www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кылмыш жана кырсык
0 652

ВИДЕО – Өлтүрүлгөн депутат жана анын жакындарынын сөөгү табылды

Видео 23-октябрь 2019, 15:56 Алтын Булат

Тасмада байкалгандай адам сөөктөрүн бирден казып алып чыгарып жатышат. бул денелердин көмүлгөнүнө 7 жыл болгон. Москва шаарынын четиндеги дөңсөөдө табылган бул сөөктөрдү казуу иши 12 күнгө созулуп, жалпысынан 2 миң чарчы келген аянт 10 метр тереңдикке чейин чукулган. Издөө иштери өз натыйжасын берип, жыйынтыгында 4 метр тереңдиктен сөөктөр табылган. Анын экөөсүнүн баш сөөктөрүндө октун калдыктары байкалганы РФ ИИМинин атайын ...

0 133

Базарларда башаламан соода кылгандар тартипке салынууда

23-октябрь 2019, 14:34 Алтын Булат

Бүгүн, 23-октябрда жол жээгинде жана тротуарларда соода кылган 10 орун жабылды. Учурда баардык соодагерлер менен профилактикалык сүйлөшүүлөр жүрүүдө. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриянын маалымат кызматы билдирди. Анда айтылгандай, Октябрь райондук акимиатынын кызматкерлери «Орто-Сай» базарынын айланасындагы башаламан соода-сатык кылгандар менен күн сайын, ал тургай сутка бою активдүү күрөшүп келет. Андыктан Бишкек шаардык мэриясы соода кылууда жана борбордун аймактарында жарнама жайгаштыруу ...

0 354

“Шоопур” УКМКнын калпын чыгарууда. Ал “каралардан” качып, өзү колго түшүп бергенби?

23-октябрь 2019, 12:12 Бакыт Молдалиев

Бишкектин Октябрь райондук сотунда бүгүн, 23-октябрда мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин экс-кеңешчиси, президенттик аппарат башчысынын мурунку орун басары, коомчулукта “шоопур” каймана ысым менен белгилүү болгон Икрамжан Илмияновдун иши боюнча  соттук процесс уланды. Кызыгы, соттук териштирүү жүрүшүндө Икрамжан Илмиянов аны эч ким Казандан кармап келбегендиги, ага кылмыш иши козголгонун туугандарынан телефон аркылуу уккан соң өзү Россиядан учуп ...

0 336

Жездеси балдызын зордуктады деген факт боюнча иликтөө жүрүп жатат

22-октябрь 2019, 17:59 Айдар Нуралиев

2019-жылдын 20-октябрында Аламүдүн РИИБине 19 жаштагы Т.А. аттуу кыз арыз менен кайрылып, эжесинин күйөөсүнө карата чара көрүп берүүнү суранган. Айтымында, жездеси аны биринчи жолу май айында зордуктап, ошондон бери зордуктап келген. Бул тууралуу Чүй ОИИББинин маалымат кызматы кабарлады. Маалыматка караганда, бул факт Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине зордуктоо беренеси менен катталган. Сотко чейинки өндүрүштүн жүрүшүндө милиция кызматкерлери тарабынан ал ...

0 725

ВИДЕО - Лексустун айдоочусу беш унааны сүзүп уктап калган

Видео 22-октябрь 2019, 17:54 Аман Аскаров

Lexus 570 унаасынын айдоочусу катары менен беш унааны сүзүп, уктап калган. Белгилүү болгондой, жол тандастын айдоочусу мас абалында болгон. Окуя Казакстандын Караганда шаарындагы турак үйлөрдүн короосунда орун алган. Дароо ал жерге жергиликтүү тургундар видео камералары менен чыгып, окуяны ордунан тартып калууга үлгүрүшкөн. Андан соң полиция кызматкерлери келип, шопурду алып чыгуунун аракетин көрүшкөн, бирок ал укук коргоо органдарынын талабына ...

0 14465

ВИДЕО- Москвада полиция кызматкерлери кыргыз жаранын сабап, ал тасмага түшүп калган

Видео 22-октябрь 2019, 17:34 Аман Аскаров

Орусияда милиция кызматкери документ көрсөтүүдөн баш тарткан кыргызстандыкты сабап салды. Анын видеосу социалдык тармактарга тарап, кызуу талкууга алынууда. Тасмада көрүнүп тургандай, полиция кызматкерлери кыргыз жаранын кафеден сүйрөп чыгып, буттарына тепкилешкен. Белгилүү болгондой, окуя Москванын Ленинград базарында болуп, укук коргоо кызматкерлери ал жерге “мигрант” аталышындагы операциянын алкагында барышкан. Бирок, эң кызыктуусу, Орусияда мигранттар менен ишти полиция кызматкерлери алып ...

0 583

Түнү жалгыз баспа! Зордукчудан аялын коргогон адам жаза алышы мүмкүн

22-октябрь 2019, 16:12 Алтын Булат

Достору менен эс алуу учурунда күйөөсүнө айтпай үйүнө кетип калган аял орто жолдо зордукчунун запкысын тартты. Бул окуя 13-октябрь күнү Орусиянын Харьков областында катталганын орус маалымат булактары жазып чыгышты. Ал маалыматта айтылгандай, аял үйүнө жакындап калган учурда артынан акмалап келген белгисиз эркек аны зордуктап кирген. Бул учурда аялын издеп чыккан 27 жаштагы күйөөсү кыйкырып, жалынып жаткан тааныш үндү угуп ...

0 261

Милиция кылмышка шектүүнү издеп жатат. Сиз тааныбайсызбы?

22-октябрь 2019, 14:50 Айдар Нуралиев

Чүй облусунун Ысык-Ата районундагы ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлери ушул жылдын июль айындагы кылмышка тиешеси бар болушу мүмкүн делген белгисиз адамды издөөгө жардам көрсөтүүгө  чакырат. Бул тууралуу Чүй облусунун ИИББинин басма сөз кызматы билдирди. Буга чейин, Ысык-Ата районунун ички иштер бөлүмүнө Б.С. аттуу 1978-жылы туулган жаран арыз менен кайрылган. Аталган адамдын кайрылуусу боюнча 4-июлда түнкү саат 01:00 чамасында аны белгисиз ...

0 290

6 жашар кызга ыплас аракеттерди жасаган деп шектелип 40 жаштагы адам кармалды

22-октябрь 2019, 14:42 Айдар Нуралиев

Бишкекте 40 жаштагы адам 6 жаштагы кызга карата ыплас аракеттерди жасаган деп шектелүүдө. Бул тууралуу 24.кж агенттиги жабырлануучунун жактоочусунун сөзүнө таянып жазып чыкты. Маалыматка караганда, кылмышка шектүү кармалып, СИЗОго киргизилген. Ал 6 жаштагы кызды мончого алып кирип, ыплас аракеттерди  жасаарда, кыз качып чыккан. Бул тууралуу кыздын ата-энеси  билип, милиция чакырышкан. Ал эми кылмышка шектүү качып кетип, кийин кармалган. 

0 453

Прокурорлордун иши эмне менен аяктаган?

22-октябрь 2019, 14:43 Аман Аскаров

Өткөн жылдын 23-декабрынан 24-декабрына караган түнү Балыкчы шаарынын прокурорлору жана жол коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын кызматкери ортосунда мушташ болуп, ЖККББнын кызматкери жабыркаган. Кийинчерээк, бул иш боюнча башкы прокуратура “күч колдонуу менен кызматтык абалдан кыянаттык менен пайдалануу” беренеси боюнча кылмыш иши козголгондугун кабарлап, Балыкчы шаарынын прокурорунун эки жардамчысы кызматтан бошотулгандыгын маалымдаган. Ошондой эле, ички кызматтык териштирүү дайындалгандыгы айтылган эле. ...

0 296

Салянова да саттыбы?

22-октябрь 2019, 14:04 Айдар Нуралиев

Мурдагы башкы прокурор, бир кездери темир айым аталган Аида Салянова Батукаевдин мыйзамсыз бошотулушуна Алмазбек Атамбаевдин тиешеси бар деп эсептейт. Мындай көрсөтмө беришине эмне себеп болду? Же чындап эле ал Атамбаевдин айткандарын аткарганбы? Анын айтымында, өзү азырынча сотко чакырыла элек. "Эгер чакырса мен сөзсүз барып, кандай болгонун бардыгын айтам. Ал кезде Алмазбек Шаршенович Батукаевдин ден-соолугуна байланыштуу өлкөдөн чыгаруу керектигин айткан. Ошондой ...

22-октябрь 2019, 14:04 | 296
0 190

Чүйдө эркек сөрөй 18 жаштагы балдызын 5 айдан бери зордуктап жүргөн деп шектелүүдө

22-октябрь 2019, 12:03 Айдар Нуралиев

Чүй облусунун Аламүдүн районунда бир эркек сөрөй 5 айдан бери 18 жаштагы балдызын зордуктап жүргөн деп шектелүүдө. Бул тууралуу Кактус сайты жеке булактарына таянуу менен жазып чыкты. Маалыматка караганда, ушул жылдын 19-октябрында Аламүдүн РИИБине 18 жаштагы кыз арыз менен кайрылып, жездеси май айынан бери күч колдонуп зордуктап жүргөндүгүн билдирген. Ал эми зордукчунун аялы, тактап айтканда зордукталган кыздын эжеси арызын ...

0 111

Батукаевге паспорт берген Эрлан Сапарбаев каякта?

22-октябрь 2019, 10:30 Айдар Нуралиев

Батукаевдин Кыргызстандан чыгып кетүүсү боюнча кыргыз бийлигинин бир топтору "кыргынга" учурады. Далай министр, директор, башчы, этеги доктурларга чейин суралып, жыйынтыгында Атамбаевди да ала жатты. Ушул кезде көпчүлүк сурактар дал ошол Батукаевдин иши менен байланыштуу. Кызыгы, кыргыздын кыйын жигиттеринин кулагын кесип, кордук көрсөтүп, кыргыз бийлигин шылдыңдап, кызыл килем менен Кыргызстандан чыгып кеткен Азиз Батукаевге паспорт берген Эрлан Сапарбаев каякта? Сапарбаев ушул ...

0 123

Мухаммедкалый Абылгазиев: "Криминалга эмес, милицияга кайрылгыла"

22-октябрь 2019, 09:10 Айдар Нуралиев

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев ишкер Хуфур Абдурахемандын өлүмү боюнча кеңешмеде жергиликтүү жана чет элдик ишкерлерди мыйзамды карманууга, маселе жаралса өз алдынча криминал менен чечүүгө аракеттенбей, милицияга кайрылууга чакырды. "Иликтөөнүн жыйынтыгы менен коомчулукка кылмыштын майда-баратына чейин маалымат бергиле. Муну менен катар тийиштүү органдар ишкерлерге каршы жасалган кылмыштарды алдын алуу үчүн профилактикалык иштерди жүргүзсүн", -деди өкмөт башчы. Абылгазиев жарандар ишкерлик менен эркин алектенүүсү ...

0 120

Пара алганга шектелген прокурор менен тергөөчү СИЗОго киргизилди

21-октябрь 2019, 17:35 Айдар Нуралиев

Кылмышка шектелип кармалган Жети-Өгүз райондук прокурорунун орун басары менен аталган райондун ички иштер бөлүмүнүн тергөөчүсү УКМКнын СИЗОсуна киргизилди. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди. Мындай чечимди Бишкектин Биринчи Май райондук соту кабыл алган. Эске салсак, 2019-жылдын 16-октябрында УКМК менен Башкы прокуратура биргеликте өткөрүлгөн ыкчам-тергөө иш-чараларынны жүрүшүндө Ысык-Көл облусуна караштуу Жети-Өгүз районунун Кызыл-Суу айылында алган ...

0 3844

ҮРӨЙ УЧУРГАН ВИДЕО - Жеке ишкердин сөөгүн казып алуудагы тасма жарыяланды

Видео 21-октябрь 2019, 13:20 Аман Аскаров

Жеке ишкер Хуфур Абдурахемандин сөөгү кылмышкерлер көрсөтмө бергендей эле Кочкор районунда табылган. Маркумдун денесин казып алуу учурудагы видео жарыяланды. Эске салсак, дээрлик 15 күн дайынсыз болуп, туугандары жана милиция тарабынан изделип жаткан Бишкектеги “Мадина” кафесинин ээси, 38 жаштагы ишкер Хуфур Абдурахемандын сөөгү Нарын облусунун Кочкор районунан табылган. Бишкек ШИИББи берген маалыматка ылайык, Свердлов РИИБинин кызматкерлери спецназ менен биргеликте кылмышка шектүүлөрдүн изине ...

Жарнама үчүн орун!
600 x 50
0 453

ВИДЕО - Мыйзамдагы ууру Костя Канский кармалды

Видео 21-октябрь 2019, 12:25 Алтын Булат

Куралданган спецназ шаты аркылуу дарбазаны ашып түшүүдө. Ичкери киргенден кийин дагы кыйлага тинтүү жүрдү. Айтылгандарга караганда, “Костя Канский” каймана аты менен белгилүү кримтөбөл Константин Найбауэрди Орусиянын Красноярск крайында милициянын спецназы колго түшүргөн. Кримтөбөл каршылык деле көрсөткөн эмес. Орусиянын ИИМи билдиргенге ылайык, 54 жаштагы бул кримтөбөл шаар четиндеги үйүнөн кармалган. Анын үстүнөн “Кылмыштуу иерархияда жогорку даражаны ээлөө” беренеси менен кылмыш ...

0 193

Ишкерди өлтүргөндөр СИЗОго киргизилди

21-октябрь 2019, 11:50 Айдар Нуралиев

Бишкектеги “Мадина” кафесинин ээси Хуфур Абдурехманды өлтүргөнгө шектелгендер СИЗОго киргизилди. Бул тууралуу укук коргоо органдары кабарлашты.  Маалыматка караганда, мындай чечимди Бишкектин Свердлов райондук соту кабыл алган. Белгилүү болгондой, ишкерди өлтүрдү деп шектелген 4 жаран (арасында мурунку милиция кызматкерлери да бар) СИЗОго киргизилген, ал эми бул кылмышка жалпысынан 8 киши шектелип жатат. Эске салсак, дээрлик ...

0 97

Аскада селфи кылмакчы болгон аял учуп өлдү

21-октябрь 2019, 11:27 Алтын Булат

41 жаштагы аялдын жансыз денеси Орусиянын Приморск крайындагы Дарданеллы капчыгайынан табылды. Тергөөчү, каза болгон аял 20 метр бийиктиктен учуп түшкөнүн билдирген. Ал айтылгандарга ылайык, Орусиянын Приморск крайында бул аял аскадан сүрөткө түшмөкчү болгон. Бирок жаза басып алып тайып, кулап кеткен. Учурда бул факты боюнча “Байкабастыктан өлүмгө алып келүү” боюнча кылмыш иши козголуп, иликтөө иштери жүрүп жатат. NazarNews.kg

0 1024

ВИДЕО - 27 секундда 300 миң доллар карактап кетишти

Видео 21-октябрь 2019, 10:41 Алтын Булат

Унаалар толгон кан жол, сыртта жарык. Капыстан капталдан чыга калган Мерседес, алдыдагы кара түстөгү Мерседес унаасын жөөлөп барып токтотуп, биринчи унаадан түшкөн 5-6 жигит тиги токтогон унаанын эшигин күч менен ачып, багаждан сумкаларды алып кетишти. Бул тууралуу орус маалымат булактары жазгандарга караганда, окуя 14-октябрь күнү Москванын Ленин проспектисинде катталган. Каракчылардын колуна тийген сумкаларда 300 миң доллар (20 миллион рубль) ...

0 151

Ишкерди өлтүргөндөрдүн арасында мурунку милиционерлер да бар

21-октябрь 2019, 09:46 Айдар Нуралиев

Дээрлик 15 күндөн бери дайынсыз болуп, туугандары жана милиция тарабынан изделип жаткан Бишкектеги “Мадина” кафесинин ээси, 38 жаштагы ишкер Хуфур Абдурахемандын сөөгү Нарын облусунун Кочкор районунан табылган. Бишкек ШИИББи берген маалыматка ылайык, Свердлов РИИБинин кызматкерлери спецназ менен биргеликте кылмышка шектүүлөрдүн изине түшкөн. 18-октябрда Бишкектин аймагынан кылмышка шектелип, Нарын облусунда 1964-жылы туулган К.Э., Бишкек шаарында 1990-жылы туулган Ш.У., Ысык-Көл облусунда ...

0 158

Макгрегор 20 жаштагы кызды зордуктады деп шектелип жатат

21-октябрь 2019, 09:32 Айдар Нуралиев

Белгилүү ирландиялык UFC мушкери Конор Макгрегорго сексуалдык зордук-зомбулук көрсөттү деген шек менен иликтөө жүрүп жатат. Бул тууралуу чет элдик маалымат каражаттары билдирди. Маалыматка караганда, зордуктоо Дублиндеги сыра ичүүчү жайлардын  бириндеги унаа токтоотуучу жайда болгон. Жабырлануучу 20 жаштагы кыз. Ал мушкерге каршы арыз жазган-жазбаганы белгисиз, бирок окуянын күбөлөрү көрсөтмө беришкен. Азыркы тапта Макгрегорго полиция расмий айып кое элек жана ал ...

0 632

ВИДЕО - Ошто индиялык жана пакистандык студенттер мушташты

Видео 21-октябрь 2019, 10:17 Аман Аскаров

Ош шаарында чет элдик студенттер бири-бири менен мушташа кетти. Айрым маалыматтар боюнча мушташ индиялык жана пакистандыктардын ортосунда орун алган. Ош шаардык ички иштер башкармалыгы бул иш боюнча иликтөө болоорун билдирди, бирок азырынча эч ким арыз менен милицияга кайрылган эмес. Белгилей кетсек, эки өлкөнүн ортосунда да байма-бай чыр-чатак болуп турат.  Булак: NazarNews.kg

0 848

ВИДЕО - "Сен билесиңби, мен кимдин кызымын?" - Бишкекте жол кырсыгына себепкер болгон мас кыздардын видеосу тарады

Видео 20-октябрь 2019, 15:31 Бакыт Молдалиев

Бишкекте жол кырсыгына кабылган автоунаанын ичинде кыздар мас абалында болушкан. Бул тууралуу маалымат видеосу менен биргеликте бүгүн соцтармактарга тарады. Автоунаалардын бул кагылышууларынан улам 3 автоунаа жабыр тарткан. Видеодон жол кырсыгына себепкер болду делген автоунаадан чыккан кыздардын бири “Сен билесиңби, мени кимдин кызы экенимди?!” деп башка жабыр тарткан автоунаанын айдоочусуна кыйкырып жатканын көрүүгө болот. Окуя Бишкектин кайсы жерде болгону азырынча ...

0 282

Бишкектеги ишкерди өлтүрүүгө милиция кызматкерлеринин катыштыгы барбы?

20-октябрь 2019, 11:17 Бакыт Молдалиев

Бишкектеги “Мадина” кафесинин ээси, 38 жаштагы ишкер Хуфур Абдурахеманды өлтүрүп, Кочкор тарапка көөмп салган кылмышка шектүүлөрдүн арасында мурда милицияда иштеген эки милиция кызматкери да бар. Бул тууралуу жергиликтүү ар кайсы басылмалар “өздүк булактарыбыз билдирди” дегенге таянып жазышууда. Бирок, бул тууралуу Бишкек милициясы тараткан расмий маалыматта да айтылат. Андагы маалыматка үңүлсөк, кылмышка шектүүлөрдүн арасында Нарын областында 1964-жылы туулган К.Э. аттуу жаран пенсиядагы ...

0 608

ФОТО - Өлтүрүп, көөмп коюшкан. Ишкерди өлтүргөнгө шектүүлөр кармалды

19-октябрь 2019, 19:11 Айдар Нуралиев

Дээрлик 15 күндөн бери дайынсыз болуп, туугандары жана милиция тарабынан изделип жаткан Бишкектеги “Мадина” кафесинин ээси, 38 жаштагы ишкер Хуфур Абдурахемандын сөөгү Нарын облусунун Кочкор районунан табылды. Бул тууралуу Бишкек ШИИББинен кабарлашты. Маалыматка ылайык, Свердлов РИИБинин кызматкерлери спецназ менен биргеликте кылмышка шектүүлөрдүн изине түшкөн. 18-октябрда Бишкектин аймагынан кылмышка шектелип, Нарын облусунда 1964-жылы туулган К.Э., Бишкек шаарында 1990-жылы туулган Ш.У., ...

0 514

Дамба жарылган кырсыкта каза болгондордун арасында кыргыз жарандары жок

19-октябрь 2019, 17:48 Айдар Нуралиев

Красноярск крайынын Щетиниск айылда Сайба дарыясында алтын иштетилип чыгарылып жаткан артелде тосмо жарылып кетип, бир топ жарандар дайынсыз жок болуп, каза болгон. Каза болгондордун арасында кыргыз жарандары жок. Бул тууралуу Кыргызстандын Орусиядагы элчилиги билдирди. Кыргызстандын Орусиядагы элчилигинин өкүлү Гүлбарчын Байымбетованын берген маалыматына караганда, РФнын ӨКМнин Красноярск крайы боюнча башкы башкармалыгынын тиийштүү бөлүмү менен элчиликтин Красноярск шаарындагы кеңсесинин кызматкери байланышып, ...

0 434

Ала качуудагы “жапайы” фактылар: Кыздын чачы дөңгөлөккө оролуп калып...

19-октябрь 2019, 16:24 Кызгалдак Жакыпова

•2-курсту аяктап, каникулга ата-энесине келген Элмира ала качуу запкысын кергөн. Кызды мотоцикл менен ала качкан балдар Элмиранын жазылып кеткен узун, коюу чачы мотоциклдин дөңгөлөгүнө оролуп калганын этибар алышкан эмес. Башынын ооруганына чыдабай кыйкырган кызга жигиттер маани да беришкен эмес. Чачынын бир топ бөлүгү баш териси менен кошо жолдон эле сыйрылып калганын качан гана жоолук салышмакчы болгондо көрүшкөн.,Жан кейитип, жин ...

0 2296

ВИДЕО - Россияда алтын казуучу холдинг курган дамба жарылып, каза болгондордун саны өсүүдө

Видео 19-октябрь 2019, 16:42 Бакыт Молдалиев

Бүгүн, 19-октябрда Россиянын Красноярск аймагындагы Щетиникино айылында жайгашкан дамба жарылып, анда каза болгондордун саны 15ке жетти. Бул тууралуу баардык орус басылмалары жазышууда. Андагы маалыматтарга ылайык, жарылуу жергиликтүү убакыт боюнча эртең мененки саат 6:00дөр чамасында болгон. Сайга дарыясына курулган дамбанын жарылып кетүүсүнөн улам каза болгондордун саны алгач 13 деп берилсе, акыркы сааттарга алардын саны 15ке жетти. Дагы 14 адам ар кандай жаракаттар менен ...

0 1090

СҮРӨТ(18+) - Хакерлер белгилүү ырчы, актрисанын ачык сүрөттөрүн жарыялап жиберишти

19-октябрь 2019, 14:55 Алтын Булат

Ашканадагы аялдын жып-жылаңач селфи сүрөттөрү. Кебетеси америкалык ырчы жана актриса Деми Ловатого окшош. Бул сүрөттөр кара ниеттүү адамдар тарабынан уурдалып, интернетке тараганы айтылууда. Хакерлер сүрөттөрдү бир нече сайттарга жана форумдарга жүктөшкөн. Эми аларды табыш кыйын. Анткени атайын адистер тармактардагы ырчыга тиешелүү баардык маалыматтарды өчүрүүгө көмөктөшүүдө. The Blast порталынын маалыматы боюнча, Твиттердин башкы директору Жек Дорсинин баракчасын бузууда белгилүү болгон ...

0 315

Коррупцияга каршы күрөштү соттор талкалап жатышат

19-октябрь 2019, 14:05 Айдар Нуралиев

УКМК кызматкерлери 2018-жылдын 2-ноябрында Мамлекеттик каттоо кызматынын автоунааларды жана айдоочулар курамын каттоо боюнча Бишкек шаардык бөлүмүнүн башчысы Насирбек Алмаматовду коррупциялык ишмердиги боюнча кармап, “Автоунааларды каттоо жана кайра каттоо иштеринде, айдоочулук күбөлүк берүүдө коррупциялык схема түзгөн” деп айып койгону жалпы журтка маалым. Ал көп убакыттан бери күнүнө 100 миң сомду пара катары алып келгени айтылган. Көп өтпөй,  2019-жылдын 25-мартында Октябрь ...

0 538

Назарбаев Лондондун көчөсүн шыпырат

19-октябрь 2019, 13:12 Алтын Булат

Нурсултан Назарбаевдин Британияда жашап жаткан небереси Айсултан Назарбаев шарттуу түрдө соттолду. Муну дүйнөлүк булактар чагылдырып жатышат. Маалыматтарга таянсак, эми ал өкүмгө ылайык Назарбаев 1300 доллардын тегерегиндеги айып пул төлөйт жана берилген 18 айлык сыноо мөөнөтүндө, Айсултан 140 саат коомдук жумуштарда иштейт. Ошондой эле маңзатка болгон көз карандылыктан арылыш үчүн атайын сабактарга барышы керек болот. Ушул жылдын июнь айларында Лондондогу ...

Жарнама үчүн орун!
600 x 50
0 352

Сауд Арабиясында жол кырсыгына кабылгандардын арасында кыргыз жарандары жок

19-октябрь 2019, 12:58 Айдар Нуралиев

Сауд Арабиясына умрага барып жол кырсыгына кабылгандардын арасында кыргыз жарандары жок. Бул тууралуу Кыргызстандын Сауд Арабиядагы элчилиги билдирди. Эске салсак, 16-октябрда Сауд Арабияга умрага бараткан 36 зыяратчы жол кырсыгынан каза болгон. Маалыматка караганда, кырсык Медина административдик окургундагы аль-Акхаль айылында болгон. Анда зыяратчылар отурган автобус жүк ташуучу унаа менен сүзүшүп, өрттөнүп кеткен. Каза болгондордон сырткары дагы төрт адам ...

0 1071

Бишкектеги “Мадина” кафесинин ээсинин өлтүрүлүп, көмүлгөн сөөгү Кочкордон табылды

19-октябрь 2019, 12:09 Бакыт Молдалиев

Дээрлик 15 күндөн бери дайынсыз болуп, туугандары жана милиция тарабынан изделип жаткан Бишкектеги “Мадина” кафесинин ээси, 38 жаштагы ишкер Хуфур Абдурахемандын сөөгү Нарын облусунун Кочкор районунан табылды. Бул тууралуу бүгүн, 19-октябрда белгилүү болду. Маалыматтарга ылайык, анын өлүмүнө шектүү катары 5 жаран кармалган жана алардын көрсөтмөсү менен Кочкор районунда анын көмүлгөн сөөгү табылды. Ал эми анын машинесин кара ...

0 1263

Кара дүйнөдө таасир талаш күч алды, Камчынын көзүн тазалашабы?

19-октябрь 2019, 10:13 Кызгалдак Жакыпова

Учурда  криминалдык чөйрөдө дагы ахыбал анчейин эмес болуп тургандай. Ош облусунун "смотрящийи" Кадыр Досонов, каймана аты "Женго" барган сайын кандайдыр бир таасирдүү саясий күчкө таянып алып, мыйзамдагы ууру Камчы Көлбаевден таасир талашып жатканы ачык эле белгилүү болуп жатат. Кара дүйнөнүн өзүнө тиешелүү ички мыйзамдарына баш ийбей, өз алдынча ар кандай кыймыл-аракеттерди жүргүзүүдө. Тээ Бакиев бийлигинде криминалдар укук коргоо органдарын ...

0 497

Алдамчылык менен алектенгенге шектүү кармалды

18-октябрь 2019, 17:48 Айдар Нуралиев

Бир нече адамды алдап, акчаларын алып, кайтарбай жүргөн жаран кармалды. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБнин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка караганда, 2019-жылдын 17-октябрында Чаткал районунун 1953-ж.т. Б.О. аттуу жаран милицияга арыз менен кайрылган. Ал өз арызында Ала-Бука районунун 1984-жылы туулган тургуну М.Ү. 2019-жылдын июнь айында карызга акча сурап алып кетип ушул күнгө чейин кайтарып бербей жүргөндүгүн билдирген. Арыздануучунун билдирүүсүндө М.Ү. ...

0 160

Акча жесең деле, тергөөдө шакылдап турсаң камалбайсың

18-октябрь 2019, 17:21 Айдар Нуралиев

Кылмышка шектелип кармалган “Манас эл аралык аэропорту” ачык акционердик коомунун Бишкек филиалынын директору Мирлан Бегалиев үй камагына чыгарылды. Тергөөдө башкаларга да көрсөтмө бергени аны СИЗОдо эмес, үйүндө жылуу-жумшак жатышына шарт түздү. Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматы ушул жылдын 30-сентябрында Мирлан Бегалиевди кармап, убактылуу кармоочу жайга киргизген болчу. Ал аталган мамлекеттик ишканадан 5 миллиондон ашуун долларды кымырып алган деген кылмышта ...

0 142

Ош шаардык ИИБдин 2019-жылдын 3-чейрегиндеги ыкчам-кызматтык ишмердүүлүгүнүн жыйынтыгы чыгарылды

18-октябрь 2019, 16:37 Айдар Нуралиев

Бүгүн, 18-октябрда Ош шаардык ички иштер башкармалыгы 2019-жылдын 3-чейрегиндеги ыкчам-кызматтык ишмердүүлүгүнүн жыйынтыгын чыгарды. Жыйынтыктоочу жыйын Кыргыз Республикасынын Ички иштер министринин биринчи орун басары милициянын генерал-майору С.Өмүрзаковдун катышуусунда өттү. Жыйындын башында Кыргыз Республикасынын ички иштер министринин биринчи орун басары С.Өмүрзаков өздүк курам менен учурашкан соң, алдыда келе жаткан Кыргыз милициясынын 95 жылдык маарекесине карата жогорку деңгээлде даярдыктарды көрүп, татыктуу өткөрүп ...

0 242

ИИМдин башчысы Кашкар Жунушалиев РФдин Кыргыз Республикасындагы Толук жана Ыйгарым укуктуу элчиси Николай Удовиченко менен жолугушту

18-октябрь 2019, 19:04 Айдар Нуралиев

2019-жылдын 18-октябрь күнү Кыргыз Республикасынын ИИМдин Борбордук аппаратында Кыргыз Республикасынын ички иштер министри, милициянын генерал-майору Кашкар Жунушалиев  РФдин Кыргыз Республикасындагы Толук жана ыйгарымдуу укуктуу элчиси Удовиченко Николай Николаевич менен жолугушту. Аны Россия Федерациясынын Кыргыз Республикасындагы Элчилигинин консулдук бөлүмүнүн жетекчиси Ефимов Юрий Николаевич менен РФдин ИИМнин Кыргыз Республикасындагы расмий өкүлү Лузганов Владимир Николаевич коштоп келишти. Жолугушуунун жүрүшүндө эки тараптын кызыкчылыгын ...

0 380

Бирөөнүн үйүн банкка коюп акча алып качып кеткен жаран Москвадан кармалды

18-октябрь 2019, 16:01 Айдар Нуралиев

Жүргүзүлгөн ыкчам иш-чаралардын натыйжасында алдоо жолу менен жарандардын мүлкүнө ээ болгон адам Москва шаарынын аймагында жашырынып жүргөн жеринен кармалды. Бул тууралуу ИИМдин маалымат кызматы билдирди. Маалыматка караганда, Кыргыз Республикасынын ИИМдин РФдеги Өкүлчүлүгү Ош ОИИБдин КМКнын ыкчам коштоосу менен Москва шаарынын аймактык укук коргоо органдары менен биргеликте өз өлкөсүндө жасаган кылмыш иши үчүн ички иштер органдарынан жашырынып, мамлекеттер аралык издөөдө жүргөн Кыргыз ...

0 395

Мейманкага ташталган наристенин атасы “бала меники эмес” дейт

18-октябрь 2019, 14:43 Айдар Нуралиев

Ош шаарында “Элита” мейманканасынын жанына ташталган наристенин апасынын жарандык никедеги күйөөсү "бала меники эмес" деп айтууда. Бул тууралуу Ош ШИИБинин басма сөз кызматынан билдиришти. Эске салсак, Ош шаарында мейманкананын жанынан 5 айлык наристе табылган. Ош ШИИБинин маалыматына караганда, 15-октябрда кечки саат 11лер чамасында милицияга “Элита” мейманканасынын жанынан наристе табылгандыгы тууралуу маалымат түшкөн. Окуя болгон жерге оперативдүү-тергөө тобу барган. Алгачкы ...

0 141

ЮНЕСКОнун студент-окутуучу чырындагы изи

18-октябрь 2019, 13:18 Кызгалдак Жакыпова

Вашингтондо чыккан «Inside Highered» басылмасы 2019-жылдын январь айында Бишкектеги Кыргыз-Орус (Славян) университетинде «окутуучу студентке жыныстык ыдык көрсөттү» деген чырдын ЮНЕСКО менен байланышын иликтеди. Аталган басылмага Арарат Осипиан деген лакап ат менен Жорж Мейсон университетинин окумуштуусу, профессор Александр Миртчев: «Жыныстык ыдык көрсөтүү - дүйнөдөгү чоң мүшкүл. ЮНЕСКО да ар дайым аны менен күрөшүү зарыл экенин белгилеп келет. Университеттерде бул мүшкүл ...

0 189

Прокурор менен милиция кызматкери эмнеге кармалганы белгилүү болду

18-октябрь 2019, 12:00 Айдар Нуралиев

2019-жылдын 16-октябрында КР УКМК ККК Башкы прокуратурасынын өздүк коопсуздук жана кызматтык териштирүү бөлүмү менен биргеликте өткөрүлгөн ыкчам-тергөө иш-чараларынны жүрүшүндө Ысык-Көл облусуна караштуу Жети-Өгүз районунун Кызыл-Суу айылында 60 миң сом параны кайтрып жаткан учурунда Жети-Өгүз райондук прокурорунун орун басары «А.Н.К.» жана Жети-Өгүз райондук ИИБ тергөө бөлүмүнүн тергөөчүсү «Б.Э.Б.» кармалды. Бул тууралуу УКМКнын маалымат кызматы билдирди. Такталган боюнча «А.Н.К.» тергөөчү «Б.Э.Б.» ...

0 111

Милиция экстремисттик маанидеги китептерди жана атуучу куралдарды тапты

18-октябрь 2019, 11:08 Айдар Нуралиев

2019-жылдын 8-октябрь күнү саат 07-00 чамасында Жалал-Абад шаарында жана Базар-Коргон районунун Арстанбап, Кеңеш айылдарындагы такталган даректерге, Кыргыз Республикасынын КЖКнин 315-беренеси менен ачылган сотко чейинки өндүрүш иштеринин алкагында, кылмышка шектүү делген 5 жарандын жашаган турак-жайларына тинтүү жүргүзүлгөн. Тергөө жана ыкчам иликтөө иштери Ноокен райондук соту тарабынан турак-жайларды тинтүү үчүн берилген уруксат токтомунун негизинде, Жалал-Абад ОИИБнин жана Базар-Коргон РИИБнин тергөө тобу ...

0 143

5 миллион долларды сугунган Мирлан Бегалиев камактан чыгып кеттиби?

18-октябрь 2019, 11:09 Кызгалдак Жакыпова

1-октябрь күнү Каржы полициясы «Манас» аэропортундагы беш жыл мурдагы мыйзамсыз иштер аныкталганын жар салып, 2014-жылы аэропорттун жетекчилиги жеке кызыкчылык менен 5 миллион долларды оффшордук компаниялар аркылуу чыгарып кеткенин билдирген. Мыйзамсыз ишке барыш үчүн компаниянын ошол кездеги жетекчилиги банкротко учураган ишкананын акцияларынын 100 пайызын сатып алуу боюнча келишимге кол койгонун да кошо айтышкан. Ага улай, 30-сентябрь күнү дароо аталган иштин алкагында 2014-жылы ...

0 262

Прокурор менен милиция кызматкери пара алып кармалды

18-октябрь 2019, 11:01 Айдар Нуралиев

Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунун прокурорунун орун басары жана аталган райондук ички иштер бөлүмүнүн тергөөчүсү пара алып жатып кармалышты. Маалыматка караганда, бул экөө зордуктоо боюнча кылмыш ишин жабуу боюнча миң доллар пара талап кылышкан. Кылмышка шектүүлөрдү УКМКнын кызматкерлери кармаган. Булак: NazarNews.kg

0 141

Японияда тайфундан көз жумгандардын саны 77ге жетти

18-октябрь 2019, 10:54 Айдар Нуралиев

Японияны каптаган “Хагибис” тайфунунан улам каза болгондордун саны 77 кишиге жетти, ошондой эле дагы 10 киши дайынсыз жоголгон. Учурда тайфундун кесепеттерин жоюу боюнча иштер жүрүп жатат. Бул тууралуу япон басылмалары жазып чыгышты. Маалыматка караганда, катуу бороондон улам электр зымдары үзүлүп, миңдеген үйлөр жарыксыз калса, дарыялар нугунан чыгып каптаганынан улам 33 миң үй суу астында калган.  «Хагибис» Японияда акыркы жылдардагы ...

0 231

Чүйдөгү түрмөдөн качууга аракет кылган кылмышкерди күзөтчүлөр атып салышты

18-октябрь 2019, 09:34 Бакыт Молдалиев

Чүйдө түрмөдөн качууга аракет кылган жаранга күзөтчүлөр ок атышып, ал жарадар абалда колго түшүрүлдү. Бул тууралуу Жаза аткаруу боюнча мамлекеттик кызматтын басма сөз кызматы билдирүү таратты. Маалыматка ылайык, окуя Молдовановка айылындагы №1-түрмөдө кечээ, 17-октябрдын таңында болгон. Качууга аракет кылган кылмышкер 31 жашта, ал 19 жылга соттолгон. Ага күзөтчүлөрдүн эки огу тийип, биринчи медициналык жардам көрсөтүлгөн. Учурда абалы канааттандырарлык.   Учурда бул факт ...

Жарнама үчүн орун!
600 x 50
0 411

Аксыда кыз-жигит болуп сүйлөшүп жүрүшкөн эки окуучу биринин артынан бири асынып каза болушту

18-октябрь 2019, 09:13 Бакыт Молдалиев

Жалал-Абад областтык ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы тараткан маалыматка ылайык, алгач 9-октябрда, Аксыдагы айылдардын биринде болжол менен түнкү саат 21:40тар чамасында 9 класcтын окуучуce үйүнүн сарайында асынып алган жеринен табылат. Бул окуя боюнча ыкчам тергөө тобу окуя болгон жерге барып, денесинен эч кандай уруп-сабоонун белгилерин табышкан эмес жана ал өзүн-өзү өлтүрүүгө барганын аныкташкан. Териштирүүдө белгилүү болгондой, сабак учурунда телефон чукулап ...

0 438

ВИДЕО - Мурунку аялынын буйрутмасы менен ишкердин машинесине баңги зат таштаган эки милиция кармалды

Видео 18-октябрь 2019, 09:27 Бакыт Молдалиев

Бул тууралуу маалыматты бүгүн, 17-октябрда Улуттук коопсуздук мамлекеттик кызматынын коомчулук менен байланыш бөлүмү таратты. Андагы маалыматка ылайык, окуя ушул жылдын башында, тагыраагы, февраль айында болгон. Ишкердин мурунку аялы анын бизнесин рейдерлик жол менен тартып алуу үчүн милициянын эки кызматкерине - Ички иштер министрлигинин Баңгизаттарын мыйзамсыз жүгүртүү кызматынын Бишкек шаары боюнча башкармалыгынын эки кызматкерине акча төлөп, анын машинесине баңги зат таштап каматуусун буйрутма берген. Милиция ...

Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83