www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кылмыш жана кырсык
0 340

Баткенде жергиликтүү тургунду өз үйүнөн атып кетти

30-октябрь 2019, 09:05 Бакыт Молдалиев

Баткен облусунун Лейлек районуна караштуу Бешкент айылында 25 жаштагы жергиликтүү тургун мылтыктын огунан алган жаракаттан улам каза болду. Бул тууралуу бүгүн, 29-октябрда аталган облустун ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы маалымат таратты. Маалыматта айтылгандай, окуя 27-октябрда болгон. Каза болгон жаран 27-октябрдын түнүндө, саат 00:30тар чамасында үйүнөн сыртка чыгып, кайра кирип бара жатканда аркасынан белгисиз кылмышкер тарабынан ок атылган. Аткан адам ...

0 879

Сойку экендиги тууралуу “имиштерди” уккан атасы өз кызын өлтүрүп салды

29-октябрь 2019, 17:56 Бакыт Молдалиев

Бакунун Ясамаль районунда 27 жаштагы кыз өз атасынын колунан каза тапты. Бул тууралуу жергиликтүү басылмалар жазышууда. Андагы маалыматтарга ылайык, Азербайжандын Массали районунун 57 жаштагы тургуну Ильгар Паша оглу Гурбанов атайын Баку шаарына барып, кызы Айсель Мамедли менен жолугушат. Жолугушуудагы сүйлөшүү учурунда экөөнүн ортосунда жаңжал чыгып, атасы кызынын төшүнө, мойнуна жана ичине бычак сайып жиберген.

0 962

ФОТО - Көк-Жарда жаш жигитти атып кеткен кылмышкерлер изделүүдө

29-октябрь 2019, 17:11 Аман Аскаров

Бишкек шаарында жаш жигитти тапанча менен атып кетишкен. Бул тууралуу жергиликтүү басылмалардын бири күч түзүмдөрүнө таянып маалымат таратты. Ага ылайык, каргаша 23-октябрь түнү болгон. Милицияга кабар саат 03:30да түшкөн. Анда 1997-жылы туулган жигитти Бишкектин четиндеги Көк-Жар айылынан атып кеткендиги тууралуу кабарланган. Жабырлануучуга жалпысынан 5 жерине ок тийген. Белгилүү болгондой ага травматикалык тапанчадан ок чыгарышкан. Доктурлар ...

0 697

ВИДЕО - Кесиптешинин аялын коркутуп, пара алган тергөөчүнү кармап жаткан видео жарыяланды

Видео 29-октябрь 2019, 17:13 Бакыт Молдалиев

Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү кызматы менен ИИМдин Ички иликтөө кызматы биргелешкен иш-чараларынын натыйжасында Бишкектеги Свердлов райондук ички иштер бөлүмүнүнүн тергөөчүсү пара менен кармалган. Эми Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү кызматы бүгүн, 29-октябрда тергөөчүнүн өзү менен бирге иштеген кесиптешинин мурунку аялын телефондон коркутканы, андан соң пара алып жаткан жеринен кармалгандагы боюнча видеосун  таратты. Маалыматта айтылгандай, тергөөчү кесиптешинин мурунку аялынын автоунаасын мурунку күйөөсүнө ...

0 276

ФОТО+ВИДЕО – Күчтүү өрт Американы каптоодо

Видео 29-октябрь 2019, 16:53 Алтын Булат

Сырттагы күзгү аба ырайынын табы күндүзү 17 градустун тегереги, эрте-кеч адамды үшүтүп, чыйрыктырып жиберет. Ал эми Калифорнияда тескерисинче кайнап жатат. Ысыгына адам чыдагыс. Тагыраагы, тутанган өрт тоо-токойлорду жалмоодо. Оттун жалыны алоолонуп, жолунан чыккан жандуу жана жансыздын баарын жалмап бара жатат. Өрттү өчүрүүгө мүмкүн болбой калганын дүйнөлүк ММКлар жазып жатышат. Анда айтылгандай күч алган от жылдыздардын мекени болгон Лос-Анжелеске чейин ...

0 177

Kloop.kg маалымат агенттигинин сайты чабуулга дуушар болду

29-октябрь 2019, 14:53 Айдар Нуралиев

Бул тууралуу Kloop.kg  сайты Фейсбуктагы баракчасы аркылуу маалымат таратты. Анда: “Урматтуу окурмандар! Учурда биздин сайт чабуулга дуушар болду.  Биз азырынча мунун аркасында ким тураарын, эмне болоорун билбейбиз. Бирок азыр ишибиз кыйынчылык менен жүрүп жатат, адистерибиз порталды калыбына келтирүү боюнча иштеп жатышат. Кечирим сурайбыз”, -деп жазылат. Аталган агенттиктин жамааты сайтына болгон чабуулга алардын кабарчылары Ататүрк паркындагы жер маселеси боюнча жазып ...

0 310

Орусияда аял беш айлык баласынын көзүн бычак менен чукуп салды

29-октябрь 2019, 14:23 Айдар Нуралиев

Орусиянын Хакасия республикасынын Таштып айылында үрөй учурга окуя катталды. Кызганычтын айынан күйөөсү менен урушкан аял күчүн беш айлык баласынан чыгарып, баласынын көзүн чукуп салган. Бул тууралуу бүгүн, 29-октябрда орусиялык маалымат булактары жазып чыгышты.  Малыматка караганда, 36 жаштагы аял психикалык жактан ооруйт. Жолдошу Абакан шаарына кеткенде, Ольга атту бул айым төрт жаштан 14 жашка чейинки улуу балдарын бир бөлмөгө камап ...

0 1484

Ошто табылган маркумдун ким экендиги аныкталды

29-октябрь 2019, 14:22 Аман Аскаров

26-октябрда Ош шаарынын ооруканасынын аймагында денеси эки айдай убакыт жаткан адамдын жансыз денеси табылгандыгы тууралуу маалымат тараган. Аны кароолчулар аймакты карап, иретке келтирип жүргөндө таап алышкан. Маркум 1969-жылы туулган, Аскар Эргешов аттуу Кара-Суу районунун тургуну экендиги аныкталды. Ата-энесинин көзү тирүү, учурда аталган райондо жашашат экен. Маркум жубайы менен убагында эки жолго түшүп, жумушу жок, акыркы учурда спирт ичимдигине берилип ...

0 505

Унаа жардан учуп кетип, ичиндеги жубайлар каза болушту

29-октябрь 2019, 13:51 Айдар Нуралиев

Жалал-Абад облусунун Ноокен районунда жол кырсыгы болуп, анын кесепетинен эки киши каза болду. Бул тууралуу "Турмуш" жазып чыкты. Маалыматка караганда,  жол кырсыгы Бүргөндү – Майлы-Суу унаа жолунун 7,9 чакырымында, Кызыл-Кыя айылына жакын жерде болгон. Мерседес үлгүсүндөгү унанын айдоочусу унаасын башкара албай калып, жардан кулап кеткен. Унааны 63 жаштагы Майлы-Суу шаарынын тургуну башкарып бараткан, ошондой эле унаанын ичинде айдоочунун 58 ...

0 262

72 бөкөндү өлтүрүп, мүйүзүн кесип кеткен ...

29-октябрь 2019, 11:58 Айдар Нуралиев

Казакстандын Караганда облусунун полициясынын бүт жеке курамы 72 бөкөндү өлтүрүп, мүйүзүн кесип кеткен браконьерлерди издөө иштерин жүргүзүшүүдө. Бул тууралуу казак басылмалары жазып чыгышты. Маалыматка караганда, Караганда облусунун Нура районунда мамлекеттик аңчылык ишканасынын кызматкерлери 26-октябрда 30, 27-октябрда 42 өлтүрүлгөн бөкөндү табышкан. Бөкөндөрдү аткан браконьерлер алардын мүйүздөрүн араалап кетишкен. Учурда бөкөндөрдү өлтүргөн браконьерлерди аныктоо жана колго түшүрүү иштери жүрүүдө. Тажрыйбалуу кызматкерлерден ...

0 1804

ВИДЕО - Ыйлаарыңды же күлөрүңдү билбейсиң. Куршабда Тико Ауди С4түн "пачагын" чыгарып салды

Видео 29-октябрь 2019, 11:04 Аман Аскаров

Күнүмдүк тиричилик деп атып адамдардын нерви дагы жукарды. Көтөрүмсүз болуп калды. Тартип дагы жок. Өзгөн районунун Куршаб айылынын тургундары чыдамсыз дагы келишет окшойт, ошол эле маалда тартипти дагы туу тутушат. Айтсак, Куршаб айылында жергиликтүү мыйзамды билбеген бирөө болсо керек, унаасын туура эмес, туш келди жерге токтотуп коюп, иштери менен кетип калган. Анан башка айдоочулар эмне кылды дейсиңер? Туура эмес ...

0 317

Түтүн чыгуучу түтүккө тыгылып калган киши каза болду

29-октябрь 2019, 10:46 Айдар Нуралиев

Улуу Британиянын жараны түтүн чыгаруучу түтүктүн башына тыгылып, каза болду. Бул тууралуу чет өлкөлүк басылмалар жазып чыгышты. Каргашалуу окуя, Камбрия графтыгындагы Карлайл шаарчасында болгон. Маркум 90 метрлик түтүктүн башына эмне себеп менен чыккандыгы азырынча белгисиз. Жергиликтүү тургундар ал кишинин түтүккө тепкич менен чыккандыгын, андан соң жардам сурап элге кыйкыргандыгын жана алар дароо куткаруучуларды  чакырышкандыгын  айтышкан. Маркум башы ылдый караган ...

0 518

ТЭЦти модернизациялоо иши. Айыпкерлерди сотко "дүңүнөн" күч колдонуп алып келишет

28-октябрь 2019, 17:47 Аман Аскаров

Бишкек шаарынын Свердлов райондук сотунда Бишкек жылуулук электр борборун модернизациялоо боюнча соттук отурум өтүп жатат. Бирок ага мурдагы премьер-министр Сапар Исаков келбей жаткан. Аны бүгүн айла жок, күч колдонуп алып келүүгө туура келди. Алып келгени менен кийин ал конвойдун бөлмөсүнөн чыгууда баш тарткан. Анын “дарты” модернизациялоо ишиндеги башка айыпталуучуларга дагы жугуптур. Исаковдун артынан ...

0 181

6 жаштагы кызын өлтүргөн адам Англиянын жараны болуп чыкты

28-октябрь 2019, 16:19 Айдар Нуралиев

Алматы шаарында алты жаштагы кызын өлтүрдү деп шектелип анын атасы кармалган. Ал Улуу Британиянын 41 жаштагы жараны. Бул тууралуу казак басылмалары жазып чыгышты. Алматынын райондор аралык соту кылмышка шектүү Баракат Мохамеддин баш коргоо чарасын карап, аны 2 ай камакка алуу чечимин чыгарган. Атасы кызын алгач айтылгандай муунтуп эмес, сабап өлтүргөнү аныкталган. Эске салсак, 24-октябрда Алматыдагы беш жылдыздуу “InterContinental” мейманканасында ...

0 629

Свердлов РИИБнын тергөөчүсү баласын чаап жиберген аялды интимдик мамилеге мажбурлаган

28-октябрь 2019, 15:19 Айдар Нуралиев

Муну менен бирге милиция кызматкери аялдан ишинин оң чечилиши үчүн автоунаасын ага каттатып берүүсүн сураган. Аялдан 10 000 сом пара талап кылып  кармалган Бишкек шаарынын Свердлов райондук ИИБнын тергөөчүсү аны интимдик мамилеге мажбурлап, автоунаасын өзүнө каттатып берүүнү сураган. Бул тууралуу Vesti.kg сайтына укук коргоо органдарындагы өздүк маалыматтар маалымдашты. Белгилүү болгондой, аял өзүнүн уулун чаап жиберип, бала атасына даттанып айтып барган. Ал ...

0 1011

12 жашар бала апасын кескилеп өлтүрдү

28-октябрь 2019, 14:00 Айдар Нуралиев

Орусиянын Санкт-Петербург шаарында 12 жашар бала өз энесин мыкаачылык менен өлтүргөн. Бул тууралуу Орусиянын маалымат каражаттары жазып чыгышты. Маалыматтарга караганда, окуя 26-октябрда болгон. 12 жашар бала энесинин бетине ысык суу куюп, кайчы менен кескилеп, шишкебек жасоочу ийне менен сайып өлтүргөн. Муну баланын эгизи карап турган. Эгиз балдар экөө тең психиологиялык жактан жабыркайт жана үй-бүлө психоневрологиялык диспансерде каттоодо турат. Булардан ...

Жарнама үчүн орун!
600 x 50
0 623

Колго түшкөн милиция кызматкеринин башка жоруктары ачыкка чыгууда

28-октябрь 2019, 13:05 Аман Аскаров

Өткөн аптада Бишкек шаарынын Свердлов РИИБнин кызматкери 10 000 сом пара менен кармалган. Ал иште дагы кызыктуу жагдайлар ачыкка чыгууда. Көрсө, пара менен кармалган кызматкер жабырлануучуга интимдик байланышка барууга да мажбурлаган экен. Анысы аз келгенсип, жабыр тарткан келиндин унаасын өзүнө каттатууга сунуш кылгандыгы белгилүү болуп жатат. Бул тууралуу жергиликтүү басылмалардын бири укук коргоо кызматындагы булактарына таянып жазып чыкты.

0 2130

Ишкердин өлүмүнө шектүү кармалды. Ал мурда зордуктоо фактысы боюнча отуруп чыккан

28-октябрь 2019, 12:17 Аман Аскаров

18-октябрь күнү “Манас” эл аралык аэропортунун унаа токтотуучу жайында токтоп турган унаалардын биринин багажнигинен адамдын сөөгү табылган. Жергиликтүү басылмалардын бири укук коргоо кызматындагы булактарына таянып ал кылмышка шектүү адам колго түшүрүлгөнүн жазып чыкты. Такталбаган маалыматтарга караганда, кылмышка шектүү жаран мындан 3 күн мурун кармалган. Ал буга чейин жашы жете элек кызды зордуктоо жана башка кылмыштар менен бир нече ирет ...

0 187

Чет өлкөдөн мыйзамсыз тамеки ташып келе жаткан жаран кармалды

28-октябрь 2019, 12:00 Айдар Нуралиев

ЕАЭБтин бажы аймагына мыйзамсыз ташылып келе жаткан 1 087 500 сомдук “Rothmans” маркасындагы тамеки Мамлекеттик бажы кызматынын кызматкерлери тарабынан кармалды. Бул тууралуу бажы кызматынын басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка караганда, ЕАЭБтин бажы аймагына товарларды жана транспорт каражаттарын мыйзамсыз ташып кирүү фактыларын табуу жана аларга бөгөт коюу боюнча жүргүзүлгөн ыкчам иш-чаранын жыйынтыгында, “Ыкчам” бажысынын кызматкерлери тарабынан Ош шаарында Кыргыз Республикасынын жараны ...

0 2972

ФОТО - Финпол тарабынан кармалган аял эми бажы кызматынын үлкөн чиновниги болду

28-октябрь 2019, 17:50 Аман Аскаров

“Боло берет турмушта, особенно кыргызда” – деген сөз бар эл арасында. Чындыгында, эл кайдан алмак эле мындай сөздөрдү? Турмуштан алат да. Дегенибиз, жакында мамлекеттик бажы кызматына жаңы жетекчилер дайындалды. Алардын бири Замирбек Карашев. Буга чейин ал “Северная” темир жол бажысынын, андан кийин “Манас” бажысынын жетекчиси болгон. Эми эң кызыгы, жанагы “боло берет баары да” ...

0 122

Издөөдө жүргөн террордук уюмдун мүчөсү кармалды

28-октябрь 2019, 11:34 Айдар Нуралиев

2019-жылдын 18-октябрында УКМК тарабынан КР ИИМ менен биргеликте Кыргызстандын аймагына кирүүгө тыюу салынган эл аралык террордук уюмдардын (ЭТУ) катарына рекруттарды жөнөтүү каналдарына бөгөт коюу максатында жүргүзүлгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын алкагында 1994-ж.т., КР жараны Д.А. кармалды. Бул тууралуу УКМКнын маалымат кызматы кабарлады. Маалыматка караганда, такталгандай кармалган Д.А. эл аралык террордук уюмдун лагеринен атайын диверсиялык-террордук даярдыктан өтүп жана башчысынын тапшырмасы боюнча террордук ...

0 173

УКМКнын кызматкерлерибиз деп акча талап кылгандар кармалды

28-октябрь 2019, 11:24 Айдар Нуралиев

Кечээ, 27-октябрда УКМКнын коррупцияга каршы күрөшүү кызматынын кызматкерлери тарабынан дал ушул кызматтын кызматкерлерибиз деп, бизнесмендерден акча талап кылып жүргөн адамдар кармалды. Б.А. жана И.М. аттуу бул жарандар жеке ишкердин бизнесин текшеребиз деп коркутуп, 2 миң доллар талап кылып, анын миң долларын алып жатканда кармалышкан. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка караганда, бул факт акча талап кылуу беренеси ...

0 255

Депутат Алиярбек Абжалиевдин уулу катышкан жол кырсыгы боюнча экспертиза коомду макулук көрөбү?

28-октябрь 2019, 11:18 Аман Аскаров

Ушул жылдын 7-июль күнү Ысык-Көлдүн Бактуу-Дөлөнөтү айылындагы кандуу жол кырсык катталган. Анда BMW X7 жана Lexus ES 330 үлгүсүндөгү унаалар кагышып, акыркы унаадан дароо төрт баланын кырчындай өмүрү кыйылган. BMW X7де депутат Алиярбек Абжалиевдин уулу, Бишкек шаардык кеңешинин депутаты Темирлан Токобеков болгон. Рулду дагы ошол бала башкарып бара жаткан дегендер бар. Бирок, кийинчерээк рулду Элдияр Халмурзаев аттуу жаран ...

0 1005

Сапар Исаковду сотко күч колдонуп алып келишти. Башка айла жок

28-октябрь 2019, 10:47 Аман Аскаров

Мурдагы премьер-министр Сапар Исаковду бүгүн сотко күч колдонуп алып келишти. Буга чейин “эрке баланын” эркелиги кармап, сотко келүүдөн баш тартып жаткан. Бул эмнеси? "Атасы" Атамбаевди туураганыбы деп көбү таң калып отурушкан. Деги Бишкектеги жылуулук электр борборундагы коррупциянын бети ачылышы керекпи? Же кылымдарга узаган дастан бойдон калып кете бермек беле? Аны сотко УКМК кызматкерлери алып келген, бирок ...

0 2442

Өз кызынан үч балалуу болгон 81 жаштагы абышка кылмышын мойнуна алды

28-октябрь 2019, 09:42 Бакыт Молдалиев

Британиялык аял 81 жаштагы атасынан 3 жолу кош бойлуу болуп, 3 бала төрөгөн. Аял өлөөр алдында атасынын өзүнө жасаган адепсиз иш-аракеттери тууралуу күйөөсүнө айтып кеткен. Өз кезегинде күйөөсү ДНК текшерүү жасатып, натыйжасын полицияга кабарлаган. Натыйжада адепсиз атасы 4 жылга соттолду. Каза болгон аял Ашраф Хандын 4 кызынын бири болгон. Ал Пакистанда төрөлгөн. Аял турмушка чыгаар алдында атасы менен бирге Бредфорд шаарына ...

0 624

Кызды тирүүлөй өрттөгөн 16 киши өлүм жазасына тартылды

26-октябрь 2019, 12:50 Айдар Нуралиев

Бангладештин соту медресе окуучусун өлтүргөн деп айыпталган 16 адамды өлүм жазасына тартуу тууралуу өкүм чыгарды. Бул тууралуу дүйнөлүк басылмалар жазып чыгышты. Маалыматка караганда, өлүм жазасына өкүм чыккандардын арасында медресенин директору, 3 мугалими, маркумдун 2 классташы, башкаруучу партиянын жергиликтүү бөлүмүнүн эки жетекчиси бар. Эске сала кетсек, Нусрат Жахан Рафи аттуу 18 жаштагы медресенин окуучусу 2019-жылдын апрель айында өлтүрүлгөн. Аны директор ...

0 949

Армиядагы "дедовщина" массалык адам өлтүрүүгө себеп болду

26-октябрь 2019, 12:19 Аман Аскаров

Забайкалье аймагындагы Горный айылында аскердик бөлүктө чогуу кызмат өтөгөн жоокерлерин жана эки офицерди атып салган солдат кадамынын негизги себептерин атады. Колго түшүрүлгөн жоокер окуя тууралуу эч өкүнбөй тургандыгын айтып, кылган кылмышы үчүн жоопкерчилик тартууга моралдык жактан даяр экендигин билдирген. Андан сырткары, ал каргашанын негизги себеби – уставдык эмес мамиледен  келип чыккандыгын айткан. Жөнөкөй тил менен айтканда ...

0 1322

ВИДЕО - Мирбек Атабеков: "Мага күнөөсүз баланы карматып, каматып эмне азап?"

Видео 26-октябрь 2019, 12:20 Бакыт Молдалиев

Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти, белгилүү ырчы Мирбек Атабеков апасынын үйүнө уурулукка кирип, энесин сабоо менен үйдөн бир нече миң доллар алып чыгып кетүүгө шектелип кармалган адам тууралуу видеокайрылуу жасады. Кайрылууда Атабеков бул боюнча соцтармактарда ар кандай аттарды жамынып, жаман пикир жазгандарга таң калып жатканын айтып, чагымчыл сөздөрдү жазууда сак болууну өтүнөт. Эскерте кетсек, Бишкек шаарында ушул жылдын 6-майына ...

0 212

Пара алганга шектелип тергөөчү кармалды

26-октябрь 2019, 10:02 Айдар Нуралиев

ИИМдин Ички иликтөө кызматы ички иштер органдарынын катарынан кызматтык кызыкчылыктарды саткандардан, паракорлордон, мыйзамды бузгандардан, коомчулуктун алдында милиция кызматкерлеринин кадыр-баркына көө жапкандарды тазалоого багытталган иштерди улантып жатат. Жарандардын арыздарын жана даттанууларын кароодон баш тартуу, кылмыштарды каттоодон жашыруу, пара талап кылуу, оройлук боюнча фактыларга өзгөчө көңүл бурууда. Бул тууралуу ИИМдин маалымат кызматы кабарлады. Маалыматка караганда, 2019-жылдын 25-октябрь күнү Кыргыз Республикасынын ИИМдин ...

0 601

ВИДЕО - Токмоктогу үрөй учурган жол кырсыгы

Видео 26-октябрь 2019, 09:40 Аман Аскаров

Токмок шаарына жакын үрөй-учурган жол кырсыгы катталды. Анын видеосун жарандык активисттердин бири өзүнүн Инстаграмм баракчасына жүктөгөн. Жол коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынан маалымдагандай, Бишкек-Нарын-Торугарт автожолундагы жол кырсыгы тууралуу маалымат аларга 25-октябрь саат 16:40да келип түшкөн. Анда Toyota Camry унаасы батыштан чыгышты карай кетип бара жатып, айдоочусу рулду башкара албай, жолдун жээгиндеги тосмону сүзүп алган. Кырсыктан баш-аягы 5 ...

0 291

Орусияда жоокер өзү менен кошо кызмат өтөгөн 8 жоокерди атып өлтүрдү

26-октябрь 2019, 09:25 Бакыт Молдалиев

Кечээ, 25-октябрда Орусиянын Забайкалье аймагындагы Горный айылында аскердик бөлүктө кызмат өтөп жаткан жоокер ага берилген табелдик курал менен чогуу кызмат өтөгөн жоокерлерди атып, качып кетти.   Каргашанын кесепетинен ок тийген жети жоокер окуя болгон жерде мүрт кетишсе, дагы бирөөсү ооруканадан өзүнө келе албай каза болгон. Дагы эки жоокер жеңил жаракат алышкан. Маалыматтарда окуя жергиликтүү убакыт боюнча 18:20да, аскердик бөлүктөгү ...

0 250

Жалал-Абадда шаар тургунун тоногондор кармалды

25-октябрь 2019, 18:08 Айдар Нуралиев

Жалал-Абад шаарынын 1996-ж.т. П. Т. аттуу тургуну шаардык милицияга арыз менен кайрылып, 2019-жылдын 26-сентябрь күнү саат 04:00 чамасында Жалал-Абад шаарындагы Ж.Бакиев көчөсүндөгү «Юг-Сити» соода борборунун жанында өзүнө тааныш эмес белгисиз 4-5 азиат улутундагы атуулдар эч себепсиз эле бет жагына бир нече жолу уруп, баасы 15 миң сомдук Самсунг А-30 үлгүсүндөгү кол телефонун тоноп кетишкендигин билдирген. Бул тууралуу ОИИБнин басма сөз кызматы ...

Жарнама үчүн орун!
600 x 50
0 361

ВИДЕО - Жалал-Абадда той учурунда "бой" болду

Видео 25-октябрь 2019, 17:50 Бакыт Молдалиев

Интернетте үйлөнүү үлпөтү учурунда жаштардын массалык мушташуусу катышкан видео бүгүн, 25-октябрда тарады. Жалал-Абад областтык ички иштер башкармалыгы билдирген маалыматка караганда, окуя аталган областтын Ноокен районунда болгон. Мушташтын кесепетинен ооруканага 23 жана 25 жаштагы эки жаран кайрылган, бирок, бирок алган жаракаттары олуттуу болбогондуктан, алар алгачкы медициналык жардам алган соң кетип калышкан. Ал эми милициянын билдиришинче, бул тууралуу арыз жазуудан жана экспертизадан ...

0 259

Финпол эс алганда чек ара менен салык кызматы бар. Аткезчилердин изи менен

25-октябрь 2019, 17:26 Аман Аскаров

Өлкөдө кадимки эле бензин “лихорадкасынын” эпидемиясы жүрүп жаткандай. Бул апта мыйзамсыз ташылып келген бензин, дизель майына экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматы (финпол) аңчылык жарыялап, анысы жемиштүү жүрүп жаткандыгын байкасак болот. Эми гана “үүх” деп эс ала түштүк эле, аткезчи ишкерлер Кыргызстан менен Казакстандын чек арасындагы “Чалдыбар - Автожол” өткөрмө пунктунан дагы “доза” өткөрөлү деген ...

0 907

АУДИО - ВИДЕО – Кадыровдун элди кордогон тасмасы пайда болду

Аудиофайл Видео 25-октябрь 2019, 16:31 Алтын Булат

Чиновниктин кеңсеси. Жинденген эркек колундагы электрошокер менен айымга тап берип жатат. Бул жашыруун камера эмес, экс-мэрдин өзүнүн эле жакындары тарткан видео. Чеченстандын УТРК каналы, убактысы 8 саатка созулган ушундай видео жарыялады. Андагы башкы каарман - Грозный шаарынын мурдагы мэри Ислам Кадыров. Ал жергиликтүүлөрдү коркутуп-үркүтүү менен кандайдыр бир маалыматтарды алууда. Арасында экс-мэрдин жарандарды “ушинтип айткын” деп коркутуп жаткан учурлары дагы ...

0 2316

АУДИО - ФОТО - Оперлер чалкасынан кеткен! Мыйзамсыз күйүүчү майдын артынан

Аудиофайл 25-октябрь 2019, 17:31 Аман Аскаров

Экономикалык кылмыштар менен күрөшүү мамлекеттик кызматы (финпол) тарабынан Кең-Булуң айылында узундугу үч чакырымга барабар жер астында көмүлгөн түтүктөр табылгандыгы тууралуу NazarNews.kg күн мурун жазган. Аны андан ары иликтөө жана изилдөө иштери каякка алып келгенин билесиздерби? Токмок шаарынын Пионерлер көчөсүндөгү короолордун бирине алып келип, ал жерден финполдун кызматкерлери көргөн көздөрүнө ишенишкен эмес. Короонун аймагынан оперлер электр насосторун, түтүктөрдү ...

0 365

АУДИО - Атасы 6 жаштагы кызын муунтуп өлтүрдү деп шектелүүдө

Аудиофайл 25-октябрь 2019, 13:53 Айдар Нуралиев

Алматы шаарында алты жаштагы кызын өлтүрдү деп шектелип анын атасы кармалды. Алдын ала маалыматтарга караганда, кыз муунтулуп өлтүрүлгөн. Бул тууралуу казак басылмалары жазып чыгышты. Андагы маалыматтарга караганда, окуя кечээ, 24-октябрда Алматыдагы “InterContinental” мейманканасында эрте менен болгон. Чет элдик жаран мейманканага аялы, кызы менен бирге жайгашкан. Эрте менен кыйкырыктарды уккан мейманкананын кызматкерлери полиция чакырган жана 6 жаштагы кыздын жансыз денесин ...

0 377

АУДИО - Сойкулук менен алектенген шуркуялар кармалды

Аудиофайл 25-октябрь 2019, 13:45 Айдар Нуралиев

Жалал-Абад шаарынын аймагында мурда коомдук тамактануучу жайды бүгүнкү күндө белгисиз атуул сойкукана катарында иштетип жаткандыгы боюнча ыкчам маалымат алынган. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматта “Сойкулукка жана ыпластыкка көмөктөшүү” болуп катталып, Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 167-беренесинин 1-бөлүгү менен Жалал-Абад ОИИБдин Тергөө кызматы тарабынан сотко чейинки өндүрүш иши башталган", -деп айтылат маалыматта.  Маалыматка ылайык, жогорудагы сотко чейинки өндүрүш ...

0 518

АУДИО - Кандуу жол кырсыктын себеби айтылды. BMW X7 ылдамдык эрежесин бузган

Аудиофайл 25-октябрь 2019, 13:57 Аман Аскаров

Ушул жылдын 7-июль күнү Ысык-Көлдүн Бактуу-Дөлөнөтү айылындагы кандуу жол кырсыкка BMW X7 унаасынын катуу ылдамдыгы себепкер болгон. Мындай бүтүмдү автотехникалык эскпертиза чыгаргандыгы белгилүү болду. Ал тууралуу маалыматты Ысык-Көл ОИИБ жергиликтүү маалымат булактарынын бирине берген. Анда BMW X7 жана Lexus ES 330 үлгүсүндөгү унаалар кагышып, акыркы унаадан дароо төрт адам мерт кеткен. Ал эми жол тандабастагы жүргүнчүлөр ооруканага жеткирилген. Алгач ...

0 486

Элестеткиле! Ошто бир үлкөн 600 миң доллардан кур жалак калды

25-октябрь 2019, 09:27 Аман Аскаров

Кыргызстанга Өзбекстан жараны мыйзамсыз жол менен 600 миң доллардан ашуун акчаны киргизүү аракетин көргөн. Бирок анын көздөгөнү ишке ашпай,  коңшу өлкөнүн күч органдары тарабынан кармалган. Окуя “Наманган-Касансай” автожолунда болгон. Анда Өзбекстандын мамлекеттик коопсуздук кызматынын кызматкерлери шектүү унаанын токтотуп, аны текшерүүгө алганда, ичинен 600 миң доллардан ашуун накталай акча чыккан. Акча алып бараткан адам аны Кыргызстандагы кайсы бир үлкөнгө ...

0 451

"Эркелиги" кармаган Сапар Исаков СИЗОдон дагы тултуюп жатат

24-октябрь 2019, 17:53 Аман Аскаров

Бишкектеги жылуулук электр борборундагы коррупция иши боюнча айыпталып, абакта жаткан мурдагы премьер-министр Сапар Исаков камерадан чыгуудан баш тартып, бул жолку соттук отурумга катышуудан баш тартты. Бул тууралуу анын жактоочусу Замир Жоошев билдирди. Анын айтымында, айыпталуучулардын адвокаттары бүгүн мажбурлоо түрүндө эки күбөнү соттук отурумга чакыртууну өтүнүшкөн экен. Алар соттук-экономикалык жана соттук-курулуш эксперттери. Буга чейин прокуратура дагы эки экспертке тең соттук ...

0 808

ВИДЕО (18+) – Унаа кыз-жигитти сүзүп, чогуу дубалдан ашып кетишти

Видео 24-октябрь 2019, 17:00 Алтын Булат

Жол жээгинде сүйүшкөндөр кучакташып, өбүшүп жатышат. Ал аңгыча ар жактан жерге тийип-тийбей учуп келе жаткан унаа түз эле тиги жаштарды сүзүп, баары тосмодон ары карай кетишти. Маалыматтарга караганда, окуя кечээ, 24-октябрда Москва шаарынын көчөлөрүнүн биринде болгон. Анда 18 жаштагы жигит, сүйгөн кызын үйүнө узатуу үчүн жол чырагынын жашыл жарыгынын жанышын күтүп турушкан. Мына ошол учурда, тормозу иштебей калган Форд ...

0 457

Шок! Токмокто эгиз төрөлгөн балдардын бирин врачтар алып, ордуна аборт болгон жансыз денени карматып коюшкан

24-октябрь 2019, 17:11 Бакыт Молдалиев

Бул тууралуу бүгүн, 24-октябрда “Коомдук анализ” ачык коомунун жетекчиси, укук коргоочу Рита Карасартова айтып чыкты. Ал коррупцияга такыр эле чөгүп кеткен медицинадагы кечирилгис, өтө уятсыздык алдамчылык боюнча чындык таппай жүргөн келиндин катын жарыялап, ага кандай жардам берүү керектиги тууралуу коомчулукка кайрылуу жолдоду. Төмөндө чындык таппай чыркыраган ал келиндин укук коргоочуга жазган катын толугу менен беребиз: -Эже, сиздин жардамыңызга муктажмын. Эмне кылышым ...

0 3052

+18 СҮРӨТ. Унаадан сөөгү табылган адамдын эгизи бар. Бизнести бирге кылышчу

24-октябрь 2019, 16:50 Аман Аскаров

 “Манас” эл аралык аэропортунда сөөгү табылган жаран Түркияга акча ташуу менен алектенген. Бул тууралуу жергиликтүү басылмалардын бирине укук коргоо органдарындагы ишенимдүү булагы маалымдаган. Андан сырткары, маркумдун эгизи дагы бар жана дал ошол бир тууганы менен иш алып барчу. Киши колдуу болгон К.Х. Чүй облусунун Сокулук районуна караштуу совхоз Фрунзе айылында жашагандыгы айтылат. Улуту - уйгур. Эске ...

0 424

ВИДЕО - Санкт-Петербургда кыргыз айдоочусу башкарган жүргүнчүлөрү толо кичиавтобус трамвайды сүзүп, оодарылып кетти

Видео 24-октябрь 2019, 16:18 Бакыт Молдалиев

Санкт-Петербургда кыргызстандык Сапарбек Темирбаев аттуу жаран ичи толо жүргүнчүлөрү менен айдап бара жаткан маршруттук кичиавтобусу менен жол чырактын кызылынан өтүп барып трамвайды сүзүп, оодарылган абалда бир нече метрге чейин сүрүлүп токтогон. Бул тууралуу орус басылмалары андагы окуя түшүп калган видеосу менен бирге маалымат таратышууда. Андагы маалыматтарга ылайык, оодарылып кеткен маршруттук кичиавтобустун ичинен 15 адам ар кандай жаракат ...

0 179

Террорчулукка шектелип издөөдө жүргөн жаран кармалды

24-октябрь 2019, 15:32 Айдар Нуралиев

2019-жылдын 18-октябрында Бишкек шаарында контртеррористтик иш-чаралардын жүрүшүндө, КР УКМК кызматкерлери тарабынан эл аралык террористтик уюмдун мүчөсү КР жараны 1980-ж.т., Жалал-абад облусунун тургуну М.А. кармалды. Бул тууралуу УКМКнын маалымат кызматы кабарлады. Маалыматка караганда, кылмышка шектүү М.А. 2011-жылдан бери КР Кылмыш-жаза кодексинин 226-беренесинин 3-бөлүмү (эски редакцияда террордук акт) боюнча мурда козголгон кылмыш ишинин алкагында издөөдө жүргөн. Кармалган адам Кыргызстандын аймагында террористтик акт жасоого ...

0 374

+18 ВИДЕО - Орусияда кыргыз жараны катышкан жол кырсыгы боюнча кылмыш иши козголду

Видео 24-октябрь 2019, 15:09 Аман Аскаров

Кечээ 23-октябрь күнү Орусиянын Санкт-Петербург шаарынын Лермонтов жана Обводной каналы көчөлөрүнүн кесилишинде Renault жана Volkswagen үлгүсүндөгү унаалар кагышып, анын кесепетинен унаалар жөө жүргүнчүлөр өтүүчү өтмөккө сүрүлүп барып, адамдарды сүзүп кеткен.  Жыйынтыгында  7 жөө жүргүнчү жана бир айдоочу жабыркаган болчу. РИА Новости маалымдагандай, шаардык ички иштер башкы башкармалыгы тарабынан “жол эрежесинин тартибин бузуу” фактысы боюнча кылмыш иши козголуп, бардык жагдайлар иликтенип ...

0 259

Сотторго жин тийгенби?

24-октябрь 2019, 15:16 Аман Аскаров

Бүгүнкү парламенттик жыйында сот, криминал, адилетсиздик тууралуу көп сөз болду. Муну өлкөдөгү акыркы криминагендик кырдаалды эске алганда орундуу деп бааласа болчудай. Жанар Акаевдей эле бул маселени  депутат Урмат Самаев дагы көтөрүп чыкты. Анын айтымында, 2016-жылы Кегети капчыгайында 29 жаштагы Жакшылык Дүйшалиев аттуу жаран мыкаачылык менен өлтүрүлүп, кылмышкерлер сөөгүн өрттөп салышкан. Милиция көп өтпөй кылмышка шектүү деп эки ...

24-октябрь 2019, 15:16 | 259
Жарнама үчүн орун!
600 x 50
0 356

Атасы өгөй кызын зордуктаган деп шектелүүдө

24-октябрь 2019, 13:15 Айдар Нуралиев

Жалал-Абад облусуна караштуу Кара-Көл шаарында үрөй учурган кылмыш катталды. Мында, 49 жаштагы эркек 17 жаштагы өгөй кызын зордуктап салган. Маалыматтарга караганда, жабырлануучу кыздын апасы үйүнө келип, күйөөсү кызын зордуктап жатканынын үстүнөн чыгып калып, милицияга арыз жазган. Аял кызын биринчи күйөөсүнөн төрөгөн. Жалал-Абад ОИИБинин маалымат кызматы бул тууралуу төмөнкүдөй маалымат берди: Ушул жылдын 17-октябрында Жалал-Абад облусуна караштуу Кара-Көл ШИИБине аталган ...

0 492

Акула турист кыздын эки колун жула тиштеп алды

24-октябрь 2019, 13:05 Айдар Нуралиев

35 жаштагы франциялык турист кыздын колдорун жана төшүн акула тиштеп алды. Бул тууралуу Newsweek журналы кечээ жазып чыкты. Маалыматка караганда, бул окуя Таити аралында болгон. Акула турист аялдын эки колун жана төш этин тиштеп үзүп алган. Аял шок абалга кептелип, каны көп кеткен жана аны тик учак менен ооруканага жеткиришкен. Журналдын белгилешинче, Француз Полинезиясында адамдарга акула кол салган учурлар ...

Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83