www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Борбордук Азия жаңылыктары
0 248

Тажикстанда быйыл 14 миңге жакын кыз-келин боюнан алдырган

14-ноябрь 2019, 09:14 Айдар Нуралиев

 Ушул жылы Тажикстанда 14 миңге жакын  кыз боюнан алдырган. Көпчүлүк кыздардын жашы 15 жаштан 19 жашка чейин болгон. Тажикстандын Саламаттык сактоо министрлиги бул жагымсыз статистика өткөн жылга салыштырганда быйылкы жылы төмөн экендигин билдирген. Бул тууралуу жергиликтүү басылмалар жазып чыкты. Дарыгерлер кыздардын көпчүлүгү ата-энесинен коркуп, гинекологдорго жана ден соолукту чыңдоо борборлоруна кайрылган эмес. Мындай кесепеттер артка кайткыс, тукумсуздукка алып келээрин ...

0 207

Итке арнап ыр жазып, шаарга айкелин орноткусу келген ажо

13-ноябрь 2019, 15:13 Айдар Нуралиев

Түркмөнстандын президенти Гурбангулы Бердымухамедов Ашхабадда алабай тукумундагы иттин эстелигин тургузууга тапшырма берди, - деп жазып чыкты "Багыт.kg" гезити бүгүнкү чыккан санында. Бул тууралуу Түркмөнстандын мамлекеттик маалымат агенттиги билдирди. 6-ноябрда Гурбангулы Бердымухамедов шаардагы курулуш долбоорлору тууралуу маалымат алып, Ашхабадга алабайдын эстелигин тургузууну тапшырган. Түркмөнстанда алабай тукумундагы ит улуттук дөөлөт катары эсептелет. Түркмөн президенти ага арнап китеп да жазган. 13-сентябрда өкмөттүн ...

0 148

Клинтон британ өкмөтүн сындады

13-ноябрь 2019, 10:19 Айдар Нуралиев

Хиллари Клинтон өлкө саясатындагы Орусиянын таасири жөнүндөгү баяндаманы жарыялоодон баш тартканы үчүн британ өкмөтүн сындады. Ал бул чечимди «түшүнүксүз жана уят» деп атады.  Орусияны 2016-жылы АКШда өткөн президенттик шайлоого кийлигишүүгө айыптаган Клинтон британдыктар 12-декабрда өтө турган шайлоого чейин парламенттеги чалгындоо жана коопсуздук комитетинин баяндамасы менен таанышууга тийиш деп эсептейт. «Бул өкмөт баяндаманы чыгарбай турганына таң калдым. Себеби, бул өлкөдөгү ...

0 276

ФОТО - Москвада кыргыз таксистти жөн жерден полиция кармап кетти

12-ноябрь 2019, 11:38 Аман Аскаров

Москва шаарында такси кызматында эмгектенген кыргыз жараны мас абалындагы жүргүнчүнү тийиштүү жерге жеткирбей койгондугу үчүн полиция кызматкерлери кармап кетишкен. Белгилүү болгондой кыргызстандык башкарган унаага мас абалындагы улутчул адам отуруп, айдоочуну ар кандай ыплас сөздөр менен сөгүп, мушташканга аракет кылган. Андан кийин жүргүнчү полиция кызматкерлерин чакырган. Жерине келген тартип сакчылары кыргыз жаранын кармап кетишкен. Айдоочу Валентина ...

0 149

Стивен Сигал Мирзиёевдин күйөө баласын куттуктады

12-ноябрь 2019, 11:20 Айдар Нуралиев

Америкалык белгилүү актер Стивен Сигал өзүнүн Инстаграммдагы баракчасы аркылуу Мирзиёевдин күйөө баласы Отабек Умаровду Өзбекстандын ММА ассоциациясынын президенти кызматына шайлангандыгы менен куттуктады. “Менин досум Отабек Умаров Өзбекстандын ММА ассоциациясынын башчысы кызматына дайындалды. Куттуктайм, тууган”, -деп жазган атактуу актёр. Белгилей кетсек, Өзбекстандын президентинин коопсуздук кызматынын жетекчисинин биринчи орун басары Отабек Умаров 9-ноябрда жаңы ачылган спорттук лиганын төрагасы болуп шайланган. Ал ...

0 442

ВИДЕО - Максим Галкин Путинге "сайылды"

Видео 11-ноябрь 2019, 15:12 Айдар Нуралиев

Артист жана теле алып баруучу Максим Галкин Новосибирскте өткөн концертинде орус телеканалдарына совет доору кайтып келгенин, ал эми “оюнда Марсты багындырган” Владимир Путинди орусиялыктар зээриктирип жибергенин айтты. Бул тууралуу маалыматты Борбордук Азия жаңылыктары жазып чыкты.  Анын билдирүүсү Ютубга 3-октябрда эле жайгаштырылган, бирок ММКлар эми гана көңүл бөлүштү. Сибирь.Реалии кабарлагандай, соңку күндөрү аны жарым миллиондон ашык киши көрдү. – Бизде ...

0 755

Казакстанда Кыргыз АССРнин биринчи өкмөт башчысы Жусуп Абдрахмановго эстелик тургузуу сунушталды

10-ноябрь 2019, 12:11 Аман Аскаров

Казакстанда Кыргыз АССРнин биринчи өкмөт башчысы Жусуп Абдрахмановго эстелик тургузуу сунушталды. Мындай сунушун Актюбинск облусунун акимине казакстандык активист Турарбек Кусаинов жөнөткөн. Ал мындай чечимин 1930-жылдары кыргыз эли казак элин ачарчылыктан сактап калгандыгы менен түшүндүргөн. Так тарыхый булактардан маалым болгондой, 1936-1938-жылдары Сталиндин репрессивдик механизмине 110 миңден ашуун казактар туш болгон. Анын 25 миңи атууга кеткен. Бул учурда ...

0 75

«Росатом» 2024-жылы кванттык компьютер чыгарат

07-ноябрь 2019, 15:03 Алтын Булат

Орусиянын «Росатом» мамлекеттик корпорациясы кванттык компьютер иштеп чыгууда. Бул тууралуу айтылган маалыматтарда, беш жылга созулган долбоорго жалпысынан 24 миллиард рубль керектелет. Аталган корпорациянын башчысы Екатерина Солнцеванын айтымында, бул сумманын 13,3 миллиарды Орусиянын бюджетинен бөлүнөт. Ал эми калган 10,4 миллиардды «Росатомдун» жеке каражатынан жана башка компаниялардын каржылык колдоосунда ишке ашары күтүлүүдө. Ал эми корпорациянын кванттык компьютер долбоорунун жетекчиси Руслан Юнусовдун ...

0 1515

Белгилүү жактоочулар сегиз аскерди өлтүргөн жоокерге жардам берүүдө

07-ноябрь 2019, 12:41 Алтын Булат

Буга чейин жоокер Шамсудиновдун соттогу кызыкчылыгын Марат Ашимов жана Равиль Тугушевдер жактап келген. Ал эми кече Чеченстандын лидери Рамзан Кадыров өзүнүн адвокаты Саид-Магомед Чапановду жана анын кесиптеши Равиль Тугушевди жибергени белгилүү болду. Ошентип аскерде чогуу кызмат өтөгөндөрүн аткан Рамиль Шамсутдиновдун кызыкчылыгын белгилүү төрт адвокат жактамакчы. Айтмакчы аталган жактоочулар кылмыш ишти болушунча жумшартуу аракетин көрө башташканы айтылууда. Алар кырдаалдан чыгуу ...

0 2200

“Ошол күнү мени зордукташмак”. Бирге кызмат өтөгөндөрдү аткан жоокер агынан жарылды

07-ноябрь 2019, 11:19 Алтын Булат

Аскерде бирге кызмат өтөгөндөрүн аткан Рамиль Шамсутдинов аны зордуктамакчы болгонунан улам ушул жолго барганын айтып берди. Айтымында, ал эч күнөөсү жок эки жоокерди атканына өкүнөт, калган жоокерлерди өлтүргөнүнө эч өкүнбөйт. Антпесе өзү зордукталмакчы болгонун билдирүүдө. «Мага чейин башка баардык жаңы келгендерди зордукташкан, ошол кечте менин кезегим келмек. Менин башка аргам калган жок. Кимге даттанасың? Күлкү келет. Жөн эле айта ...

0 378

Тажикстан Өзбекстанга алтын кен чыккан 300 гектар жерин берет

06-ноябрь 2019, 10:34 Айдар Нуралиев

Тажикстан Өзбекстанга 300 гектар жери менен кошо алтын кен чыккан аймагын  берет. Бул тууралуу Тажикстандын жергиликтүү маалымат агенттиктери жазып чыгышты. Маалыматка караганда, Душанбе менен Ташкенттин  жерлерди берүү боюнча эки тараптуу келишими  бар.  Ал 300 гектар жер Тажикстандын түндүгүндөгү Согди областынын Матчин районунда жайгашкан. Бул жерде алтын чыккан кен бар, буга чейин аны  Тажикстан-Канада “Апрелевка” биргеликте ишканасы иштетип келген. Эске ...

0 299

Москвада теракт кылууга шектелип кармалган кыргыз жараны тууралуу маалыматты элчилик иликтөөдө

06-ноябрь 2019, 09:45 Алтын Булат

Кыргызстандын Орусиядагы элчилиги Москвада теракт жасоого аракет кылган деген шек менен кармалган адамдын чоо-жайын териштирүүдө. Бул тууралуу дипломатиялык өкүлчүлүктөн билдиришти. 5-ноябрда Москванын Черемушка райондук соту борбор азиялык 30 жаштагы Талант аттуу жаранды камоого санкция бергенин «Интерфакс» агенттиги жазган. «Настоящее время» телеканалы Тергөө комитетинин өкүлү Юлия Ивановага таянып, ал жаран кыргызстандык экенин, Москвага сентябрда барганын кабарлады. Шек саналган адам 2020-жылдын ...

0 671

Ашыкча тайраңдаба. Өзбекстанда той өткөрүүнүн жаңы эрежеси бекитилди

05-ноябрь 2019, 11:25 Айдар Нуралиев

Өзбекстанда үйлөнүү той, үй-бүлөлүк мааракелер, эскерүүлөр жана иш-чараларды өткөрүү жобосу бекитилди. Бул эреже  2020-жылдын 1-январынан тарта ишке кирет. Бул тууралуу жергиликтүү басылмалар жазып чыгышты. Эреже боюнча, үйлөнүү той, үй-бүлөлүк мааракелер, эскерүүлөр жана иш-чараларды өткөрүү, бир гана күн, саат 06:00дөн баштап 23:00гө чейин өткөрүлүшү керек. Ал эми чакырылган коноктордун саны 200-250дөн, ырчылардын саны экиден ашпоосу зарыл. Ошондой эле, келин менен ...

0 194

Казакстанда тамак-ашка ууланды делген эки бала мерт болду

04-ноябрь 2019, 15:30 Айдар Нуралиев

Чымкент шаарында бир үй-бүлөдөн эки бала тамакка ууланып каза болду. Бул тууралуу шаардык өзгөчө кырдаалдар департаментине шилтеме берип Борбордук Азия жаңылыктары жазып чыкты. Маалыматка караганда, 3-ноябрда бир аял үч баласы менен ооруканага жеткирилген. Дарыгерлер 32 жаштагы аял менен анын 11 жаштагы уулун инфекциялык ооруканадан токсикологиялык бөлүмгө которушкан. Эки баланын өмүрүн сактап калууга мүмкүн болгон жок. Төрт жаштагы бала эртең менен ...

0 216

Трамптын импичмент ишине себеп болгон чалгынчы көрсөтмө берүүгө макул болду

04-ноябрь 2019, 15:31 Айдар Нуралиев

АКШ президенти Дональд Трампка импичмент жарыялоо маселесине себеп болгон америкалык чалгынчы Өкүлдөр палатасынын Чалгын комитетиндеги республикачылардын суроолоруна кат түрүндө жооп берүүгө макул болду. Бул тууралуу CBS News телеканалына анын адвокаты Марк Заид билдирди. Республикачылар импичмент жол-жоболору адилетсиз өтүп жатканын, Өкүлдөр палатасындагы азчылыктардын суроо берүү мүмкүнчүлүктөрү чектелүү экенине даттанып келишет. Адвокаттын айтымында, суроолорго кат түрүндө жооп берүү импичмент процедураларын баштоого ...

0 518

Ерке Есмахан менен Кайрат Нуртас ким кыйын деп талашууда

04-ноябрь 2019, 13:36 Айдар Нуралиев

Казакстандын ажарлуу эстрада ырчысы Ерке Есмахан  менен Кайрат Нуртастын апасы жана   продюсери Гүлзира Айдарбекованын ортосунда нааразычылыктар болгонун казак басылмалары жазып чыгышты. Маалыматка караганда, Ерке Есмахандын "Кайда?" аттуу ыры YouTube каналында 100 миллиондон ашуун каралган. Еркенин ыры баласыныкынан көп кароо болгонуна ичи ачышканбы же башка себеби барбы, айтоор, Кайраттын апасы Гүлзира Айдарбекова жергиликтүү журналистке мындай болушуна ишенбестигин айтып алган. Ал: ...

Жарнама үчүн орун!
600 x 50
0 538

Кытайдан качкан эки жаранды Казакстанга өткөргөн жетекчилер жазаланат

30-октябрь 2019, 17:54 Алтын Булат

Казакстанда мамлекеттик чек арадан мыйзамсыз өткөн деген айып менен камакка алынган кытайлык казактар Кастер Мусаханулы менен Мурагер Алимулы бир жылга соттолушу мүмкүн. Бул тууралуу өлкөнүн Улуттук коопсуздук комитетинин башчысы Дархан Дилманов билдирди. Анын айтымында, мындан тышкары айыпталуучулардын кытай-казак чек арасынан өтүүсүнө жол берген кызмат адамдары, анын ичинде чек ара тозотунун башчысы менен командири жоопкерчиликке тартылышы керек. Эске салсак, октябрь ...

0 169

СҮРӨТ – Чоңдор эстеликти ачышты. Бирок...

30-октябрь 2019, 14:26 Алтын Булат

Катар тизилген “элиталар” микрофон алдында турушат. Жанында төрт чарчы куюлган пайдубал. Албетте иш-чараны чагылдырган операторлор иштеп жатышат. Мына ушул сүрөт соцтармакта олтурган орус коомчулугун жарып жаткан учуру. Анда айтылгандай, кечээ, 29-октябрда Орусиянын Новосибирск шаарынын башчылары “Комсомолдордун” 100 жылдыгына карата эстеликти, эстелик ташы жок эле салтанаттуу ачышкан. Ал эми долбоор боюнча, атайын буюртма менен Кытайдан алынып келүүчү граниттен жасалган 6 ...

0 137

Окуучуларды мажбурлап гезит-журналдарга жаздырышууда

29-октябрь 2019, 12:08 Алтын Булат

Түркмөнстанда мамлекеттик басылмаларга милдеттүү түрдө жазылуу өнөктүгү башталды. Жергиликтүү маалымат булактары бул тууралуу маалымат бере элек. Бирок эл аралык, көз карандысыз булактар аталган өлкөдө окуучуларга чейин гезит-журналдарга мажбурлап жаздыруу жүрүп жатканын жазып чыгышты. Айтылган маалыматтарга таянсак, Мары облусундагы мектеп окуучуларына «Гунеш» журналына жазылуу үчүн каникулдан кийин 14 манат (280 сом) ала келиши керектиги эскертилген. Ал эми мамлекеттик кызматкерлер жана ...

0 262

72 бөкөндү өлтүрүп, мүйүзүн кесип кеткен ...

29-октябрь 2019, 11:58 Айдар Нуралиев

Казакстандын Караганда облусунун полициясынын бүт жеке курамы 72 бөкөндү өлтүрүп, мүйүзүн кесип кеткен браконьерлерди издөө иштерин жүргүзүшүүдө. Бул тууралуу казак басылмалары жазып чыгышты. Маалыматка караганда, Караганда облусунун Нура районунда мамлекеттик аңчылык ишканасынын кызматкерлери 26-октябрда 30, 27-октябрда 42 өлтүрүлгөн бөкөндү табышкан. Бөкөндөрдү аткан браконьерлер алардын мүйүздөрүн араалап кетишкен. Учурда бөкөндөрдү өлтүргөн браконьерлерди аныктоо жана колго түшүрүү иштери жүрүүдө. Тажрыйбалуу кызматкерлерден ...

0 1362

ФОТО - Ислам Каримовдун автоунааларынын сүрөттөрү жарыяланды

28-октябрь 2019, 17:58 Айдар Нуралиев

Өзбекстандын биринчи президенти Ислам Каримовдун автоунааларынын сүрөттөрү өзбек басылмаларына жарыяланды. Өзбекстандын мурунку ажосунун автоуналары Илим жана билим берүү мемориалдык комплексине берилген. Президент бул унааларды 1989-жылдан 2016-жылга чейин колдонгон. Унааларды көрөм деген баардык каалоочуларга  эшик ачык. Бул мемориал биринчи президент Ислам Каримовдун атын 2017-жылдын 25-апрелинде алган. Булак: NazarNews.kg

0 374

Назарбаевдин биринчи селфиси жарыяланды

28-октябрь 2019, 17:40 Айдар Нуралиев

Нурсултан Назарбаев менен болгон биринчи селфи социалдык тармактарга жарыяланды, ал 15 жыл мурун болгон. Сүрөттү Казакстандын биринчи  президенттинин  басма сөз кызматы  жарыялаган. Анда “Елбасы менен биринчи жолку селфи, 2004-жыл” деп  жазылган. Бирок, селфи сүрөт кайсы жерде, кимдер менен тартылганы айтылган эмес. Булак: NazarNews.kg

0 181

6 жаштагы кызын өлтүргөн адам Англиянын жараны болуп чыкты

28-октябрь 2019, 16:19 Айдар Нуралиев

Алматы шаарында алты жаштагы кызын өлтүрдү деп шектелип анын атасы кармалган. Ал Улуу Британиянын 41 жаштагы жараны. Бул тууралуу казак басылмалары жазып чыгышты. Алматынын райондор аралык соту кылмышка шектүү Баракат Мохамеддин баш коргоо чарасын карап, аны 2 ай камакка алуу чечимин чыгарган. Атасы кызын алгач айтылгандай муунтуп эмес, сабап өлтүргөнү аныкталган. Эске салсак, 24-октябрда Алматыдагы беш жылдыздуу “InterContinental” мейманканасында ...

0 365

АУДИО - Атасы 6 жаштагы кызын муунтуп өлтүрдү деп шектелүүдө

Аудиофайл 25-октябрь 2019, 13:53 Айдар Нуралиев

Алматы шаарында алты жаштагы кызын өлтүрдү деп шектелип анын атасы кармалды. Алдын ала маалыматтарга караганда, кыз муунтулуп өлтүрүлгөн. Бул тууралуу казак басылмалары жазып чыгышты. Андагы маалыматтарга караганда, окуя кечээ, 24-октябрда Алматыдагы “InterContinental” мейманканасында эрте менен болгон. Чет элдик жаран мейманканага аялы, кызы менен бирге жайгашкан. Эрте менен кыйкырыктарды уккан мейманкананын кызматкерлери полиция чакырган жана 6 жаштагы кыздын жансыз денесин ...

0 282

Эми митингге балдарды ээрчитип чыгууга болбойт

24-октябрь 2019, 17:03 Айдар Нуралиев

Казакстан парламентинин төмөнкү палатасынын депутаттары сенат депутаттарынын митинг боюнча сунушун колдоп беришти. Бул тууралуу казак басылмалары жазып чыгышты. Маалыматка караганда, эми жашы жете элек балдарын каршылык акцияларына алып чыккан ата-энелер жазага тартылмакчы. Жаза катары – айып пул же 10 күнгө чейин камакка алуу каралган. Буга мурда митингге балдары менен кошо чыгып жүргөнү себеп болгон. Депутаттардын ою боюнча, балдарды митингдерге ...

0 253

ВИДЕО – Айдоочу айымдардан бир шиңгил

Видео 24-октябрь 2019, 15:17 Алтын Булат

- Чыкчы эшикке... Чыкпайсыңбы эми... Тасмада көрүнүп тургандай, унаа ичинде бекинип алган айымды дагы бир айым сыртка чыгара албай убара. Анын каарданган эмоциясы деле байкалбайт. Унаанын күзгүлөрүн жана айнек тазалагычын жөн эле талкалап койду. Ошол эле учурда унаа ичиндегиси “кокуйлап” жардам сурап олтурат. Окуянын маңызына назар салсак, эки айым тең айдоочу. Ал эми жолдогу жол эрежесин бузуу көбүнчө аялдарга ...

0 405

Путин кедей өлкөлөрдү карыз кылуунун пайдасын көргөздү

24-октябрь 2019, 13:54 Алтын Булат

Орусия, Африканын $20 миллиарддан ашык карызын кыскартты. Бирок, муну менен орус бизнеси эми ал жакта гүлдөй турган болду. Мындай каалоосун Орусия-Африка форумунда орустардын лидери Владимир Путин ачык эле айтты. Анда айтылгандай, Орусиянын экономикалык өсүшүнө өбөлгө болушу үчүн расмий бийлик улуттук долбоорлорун чет өлкөлөрдө жайылткысы келет. Мына ушул багытта айрым өлкөлөрдөгү берген карыздарын пайдалана баштады. Өз учурунда Египеттин президенти Абдель ...

0 544

Кытайдын аңгегинен качкандарга, этникалык мекени дөңгөк болууда

23-октябрь 2019, 17:42 Алтын Булат

Аргасыз Кытайдагы үй-бүлөлөрүн таштап качып келген эки казак жигитти, казак бийлиги тергөө абагына салды. Ага себеп, бул эки жаран эки өлкө ортосундагы чек араны мыйзамсыз кесип өтүшкөн. Этникалык мекенине качып келишкен 30 жаштагы Кастер Мусаханулы менен 25 жаштагы Мурагер Алимулы кармалганга чейин 14-октябрдагы маалымат жыйынында, Кытайдын ал өлкөдөгү аз улуттун өкүлдөрүнө карата жүргүзгөн катаал саясатын белгилеп, чыдабай үй-бүлөсүн таштап ...

0 925

ВИДЕО – Өлтүрүлгөн депутат жана анын жакындарынын сөөгү табылды

Видео 23-октябрь 2019, 15:56 Алтын Булат

Тасмада байкалгандай адам сөөктөрүн бирден казып алып чыгарып жатышат. бул денелердин көмүлгөнүнө 7 жыл болгон. Москва шаарынын четиндеги дөңсөөдө табылган бул сөөктөрдү казуу иши 12 күнгө созулуп, жалпысынан 2 миң чарчы келген аянт 10 метр тереңдикке чейин чукулган. Издөө иштери өз натыйжасын берип, жыйынтыгында 4 метр тереңдиктен сөөктөр табылган. Анын экөөсүнүн баш сөөктөрүндө октун калдыктары байкалганы РФ ИИМинин атайын ...

0 647

Түнү жалгыз баспа! Зордукчудан аялын коргогон адам жаза алышы мүмкүн

22-октябрь 2019, 16:12 Алтын Булат

Достору менен эс алуу учурунда күйөөсүнө айтпай үйүнө кетип калган аял орто жолдо зордукчунун запкысын тартты. Бул окуя 13-октябрь күнү Орусиянын Харьков областында катталганын орус маалымат булактары жазып чыгышты. Ал маалыматта айтылгандай, аял үйүнө жакындап калган учурда артынан акмалап келген белгисиз эркек аны зордуктап кирген. Бул учурда аялын издеп чыккан 27 жаштагы күйөөсү кыйкырып, жалынып жаткан тааныш үндү угуп ...

0 359

Экстер: Назарбаев “рулда”, Атамбаев “багажда”

22-октябрь 2019, 14:11 Алтын Булат

Казакстандын экс-президенти өмүрү өткөнгө чейин өлкөнү башкарып калары белгилүү болду. Тагыраагы, Нурсултан Назарбаевдин тандаган кадры, учурдагы президент Касым-Жоомарт Токаев тунгуч мамлекет башчысысынын кадр саясатындагы ыйгарым укуктарын кеңейтип берди. Анда айтылгандай, эми мурдагы казак президенти Коопсуздук кеңешин өмүрү өткүчө жетектейт. Ал эми Коопсуздук кеңеши мыйзамына ылайык, мындан ары аталган кеңештин төрагасынын макулдугу менен өкмөт мүчөлөрү дайындалат. Ошондой эле президентке түздөн-түз ...

0 163

Касым-Жомарт Токаев "айдап кел жана байлап кел" милдетин аткара баштайбы?

22-октябрь 2019, 13:26 Айдар Нуралиев

Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев өлкөнүн тунгуч мамлекет башчысы Нурсултан Назарбаевдин кадр саясатындагы ыйгарым укугун жогорулаткан буйрукка кол койду. Бул тууралуу маалыматты Борбордук Азия жаңылыктары билдирди. Токаевдин буйругуна ылайык, мындан ары тышкы жана ички иштер министри, коргоо министри сыяктуу кызматтардан башка өкмөт мүчөлөрү Коопсуздук кеңешинин төрагасынын макулдугу менен гана дайындалат. Андан сырткары Башкы прокуратура, Улуттук коопсуздук комитети, Улуттук банк, Республикалык ...

Жарнама үчүн орун!
600 x 50
0 165

Токаев мындан ары кадрларды Назарбаевдин макулдугу менен гана дайындай алат

22-октябрь 2019, 09:40 Айдар Нуралиев

Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев өлкөнүн тунгуч мамлекет башчысы Нурсултан Назарбаевдин кадр саясатындагы ыйгарым укугун жогорулаткан буйрукка кол койду. Токаевдин буйругуна ылайык, мындан ары тышкы жана ички иштер министри, коргоо министри сыяктуу кызматтардан башка өкмөт мүчөлөрү Коопсуздук кеңешинин төрагасынын макулдугу менен гана дайындалат. Андан сырткары Башкы прокуратура, Улуттук коопсуздук комитети, Улуттук банк, Республикалык гвардия, Тышкы чалгын кызматы, Күзөт кызматы өңдүү ...

0 167

Муфтиятты сындаган эки блогер соттолду

22-октябрь 2019, 09:22 Айдар Нуралиев

18-октябрда Ташкент шаардык соту хиджаб маселесин козгогон блогерлер Рустамбек Каримов менен Тулкин Астановго карата өкүм чыгарды. Бул тууралуу Өзбекстандын Жогорку Сотунун маалымат кызматы кабарлады. Өкүмгө ылайык, Рустамбек Каримов “коомдук коопсуздук жана коомдук тартипке коркунуч жараткан материалдарды сактоо жана жарыялоо” беренеси боюнча айыптуу деп табылып, жалпысынан 3 жыл 1 айга эркинен ажыратылды. Ал жазасын жатак абакта өтөйт. Тулкин Астанов да ...

0 528

ВИДЕО - Мыйзамдагы ууру Костя Канский кармалды

Видео 21-октябрь 2019, 12:25 Алтын Булат

Куралданган спецназ шаты аркылуу дарбазаны ашып түшүүдө. Ичкери киргенден кийин дагы кыйлага тинтүү жүрдү. Айтылгандарга караганда, “Костя Канский” каймана аты менен белгилүү кримтөбөл Константин Найбауэрди Орусиянын Красноярск крайында милициянын спецназы колго түшүргөн. Кримтөбөл каршылык деле көрсөткөн эмес. Орусиянын ИИМи билдиргенге ылайык, 54 жаштагы бул кримтөбөл шаар четиндеги үйүнөн кармалган. Анын үстүнөн “Кылмыштуу иерархияда жогорку даражаны ээлөө” беренеси менен кылмыш ...

0 120

Аскада селфи кылмакчы болгон аял учуп өлдү

21-октябрь 2019, 11:27 Алтын Булат

41 жаштагы аялдын жансыз денеси Орусиянын Приморск крайындагы Дарданеллы капчыгайынан табылды. Тергөөчү, каза болгон аял 20 метр бийиктиктен учуп түшкөнүн билдирген. Ал айтылгандарга ылайык, Орусиянын Приморск крайында бул аял аскадан сүрөткө түшмөкчү болгон. Бирок жаза басып алып тайып, кулап кеткен. Учурда бул факты боюнча “Байкабастыктан өлүмгө алып келүү” боюнча кылмыш иши козголуп, иликтөө иштери жүрүп жатат. NazarNews.kg

0 1178

ВИДЕО - 27 секундда 300 миң доллар карактап кетишти

Видео 21-октябрь 2019, 10:41 Алтын Булат

Унаалар толгон кан жол, сыртта жарык. Капыстан капталдан чыга калган Мерседес, алдыдагы кара түстөгү Мерседес унаасын жөөлөп барып токтотуп, биринчи унаадан түшкөн 5-6 жигит тиги токтогон унаанын эшигин күч менен ачып, багаждан сумкаларды алып кетишти. Бул тууралуу орус маалымат булактары жазгандарга караганда, окуя 14-октябрь күнү Москванын Ленин проспектисинде катталган. Каракчылардын колуна тийген сумкаларда 300 миң доллар (20 миллион рубль) ...

0 591

Каратэ боюнча турнирде массалык мушташ чыкты

Видео 19-октябрь 2019, 13:23 Айдар Нуралиев

Каратэ боюнча турнир учурунда массалык мушташ чыкканы тууралуу видео социалдык тармактарда тарап кетти. Белгилүү болгондой, бул окуя 16-октябрда Ташкент шаарында болгон. Массалык мушташ каратэ боюнча Өзбекстандын кубогу өтүп жатканда чыккан. Учурда каратэ федерациясы менен укук коргоо органдары бул чыр-чатакты иликтеп жатышат. Алдын ала маалыматтарга караганда, мушташ тренерлер менен судьялардын ортосунда чыккан. Булак: NazarNews.kg

0 574

Назарбаев Лондондун көчөсүн шыпырат

19-октябрь 2019, 13:12 Алтын Булат

Нурсултан Назарбаевдин Британияда жашап жаткан небереси Айсултан Назарбаев шарттуу түрдө соттолду. Муну дүйнөлүк булактар чагылдырып жатышат. Маалыматтарга таянсак, эми ал өкүмгө ылайык Назарбаев 1300 доллардын тегерегиндеги айып пул төлөйт жана берилген 18 айлык сыноо мөөнөтүндө, Айсултан 140 саат коомдук жумуштарда иштейт. Ошондой эле маңзатка болгон көз карандылыктан арылыш үчүн атайын сабактарга барышы керек болот. Ушул жылдын июнь айларында Лондондогу ...

0 249

iPhone 11 “бомба” экен. Айфондордун жарылышы 230%га чыкты

19-октябрь 2019, 11:51 Алтын Булат

Аналитиктердин иликтөөсүндө, өткөн жылдан тарта дүйнөдө iPhone смартфонунун сатылуусу төмөндөп кеткен. Айрыкча Орто Азяда, өзгөчө Кытайда кызыкчылык кескин азайганы байкалган. Анткен менен жаңы билдирүүлөргө ылайык, iPhone 11 смартфондун сатылуусу жогорку деңгээлге чыкканы айтылат. Бул моделдин Кытайдагы эле сатыгы ушул жылдын сентябрь айында 230 пайызга өскөн. Ал эми былтыр, 2018-жылы сентябрда iPhone XS линиясын чыгаруу менен Apple компаниясы сатыкты 110 ...

0 492

Даарат кагазга Конституцияны жазып, Конституциялык соттун алдына илип кетишти

18-октябрь 2019, 17:57 Алтын Булат

Тагыраагы, “Вконтакте” социалдык түйүнүнө чыккан бул жаңылыкта, кечээ, 17-октябрь күнү кечинде, бул даарат кагаз белгисиз бирөөлөр тарабынан ташталганы айтылат. Анда айтылгандай, даараткана кагазына эринбей бастырылган Орусиянын башкы мыйзамы Петербургдагы Конституциялык соттун маңдайында бир сааттан ашык илинип турган. Албетте, аны полиция кызматкерлери келип алып кеткенче, жергиликтүүлөрдүн ичинен андагы беренелерди окуп таанышып алганга үлгүргөндөрү да болгон. Булак: NazarNews.kg

0 629

Орусия примадоннасы өлүмгө даярдануудабы?

18-октябрь 2019, 15:13 Алтын Булат

Алла Пугачева өлүмгө даярданууда – өлгөндөн кийин өзүнүн сөөгү коюла туруучу жайды сатып алды. Мына ушундай кабарларды орус маалымат булактары жазып жатышат. Анда айтылгандай, Пугачеванын сатып алган участогу Кузьминск мүрзөсүндөгү агасынын күмбөзүнө жакын. “Жылдыздар чогулушту” (Звезды сошлись) аттуу көрсөтүүдө белгилүү болгондой, учурда скульпторлор Пугачевдордун үй-бүлөлүк мүрзөсүнүн эскиздерин жасап жатышат. Эске сала кетсек, ушул жылдын апрель айларында Пугачева 70 жаш ...

0 261

ВИДЕО - Чачылган акчанын алдында ырдаган ырчыга лицензиясы кайтарылды

Видео 17-октябрь 2019, 12:19 Айдар Нуралиев

“Өзбекконцерт” мамлекеттик ишканасы Жахонгир Атаджановго жана бир катар ырчыларга өлкө аймагында ырдоого укук берүүчү лицензиясын кайтарып берди. Лицензиясы кайтарылган артисттердин катарында Атаджановдон башка да Шахло Ахмедова, Абдулла Курбанов жана Халима Ибрагимова бар. Эске салсак, мындан бир нече күн мурун концерт берүүгө жана телеге чыгууга уруксат берчү "Өзбекконцерт" мамлекеттик мекемеси өзбектердин белгилүү ырчысы Жахонгир Атаджановду мындай укуктан ажыраткан. ...

0 1334

ВИДЕО - Тарбиячысы баланы думуктурган бала бакча жабылды

Видео 16-октябрь 2019, 16:49 Айдар Нуралиев

Казакстандын Темиртау шаарында бала бакча жабылды. Ага бала бакчанын тарбиячысынын балага карата катаал мамиле кылгандыгы себеп болгон. Бул тууралуу казак басылмалары жазып чыкты. Маалыматка караганда, “Домик” деп аталган бала бакчага текшерүү жүргүзүлүп, жыйынтыгында аталган бала бакча мыйзамсыз иштеп жаткандыгы аныкталгандан кийин сот тарабынан жабылган. Белгилей кетсек, өткөн жылдын август айында ушул бала бакчанын 50 жаштагы тарбиячысы уктагысы келбеген кичинекей ...

0 1373

СҮРӨТ - Порно тасмадагы эжей, ээн баш окуучулар жазаланды

15-октябрь 2019, 13:54 Алтын Булат

Тамаша, чындыкка жанаша болуп чыкты. Тагыраагы эжейин тамашага салгысы келген окуучулар өздөрү байкабай чындыктын бетин ачып алышты. Мугалим ыңгайсыз абалда калды. РФнын Кемерово областындагы коллеждердин биринде болгон бул окуя тууралуу Телеграм-каналында маалымат пайда болду. Анда айтылгандай, кадимки окуу күндөрүнүн биринде окуучулар интернеттен өздөрүнүн эжейине окшош аял бир эркек менен интимдик катнашка барып жаткан учурун таап алышат. Ошентип алар бул ...

0 812

“Мыйзамдагы уурулар” санактан өттү, арасында миллиардерлер да бар

15-октябрь 2019, 08:49 Алтын Булат

Орусиянын ички иштер министрлиги, өлкө ичиндеги “мыйзамдагы уурулардын” так санын аныктап алышты. Анда айтылгандай, кылмыш чөйрөсүндө учурда 432 "мыйзамдагы ууру" бар экен. Алардын ичинен абакта олтургандары – 114, эркиндикте жүрүшкөндөрү – 318. Ал эми иши тергелип жаткандардын саны – 31 болсо, дагы он тогузу издөөдө. Бул тууралуу маалыматка таянсак, “уурулардын” эң көбү грузиндер - 242 адам, андан кийинки эле орунга ...

0 179

Назарбаев сүрөтчү болуп кетти

12-октябрь 2019, 12:04 Айдар Нуралиев

Казакстандын биринчи президенти Нурсултан Назарбаев өлкө лидери кызматынан кеткенден кийин май боек менен картиналарды тартып жатканын жана аларды көргөзмөгө чыгарарын билдирди. Бул тууралуу мурунку өлкө башчысы “Хабар” телеканалына айтып берген. Айтымына караганда, Назарбаевдин экспозиция үчүн керектүү 30 картинасы бар. Анын көпчүлүгү пейзаждар. Казакстандын биринчи президенти сүрөт тарткандан сырткары, мурун окуганга убактысы болбогондуктан учурда китеп да көбүрөөк окуп жатыптыр. Алмазбек ...

12-октябрь 2019, 12:04 | 179
0 600

Ууруларды өлтүрүп кое жаздашты. Бийликтин расмий жообу жарыяланды

Видео 11-октябрь 2019, 17:23 Айдар Нуралиев

Өзбекстандын Фергана облусуна караштуу Дангара районунда ууруларды кармап алган жергиликтүү тургундар, аларды катуу сабап салышкан. Бул тууралуу Өзбекстандын башкы прокуратурасы маалымат берди. Маалыматка караганда, бул окуя 1-октябрда болгон. 1991-жылы туулган Ахмаджон жана 1968-жылы туулган Аваз аттуу жарандар Алижан дегендин үйүнө кирип, 12 миллион 500 миң сум (92 миң 750 сом) уурдап чыгышкан. Муну Одина аттуу аял байкап калып, коңшуларын ...

Жарнама үчүн орун!
600 x 50
0 882

ВИДЕО - Ууруларды эл өздөрү эле жазалап салышты

Видео 11-октябрь 2019, 11:33 Айдар Нуралиев

Өзбекстандын Фергана облусуна караштуу Дангара районунда ууруларды кармап алган жергиликтүү тургундар, аларды катуу сабап салышты. Бул тууралуу өзбек басылмалары жазып чыгышты. Маалыматка караганда, бул окуя Дангара районунун айылдарынын биринде болгон. Үйүнө кирген ууруларды байкап калган үй ээси чуу чыгарган. Уурулар акчаны төшөккө ороп качып кетишкен. Эл чогулуп, уурулардын артынан кубалап жөнөшкөн. Ууруларды кармап алган көпчүлүк аларды ошол эле жерден ...

0 201

Арабдарга “лирика” арнаган кыргыздар көбөйдү дейби?

08-октябрь 2019, 13:57 Алтын Булат

Чет өлкөгө чыгып жаткан кыргыз жарандары тааныш-билиштердин берип жибергендерин ала кетүүдө сак болуусу керек! Тышкы иштер министрлигинин мындай билдирүүсү, кийинки кезде Дубайга тыюу салынган дары-дармектерди мыйзамсыз алып кирүүгө аракет кылган кыргыз жарандарынын саны көбөйгөндүгү менен түшүндүрүлөт. Анда айтылгандай, Бириккен Араб Эмираттарында тыюу салынган «Лирика» аттуу курамында баңги заттары бар, оору сезимдерди жоготуучу препаратты мыйзамсыз алып кирүү фактылары катталган. Мындан ...

Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83