын багыттагы полкунун Жалал-Абад шаарындагы өзүнчө ротасынын командиринин орун басары, милициянын улук лейтенанты Тынычбек Сейитовго “25 лет Договору о коллективной безопасности” юбилейлик төш белгиси ыйгарылды.

0 196

Бишкек мэри шаардын борбордук бөлүгүн эле оңдоп жатабы?

04-ноябрь 2019, 10:22 Айдар Нуралиев

Бакыт Дыйканов аттуу Фейсбук колдонуучусу жеке баракчасына Бишкек шаарынын мэриясына болгон нааразычылыгын жазган. Анын жазгандары толугу менен төмөндө: “Мэр менен анын аппарат жетекчисин апендинин кызындай эле мактайсыңар ишке киришкенден бери. Алар шаардын борбордук, тактап айтканда эл көзүнө көрүнгөн жерлерде эле иштеп жатышкан жокпу? Шаар деген чоң. Борбордук эле жерлерин карап, түзөп жүрө берген болбойт. 83-мектептин жанындагы аялдаманын тагдырын чечип ...

0 808

Байлыкка курман болгон бакыт

04-ноябрь 2019, 09:56 Кызгалдак Жакыпова

Таң менен базардын күр-шар жашоосу жанданды. Адатта бул маалда орундарды ижарага алып иштеткен карапайым сатуучулар гана келишет. Ал эми анын ээлери, салыкчылар түшкѳ маал пайда болушат. Ошол себептен азыр базардын ичине чейин жулкуна кирип келип токтогон капкара жолтандабас унаа кыбыраган сатуучулардын кѳңүлүн бурду. Унаанын ичинен жѳнѳкѳй спорт кийимин кийген кара кѳз айнекчен чепейген киши жеңил түштү. Бул – Мунарбек. ...

04-ноябрь 2019, 09:56 | 808
0 9089

Тагдыр: "Уулумду башка аскерлер кармап алып оозуна тирүү жылан салып..."

02-ноябрь 2019, 14:06 Айдар Нуралиев

Айзирек апа (ред: аты өзгөртүлдү) уулун 2012-жылы аскерге ак тилек менен узаткан экен. Бирок жарым жыл өтпөй уулунун ооруканага жатып калганын уккан эне учуп жетет. Барса эле уулу энесин тааныбай акылынан айнып, психологиялык жактан ооруп калган болот. Болгон мал-жанды сатып, барбаган жери калбай, дарылатса болбой, уулу байламайын карматпаган оорулуу болуп калыптыр. Сыздаган эне менен "Фабула" гезити маек курду.  - ...

0 389

ВИДЕО – Азыркынын “кожожаштары” да сур эчкини ээрчип, аскада калышты (текстти аягына чейин окуңуз. Бизден "десерт" бар)

Видео 02-ноябрь 2019, 15:10 Алтын Булат

Кадимки мергенчи Кожожаш жигиттери менен тоо теке, сур эчкилерди кубалап жүрүп кырганын тасмадан көргөнсүңөр. Мына ошол сыяктуу эле мында дагы эчки-текелерди кууп кырып жүрүшөт. Айырмасы аттын ордуна, жол тандабас автоунаалар колдонулган. Кызыгы, бул видеотасма унаа сур эчкини кууп бара жаткан жеринен бүтүп калды. Эми баягы айтылуу Кожожаш атабыз сымал аска-зоодо калышпаса эле болгону. Эске сала кетсек, октябрь айынын аягында Жогорку ...

0 178

ФОТО - Жыргалаңдыктар “жыргап” жатышат

02-ноябрь 2019, 13:59 Алтын Булат

Тагыраагы, Ысык-Көл облусундагы Жыргалаң айылы эми түнкүсүн дагы жарык болуп калды. Бул тууралуу Талгат Мукалаев аттуу Каракол шаарынын тургуну Фейсбукка жазып чыкты. Маалыматта айтылгандай, бул жарыктандыруу – регионду өнүктүрүү жана санариптештирүү жылынын алкагында жүргүзүлгөн. Мына ушундай жакшы ...

0 162

СҮРӨТ-Турдакун Усубалиевге 100 жыл!

02-ноябрь 2019, 13:58 Айдар Нуралиев

Быйыл мамлекеттик, коомдук жана саясий ишмер, кыргыздын чыгаан уулу Турдакун Усубалиевдин 100 жылдыгы белгиленүүдө. Чейрек кылымга жакын Кыргызстанды жетектеген улуу инсан экономикалык, социалдык жана маданий жактан калыптануусуна көрүнүктүү салым кошту. Эл алдында жасаган эмгеги үчүн Кыргыз Республикасынын Баатырлыгына, "Ак шумкар" өзгөчө белгисине, "Манас", "Ленин", "Эмгек кызыл туу" жана башка ордендерине татыган.  Тарыхта өчпөс из калтырган Турдакун Усубалиев 1919-жылы Кочкор ...

0 150

Өзбекстандык аялдар балдары менен Бишкекте тилемчилик кылып жүрүшкөн

01-ноябрь 2019, 15:49 Алтын Булат

Борбор калаанын көчөлөрүндө жашы жете элек балдары менен тилемчилик кылган Өзбекстандын төрт жараны аныкталды. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы берген маалыматта, эки баласы менен кыргызстандык бир аял дагы бар экени айтылат. Анда белгиленгендей, шаар бийлиги кайыр сураган же оор эмгекке тартылган жашы жете элек балдарды аныктап, аларга жардам берүү үчүн шаар көчөлөрүн пландуу көзөмөлдөп турушат.

0 490

Ооруканага түшкөн аял: “Күйөөм төшөктө кыйнаганды жакшы көрөт”

01-ноябрь 2019, 15:46 Бакыт Молдалиев

“Күйөөм зордуктай берет, ошон үчүн алдыртып таштайын деп жатам...” деген сөздү укканда эрксизден бурулуп карадам. Мени менен чогуу бир палатада жаткан үч келин дагы бурулуптур. Жүдөө кийинген келин өз окуясын айтып отурду. Мен: “Неге алдырасың? Кудайдан коркпойсуңбу?” дедим чыдабай. Келин: “Күйөөм алдырып ташта деп жатат. Анын үстүнө, өткөндө кан кетип, катуу кыйналдым. Ушинтип жүрүп, эртеңки күнү бир жери майып ...

0 231

МАИ кызматкерлери жарандарга сылык мамиле кылганды качан үйрөнөт?

01-ноябрь 2019, 11:46 Айдар Нуралиев

Биздин ала таякчан МАИ кызматкерлерибиз коррупцияга кокодон батып калганы жашыруун эмес. Далил материалдар ММКларда күн сайын жарыяланып атат. Тийиштүү жыйынтык чыгып, реформа жүрбөгөн соң айла жок экен. Эми анысы жерге кирсин десек, МАИчинин коржоңдогон оройлугу менен зөөкүрдүгү жанга батууда. Туш келди жерден жолго чуркап чыгып тосуп, келе жаткан унааны токтотуш үчүн жолдун ортосуна чейин «жанкечтиленген» МАИчилер бар. Чуркап чыккан МАИчиден ...

0 367

Пластиктен жасалган идиштер зыяндуу

31-октябрь 2019, 15:27 Айдар Нуралиев

Ооба, швед окумуштууларынын пластиктен жасалган идиштер менен күнүмдүк тиричиликте колдонулуучу химия затынын кош бойлуу аялдарга тийгизген таасирине изилдөө жүргүзгөндөн кийин ушундай жыйынтыкка келишкен. Изилдөөдө кош бойлуу аялдар канчалык көп пластик идиш-аяк менен тиричилик химияны көп колдонсо, келечекте баланын интеллект коэффициенти да ошончолук төмөн болору аныкталган. Айрыкча бул эркек балдарга тиешелүү. Мисалы, тазалоочу каражаттарда кездешкен хлорпирифос пестициди менен полифторалкилдик заттар, ошондой ...

0 222

Жалал-Абадда милиция кызматкерлери көчөлөрдү тазалап, актап-сырдоо иштерин жүргүзүштү

31-октябрь 2019, 13:10 Айдар Нуралиев

Кыргыз милициясынын 95 жылдык мааракесине карата Жалал-Абад облосунун аймагында ар түрдүү иш-чаралар милиция тарабынан колго алынууда. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБнин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка караганды, Тогуз-Торо РИИБнин кызматкерлери район борборундагы жана Арал айылындагы ИИМдин ардагери, милициянын генерал майору Т.Жээналиевдин ысымын алып жүргөн көчөлөрдү тазалашты. Илинген табличкалар иретке келтирилип, актап-сырдоо иштери жүргүзүлдү.

Жарнама үчүн орун!
600 x 50
0 340

Жамалбек Рысалиев: "Досторумдун да меникиндей маскасы бар, масканы чечип алып "Манас" кинотеатрына барам""

31-октябрь 2019, 12:28 Айдар Нуралиев

Кусалык... Дайыма эскерип жазам, ар дайым Куран окуп сообун багыштап. Үчөөбүз чогуу жашаган эки бөлмө чатыры жок жалпак там азыркы учурдагы үч кабат үйдөн артык экенин жүрөгүмдө сезем. Кандай бактылуумун. Абышка-кемпир ушунча небересинин арасынан мени багып алганына тагдырыма ыраазымын. Анткени дал ушул кутуруп ойноп жаткан Алиханымдай кезимде мага "Манас" китебин окуткан адам - тээтиги сүрөттөгү сокур атам Ырсаалы эле. ...

0 338

Айжан Чаначева, "Кыргызстан сулуусу-2019" сынагынын жеңүүчүсү: "Азырынча жигиттер менен сүйлөшкүм келбейт"

31-октябрь 2019, 12:33 Айдар Нуралиев

Өткөн апталарда Маданият, маалымат жана туризм  министрлигинин колдоосу менен "Кыргызстан сулуусу-2019" сынагы өткөрүлдү. Ал сынактын жыйынтыгында Нарын облусунун атынан чыккан 21 жаштагы Айжан Чаначева жеңүүчү аталган. Эми ал "Дүйнө сулуусу" сынагына катышат. "АЗИЯnews" гезити Айжан менен маек курду.  - Айжан, алгач үй-бүлөң тууралуу токтолсоң, ата-энең кайсы чөйрөдө иштешет? - Атам чакан ишкерлик менен алектенет. Апам болсо туризм тармагында, конок ...

0 152

Кыргызстандын волонтерлору өлкөнү “Дүйнөлүк тазалык күнү” эко-акциясынын жыйынтыгы боюнча кайрадан биринчи орунга чыгарышты

31-октябрь 2019, 11:44 Айдар Нуралиев

 "Let's Do It" эл аралык уюмунун штаб-квартирасы Кыргызстанга, кыймылдын өлкөлүкөнөктөшү - "Эко Деми" фондуна жеңиш жөнүндө жана катышкандыгы үчүн ыраазычылык билдирүү менен расмий кат жиберген. Кайрылууда жетекчи Ева Труверк биздин өлкө "Let's Do It" ири акциянын бөлүгү болуу менен планетаны глобалдык булгоого каршы күрөшүүдө олуттуу салым кошкондугун жана дем берүү үчүн булак болгондугун белгиледи. Ева ...

0 207

"Жинди" Жириновский тартып алгыча Ысык-Көлдү элге ыраа көрүш керек

31-октябрь 2019, 10:40 Айдар Нуралиев

"Ысык-Көл" биосфера аймагында суу чыгаруу жана тазалоо курулмалары жөнүндө" мыйзам долбооруна кошумча-алымчалар иштелип чыккан. Долбоор "Ысык-Көл" уникалдуу биосфера аймагын анын суу ресурстарына жана экосистемасына агып келип жаткан саркынды суулардын (анын ичинде калктуу конуштардын, рекреациялык объекттердин жана ар кандай сарбакер субъекттердин, анын ичинде коомдук тамактануу ишканаларынын жана автожуума жайлардын турмуш-тиричиликтик таза эмес сууларынын) терс таасиринен коргоого, Ысык-Көлдүн суусуна тикелей келүүчү ...

0 443

ВИДЕО - Өзбекстан араб өлкөлөрүндөй эле бутуна турмай болду

Видео 30-октябрь 2019, 17:37 Аман Аскаров

АКШда катталган Epsilon Development Company Өзбекстандын түштүгүнөн 10 миллион тонна мунайзат жана 7 миллиард куб метрге барабар көгүлтөр от кенин тапты. Жаратылыш ресурсу Кашкадарыя облусунун Култак-Камашы аймагында орун алган. Март айында Epsilon Development Company (АКШ) жана Epsilon Asia Limited (Гонконг) Фергана жана Бухара-Хиви аймактарынын мунай жана газ тармактарынын инвестициялык блокторун түзгөн. 2019-2023-жылдар аралыгында долбоор алкагында 5,2 миллиард доллар инвестиция ...

0 709

БОЛГОН ОКУЯ: Белгисиз куштун үнү

30-октябрь 2019, 17:16 Айдар Нуралиев

Мен армияда кызмат өтөп келгенден бери дээрлик элүү жылдан ашып калды. Ал мезгил союз күч алып турган мезгил болчу. Америка Кошмо Штаты менен биздин өлкө курал-жарак, согуш техникаларын чыгаруу боюнча куушуп, эрегишип жашап жатышкан. Орусча айтканда "гонка вооружения" деп коюшчу. Мен ошондой мезгилде армияда кызмат өтөп калдым. Ооба, ал убакта укмуштуудай жаңы согуш техникалары чыгып, армияда кызмат өтөгөн жоокерлерге ...

0 318

ВИДЕО - Амалкөйлөр кичинекей балдардан акча уурдай баштаган заманга келдикпи?

Видео 30-октябрь 2019, 16:55 Аман Аскаров

“Заманың бөрү болсо - бөрү бол, түлкү болсо - түлкү бол” дегендей бул замандын адамдарынан адамдык касиет деле кетти. Дегенибиз Бишкек шаарында эми шылуундар кичинекей балдардан акча уурдай башташты. Бул тууралуу Vesti.kg сайты жазып, видеосун дагы жүктөгөн. Анда шаар тургуну аталган редакцияга кайрылып, төмөндөгүдөй окуяны баяндап берген. – Биз «Дордой Плаза» соода борбору жакта жашайбыз, – деди окурман. – ...

0 456

Тоолуу аймактардагы тургундар үчүн электр энергияга болгон жеңилдиктер айтылды

30-октябрь 2019, 16:21 Аман Аскаров

Жогорку Кеңештин депутаттары тоолуу райондордо жашаган калк үчүн электр энергияга болгон лимитти жогорулатууну сунушташууда. Анда депутат Мирлан Жээнчороев менен Жылдыз Мусабекова көп учурда контролёрлор 50-100 сом карызы бар абоненттердин электр энергиясын кыркып кетип жаткандыгына нааразычылыктарын айтышып, жарыкты кайра коштурууга 150 сом төлөө керек экендигин билдиришкен. Андан сырткары эл өкүлдөрү учурда тоолуу аймактардагы тургундар үчүн 1 ...

0 492

Үлпөттөн кийинки ызы-чуу: Вирус

30-октябрь 2019, 16:00 Айдар Нуралиев

Калаадагы үйлөнүү үлпөт тоюнан кийин кафеден жаңы гана чыгышкан жаштардын бардыгы үч машинага сыгыла отурушту. Анан биринин артынан бири ээрчише калаанын четиндеги эли азыраак ээн жерге, калың бак-дарактардын арасына барып токтошту. Эркек балдардын дээрлик көпчүлүгү кызуу болчу. -  Кана достор, ушул боюнча тарап кетпей бир аз дагы көңүл ачып отуралы. -  Ооба, эки жаштын бактысы үчүн бул жактан каалоо-тилектерди кенен-кенен, ээн-эркин ...

30-октябрь 2019, 16:00 | 492
0 290

Дональд Трамп Кыргызстандан асырап алынган кызды коноктоду

30-октябрь 2019, 15:30 Аман Аскаров

Убагында Кыргызстандан асырап алынган кыз АКШ президенти Дональд Трамп менен жолукту. Ал кызды багып алган Хайден-Памела Аллен иш чарадагы сүрөттү өзүнүн Фейсбук баракчасына жүктөгөн. Хеллоуин майрамынын урматына президент Дональд Трамп жана анын жубайы Мелания Трамп тарабынан ак үйдүн аймагында кече уюштурулган. Иш чарага Кыргызстандан асырап алынган Хайден аттуу кыз дагы чакырылган. Президент жана биринчи ханайым чакырылгын балдарга таттууларды белек ...

0 654

ФОТО - Таксисттин бети-башын скотчтоп, тоноп кетишкен

30-октябрь 2019, 14:56 Аман Аскаров

Космос Маназаров аттуу Фейсбук колдонуучу бул социалдык тармактын бир тайпасына кызыктуу пост жазган. Окуп отуруп ушундай заманда жашап жатабызбы деп бир таң каласың. Окуя эки күн мурун Бишкек шаарында болгон. - 28-октябрда эрте менен саат 7лерде ушул окуяга туш болдум. Эрте менен жумушка келе жатсам ээн талаада, жол жээгинен бир жигит тоголонуп чыга калды. Колу-буту скотч менен оролуу экен. Токтоп ...

0 4137

ВИДЕО - Самара Каримованын конокто отуруп ырдаганы элдин купулуна толуп турат

Видео 30-октябрь 2019, 14:28 Аман Аскаров

Белгилүү ырчы Самара Каримова кайсыл бир конокто отуруп, жандуу ырдаган ыры социалдык тармактарда тарап, элдин купулуна толуп турат. Видеого караганда, ырчы айым болжолдуу түрдө туугандарынын арасында отурганда бул ырды созгон көрүнөт. Ал эми бул видеону бөлүшкөн адам “Ушундай ырчы аялым болсо, кайда барса да кошо ээрчип жүрөт элем Орусиялабай...” – деген комментарийин калтырган. Көбү тасманын алдындагы комментарийлерге аткаруучунун жөнөкөйлүгүнө баа ...

0 783

Жол кырсыгына кабылган жаранды таанып-билүү мүмкүн болбой калган

30-октябрь 2019, 14:06 Аман Аскаров

Ош шаарында адам өмүрү кыйылган жол кырсыгы катталды. Окуя бүгүн, 30-октябрда эртең мененки саат 10дор чамасында Кулатов кичирайонунда болгон. Анда оор жүк ташуучу “ДАФ” үлгүсүндөгү унаа айланма жолдон бурулуп жатканда белгисиз жаранды коюп кеткен. Маркум ошол жерден эле жан берген. Анын өздүгүн аныктоо татаал болууда. Себеби, алган жаракаттарынан улам аны таанып-билүүгө мүмкүнчүлүк болбой жатат. Такталбаган маалыматтар боюнча көз жумган ...

0 564

Баткендеги 25 жаштагы жигитти өзүнүн мурдагы кайнатасы атып өлтүргөн

30-октябрь 2019, 12:32 Аман Аскаров

Үч күн мурун Баткен облусунун Лейлек районунун Бешкент айылында 25 жаштагы жергиликтүү тургун өз үйүнөн желкесине ок жеп,  көп узабай жан берген. Көрсө, бул кылмыш күнүмдүк турмуш-тиричиликке байланышкан окуялардан улам келип чыккан экен. Жергиликтүү тургундардын айтымында, маркум буга чейин бир турмуш көрүп, ал никесинен бир кыздуу болгон. Кийинчерээк өзү дагы бир ирет үйлөнгөн. Бирок, көнгөн адат калабы дегенби, мурдагы келинчегинин ...

0 209

Токтогулда майрамдык кичи футбол уюштурулду

30-октябрь 2019, 11:48 Айдар Нуралиев

1-ноябрь Кыргыз милициясынын 95 жылдык мааракесине карата милиция кызматкерлери тарабынан ар түрдүү иш-чаралар өткөрүлүп келүүдө.  Бул ирет Токтогул РИИБинин демилгеси менен “Тартип, тынчтык, ынтымак жана достук”  урааны алдында кичи футбол уюштурулду. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБнин басма сөз кызматы билдирди.  Маалыматка караганда, жалпы байге фонду 25 миң сомду түзгөн бул оюнга райондо жайгашкан жергиликтүү 12 мекеме-ишканалар арасында командалар ...

0 1346

ВИДЕО - Кандуу беттеш. Каршылашынын бетин трактор тебелеп кеткендей болду

Видео 30-октябрь 2019, 11:47 Аман Аскаров

212 килограммдык “Папа” каймана аттуу мушкер Денис Вильданов алгачкы жолу ММАда беттеш өткөрүп, анда каршылашын ийгиликтүү жеңип алды. Атаандашы болгону 146 кг салмактагы Арнольд Величко болгон. Экөөнү октагондо көргөндөр Величкону айнып калган мушкердей эле көрүштү. Себеби, каршылаштардын айырмасы көзгө урунуп эле тургандай. Бирок канткен күндө дагы өгүздөй болгон Денис Вильдановго каршы чыккан Арнольд Величконун эркине баа берүү керек. Беттеш көпчүлүк күткөндөй эле ...

Жарнама үчүн орун!
600 x 50
0 1935

ФОТО - Өмүрүңдө көрбөгөн кадрлар. Токтогул ГЭСине турбиналар ракета ташуучу унаалар менен алынып келген

30-октябрь 2019, 10:54 Аман Аскаров

Кыргыз энергетикасынын жүрөгү Токтогул ГЭСи. Убагында чоң эмгек менен курулган. Бардык союздук өлкөлөрдүн катышуусу менен ишке берилген Кыргызстандагы бирден-бир эң ири объект. Ал эми андагы жабдыктар ГЭСке кандай ташылып келип, орнотулган билесиздерби? Ал жабдыктарды алып келүүдөгү сейрек кездешүүчү сүрөттөр менен  Александр Федотов өзүнүн Фейсбуктагы баракчасында бөлүшкөн. Эми жабдыктардын алынып келүү жолуна токтололук. ГЭСтин турбиналары Украинанын Харьков шаарынан “Руслан” учагы, ...

0 851

ВИДЕО - Артисттердин мекени. Ушулар бизге мыйзам кабыл алганы жүрөбү?

Видео 30-октябрь 2019, 10:30 Аман Аскаров

Жогорку Кеңештин келээрки чакырылышы бул чакырылыштын клоундарынан ашып түшпөсө болду деп Кудайдан тиленип отурабыз. Дегенибиз, Кайрат Кыргыз деген бир түшүнүксүз адам бар. Ырчы дешет. Өзүн башкалардан өзгөчө алып жүрөт. Жакында эле 2020-жылы өтө турган парламенттик шайлоого катышам деп жар салган. Сунуш кылган бир нече партия бар экен. Азырынча ойлонуп жатам деди эле. Акылы менен достошкондор “тообо, Кудайым өзүң сактай көр” ...

0 302

Депутат Исхак Масалиевдин сунушу партия лидерлерин ачкадан өлтүрөбү?

30-октябрь 2019, 10:23 Аман Аскаров

Депутаттар Исхак Масалиев жана Жанар Акаев 2020-жылы өтө турган парламенттик шайлоодо талапкерлердин ачык тизмесин киргизүүнү сунушташууда. Андай мыйзам долбоору дагы даярдалып чыккандыгын эл өкүлү Исхак Масалиев жергиликтүү басылмалардын бирине маалымдаган.  Исхак Масалиевдин айтымында, ачык тизмеде шайлоочу партияга гана эмес ал партияга мүчө талапкерлердин тизмесине добуш бере алат. Мисалы, шайлоочу добуш берүүчү кабинага кирет, ал жердеги бюллеттенде партия жана андагы ...

0 349

ФОТО - Кыргыз медицинасы Орусияныкынан да мыкты деп табылды

30-октябрь 2019, 09:52 Аман Аскаров

Кыргызстан саламаттыкты сактоо коопсуздугунун индекси боюнча дүйнөнүн 195 өлкөсүнүн ичинен 47 орунду ээледи. Бул Балтика өлкөлөрү, Грузия жана Армения ны эсепке албаганда КМШ өлкөлөрүнүн ичинен эң жогорку көрсөткүч. Айтсак, Казакстан 83, Беларусь 108, Өзбекстан 116, Азербайжан 117, Тажикстан 130, Түркмөнстан 135чи орунга илинген. Жыйынтыкты чыгарууда ооруларды алдын-алуу, эпидемияларды өз убагында аныктоо жана дүйнө коомчулугуна маалымдоо, Саламаттыкты сактоо системасынын эффективдүүлүгү, ...

0 419

Уурдалган телефондор базары менен Ленин райондук сотун эмне бириктирет?

30-октябрь 2019, 09:19 Аман Аскаров

Кызыктуу бир өлкөдө жашайбыз. Айдоочулар МАИ кызматкерлерин машиненин капотунда ала качкан, маршруттук унаалар салонун толтуруп алып кубалашмай ойногон, энеден туума болуп алып супермаркеттерди кыдырган, каяктагы бир блогерди кудай туткан, Конституцияны жоготуп жиберген жерди мекендейбиз. Бардыгы бар. Кыскасы ассорти өлкөдө күн кечиребиз. Дагы бир кызыктуу фактыга көңүлүңөрдү буралы деп турабыз. Бишкек шаарында Ленин атындагы район бар. Ошол райондук сот Чүй менен ...

0 962

ФОТО - Көк-Жарда жаш жигитти атып кеткен кылмышкерлер изделүүдө

29-октябрь 2019, 17:11 Аман Аскаров

Бишкек шаарында жаш жигитти тапанча менен атып кетишкен. Бул тууралуу жергиликтүү басылмалардын бири күч түзүмдөрүнө таянып маалымат таратты. Ага ылайык, каргаша 23-октябрь түнү болгон. Милицияга кабар саат 03:30да түшкөн. Анда 1997-жылы туулган жигитти Бишкектин четиндеги Көк-Жар айылынан атып кеткендиги тууралуу кабарланган. Жабырлануучуга жалпысынан 5 жерине ок тийген. Белгилүү болгондой ага травматикалык тапанчадан ок чыгарышкан. Доктурлар ...

0 893

БОЛГОН ОКУЯ: "Маркум жоокердин сөөгү"

29-октябрь 2019, 15:59 Айдар Нуралиев

Бул окуяны чоң атам бизге көп жолу кайталап айтып берээр эле. Ал мезгилде биз жаш болгондуктан окуяга кызыкчу  да, маани да берчү эмеспиз. Азыр ошол чоң атамдын айтканы эсиме түшүп кетип жатпайбы. Күүгүм кирип, көз байланып калган кезде Усман болгону тең жолду басып өттү. Кеч күз болгондуктан күн кыска. Түш ооду эле кеч кирип, күн уясына жашынат. Бул кез 1955-жыл эле. Кереметтүү ...

0 319

Асановдун иши боюнча саясатчылардын жоон тобу президентке кайрылышты

29-октябрь 2019, 15:20 Аман Аскаров

Мурдагы ички иштери министринин орун басары Курсан Асановду колдогон саясатчылардын жоон тобу президентке кайрылуу жолдошту. Анда алар Курсан Асановдун кызматтан бошотулушу кырдаалды ого бетер күчөттү деп билдиришкен. Андан сырткары, Асанов мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди мажбурлап сотко алып келүү операциясы учурунда өзүнүн тажрыйбалуулугу, чечкиндүүлүгү менен көзгө урунуп,  иш чараны ийгиликтүү өткөргөндүгүнө коом күбө болгондугун кошумчалашып, генерал милициянын кадыр-баркын сактап калды ...

0 249

Булат Кутанов: «Биз үчүн кетирилген бир жолку ката - өмүрүбүздөгү эң акыркы ката болушу мүмкүн»

29-октябрь 2019, 15:13 Айдар Нуралиев

Ички иштер органдарында иштеген ар бир кызматкер кыргыз мамлекетинин бейпилдиги үчүн кызмат өтөп келгендигинде калет жок. Ошондой эле кызматтардын бири ИИМдин «Шумкар» Атайын багыттагы полкунун Бишкек шаары боюнча атайын операция отрядынын Сапердук даярдык боюнча улук тескөөчү-нускоочусу, милициянын майору Кутанов Булат Алыбекович жөнүндө сөз болмокчу. Булат мырза кичинесинен эле милиция болууну самап келген. Балдар менен клубдарга барып кино көргөн учурларда ...

0 269

ВИДЕО - Депутаттарды артист, эки жүздүүлөр десең арданышат

Видео 29-октябрь 2019, 14:40 Аман Аскаров

Парламенттеги артисттерди тааныйбыз. Алардын ана-башчысы бар Дастан Артисбекович деген. Сентябрь айынын ортосунда күйүгүп-бышыгып, Бишкекте “Илбирсти коргоо” боюнча уюштурулган марафондо 5 чакырым чуркаганын эсиңерден чыгара элексиңерби? Түтөп кеткен чуркай коём деп. Ошондо марафондун ураанын деле унутуп калса керек. “Илбирсти коргоого” арналган. Анан эле октябрдын этегинде дал ошол илбирстен тамак талашып, аркар, кулжа, элик, бугу, каман сыяктуу жаныбарларды атканга эмнеге далбастап ...

0 1484

Ошто табылган маркумдун ким экендиги аныкталды

29-октябрь 2019, 14:22 Аман Аскаров

26-октябрда Ош шаарынын ооруканасынын аймагында денеси эки айдай убакыт жаткан адамдын жансыз денеси табылгандыгы тууралуу маалымат тараган. Аны кароолчулар аймакты карап, иретке келтирип жүргөндө таап алышкан. Маркум 1969-жылы туулган, Аскар Эргешов аттуу Кара-Суу районунун тургуну экендиги аныкталды. Ата-энесинин көзү тирүү, учурда аталган райондо жашашат экен. Маркум жубайы менен убагында эки жолго түшүп, жумушу жок, акыркы учурда спирт ичимдигине берилип ...

0 209

Ийгилик сырын ачуунун жолдору

29-октябрь 2019, 13:45 Айдар Нуралиев

Кызматтан көтөрүлүү, бизнестеги бийиктиктер, түгөйүңүз менен бактылуу болуу, ден соолугуңуздун чың болушун шарттаган фэншуйда да, астрологияда да бир нече багыттар бар. Парапсихологдордун көрсөтмөлөрүнө таянсак, ийгиликке жетүүдө ишеним, токтоолук, убакыт талап кылынат. Эң башкысы, ошол теманын предметин туура тандай билүү зарыл. Адегенде кайсы сферада жакшы жакка өзгөрүу болушун каалап жатасыз — ошону тактап алыңыз. Эми аракеттенсеңиз, натыйжасы болбой койбойт. Финансы

0 769

ФОТО - Аскар Салымбековдун иниси Раим Мааткабылов агасы убагында "движение" кылбаганда азыр мурдунан чимкиригин тарта албай жүрөт беле?

29-октябрь 2019, 13:13 Аман Аскаров

Акчалуулар менен колунда бийлиги барлардын заманы болду. Каалаганын кылышат. “Кой” деген киши жок болуп калды. Бардыгын колго алып койгондой. Өзүнчө эле 70-80-90-жылдардагыдай атактуу Италиянын Сицилия аралында гангстер, мафиозилердин арасында күн кечиргендейбиз. Сот, прокуратура баары эле акча. Баары эле бирөөнүн кожоюнун колунан сөөк мүлжүгөндөр. Айталы дегенибиз, Кыргызстанда белгилүү кландардын бири Салымбековдор. Адилеттүүлүк үчүн белгилей кетиш керек, бул клан негиздеген Дордой ...

0 137

Окуучуларды мажбурлап гезит-журналдарга жаздырышууда

29-октябрь 2019, 12:08 Алтын Булат

Түркмөнстанда мамлекеттик басылмаларга милдеттүү түрдө жазылуу өнөктүгү башталды. Жергиликтүү маалымат булактары бул тууралуу маалымат бере элек. Бирок эл аралык, көз карандысыз булактар аталган өлкөдө окуучуларга чейин гезит-журналдарга мажбурлап жаздыруу жүрүп жатканын жазып чыгышты. Айтылган маалыматтарга таянсак, Мары облусундагы мектеп окуучуларына «Гунеш» журналына жазылуу үчүн каникулдан кийин 14 манат (280 сом) ала келиши керектиги эскертилген. Ал эми мамлекеттик кызматкерлер жана ...

0 396

Өлтүрүлгөн башкы террорчунун денеси деңиз жаныбарларына жем болот

29-октябрь 2019, 11:57 Алтын Булат

“Ислам мамлекети” террордук уюмунун башчысы Абу Бакр аль-Багдадинин денеси деңизге ташталды. Бул тууралуу Пентагондун өкүлдөрү маалымат таратты. Маалыматка караганда, учурда террорчуну жок кылууда алынган фото-видеолорду аныктоо, ачыктоо иш-чаралары жүрүп жатат. Ал жакынкы күндөрү жыйынтыкталарын, АКШ Бириккен штаб башчыларынын комитетинин төрагасы Марк Мили атайын брифингде айтып берди. Андагы дагы бир маалыматта, операция учурунда америкалык спецназ тирүү эки адамды кармаганы айтылат. ...

0 239

Жалгыз митингчи же пикетчи Өндүрүш Токтонасыров кайра катарда

29-октябрь 2019, 11:55 Аман Аскаров

Жакында милициянын генералы Молдомуса Конгантиевдин ысымы Аламүдүн районуна караштуу Алтын-Ордо конушундагы “Полиция шаарчасындагы” көчөлөрдүн бирине ыйгарылганы билинген. Коомчулук бул жаңылыкты ачакей пикирде кабыл алышты. Бири колдоп, экинчиси ашата сөгүп эле жатып калды. Генерал болсо көчөлөрдүн бирине ысымы ыйгарыла тургандыгы тууралуу буга чейин кабардар болбогондугун айтып, бирок, мындай ишке каршылыгы жок экендигин айткан. Коомубузда билсеңер, жалгыз митингчиби же пикетчиби айтор ким ...

Жарнама үчүн орун!
600 x 50
0 130

Жалал-Абаддын милиционерлери кичи-футбол ойношту

29-октябрь 2019, 11:58 Айдар Нуралиев

1-ноябрь Кыргыз милициясынын 95 жылдык мааракесине карата милиция кызматкерлери тарабынан ар түрдүү иш-чаралар өткөрүлүп келүүдө. ИИОдо иштеп жатып 2006-жылы кызмат учурунда кылмышкерлердин колунан ажал тапкан, милициянын старшинасы Мамасадык Турсунбаевдин жаркын элесине арналган кичи-футбол боюнча спорттук мелдешти Жалал-Абад ШИИБи колго алган. Достук жана Курманбек аймактык башкармалыктары менен тыгыз иш алып барган кызматкерлер өзүнчө команда түзүшүп, жалпы 4 команда биринчилик үчүн ...

0 1804

ВИДЕО - Ыйлаарыңды же күлөрүңдү билбейсиң. Куршабда Тико Ауди С4түн "пачагын" чыгарып салды

Видео 29-октябрь 2019, 11:04 Аман Аскаров

Күнүмдүк тиричилик деп атып адамдардын нерви дагы жукарды. Көтөрүмсүз болуп калды. Тартип дагы жок. Өзгөн районунун Куршаб айылынын тургундары чыдамсыз дагы келишет окшойт, ошол эле маалда тартипти дагы туу тутушат. Айтсак, Куршаб айылында жергиликтүү мыйзамды билбеген бирөө болсо керек, унаасын туура эмес, туш келди жерге токтотуп коюп, иштери менен кетип калган. Анан башка айдоочулар эмне кылды дейсиңер? Туура эмес ...

Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83