www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кылмыш жана кырсык
0 170

Адам уурдап, издөөдө жүргөн уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү кармалды

14-ноябрь 2019, 09:59 Айдар Нуралиев

2019-жылдын 11-февраль күнү болжол менен саат 17:00 чамасында Жалал-Абад шаарынын Б.Осмонов көчөсүндө жайгашкан “Салтанат” ресторанынын жанында 1991-ж.т. Т.Ф. аттуу Сузак районунун тургунун белгисиз азиат улутундагы атуулдар “Хонда Фит” үлгүсүндөгү автоунаага күч колдонуп салышып, белгисиз тарапка уурдап кетишкен. Кылмышкерлер жабырлануучуну Бишкек шаарына алып барышып, жакын туугандарынан 20 миң АКШ долларын талап кылышкан. Бул факты боюнча топтолгон материал Жалал-Абад ШИИБнин КЖБРне ...

0 204

Фаршка ороп баңги зат ташып жүрүшкөн

14-ноябрь 2019, 09:52 Айдар Нуралиев

Кокаинди фаршка ороп тоңдурушуп,  Улуу Британияга өткөрмөкчү болушкан.  Бул тууралуу дүйнөүк басылмалар жазып чыгышты. Маалыматка караганда, Голландиянын фаршы деп таңгакталган баңги заттар салынган оор жүк ташуучу унаа Британиянын Харвич шаарына кетип баратканда кармалган. Чек арачылар баңги заты бар унааны 11-ноябрда кармашкан. Текшерүү учурунда, жүк ташуучу унаанын ичинен 200 килограммдай кокаин тоңдурулган фарштын ичинен чыккан. Кокаиндин баасы 20 миллион фунттан ...

0 149

СҮРӨТ – Бишкекте уурулукка шектелип төрт адам кармалды. Алардын ичинде кыз да бар 

14-ноябрь 2019, 09:48 Бакыт Молдалиев

Бишкекте белгисиз адамдар дүкөндөрдүн бирин карактап кеткен. Бул тууралуу Бишкек ШИИББи билдирди.  Маалыматка ылайык, 2-ноябрда Бишкектин 5-кичи районунда жашаган шаар тургуну милицияга кайрылып, ошол түнү белгисиз адамдар дүкөнүн талкалап, тоноп кетти деп арыз жазган. Айтымында, уурулар дүкөндүн ичиндеги төлөм терминалын бузуп, андан 60 миң сом алышкан жана 70 миң сомдук тамеки менен спирт ичимдиктерин уурдап кетишкен.  Тергөө-иликтөө ишинин алкагында, ...

0 180

Кыргызстан Өзбекстандын өсүмдүк азыктарын киргизүүгө убактылуу чектөө коет

13-ноябрь 2019, 18:22 Алтын Булат

2019-жылдын башынан бери Өзбекстан республикасынан Евразия экономикалык биримдигинин фитосанитардык карантиндик талаптарына жооп бербеген 356 факт катталган. Анын ичинде 10 жолу ууланган продукциялар келген. Акыркы жолу Өзбекстандан анар келген, анын ууланган экендиги аныкталган. Аталган товар Өзбекстандын фитосанитардык көзөмөлүнүн сертификаты менен келген. Оштогу лабороториянын текшерүүсүнөн өткөндө “Grapholitha molesta Busck” вирусу менен ууланганы аныкталган. Аталган факт катталгандан кийин Өзбекстандан келген 35,25 тонна ...

0 310

ВИДЕО – Венеция суу алдында калды

Видео 13-ноябрь 2019, 17:56 Кызгалдак Жакыпова

Италиянын Венеция шаары катуу жаандын кесепетинен суу алдында калды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.  Маалыматка ылайык, шаарды  каптаган суунун деңгээли 1,83 метрди түзөт. Акыркы жолу Венецияда мындай суу ташкыны 1966-жылы болгон жана суунун деңгээли 1,94 метрди түзгөн.  Учурда аталган шаардын 80 пайызын суу каптап турат. Шаарда бала бакчалар, мектептер жабылды. Көптөгөн кемелер талкаланып, суу аларды жээкке айдап ...

0 153

Алдамчылык кылып качып жүргөн аял төрөтканадан кармалды

13-ноябрь 2019, 17:55 Айдар Нуралиев

Ири өлчөмдөгү алдамчылыкка шектелип издөөдө жүргөн аял кайтаруу астында төрөдү. Бул тууралуу орус басылмалары жазып чыгышты. Маалыматка караганда, 12-ноябрда 27 жаштагы өзбекстандык мигрант аял Санкт-Петербург шаарындагы төрөтканалардын бирине түшкөн. Аны ушул эле шаардын Пульково көчөсүнөн “Тез жардам” алып кеткен. Төрөткананын дарыгерлери чет элдик жаранды каттоого алуу тууралуу полицияга кабар беришкен. Каттоого алуу учурунда, бул аялдын 2018-жылдын декабрь айынан бери ...

0 549

12 жаштагы кыз үй-бүлөсүнүн көзүнчө өз жанын кыйды

13-ноябрь 2019, 15:56 Кызгалдак Жакыпова

Москва шаарынын түндүгүндө жайгашкан Дубинск көчөсүндө 12 жаштагы мектеп окуучусу каза болду. Анын жансыз денеси өзүнүн үйүнүн жанында табылган. Бул тууралуу орусиялык маалымат булактары жазып чыкты.  Маалыматка ылайык, полиция кызматкерлери кыз үй-бүлөсүнүн көз алдында жанын кыйган деп божомолдошууда. Кырсык болордун алдында үй-бүлөнүн ичинде уруш болгон.  Учурда кылмыш иши козголуп, окуянын чоо-жайы аныкталып жатат. Булак: NazarNews.kg

0 4427

ВИДЕО - ИИМдин кадрлар кызматынын башчысынын үйүнөн 40 баштык акча чыкты

Видео 13-ноябрь 2019, 14:17 Аман Аскаров

Күч түзүмдөрү, анын ичинен ички иштер министрлиги өлкөдөгү эң коррупциялашкан орган экендигин ар кандай сурамжылоолордун жыйынтыгы жыл сайын тастыктап келет. КМШ өлкөлөрүндө бул көнүмүш адат. Себеби, бардыгы бир системада, бир убакта калыптанып, окшош принциптер менен иштейт. Айтсак, кечээ күнү Москвада Россиянын Москва шаары боюнча ИИМдин кадрлар кызматынын башчысы Егор Панов коррупцияга шектелип кармалган. Жогорку даражадагы ...

0 158

ФОТО - 30 799 100 сомдук кальян тамекилер кармалды

13-ноябрь 2019, 14:09 Айдар Нуралиев

ЕАЭБтин бажы аймагына товарларды жана транспорт каражаттарын мыйзамсыз ташып кирүү фактыларын табуу жана аларга бөгөт коюу боюнча жүргүзүлгөн ыкчам иш-чаранын жыйынтыгында, МБКнын Контрабандага каршы күрөшүү башкармалыгынын кызматкерлери “Түндүк-Чыгыш” бажысынын контрабандага каршы күрөшүү бөлүмүнүн кызматкерлери менен биргеликте Бишкек шаарында мыйзамсыз ташылып келинген жалпы салмагы 14 275 килограмм болгон, акциздик маркасы жок ар кандай маркадагы кальян тамекилерин кармашкан. Кармалган товардын орточо ...

0 180

Ири өлчөмдөгү гашиш ташыган адам кармалды

13-ноябрь 2019, 14:13 Айдар Нуралиев

4-ноябрда Баткен – Ош – Бишкек унаажолунда мыйзамсыз ташылып келе жаткан баңги заттын ири өлчөмдөгү партиясы кармалды. Бул тууралуу ИИМдин Баңги заттарын мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка караганда, Баңги заттарын мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн операция учурунда Тажикистандан Кыргызстанга мыйзамсыз ташылып келе жаткан гашиш баңги затынын ири өлчөмдөгү партиясы кармалган. Баңги ...

0 286

ВИДЕО – Африкада пилдер массалык түрдө кырылууда

Видео 13-ноябрь 2019, 12:50 Кызгалдак Жакыпова

Африканын Зимбабве өлкөсүндө акыркы үч айдын ичинде ачкачылыктан жана кургакчылыктан 105 пил каза болгон. Аталган аймактагы аба ырайынын мындай шарты  өсүмдүктөрдүн, жаныбарлардын жана калктын өмүрүнө коркунуч келтирүүдө.  Төмөнкү берилген видео Гванг паркында тартылган. Видеодо пилдердин жансыз денелерин көрүүгө болот. Алар арыктап, терисинин түсү бир аз өзгөрүп кеткен. Зимбабведеги улуттук парктардын башкармалыгынын башчысы Тинаше Фараво кырсыктын себеби бир гана кургакчылык ...

0 414

Айэркен Саймаитинин өлүмүнө шектүүлөр кыргыз паспортун таппай жатышат

13-ноябрь 2019, 13:01 Аман Аскаров

Түркияда Айэркен Саймаитини өлтүрдү деп шектелип кармалган жарандардын жанынан  Кыргызстандын паспорту чыккан эмес жана алар өзүлөрү дагы көрсөткөн эмес. Колго түшкөн үч жарандын экөө өзүлөрүн жөн гана кыргызстандыкбыз деп тааныштырган. Бирок, паспортторун көрсөтө албай жатат. Мындай маалыматты Тышкы иштер министрлигинен билдиришти. Андыктан ишкердин өлүмүнө кыргызстандыктардын катыштыгы бар деген маалымат азырынча алдын ала айтылган жана бурмаланган маалымат болуп калышы мүмкүн, -дейт ...

0 324

ВИДЕО - Шыкмаматов премьер Абылгазиевди "рингге" чакырды

Видео 13-ноябрь 2019, 12:50 Аман Аскаров

Кыргызстандын жарандарына түз да, кыйыр да тиешеси бар Айеркен Саймаитинин Стамбулда өлтүрүлүшү өлкөдөгү криминагендик абалдын жеткен чеги болду окшойт. Бүгүн Жогорку Кеңештин пленардык жыйынында депутат Алмамбет Шыкмаматов Кыргызстанды 50-жылдардагы Сицилияга салыштырып өттү. Кыргызстанда сабап, өлтүрүп атышат, Стамбулда атылып өлтүрүлгөн Айеркен Саймаити Башкы консулдун унасын айдап жүрөт, ал эми аны атып кетти – деп кыргызстандыктар колго түштү.

0 155

Күлүктөр менен жарышкан милициянын капитаны Майрамбек Арзыбаев

13-ноябрь 2019, 12:02 Алтын Булат

Жараткан адамга өмүр бергенде башка жандыктарда жок беш бармактуу колду жана беш манжалуу бутту берип: “Мына ушул кол, мына ушул бут менен жаныңды бак!”- деген экен. Адам баласы беш салалуу колун, жолборстун тырмактары болоттой, чапчыган жерин оюп түшкөн билегине, тулпардын ташты талкалай баскан темирдей бекем туягына, төөнүн болпойгон күрөктөй таманына салыштырып, ”Жараткан мени өтө алсыз кылып жаратып койду”- деп ...

0 293

Стамбулдагы өлүм огу президентке багытталган эле октой...

13-ноябрь 2019, 11:46 Айдар Нуралиев

Ооба, Саймаитиге атылган ок жөн атылган жок. Бул деген батыштын атайын кызматтарынын тымызын иши. Тоту куштай ушу тапта “Азаттык” жанагы 700 миллионун көтөрүп чыгып, Алисин атка миндирип чаап чыга келишкени да жөн эмес. Баары пландаштырылган, - деп жазып чыкты "Кабар инфо" гезити. Эгерде болуп жаткан жагдайга чыныгы көз караш менен сереп салчу болсок, кытайлык ишкердин ...

0 176

ВИДЕО - Мыйзамсыз күйүүчү май саткан жай аныкталды

Видео 13-ноябрь 2019, 11:06 Бакыт Молдалиев

Бишкек шаарындагы “Ынтымак” жаңы конушунда мыйзамсыз күйүүчү май сатуу пункту табылды. Бул тууралуу Экономикалык кылмыштар менен күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматы билдирди.  Маалыматка ылайык, аталган жерде уруксат документи жок 2 тонна дизелдик май табылган. Азыркы тапта мыйзамсыз түрдө сатылып жаткан күйүүчү май кайсы жакта өндүрүлгөнү териштирилип жатат.  Буга чейин Сокулук районунун Маевка айылында мыйзамсыз иштеп жаткан  май куючу жай табылган. 

Жарнама үчүн орун!
600 x 50
0 411

ВИДЕО - Фото жана камера жабдылган "Коопсуз шаардын" унааларын өрттөп кетишти

Видео 13-ноябрь 2019, 09:38 Аман Аскаров

Автоунаалардын кыймылын тескей туруучу фото жана видео көзөмөлдөө жабдыктары айдоочулар үчүн чекеге чыккан чыйкан болду. Мындай жабдыктардын ишке кириши менен көбү өзүнүн жолдо жүрүү маданиятын жогорулатып, тартипке келсе, айрым учурда бул жагдайга моюн сунбагандар дагы арабыздан чыга келет. Айтсак, Подмосковьедеги Раменское аймагында унаа жолдордо фото жана видео көзөмөл жүргүзүүчү 13 Ford Transit үлгүсүндөгү кичи автобусту өрттөп кетишти. Өрт 12-ноябрь ...

0 190

Тарых музейи боюнча сот уланууда

12-ноябрь 2019, 20:09 Айдар Нуралиев

Бишкектеги Улуттук тарых музейинин кызматкери, экспонаттардын башкы сактоочусу Нурхат Иманкулова музейди реконструкциялоодо президенттик аппараттын жарандык өнүктүрүү, диний жана улуттук саясат бөлүмүнүн мурдагы жетекчиси Мира Карыбаева музейдин кызматкерлерине басым кылганын айтты. Бул тууралуу ал 12-ноябрда сотто көрсөтмө берип жатып билдирди. - Бизге дайыма моралдык жактан басым болуп турган. Биз андан коркчубуз (ред: Мира Карыбаева). Анткени ал кызматкерлерге ар дайым кыйкырып, ...

0 293

ИИМ жоголгон жаранды издөөнүн жүрүшүндө өздүгүн аныктоо максатында генетикалык экспертиза жүргүзүлдү

12-ноябрь 2019, 18:07 Кызгалдак Жакыпова

Кыргыз Республикасынын ИИМдин РФдеги Өкүлчүлүгүнүн жардамы менен дайынсыз жоголгон жаранды издөөнүн жүрүшүндө өздүгүн аныктоо максатында генетикалык экспертиза жүргүзүлдү 2019-жылдын октябрь айында Кыргыз Республикасынын РФдеги Толук жана Ыйгарым укуктуу Элчисинин жана Кыргыз Республикасынын ИИМдин РФдеги Өкүлүн атына 1975-жылы туулган Ж.М. аттуу жаран дайынсыз жоголгон уулун издөөнү уюштурууга жардам берүүлөрүн суранып кайрылган. Анын 18 жаштагы уулу Ж.Д., Тверь облусунун аймагында жүрүп, ...

0 265

Куралданган мал уурулар кармалды

12-ноябрь 2019, 17:02 Бакыт Молдалиев

Кочкор районунда мал уурулукка шектелген 5 адам кармалды. Бул тууралуу Нарын ОИИБинин басма сөз кызматы билдирди.  Маалыматка караганда, ички иштер бөлүмү атайын буйруктун негизинде өткөрүлгөн “Касапчы” операциясынын жүрүшүндө Кочкор РИИБи менен  ИИМдин криминалдык милиция кызматынын кызматкерлери тарабынан мал уурулукка шектелген беш адамды кармады.  “1979-жылы туулган Ш.Ж. аттуу Ысык-Ата районундагы Төмөнкү Нооруз айылынын тургуну, 1992-жылы туулган  Ж.у.Т. аттуу Кочкор районуна ...

0 384

ФОТО - ЧУКУЛ КАБАР! Айэркен Саймаитини өлтүргөндөрдү түрк полициясы кармады

12-ноябрь 2019, 16:45 Аман Аскаров

Стамбул шаарында ишкер Айэркен Саймаитини өлтүрүүгө шектелгендер кармалды. Алар Адана шаарынан Сирияга өтүп кетүү маалында кылтакка илинген. Белгилүү болгондой алардын экөөсү кыргызстандык, бирөө Сириянын жараны. Бул тууралуу Sondakika басылмасы Anadolu (Акыркы мүнөттө) агенттиги жазды. Маалым болгондой, шектүүлөр Түркиядан Сирияга чыгып кетүүгө аракет кылаарда Түркиянын түштүгүндөгү Адана аймагынан кармалган. Ал жакта жүргүзүлгөн ...

0 746

45 жаштагы майып аялды зордуктаган жаш жигитке өкүм чыкты

12-ноябрь 2019, 15:00 Бакыт Молдалиев

Токтогул районунда 25 жаштагы жигит мүмкүнчүлүгү чектелген 45 жаштагы аялды зордуктап салган. Бул тууралуу жергиликтүү маалымат булактары жазып чыкты.  Маалыматка караганда, ушул жылдын 13-августунда түнү белгисиз адам Бала-Чычкан айылында жашаган 1974-жылы туулган К.А.Э. аттуу 2-топтогу майыптын үйүнүн эшигин тээп сындырып, аял уктаган бөлмөгө кирип, аны күч колдонуп зордуктап салган.  Окуя боюнча кылмыш иши козголуп, ыкчам териштирүү иштери жүргүзүлгөн. Натыйжада ...

0 1272

ШОК! ФОТО - ВИДЕО - Жапжаш кыздын атактуу, улгайган көңүлдөшү Олег Соколов кызды кантип өлтүргөнүн айтты

Видео 12-ноябрь 2019, 15:00 Аман Аскаров

9-ноябрь күнү Мойки дарыясынын жээгинде 60-65 жаштар чамасындагы адам бутуна тура албай, сууда ары-бери чайпалып жүргөн. Жергиликтүү тургундар аны алып чыгуу аракетин көргөнү менен негедир ал колундагы баштыкты сууга чөктүрүүнүн аракетин көргөн. Кийинчерээк окуя болгон жерге дарыгерлер чакыртылган. Бирок, дарыгерлер менен бирге эле полиция кызматкерлерин чакыртууга туура келген. Себеби, ал адамдын колундагы баштыкта жиликтенген адамдын колу табылган. Ал дароо ...

0 1310

Биринчи жолу кара терилүү адам бетин алмаштырды

12-ноябрь 2019, 14:38 Айдар Нуралиев

Бетин алмаштырган биринчи кара терилүү адам. Операция 16 саатка созулуп, ага 45 врач катышкан. Мындай маалыматты уккандар поп-король Майкл Жексончу, ал деле бетине операция жасатып, ак терилүү болбоду беле деген суроо туулушу ыктымал. Бирок бул жолу биринчи жолу кара терилүү адамга дал өзүнүкүндөй бет коюлду. Ошентип Калифорниянын 68 жаштагы жашоочусу Роберт Челси биринчи жолу бетин алмаштырган кара терилүү адам ...

0 645

Москвада кыргызстандыктын жансыз денеси табылды

12-ноябрь 2019, 12:30 Бакыт Молдалиев

Москванын борбордук бөлүгүндө жайгашкан оорукананын жанында 24 жаштагы кыргызстандык  жигиттин жансыз денеси табылды. Бул тууралуу орусиялык маалымат каражаттары жазып чыгышты.  Маалыматка ылайык, өлүк 11-ноябрга караган түнү табылган. Окуя болгон жерге полиция кызматкерлери келип, маркумдун ичине жана сол бутуна бычак сайылганын аныкташкан.  Алдын ала маалыматтарга караганда, маркумду келбети азиаттарга окшош, кара куртка жана кара топу кийген эки адам бычак менен ...

0 276

ФОТО - Москвада кыргыз таксистти жөн жерден полиция кармап кетти

12-ноябрь 2019, 11:38 Аман Аскаров

Москва шаарында такси кызматында эмгектенген кыргыз жараны мас абалындагы жүргүнчүнү тийиштүү жерге жеткирбей койгондугу үчүн полиция кызматкерлери кармап кетишкен. Белгилүү болгондой кыргызстандык башкарган унаага мас абалындагы улутчул адам отуруп, айдоочуну ар кандай ыплас сөздөр менен сөгүп, мушташканга аракет кылган. Андан кийин жүргүнчү полиция кызматкерлерин чакырган. Жерине келген тартип сакчылары кыргыз жаранын кармап кетишкен. Айдоочу Валентина ...

0 295

Мурунку аялын сабап, зордуктаган деп шектелген адамдын баш коргоо чарасы кайрадан каралат

12-ноябрь 2019, 11:31 Бакыт Молдалиев

Чүй облустук прокуратурасы мурунку аялын сабап, зордуктап салган шектүүнү үй камагына алуу чечимин кайра карап чыгуусу боюнча сотко кайрылды. Бул тууралуу Чүй облусунун жазык жана жарандык сот өндүрүшүнүн прокуратурасынын башчысы Нурлан Тагаев билдирди.  Анын айтымында, шектүүнү үй камагына алуу чечими мыйзамсыз жана негизсиз.  Эске салсак, 5-октябрда 27-жаштагы А.К аттуу жабырлануучу мурунку күйөсү Т.Т. мас абалында сабап, зордуктап салды деп ...

0 167

Бишкектеги компания Чехияга ишке орноштурам деп алдап кеткен

12-ноябрь 2019, 11:02 Бакыт Молдалиев

Бишкекте чет өлкөлөрдө ишке орноштурууга байланышкан мыйзамсыз бизнес ачыкка чыкты. Бул тууралуу Экономикалык кылмыштар менен күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматы билдирди. Маалыматка караганда, компаниянын мыйзамсыз ишинен улам Кыргызстандын жараны Чехияда документсиз жана медициналык камсыздандыруусуз калган. Маалыматка караганда, Pro Style компаниясы кыргызстандык бул жаран менен келишим түзүп, аны Европада ишке орноштурмакчы болгон. Бул кызматы үчүн компания миң доллар алган. Келишим боюнча ...

0 482

Стамбулда өлтүрүлгөн Саймаити башкы консул Сопоковдун унаасы менен жүргөнбү?

12-ноябрь 2019, 11:40 Аман Аскаров

Стамбулда кечээ күнү Айеркен Саймаитини  өлтүрүп кетишкен. Анын чөнтөгүнөн полиция кызматкерлери 34 CC 2902 номурлуу Range Rover унаасынын ачкычын табышкан. Азырынча ал номур Кыргызстандын Стамбул шаарындагы башкы консулу Эркин Сопоковго таандык болуп чыгууда. Эркин Сопуков 1985-1989-жылдары “Кыргызстандын 60 жылдыгы” совхозунда айдоочу, 1998-2002-жылдары “Кыргызавтомашта” айдоочу, “Кыргызавтомаштан” кийин Сопоков ИИМ жана салык кызматында ар кандай кызматтарда эмгектенген. 1995-жылы ...

0 531

Таксист майып кызды тоноп, зордуктап салган

12-ноябрь 2019, 10:13 Бакыт Молдалиев

Санкт-Петербургда таксист такси чакырып, кайра таксиден баш тарткан майып кардарын зордуктап, тоноп кеткен. Бул тууралуу орусиялык маалымат каражаттары жазып чыкты.  Маалыматка караганда, жекшемби күнү Санкт-Петербургда 28 жаштагы майып кыз милицияга кайрылган. Айтымында, ал 10-ноябрга караган түнү Санкт-Петербургга жакын Горелово айылында жайгашкан үйгө такси чакырган. Кийинчерээк пландары өзгөрүп, таксиден баш тарткан. Бирок, айдоочу кардарына эмне үчүн таксиден баш тарткандыгын түшүндүрүп ...

0 195

Ала качты делген кыз дагы деле табыла элек

Видео 12-ноябрь 2019, 09:50 Айдар Нуралиев

Ала качылды деген кыздын видеосу чын-жалганы дагы деле аныктала элек жана бул боюнча милиция кызматкерлери текшерүүнү улантып жатат. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин маалымат кызматы маалымдады. “Текшерүү улантылууда. Азырынча жыйынтык жок”,-деп милициядан билдиришти. Эске салсак, 7-октябрда социалдык тармактарда “Таласта 2003-жылы туулган кызды 84-жылы туулган жигит ала качып кетти” деген видео таркаган. Анда бул окуя 2019-жылдын 6-октябры болгон деп көрсөтүлгөн.

0 332

ВИДЕО - Колу кычышкандар "Ынтымак"паркындагы пианинону "айрып" кетишиптир

Видео 12-ноябрь 2019, 10:23 Аман Аскаров

Жайдын этегинде Бишкектин түштүк тарабында президенттин катышуусу менен жакшы бир эс алуучу жай ачылган. Ага дагы атайын эл ынтымактуу, биримдиктүү болсун деген ниетте “Ынтымак” деген ат ыйгарылган. Чындыгында, анысы жок деле Бишкектеги көрктүү аймактын үстүнө дагы бир көртүү жай кошулуп, жыргап калдык эле. Ал жерге убагында эл зээрикпесин, таланты ашып-ташкандар музыкалык аспапта ойноп, убактыларын көңүлдүү ...

Жарнама үчүн орун!
600 x 50
0 326

Кашкар Жунушалиев Самат Курманкулов дарыланып жаткан ооруканага барды

12-ноябрь 2019, 08:52 Алтын Булат

Кыргыз Республикасынын ички иштер министри, милициянын генерал-майору Кашкар Жунушалиев Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Аликбек Жекшенкулов менен бирге Кой-Таш айылындагы окуяда коомдук коопсуздукту камсыздоо боюнча иш-чараларды жүргүзүү учурунда оор жаракат алып, жабыркаган Чүй облусунун ИИББдин башчысы даарыланып жаткан медицияналык реабилитациялык борборлордун бири-Москвадагы Медси клиникалык ооруканасына барышты. Башында ал Москвадагы Бурденко атындагы Нейрохирургиялык борбордо даарыланган. Андан ...

0 500

Өрттөнгөн “Антошканы” ким иштетээри белгилүү болду

11-ноябрь 2019, 18:04 Айдар Нуралиев

“Антошканы” ижарага алып иштеткен адамдын аты-жөнү – Карыпбеков Абдил Эгизбаевич. Бул тууралуу Бишкек мэриясынын жыйналышында айтылды. Эске салсак, 8-ноябрда Бишкектин Чүй проспектиси менен Эркиндик бульварынын кесилишинде жайгашкан “Антошка” тез татым кафеси жарылып, өрттөнүп кеткен. Кырсыктан бир адам каза болуп, 15 адам жабыркаган. Ошол эле күнү Бишкек ШИИББинин тергөө кызматы тарабынан тергөө иштерин жүргүзүү учурунда 1963-жылы туулган К.А. аттуу “Антошка” ...

0 298

ФОТО - Ак үйдөгү 120 "койго" айып жок, Балыкчы мэриясынын алдындагы жылкыларга айып бар

11-ноябрь 2019, 17:38 Аман Аскаров

Кыргызстан бир кызык өлкө да. Бишкектин Ак үйүнүн тегерегинде 2015-жылдан тартып 120 “кой” ээн эркин оттоп жүрөт. Ага эч ким эч нерсе деген жок. Айыпка жыккан да, жыгылган да тарап көрүнбөйт. Бирок Балыкчы шаарынын мэриясы башка кеп. Мэриянын аймагына 10-ноябрь күнү 18 баш жылкы кирип кеткен экен. Эми анын айынан жылкынын ээси айыпка жыгылып, анын өлчөмү 7500 ...

0 451

Кумтөрдүн кызматкерлеринин урушу өлүмгө алып келди

11-ноябрь 2019, 16:59 Бакыт Молдалиев

Каракол шаарында киши өлтүрүүгө шектелген адам кармалды. Бул тууралуу маалыматты Ысык-Көл ОИИБи тастыктады.  Маалыматка караганда, 5-ноябрда Каракол шаарынын ички иштер бөлүмүнө Ысык-Көл облустук ооруканасынан бычактан алган жаракаты менен 34 жаштагы Ч.А. жергиликтүү тургун жаткырылды деген кабар түшкөн. Жабырлануучу өзүнө келбей ооруканада көз жумган.  Бул факт Каракол ШИИБине  Кылмыштар жана жоруктардын бирдиктүү реестрине киши өлтүрүү беренеси менен катталып, сотко чейинки ...

0 1037

Төрт киши каза болгон жол кырсыгынын себеби айтылды

11-ноябрь 2019, 16:25 Айдар Нуралиев

Бүгүн, болжол менен түнкү бирлер чамасында 27 жаштагы А.Ж. аттуу жаран Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолунда Субару Импреза унаасын айдап баратып, жүк ташуучу Норд унаасы менен кагышкан. Кырсыктын кесепетинен Субарунун айдоочусу жана бул унаанын үч жүргүнчүсү каза болсо, дагы бир 20 жаштагы жигит оор абалда ооруканага жеткирилген. Каза болгондордун арасында жаш төкмө акын, обончу, маркум төкмө акын Майра Керим кызынын өнөрүн ...

0 1519

ВИДЕО – 36 жаштагы аял эки баласы менен 9-кабаттан секирип кетти

Видео 11-ноябрь 2019, 16:12 Бакыт Молдалиев

Москва шаарында аял эки баласы менен кошо 9-кабаттан секирип кетти. Анын натыйжасында 36 жаштагы аял менен анын 9 айлык кызы каза болду. Алты жаштагы уулу болсо оор абалда ооруканга жеткирилген. Бул тууралуу орусиялык маалымат каражаттары жазып чыкты.  Маалыматка ылайык, окуя бүгүн, 11-ноябрда эртең менен Москванын Бабушкино районунда болгон. Секирип кетээрден мурун Людмила Соколова аттуу аял кичүү кызы Анянын алсырап жатканын, ...

0 454

Сарпашев кайда? Түркияда Интерпол аркылуу издөөдө жүргөн чет элдик кыргыз паспорту менен кармалды

11-ноябрь 2019, 15:38 Аман Аскаров

Ауу-у, Тайырбек Сарпашев деген “мамлекеттик-жеке ишкерди” көргөн жан барбы? Ой айланайын, анын кылган ишинин залакасы азыркыга чейин тийип жатат. Мамлекеттик каттоо кызматында жетекчи болуп турганда кыргыз паспортуна байланышкан далай ызы-чуу болду эле. Өлкө ичинде гана болсо гана. 2016-жылы Түркиянын Стамбул шаарынын эл аралык аэропортунда уйгур улутундагы 98 Кытай жараны жасалма кыргыз паспорту менен кармалганы эсиңердеби? Дүйнөгө бетибиз менен баткакка ...

0 2865

ФОТО - Чүй ОИИББинин башчысынын көптөн берки алгачкы сүрөттөрү! "Эрдик" колуна тапшырылды

11-ноябрь 2019, 15:09 Аман Аскаров

7-8-август күндөрү мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди Кой-Таш айылынан мажбурлоо түрүндө тергөөгө алып келүү операциясы учурунда башына таш тийип, кийин комага түшүп, дарыланууга Москвага жөнөтүлгөн Чүй ОИИББинин башчысы Самат Курманкуловго жакында Кыргыз Республикасынын президенти Сооронбай Жээнбековдун жарлыгына ылайык «Эрдик» медалы ыйгарылган. Медалды жабыркаган Самат Курманкуловго ИИМ министри Кашкар Жунушалиев тапшырып келди. Аны менен бирге ал дарыланып жаткан жайга Кыргызстандын Россиядагы элчиси ...

0 336

Түркияда кыргыз кыздарына байланышкан кылмыш катталды

11-ноябрь 2019, 14:50 Аман Аскаров

Түркиянын Анталья шаарындагы Манавгат районунда эки кыргызстандык кыз мекендешин сабап, аны тоноп кеткендиктери үчүн полиция тарабынан кармалды. Haberler порталы маалымдагандай Нүргүл Карбаева аттуу айым Манавгаттын мейманканаларынын биринде тазалоочу болуп иштейт. Ал сабалгандан кийин доктурга кайрылган. Ооруканадан полиция кызматкерлери чакыртылган. Дарыгерлер жабырлануучунун денесинде ур-тепкинин белгилери бар экендиги тууралуу бүтүм чыгарып беришкен. Укук коргоо кызматкерлери көп өтпөй кылмышка шектүүлөрдү кармап, алар ...

0 267

Төкмө каза болгон жол кырсыгында төрт киши көз жумган

11-ноябрь 2019, 13:35 Айдар Нуралиев

Бүгүн, болжол менен түнкү бирлер чамасында 27 жаштагы А.Ж. аттуу жаран Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолунда Субару Импреза унаасын айдап баратып, жүк ташуучу Норд унаасы менен кагышкан. Кырсыктын кесепетинен Субарунун айдоочусу жана бул унаанын үч жүргүнчүсү каза болсо, дагы бир 20 жаштагы жигит оор абалда ооруканага жеткирилген. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришти. Каза болгондордун арасында жаш төкмө ...

0 450

ВИДЕО - Өрт өчүрүүчү кошуналарынын үйүн өрттөп жүргөн

Видео 11-ноябрь 2019, 13:08 Бакыт Молдалиев

Хакасия Республикасындагы Балыкса айылында үй өрттөдү деп өрт өчүргүч шектелүүдө. Бул тууралуу орусиялык маалымат каражаттары жазып чыкты. Маалыматка караганда, ушул жылдын август айынан октябрь айына чейин аталган айылдагы алты үй күйүп кеткен. Бул окуяга айылдын тургуну Иван Шнайдер шектелип жатат. Иван 26 жашта. Ал Балыкса айылынын өрт өчүргүч бөлүмүнүн башчысы болуп иштейт.  Жабырлануучулардын айтымында, ал көпчүлүк жабырлануучулар менен дос болчу ...

0 330

Тумандын айынан бир учурда 18 автоунаа сүзүшүп, 29 киши жабыркады

11-ноябрь 2019, 11:57 Айдар Нуралиев

Германиянын түштүк-батышында болгон жол кырсыгынан бир эле учурда 18 автоунаа кагылышып, анын айынан 29 киши жабыркады.  Бул тууралуу чет элдик басылмалар бүгүн жазып чыгышты. Кырсык Германиянын Франкония аймагында болгон. Чоң жолдо автоунаалар өз нугунда жүрүп жаткан, айлананы туман каптап, нымдуулук жогору болгон. Айдоочулардын бири тайгак жолдо унаасын башкара албай калып, алдындагы автоунааны сүзүп алган. Буга удаа эле дагы башка ...

0 331

"Эрдик" медалынын ээси өз алдынча басып, сүйлөй баштады

11-ноябрь 2019, 12:00 Аман Аскаров

7-8-август күндөрү мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди Кой-Таш айылынан мажбурлоо түрүндө тергөөгө алып келүү операциясы учурунда башына таш тийип кийин комага түшүп, андан ары дарыланууга Москвага жөнөтүлгөн Чүй ОИИББинин башчысы Самат Курманкулов өз алдынча сүйлөп жана баса баштады. Саламаттыкты сактоо министрлигинен билдиргендей, Курманкулов акырындык менен басып, айрым көнүгүүлөрдү жасап калды. Андан сырткары, буга чейин Самат Курманкулов үн ...

0 938

Кара-Көлдө 18 жаштагы кыз дааратканага барам деп ажал тапты

11-ноябрь 2019, 11:38 Аман Аскаров

СССР убагында курулушу аяктабай же болбосо такыр эле каралбай калган объектилер чачтан көп. Андай объектилердин бири Кара-Көл шаарында союз убагында курулган кудук. Анын тереңдиги 8 метрге чамалап калат. Эми ошол кудукта кырсык катталып отурат. Тагыраагы 9-ноябрь, түнкү саат 01:30дар чамасында 18 жаштагы кыз ал кудукка түшүп кетип каза болду. Бул окуя кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине кокустук катары каттоого ...

0 218

“Антошканын” ижарачысы үй камагына чыкты

11-ноябрь 2019, 11:14 Айдар Нуралиев

“Антошканы” ижарага алып иштеткен адам үй камагына чыгарылды. Бул тууралуу Бишкек ШИИББи кабарлады. Маалыматка караганда, мындай чечимди Свердлов райондук соту чыгарган. Эске салсак, 8-ноябрда Бишкектин Чүй проспектиси менен Эркиндик бульварынын кесилишинде жайгашкан “Антошка” тез татым кафеси жарылып, өрттөнүп кеткен. Кырсыктан бир адам каза болуп, 15 адам жабыркаган. Ошол эле күнү Бишкек ...

0 429

Жеке ишкер Айэркен Саймаитини Стамбулдан өлтүрүп кетишти

11-ноябрь 2019, 10:41 Аман Аскаров

«Кыргызстандан чыгарылган миллиондордун изи» аттуу иликтөөнүн негизги каарманы  жеке ишкер Айэркен Саймаитинин өлтүрүлгөнү кабарланды. Мындай маалыматты “Азаттык” Түркиянын басылмаларына шилтеме берүү менен жазып чыкты. Маалыматка караганда, окуя 10-ноябрь кечке маал Стамбул шаарынын Фатих аймагындагы мейманканалардын биринде болгон. Анда Айэркен Саймаитини белгисиз адам атып кеткен. Ооруканага жеткизилген Саймаити алган жаракатынан каза тапкан. Саймаити «Азаттык» ...

Жарнама үчүн орун!
600 x 50
0 455

Баягы эле армияда адам өмүрү кыйылды. Кой-Ташта аскер асынып алды

10-ноябрь 2019, 15:21 Аман Аскаров

Бүгүн түнү Кой-Таш айылында жайгашкан 73809 аскер бөлүгүндө аскер кызматкери асынып алды. Белгилүү болгондой асынып алган адам адаттагыдай катардагы жоокер эмес, офицердик курамдагы майор экен. Анын жансыз денесин өзү жашаган жатаканадан табышкан. Окуя болгон жерде Бишкек гарнизонунун аскер прокуратурасы иш алып барууда.    Булак: NazarNews.kg

0 2664

Өмүрбек Текебаевди кайра камалат дешти. Түлөөнү бекер эле бергенби?

09-ноябрь 2019, 14:55 Аман Аскаров

Эсиңиздерде болсо «Ата Мекен» партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев жана экс-элчи Дүйшөнкул Чотонов август айынын соңунда Бишкектин Биринчи Май райондук сотунун чечими менен “Маевскийдин иши” боюнча үй камагына чыгарылган. Андан кийин Өмүрбек мырза далай жерге барды. Аттуу-баштуулардын төрүндө конок болду. Айрым чиновниктердин тоюнда дагы жүрдү. Боштондукка чыгышы менен түлөө дагы берди. Кыскасы, “чартаңбай тепти”. Албетте, “Маевскийдин иши” башынан эле бир ...

Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83