www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Борбордук Азия жаңылыктары
0 154

Чырлуу Жанаозенге жаңы аким дайындалды

04-сентябрь 2019, 12:59 Алтын Булат

Казакстандын Жанаозен шаарынын башчысы болуп бүгүн, 4-августа Максат Ибагаров дайындалды. Мурда бул кызматты Адилбек Дауылбаев аткарып келген. Бул тууралуу NUR.KZ сайты жазып чыкты. Маалыматка таянсак, 49 жаштагы Ибагаров Түркмөнстандын Ташауз областында төрөлгөн. Ш.Есенов атындагы Актау университетинин инженер адистиги боюнча бүтүргөн. Буга чейин ал «Озенмунайгаз» ААКсында, транспорт жана социалдык маселелер боюнча директордун орун басары болуп иштеп келген. Эске сала кетсек, ...

0 130

Казакстанда 500дөй адам кытай ишканаларын курууга каршы митингге чыкты

03-сентябрь 2019, 16:27 Нурбек Айдар

Бүгүн, 3-сентябрда Казакстандын Жанаозен шаарынын борбордук аянтына 500дөй адам чогулуп, Казакстандын аймагына Кытай заводдорун курууга каршылыгын билдиришти. Бул тууралуу lada.kz. агенттиги жазып чыкты. Жанаозен шаарынын тургундары Кытай ишканаларын куруу боюнча так жооп уккуча чогула берерин билдиришти. Казакстанга 55 Кытай ишканасы курулары күтүлүп жаткан. Булак: "NazarNews.kg"

0 131

Назарбаевдин кызы кайрадан спикер болуп шайланды

02-сентябрь 2019, 17:09 Нурбек Айдар

Казакстандын экс-президенти Нурсултан Назарбаевдин улуу кызы Дарига Назарбаева Парламенттин жогору палатасы болгон Сенаттын спикерлигине кайрадан шайланды.  Маалыматка караганда, экс-ажонун кызын спикерликке көрсөтүүнү Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаевдин атынан анын администрациясынын жетекчиси билдирген. Дарига Назарбаева Сенаттын спикери болуп 2019-жылдын март айында шайланган. 12-августта болсо кайра депутат болгон. Эми спикерлик үчүн дагы шайлоо болмокчу. Булак: "NazarNews.kg"

0 136

Дарига Назарбаева спикерликке кайрадан сунушталды

02-сентябрь 2019, 17:11 Нурбек Айдар

Казакстандын экс-президенти Нурсултан Назарбаевдин улуу кызы Дарига Назарбаева Сенаттын спикерлигине кайрадан көрсөтүлдү. Бул тууралуу Zakon.kz.  маалымдады. Маалыматка караганда, экс-ажонун кызын спикерликке көрсөтүүнү Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаевдин атынан анын администрациясынын жетекчиси билдирген. Эми аны сенаторлор шайлашы күтүлүүдө. Дарига Назарбаева Сенаттын спикери болуп 2019-жылдын март айында шайланган. 12-августта болсо кайра депутат болгон. Эми спикерлик үчүн дагы шайлоо болмокчу. Булак: "NazarNews.kg"

0 190

ЖМК: Өзбек ырчылары пара берип сахнага чыгышат

30-август 2019, 15:56 Кызгалдак Жакыпова

Өзбекстанда көз карандысыздык күнүн майрамдоодо сахнага чыгып ырдоо үчүн айрым ырчылар пара беришсе, дагы бирлери жогорку кызматта иштеген тааныштарын ортого салышчу. Бул тууралуу маалымат кызматтарынын биринен Өзбекстандын эл артисти Рустам Хамидов айтып берген. Хамидов көп жылдар бою бул майрамды өткөрүүнүн башкы режиссеру болуп келген. Режиссердун билдиргенине караганда, маданият жана искусство чөйрөсүнүн айрым жетекчилери өлкө президенти катышкан чоң иш-чарада ырдоо ...

0 114

АУДИО - Текебаев менен Чотоновдун иши сотто 29-августта каралат

Аудиофайл 27-август 2019, 14:49 Кызгалдак Жакыпова

Бишкектин Биринчи май райондук соту «Ата Мекен» партиясынын түрмөдө жаза мөөнөтүн өтөп жаткан лидери Өмүрбек Текебаев менен экс-министр, мурдагы элчи Дүйшөнкул Чотоновдун ишин кайра кароону 29-августка белгиледи. Бул тууралуу Борбордук Азия жаңылыктары билдирди.  Бул тууралуу «Азаттыкка» адвокат Таалайгүл Токтакунова билдирди. Анын айтымында, жактоочулар аты аталган саясатчылардын бөгөт чарасын өзгөртүүнү өтүнүп, сотко кайрылышты. Сот эми саясатчылардын бөгөт чарасын кароо менен ...

0 175

Түркмөнстанда полиция банкоматка кезекке турган кишилерди кармоодо

27-август 2019, 10:49 Кызгалдак Жакыпова

Түркмөнстандын чыгышындагы Лебап облусунда жергиликтүү бийлик банкматтарга кезекке туруунун алдын алуу үчүн катуу чараларды көрүүдө. Бул тууралуу маалыматты Борбордук Азия жаңылыктары билдирди. “Азаттыктын” түркмөн кызматы маалымдагандай, полиция банкоматка кезекке турган кишилерди кармап, суракка алууда. Мындан тышкары мекеме-ишканалардын кызматкерлеринен банктоматтардын жанында “көрүнбөөнү” талап кылышууда. Өткөн жумада Түркмөнстан президенти Бердымухамедов өлкөдө каражат жетиштүү өлчөмдө экенин билдирип, банкоматтардын үзгүлтүксүз иштөөсүн камсыздабаганы үчүн ...

0 127

Тажикстанда абакта отурган мурдагы банкир каза болду

27-август 2019, 11:03 Кызгалдак Жакыпова

Душанбе шаарында тергөө абагында отурган "Тажпромбанктын" башчысынын мурдагы орун басары Махмадулло Мирзоев каза болду. Бул тууралуу анын уулу Абубакр Мирзоев билдирди. Бул тууралуу Борбордук Азия жаңылыктары билдирди. Махмадулло Мирзоев быйыл февралда алдамчылыкка айыпталып кармалган. Маркумдун жакындары Мирзоев кант диабетинен жабыркап жүргөнүн билдиришкен. Тажикстан Юстиция министрлиги анын өлүмү боюнча комментарий берүүдөн баш тартты. "Тажпромбанк" 2018-жылы февралда Тажикстан Улуттук банкынын лицензиясынан ...

0 209

Росгвардия кызматкери эки жаштагы кызды өлтүрүүгө айыпталууда

15-август 2019, 10:45 Кызгалдак Жакыпова

Кемеровдо Росгвардиянын мурдагы кызматкери Андрей Кобылин эки жаштагы өгөй кызын өлтүрүүгө айыпталууда. "Город Nовостей" маалымат агенттигинин билдиришинче, трагедияга кыздын тынбай ыйлашы себеп болгон. Кемерово соту киши өлтүрүү боюнча кылмыш ишин кароону баштады. Бул тууралуу маалыматты Борборду Азия жаңылыктары билдирди.  Тергөөнүн маалыматы боюнча 2018-жылы сентябрда Росгвардиянын кызматкери, 23 жаштагы Кобылин үйдө өгөй кызы менен жалгыз калган. Наристе чыргоолонуп ыйлагандыктан, айыпталуучу ...

0 260

Токаев: "Маселенин баары өкмөттүн аракетине жараша болот"

16-июль 2019, 11:05 Кызгалдак Жакыпова

Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев өкмөттүн 15-июлдагы жыйынында өлкөдөгү турак-жай маселесин акыркы кездери күчөп кеткен «социалдык курч маселе» деп атады. Токаев өкмөт бул маселени «дайыма өз көзөмөлүнөн чыгарбашы керектигин» билдирип, министрлер кабинетинен бул боюнча сунуштарды берүүнү өтүндү. «Биз белгилүү бир адамдардын турак-жай боюнча ашкере талаптары бар деп айта алабыз. Бирок мындан маселе чечилип калбайт. Мунун баары өкмөттүн аракетине жараша болот», ...

0 239

Өзбекстанда 80 жаштагы пенсионер жогорку окуу жайына документ тапшырды

16-июль 2019, 10:52 Кызгалдак Жакыпова

Өзбекстандын Сурхандарыя облусунда 80 жаштагы Тухтамиш Султонов жогорку окуу жайына документ тапшырды. Ал Самарканд мамлекеттик университетинин биологиядан сабак берүү медодикасын, ошондой эле Ташкент медициналык академиясынын Термез филиалынын дарылоо жана педиатрия факультетин тандады. Буга чейин Өзбекстанда 72 жана 78 жаштагы пенсионерлер жогорку окуу жайларына документ тапшырганы кабарланган. Өзбекстанда быйыл абитуриенттер үчүн жаш курак чектөөсү жоюлду жана бир эле учурда бир багытта үч жогорку окуу ...

0 200

Ассанж Лондондогу Эквадор элчилигинде аңдууга алынганы айтылууда

10-июль 2019, 09:19 Кызгалдак Жакыпова

Жулиан Ассанж Лондондогу Эквадор элчилигинде жүргөндө аңдууга алынган. Бул тууралуу испаниялык "Эль Паис" гезити редакцияга келип түшкөн аудио жана видеожазууларга таянуу менен билдирди. Бул тууралуу Борборду Азия жаңылыктары билдирди.  Анын коноктор менен болгон жолугушуусун эквадор бийлиги тарабынан жалданган испан күзөт компаниясы жазып алган. Басылманын маалыматына караганда, аңдуу 2012-жылдан тарта жүргүзүлө баштаган. UC Global компаниясы активисттин бардык аракетин көзөмөлдөп, сүйлөшүүлөрүн ...

0 525

Аллергияга каршы май ойлоп тапкан тажикстандык окумуштуу эки алтын медаль алды

10-июль 2019, 09:17 Кызгалдак Жакыпова

Тажикстандык окумуштуу Мавлуда Давлатмамадова аллергияга каршы май иштеп чыкканы үчүн Ойлоп табуучу аялдардын 12-эл аралык KIWIE 2019 көргөзмө-форумунун жана Бүткүл дүйнөлүк интеллектуалдык жеке менчик уюмунун эки алтын медалына ээ болду. Бул тууралуу Борборду Азия жаңылыктары жазып чыкты.  33 жаштагы Мавлуда Давлатмамадова – техника илимдеринин кандидаты, Фармацевтикалык илимий-иликтөө борборунун илимий кеңешинин катчысы. Ал дары чөптөрдүн негизинде аллергияга каршы май ойлоп ...

0 299

Касым Жомарт Токаев казактарды басмырлай алабы?

Орус республика башчысы Колбиндин дайындалышына каршы, 1986-жылдын декабрында  СССРде биринчилерден болуп казактар толкуп Кремлге каршы чыгышкан. Ошол Желтоксан козголоңунун аркасы менен Нурсултан Назарбаев бийликке келген. 2019 –жылдын 6-июлунда митинг болуп, Нур-Султан менен Алматыда полиция жүздөгөн адамдарды кармады. Бул күнү Казакстанда тыюу салынган "Казакстандын демократиялык шайлоосу" кыймылынын жетекчиси Мухтар Аблязов элди бийликке каршы нааразылык акциясына чыгууга чакырган. Казак бийлиги акцияны мыйзамсыз деп ...

0 637

Арыстагы жарылууда 350 адам жоголгон

26-июнь 2019, 15:46 Кызгалдак Жакыпова

Казакстандын Түркстан облусунан кийин Арыс шаарында ок-дары сакталган кампада жарылуу болуп анын кесепетинен 350дөй адамдын дайын-дареги жок болуп жаткандыгы белгилүү болгон. Бирок, алардын ичинен үчө табылганын Otyrar.kz сайты жазып чыкты. Чет  өлкөдөн 50 миңден ашык телефон чалуу болгон. Алардын ичинен Арыстын тургундарына жардам берүү ниетин билдиргендер, жакындарын издегендер,темир  жолдун иштешин сураганда көп болгон. Учурда кабыл алуу жайлары ...

0 596

ВИДЕО - “Биз араң аман калдык”: Арыстагы  жарылуудагы тасмада  ата-энесине сүйүүсүн айткан жоокер

Видео 25-июнь 2019, 15:08 Айдар Нуралиев

Арыстагы жарылууда өлүп калуу коркунучу менен тасма аркылуу ата-энесине дагы бир жолу сезимин билдирген жоокер, канчалык сарсанаа болгонун, ошондогу абалы менен nur.kz сайтына бөлүштү. 27 жаштагы Исатай Алибаев Алматыда төрөлгөн. Анын аялы жана бир кызы бар. Аскердин айтымында, алгач багыт алууга кыйын болгон. Шаар бүтүндөй жарылып жаткандай сезилген. “Снаряддар учуп, жарылып, сокку толкуну болуп жатты. Бизди бомбалап жаткандай эле болду... Биз Кудайдын ...

Жарнама үчүн орун!
600 x 50
0 386

Швецария Гүлнара Каримованын 133 миллион долларын Өзбекстанга кайтарат

25-июнь 2019, 09:18 Айдар Нуралиев

Швецариянын Башкы прокуратасы Өзбекстанга Гүлнара Каримовага таандык 133 миллион долларды кайтарып берет. Аталган акчалар Каримовага байланыштуу козголгон кылмыш ишинин негизинде катарылганы турат. “Өзбекстандын Башкы прокуратурасы 6 жылдан бери аягына чыкпай келе жаткан татаал кылмышын тергеп, анда мамлекетке иштөөнү каалаган чет элдик компаниялардан ири суммадагы акчаны мыйзамсыз алган схема болгонун аныктады. Мыйзамсыз акчалар, Швецарияда адалданганы далилденген соң, Өзбекстанга кайтарылууда”, - деп ...

0 2205

Гүлнара Каримова өзбекстандыктардан кечирим сурап, 1,2 миллиард доллар кайрып берди

24-июнь 2019, 09:15 Айдар Нуралиев

Гүлнара Каримованын кызы жана Өзбекстандын биринчи президентинин небереси Иман Каримова өзүнүн Инстаграмм баракчасына апасынын кайрылуусун жарыялады. Анда Гүлнара Каримова өзбекстандыктардан кечирим сурап, Өзбекстанга 1,2 миллиард доллар кайрып бергенин айткан. “Бул менин акыркы 6 жылдагы алгачкы кайрылуум. Менин азыркы абалыма кайдыгер карабай “дуа” кылып жана сарсанаа болуп жаткандардын бардыгына рахматымды айтам. Мен элдин алдында эгер кимдир бирөөнү түңүлтүп алсам, менин ...

0 980

Башкы прокурор кызматтан кетти

20-июнь 2019, 17:47 Кызгалдак Жакыпова

20-июнда Өзбекстандын басма-сөз кызматы Башкы прокурор Отабек Муродовдун кызматтан алынганын кабарлады. Ал Өзбекстандын Конституциясынын 93-беренесинин 12-пунктуна ылайык кызматтан кызматтан кетти. Конституция боюнча, өзбек президенти Башкы прокурорун жана Эсеп палатасынын төрагасын Сенатом Олий Мажлистин бекемдөөсү менен кызматтан дайындоого жана четтетүүгө акылуу. Эске салсак, Отабек Муродов 2018-жылы Ихтиер Абдуллаевдин ордуна Башкы прокурор болуп келген. Булак:NazarNews.kg

0 170

Митингде 300 казак полициясы жабыркаган

19-июнь 2019, 09:39 Кызгалдак Жакыпова

Казакстандагы президенттик шайлоого карата өткөн нааразычылык акцияларда 300гө жакын полиция жаракат алганын Казакстандын ички иштер министрлиги билдирди. Алардын маалыматында, аталган нааразычылык акцияларда митингчилерге карата атайын каражаттар колдонулган эмес. Эске салсак, Казакстандын жаңы лидери Касым-Жоомарт Токаевдин жеңиши менен аяктаган шайлоого нааразы болгон жарандардын төрт миңге жакыны кармалып, анын үч миңине протокол түзүлүп, анан кой берилген. Мындан тышкары, 677 жаран бир нече ...

0 456

Ислам Каримовдун небереси Башкыпрокуратурага арызданды

Ислам Каримовдун небереси Ислам Каримов кичүүсү интернет баракчасы аркылуу Өзбекстандын башкы прокуроруна жана атайын кызматтын өкүлүнө кайрылды. Анын айтымында, апасы Гүлнара Каримовага абак жетекчилиги тарабынан басым болуп жаткан жана эч кандай медициналык жардам көрсөтүлбөй абалы күндөн –күнгө начарлап бараткан. 46 жаштагы Каримовага түрмөдө басым болуп жатканын анын швецариялык аджокаты Грегуар Манжа да билдирген. Бирок, ...

0 745

Душанбеде адамды жүзүнөн тааный ала турган видеокамералар орнотулат

17-июнь 2019, 15:39 Кызгалдак Жакыпова

Душанбеде адамдарды жүзүнөн тааный ала турган видеокөзөмөл камералары орнотулат. Бул тууралуу өлкөдөгү «Шахри бехатар» («Коопсуз шаар») борборунун жетекчи орун басары Фуркат Шоимардонов билдирди. Анын айтымында, жаңы видеокөзөмөл камералары Душанбедеги эл аралык аэропортко, темир жол бекетине, ири соода борборлоруна, базарларга, сейил бактарына жана адамдар көп топтолгон башка жерлерге орнотулат. «Жаңы камералар санаалуу секунддарда эле ири көлөмдөгү маалыматтарды топтоп, анализдей алат. ...

0 259

Казакстанда адамдарды кармоо уланууда

13-июнь 2019, 15:20 Айдар Нуралиев

12-июнда Алматанын Астана аянтында полиция кармоо жүргүздү. Окуя болгон жерде жүргөн «Учур чактын» ("Настоящего времени") репортеру,  кечки саат 19:30 да 100 гө чукул адам кармалганын кабарлады. Башында полиция аталган райондогу карылар менен аялдарды документ текшерүү шылтоосу менен автобуста текшерип карашкан. Кечке маал полиция аталган жерге жакындагандарды эле кармап баштаган. Кармалгандардын арасында жарандык активисттер да бар. Нур-Султан шаарында «Байтерек» монументинин алдына чыккан беш адам ...

0 471

ВИДЕО - Казак милициясы Нур-Султандагы ызы-чуунун тасмасын жарыялады

Видео 11-июнь 2019, 11:30 Айдар Нуралиев

Нур-Султан шаарында өткөн митингдин видеосун Казакстандын Ички иштер министрлиги жарыялады. 9-10-июнда Нур-Султандагы митингде тартылып алынган тасмага ылайык, 700 адам кармалып, анын 550сү жоопкерчиликке тартылууда. ИИМ аталган митингди  тыюу салынган “Казакстандын демократиялык шайлоосу” уюму жана качкын Мухтар Аблязов уюштурду деп билдирүүдө. Tengrinews.kz сайтынын билдиргенине караганда, митингчилерде ок курал бар экендиги айтылган соң, полиция кызматкерлери көчөдөн өткөн ар бир адамды текшерүүдө.

0 164

Токаев инаугурацияны 12-июнда өткөрүүнү пландоодо

11-июнь 2019, 09:47 Кызгалдак Жакыпова

Казакстандын Борбордук шайлоо комиссиясы шайлоонун расмий жыйынтыктарын жарыялап үлгүрсө, президенттин инаугурациясы 12-июнда болот. Бул тууралуу Касым-Жомарт Токаев журналисттер үчүн өткөрүлгөн маалымат жыйынында билдирди. Касым-Жомарт Токаев ант берүү аземин шашылыш өткөрүү себептерин жакында боло турган сапарлары менен түшүндүрдү. Ал 14-июнда Кыргызстанда өтө турган Шанхай кызматташтык уюмунун (ШКУ) саммитине катышат. Казак президенти «14-июнда Бишкекке, андан кийин Душанбеге барам. Мүмкүн болсо бул ...

0 403

Казакстанда митингчилер төкмө акын Заитовду бошотушту

11-июнь 2019, 09:07 Айдар Нуралиев

Кечээ, 10-июнда Казакстандын Алмата шаарында президенттик шайлоого каршы болгон бир топ адамдар  "Алатау" театрынын маңдайында нааразычылык билдирип чыгышкан. Ошол убакта полиция 50-60 адамды кармап кеткен. Арасында казак төкмө акыны Ринат Заитов да бар.   Андан соң, чогулгандар Заитовду бошотуу талабы менен Шаардык полиция департаментинин алдына чогулушкан. Алар менен Алматы шаардык полиция департаментинин жетекчи орун басары Избасар Бектуров жолугушкан. Ошондон ...

0 412

Шавхат Мирзиёевдин үй-бүлөсү Дубайдын эмиринин балдарынын тоюна катышты

10-июнь 2019, 12:47 Айдар Нуралиев

Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёевдин үй-бүлө мүчөлөрү Дубайдын эмири Шейх Мухаммад бин Рашид аль-Мактуманын, Бириккен Араб эмирлигинин вице-президенти жана премьер – министринин 6-июнда өткөн үйлөнүү үлпөт тоюуна мейман болуп келишти. Үлпөт тойго өзбек президентинин  күйөө балдары Ойбек Турсунов жана Отабек Умаров, Мирзиёевдин 10 жаштагы уулу Алишер менен небереси Миромон да барган. Отабек Умаровдун Instagram баракчасына жарыялаган сүрөттө Дубайдын эмири колун ...

0 206

Казакстанда Касым-Жоомарт Токаев 70% добушка ээ болду

10-июнь 2019, 11:13 Кызгалдак Жакыпова

Казакстанда экзит-поллдун алгачкы жыйынтыгы жарыяланды. Учудагы президент Касым-Жомарт Токаев шайлоочулардын 70% добушун алганы белгилүү болду. Ал эми оппозициячыл талапкер Амиржан Косанов 15% добуш алганы кабарланды. Ал ортодо полиция шайлоо күнү нааразылык акциясына чыккан 500дөй адам кармалганын билдирди. Коңшу өлкөнүн Борбордук шайлоо комиссиясынын маалыматына ылайык, саат кечки сегизге чейин жалпы шайлоочулардын 77% добуш берди. Алматы облусунун шайлоочуларынын 89% ...

0 410

АУДИО - ФОТО - Эмомали Рахмондун үйүнө дагы бир Эмомали Рахмон келди

Аудиофайл 30-май 2019, 12:56 Нурайым Рысмамбетова

Тажик президенти Эмомали Рахмондун улуу баласы  - Рустам Эмомали бир канча күн мурда уулду болуп, наристенин ысымын чоң атасынын атынан Эмомали деп коюшту. “Муну менен Тажик президенти хан тактысын  түбөлүк менчиктештирип 20 жылдан кийинки Эмомали Рахмондун келишине даярдыктарды көрүп жаткан жокпу?”- деген суроо туулбай койбойт. Дүйшөнбү шаарынын мэри, 31 жаштагы Рустам Рахмондун  экинчи уулу. Анын улуу баласынын аты – Анушервон. Тажикстандын ...

0 148

ФОТО - Жогорку Евразиялык экономикалык кеңештин мааракелик жыйынынын жыйынтыгы боюнча бир катар документтерге кол коюлду

Жогорку Евразиялык экономикалык кеңештин мааракелик жыйынынын жыйынтыгы боюнча бүгүн, 29-майда, Казакстан Республикасынын Нур-Султан шаарында бир катар документтерге кол коюлду. Жогорку Евразиялык экономикалык кеңештин мүчөлөрү эл аралык ишмердүүлүк, санариптик күн тартиби, жалпы электрэнергетикалык рынокту түзүү жана ЕАЭБдин алкагында мындан аркы интеграцияга тиешелүү төмөнкү документтерге кол коюшту: «Жогорку Евразиялык экономикалык кеңешинин ардактуу төрагасы жөнүндө» Чечим; «Евразиялык экономикалык биримдик жана Кытай Эл Республикасынын бажылык чек аралары аркылуу өткөн ...

0 191

ФОТОРЕПОРТАЖ - Президент Сооронбай Жээнбеков: ЕАЭБдин натыйжалуулугу анын мүчөлөрүнүн ортосунда дагы, үчүнчү өлкөлөр менен дагы бирдей атаандаштык шарттарды түзүү жөндөмдүүлүгүнөн көз каранды

«ЕАЭБдин натыйжалуулугу анын мүчөлөрүнүн ортосунда дагы, үчүнчү өлкөлөр менен дагы бирдей атаандаштык шарттарды түзүү жөндөмдүүлүгүнөн көз каранды», — деп баса белгиледи Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 29-майда, Казакстан Республикасынын Нур-Султан шаарында Жогорку Евразиялык экономикалык кеңештин (ЖЕЭК) кеңири курамдагы мааракелик жыйынында. Мамлекет башчысы жыйындын катышуучуларын евразиялык интеграциянын беш жылдык мааракеси менен куттуктап, Биримдиктин толук кандуу иштешине салым кошуп жаткандардын баарына ...

0 245

Назарбаевди асманга чыгаруу уланууда

Аудиофайл 29-май 2019, 15:00 Кызгалдак Жакыпова

Казакстандын экс-президенти Нурсултан Назарбаевге Түрк кеңешинин түбөлүк президенти деген статус ыйгарылды. Мындай демилгени Түркиянын президенти Реджеп Эрдоган көтөргөн. Анын айтымында Назарбаев 1990-жылдан баштап Түрк дүйнөсүн бири-бири менен жакындашууга чоң эмгек сиңирген. Булак: "Багыт.kg"   

Жарнама үчүн орун!
600 x 50
0 618

Фергана акими аткаминерлерди “ичегиңди чубап, башыңа оройм” деп опузалаган

Фергана облусунун башчысы Шухрат Ганиев Мажбурлап аткартуу бюросунун облустук башкармалыгынын жетекчисин тилдеп, “ичеги-кардын чубап, аны менен башын ороп салам” деп коркутканы айтылууда. Аудиожазуу жөнөткөн ишкер, окуя 22-майда обулустук администрациянын жыйыны учурунда болгонун билдирди. Аким чиновникти оозго алгыс сөздөр менен тилдеген. “Жашооңдун беш-он жылы түрмөдө өтөт. Сен МАБ башчысы болосунбу, башкасы болосуңбу, мага айырмасы жок. Өзүмдү зорго кармап турам, болбосо ...

0 1535

Тажик түрмөсүндө каза болгон “лидерлердин” жансыз денесинин сүрөттөрү жарыяланды

“Ахбор” редакциясы 90-жылдардагы белгилүү дин таануучу  Саид Киёмидин Гозинин Тажикстандын түрмөлөрүндөгү бунтта 19-майда каза болгон сүрөтүн жарыялашты. Буга чейин интернетте Тажикстандын оппозиция Кайра жаралуу ислам партмясынын лидери Махсуми Абдусаттордун өлгөн денесинин сүрөттөрү чыккан. Эске  салсак, Тажикстандын Вахдат шаарындагы “Кирпич зона” деген ат менен таанылган түзөтүү мекемесинде (колония) түнү ызы- чуу чыгып, андан 32 адам каза тапкан. Анын үчөө түрмөнүн ...

0 408

АУДИО - Хабиб, Шавкат Мирзёевдин күйөө балдарына ыраазы болду

Аудиофайл 27-май 2019, 11:18 Нурайым Рысмамбетова

UFC тин жеңил салмактагы чемпиону Хабиб Нурмагомедов өзүнүн Инстрагаммдагы баракчасына Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёевдин күйөө балдары менен түшкөн сүрөтүн жарыялаган. 26-майда жарыяланган аталган билдирүүдө, чемпион мейман ээлеринин меймандостугуна ыраазычылыгын билдирди. “Меймандостугуңар үчүн рахмат силерге байкелер @oybek.b.tursunov, @otabek_muhammadalievich. Ташкентте салкын болгону менен ооз ачаардагы  ысык чай жана ысык плов адамды жылытат”, - деп жазды Нурмагомедов. Дагестандын кулуну Хабиб Нурмагомедов учурда UFCтин  ...

0 282

Нурсултан Назарбаев түрк кеңешинин түбөлүктүү ажосу болду

Казакстандын биринчи президенти Нурсултан Назарбаевге Түрк кеңешинин түбөлүктүү президенти статусу ыйгарылды. Бул тууралуу түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтыгы билдирүүсүн Кыргызстандын Маданият маалымат жана туризм министрлиги таратты. Маалыматка ылайык, мындай демилге Түрк кеңешинин мүчөлүгүнө кирген мамлекеттердин лидерлери менен биргеликте Түркиянын президенти Режеп Таййип Эрдоган тарабынан көтөрүлгөн. Буга себеп, Назарбаевдин түрк элдерин жакындатып, 1990-жылдардан бери түрк интеграциялык уюмун түзүүсү болгон.  Булак:NazarNews.kg

0 175

Чек ара кызматы: Казакстан беш-алты машинени бир сааттан текшерип жатат

Кыргыз-казак чек арасындагы “Ак-Тилек” көзөмөл-өткөрүү пунктунда оор жүк ташуучу машинелердин кезеги жоюлду. Учурда үч-төрт жүк ташуучу автоунаа турганын Кыргызстандын Чек ара кызматынын коомчулук менен байланыш бөлүмү кабарлады. Маалыматка караганда, казак тарап беш-алты машинени бир сааттан текшерип жатат. Кыргызстандык чек арачылар тыюу салынган баңгизаттарды, курал-жарак жана ок-дарыларды, жарылуучу каражаттардын бар-жогун гана текшерүүдө. 19-майда “Ак-Тилек” көзөмөл өткөрүү пунктунда 50дөн ашык жүк ...

0 276

Өзбекстанда газ баллону жарылып, бир келин каза болду

Фергана облусунун Риштан районунда газ баллонунун жарылуусунан 32 жаштагы келин каза болду. Келиндин коңшуларынын айтымында, жарылуу ал газ баллонун алмаштырып жатканда болгон. «Ал ооз ачыруу үчүн тамак жасап жаткан. Ошол маалда газ түгөнүп калып, баллонду алмаштырып жатканда жарылуу болду. Келин дароо ошол жерде өлдү. Анын артында 12 жаштагы кызы жана тогуз жаштагы баласы калды», ؅— деди коңшуларынын бири. Риштан ...

0 570

Колонияда “бунт” чыгып, 29 адам каза тапты

Тажикстандын батышында жайгашкан катуу көзөмөлдөгү колониясында кечээ, 19-майда түнү ызы-чуу, көтөрүлүш чыккан. Бул тууралуу Тажикстандын Юстиция министрлигинин орун басары Мансурджон Умаровдун маалыматына таянып, РИА Новости жазып чыкты. Колониядагы көтөрүлүштө 29 адам каза тапкан. Министрдин орун басарынын айтымында, каза болгондордун сегизи өзүнө кол салган, андан тышкары, 3 кайтаруучу каза тапкан. Маалыматка ылайык,  түрмөдөгү чууну “Ислам мамлекети” тыюу салынган тобу ...

0 224

Майк Помпео менен Владимир Путин Сочиде жолугушту

Сочиде 14-май күнү кечинде АКШнын мамлекеттик катчысы Майк Помпео менен Орусия президенти Владимир Путиндин жолугушуусу аяктады. Путиндин жардамчысы Юрий Ушаковдун айтымында, сүйлөшүүлөр бир жарым саатка созулду. Путин менен Помпео Сирия, Ливия, Венесуэла, Түндүк Корея маселелерин, мындан тышкары Орусия менен АКШнын ортосундагы ракеталык куралдануу жөнүндөгү келишимди талкуулашты. Украинадагы кырдаал жөнүндө сөз болгон эмес. Ушаков “сүйлөшүү өтө ийгиликтүү болбосо дагы иштиктүү ...

0 309

Казакстанда “Назарбаев таануу” сабагы киргизилет

14-май 2019, 10:09 Айдар Нуралиев

Казакстандагы окуу жайлардын студенттери эми “Назарбаев таануу” сабагын окуй башташы толук мүмкүн. Бул тууралуу «Түштүк Казакстан» облустук гезити кабарлады. Маалыматка ылайык, мындай демилгени Шымкент университетинин профессору Экономика илимдеринин кандидаты Нурали Уткелбаев БИлим берүү министрлигине сунуштаган. Сунуш министрлик тарабынан жактырылды. Бул предметке Назарбаевдин илимий эмгектери, сүйлөгөн сөздөрү, макалалары, элге кайрылуулары камтылат. Уткелбаевдин сунушу менен жогорку квалификациялуу авторлор ...

0 528

Казакстандыктар Сириядан куткарылып алынды

10-май 2019, 17:27 Айдар Нуралиев

Казакстандын президенти Касым Жоомарт Токоевдин буйругу менен 7 – 9 - майда “Жусан-2” деп аталган  операциянын негизинде  Сириядан бир катар казак жарандарынын чыгарылгандыгы тууралуу маалыматты Нур.кз сайты жазып чыкты. Маалыматка ылайык, 230 адам Сириядан чыгарылган, алардын ичинен 150сү жаш балдар.  Бир нече бала согушта алган жаратынан улам, оор абалда. Куткарылган 18 баланын ата-энеси жок.  Казакстандыктарды Сириядан куткаруу гуманитардык операциясы жыл ...

0 537

Өзбекстан Ысык-Көлдөгү төрт пансионатты талашып эларалык сотко кайрылган

10-май 2019, 10:17 Айдар Нуралиев

Эл аралык арбитраждык сот Өзбекстандын Ысык-Көлдөгү төрт пансионаты боюнча Кыргызстанга карата доо арызынын маңызын териштире баштады. Кыргыз өкмөтүнүн маалыматына караганда, «бул сыяктуу доо арыздарды кароодо көп учурда башында маселенин өзү эмес, ошол талашты кароого арбитраждык трибуналдын юрисдикциясынын бар же жогу каралат. Быйыл май айынын башында биринчи этабы аяктап, жыйынтыгы боюнча арбитраждык трибунал бул маселенин маңызын кароого юрисдикциясы бар экени ...

0 841

Назарбаев кайда, Путиндин жанында. Атамбаевчи?

09-май 2019, 15:44 Айдар Нуралиев

Казакстандын экс-президенти Нурсултан Назарбаев Москвада өтүп жаткан жүрүштө сыйлуу конок катары  чакырылган. Маалыматка ылайык,  Назарбаев РФнын президенти В.Путиндин жанында майрамдык иш чара башталгыча, кызыл аянтта эл алдына чыкты. Ал убакта биздин мурдагы президентибиз А.Атамбаев атасынын сүрөтүн көтөрүп алып, эл менен бирдикте “Өлбөс полкко” катышты.  Ал эми Казакстандын аянтында жеңиш майрамында, милициялар жарандарды кармап кетип жатышткандыгы  ...

0 472

Казакстанда жарандарды кармап кетип жатышат

09-май 2019, 15:14 Айдар Нуралиев

Бүгүн Казакстандын Нур-Султан жана Алматы шаарларында бир нече киши кармалганын көргөндөр интернет желелерине жазып чыгышты. Нур-Султандык активист Аман Мурат уулу менен укук коргоочу Ерлан Калиевди да үйүнөн кармап кетишкен. Бүгүнкү кармоолорго «Казакстандын демократиялык тандоосу» кыймылы дал ушул күнү «Өлбөс полк» менен катар митинг өткөргөнү жатканын кабарлаганы да себеп болууда. Бийликтин маалыматында , тынчтык митингге чыгууну каалагандардын ...

0 234

Казакстан Башкы прокуратурасы митингге чыккандар жазаланарын эскертти

08-май 2019, 14:40 Айдар Нуралиев

Казакстан Башкы прокуратурасы жарандарды мыйзамсыз митингдерге чыкпоого чакырып, катышкандар жоопкерчиликке тартыларын эскертти. Көзөмөл органдын билдирүүсү өлкөдө тыюу салынган “Казакстандын демократиялык тандоосу” кыймылы 9-майда Алматы жана Нур-Султан баш болгон ири шаардарда таза шайлоого үндөгөн митинг өткөрүү планын жарыялагандан кийин чыкты. Башкы прокуратура мыйзамсыз акцияларга катышкандар жоопкерчиликке тартыларын буга чейин да эскерткенин, ага кулак төшөбөгөндөр административдик жазага тартылганын белгилеген. Казакстандын Ички иштер министрлиги 1-майда өткөн ...

0 293

Казакстанда миттингге чыккандардан 80 адам кармалды

02-май 2019, 09:44 Айдар Нуралиев

Казакстандын Ички иштер министрлиги, 1-майда Нур-Султан, Алматы, Семей, Караганда, Шымкент жана Актөбө шаарларында өткөн нааразычылык акцияларында 80ден ашык адам кармалганын расмий билдирди. Маалыматка ылайык, нааразы болгон адамдарды кармоононун негизги себептери, “уруксаатсыз митингге чыгуу, өзүн агрессивдүү алып жүрүү жана коомдук тартипти бузду”- түшүндүрүлүүдө. Азыр кармалган адамдар укуктук баасын ала элек. Министрликтин билдирүүсүндө, акциялардын катышуучуларына ...

0 153

"Тажик Эйрдин" мурдагы жетекчиси абактан чыкты

29-апрель 2019, 16:01 Кызгалдак Жакыпова

"Тажик Эйр" авиакомпаниясынын мурдагы башчысы эч жакка чыкпоо тилкатынын негизинде бошотулду. Учурда анын адвокаты менен сүйлөшүүгө мүмкүн боло элек. “Азаттыктын” тажик кызматынын өз булактары Рахимов 26-апрелде абактан чыкканын билдиришүүдө. Ага бир нече күн калганда айыпталуучунун адвокаты аткаминердин баш коргоо чарасын өзгөртүү боюнча өтүнүч келтирген. Өлкөнүн расмий түзүмдөрү Хайрулло Рахимовдун же камалышы, же боштондукка чыгышы боюнча түшүндүрмө беришкен жок. 2018-жылы ...

Жарнама үчүн орун!
600 x 50
0 204

Кыргыз-кытай чек арасы жабылат

29-апрель 2019, 12:27 Айдар Нуралиев

Кыргыз-кытай чек арасындагы “Торугарт-унаа өтмөгүндөгү” чек ара пункту,  1-майдан 5-майга чейин убактылуу жабылат. Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматынын басма сөз кызматы билдирет.  “Жаз жана эмгек” майрамын утурлай, чек ара-Кытай тараптын демилгеси менен жабылууда, Булак:NazarNews.kg

0 239

Казакстанда президенттик шайлоо үчүн 9 талапкер каттоодон өттү

29-апрель 2019, 10:23 Кызгалдак Жакыпова

Жекшемби, 28-апрелде Казакстанда саясий партиялар менен коомдук уюмдар атынан президенттик шайлоого талапкерлерди сунуштоо жараяны аяктады. Борбордук шайлоо комиссиясына тогуз талапкер документ тапшырды. Талапкерлердин арасында «Улуу дала Кыраандары» кыймылынан журналист Садыбек Тугел, «Нур Отан» партиясынан азыркы президент Касым-Жомарт Токаев, Казакстан кесиптик кошуундар федерациясынын өкүлү Амангелди Таспихов, «Ак жол» партиясынан мажлис депутаты Дания Еспаева, «Ауыл» партиясынан айыл чарба министринин мурдагы орун ...

Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83