www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Турмуш
0 1615

Кезек депутат Исхак Масалиевге жетти. Уулун үйлөндүрүп тою "дүң" болду

29-октябрь 2019, 15:20 Аман Аскаров

“Жаз - жарыш, күз - күрөш” дегендей, күзүндө күрөш катуу, аёсуз жүрөт. Бирок, эгин талаасында эмес, той-топур, үлпөт тойлор мейкиндигинде. Октябрдын башында депутат Руслан Казакбаев менен түбөлүктүү революционер Азимбек Бекназаров уулдарын үйлөндүрүп, ал тойлор Кыргызстанга дүңгүрөгөн. Дүң болгону эми жаштардын баш кошуп жатканы эмес, ал иш чарага барган коноктордун катары менен ааламга чуу болгон. Экөөнүн тоюна акыр-чикирдин баары барган, сагалаган жолбун ...

0 690

ВИДЕОФАКТ – Таштандыдан тамак издеген үй-бүлө изделүүдө

Видео 29-октябрь 2019, 10:24 Алтын Булат

Эне мектеп жашындагы үч баласы менен бирге таштанды челегин аңтарып, бир нерселерди чогултуп жатышат. Жанындагы коляскада дагы кичине кыз бар. Аз убакыт өтпөй тапкан табылгаларына ыраазы боло жөнөп кетишти. Кийген кийимдерине караганда - анча деле жарды үй-бүлөдөй көрүнбөйт. Мына ушул видеону тартып алып, интернетке жүктөгөн адам видеонун астына: “Якутск шаарындагы көп балалуу үй-бүлө, тамак-аш издешүүдө. Орусиянын алмаздуу борбору! Башкысы ...

0 310

ФОТО - Англия жана Испания. Меган Маркл менен ханайым Летициянын юбкалары жарышка түштү

29-октябрь 2019, 10:26 Аман Аскаров

Ханзада Гарринин колуктусу Меган Маркл менен Испаниянын ханайымы Летициянын кийим-кечеге болгон табити бирдей көрүнөт. Айтсак, Меган Маркл жакында жолдошу ханзада Гарри менен Лондондо өткөн чоң бир иш чарага барган. Иш чаранын маанилүүлүгү деле экинчи орунга өтүп кетти. Бардыгы Мегандын кызыл түстөгү булгаарыдан тигилген юбкасына көз артышкан. Эң кызыгы, эртеси эле Испаниянын ханайымы Түштүк Кореяга болгон сапары учурунда дал ушундай ...

0 185

ВИДЕО - Тамагың кекиртегиңе тыгылат. Иттер көбөйдү

Видео 29-октябрь 2019, 09:51 Аман Аскаров

Шаарда жолбун иттер көбөйдү. Таштанды челектердин жанынан өткөндөн коркосуң. Сагалап эле турушат, депутаттыкка талапкер шайлоочуну сагалагандай эле. Андан дагы талашка түшкөн иттерди кожоюндары көчөдө ээн-эркин, оозкапсыз сейилдетип жүргөндөрдү көп көрөбүз. Айбандын оюнда эмне бар ким билет? Жанында өтүп бара жаткан адамга, балага кол салбайт деп ким кепилдик берет? Мисал катары айта кетсек, Түркиянын Стамбул шаарында көчөдө басып бара жаткан ...

0 532

Дастан Жумабеков эрежесиз уруш чемпионуна колдонулган унаа берип, "конкретный" мамиле курууда

29-октябрь 2019, 09:50 Аман Аскаров

Кийинки убакытта бардыгы эле спортчуларга жабышты да калды. Айрыкча саясатчыларың дал ушул спортчулардан чеп кургандай. Ар кимиси алына жараша бир федерация менен мамиле кургусу келет. Бул эмнеден болду экен? Жакшылап ойлонуп көрсөң, чиновник, бизнесмендериң келечегин ойлоп, алардан колдоо күтөт окшойт. Алардын катарынан Жогорку Кеңештин спикери Дастан Жумабеков дагы кем калышпайт. Бул үлкөн адам ...

0 191

Жалал-Абадда милиция кызматкерлеринин атын алып жүргөн көчө жана мектептерде тазалык иштери жүргүзүлдү 

28-октябрь 2019, 17:55 Айдар Нуралиев

Кыргыз милициясынын түзүлгөндүгүнүн 95 жылдык мааракесине карата Жалал-Абад облусу боюнча жер-жерлердеги ШРИИБдерде милицияда иштеп жатып, эли-жери үчүн жанын аябай, кызмат учурунда курман болгон кызматкерлердин аттарын алып жүргөн көчөлөрдү, мектеп, эстеликтердин айланасын тазалоо, көрктөндүрүү жана калыбына келтирүү  иштери колго алынды. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБинин басма сөз кызматы билдирди.  Маалыматкка караганда, Ноокен районундагы туңгуч генерал Эргеш Алиев атындагы жалпы билим берүүчү орто мектебинде, ...

0 518

ТЭЦти модернизациялоо иши. Айыпкерлерди сотко "дүңүнөн" күч колдонуп алып келишет

28-октябрь 2019, 17:47 Аман Аскаров

Бишкек шаарынын Свердлов райондук сотунда Бишкек жылуулук электр борборун модернизациялоо боюнча соттук отурум өтүп жатат. Бирок ага мурдагы премьер-министр Сапар Исаков келбей жаткан. Аны бүгүн айла жок, күч колдонуп алып келүүгө туура келди. Алып келгени менен кийин ал конвойдун бөлмөсүнөн чыгууда баш тарткан. Анын “дарты” модернизациялоо ишиндеги башка айыпталуучуларга дагы жугуптур. Исаковдун артынан ...

0 441

ВИДЕО - Шыкылдаткыч "атамекенчиге" спикер Жумабеков эскертүү дагы бере албайбы?

Видео 28-октябрь 2019, 16:58 Аман Аскаров

Эл Жогорку Кеңештин жүзүн жакшы эле билип калды. Бул чакырылыштагыдай наадан, чыккынчы, элдин, мамлекеттин кызыкчылыгынан өзүнүн кызыкчылыгын жогору койгон, саткын парламент кыргыз тарыхында дегеле болбосо керек. Анын далили катары төмөндөгү видеону сунуштайбыз. Анда “Ата Мекен” фракциясынын депутаты Бахадыр Сулейманов башкы ролдо. Сүйлөсө тимеле тили менен буудай кууруйт. Эптеп эле бирөөнө асылып, атын чыгарганды жакшы көрөт. Тасмада ...

0 629

Свердлов РИИБнын тергөөчүсү баласын чаап жиберген аялды интимдик мамилеге мажбурлаган

28-октябрь 2019, 15:19 Айдар Нуралиев

Муну менен бирге милиция кызматкери аялдан ишинин оң чечилиши үчүн автоунаасын ага каттатып берүүсүн сураган. Аялдан 10 000 сом пара талап кылып  кармалган Бишкек шаарынын Свердлов райондук ИИБнын тергөөчүсү аны интимдик мамилеге мажбурлап, автоунаасын өзүнө каттатып берүүнү сураган. Бул тууралуу Vesti.kg сайтына укук коргоо органдарындагы өздүк маалыматтар маалымдашты. Белгилүү болгондой, аял өзүнүн уулун чаап жиберип, бала атасына даттанып айтып барган. Ал ...

0 301

Мыкты офицер, таланттуу акын же эки чылбырды бирдей кармаган аксакал

28-октябрь 2019, 15:15 Айдар Нуралиев

Кыргыз милициясынын 95 жылдыгына карата... 1946-жылы 2-октябра Талас районунда төрөлгөн. 1965-жылы орто мектепти аяктагандан кийин Комсомолдук жолдомо менен райондогу “Каракол” колхозунда чабан болуп иштеген. 1966-1969-жылдары Советтик Армиянын катарында кызмат өтөгөн. 1969-2005-жылдары ички иштер органдарында иштеген. Милициянын полковниги. Бул тармактагы кызмат учурунда 70тен ашык ар түрдүү өкмөттүк медалдар менен сыйлыктарга татыктуу болгон. Эки ирет ардактуу куралдар – “Марголин” тапанчасы жана ...

0 1746

ШОК! ВИДЕО - Адамдын сөөгү көчөдө 3-4 күн "отурган". Эч ким көңүл бурган эмес

Видео 28-октябрь 2019, 14:22 Аман Аскаров

Адамдар күнүмдүк турмуш деп атып, бири-бирин байкабай калды. Айтсак, кечээ күнү Инстаграмм социалдык тармагына бир видео жүктөлдү. Видеонун авторунун айтымына караганда, Бишкек шаарынын Кулиев көчөсүнүн боюнда өлгөн адамдын сөөгү 3-4 күн жаткан. Ага эч ким көңүл бурган эмес, милиция же "Тез жардамды" эч ким чакырган эмес. Маалыматка караганда, видеонун автору жерине "Тез жардамды" чакырып, келген дарыгерлер ...

0 255

Жалал-Абадда  «Офицердин жубайы» медалы тапшырылды

28-октябрь 2019, 12:15 Айдар Нуралиев

Кыргыз милициясынын 95 жылдык мааракесине карата, бүгүн 28-октябрда Жалал-Абад ОИИБинде сыйлыктар тапшырылды. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБинин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка караганда, ИИМдин Ардагерлер кеңешинин кезектеги отурумунун чечиминин негизинде бир катар ардагер милиция кызматкерлеринин түгөйлөрүнө «Офицердин жубайы» медалы ыйгарылды. Жалал-Абад ОИИБинин жетекчилиги, областтык ардагерлер кеңешинин төрагасы тарабынан медаль тагынган айымдарга куттуктоо сөздөр айтылып, милициянын аялы болуш кыйын экендиги белгиленди. "Алар жумуш ...

0 2972

ФОТО - Финпол тарабынан кармалган аял эми бажы кызматынын үлкөн чиновниги болду

28-октябрь 2019, 17:50 Аман Аскаров

“Боло берет турмушта, особенно кыргызда” – деген сөз бар эл арасында. Чындыгында, эл кайдан алмак эле мындай сөздөрдү? Турмуштан алат да. Дегенибиз, жакында мамлекеттик бажы кызматына жаңы жетекчилер дайындалды. Алардын бири Замирбек Карашев. Буга чейин ал “Северная” темир жол бажысынын, андан кийин “Манас” бажысынын жетекчиси болгон. Эми эң кызыгы, жанагы “боло берет баары да” ...

0 255

Депутат Алиярбек Абжалиевдин уулу катышкан жол кырсыгы боюнча экспертиза коомду макулук көрөбү?

28-октябрь 2019, 11:18 Аман Аскаров

Ушул жылдын 7-июль күнү Ысык-Көлдүн Бактуу-Дөлөнөтү айылындагы кандуу жол кырсык катталган. Анда BMW X7 жана Lexus ES 330 үлгүсүндөгү унаалар кагышып, акыркы унаадан дароо төрт баланын кырчындай өмүрү кыйылган. BMW X7де депутат Алиярбек Абжалиевдин уулу, Бишкек шаардык кеңешинин депутаты Темирлан Токобеков болгон. Рулду дагы ошол бала башкарып бара жаткан дегендер бар. Бирок, кийинчерээк рулду Элдияр Халмурзаев аттуу жаран ...

0 1005

Сапар Исаковду сотко күч колдонуп алып келишти. Башка айла жок

28-октябрь 2019, 10:47 Аман Аскаров

Мурдагы премьер-министр Сапар Исаковду бүгүн сотко күч колдонуп алып келишти. Буга чейин “эрке баланын” эркелиги кармап, сотко келүүдөн баш тартып жаткан. Бул эмнеси? "Атасы" Атамбаевди туураганыбы деп көбү таң калып отурушкан. Деги Бишкектеги жылуулук электр борборундагы коррупциянын бети ачылышы керекпи? Же кылымдарга узаган дастан бойдон калып кете бермек беле? Аны сотко УКМК кызматкерлери алып келген, бирок ...

0 338

Аймактагы эң криминалдуу шаар Алматы, атаандаштыкка туруксуз Ош калаасы болду

28-октябрь 2019, 10:04 Аман Аскаров

Орто Азия жана Кавказдагы эң коопсуз, криминал жана атаандаштыкка туруктуу шаарлар аталды. Изилдөөнү казакстандык ISPG аналитикалык командасы жүргүзгөн. Аймактагы эң криминалдуу шаар болуп Алматы шаары аныкталды. Андан кийинки сапта Нур-Султан шаары. Негизинен Казакстандын шаарларынын басымдуу бөлүгү кооптуу болуп табылды. Ал эми эң коопсуз шаарлар Ашхабад жана Тбилиси калаалары экендиги белгилүү болду. Андан сырткары коопсуздугу боюнча Өзбекстандын бир ...

Жарнама үчүн орун!
600 x 50
0 177

Оруналы Кыштобаев: "Милиция бул - эл менен иштеген адам"

28-октябрь 2019, 09:51 Айдар Нуралиев

Кыргыз милициясынын 95 жылдыгына карата... Кыргыз элинин “Жашыӊда берсин мээнетти, карыганда берсин дөөлөттү”- деген жакшы бир  накыл кеби бар. Жашыӊ жетилип, билегиӊ каруу-күчкө толуп турган убагыӊда элиӊе, жериӊе ак кызмат кылганга эмне жетсин. Жаштык деген - ичсе ашка, иштесе ишке тойбой турган керемет учур эмеспи. Ал эми жашыӊ өтүп, карылык эшик какканда кылган эмгегиӊдин акыбети кайтып,  алдан-күчтөн тайган кезде ...

0 218

Кочкораталык клуб тарыхында биринчи жолу чемпион

28-октябрь 2019, 09:38 Аман Аскаров

Футбол боюнча кадимки эле аймактык клуб “Нефтчи” командасы өзүнүн тарыхында биринчи жолу өлкөнүн чемпиону болду. Кечээ, 27-октябрда Жалал-Абад шаарынын “Курманбек” стадионунда футбол боюнча Кыргызстандын кубогу үчүн беттеш өттү. Анда борбор калаанын “Дордой” жана Кочкор-Ата шаарынын “Нефтчи” командалары кезигишкен. Жыйынтыктоочу эсеп 1:0 эсебинде "Нефтчинин" пайдасына чечилди. Бишкектин “Дордой” командасы өз тарыхында 10 ирет чемпион болгон. Кочкораталык клубдун ...

0 239

Үмөтаалы МУСАЕВ: "Кичинекей кездеги кыялымды ишке ашырайын деп..."

28-октябрь 2019, 09:16 Айдар Нуралиев

Ички иштер органдарындагы эң негизги жүк, эң негизги оорчулук жана кылмышка эң акыркы юридикалык баа берүү тергөө бөлүмүнө түшөт эмеспи. Андыктан, Нарын ОИИБдин тергөө кызматынын өзгөчө маанилүү иштерди тергөө бөлүмчөсүнүн өзгөчө маанилүү иштер боюнча улук тергөөчүсү, милициянын майору, өзүн да өзгөчө инсан деп баалоого татыктуу Мусаев Үмөтаалы Жолдошович менен мектештик. -Үмөтаалы мырза, дегеле милиция тармагын кантип тандап, канча жылдан ...

0 272

ВИДЕО - Дааратканага жетпей муктаждыгын көчөдөн жайгарган

Видео 28-октябрь 2019, 10:08 Аман Аскаров

Өткөндө эле шаардын эки каттамындагы маршрут салонун жүргүнчүлөргө толтуруп алып, бири-бири менен кубалашмак ойноп, андан кийин мушташа кеткенде, коом ооруга чалдыкканын жазганбыз. Адреналин жетишпей жатат. Мына көп өтпөй анын дагы бир далили. Шаар тургуну дааратканага жетпей калганбы, айтор ким билсин, өзүнүн муктаждыгын көчөдөн эле жайгарган. Ал үчүн ыңгайлуу дагы жер тапкансып, өзүнө тимеле ыраазы. Тапкан ...

0 791

Саида Асанкулова: "Баса албасам дагы өмүрүм өтүп, тирүүчүлүктө жашап жатам"

26-октябрь 2019, 16:02 Айдар Нуралиев

Адам, аалам, тирүүлүк. Бул үч сөз биригип келип жашоо деген улуу ойду туюндуруп тургансыйт. А жашоо деген эмне? Ааламбы, адамбы, айбанатпы, жаратылыш-табиятпы? Күндүн чыгып кайра батканыбы же кечтин кирип таңдын атканыбы, убакытпы же өтүп жаткан өмүрбү? Дегеле жашоо деген эмне? Ага ким кандай аныктама бере алат? Бүгүнкү каарманым менен баарлашып отуруп мен ушул ойлорго чөмүлдүм. Анткени анын жашоого болгон ...

0 605

Тагдыр: Балам мени кечир...

26-октябрь 2019, 14:08 Айдар Нуралиев

"Апам кайтыш болгондо, атам жетим балдар үйүнө өткөрүп бериптир..." 90-жылдардын аягы эле. Бардыгыбызды баккан бейкапар турмушту ырастап берген СССР кокусунан урап, баарыбыз дендароо болуп калдык. Өлкөдө кадимкидей эле хаос жаралган. Ким тың болсо ошол өз жанын багыл, мажурөөлөр турмуштун соккусуна чыдай албай ичкиликке да берилип кетишкен. Ал убакта жаш элем. Турмушка чыга элек болчумун. Эл агып сыртка кетип, тышкы ...

26-октябрь 2019, 14:08 | 605
0 797

+18 ВИДЕО. Айдоочулардын жол ортосундагы кызылдай мушташы

Видео 26-октябрь 2019, 13:14 Аман Аскаров

Коом “айнып” баратат десек жаман көрүшөт. Күндө кандайдыр бир кызыктуу, көп учурда акылга сыйбас окуяларга күбө болмоюнча тура албай калдык. Организм “дозаны” талап кылып калды. Кечээ, 25-октябрь күнү кечке маал шаардын борбордук бөлүгүндө 100 жана 102-маршруттун айдоочулары салонду жүргүнчүлөргө толтуруп алып, жарышка түшкөнү кандай? Андан кийин бири экинчисинин бусигин чийип алса, көчөгө чыгып алып, оозго алгыс ...

0 949

Армиядагы "дедовщина" массалык адам өлтүрүүгө себеп болду

26-октябрь 2019, 12:19 Аман Аскаров

Забайкалье аймагындагы Горный айылында аскердик бөлүктө чогуу кызмат өтөгөн жоокерлерин жана эки офицерди атып салган солдат кадамынын негизги себептерин атады. Колго түшүрүлгөн жоокер окуя тууралуу эч өкүнбөй тургандыгын айтып, кылган кылмышы үчүн жоопкерчилик тартууга моралдык жактан даяр экендигин билдирген. Андан сырткары, ал каргашанын негизги себеби – уставдык эмес мамиледен  келип чыккандыгын айткан. Жөнөкөй тил менен айтканда ...

0 559

ФОТО - Жанар Акаев - агент, Рыскелди Момбеков - акылы жок, Исхак Пирматов - акылдуубу?

26-октябрь 2019, 11:10 Аман Аскаров

Real Time 312 Фейсбук баракчасында кызыктуудай бир макала жарык көрдү. Окуп чыксаң ар ким өзүнүн ой-жүгүртүүсү жана дүйнө таанымына жараша жыйынтык чыгарса керек. Автор бул мыйзам долбоору колдоого алына турган болсо Кыргызстан келечекте Украинанын кейпин кийип калышы мүмкүн дегендей бир ой калтырыптыр. Бул эмнеси? Эскертүүсүбү же алдын ала коомчулукка “үчүнчү күчтөрдүн” сөөмөй кезегендигиби? Андай боло турган болсо, буга чейин “үчүнчү ...

0 775

ВИДЕО - Каршылашынын хиджабын түздөгөнгө курчап калышкан

Видео 26-октябрь 2019, 09:34 Аман Аскаров

Кыз- келиндер арасындагы футбол боюнча WAFF чемпионатында “Араб православдык клуб” жана Иорданиянын “Шабаб аль-Ордон” командалары ортосундагы беттеште иорданиялык футболчу оюн учурунда кокустуктан каршылашындагы мусулман кыздын башындагы хиджабын чечип алган. Андан соң, иордания клубунун оюнчулары дароо абалды жеринен талдай калып, каршы команданын оюнчу кызы хиджабын түздөө үчүн аны тегеректеп туруп калышкан. Бул кадам менен алар мусулман ...

0 601

ВИДЕО - Токмоктогу үрөй учурган жол кырсыгы

Видео 26-октябрь 2019, 09:40 Аман Аскаров

Токмок шаарына жакын үрөй-учурган жол кырсыгы катталды. Анын видеосун жарандык активисттердин бири өзүнүн Инстаграмм баракчасына жүктөгөн. Жол коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынан маалымдагандай, Бишкек-Нарын-Торугарт автожолундагы жол кырсыгы тууралуу маалымат аларга 25-октябрь саат 16:40да келип түшкөн. Анда Toyota Camry унаасы батыштан чыгышты карай кетип бара жатып, айдоочусу рулду башкара албай, жолдун жээгиндеги тосмону сүзүп алган. Кырсыктан баш-аягы 5 ...

0 259

Финпол эс алганда чек ара менен салык кызматы бар. Аткезчилердин изи менен

25-октябрь 2019, 17:26 Аман Аскаров

Өлкөдө кадимки эле бензин “лихорадкасынын” эпидемиясы жүрүп жаткандай. Бул апта мыйзамсыз ташылып келген бензин, дизель майына экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматы (финпол) аңчылык жарыялап, анысы жемиштүү жүрүп жаткандыгын байкасак болот. Эми гана “үүх” деп эс ала түштүк эле, аткезчи ишкерлер Кыргызстан менен Казакстандын чек арасындагы “Чалдыбар - Автожол” өткөрмө пунктунан дагы “доза” өткөрөлү деген ...

0 322

Мистикалуу окуя: Канжардын сыры

25-октябрь 2019, 17:10 Айдар Нуралиев

Бир аптанын ичинде эле ички иштер министрлигинин кылмыш иликтөө тобунун кызматкерлери укмуштуудай төбө чачты тик тургузган эки окуяга күбө болушту. Калаа четиндеги бийик дарбазасы бар бийик короонун ичинде ушунчалык жырткычтык менен бырчаланып, устукандалып кескиленген өлүктөрдү көрүштү. Өлүктөр ушунчалык шылынгандыктан ар кайсы жерде жаткан адамдардын баштары кайсынысы кайсы денеге тиешелүү экенин ажырата албай да калышты. Бир топ күнгө жатып калган ...

0 671

ФОТО - Ич күйөт. Мэр Суракматов чиновниктерин тайраңдаткыча, Ташкент мэри жаңы метро куруп салды

25-октябрь 2019, 16:09 Аман Аскаров

Бишкек шаары Кыргызстандын борбор калаасы. Бишкектин мэри Суракматов кыштан кантип чыгабыз, эки-үч чакырым жолду кантип жамайбыз, жаңы конуштарга кантип электр жарыгын тартып барабыз? - деп баш катырып отурганда, коңшу Өзбекстандын борбору Ташкент шаарынын мэри президент Шавкат Мирзиёевди жаңы курулуп бүткөн “Дустлик-2” жана “Охагарон” метро станциялары менен тааныштырып жүрөт. Эки станция кошулган жер алдындагы транспорттун жалпы линиясы 7 чакырымды түзөт. Ал “Сергеле” ...

0 266

Султанбек Жоошбаев: Менин жолумду жолдоп, балдарым милиция кызматкери болду

25-октябрь 2019, 15:33 Айдар Нуралиев

Кыргыз милициясынын 95 жылдыгына карата.... Жаша жигит жашаганга жараша, Өрт болуп күй жүрөк сокпой калганча. Жигит үчүн жашоо деген күрөшүү, Аз  жыгылып, көптү жыккан балбанча!  -дегендей Султанбек аганын бүт өмүрү күрөш менен келе жатат.  Оюнга канбаган балалык кезинде, өрттөй алоолонгон жаш кезинде, күч кубатка толуп, офицер болуп баралына келген кезде да күрөшкөн,  дагы деле күрөш, кармаш бүтпөй келет. Балалык ...

0 229

АУДИО - ВИДЕО - Мэрия пенсионерлердин түбүнө кышында жетет

Аудиофайл Видео 25-октябрь 2019, 15:00 Аман Аскаров

Бишкек шаардык мэриясына караштуу “Жашылдандыруу” муниципалдык ишканасы бар. Жай мезгилинде шаарды тимеле көрктөндүрүп, көздү уялтышат. Кышка жакын шаар ичиндеги куураган бак-дарактарды кыйып, ирээттеп, тыпыйтып тизип, анан эмне кылат? Туура, сатат! Болгондо дагы кардарлары суукта үшүп калбайлы деген кемпир-чалдар. Негизи биз билгенден пенсионерлердин аярлуу катмарына шаар бийлиги  колдоо көрсөтүп, отун-суусуна колдоо кылып, кыш камылгасына жөлөк болот деп жүрүптүрбүз. Көрсө андай эмес экен. ...

Жарнама үчүн орун!
600 x 50
0 2316

АУДИО - ФОТО - Оперлер чалкасынан кеткен! Мыйзамсыз күйүүчү майдын артынан

Аудиофайл 25-октябрь 2019, 17:31 Аман Аскаров

Экономикалык кылмыштар менен күрөшүү мамлекеттик кызматы (финпол) тарабынан Кең-Булуң айылында узундугу үч чакырымга барабар жер астында көмүлгөн түтүктөр табылгандыгы тууралуу NazarNews.kg күн мурун жазган. Аны андан ары иликтөө жана изилдөө иштери каякка алып келгенин билесиздерби? Токмок шаарынын Пионерлер көчөсүндөгү короолордун бирине алып келип, ал жерден финполдун кызматкерлери көргөн көздөрүнө ишенишкен эмес. Короонун аймагынан оперлер электр насосторун, түтүктөрдү ...

0 377

АУДИО - Сойкулук менен алектенген шуркуялар кармалды

Аудиофайл 25-октябрь 2019, 13:45 Айдар Нуралиев

Жалал-Абад шаарынын аймагында мурда коомдук тамактануучу жайды бүгүнкү күндө белгисиз атуул сойкукана катарында иштетип жаткандыгы боюнча ыкчам маалымат алынган. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматта “Сойкулукка жана ыпластыкка көмөктөшүү” болуп катталып, Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 167-беренесинин 1-бөлүгү менен Жалал-Абад ОИИБдин Тергөө кызматы тарабынан сотко чейинки өндүрүш иши башталган", -деп айтылат маалыматта.  Маалыматка ылайык, жогорудагы сотко чейинки өндүрүш ...

0 323

АУДИО - СҮРӨТ – Көз жаш аралашкан той. Жигит каза болгон кызга үйлөндү

Аудиофайл 25-октябрь 2019, 13:22 Алтын Булат

Үлпөт көйнөгүн кийген кыз табытта жатат. Жанында ага үйлөнүп жаткан жигит жана жакындары бар. Кайгылуу той салтанаттуу тойлор сыяктуу эле тойканада өткөрүлгөн. Айырмачылыгы той ээлеринин жана коноктордун жүзүндө кубануунун эмес, кайгыруунун белгиси байкалат. Кытайда өткөн бул үйлөнүү той, мындан алты жыл мурда эле өтмөк экен. Тагыраагы, 2013-жылы сүйүшкөн жаштар никеге катталышканы айтылууда. Бирок, кыздын катуу оорусунан улам, той жылдырылып ...

0 205

Милиция менен детективтер ортосунда спорттук мелдеш өткөрүлдү

25-октябрь 2019, 14:04 Айдар Нуралиев

Кыргыз Республикасынын ИИМдин Мамлекеттик адистештирилген күзөт кызматы башкы башкармалыгынын начальниги,  милициянын генерал-майору Талант Исаевдин жана Кыргызстан күзөт жана детективдик мекемелеринин бирикмесинин төрагасы Капар Батыркановдун демилгелери менен, 2019-жылдын 24-25-октябрь күндөрү Күзөт кызматынын окуу-машыктыруу борборунун базасында Кыргыз Республикасынын ИИМдин МАККББнын жана Кыргызстан күзөт жана детективдик мекемелеринин бирикмесинин (КДМБ) командаларынын арасында биринчи ирет спорттук мелдеш уюштурулуп өткөрүлдү. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз ...

0 518

АУДИО - Кандуу жол кырсыктын себеби айтылды. BMW X7 ылдамдык эрежесин бузган

Аудиофайл 25-октябрь 2019, 13:57 Аман Аскаров

Ушул жылдын 7-июль күнү Ысык-Көлдүн Бактуу-Дөлөнөтү айылындагы кандуу жол кырсыкка BMW X7 унаасынын катуу ылдамдыгы себепкер болгон. Мындай бүтүмдү автотехникалык эскпертиза чыгаргандыгы белгилүү болду. Ал тууралуу маалыматты Ысык-Көл ОИИБ жергиликтүү маалымат булактарынын бирине берген. Анда BMW X7 жана Lexus ES 330 үлгүсүндөгү унаалар кагышып, акыркы унаадан дароо төрт адам мерт кеткен. Ал эми жол тандабастагы жүргүнчүлөр ооруканага жеткирилген. Алгач ...

0 297

АУДТО - ВИДЕО – Ишенимдүү достордун айрылышы кыйын болду

Аудиофайл Видео 25-октябрь 2019, 13:32 Алтын Булат

Кинолог кызматынан кетип жатат. Бирок, төрт аяктуу ишенимдүү, берилген досу аны кетиргиси жок. Айбан болсо дагы, ит буга чейинки кожоюн досу менен ажырашып жатканын сезип, билип жаткандай. Кытайда тартылды делген мына ушул тасма көпчүлүктүн жүрөгүн оорутуп, жашыктардын жашын агызууда. Бул тууралуу Твиттердеги талкууда көпчүлүк итти кинологго бериши керек экенин, антпесе бу жаныбар кайгы менен кусалыкты көтөрө албай турганын жазышууда. Кандай болгон ...

0 1194

ВИДЕО - Депутаттын "сүйгөнү" Сусанна: Мен кыргызмын, Кыргызстан алга!

Видео 25-октябрь 2019, 11:10 Аман Аскаров

Сусанна Егорян аттуу кыргызстандык кыз, “Miss Asia World – 2019” эл аралык сулуулар сынагын жеңип келбеди беле жакында. Бул жаңылык коомчулуктун көңүл сыртында калып, ал сулуу Инстаграмм баракчасына “жарандыгымды алмаштырам” деп тултуйганда, таарынычын эптеп-септеп атып Жогорку Кеңештин депутаты Марлен Маматалиев кат жазып баскан. Жакында ал barsmеdia га интервью берип, жарандыгын алмаштырам деген сөз ачуулуктан келип чыккандыгын айтып, бирок моделдик бизнес ...

0 265

Аширбек БАКАЕВ, генерал-майор: «Ата намысын, эне сүтүн актайын деп, эл-журтума эмгектенип…»  

25-октябрь 2019, 09:42 Айдар Нуралиев

Кыргыз милициясынын 95 жылдыгына карата… -Аширбек агай, мен алгач  сиздей уулду тарбиялаган ата энеңиз, туулуп өскөн кичи мекениңиз тууралуу сурагым келип турат? Ааламга жол айылдан башталат десе, келечекке да жол балалыктан башталат эмеспи. Ар бирибиз үчүн туулган айылыбыз эч нерсеге алмашкыс ажайып бейиш. Айылыбыздын бизге берген деми менен алдыга карай арым таштап келебиз. Кичи мекенге өзүбүз жетпесек да оюбуз ...

0 142

ВИДЕО - Шамандар Жириновскийдин "жинин" чыгарды

Видео 26-октябрь 2019, 11:12 Аман Аскаров

Орусиялык саясатчы, мамлекеттик думанын “түбөлүктүү” депутаты Владимир Жириновскийди КМШ өлкөлөрүндө билбеген жан жок болсо керек. Бир туруп кесиптештерин сөксө, бир туруп журналисттер менен кайым айтышат. Дагы бир учурда энеден туума жылаңач болуп чилдеде муздак сууга түшөт. Кыскача айтканда, оюнда эмне бар экендигин аңдып билүү мүмкүн эмес. Ал бул ирет дагы бир өзгөчөлөндү. Же болгону карылык келди, акылга келейин дедиби, алыскы шамандарга ...

0 486

Элестеткиле! Ошто бир үлкөн 600 миң доллардан кур жалак калды

25-октябрь 2019, 09:27 Аман Аскаров

Кыргызстанга Өзбекстан жараны мыйзамсыз жол менен 600 миң доллардан ашуун акчаны киргизүү аракетин көргөн. Бирок анын көздөгөнү ишке ашпай,  коңшу өлкөнүн күч органдары тарабынан кармалган. Окуя “Наманган-Касансай” автожолунда болгон. Анда Өзбекстандын мамлекеттик коопсуздук кызматынын кызматкерлери шектүү унаанын токтотуп, аны текшерүүгө алганда, ичинен 600 миң доллардан ашуун накталай акча чыккан. Акча алып бараткан адам аны Кыргызстандагы кайсы бир үлкөнгө ...

0 186

Сүрөт. «Ардагерден бир белек» акциясы 

25-октябрь 2019, 09:09 Айдар Нуралиев

24-октябрь Кыргыз Республикасынын ИИОнун ардагерлеринин күнүнө карата, Жалал-Абад облусунун аймагында «Ардагерден бир белек» аталышында акция жүргүзүлдү.  Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБнин басма сөз кызматы билдирди. Малыматка караганда,  иш-чара учурунда Жалал-Абад облусунун ички иштер органдарынын ардагерлери облустун шаар-райондорундагы төрөт үйлөрүнөн кабар алышты. Ардагерлер  жаңы төрөлгөн ымыркайларга өздөрү демилгелеп даярдап барышкан белектерин тапшырышып, ымыркайларга келечектеги мыкты инсан жана ырыскы, дөөлөтү менен болушун ...

0 267

Бакыт Төрөбаев: "Унаа ээлери растаможкага 5-6 миң доллар төлөп калышы күтүлүүдө"

24-октябрь 2019, 17:56 Айдар Нуралиев

"Өнүгүү-Прогрес" фракциясынын лидери Бакыт Төрөбаев растаможкадагы боло турган өзгөрүүлөр тууралуу "Азияnews" гезитине айтып берди. - Бакыт Эргешович, келерки жылдан тарта бир топ товарлар кымбатташы мүмкүн экенин эскерттиңиз. Ал эмнеге байланыштуу? - ЕАЭБдин алкагына кирип жатканда 166 позиция боюнча бизге 3-4 жылга жеңилдик берилген. Анын ичинде автоунаалар да бар болчу. Эми келерки жылдын 1-январынан тарта автоунааларды растаможкалоо баасы 8-10 эсеге ...

0 226

ИИМдин ардагерлери жаңы төрөлгөн ымыркайларга белек тапшырышты

24-октябрь 2019, 16:39 Айдар Нуралиев

Быйыл, 2019-жылдын 24-октябрь күнү Кыргыз Республикасынын ички иштер министрлигинин ардагерлер кеңешинин түзүлгөндүгүнө 59 жыл толду. Ушуга байланыштуу, ИИОнун ардагерлер кеңешинин төрагалары жаңы төрөлгөн ымыркайлар үчүн энелерине белектерди тапшырышты. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык,  Кыргыз Республикасынын ИИМдин ардагерлер кеңешинин төрагасы, милициянын отставкадагы полковниги Султанбек Жоошбаев, Чүй облусунун ИИББнын ардагерлер кеңешинин төрагасы Ашыркул Асанов, Чүй облусунун ЖКККБнын ...

0 998

Болгон окуя: Ордолуу жыланды өлтүрбө!

24-октябрь 2019, 15:47 Айдар Нуралиев

Дегеле турмушубузда жыландар тууралуу окуяларга көп кездешебиз. Тээ илгери качандыр бир мезгилде болгон окуяны конокто, кудамдын үйүндө отурганда, бейтааныш мейман баян кылып айтып берген. Өзү Жумгал районунан болот экен. Сөздөн-сөз чыгып отуруп, акыры жыландар темасына келип такалып калдык. -  Бул окуяны мен атамдан уккам. Ал эми атама болсо, окуяга катышкан киши өзү айтып бериптир. Айылыбызда алтымыш жаштан өтүп калган ...

0 405

Даяр болгула! Келээрки жылы Бишкек мэриясы далай үй, кыймылсыз мүлктү түрттүрөт

24-октябрь 2019, 13:57 Аман Аскаров

Быйыл Бишкек шаарында кытай грантынын эсебинен бир нече чакырым жол оңдолуп, айрым учурда жаңы курулуп жаткан жолдун ордуна турак-жайлар жайгашып, алар түрттүрүлгөндүгү эсиңерде болсо керек. Ал кыймылсыз мүлктү албетте, шаар бийлиги барып эле түрттүрүп салбайт. Ал үчүн кыймылсыз мүлктүн ээси менен үйдү, жер тилкесин баалоо деген процедура болот. Бул боюнча бүгүн парламенттик жыйында депутат Марат Аманкулов сөз кылды.

0 136

Бардыгы эле соттук реформа жүрүп жатат дейт. Реформанын өзү кайда?

24-октябрь 2019, 12:52 Аман Аскаров

Бүгүнкү Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Жанар Акаев соттордун ишин көзөмөлдөө керек деген пикирин билдирди. Себеби, милиция же башка күч түзүмдөрү кылмышкерлерди кармап бергени менен, алар бир-эки жылга жетпей соттордун чечими менен боштондукка чыгып кетип жаткандыгына нааразы болду. Чындыгында, жагдай ошондой. Акыркы учурдагы бүйүр кызыткан бир эле мисал келтирели. Мамлекеттик каттоо кызматынын Бишкек шаары боюнча автотранспортторду каттоо ...

Жарнама үчүн орун!
600 x 50
0 319

ФОТО - Финпол аткезчилердин уюгун аныктады

24-октябрь 2019, 12:51 Аман Аскаров

Экономикалык кылмыштар менен күрөшүү мамлекеттик кызматы (финпол) тарабынан Кең-Булуң айылында узундугу үч чакырымга барабар жер астында көмүлгөн түтүктөр табылды. Бул тууралуу аталган кызматтан маалымдашты. Ал түтүктүн жардамы менен Казакстандан күнүнө мыйзамсыз жол менен болжолдуу түрдө 100 тонна күйүүчү майды өткөрүп турушкан. Андан сырткары, күйүүчү майларды андан ары сатууга даярдоо үчүн курулган атайын кампа, кампанын ичинен май ...

0 138

Медициналык окуу жайлар казынадан миллиондорду кыңырып жатабы?

24-октябрь 2019, 11:53 Аман Аскаров

Кыргызстанда чет элдик жарандарга билим берген медициналык окуу жайлар салыкты жетиштүү түрдө төлөбөй жаткандыгын эл өкүлү Аида Исмаилова парламенттин бүгүнкү жыйынында айтып чыкты. Анын маалыматы боюнча, бул багытта билим алган чет элдиктер чоң каражат төлөп билим алышат. Айтсак, алардын бир жылдык билим алуусу 150 миң сомго чейин жетет экен. Аны тактоо үчүн депутат Исмаилова мамлекеттик ...

Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83