www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Борбордук Азия жаңылыктары
0 279

Кытайдын аңгегинен качкандарга, этникалык мекени дөңгөк болууда

23-октябрь 2019, 17:42 Алтын Булат

Аргасыз Кытайдагы үй-бүлөлөрүн таштап качып келген эки казак жигитти, казак бийлиги тергөө абагына салды. Ага себеп, бул эки жаран эки өлкө ортосундагы чек араны мыйзамсыз кесип өтүшкөн. Этникалык мекенине качып келишкен 30 жаштагы Кастер Мусаханулы менен 25 жаштагы Мурагер Алимулы кармалганга чейин 14-октябрдагы маалымат жыйынында, Кытайдын ал өлкөдөгү аз улуттун өкүлдөрүнө карата жүргүзгөн катаал саясатын белгилеп, чыдабай үй-бүлөсүн таштап ...

0 653

ВИДЕО – Өлтүрүлгөн депутат жана анын жакындарынын сөөгү табылды

Видео 23-октябрь 2019, 15:56 Алтын Булат

Тасмада байкалгандай адам сөөктөрүн бирден казып алып чыгарып жатышат. бул денелердин көмүлгөнүнө 7 жыл болгон. Москва шаарынын четиндеги дөңсөөдө табылган бул сөөктөрдү казуу иши 12 күнгө созулуп, жалпысынан 2 миң чарчы келген аянт 10 метр тереңдикке чейин чукулган. Издөө иштери өз натыйжасын берип, жыйынтыгында 4 метр тереңдиктен сөөктөр табылган. Анын экөөсүнүн баш сөөктөрүндө октун калдыктары байкалганы РФ ИИМинин атайын ...

0 583

Түнү жалгыз баспа! Зордукчудан аялын коргогон адам жаза алышы мүмкүн

22-октябрь 2019, 16:12 Алтын Булат

Достору менен эс алуу учурунда күйөөсүнө айтпай үйүнө кетип калган аял орто жолдо зордукчунун запкысын тартты. Бул окуя 13-октябрь күнү Орусиянын Харьков областында катталганын орус маалымат булактары жазып чыгышты. Ал маалыматта айтылгандай, аял үйүнө жакындап калган учурда артынан акмалап келген белгисиз эркек аны зордуктап кирген. Бул учурда аялын издеп чыккан 27 жаштагы күйөөсү кыйкырып, жалынып жаткан тааныш үндү угуп ...

0 252

Экстер: Назарбаев “рулда”, Атамбаев “багажда”

22-октябрь 2019, 14:11 Алтын Булат

Казакстандын экс-президенти өмүрү өткөнгө чейин өлкөнү башкарып калары белгилүү болду. Тагыраагы, Нурсултан Назарбаевдин тандаган кадры, учурдагы президент Касым-Жоомарт Токаев тунгуч мамлекет башчысысынын кадр саясатындагы ыйгарым укуктарын кеңейтип берди. Анда айтылгандай, эми мурдагы казак президенти Коопсуздук кеңешин өмүрү өткүчө жетектейт. Ал эми Коопсуздук кеңеши мыйзамына ылайык, мындан ары аталган кеңештин төрагасынын макулдугу менен өкмөт мүчөлөрү дайындалат. Ошондой эле президентке түздөн-түз ...

0 99

Касым-Жомарт Токаев "айдап кел жана байлап кел" милдетин аткара баштайбы?

22-октябрь 2019, 13:26 Айдар Нуралиев

Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев өлкөнүн тунгуч мамлекет башчысы Нурсултан Назарбаевдин кадр саясатындагы ыйгарым укугун жогорулаткан буйрукка кол койду. Бул тууралуу маалыматты Борбордук Азия жаңылыктары билдирди. Токаевдин буйругуна ылайык, мындан ары тышкы жана ички иштер министри, коргоо министри сыяктуу кызматтардан башка өкмөт мүчөлөрү Коопсуздук кеңешинин төрагасынын макулдугу менен гана дайындалат. Андан сырткары Башкы прокуратура, Улуттук коопсуздук комитети, Улуттук банк, Республикалык ...

0 125

Токаев мындан ары кадрларды Назарбаевдин макулдугу менен гана дайындай алат

22-октябрь 2019, 09:40 Айдар Нуралиев

Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев өлкөнүн тунгуч мамлекет башчысы Нурсултан Назарбаевдин кадр саясатындагы ыйгарым укугун жогорулаткан буйрукка кол койду. Токаевдин буйругуна ылайык, мындан ары тышкы жана ички иштер министри, коргоо министри сыяктуу кызматтардан башка өкмөт мүчөлөрү Коопсуздук кеңешинин төрагасынын макулдугу менен гана дайындалат. Андан сырткары Башкы прокуратура, Улуттук коопсуздук комитети, Улуттук банк, Республикалык гвардия, Тышкы чалгын кызматы, Күзөт кызматы өңдүү ...

0 119

Муфтиятты сындаган эки блогер соттолду

22-октябрь 2019, 09:22 Айдар Нуралиев

18-октябрда Ташкент шаардык соту хиджаб маселесин козгогон блогерлер Рустамбек Каримов менен Тулкин Астановго карата өкүм чыгарды. Бул тууралуу Өзбекстандын Жогорку Сотунун маалымат кызматы кабарлады. Өкүмгө ылайык, Рустамбек Каримов “коомдук коопсуздук жана коомдук тартипке коркунуч жараткан материалдарды сактоо жана жарыялоо” беренеси боюнча айыптуу деп табылып, жалпысынан 3 жыл 1 айга эркинен ажыратылды. Ал жазасын жатак абакта өтөйт. Тулкин Астанов да ...

0 453

ВИДЕО - Мыйзамдагы ууру Костя Канский кармалды

Видео 21-октябрь 2019, 12:25 Алтын Булат

Куралданган спецназ шаты аркылуу дарбазаны ашып түшүүдө. Ичкери киргенден кийин дагы кыйлага тинтүү жүрдү. Айтылгандарга караганда, “Костя Канский” каймана аты менен белгилүү кримтөбөл Константин Найбауэрди Орусиянын Красноярск крайында милициянын спецназы колго түшүргөн. Кримтөбөл каршылык деле көрсөткөн эмес. Орусиянын ИИМи билдиргенге ылайык, 54 жаштагы бул кримтөбөл шаар четиндеги үйүнөн кармалган. Анын үстүнөн “Кылмыштуу иерархияда жогорку даражаны ээлөө” беренеси менен кылмыш ...

0 97

Аскада селфи кылмакчы болгон аял учуп өлдү

21-октябрь 2019, 11:27 Алтын Булат

41 жаштагы аялдын жансыз денеси Орусиянын Приморск крайындагы Дарданеллы капчыгайынан табылды. Тергөөчү, каза болгон аял 20 метр бийиктиктен учуп түшкөнүн билдирген. Ал айтылгандарга ылайык, Орусиянын Приморск крайында бул аял аскадан сүрөткө түшмөкчү болгон. Бирок жаза басып алып тайып, кулап кеткен. Учурда бул факты боюнча “Байкабастыктан өлүмгө алып келүү” боюнча кылмыш иши козголуп, иликтөө иштери жүрүп жатат. NazarNews.kg

0 1024

ВИДЕО - 27 секундда 300 миң доллар карактап кетишти

Видео 21-октябрь 2019, 10:41 Алтын Булат

Унаалар толгон кан жол, сыртта жарык. Капыстан капталдан чыга калган Мерседес, алдыдагы кара түстөгү Мерседес унаасын жөөлөп барып токтотуп, биринчи унаадан түшкөн 5-6 жигит тиги токтогон унаанын эшигин күч менен ачып, багаждан сумкаларды алып кетишти. Бул тууралуу орус маалымат булактары жазгандарга караганда, окуя 14-октябрь күнү Москванын Ленин проспектисинде катталган. Каракчылардын колуна тийген сумкаларда 300 миң доллар (20 миллион рубль) ...

0 552

Каратэ боюнча турнирде массалык мушташ чыкты

Видео 19-октябрь 2019, 13:23 Айдар Нуралиев

Каратэ боюнча турнир учурунда массалык мушташ чыкканы тууралуу видео социалдык тармактарда тарап кетти. Белгилүү болгондой, бул окуя 16-октябрда Ташкент шаарында болгон. Массалык мушташ каратэ боюнча Өзбекстандын кубогу өтүп жатканда чыккан. Учурда каратэ федерациясы менен укук коргоо органдары бул чыр-чатакты иликтеп жатышат. Алдын ала маалыматтарга караганда, мушташ тренерлер менен судьялардын ортосунда чыккан. Булак: NazarNews.kg

0 538

Назарбаев Лондондун көчөсүн шыпырат

19-октябрь 2019, 13:12 Алтын Булат

Нурсултан Назарбаевдин Британияда жашап жаткан небереси Айсултан Назарбаев шарттуу түрдө соттолду. Муну дүйнөлүк булактар чагылдырып жатышат. Маалыматтарга таянсак, эми ал өкүмгө ылайык Назарбаев 1300 доллардын тегерегиндеги айып пул төлөйт жана берилген 18 айлык сыноо мөөнөтүндө, Айсултан 140 саат коомдук жумуштарда иштейт. Ошондой эле маңзатка болгон көз карандылыктан арылыш үчүн атайын сабактарга барышы керек болот. Ушул жылдын июнь айларында Лондондогу ...

0 207

iPhone 11 “бомба” экен. Айфондордун жарылышы 230%га чыкты

19-октябрь 2019, 11:51 Алтын Булат

Аналитиктердин иликтөөсүндө, өткөн жылдан тарта дүйнөдө iPhone смартфонунун сатылуусу төмөндөп кеткен. Айрыкча Орто Азяда, өзгөчө Кытайда кызыкчылык кескин азайганы байкалган. Анткен менен жаңы билдирүүлөргө ылайык, iPhone 11 смартфондун сатылуусу жогорку деңгээлге чыкканы айтылат. Бул моделдин Кытайдагы эле сатыгы ушул жылдын сентябрь айында 230 пайызга өскөн. Ал эми былтыр, 2018-жылы сентябрда iPhone XS линиясын чыгаруу менен Apple компаниясы сатыкты 110 ...

0 409

Даарат кагазга Конституцияны жазып, Конституциялык соттун алдына илип кетишти

18-октябрь 2019, 17:57 Алтын Булат

Тагыраагы, “Вконтакте” социалдык түйүнүнө чыккан бул жаңылыкта, кечээ, 17-октябрь күнү кечинде, бул даарат кагаз белгисиз бирөөлөр тарабынан ташталганы айтылат. Анда айтылгандай, даараткана кагазына эринбей бастырылган Орусиянын башкы мыйзамы Петербургдагы Конституциялык соттун маңдайында бир сааттан ашык илинип турган. Албетте, аны полиция кызматкерлери келип алып кеткенче, жергиликтүүлөрдүн ичинен андагы беренелерди окуп таанышып алганга үлгүргөндөрү да болгон. Булак: NazarNews.kg

0 545

Орусия примадоннасы өлүмгө даярдануудабы?

18-октябрь 2019, 15:13 Алтын Булат

Алла Пугачева өлүмгө даярданууда – өлгөндөн кийин өзүнүн сөөгү коюла туруучу жайды сатып алды. Мына ушундай кабарларды орус маалымат булактары жазып жатышат. Анда айтылгандай, Пугачеванын сатып алган участогу Кузьминск мүрзөсүндөгү агасынын күмбөзүнө жакын. “Жылдыздар чогулушту” (Звезды сошлись) аттуу көрсөтүүдө белгилүү болгондой, учурда скульпторлор Пугачевдордун үй-бүлөлүк мүрзөсүнүн эскиздерин жасап жатышат. Эске сала кетсек, ушул жылдын апрель айларында Пугачева 70 жаш ...

0 240

ВИДЕО - Чачылган акчанын алдында ырдаган ырчыга лицензиясы кайтарылды

Видео 17-октябрь 2019, 12:19 Айдар Нуралиев

“Өзбекконцерт” мамлекеттик ишканасы Жахонгир Атаджановго жана бир катар ырчыларга өлкө аймагында ырдоого укук берүүчү лицензиясын кайтарып берди. Лицензиясы кайтарылган артисттердин катарында Атаджановдон башка да Шахло Ахмедова, Абдулла Курбанов жана Халима Ибрагимова бар. Эске салсак, мындан бир нече күн мурун концерт берүүгө жана телеге чыгууга уруксат берчү "Өзбекконцерт" мамлекеттик мекемеси өзбектердин белгилүү ырчысы Жахонгир Атаджановду мындай укуктан ажыраткан. ...

Жарнама үчүн орун!
600 x 50
0 1271

ВИДЕО - Тарбиячысы баланы думуктурган бала бакча жабылды

Видео 16-октябрь 2019, 16:49 Айдар Нуралиев

Казакстандын Темиртау шаарында бала бакча жабылды. Ага бала бакчанын тарбиячысынын балага карата катаал мамиле кылгандыгы себеп болгон. Бул тууралуу казак басылмалары жазып чыкты. Маалыматка караганда, “Домик” деп аталган бала бакчага текшерүү жүргүзүлүп, жыйынтыгында аталган бала бакча мыйзамсыз иштеп жаткандыгы аныкталгандан кийин сот тарабынан жабылган. Белгилей кетсек, өткөн жылдын август айында ушул бала бакчанын 50 жаштагы тарбиячысы уктагысы келбеген кичинекей ...

0 1261

СҮРӨТ - Порно тасмадагы эжей, ээн баш окуучулар жазаланды

15-октябрь 2019, 13:54 Алтын Булат

Тамаша, чындыкка жанаша болуп чыкты. Тагыраагы эжейин тамашага салгысы келген окуучулар өздөрү байкабай чындыктын бетин ачып алышты. Мугалим ыңгайсыз абалда калды. РФнын Кемерово областындагы коллеждердин биринде болгон бул окуя тууралуу Телеграм-каналында маалымат пайда болду. Анда айтылгандай, кадимки окуу күндөрүнүн биринде окуучулар интернеттен өздөрүнүн эжейине окшош аял бир эркек менен интимдик катнашка барып жаткан учурун таап алышат. Ошентип алар бул ...

0 749

“Мыйзамдагы уурулар” санактан өттү, арасында миллиардерлер да бар

15-октябрь 2019, 08:49 Алтын Булат

Орусиянын ички иштер министрлиги, өлкө ичиндеги “мыйзамдагы уурулардын” так санын аныктап алышты. Анда айтылгандай, кылмыш чөйрөсүндө учурда 432 "мыйзамдагы ууру" бар экен. Алардын ичинен абакта олтургандары – 114, эркиндикте жүрүшкөндөрү – 318. Ал эми иши тергелип жаткандардын саны – 31 болсо, дагы он тогузу издөөдө. Бул тууралуу маалыматка таянсак, “уурулардын” эң көбү грузиндер - 242 адам, андан кийинки эле орунга ...

0 151

Назарбаев сүрөтчү болуп кетти

12-октябрь 2019, 12:04 Айдар Нуралиев

Казакстандын биринчи президенти Нурсултан Назарбаев өлкө лидери кызматынан кеткенден кийин май боек менен картиналарды тартып жатканын жана аларды көргөзмөгө чыгарарын билдирди. Бул тууралуу мурунку өлкө башчысы “Хабар” телеканалына айтып берген. Айтымына караганда, Назарбаевдин экспозиция үчүн керектүү 30 картинасы бар. Анын көпчүлүгү пейзаждар. Казакстандын биринчи президенти сүрөт тарткандан сырткары, мурун окуганга убактысы болбогондуктан учурда китеп да көбүрөөк окуп жатыптыр. Алмазбек ...

12-октябрь 2019, 12:04 | 151
0 573

Ууруларды өлтүрүп кое жаздашты. Бийликтин расмий жообу жарыяланды

Видео 11-октябрь 2019, 17:23 Айдар Нуралиев

Өзбекстандын Фергана облусуна караштуу Дангара районунда ууруларды кармап алган жергиликтүү тургундар, аларды катуу сабап салышкан. Бул тууралуу Өзбекстандын башкы прокуратурасы маалымат берди. Маалыматка караганда, бул окуя 1-октябрда болгон. 1991-жылы туулган Ахмаджон жана 1968-жылы туулган Аваз аттуу жарандар Алижан дегендин үйүнө кирип, 12 миллион 500 миң сум (92 миң 750 сом) уурдап чыгышкан. Муну Одина аттуу аял байкап калып, коңшуларын ...

0 858

ВИДЕО - Ууруларды эл өздөрү эле жазалап салышты

Видео 11-октябрь 2019, 11:33 Айдар Нуралиев

Өзбекстандын Фергана облусуна караштуу Дангара районунда ууруларды кармап алган жергиликтүү тургундар, аларды катуу сабап салышты. Бул тууралуу өзбек басылмалары жазып чыгышты. Маалыматка караганда, бул окуя Дангара районунун айылдарынын биринде болгон. Үйүнө кирген ууруларды байкап калган үй ээси чуу чыгарган. Уурулар акчаны төшөккө ороп качып кетишкен. Эл чогулуп, уурулардын артынан кубалап жөнөшкөн. Ууруларды кармап алган көпчүлүк аларды ошол эле жерден ...

0 182

Арабдарга “лирика” арнаган кыргыздар көбөйдү дейби?

08-октябрь 2019, 13:57 Алтын Булат

Чет өлкөгө чыгып жаткан кыргыз жарандары тааныш-билиштердин берип жибергендерин ала кетүүдө сак болуусу керек! Тышкы иштер министрлигинин мындай билдирүүсү, кийинки кезде Дубайга тыюу салынган дары-дармектерди мыйзамсыз алып кирүүгө аракет кылган кыргыз жарандарынын саны көбөйгөндүгү менен түшүндүрүлөт. Анда айтылгандай, Бириккен Араб Эмираттарында тыюу салынган «Лирика» аттуу курамында баңги заттары бар, оору сезимдерди жоготуучу препаратты мыйзамсыз алып кирүү фактылары катталган. Мындан ...

0 206

Түркмөн башчысы Конституцияны дагы өзгөртмөй болду

07-октябрь 2019, 16:06 Айдар Нуралиев

Түркмөнстанда өлкөнүн Конституциясын өзгөртүү боюнча комиссия ишке киришти. Комиссиянын алгачкы отуруму 4-октябрда болуп өттү. Комиссиянын башчысы президент Гурбангулы Бердымухамедов өзү. Бул тууралуу чет өлкөлүк маалымат каражаттары жазып чыгышты. Президент Гурбангулы Бердымухамедов дүйнөдө экономикалык жана саясий абалдын ылдам өзгөрүп жатканынан улам Консититуцияга өзгөртүү киргизүү зарыл деп белгилеген. Түркмөнстанда Конституция акыркы жолу 2016-жылы өзгөрүүгө дуушар болгон, анда негизинен президенттикке талапкерлердин жашы ...

0 1178

Кыргызстандын Абадан коргонуу күчтөрү 3 ракета жоготту. Көргөн жоксуңарбы?

05-октябрь 2019, 14:02 Алтын Булат

Казакстандын «Сары-Шаган» аскердик полигонундагы машыгуу учурунда Кыргызстандын Абадан коргонуу күчтөрү 3 ракетасын жоготкон факт боюнча Аскер прокуратурасы кылмыш ишин козгоду. Эске сала кетсек, буга чейин 24.kg сайты өзүнүн ишенимдүү булактарына таянып, жоголгон ракеталар тууралуу жазып чыккан болчу. Анда айтылгандай, машыгууга Кыргызстандын зениттик-ракеталык бригадасы С-125 жана С-75 үлгүсүндөгү сегиз ракета алып барган. Алардын бешөө атылган болсо, дагы үчөөсүнүн дайыны жок. ...

0 465

Алимент төлөбөө үчүн атасы 1 жаштагы уулун өлтүргөн

04-октябрь 2019, 11:14 Айдар Нуралиев

Өзбекстандын Наманган шаарында атасы 1 жаштагы уулун сууга чөктүрүп өлтүргөн деп соттолду. Бул тууралуу өзбек басылмалары жазып чыкты. Андагы маалыматтарга караганда, алимент төлөбөө үчүн 1 жаштагы уулун Түндүк Фергана каналына таштап салган ата сөөрөй 18 жылга эркинен ажыратылды. Мындай чечим чыгарган Наманган облустук соту 26 жаштагы Расулбек Ташпулатовду өзүнүн баласын атайылап өлтүргөн деп тапкан. Соттогу документтерге ылайык, 2017-жылы үйлөнгөн ...

0 133

Өзбек полициясы пахта теримге каршы чыкты

Видео 03-октябрь 2019, 11:23 Айдар Нуралиев

Өзбекстанда бир нече полиция кызматкерлери мажбурлап пахта теримге жөнөтүүгө каршы чыгышты. Бул тууралуу массалык маалымат каражаттары жазып чыкты. Өзбекстандын Бектемир райондундагы квалификация жогорулатуучу ИИМдин атайын мекемесине келгендер мажбурлап пахта теримге жөнөтүүгө каршы чыгышкан видео тарады. Бул видео качан, кандай жагдайда тартылганы белгисиз. Видеодон полиция кызматкеринин бир айлык окууга чакырып келип, бирок 2 айга пахта теримге жөнөтүп жатканын айтып жатканын ...

0 364

Түркмөн ажосу генералды майор кылып койду

02-октябрь 2019, 12:45 Айдар Нуралиев

Коопсуздук Кеңешинин 1-октябрдагы отурумунду кызматтан алынган Түркмөнстандын ИИМинин мурунку министри Исгендер Муликов өлкө президенти Гурбангулы Бердымухамедовдун буйругу менен баардык мамлекеттик сыйлыктарынан айрылды жана анын генерал-лейтенант наамы майорго түшүрүлдү. Түркмөнстандын расмий ЖМКлары экс-министрдин андан аркы тагдыры тууралуу маалымат бербей келет, бирок, «Гундогар» басылмасынын маалыматына караганда Муликов камалган. Ошондой эле, дагы бир маалыматтарда, Муликовдун жеке ...

0 119

Тажикстан күмүш кенин да кытайларга берди

02-октябрь 2019, 10:28 Айдар Нуралиев

Тажикстандын парламенти "Якчилва" күмүш кенин кытайлык инвесторлорго берүүнү колдоп берди. Ошондой эле, кытайлык "Кашн Синьюи Дади Майнинг Инвестмент" компаниясын 7 жылга чейин бүт салыктардан бошотту. Бул тууралуу тажик маалымат каражаттары жазып чыгышты. Кытайларга берилген "Якчилва" күмүш кени Мургаб районунда, Памир тоосунун деңиз деңгээлинен 4500 метр бийиктигинде жайгашкан. Бул өлкөдөгү эң бийик кен катары саналат. "Якчилва" кениндеги күмүштүн запасы 205 ...

0 244

Өзбек ажосу жоолук салынган аялдарга кандай карайт?

01-октябрь 2019, 15:02 Айдар Нуралиев

Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев бокс боюнча дүйнө чемпиондугунда өзгөчөлөнгөн спортчулар менен машыктыруучуларга салтанаттуу сыйлык тапшыруу аземи учурунда жоолук салынган аялдар тууралуу өз оюн билдирди. Жеңил салмакта дүйнө чемпиону болгон Миразиз Мирзахалиловдун жоолук салынып турган апасына кайрылган өзбек президенти “социалдык тармактарда көптөгөн маселелер көтөрүлүп жатат. Өзбек аялына жоолук да, өзбек кийими да жарашат!” деп айтты. “Сиздин жашоо образыңыз – мен ...

0 197

Кыргызстандык бала учуп бара жаткан учакты токтоткон

27-сентябрь 2019, 13:58 Алтын Булат

Оруссиялык айрым маалымат булактары жазгандарга таянсак, Москвадан Ошко учкан учак орто жолдон конууга аргасыз болду. Тагыраагы, Самара аба майданына конгон. Буга себеп, учак ичиндеги бала өзүн жаман сезгендигинен улам болгону айтылууда. Учак конгондон көп өтпөй эле балага Самарадагы ооруканалардын биринде медициналык жардам көрсөтүлгөн. Ал эми учак Самарадан Ошко, Бишкек убактысы боюнча саат 18:55 өткөндө учуп кеткени кабарланды. Белгилей кетсек, ...

0 281

Тажикстанда төрөттүн саны азайтылат

27-сентябрь 2019, 12:23 Алтын Булат

Тажикстандын калкынын саны 9 миллион. Бирок алар төрөттүн санын кескин азайтуу кадамына өттү. Бул калктын саны көбөйгөндүгүнө байланыштуу эмес. Расмий бийлик мунун себептерин айымдардын ден соолугуна кам көрүү катары баалайт. Ал эми айрым адистер маселенин түйүнүн ал өлкөдөгү басымдуу болгон жакырчылыкка байлашууда. Маселе медицинанын жардамы менен чечиле турган болду. Бул тууралуу Тажикстандын саламаттыкты сактоо министрлиги билдирген маалыматтарга таянсак, катары ...

Жарнама үчүн орун!
600 x 50
0 540

Ырчы президенттин эли унга кезекке турду

27-сентябрь 2019, 08:56 Айдар Нуралиев

Түркмөнстандын Мары облусундагы мамлекеттик дүкөндөрдө ун сатып алууну каалаган жарандарга бир ай эрте кезекке жазылып коюу сунушталууда. Бул тууралуу «Азаттыктын» түркмөн кызматынын аймактык кабарчысы билдирди. «Мары облусундагы мамлекеттик дүкөндөрдө ун тартыштыгы уланып жатат. Ун келгенде көбүнө жетпей калып, мушташып кеткендер дагы болууда. Дүкөнчүлөр тизмеде аты-жөнү жок тургундарга кийинки айга кезекке жазылып коюуну сунуштап жатышат», — деп билдирди кабарчы. Анын ...

0 375

Бухарада жел электр станциясынын курулушу башталды, Кыргызстан "шапка" сурап "качырган"

26-сентябрь 2019, 08:44 Айдар Нуралиев

22-сентябрда Бухара облусунун Гиждуван аймагында жел электр станциясынын курулушу башталды. Бул тууралуу Өзбекстан Тышкы иштер министрлиги билдирди. Бул тууралуу маалыматты Борбордук Азия жаңылыктары кабарлады.  Министрликтин маалыматына караганда, долбоордун жалпы наркы – 1,8 миллиард доллар, кубаттуулугу 1,5 миң МВт. Долбоор үч айлампадан турат. Өзбекстан 2017-жылы орду толукталып турчу энергия булактары тууралуу программа кабыл алган. 2018-жылы Өзбекстан Орусия менен атомдук электр ...

0 200

Чотоев: Мечит салууга чектөө киргизүү маселеси чечиле элек

26-сентябрь 2019, 08:35 Айдар Нуралиев

Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын жетекчисинин орун басары Замир Чотаев парламент жыйынында депутаттардын суроолоруна жооп берип жатып, мечит курууга чектөө киргизүү маселеси көтөрүлгөнүн айтты: - Бул суроо боюнча Коопсуздук кеңешинин катчылыгы диний жайлардын курулушун иретке келтирүүнү жана чектөө киргизүүнү сунуш кылган. Эгерде көп болуп жатса, аймакта жашагандардын санына карап чек коюу айтылган. Бирок бул маселе чечиле элек. Чотаев өлкө боюнча 2 669 ...

0 207

Жөө жүрүшкө чыккан журналист 10 суткага камалды

26-сентябрь 2019, 08:34 Айдар Нуралиев

Өзбекстанда жөө жүрүшкө чыккан хорезмдик блогер Махмуд Ражаб менен Нафосат Оллашукуров райондук соттун чечими менен 10 суткага камалды. Акцияга катышкан дагы үч кишиге 70 доллар, жети аялга 23 доллар айып пул салынды. Бул тууралуу маалыматты Борборду Азия жаңылыктары билдирди.  "Азаттыктын" өзбек кызматы билдиргендей, сот жараяны 23-сентябрда кечки саат 10:00дө башталып, 24-сентябрда таңкы саат 4:00дө аяктаган. 22-сентябрда хорезмдик журналист Махмуд ...

0 137

Доминго сексуалдык асылуу айыбынан улам Метрополитен-операсынан кетет

26-сентябрь 2019, 08:32 Айдар Нуралиев

Испан опера ырчысы Пласидо Доминго Нью-Йорктогу Метрополитен-операсында “Макбет” оюнуна катышпайт жана театр менен байланышын токтотот. Бул тууралуу маалыматты Борбордук Азия жаңылыктары билдирди.  25-сентябрдагы премьерада Макбет партиясын Домингонун ордуна серб ырчысы Желько Лучич аткарат. Леди Макбеттин ролун орусиялык опера ырчысы Анна Нетребко ойнойт. Август айында Associated Press агенттиги 78 жаштагы Доминго сексуалдык асылууга айыпталып жатканын кабарлаган. Айыптоо 80-жылдардагы окуяларга негизделген. ...

0 159

Келемиштер да сууга түшкөндү жакшы көрөт. Чимкентте тартылган видео

Видео 24-сентябрь 2019, 17:32 Айдар Нуралиев

Казакстандын Чимкент шаарында келемиштердин Кошкарата дарыясына түшүп жатканы тартылган видео таркады. Маалыматтарга караганда, Чимкентте бул кемирүүчүлөр көбөйүп кеткен. Аларды жок кылуудан майнап чыкпай келе жатат. Булак: "NazarNews.kg"

0 318

ВИДЕО - Министр ыйлаганда. Колдоруна кишен салынган чиновниктер тизилип турганын көрдүңүз беле?

Видео 24-сентябрь 2019, 11:43 Айдар Нуралиев

Түркмөнстандын мамлекеттик каналы 13-сентябрда мурунку соода министри Амандурды Ишановдун жана башка чиновниктердин билдирүүсүн көргөздү. Анда колдоруна кишен салынган мурунку чиновниктер чет өлкөлүк компаниялардын кызыкчылыгына иштешкенин айтып, коррупцияга малынганын моюндарына алышкан. Булак: "NazarNews.kg"

0 289

Түркмөнстанда президенттин китебин 6 күндөн бери майрамдап бүтө албай жатышат

20-сентябрь 2019, 14:50 Айдар Нуралиев

Түркмөнстанда президенти Гурбангулу Бердымухамедовдун алабайлар жөнүндө “Түркмөн алабайы” деп аталып чыккан китебин 6 күндөн бери майрамдап жатышат. 13-сентябрда өлкө башчысы министрлер кабинетинде китебин көрсөтүп, министрлерге китебин белек кылган жана ошону менен бирге алабай тууралуу ырын окуп берген. Ошондон бери мамлекеттик бардык мекемелерде, уюмдарда бул китептин урматына арналган түрдүү иш-чаралар өткөрүлүүдө. Түркмөнстандын президенти Гурбангулу Бердымухамедовдун алабайлар жөнүндө китебин жазып бүткөнү ...

0 186

Казакстанда митингге чыккандарды камоо уланууда

20-сентябрь 2019, 09:22 Айдар Нуралиев

Казакстан шаарларында полиция менен макулдашылбаган миттингдерге чыккандарды, анын ичинде Кытай менен биргелешкен долбоорлорду жүзөгө ашырууга каршы болгондорду кармоо жана камоо уланууда. Бул тууралуу маалыматты Борбордук Азия жаңылыктары билдирди.  «Жарандык демилгелер коалициясынын» маалыматына караганда, Алматы, Нур-Султан, Актау, Шымкент, Актөбө шаарларында «тынч митингдерди уюштуруу жана өткөрүү тартибин бузуу» айыбы менен акыркы төрт күндө 30 киши 15 суткага камалды. 19-сентябрь күнү кечинде ...

0 215

Алматыда Дамирбек Асылбек уулунун соту уланууда

20-сентябрь 2019, 09:31 Айдар Нуралиев

19-сентябрда Алматы шаардык соту Кыргызстандын Жогорку Кеңешинин мурдагы депутаты Дамирбек Асылбек уулунун доо арызын кароону улантты. Бул тууралуу маалыматты казак маалымат булактары жазып чыкты.  Аны соттун төмөнкү инстанциясы 10 жылга эркинен ажыраткан болчу. Экс-депутатка «чек арадагы аткезчилик менен алектенген» жана «эл аралык уюшкан кылмыштуу топко катышы болгон» деген айып коюлган. Дамирбек Асылбек уулу күнөөсүн мойнуна алган эмес. Өткөн аптада ...

0 331

Кыргыз-тажик чек арасынан кошумча аскер күчтөрү жана техникалары чыгарылды

20-сентябрь 2019, 08:44 Айдар Нуралиев

Кыргыз-тажик чек арасындагы соңку кырдаалга байланыштуу сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгы менен тараптар чек арадан аскердик техникаларын алып чыгып кетти. Бул тууралуу маалымматты Борбордук Азия жаңылыктары билдирди.  Тажикстандын Гафур районунун Овчи Калача калктуу конушунун башчысынын орун басары Абдухамид Одинаев «Азаттыктын» тажик кызматына сүйлөшүүлөр 19-сентябрь күнү кечке жуук аяктаганын билдирди. Мындан кийин тараптар чек арадагы аскердик техникаларын жана кошумча аскердик күчтөрүн алып чыгып ...

0 504

Жасаса болот экен го. Өзбекстандык жигит Ласеттиден Феррари жасап чыкты

19-сентябрь 2019, 14:13 Айдар Нуралиев

Социалдык тармактарда өзбекстандык жигиттин Ласеттиден Феррари жасап чыкканы тууралуу сүрөттөр жайылып кетти. Жергиликтүү маалымат каражаттардын жазганына караганда, уста Маргелан шаарынан болот. Булак: "NazarNews.kg"

0 229

Кечээки чек ара чырында Тажикстандын 3 чек арачысы каза болгону айтылууда

17-сентябрь 2019, 10:19 Нурбек Айдар

16-сентябрда болгон чек ара чырында Тажикстандын 3 чек арачысы каза болду. Бул тууралуу Азияплюс маалымат кызматы Тажикстандын Чек ара кызматына шилтеме берип жазып чыкты. Маалыматка ылайык, тажик тараптан эки катардагы жоокер жана чек ара жамаатынын коментанты каза болгон. Тизме: Овчи-Калач чек ара жамаатынын коменданты подполковник Убайдуллоев Рустам Амонулоевич, 1984-жылы туулган;

0 345

Борбор Азиядагы эң чоң мечит октябрда ачылат

16-сентябрь 2019, 16:08 Нурбек Айдар

Борбордук Азиядагы эң чоң мечит ушул жылдын октябрь айында Тажикстандын борборунда ачылышы пландалууда. Бул мечитте бир убакта 120 миң киши намаз окуй алмакчы. Мечиттин пайдубалы туура 10 жыл мурун, тактап айтканда 2009-жылы октябрь айында курулуп баштаган. Объектин курулуш долбоорун Тажикстан менен Катардын адистери иштеп чыгышкан. Мечиттин ар бири 75 метр бийиктиктеги 4 мунарасы бар. Борбордук бул мечит Душанбенин түндүк жагында ...

0 184

Өзбек депутаттары ашыкча каада-салттарды кыскарткан устав иштеп чыкты

16-сентябрь 2019, 15:02 Нурбек Айдар

Өзбекстандын парламенти өлкөдө жамандык-жакшылыктарды өткөрүүнү жол-жобосун иштеп чыкты. Бул парламенттин эки палатасынын тең депутаттарынын сынынан өткөн. Устав аш-тойлорго кеткен чыгымды жана убакытты үнөмдөйт. Мисалга, той болордон бир жума мурун маала комитетине кабарланышы керек жана той бир гана күн өтөөрү уставда жазылган. 200гө чейин конок чакырылышы жана той түнкү 11ден кечикпей бүтүшү шарт. Кортежде 3 машинадан көп болбошу керек. Айрым учурларда ...

0 1763

(18+) Собчак өзүнүн үйлөнүү тоюнда жарым жылаңач бийледи

Видео 16-сентябрь 2019, 11:33 Алтын Булат

“Мага кир, түшүмө кир...” (Войди в меня, войди в мои сны...). Мына ушул ырдын алдында жарым жылаңач бийлеген Ксения Собчактын видеосу коомчулуктун бүйүрүн кызытып жаткан учур.  Бул бийин белгилүү орус телеалпаруучусу, өзүнүн үйлөнүү-үлпөт тоюна келгендерге “десерт” катары сунган.  Видеодо көрүнүп тургандай, ырдын текстин образга салгысы келген Собчак, бийлеп жатып жерге сойлогон, ошол учурда аны коштоп турган эки эркек, анын ...

Жарнама үчүн орун!
600 x 50
0 2374

ВИДЕО – Поезд толо жүргүнчүлөрү бар автобусту сүзүп кетти. Каза болгондор жана жаракат алгандар бар 

Видео 16-сентябрь 2019, 09:55 Алтын Булат

Кырсык, кечээ, 15-сентябрь күнү 19:20лар чамасында, Алматы областынын Шамалган станциясында катталгандыгын,  Казакстандын индустрия жана инфраструктуралык өнүгүү министрлигинин басма сөз кызматы билдирген. Анда айтылгандай, автобустун айдоочусу тыюу салынган сигнал берилгенине карабастан поезд жолуна чыгып кеткен. Жыйынтыгында автобустун айдоочусу жана дагы бир жүргүнчү каза болуп, тогуз адам оор жаракат алган. Жаракат алгандардын ичинде 2 кичине бала бар экени айтылууда. Жалпысынан автобуста ...

0 5593

Ташкентте 25 жаштагы гейди союп кетишти

14-сентябрь 2019, 13:14 Нурбек Айдар

12-сентябрь күнү Ташкенттин Юнусабад районунда Шокир Шавкатов аттуу 25 жаштагы жигит өлтүрүлдү. Бул тууралуу жергиликтүү маалымат каражаттары жазып чыгышты. Маалыматка ылайык, анын өлүмүнө шектелип 40 жаштагы эки жаран кармалган. Белгилүү болгондой, Шокир Шавкатов Инстаграммдагы өзүнүн баракчасына гей экендигин ачык жазган жана тааныгандар анын чынында эле “көгүлтүр” экендигин айтышкан. Ошол күнү Шокир ЛГБТ-коомчулугунун өкүлдөрү чогулуучу түнкү клубга барып, бир нече ...

Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83