www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Борбордук Азия жаңылыктары
0 218

Түркмөн башчысы Конституцияны дагы өзгөртмөй болду

07-октябрь 2019, 16:06 Айдар Нуралиев

Түркмөнстанда өлкөнүн Конституциясын өзгөртүү боюнча комиссия ишке киришти. Комиссиянын алгачкы отуруму 4-октябрда болуп өттү. Комиссиянын башчысы президент Гурбангулы Бердымухамедов өзү. Бул тууралуу чет өлкөлүк маалымат каражаттары жазып чыгышты. Президент Гурбангулы Бердымухамедов дүйнөдө экономикалык жана саясий абалдын ылдам өзгөрүп жатканынан улам Консититуцияга өзгөртүү киргизүү зарыл деп белгилеген. Түркмөнстанда Конституция акыркы жолу 2016-жылы өзгөрүүгө дуушар болгон, анда негизинен президенттикке талапкерлердин жашы ...

0 1233

Кыргызстандын Абадан коргонуу күчтөрү 3 ракета жоготту. Көргөн жоксуңарбы?

05-октябрь 2019, 14:02 Алтын Булат

Казакстандын «Сары-Шаган» аскердик полигонундагы машыгуу учурунда Кыргызстандын Абадан коргонуу күчтөрү 3 ракетасын жоготкон факт боюнча Аскер прокуратурасы кылмыш ишин козгоду. Эске сала кетсек, буга чейин 24.kg сайты өзүнүн ишенимдүү булактарына таянып, жоголгон ракеталар тууралуу жазып чыккан болчу. Анда айтылгандай, машыгууга Кыргызстандын зениттик-ракеталык бригадасы С-125 жана С-75 үлгүсүндөгү сегиз ракета алып барган. Алардын бешөө атылган болсо, дагы үчөөсүнүн дайыны жок. ...

0 490

Алимент төлөбөө үчүн атасы 1 жаштагы уулун өлтүргөн

04-октябрь 2019, 11:14 Айдар Нуралиев

Өзбекстандын Наманган шаарында атасы 1 жаштагы уулун сууга чөктүрүп өлтүргөн деп соттолду. Бул тууралуу өзбек басылмалары жазып чыкты. Андагы маалыматтарга караганда, алимент төлөбөө үчүн 1 жаштагы уулун Түндүк Фергана каналына таштап салган ата сөөрөй 18 жылга эркинен ажыратылды. Мындай чечим чыгарган Наманган облустук соту 26 жаштагы Расулбек Ташпулатовду өзүнүн баласын атайылап өлтүргөн деп тапкан. Соттогу документтерге ылайык, 2017-жылы үйлөнгөн ...

0 140

Өзбек полициясы пахта теримге каршы чыкты

Видео 03-октябрь 2019, 11:23 Айдар Нуралиев

Өзбекстанда бир нече полиция кызматкерлери мажбурлап пахта теримге жөнөтүүгө каршы чыгышты. Бул тууралуу массалык маалымат каражаттары жазып чыкты. Өзбекстандын Бектемир райондундагы квалификация жогорулатуучу ИИМдин атайын мекемесине келгендер мажбурлап пахта теримге жөнөтүүгө каршы чыгышкан видео тарады. Бул видео качан, кандай жагдайда тартылганы белгисиз. Видеодон полиция кызматкеринин бир айлык окууга чакырып келип, бирок 2 айга пахта теримге жөнөтүп жатканын айтып жатканын ...

0 376

Түркмөн ажосу генералды майор кылып койду

02-октябрь 2019, 12:45 Айдар Нуралиев

Коопсуздук Кеңешинин 1-октябрдагы отурумунду кызматтан алынган Түркмөнстандын ИИМинин мурунку министри Исгендер Муликов өлкө президенти Гурбангулы Бердымухамедовдун буйругу менен баардык мамлекеттик сыйлыктарынан айрылды жана анын генерал-лейтенант наамы майорго түшүрүлдү. Түркмөнстандын расмий ЖМКлары экс-министрдин андан аркы тагдыры тууралуу маалымат бербей келет, бирок, «Гундогар» басылмасынын маалыматына караганда Муликов камалган. Ошондой эле, дагы бир маалыматтарда, Муликовдун жеке ...

0 130

Тажикстан күмүш кенин да кытайларга берди

02-октябрь 2019, 10:28 Айдар Нуралиев

Тажикстандын парламенти "Якчилва" күмүш кенин кытайлык инвесторлорго берүүнү колдоп берди. Ошондой эле, кытайлык "Кашн Синьюи Дади Майнинг Инвестмент" компаниясын 7 жылга чейин бүт салыктардан бошотту. Бул тууралуу тажик маалымат каражаттары жазып чыгышты. Кытайларга берилген "Якчилва" күмүш кени Мургаб районунда, Памир тоосунун деңиз деңгээлинен 4500 метр бийиктигинде жайгашкан. Бул өлкөдөгү эң бийик кен катары саналат. "Якчилва" кениндеги күмүштүн запасы 205 ...

0 255

Өзбек ажосу жоолук салынган аялдарга кандай карайт?

01-октябрь 2019, 15:02 Айдар Нуралиев

Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев бокс боюнча дүйнө чемпиондугунда өзгөчөлөнгөн спортчулар менен машыктыруучуларга салтанаттуу сыйлык тапшыруу аземи учурунда жоолук салынган аялдар тууралуу өз оюн билдирди. Жеңил салмакта дүйнө чемпиону болгон Миразиз Мирзахалиловдун жоолук салынып турган апасына кайрылган өзбек президенти “социалдык тармактарда көптөгөн маселелер көтөрүлүп жатат. Өзбек аялына жоолук да, өзбек кийими да жарашат!” деп айтты. “Сиздин жашоо образыңыз – мен ...

0 222

Кыргызстандык бала учуп бара жаткан учакты токтоткон

27-сентябрь 2019, 13:58 Алтын Булат

Оруссиялык айрым маалымат булактары жазгандарга таянсак, Москвадан Ошко учкан учак орто жолдон конууга аргасыз болду. Тагыраагы, Самара аба майданына конгон. Буга себеп, учак ичиндеги бала өзүн жаман сезгендигинен улам болгону айтылууда. Учак конгондон көп өтпөй эле балага Самарадагы ооруканалардын биринде медициналык жардам көрсөтүлгөн. Ал эми учак Самарадан Ошко, Бишкек убактысы боюнча саат 18:55 өткөндө учуп кеткени кабарланды. Белгилей кетсек, ...

0 313

Тажикстанда төрөттүн саны азайтылат

27-сентябрь 2019, 12:23 Алтын Булат

Тажикстандын калкынын саны 9 миллион. Бирок алар төрөттүн санын кескин азайтуу кадамына өттү. Бул калктын саны көбөйгөндүгүнө байланыштуу эмес. Расмий бийлик мунун себептерин айымдардын ден соолугуна кам көрүү катары баалайт. Ал эми айрым адистер маселенин түйүнүн ал өлкөдөгү басымдуу болгон жакырчылыкка байлашууда. Маселе медицинанын жардамы менен чечиле турган болду. Бул тууралуу Тажикстандын саламаттыкты сактоо министрлиги билдирген маалыматтарга таянсак, катары ...

0 566

Ырчы президенттин эли унга кезекке турду

27-сентябрь 2019, 08:56 Айдар Нуралиев

Түркмөнстандын Мары облусундагы мамлекеттик дүкөндөрдө ун сатып алууну каалаган жарандарга бир ай эрте кезекке жазылып коюу сунушталууда. Бул тууралуу «Азаттыктын» түркмөн кызматынын аймактык кабарчысы билдирди. «Мары облусундагы мамлекеттик дүкөндөрдө ун тартыштыгы уланып жатат. Ун келгенде көбүнө жетпей калып, мушташып кеткендер дагы болууда. Дүкөнчүлөр тизмеде аты-жөнү жок тургундарга кийинки айга кезекке жазылып коюуну сунуштап жатышат», — деп билдирди кабарчы. Анын ...

0 424

Бухарада жел электр станциясынын курулушу башталды, Кыргызстан "шапка" сурап "качырган"

26-сентябрь 2019, 08:44 Айдар Нуралиев

22-сентябрда Бухара облусунун Гиждуван аймагында жел электр станциясынын курулушу башталды. Бул тууралуу Өзбекстан Тышкы иштер министрлиги билдирди. Бул тууралуу маалыматты Борбордук Азия жаңылыктары кабарлады.  Министрликтин маалыматына караганда, долбоордун жалпы наркы – 1,8 миллиард доллар, кубаттуулугу 1,5 миң МВт. Долбоор үч айлампадан турат. Өзбекстан 2017-жылы орду толукталып турчу энергия булактары тууралуу программа кабыл алган. 2018-жылы Өзбекстан Орусия менен атомдук электр ...

0 211

Чотоев: Мечит салууга чектөө киргизүү маселеси чечиле элек

26-сентябрь 2019, 08:35 Айдар Нуралиев

Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын жетекчисинин орун басары Замир Чотаев парламент жыйынында депутаттардын суроолоруна жооп берип жатып, мечит курууга чектөө киргизүү маселеси көтөрүлгөнүн айтты: - Бул суроо боюнча Коопсуздук кеңешинин катчылыгы диний жайлардын курулушун иретке келтирүүнү жана чектөө киргизүүнү сунуш кылган. Эгерде көп болуп жатса, аймакта жашагандардын санына карап чек коюу айтылган. Бирок бул маселе чечиле элек. Чотаев өлкө боюнча 2 669 ...

0 218

Жөө жүрүшкө чыккан журналист 10 суткага камалды

26-сентябрь 2019, 08:34 Айдар Нуралиев

Өзбекстанда жөө жүрүшкө чыккан хорезмдик блогер Махмуд Ражаб менен Нафосат Оллашукуров райондук соттун чечими менен 10 суткага камалды. Акцияга катышкан дагы үч кишиге 70 доллар, жети аялга 23 доллар айып пул салынды. Бул тууралуу маалыматты Борборду Азия жаңылыктары билдирди.  "Азаттыктын" өзбек кызматы билдиргендей, сот жараяны 23-сентябрда кечки саат 10:00дө башталып, 24-сентябрда таңкы саат 4:00дө аяктаган. 22-сентябрда хорезмдик журналист Махмуд ...

0 149

Доминго сексуалдык асылуу айыбынан улам Метрополитен-операсынан кетет

26-сентябрь 2019, 08:32 Айдар Нуралиев

Испан опера ырчысы Пласидо Доминго Нью-Йорктогу Метрополитен-операсында “Макбет” оюнуна катышпайт жана театр менен байланышын токтотот. Бул тууралуу маалыматты Борбордук Азия жаңылыктары билдирди.  25-сентябрдагы премьерада Макбет партиясын Домингонун ордуна серб ырчысы Желько Лучич аткарат. Леди Макбеттин ролун орусиялык опера ырчысы Анна Нетребко ойнойт. Август айында Associated Press агенттиги 78 жаштагы Доминго сексуалдык асылууга айыпталып жатканын кабарлаган. Айыптоо 80-жылдардагы окуяларга негизделген. ...

0 171

Келемиштер да сууга түшкөндү жакшы көрөт. Чимкентте тартылган видео

Видео 24-сентябрь 2019, 17:32 Айдар Нуралиев

Казакстандын Чимкент шаарында келемиштердин Кошкарата дарыясына түшүп жатканы тартылган видео таркады. Маалыматтарга караганда, Чимкентте бул кемирүүчүлөр көбөйүп кеткен. Аларды жок кылуудан майнап чыкпай келе жатат. Булак: "NazarNews.kg"

0 328

ВИДЕО - Министр ыйлаганда. Колдоруна кишен салынган чиновниктер тизилип турганын көрдүңүз беле?

Видео 24-сентябрь 2019, 11:43 Айдар Нуралиев

Түркмөнстандын мамлекеттик каналы 13-сентябрда мурунку соода министри Амандурды Ишановдун жана башка чиновниктердин билдирүүсүн көргөздү. Анда колдоруна кишен салынган мурунку чиновниктер чет өлкөлүк компаниялардын кызыкчылыгына иштешкенин айтып, коррупцияга малынганын моюндарына алышкан. Булак: "NazarNews.kg"

Жарнама үчүн орун!
600 x 50
0 300

Түркмөнстанда президенттин китебин 6 күндөн бери майрамдап бүтө албай жатышат

20-сентябрь 2019, 14:50 Айдар Нуралиев

Түркмөнстанда президенти Гурбангулу Бердымухамедовдун алабайлар жөнүндө “Түркмөн алабайы” деп аталып чыккан китебин 6 күндөн бери майрамдап жатышат. 13-сентябрда өлкө башчысы министрлер кабинетинде китебин көрсөтүп, министрлерге китебин белек кылган жана ошону менен бирге алабай тууралуу ырын окуп берген. Ошондон бери мамлекеттик бардык мекемелерде, уюмдарда бул китептин урматына арналган түрдүү иш-чаралар өткөрүлүүдө. Түркмөнстандын президенти Гурбангулу Бердымухамедовдун алабайлар жөнүндө китебин жазып бүткөнү ...

0 204

Казакстанда митингге чыккандарды камоо уланууда

20-сентябрь 2019, 09:22 Айдар Нуралиев

Казакстан шаарларында полиция менен макулдашылбаган миттингдерге чыккандарды, анын ичинде Кытай менен биргелешкен долбоорлорду жүзөгө ашырууга каршы болгондорду кармоо жана камоо уланууда. Бул тууралуу маалыматты Борбордук Азия жаңылыктары билдирди.  «Жарандык демилгелер коалициясынын» маалыматына караганда, Алматы, Нур-Султан, Актау, Шымкент, Актөбө шаарларында «тынч митингдерди уюштуруу жана өткөрүү тартибин бузуу» айыбы менен акыркы төрт күндө 30 киши 15 суткага камалды. 19-сентябрь күнү кечинде ...

0 234

Алматыда Дамирбек Асылбек уулунун соту уланууда

20-сентябрь 2019, 09:31 Айдар Нуралиев

19-сентябрда Алматы шаардык соту Кыргызстандын Жогорку Кеңешинин мурдагы депутаты Дамирбек Асылбек уулунун доо арызын кароону улантты. Бул тууралуу маалыматты казак маалымат булактары жазып чыкты.  Аны соттун төмөнкү инстанциясы 10 жылга эркинен ажыраткан болчу. Экс-депутатка «чек арадагы аткезчилик менен алектенген» жана «эл аралык уюшкан кылмыштуу топко катышы болгон» деген айып коюлган. Дамирбек Асылбек уулу күнөөсүн мойнуна алган эмес. Өткөн аптада ...

0 350

Кыргыз-тажик чек арасынан кошумча аскер күчтөрү жана техникалары чыгарылды

20-сентябрь 2019, 08:44 Айдар Нуралиев

Кыргыз-тажик чек арасындагы соңку кырдаалга байланыштуу сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгы менен тараптар чек арадан аскердик техникаларын алып чыгып кетти. Бул тууралуу маалымматты Борбордук Азия жаңылыктары билдирди.  Тажикстандын Гафур районунун Овчи Калача калктуу конушунун башчысынын орун басары Абдухамид Одинаев «Азаттыктын» тажик кызматына сүйлөшүүлөр 19-сентябрь күнү кечке жуук аяктаганын билдирди. Мындан кийин тараптар чек арадагы аскердик техникаларын жана кошумча аскердик күчтөрүн алып чыгып ...

0 522

Жасаса болот экен го. Өзбекстандык жигит Ласеттиден Феррари жасап чыкты

19-сентябрь 2019, 14:13 Айдар Нуралиев

Социалдык тармактарда өзбекстандык жигиттин Ласеттиден Феррари жасап чыкканы тууралуу сүрөттөр жайылып кетти. Жергиликтүү маалымат каражаттардын жазганына караганда, уста Маргелан шаарынан болот. Булак: "NazarNews.kg"

0 239

Кечээки чек ара чырында Тажикстандын 3 чек арачысы каза болгону айтылууда

17-сентябрь 2019, 10:19 Нурбек Айдар

16-сентябрда болгон чек ара чырында Тажикстандын 3 чек арачысы каза болду. Бул тууралуу Азияплюс маалымат кызматы Тажикстандын Чек ара кызматына шилтеме берип жазып чыкты. Маалыматка ылайык, тажик тараптан эки катардагы жоокер жана чек ара жамаатынын коментанты каза болгон. Тизме: Овчи-Калач чек ара жамаатынын коменданты подполковник Убайдуллоев Рустам Амонулоевич, 1984-жылы туулган;

0 359

Борбор Азиядагы эң чоң мечит октябрда ачылат

16-сентябрь 2019, 16:08 Нурбек Айдар

Борбордук Азиядагы эң чоң мечит ушул жылдын октябрь айында Тажикстандын борборунда ачылышы пландалууда. Бул мечитте бир убакта 120 миң киши намаз окуй алмакчы. Мечиттин пайдубалы туура 10 жыл мурун, тактап айтканда 2009-жылы октябрь айында курулуп баштаган. Объектин курулуш долбоорун Тажикстан менен Катардын адистери иштеп чыгышкан. Мечиттин ар бири 75 метр бийиктиктеги 4 мунарасы бар. Борбордук бул мечит Душанбенин түндүк жагында ...

0 195

Өзбек депутаттары ашыкча каада-салттарды кыскарткан устав иштеп чыкты

16-сентябрь 2019, 15:02 Нурбек Айдар

Өзбекстандын парламенти өлкөдө жамандык-жакшылыктарды өткөрүүнү жол-жобосун иштеп чыкты. Бул парламенттин эки палатасынын тең депутаттарынын сынынан өткөн. Устав аш-тойлорго кеткен чыгымды жана убакытты үнөмдөйт. Мисалга, той болордон бир жума мурун маала комитетине кабарланышы керек жана той бир гана күн өтөөрү уставда жазылган. 200гө чейин конок чакырылышы жана той түнкү 11ден кечикпей бүтүшү шарт. Кортежде 3 машинадан көп болбошу керек. Айрым учурларда ...

0 1790

(18+) Собчак өзүнүн үйлөнүү тоюнда жарым жылаңач бийледи

Видео 16-сентябрь 2019, 11:33 Алтын Булат

“Мага кир, түшүмө кир...” (Войди в меня, войди в мои сны...). Мына ушул ырдын алдында жарым жылаңач бийлеген Ксения Собчактын видеосу коомчулуктун бүйүрүн кызытып жаткан учур.  Бул бийин белгилүү орус телеалпаруучусу, өзүнүн үйлөнүү-үлпөт тоюна келгендерге “десерт” катары сунган.  Видеодо көрүнүп тургандай, ырдын текстин образга салгысы келген Собчак, бийлеп жатып жерге сойлогон, ошол учурда аны коштоп турган эки эркек, анын ...

0 2408

ВИДЕО – Поезд толо жүргүнчүлөрү бар автобусту сүзүп кетти. Каза болгондор жана жаракат алгандар бар 

Видео 16-сентябрь 2019, 09:55 Алтын Булат

Кырсык, кечээ, 15-сентябрь күнү 19:20лар чамасында, Алматы областынын Шамалган станциясында катталгандыгын,  Казакстандын индустрия жана инфраструктуралык өнүгүү министрлигинин басма сөз кызматы билдирген. Анда айтылгандай, автобустун айдоочусу тыюу салынган сигнал берилгенине карабастан поезд жолуна чыгып кеткен. Жыйынтыгында автобустун айдоочусу жана дагы бир жүргүнчү каза болуп, тогуз адам оор жаракат алган. Жаракат алгандардын ичинде 2 кичине бала бар экени айтылууда. Жалпысынан автобуста ...

0 5650

Ташкентте 25 жаштагы гейди союп кетишти

14-сентябрь 2019, 13:14 Нурбек Айдар

12-сентябрь күнү Ташкенттин Юнусабад районунда Шокир Шавкатов аттуу 25 жаштагы жигит өлтүрүлдү. Бул тууралуу жергиликтүү маалымат каражаттары жазып чыгышты. Маалыматка ылайык, анын өлүмүнө шектелип 40 жаштагы эки жаран кармалган. Белгилүү болгондой, Шокир Шавкатов Инстаграммдагы өзүнүн баракчасына гей экендигин ачык жазган жана тааныгандар анын чынында эле “көгүлтүр” экендигин айтышкан. Ошол күнү Шокир ЛГБТ-коомчулугунун өкүлдөрү чогулуучу түнкү клубга барып, бир нече ...

0 202

Ооганстан – Өзбекстан – Казакстан – Кытай темир жол каттамы ишке кирди

14-сентябрь 2019, 12:36 Алтын Булат

41 вагондон турган жүк ташуучу поезддик каттамдын ачылышы Ооганстанда старт алды.  Ооганстандын географиясы борбордук жана түштүк Азияны байланыштырып турарын эске алган ал өлкөнүнүн президентти Мухаммад Ашраф Гани, бул кадам экспортко багытталган экономикада чоң өсүштөрдү алып келерин белгилеген.  Эске салсак, бизде дагы «Кытай – Кыргызстан - Өзбекстан темир жолу» курулаары айтылып келет. Бирок ал эмгиче ишке аша элек жана коңшу ...

0 83

Нур-Султанда кылмыштуу топтун мүчөлөрү кармалды

13-сентябрь 2019, 14:22 Нурбек Айдар

Казакстандын борбору Нур-Султан шаарында бизнесмендерден акча талап кылып келген кылмыштуу топтун мүчөлөрү кармалды. Бул тууралуу казак маалымат каражаттары жазып чыгышты. Маалыматтарга караганда, КНБнын Нур-Султан шаары боюнча департаменти тарабынан коркутуп-үркүтүү жолу менен бизнес-чөйрөсүнөн такай акча алып жүргөн этникалык кылмыштуу топтун мыйзамсыз ишмердиги токтотулган. 10-сентябрда Нур-Султанда өткөрүлгөн атайын операция учурунда Тойота үлгүсүндөгү унааны ишкерден алып жатканда уюшкан кылмыштуу топтун лидери жана ...

0 368

Конокко келген аялды үй ээсинин ити өлтүрө талап салды

13-сентябрь 2019, 13:05 Нурбек Айдар

Казакстандын Тараз шаарында питбультерьер (питбуль) 54 жаштагы аялды талап, ал аял ооруканада каза болду. Бул тууралуу казак маалымат каражаттары жазып чыгышты. Маалыматка караганда, окуя күндүзү болгон. Аялдын кыйкырыгын уккан коңшулары чуркап келип, дубалдын ар жагында питбуль аялды тиштеп, жулуп жатканын көрүшкөн менен жардам бере алышкан эмес. Келген “Тез жардам” да жабырлануучуга жардам бере албай жарым саат күтүп турган. Полиция келип ...

0 497

Өзбекстандык аял жаңы төрөлгөн ымыркайларды экинчи кабаттан ыргытып салды

12-сентябрь 2019, 11:37 Нурбек Айдар

Өзбекстандын Наманган облусунда төрөтканада жаткан аял эки ымыркайды экинчи кабаттан ыргытып салды. Бул тууралуу өзбек маалымат каражаттары жазып чыгышты. Маалыматтарга караганда, Өзбекстандын Наманган облусунда жаңы төрөгөн аял кызынын буту кыйшык төрөлгөнүнө капа болуп, төрөткананын экинчи кабатынан ымыркайын ыргытып салган. Кылмышын жашыруу үчүн ал башка да ымыркайды ыргыткан. Окуя 9-сентябрга караган түнү болгон. Бир сааттан ...

0 206

Эл башынын ролун аткарган актёр депутат болду

11-сентябрь 2019, 13:40 Нурбек Айдар

Казакстандык актёр Нурлан Алимжанов мажилис депутаты катары ант берди. Бул тууралуу РИА Новости жазып чыкты. Нурлан Алимжанов Казакстандын биринчи президенти Нурсултан Назарбаевге арналган "Лидердин жолу" деп аталган тасмада баш каармандын ролун жаратып, коомчулукка таанылган. 35 жаштагы Нурлан Алимжанов Назарбаев түптөгөн Nur Otan партиясынын мүчөсү. Булак: "NazarNews.kg"

Жарнама үчүн орун!
600 x 50
0 228

ВИДЕО - Кыргызстандык өзбек улутундагы мушкер өзбек мушкери Рузибоевди беттешке чакырды

Видео 10-сентябрь 2019, 09:50 Алтын Булат

Өзбекстандын Бухара шаарында болуп өткөн беттеште улуту өзбек кыргызстандык мушкер Журабек Тешебоев атаандашын 30 секундда жеңип алды. Ошол эле жерден ал Нурсултан Рузибоевди рингге чакырды.  "Мына мен келдим. Кыргызстанда болуп өткөн окуяны барыңар билесиңер. Нурсултан кай жерде мушташам десе, аны менен ошол жерде беттешем. Кыргызстан алга!" -деди Тешебов.  Эске салсак, Өзбекстандык мушкер Нурсултон Розибоев Кара-Суудагы беттеште жеңилүү ызасын тарткан. ...

0 2764

Сүйлөшкөн кызы карабай кеткени үчүн анын 3 жашар баласын алып кетип, өлтүрүп салган

09-сентябрь 2019, 12:19 Нурбек Айдар

Казакстанда 5-сентябрда 23 жаштагы жигит тааныш келиндин колунан 3 жаштагы кызын тартып алып, качып кеткен. Ошол эле күнү баланын жансыз денесин табылган. Белгилүү болгондой, баланы уурдап кеткен адам, ал баланын апасы менен 2014-жылдан баштап мамиледе болгон. Экөө сүйлөшүп жүрүп, кийин жолукпай калышкан. Өч алуу үчүн ал сүйгөнүнүн жеңесин өлтүрүп салып, 9 жылга эркинен ажыратылган. Бирок, 4 жылдан кийин ал ...

0 2497

ВИДЕО - Москва — Владивосток каттамындагы учак өрттөнүп кетти

Видео 09-сентябрь 2019, 09:20 Алтын Булат

Кечээ, 8-сентябрда болжол менен Бишкек убактысы боюнча кечки саат 9дан 55 мүнөт өткөндө Шереметьево аэропортунда учак өрттөндү. Мындай маалыматты Москва регион аралык транспорт прокуратурасы билдирген. Анда айтылгандарга караганда, учак Москвадан Владивостокко учмакчы болгон учактын мотору өрттөнүп кеткен. Окуя болгон учурда учактын бортунда 369 жүргүнчү болгон. Бактыга жараша жабыр тарткандар жок. Бирок башка маалыматтарда 2 адам ооруканага жеткирилгени айтылат. Эске ...

0 449

Владимир шаарындагы рейд учурунда 80 тажик мигранты кармалды

04-сентябрь 2019, 16:53 Алтын Булат

Орусиянын Владимир шаар бийлиги кармалгандар миграциялык мыйзамдын талаптарын бузгандыгын айтып, алар депортация кылынарын билдирди. Бул тууралуу бүгүн currenttime.tv жазып чыкты. Маалыматта, кармалгандар курулуш жана кампаларда жүк ташыгыч болуп иштегендер экендиктери айтылат. Мигранттардын кармалгандыгы тууралуу Тажикстандын эмгек министрлигинин Орусиядагы өкүлчүлүгүнө маалымдалган. Өз кезегинде өкүлчүлүк мыйзам баарына бирдей экенин карманып, тажик жарандары мыйзам бузса эч нерсе кыла алышпасын билдиришкен. Эскерте кетсек, ...

0 149

Чырлуу Жанаозенге жаңы аким дайындалды

04-сентябрь 2019, 12:59 Алтын Булат

Казакстандын Жанаозен шаарынын башчысы болуп бүгүн, 4-августа Максат Ибагаров дайындалды. Мурда бул кызматты Адилбек Дауылбаев аткарып келген. Бул тууралуу NUR.KZ сайты жазып чыкты. Маалыматка таянсак, 49 жаштагы Ибагаров Түркмөнстандын Ташауз областында төрөлгөн. Ш.Есенов атындагы Актау университетинин инженер адистиги боюнча бүтүргөн. Буга чейин ал «Озенмунайгаз» ААКсында, транспорт жана социалдык маселелер боюнча директордун орун басары болуп иштеп келген. Эске сала кетсек, ...

0 127

Казакстанда 500дөй адам кытай ишканаларын курууга каршы митингге чыкты

03-сентябрь 2019, 16:27 Нурбек Айдар

Бүгүн, 3-сентябрда Казакстандын Жанаозен шаарынын борбордук аянтына 500дөй адам чогулуп, Казакстандын аймагына Кытай заводдорун курууга каршылыгын билдиришти. Бул тууралуу lada.kz. агенттиги жазып чыкты. Жанаозен шаарынын тургундары Кытай ишканаларын куруу боюнча так жооп уккуча чогула берерин билдиришти. Казакстанга 55 Кытай ишканасы курулары күтүлүп жаткан. Булак: "NazarNews.kg"

0 125

Назарбаевдин кызы кайрадан спикер болуп шайланды

02-сентябрь 2019, 17:09 Нурбек Айдар

Казакстандын экс-президенти Нурсултан Назарбаевдин улуу кызы Дарига Назарбаева Парламенттин жогору палатасы болгон Сенаттын спикерлигине кайрадан шайланды.  Маалыматка караганда, экс-ажонун кызын спикерликке көрсөтүүнү Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаевдин атынан анын администрациясынын жетекчиси билдирген. Дарига Назарбаева Сенаттын спикери болуп 2019-жылдын март айында шайланган. 12-августта болсо кайра депутат болгон. Эми спикерлик үчүн дагы шайлоо болмокчу. Булак: "NazarNews.kg"

0 128

Дарига Назарбаева спикерликке кайрадан сунушталды

02-сентябрь 2019, 17:11 Нурбек Айдар

Казакстандын экс-президенти Нурсултан Назарбаевдин улуу кызы Дарига Назарбаева Сенаттын спикерлигине кайрадан көрсөтүлдү. Бул тууралуу Zakon.kz.  маалымдады. Маалыматка караганда, экс-ажонун кызын спикерликке көрсөтүүнү Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаевдин атынан анын администрациясынын жетекчиси билдирген. Эми аны сенаторлор шайлашы күтүлүүдө. Дарига Назарбаева Сенаттын спикери болуп 2019-жылдын март айында шайланган. 12-августта болсо кайра депутат болгон. Эми спикерлик үчүн дагы шайлоо болмокчу. Булак: "NazarNews.kg"

0 187

ЖМК: Өзбек ырчылары пара берип сахнага чыгышат

30-август 2019, 15:56 Кызгалдак Жакыпова

Өзбекстанда көз карандысыздык күнүн майрамдоодо сахнага чыгып ырдоо үчүн айрым ырчылар пара беришсе, дагы бирлери жогорку кызматта иштеген тааныштарын ортого салышчу. Бул тууралуу маалымат кызматтарынын биринен Өзбекстандын эл артисти Рустам Хамидов айтып берген. Хамидов көп жылдар бою бул майрамды өткөрүүнүн башкы режиссеру болуп келген. Режиссердун билдиргенине караганда, маданият жана искусство чөйрөсүнүн айрым жетекчилери өлкө президенти катышкан чоң иш-чарада ырдоо ...

0 111

АУДИО - Текебаев менен Чотоновдун иши сотто 29-августта каралат

Аудиофайл 27-август 2019, 14:49 Кызгалдак Жакыпова

Бишкектин Биринчи май райондук соту «Ата Мекен» партиясынын түрмөдө жаза мөөнөтүн өтөп жаткан лидери Өмүрбек Текебаев менен экс-министр, мурдагы элчи Дүйшөнкул Чотоновдун ишин кайра кароону 29-августка белгиледи. Бул тууралуу Борбордук Азия жаңылыктары билдирди.  Бул тууралуу «Азаттыкка» адвокат Таалайгүл Токтакунова билдирди. Анын айтымында, жактоочулар аты аталган саясатчылардын бөгөт чарасын өзгөртүүнү өтүнүп, сотко кайрылышты. Сот эми саясатчылардын бөгөт чарасын кароо менен ...

0 170

Түркмөнстанда полиция банкоматка кезекке турган кишилерди кармоодо

27-август 2019, 10:49 Кызгалдак Жакыпова

Түркмөнстандын чыгышындагы Лебап облусунда жергиликтүү бийлик банкматтарга кезекке туруунун алдын алуу үчүн катуу чараларды көрүүдө. Бул тууралуу маалыматты Борбордук Азия жаңылыктары билдирди. “Азаттыктын” түркмөн кызматы маалымдагандай, полиция банкоматка кезекке турган кишилерди кармап, суракка алууда. Мындан тышкары мекеме-ишканалардын кызматкерлеринен банктоматтардын жанында “көрүнбөөнү” талап кылышууда. Өткөн жумада Түркмөнстан президенти Бердымухамедов өлкөдө каражат жетиштүү өлчөмдө экенин билдирип, банкоматтардын үзгүлтүксүз иштөөсүн камсыздабаганы үчүн ...

0 122

Тажикстанда абакта отурган мурдагы банкир каза болду

27-август 2019, 11:03 Кызгалдак Жакыпова

Душанбе шаарында тергөө абагында отурган "Тажпромбанктын" башчысынын мурдагы орун басары Махмадулло Мирзоев каза болду. Бул тууралуу анын уулу Абубакр Мирзоев билдирди. Бул тууралуу Борбордук Азия жаңылыктары билдирди. Махмадулло Мирзоев быйыл февралда алдамчылыкка айыпталып кармалган. Маркумдун жакындары Мирзоев кант диабетинен жабыркап жүргөнүн билдиришкен. Тажикстан Юстиция министрлиги анын өлүмү боюнча комментарий берүүдөн баш тартты. "Тажпромбанк" 2018-жылы февралда Тажикстан Улуттук банкынын лицензиясынан ...

0 204

Росгвардия кызматкери эки жаштагы кызды өлтүрүүгө айыпталууда

15-август 2019, 10:45 Кызгалдак Жакыпова

Кемеровдо Росгвардиянын мурдагы кызматкери Андрей Кобылин эки жаштагы өгөй кызын өлтүрүүгө айыпталууда. "Город Nовостей" маалымат агенттигинин билдиришинче, трагедияга кыздын тынбай ыйлашы себеп болгон. Кемерово соту киши өлтүрүү боюнча кылмыш ишин кароону баштады. Бул тууралуу маалыматты Борборду Азия жаңылыктары билдирди.  Тергөөнүн маалыматы боюнча 2018-жылы сентябрда Росгвардиянын кызматкери, 23 жаштагы Кобылин үйдө өгөй кызы менен жалгыз калган. Наристе чыргоолонуп ыйлагандыктан, айыпталуучу ...

0 259

Токаев: "Маселенин баары өкмөттүн аракетине жараша болот"

16-июль 2019, 11:05 Кызгалдак Жакыпова

Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев өкмөттүн 15-июлдагы жыйынында өлкөдөгү турак-жай маселесин акыркы кездери күчөп кеткен «социалдык курч маселе» деп атады. Токаев өкмөт бул маселени «дайыма өз көзөмөлүнөн чыгарбашы керектигин» билдирип, министрлер кабинетинен бул боюнча сунуштарды берүүнү өтүндү. «Биз белгилүү бир адамдардын турак-жай боюнча ашкере талаптары бар деп айта алабыз. Бирок мындан маселе чечилип калбайт. Мунун баары өкмөттүн аракетине жараша болот», ...

0 236

Өзбекстанда 80 жаштагы пенсионер жогорку окуу жайына документ тапшырды

16-июль 2019, 10:52 Кызгалдак Жакыпова

Өзбекстандын Сурхандарыя облусунда 80 жаштагы Тухтамиш Султонов жогорку окуу жайына документ тапшырды. Ал Самарканд мамлекеттик университетинин биологиядан сабак берүү медодикасын, ошондой эле Ташкент медициналык академиясынын Термез филиалынын дарылоо жана педиатрия факультетин тандады. Буга чейин Өзбекстанда 72 жана 78 жаштагы пенсионерлер жогорку окуу жайларына документ тапшырганы кабарланган. Өзбекстанда быйыл абитуриенттер үчүн жаш курак чектөөсү жоюлду жана бир эле учурда бир багытта үч жогорку окуу ...

0 200

Ассанж Лондондогу Эквадор элчилигинде аңдууга алынганы айтылууда

10-июль 2019, 09:19 Кызгалдак Жакыпова

Жулиан Ассанж Лондондогу Эквадор элчилигинде жүргөндө аңдууга алынган. Бул тууралуу испаниялык "Эль Паис" гезити редакцияга келип түшкөн аудио жана видеожазууларга таянуу менен билдирди. Бул тууралуу Борборду Азия жаңылыктары билдирди.  Анын коноктор менен болгон жолугушуусун эквадор бийлиги тарабынан жалданган испан күзөт компаниясы жазып алган. Басылманын маалыматына караганда, аңдуу 2012-жылдан тарта жүргүзүлө баштаган. UC Global компаниясы активисттин бардык аракетин көзөмөлдөп, сүйлөшүүлөрүн ...

Жарнама үчүн орун!
600 x 50
0 525

Аллергияга каршы май ойлоп тапкан тажикстандык окумуштуу эки алтын медаль алды

10-июль 2019, 09:17 Кызгалдак Жакыпова

Тажикстандык окумуштуу Мавлуда Давлатмамадова аллергияга каршы май иштеп чыкканы үчүн Ойлоп табуучу аялдардын 12-эл аралык KIWIE 2019 көргөзмө-форумунун жана Бүткүл дүйнөлүк интеллектуалдык жеке менчик уюмунун эки алтын медалына ээ болду. Бул тууралуу Борборду Азия жаңылыктары жазып чыкты.  33 жаштагы Мавлуда Давлатмамадова – техника илимдеринин кандидаты, Фармацевтикалык илимий-иликтөө борборунун илимий кеңешинин катчысы. Ал дары чөптөрдүн негизинде аллергияга каршы май ойлоп ...

0 299

Касым Жомарт Токаев казактарды басмырлай алабы?

Орус республика башчысы Колбиндин дайындалышына каршы, 1986-жылдын декабрында  СССРде биринчилерден болуп казактар толкуп Кремлге каршы чыгышкан. Ошол Желтоксан козголоңунун аркасы менен Нурсултан Назарбаев бийликке келген. 2019 –жылдын 6-июлунда митинг болуп, Нур-Султан менен Алматыда полиция жүздөгөн адамдарды кармады. Бул күнү Казакстанда тыюу салынган "Казакстандын демократиялык шайлоосу" кыймылынын жетекчиси Мухтар Аблязов элди бийликке каршы нааразылык акциясына чыгууга чакырган. Казак бийлиги акцияны мыйзамсыз деп ...

Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83