www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кылмыш жана кырсык
0 192

Финполиция: Бабанов бир топ иштер боюнча суралууда

30-август 2019, 15:42 Кызгалдак Жакыпова

Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш боюнча мамлекеттик кызмат (Финансы полициясы) «Республика» партиясынын лидери Өмүрбек Бабанов бир катар кылмыш иштерине байланыштуу суралып жатканын ырастады. Мекеменин басма сөз катчысы Анастасия Пискур бул боюнча «Азаттыкка» комментарий берип, бирок алар кайсы иштер экенин ачык айткан жок. «Жогоруда аты аталган жаран (ред: Өмүрбек Бабанов) бир катар кылмыш иштери боюнча күбө катары суралып жатат. Сотко чейинки ...

0 5036

АУДИО - Дача - СУдагы учак Атамбаевге таандык болуп чыкты

Аудиофайл 30-август 2019, 13:05 Кызгалдак Жакыпова

2017-жылдын 16-январынын таңында «Манас» аэропортуна жакын жайгашкан Дача СУ айылынын эли үчүн «акыр заман» келгендей эле оор кырсык болуп өткөнү белгилүү. Ошол күнү аталган айылга Кытайдан жүк ташып келаткан түркиялык учак кулап, уйкуда жаткан 35 адамдын, анан дагы учактагы төрт учкучтун өмүрү кыйылган. Көз ачып жумганча болуп өткөн бул кырсыктан ата-энесин жоготкондор, балдарын жоготкон мекендештер сыздап калган. Айрым үй-бүлөлөр ...

0 372

АУДИО - Фарид Ниязов камакта кор болуп атабы?

Аудиофайл 29-август 2019, 12:12 Кызгалдак Жакыпова

№1 СИЗОдо отурган Фарид Ниязовго кысымдар болуп атканы, салык салынганы ырасталабы? Бул боюнча күбүр-шыбыр кептердин канчалык мааниде чындыгы бар? Адатта, ал жакка түшкөн кандай гана жаран болбосун, байлыгы, үй-мүлкү эсепке алынары, жума сайын орток казынага кошумча кошору реалдуу көрүнүшпү? Албетте, биз суроо маанайында «жем» таштадык. (А жердеги чыныгы жашоо опурталдуу, өмүрдүн таттуу экени ошондо билинет.) Сыягы, Фарид Ниязов күн-түн дебей психологиялык ...

0 378

АУДИО - ВИДЕО - Мына сага! Эми Курсан Асановдун уулуна издөө салынды

Аудиофайл Видео 29-август 2019, 11:12 Кызгалдак Жакыпова

Ички иштер министринин мурунку орун басары Курсан Асановдун уулуна издөө жарыяланды. Кыргыз Республикасынын Баш прокуратурасынын маалыматына караганда, 22 жаштагы Мухаммед-Али Асановду үй камагына алуу боюнча сыртынан баш коргоо чарасы тандалган. Курсан Асановдун уулу кызматтык абалынан пайдалануу кылмыш ишине жардам кылган деп айыпталууда. “Курсан Асанов 8-августта далил буюмдарды, документтерди жана башка буюмдарды мыйзамсыз берүүнү уюштурган. Ал мунун баарын Атамбаевдин Кой-Таштагы ...

0 128

АУДИО - Банктын айнегин талкалаган кыз изделүүдө. Милициянын унаасын талкалаган жигит болсо кармалды

Аудиофайл 29-август 2019, 10:09 Кызгалдак Жакыпова

8-9-августта Бишкек шаарында болгон баш аламан учурунда банктын имаратынын айнегин талкалаган кыз изделүүдө. Бул тууралуу Бишкек ШИИББинин маалымат кызматынан билдиришти. Маалыматка ылайык, 9-августка караган түнү 20-25 чамасындагы кыз борбордогу баш аламандык учурда, "Оптима Банктын" филиалынын эшигинин айнегин таш менен талкалаган. Банктын өкүлдөрү милицияга арыз жазып, учурда ал кызды милиция кызматкерлери издөөдө. Милиция кылмышка шектелген кыз тууралуу маалымат билгендерди төмөндөгү байланыш телефонуна чалып ...

0 246

АУДИО - Сапар Исаков кайрадан СИЗОго которулду

Аудиофайл 28-август 2019, 12:54 Кызгалдак Жакыпова

Мурдагы өкмөт башчы Сапар Исаковду бүгүн, 28-августта Улуттук госпиталдан УКМКнын СИЗОсуна алып кетишти. Бул тууралуу экс-премьердин жактоочусу Нурбек Токтакунов кабарлады. Эске салсак, Сапар Исаков 2018-жылы Бишкек Жылуулук электр борборун (ЖЭБ) оңдоо иштериндеги коррупция боюнча айыпталып камалган. Саламаттыгы начарлап, 16-августта Улуттук госпиталга которулуп, дарыгерлердин көзөмөлүндө болчу. Булак: "NazarNews.kg"

0 481

Атамбаевдин айрым мүлк объектилери камактан чыгарылды

27-август 2019, 16:47 Кызгалдак Жакыпова

Башкы прокуратура Алмазбек Атамбаевге карата козголгон кылмыш иш боюнча документтерди изилдеп, текшерүүлөрдү жана тергөө иш-чараларын жүргүзгөндөн кийин 20 кыймылсыз мүлктү камактан чыгарды. Бул тууралуу бүгүн, 27-августта ИИМдин басма сөз кызматы билдирди. Учурда Башкы прокуратура тергөө иш-чараларын жүргүзүп, ошондой эле УКМК менен ИИМдин ыкчам бөлүмдөрүнө А.Атамбаевге жана анын жакын туугандарына таандык кыймылсыз мүлктөрдү издөө боюнча тапшырма берилди. ИИМдин Тергөө башкы ...

0 120

АУДИО - ИИМ: Ички иштер органдарынын кызматкерлери саптык кароодон өттү

Аудиофайл 27-август 2019, 18:05 Кызгалдак Жакыпова

2019-жылдын  27-август  күнү  шаардын  эски аянттындагы Өкмөт үйүнүн алдында Бишкек гарнизонунун ички иштер органдарына саптык- тескеме өтүлдү. Салтка айлангандай, милиция бөлүмдөрүнүн саптык кароосунда  ИИОнун  кызматкерлеринин  коомдук  тартипти жана жарандардын коопсуздугун камсыздоо боюнча кызматтык милдеттерин аткаруудагы,  андан сырткары  саптык  даярдыгы,  сырткы  келбети текшерилди. 30-августан баштап Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүк күнүн майрамдоого, ошондой эле өтө турган эл аралык деңгээлдеги иш-чараларга байланыштуу ички иштер органдарынын өздүк курамы кызматын өтөөдө күчөтүлгөн  тартипке  өткөрүлөт.  Иш-чараларды ...

0 600

Камакта отурган Атамбаевге аялы Раиса Атамбаева жолугуп чыкты

27-август 2019, 13:54 Кызгалдак Жакыпова

Камакта отурган мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин аялы Раиса Атамбаева аны менен 23-августта жолугуп чыккан. Бул тууралуу адвокат Сергей Слесарев билдирген. Ал эми адвокаты Атамбаев менен жолугуп чыгып жатканын белгилеп, учурда анын ден соолугу жакшы экенин билдирди. Эске сала кетсек, Алмазбек Атамбаев 8-августта УКМКнын тергөө абагына камакка алынган.   Бишкек шаардык соту Алмазбек Атамбаевдин баш коргоо чарасын УКМКнын имаратында карады. Сотко журналисттер жана ...

0 124

Ди Каприонун фонду Амазонияга жардам катары 5 миллион доллар которот

27-август 2019, 13:23 Кызгалдак Жакыпова

Негиздөөчүлөрүн бири актер Леонардо ди Каприо болгон EarthAlliance кайрымдуулук уюму токойлору өрттөнүүдон жапа чегип жаткан Амазония регионуна жардам катары 5 миллион доллар которот. Мындан мурун Франциянын президенти “Амазониядагы өрттү өчүрүүгө G7 20 миллион евро өлчөмүндө ылдам жардам көрсөтөт” деп билдирген. Канада өлкөсү да 15 миллион доллар бөлүп берүүнү убадалаган. Эске салсак, Амазониянын токойлорун бир нече жумадан бери күчтүү өрт ...

0 168

1,5 тонна кара куурай жок кылынды

27-август 2019, 08:56 Кызгалдак Жакыпова

Республикалык деңгээлде жарыяланган наркотикага каршы «МАК-2019» операциясынын жүрүшүндө Жалал-Абад облусунун аймагында өскөн жапайы өсүмдүктөр жок кылынууда. Аксы РИИБи тарабынан бул операциянын 2-этабы өткөрүлүп, 2 гектарга жакын аймактагы 1,3 тоннадан ашуун кара куурай орулуп, өрттөлдү. Район аймагы беш бөлүккө бөлүнүп, ар бир аймактык милиция бөлүмчөлөрүнүн кызматкерлери, айыл өкмөт башчылары, айыл тургундары активдүү катышышты.  Ушул эле иш-чаранын алкагында Майлуу-Суу ШИИБи тарабынан ...

0 564

ВИДЕО - Москванын аэропортунда кыргызстандык таксисттер сабалды

Видео 26-август 2019, 15:02 Кызгалдак Жакыпова

Москванын “Шереметьево” аэропортунун унаа токтотуучу жайында таксисттер менен күзөт кызматкерлеринин ортосунда массалык мушташ болгонун орусиялык маалымат каражаттары жазып чыкты. Интернет тармактарга бул мушташтын камерага тартылып калган айрым жерлери таркап кетти. Андагы маалыматка караганда, массалык мушташ Москва шаарындагы “Шереметьево” аэропортунун F терминалына жакын жердеги унаа токтотуучу жайда болгон. Мушташ кыргызстандык таксисттер менен күзөт кызматынын куралдуу мас кызматкерлеринин ортосунда болгон. Бир ...

0 285

Камактагы экс-мэрлердин жактоочусу жабырлануучулардын келишин талап кылды

26-август 2019, 13:06 Кызгалдак Жакыпова

Бүгүн 26-августта, Ленин райондук сотунда мурунку шаар башчылары Кубанычбек Кулматов менен Албек Ибраимовго тагылган кылмыш иштерин кароо процесси улантылды. Экс-мэрлердин ишин кароодо, айыпталуучулардын жактоочусу Сергей Слесарев калыстык болуусу үчүн жабырлануучуларды сот процессине катыштырууну соттон өтүндү. Слесарев өз сөзүндө, “ушуну менен канчанчы жолу, соттук териштирүү болду. Биздин да жабырлануучуларга бере турган кайчы суроолорубуз бар”, –деп белгиледи. Судья жабырлануучулардын процесске келүүсүн камсыз ...

0 134

Майлуу-Сууда Бузуулар кодексинин иштөө тартиби жөнүндө түшүндүрүү иштери жүрүүдө

26-август 2019, 10:26 Кызгалдак Жакыпова

2019-жылдын башынан Кыргызстанда жаңы мыйзамдар күчүнө кирип, иштей баштаган. Буга байланыштуу калк арасында түшүндүрүү иштери милиция тарабынан үзгүлтүксүз жүргүзүлүп келүүдө. Жаңы кодекстердин алкагында Бузуулар боюнча протоколдорду туура толтуруу, иш кагаздарын алып баруудагы маалыматтар камтылган жыйындар областтын аймагындагы жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдары менен биргеликте уюштурулууда. Бул багытта Майлуу-Суу ШИИБи тарабынан жергиликтүү администрацияларда жыйындар өткөрүлүп, жаны кодекстер боюнча кеңири маалыматтар берилип, ...

0 1512

Адвокат Айткулов: Үй камагына чыктым, мен аркылуу Курсан Асановду коркутуу аракети болду

25-август 2019, 15:52 Кызгалдак Жакыпова

Бишкектин Свердлов райондук соту адвокат Икрамидин Айткуловду үй камагына чыгарды. Мындай бөгөт чарасы 21-октябрга чейин аныкталды. Айткулов ага карата иш козголгонун ички иштер министринин мурдагы орун басары Курсан Асановду жактай баштаганы менен байланыштырарын “Азаттык” радиосуна билдирди: -Албетте, байланыштырам. Себеби мага айып тагууга аракет жасап жатышкан материалдар былтыртан бери жаткан. Мен жардам бере албай калышым үчүн жасашты. Кардарларымды, анын ичинде ...

0 1391

Курсан Асановдун ишине байланыштуу ИИМ кызматкери камалды

25-август 2019, 13:51 Кызгалдак Жакыпова

Ички иштер министринин мурдагы орун басары Курсан Асановдун ишинин алкагында министрликтин кызматкери кармалды. Ал кылмышка катышкан деп шектелүүдө. Бул тууралуу 24-августта “Азаттык” радиосуна Башкы прокуратуранын басма сөз катчысы Наргиза Куватова билдирди: -Аскер прокуратурасы ИИМ башчысынын мурдагы орун басары Курсан Асановдун мыйзамсыз аракеттери боюнча жазык ишин тергеп жатат. Ошол иштин алкагында Атамбаевдин тарапташтарына мыйзамсыз өткөрүлүп берилген буюмдар, документтер боюнча шектүү ...

Жарнама үчүн орун!
600 x 50
0 355

ИИМ: Адиль Турдукулов жана Валентин Богатырев күбө катарында Ички иштер министрлигинин Тергөө кызматына чакырылды

24-август 2019, 09:30 Кызгалдак Жакыпова

Ички иштер министрлигинин Тергөө кызматы тарабынан Аламүдүн районунун  Кой-Таш айылындагы массалык башаламандык уюштурууга катышуу жана барымтага алуу фактылары кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып Кыргыз Республикасынын жазык кодексинин 244-беренесинин 2 бөлүмүнүн 1,2,3,4 пунктунда (барымтага алуу) жана 264-беренесинин 3-бөлүмү (массалык баш аламандыктар) менен сотко чейинки өндүрүш  иш чаралары жүргүзүлүп жатат. 23-август күнү сотко чейинки өндүрүштүн алкагында Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Тергөө кызматына 7-8 августундагы окуялар боюнча ...

0 170

Жалал-Абаддагы өрт соодагерлерге 45 миллион сомдук зыян келтирди

23-август 2019, 13:17 Кызгалдак Жакыпова

2019-жылдын 20-августунан 21-августуна караган түнү Жалал-Абад шаарынын борбордук базарында өрт кырсыгы чыккандыгы турасында кабар түшүп, 21-август күнү саат 04:15де толук өчүрүлгөн. Окуя болгон жерге кароо жүргүзүлүп, алдын ала өлчөм боюнча өрттөнгөн жердин аянты 3600 чарчы метрди түзүп, беш катар жайгашкан, жалпысынан 174 соода орундары өрттөнгөнү такталган. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБинин маалымат кызматы билдирди. Аталган факт Жалал-Абад ШИИБне “Өрт коопсуздугунун эрежелерин бузуу” ...

0 310

Илим Карыпбеков Финполицияга сурак берип чыкты

23-август 2019, 12:19 Кызгалдак Жакыпова

Коомдук каналдын мурдагы директору Илим Карыпбеков Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш кызматына сурак берип чыкты. Карыпбеков “Азаттыкка” “Манас” аэропортунда директор болуп иштеп тургандагы иштер боюнча күбө катары сурак бергенин билдирди. “Бишкектеги “Манас” аэропортун жетектеп турганымда май куюучу комплекс сатылып алынган. Ошол боюнча текшерүү жүрүп жатат”, - деди Карыпбеков. Ал Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш кызматына күбө катары дагы чакырылышы мүмкүн экенин ...

0 144

Жер өтмөктөр боюнча мэриянын кызматкерлери жоопко тартылууда

23-август 2019, 09:46 Кызгалдак Жакыпова

Бишкекте жер алдындагы өтмөктөр мэриянын 7 кызматкери жоопко тартылууда. Оңдоп-түзөө иштерин жүргүзүүдө акча кымырылып алынган. Бул маалыматты УКМК таратууда. Бишкек шаардык прокуратура жүргүзгөн текшерүүнүн жыйынтыгында 376 миң сомдук зыян келтирилгени аныкталды. Мындан улам, «кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу» беренесинин негизинде кылмыш иши козголду. Былтыр Чүй проспектиси жана Абдрахманов, Манас жана Чүй проспектилеринин кесилишиндеги жана «Аламүдүн», «Мадина» базарларынын жанындагы өтмөктөрдү оңдоо боюнча өткөрүлгөн ...

0 260

Жактоочу Икрамидин Айткулов камалды

23-август 2019, 09:17 Кызгалдак Жакыпова

ИИМдин мурунку орун басары Курсан Асановдун жактоочусу Икрамидин Айткулов 22-августта милиция тарабынан кармалып, Бишкек ШИИББинин убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Бишкек ШИИББинин маалымат кызматынын билдиришинче, жактоочунун үстүнөн 1 жыл мурун арыз жазылган. Айткулов алдоо жолу менен 5500 АКШ долларын алып алган деп айыпталууда.   Бул факт Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, Кылмыш-жаза кодексинин 204-беренеси (алдамчылык) менен кылмыш иши козголгон. Учурда, сотко чейинки ...

0 127

Карамушкина үй камагына алынды

23-август 2019, 08:54 Кызгалдак Жакыпова

Бишкектин Биринчи Май соту 22-августта Жогорку Кеңештин депутаты Ирина Карамушкинанын баш коргоо чарасын карап, аны 8-октябрга чейин үй камагында калтырды. Эске салсак, депутат Ирина Карамушкина 7-8-августта Кой-Таштагы окуяларга байланыштуу Кылмыш-Жаза кодексинин 244-беренеси “Барымтага алуу” жана 43-беренеси “Кылмышка катышуу” боюнча айыпталып жаткан. Булак: "NazarNews.kg"

0 217

Футболдук команда отурган унаа кырсыкка учурап, бир футболчу каза болду

22-август 2019, 14:19 Кызгалдак Жакыпова

Бишкек-Ош жолунда “Академия-Лидер” футболдук командасы отурган унаа кырсыкка кабылып, бир футболчу каза болду. Маалыматтарга ылайык, жол кырсыгы бүгүн, 22-август күнү таңкы 07:30дарда Бишкек-Ош унаа жолунун 197-чакырымында болгон. “Академия-Лидер” футбол клубу Кыргызстандын премьер-лигасынын кезектеги айлампасында 21-августта Оштун “Алай” клубу менен беттешип, кайра Бишкекке кайтып келе жаткан. Футболдук команданын оюнчулары отурган Мерседес Бенц кичиавтобус менен Хонда Степвагон унаасы сүзүшүп кеткен. Кырсыктын ...

0 1430

ВИДЕО - «Баңгиге айланган» жылдыздар. ИИМ үрөй учурган видео жарыялады

Видео 22-август 2019, 13:36 Кызгалдак Жакыпова

ИИМдин Баңгизатты мыйзамсыз айлантууга каршы күрөшүү кызматы видеоролик жарыялап, Кыргызстандын сахна жана спорт жылдыздарынын эгер баңгизат колдонсо кандай болуп өзгөрөрүн көрсөттү. Ролик наркоманиянын жайылышына каршы тартылып, Instagram тармагына жүктөлгөн. Ага белгилүү ырчы Мирбек Атабеков, актерлор Актан Рыскелдиев менен Ростислав Ющенко, бийчи Юлия Катанаева, боксчу Орзубек Назаровдор тартылган. Баңги сымал гримделген жылдыздардын өзгөргөн келбетине болгон реакциясы да катуу болду, - ...

0 316

Текебаев менен Чотоновдун иши кайра кароого жөнөтүлдү

21-август 2019, 18:53 Кызгалдак Жакыпова

Бүгүн Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунда О. Текебаев менен Д. Чотоновдун жактоочулары  Ч. Джакупбекованын жана Т. Токтакунованын  ишти жаңы  ачылган жагдайлар боюнча кайрадан жаңыртуу  өтүнүчү каралды. Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун 2019-жылдын 21-августундагы токтому менен Биринчи май райондук сотунун 2017-жылдын 16-августундагы, Бишкек шаардык сотунун жазык иштери жана административдик укук бузуулар жөнүндөгү иштер боюнча соттук коллегиясынын 2017-жылдын 2-октябрындагы өкүмдөрү, КР Жогорку сотунун ...

0 493

Койчубаковдун досу 3000 доллар пара менен кармалды. Өзү болсо суралып…

21-август 2019, 18:17 Кызгалдак Жакыпова

Бишкек мэриясына караштуу Жүргүнчүлөрдү ташуу боюнча ишканасынын жетекчиси Нурлан Койчубаковдун жан досу Ашырматов Кубанычбек 31-июль  күнү 3000 доллар пара менен кармалды. Ал Койчубаковдун көрсөтмөсү жана тапшырмасы менен “Шыдыр Жол Кей Джи” компаниясынан 7000 доллар пара талап кылгандыгы айтылууда. Себеби, аталган компания жакында эле Бишкектин Көлмө жаӊы конушунан Асанбай кичи районуна чейин жүрө турган №5-каттамга Кытайдан алынып келген жаӊы 18 ...

0 350

Бабановго 5 500 сом айып пул салынды

21-август 2019, 17:21 Кызгалдак Жакыпова

Өмүрбек Бабановго 5 500 сом айып пул салынганын КР ИИМдин жол кыймылынын коопсуздугун көзөмөлдөөчү кызматынан билдиришти. Маалыматка караганда, аталган кызматтын кызматкерлери кечээ «Лексус LX 570» үлгүсүндөгү В7700АА мамлекеттик номердеги автоунаанын жол кыймылынын эрежесин бузганы үчүн протокол түзүшкөн. Автоунаанын алдыңкы капталдагы айнеги караңгылатылган. Аны айып төлөнүүчү токтотуучу жайга киргизишти. 5,5 миң сом айып пул чегерилди. Айрым маалыматтарга караганда, бул автоунаа менен Бабанов ...

0 3153

Саляновага экинчи кылмыш иши козголду

21-август 2019, 12:30 Кызгалдак Жакыпова

Бишкектин Биринчи Май райондук соту мурунку башкы прокурор Аида Салянованын бөгөт чарасын карап, аны үй камагына чыгарды. Салянова кримтөбөл Азиз Батукаевдин 2013-жылы мөөнөтүнөн мурда түрмөдөн бошоп чыгышына шектүү катары быйыл 3-июнда камакка алынып, Бишкектин №1 тергөө абагында отурган. Ал 15-июнда ооруканага которулуп, 14 күндөн кийин кайра абакка жеткирилген. Туугандары анын ден-оюлугу абдан начарлап, операцияга муктаж болуп турганын айтышкан. Мындан ...

0 2922

Полковникти ким атканы белгилүү болду

21-август 2019, 11:43 Кызгалдак Жакыпова

Кой-Таштагы окуяда курман болгон атайын кызматтын «Альфа» түзүмүндөгү жоокердин өлүмүнө шектүү киши кармалганы кабарланды. Азырынча күч түзүмдөрү шектүү адам тууралуу толук маалымат бере элек. Ички иштер министрлигинин (ИИМ) маалыматына караганда 7-августта мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди кармоо аракетинде каза болгон Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) «Альфа» түзүмүнүн жоокери Усөнбек Ниязбековду өлтүрдү деген шек менен кармалган К.Р. 29 жашта. Ал ...

0 163

Социалдык тармактарга провакациялык аудиолорду жайылткан жаран аныкталды

21-август 2019, 10:26 Кызгалдак Жакыпова

Кыргыз Республикасынын УКМК ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө, 2019-жылдын 25-августунан 13-сентябрь айларында  массалык башаламандык боло тургандыгы жөнүндө социалдык тармактарга билдирүү тараткан Ю.П. аттуу КР жараны аныкталды. Бул тууралуу маалыматты УКМК басма сөз кызматы билдирди.  Такталган боюнча, ал ар кандай ушактарга ишенип аудио кайрылуу жаздырып өзүнүн жакын туугандарына эскертүү иретинде жиберген билдирүүсү тез социалдык тармактарга тарап кеткен. Профилактикалык маектин жүрүшүндө ал өзүнүн ...

0 979

УКМК: Ф.Баабиев "баатыр" болом деп, эркиндик менен коштошту

21-август 2019, 10:05 Кызгалдак Жакыпова

2019-жылдын 15-августунда «YouTube» видеохостинг сайты аркылуу («Фархат Бабиев» менен «Амандын» ортосундагы телефон сүйлөшүүсү) «Атамбаев тарапкерлери эмнени энсеген?» делген темада аймактар аралык кастыкты жана улуттар аралык козутууга багытталган  видео-жарыя таратылган. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.  Ф.Баабиев менен «Аман» аттуу жарандын сүйлөшүүсүндө Чүй облустунда Ош облусунун ишкерлерининин бизнестерин талап, үйлөрүн өрттөп аймактар аралык  кастыкты козутууга багытталаган чакырыкты байкоого болот.

0 143

Карагандада республикалык жол кыймылынын жаш тескөөчүлөр слету уланууда

20-август 2019, 19:36 Кызгалдак Жакыпова

Учурда республикалык слеттун 200дөн ашык катышуучулары, жол кыймылынын жаш тескөөчүлөрү, Казакстан Республикасынын Беримбек Бейсенов атындагы ИИМдин Карагандадагы Академиясына жайланышкан. Балдар бири-бири менен достошуп, вело жолу менен, сахна менен таанышууга жетишкен. Буга чейин жол кыймылынын жаш тескөөчүлөрү - саптык кароо, велосипед менен тегеренип айдоо, велосипедди унаа шаарчасында айдоо боюнча жана теориялык жагынан “Жаш санитарлар”, “ Жол кыймылынын эрежелерин билгичтер” сыяктуу ...

Жарнама үчүн орун!
600 x 50
0 175

ЕАЭБтин бажы аймагына мыйзамсыз ташылып келинген кургатылган өрүктөр Мамлекеттик бажы кызматынын кызматкерлери тарабынан кармалды

20-август 2019, 12:38 Кызгалдак Жакыпова

ЕАЭБтин бажы аймагына товарларды жана транспорт каражаттарын мыйзамсыз ташып кирүү фактыларын табуу жана аларга бөгөт коюу боюнча жүргүзүлгөн ыкчам иш-чаранын жыйынтыгында, “Баткен” бажысынын кызматкерлери тарабынан Баткен областында Кыргыз Республикасынын жараны К.Н.Анын башкаруусундагы “Мазда Бонго” үлгүсүндөгү таранспорт каражаты токтотулуп текшерилген. Жогоруда көрсөтүлгөн транспорт каражатынын жүк бөлүгүн текшерген учурда Кыргыз Республикасына чектеш мамлекеттен мыйзамсыз ташылып келе жаткан жалпы салмагы 7 000 ...

0 212

ИИМ: Батукаевди камактан мыйзамсыз бошотуу фактысы боюнча сотко чейинки өндүрүш жүрүп жатат

19-август 2019, 17:34 Кызгалдак Жакыпова

Сотко чейинки өндүрүштүн жүрүшүндө А. Батукаевди мыйзамсыз бошотуу максатында Али Касымов кызыктар тараптан акча каражатын алып, Кыргыз Республикасынын кызмат адамдарына берип, ортомчу  катары жүргөндүгү аныкталган. Ошону менен А. Касымов А.Батукаевдердин үй-бүлөсүн профессионалдык жактоочу катары коргоону ишке ашырган эмес. 2019-жылдын 31-июль күнү Али Касымов Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 319-беренесинин 1-бөлүмүндө көрсөтүлгөн кылмышты жасагандыгы үчүн шектелип кармалган. 2019-жылдын 2-август күнү Кыргыз ...

0 258

Карагандада Кыргызстандын ИИМдин ЖКЖТ командасынын катышуусу менен жол кыймылынын жаш тескөөчүлөрүнүн 19-республикалык слеттун салтанаттуу ачылышы болду

19-август 2019, 15:39 Кызгалдак Жакыпова

Салтанаттуу иш-чаранын коногу “Балдардын Үнү”  сынагынын жеңичүүсү Ержан Максим болду. Слетко Казакстандын бардык облусунан, андан сырткары Пермден (Россия), Жалал-Абаддан (Кыргызстан), Гроднодон (Беларусия) командалар катышууда. Салтанаттуу иш-чара аянттан баштап, маданий жана эс алуу борбордук эс алуу бакчасына чейин  командалардын жүрүшү менен башталды. Жүздөгөн балдар менен кыздар бул учурду көп убакыттан бери күтүп, Слетко катуу даярданышкан.   Иш-чараны ачып, балдарды куттуктоого Казакстан ...

0 259

Кой-Таштагы массалык башаламандыкка катышууга шектелип Фархад Баабиев кармалды

19-август 2019, 14:11 Кызгалдак Жакыпова

Ведомстволор аралык тергөө тобу тарабынан 2019-жылдын 7-8-август күндөрү Аламүдүн районундагы Кой-Таш айылындагы массалык башаламандык фактысы боюнча сотко чейинки өндүрүш жүргүзүлүп жатат. Сотко чейинки өндүрүштүн алкагында 2019-жылдын 7-8-августундагы массалык башаламандыкка Фархад Баабиевдин катыштыгы бардыгы аныкталды. 2019-жылдын 16-август күнү Баабиев Ф.Ж. Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 264-беренесинин 2-бөлүмүндө (массалык башаламандыкка катышуу) көрсөтүлгөн кылмышты жасоого шектелип жаткандыгы жөнүндө маалымдалып, ага карата Бишкек шаарынын ...

0 189

ЕАЭБтин бажы аймагына мыйзамсыз ташылып келинген кургатылган жемиштер Мамлекеттик бажы кызматынын кызматкерлери тарабынан кармалды

19-август 2019, 13:48 Кызгалдак Жакыпова

ЕАЭБтин бажы аймагына товарларды жана транспорт каражаттарын мыйзамсыз ташып кирүү фактыларын табуу жана аларга бөгөт коюу боюнча жүргүзүлгөн ыкчам иш-чаранын жыйынтыгында, “Баткен” бажысынын кызматкерлери тарабынан Исфана-Баткен авто жолунда Кыргыз Республикасынын жараны Н.А.Рнын башкаруусундагы “Мерседес - Бенц Актрос” үлгүсүндөгү таранспорт каражаты “HESW- HWTRAS2494” үлгүсүндөгү чиркегичи менен токтотулуп текшерилген. Жогоруда көрсөтүлгөн транспорт каражатынын жүк бөлүгүн текшерген учурда Кыргыз Республикасына чектеш мамлекеттен мыйзамсыз ташылып ...

0 555

ИИМ WhatsApp мессенджеринде тарап жаткан чагымчыл билдирүүлөрдү төгүндөйт

17-август 2019, 18:33 Кызгалдак Жакыпова

WhatsApp мессенджеринде жана социалдык тармактарда абалды курчутуу менен баш аламандыкты болтурууга даярдык көрүлүп жатышы мүмкүн болгон чачымчыл ушактарды таратышууда. Ушуга байланыштуу, ички иштер министрлиги жана башка укук коргоо органдары жогорудагыдай жалган маалыматты тараткандарды аныктоо боюнча иш-чараларды жүргүзүүдө. ИИМ белгисиз адамдар тарабынан таратылган маалыматтарды жалган маалыматтардын жардамы менен абалды жасалма курчутууга, коомдо ызы-чууну жайылтууга аракет көрүү катары баалайт. Азыркы учурда ...

0 516

ИИМ: Атамбаевдин мүлкүнүн камакка алынгандыгы боюнча түшүндүрмө

17-август 2019, 13:57 Айдар Нуралиев

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынан Кыймылсыз мүлк боюнча бирдиктүү маалыматтык системасынан берген маалыматына ылайык “Апрель-ТВ” ЖЧКсына таандык болгон мүлктөр камакка алынган. Азыркы учурда "Апрель ТВ" ЖЧКнын мүлкүн сатып алган жактардын шектүү болгон А.Ш. Атамбаев менен аффилирленгени текшерүү жүргүзүлүүдө. Бардык камакка алынган мүлктөр боюнча жогорудагыдай текшерүүлөр жүрүүдө. Текшерүүнүн жыйынтыгы менен аффилирленгени тастыкталбаган учурда мыйзамдарга ылайык тийиштүү чечим кабыл ...

0 2481

Кеминде 3 унаанын кагышуусунан 6 адам каза тапты

17-август 2019, 13:21 Кызгалдак Жакыпова

Кеминде 3 унаанын кагышуусунан 6 адам каза болгон. Маркумдардын жана айыпталуучулардын аты-жөнү маалымат булактарга жарыяланып чыкты.  Айыпталуучу Акыл (аты өзгөртүлдү, С.А.У.) 1989-жылы Нарын облусунун Ат-Башы районунда туулган. Никеси жок, жогорку билимдүү, убактылуу иштебейт. Мурун соттолгон эмес. Ага Кылмыш-жаза кодексинин (эски ред.) 281-беренесинин 2-3-бөлүмдөрү (транспорт каражаттарынын кыймылынын жана аларды пайдалануунун коопсуздук эрежелерин бузуу) менен айып тагылган. Тергөө органдарынын маалыматы боюнча, Акыл 2017-жылы 13-апрелде болжол менен ...

0 1031

Алмазбек Атамбаевдин камакка алынган мүлктөрүнүн тизмеси

16-август 2019, 16:17 Кызгалдак Жакыпова

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевге козголгон кылмыш ишти тергөө иштеринин алкагында анын мүлктөрү, баалуу кагаздары, акциялары жана эсептери камакка алынды. Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы бүгүн, 16-августта камакка алынган мүлктөрдүн тизмесин жарыялады. Төмөнкү банктардагы эсептер: 1. «Кыргызкоммерцбанк» ААК; 2. «Коммерциялык банк Кыргызстан» ААК; 3. «Оптима Банк» ААК; 4. «Кыргыз-Швейцария банкы» ЖАК; 5. «Капитал Банк» ААК; 6. «Аманбанк» ААК; 7. «Толубай» ЖАК;

0 158

ИИМдин ыкчам кызматкерлери балык чарбачылыгын тоноп кеткен кылмышкерди кармашты

16-август 2019, 15:04 Кызгалдак Жакыпова

Кыргыз Республикасынын ИИМдин КМКнын 3-башкармалыгынын (УККБ) ыкчам кызматкерлери ишкердин балык өндүрүүчү чарбачылыгын тоногон деп мурда соттолгон жаранды кармашты. Жакында ички иштер органдарына Жайыл районунун жашоочусунан арыз келип түшүп, анда криминалдык чөйрө тараптан коркутуулар болуп, тонолгондугу жөнүндө маалымдалган. Ушул жылдын июль айынын башында бейтааныш адам Бишкек-Ош унаа жолуна жакын жайгашкан балык чарбачылыгы менен алектенген ишкерге келип, коркутуу жолу менен 4400 ...

0 353

ИИМ: Мирбек Айтикеев кармалган жок жана суракка дагы чакырылган эмес

16-август 2019, 14:36 Кызгалдак Жакыпова

Алмазбек Атамбаевдин тарапташтары, Мирбек Айтикеевди таппай жатышкандыгын билдиришүүдө.  Ички иштер министрлиги билдирет, КСДПнын саясий кеңешинин мүчөсү     Мирбек Айтикеев кармалган жок жана суракка дагы чакырылган эмес. Андан сырткары, жакында эле А. Атамбаедин тарапташтарынын билдирүүсү боюнча КСДПнын саясий кеңешинин мүчөсү Мирбек Айтикеев 10-октябрга чейин камакка алынды делген маалымат  тараган, бирок аталган маалымат  далилденген эмес. 7-8-августундагы Кой-Ташта жана Бишкекте болгон окуялар ...

0 154

ИИМ: “Бузуулардын бирдиктүү реестри” автоматташтырылган маалыматтык тутум учур талабына жараша иштеп жатат

16-август 2019, 14:01 Кызгалдак Жакыпова

Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги тарабынан, 2019-жылдын 1-январынан баштап “Бузуулардын бирдиктүү реестри” автоматташтырылган маалыматтык тутуму ишке киргизилген.  Бузууларды бирдиктүү реестри (ББР) - катталган бузуулар жана аларды жасаган жактар, ошондой эле аларга карата колдонулган жаза чаралары жана кошумча укуктук кесепеттер жөнүндө маалыматтарды чогултуу, иштеп чыгуу, сактоо үчүн багытталган автоматташтырылган маалыматтык тутум. Ушунун негизинде, 29 мамлекеттик органдар менен жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу ...

0 258

ИИМ: "Аида Салянова тергөө менен кызматташууга макул болду"

16-август 2019, 08:47 Кызгалдак Жакыпова

Ички иштер министрлиги (ИИМ) мурдагы башкы прокурор Аида Салянова кримтөбөл Азиз Батукаевди бошотууга байланыштуу соттук өндүрүштү тергөө менен кызматташууга макул болгонун билдирди. Министрликтин басма сөз кызматы тараткан билдирүүдө айтылгандай тараптардын сүйлөшүүсү ИИМдин Тергөө кызматында жүрдү. “Адвокатынын катышуусунда тергөө аракеттерин жүргүзүү учурунда Аида Салянова тергөө менен кызматташуу каалоосу бар экенин айтты. Ушуга байланыштуу жаңы мыйзамдарга ылайык анын буга чейин бекитилген ...

0 350

УКМК ККК: Чүй облусуна караштуу Токмок шаарынын прокурорунун улук жардамчысы пара алуу учурунда кармалды

15-август 2019, 19:10 Кызгалдак Жакыпова

2019-жылдын 13-августунда А.К.аттуу жарандын кайрылуусу боюнча КР УКМК тергөө башкы башкармалыгы тарабынан КР Кылмыш жаза кодексинин 326-беренеси (пара талап кылуу) боюнча Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине сотко чейики өндүрүштүн негизинде катталды. Бул тууралуу маалыматты УКМКнын басма-сөз кызматы билдирди. Такталгандай, Токмок шаардык прокуророунун улук жардамчысы жергиликт ири өнөр жай ишканасынын кызматкери менен биргеликте А.К.15 миң АКШ доллар өлчөмүндө пара талап ...

0 176

ЕАЭБтин бажы аймагына мыйзамсыз ташылып келинген кургатылган калемпир, мурч жана тамак татымалдары Мамлекеттик бажы кызматынын кызматкерлери тарабынан кармалды

15-август 2019, 19:00 Кызгалдак Жакыпова

ЕАЭБтин бажы аймагына товарларды жана транспорт каражаттарын мыйзамсыз ташып кирүү фактыларын табуу жана аларга бөгөт коюу боюнча жүргүзүлгөн ыкчам иш-чаранын жыйынтыгында, “Ыкчам” бажысынын кызматкерлери тарабынан Ош областында Кыргыз Республикасынын жараны Т.К.Энын башкаруусундагы “Хундай Портер” үлгүсүндөгү таранспорт каражаты токтотулуп текшерилген. Жогоруда көрсөтүлгөн транспорт каражатынын жүк бөлүгүн текшерген учурда Кыргыз Республикасына чектеш мамлекеттен мыйзамсыз ташылып келе жаткан төмөнкү товарлар табылган: - ...

0 1947

Өз билгенин кылган Атамбаевге дагы бир кылмыш иши козголду

15-август 2019, 16:46 Кызгалдак Жакыпова

Алты жыл мыйзамды сыйлабай, өз билгенин кылган Алмазбек Атамбаевге күнүгө бир кылмыш иши кошулууда. Бүгүн да ага кылмыш иши козголу маалым болду. Бул тууралуу анын адвокаты Сергей Слесарев “Азаттыкка” билдирген. Анын айтымында, Атамбаев Кой-Таштагы жер тилкесин мыйзамсыз алган деп айыпталууда. Эскерте кетсек, «Атамбаев Кой-Таштагы жерди мыйзамсыз алган» деген маселени убагында Өмүрбек Текебаев көтөрүп чыккан. Андагы башкы прокуратура (Индира Жолдубаева) ...

Жарнама үчүн орун!
600 x 50
0 218

Кыргыз Республикасынын ИИМдин Коомдук коопсуздук кызматынын кызматкерлери эксперттер менен жолукту

14-август 2019, 17:06 Кызгалдак Жакыпова

Кыргыз Республикасынын ИИМдин Коомдук коопсуздук кызматынын кызматкерлери Грузиядан келген эксперттер, тактап айтканда Грузиянын ИИМнин Патрулдук полиция департаментинин директорунун орун басары Леван Мачавариани жана Тбилиси шаарынын Патрулдук полиция башкы башкармалыгынын башчысынын орун басары Зураб Рухадзе менен жолугушту. Жолугушуунун жүрүшүндө  Грузиянын полициясындагы реформа, анын жыйынтыгында укук коргоо органдарына  болгон жарандардын ишеними бекемделгени, андан сырткары “Коопсуз шаар” долбоорунун ийгиликтүү ишке ашканы жөнүндө ...

0 642

Аскер прокуратурасы Жолдубаеванын үйүн тинтип жатат

14-август 2019, 15:42 Кызгалдак Жакыпова

Аскер прокуратурасы Кыргызстан социал-демократиялык партиясынын (КСДП) төрагасынын орун басары Кундуз Жолдубаеванын үйүндө тинтүү жүргүзүп жатат. Бул тууралуу «Азаттыкка» Жолдубаеванын адвокаты Замир Жоошев билдирди. Ал эми Кундуз Жолдубаева тинтүү ички иштер министринин (ИИМ) мурдагы орун басары Курсан Асановго козголгон кылмыш ишине байланыштуу болуп жатканын айтты. Аскер прокуратурасы Курсан Асановго «Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу» беренеси менен иш козгоп, тергеп жатат.

Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83