www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Борбордук Азия жаңылыктары
0 739

Мурдагы таасирдүү прокурор абактан ИИМдин госпиталына которулду

27-сентябрь 2018, 17:57 Перизат Кутманалиева

Быйыл февралдан бери абакта отурган Ташкент шаарынын прокурорунун мурдагы орун басары Мираглам Мирзаев ден соолугуна байланыштуу Өзбекстан ИИМинин госпиталына которулду. Бул маалыматты Өзбекстан ИИМинин кызматкери жана Мираглам Мирзаевин үй-бүлөсүнө жакын өз булак билдирди. Маалыматтарга караганда, Мираглам Мирзаев инсульттан кийин араң кыймылдап калган жана квалификациялуу медициналык жардамга муктаж болууда. Натыйжада, 17-сентябрда аны ИИМ госпиталынын кайтарууга алынган палатасына которушкан. Бирок дарыгерлердин бири “Ташкент шаарынын прокурорунун ...

0 501

Казакстанда «зордукталган баланын» иши боюнча сот башталды

27-сентябрь 2018, 17:23 Перизат Кутманалиева

26-сентябрда Түркстан облусунун райондор аралык соту Абай айылында кичинекей баланын сексуалдык зомбулукка кабылышы боюнча козголгон кылмыш ишти карай баштады. Отурум жабык өтүүдө. 26-сентябрдагы сотко айыпталуучу менен жабырлануучудан тышкары алардын мыйзамдуу өкүлдөрү жана адвокаттар катышты. Ишти сот арачылары кароодо. Өткөн айда өлкөнүн Башкы прокуратурасынын тергөө тобу бул иш боюнча ондон ашык экспертиза өткөрүлгөнүн билдирген. Буга чейин Башкы прокуратура төрт шектүүнүн бирөөсү гана 14 жашка ...

0 8809

Мугалим жашы жетелек 5 кызды зордуктап жүргөн

27-сентябрь 2018, 17:38 Кызгалдак Жакыпова

  Мугалим Орусияда эки жылдан ашык жашы жетелек 5 кызды зордуктап жүргөн. 58 жаштагы музыка сабагынан берген мугалим 14 жашка чейинки 5 жашы жетелек кыздарды зордуктап жүргөн деп айыпталууда.  Киров районунда болуп жүргөн бул кылмыш 2015- жылдан тарта 2017-жылга чейин уланып келген. Иликтөө иштерине белгилүү болгондой 58 жаштагы шектүү өзүнүн күнөөсүн толугу менен моюнга алган.  Кылмышкер 12 жылдан 20 жылга чейин эркиндигинен ажырашы мүмкүн. ...

0 16008

ВИДЕО: 17 жаштагы келин кайнененин чачын жулуп, башын жарып, тишин талкалап салды

27-сентябрь 2018, 10:10 Перизат Кутманалиева

Казакстанда 17 жаштагы келин кайненесин сабап салганы боюнча видео соц тармактарда жарыя болду. Токмок жеген апанын видеосун кошуналары интернетге жарыя кылган. Буга чейин да мындай окуялар көп эле болуп келген. Келиндин бул кылыгын коомчулук жазасыз калтырбоого чакырууда. Видеону көрүү үчүн төмөндөгү шилтемени басыңыз: https://www.facebook.com/laura.kween.3/videos/131634077796106/UzpfSTE4MjQ1NDE1OTExNTQ1OTM6MjI4NjQzNzM3MTYzMTY3Nw/ Булак: NazarNews.kg

0 468

Bellingcat: «Боширов» — ГРУнун полковниги Анатолий Чепиганын каймана аты

27-сентябрь 2018, 08:13 Перизат Кутманалиева

"Руслан Боширов" – Орусиянын Чалгын башкармалыгынын (ГРУ) полковниги Анатолий Чепиганын каймана аты экенин Bellingcat жана The Insider иликтөө агенттиктери таап чыкты. Иликтөөчүлөрдүн маалыматына караганда, Британияда мурунку орус тыңчысы Сергей Скрипалды ууландырган полковникке "Орусиянын Баатыры" наамы ыйгарылган. Bellingcat "Бошировдун" тек-жайы ким экенин бышыктаган бир нече булагына таянууда. Ал Хабаровскиде армиянын атайын бөлүгүнүн 14-бригадасында кызмат өтөгөн. Экинчи чечен согушунда маанилүү роль ойноп, 2014-жылы орус-украин ...

0 518

Кытайда кармалган этникалык казактардын туугандары БУУга кайрылды

26-сентябрь 2018, 15:21 Кызгалдак Жакыпова

Алматыда Кытайдын Синьцзян-Уйгур автономдук районунан көчүп келип казак жарандыгын алган ондогон адам Кытайдагы туугандары «саясий жактан кайра тарбиялоо лагерлеринде» кармалып тургандыктарын билдиришти. Алар бүгүн Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Алматыдагы өкүлчүлүгүнүн алдына чогулуп, Синьцзяндагы абалга таасир этүү өтүнүчү менен дүйнө лидерлерине кайрылуу жолдошту. Буга чейин алар атайын маалымат жыйынын өткөрүп, Казакстан бийлиги менен эл аралык укук коргоо уюмдарын абалга кийлигишүүгө чакырышкан. Бирок жыйын ...

0 895

Астанада журналист Ирина Бекетова киши колдуу болду

25-сентябрь 2018, 20:29 Кызгалдак Жакыпова

Астана шаарында 25-сентябрга караган түнү журналист Ирина Бекетова киши колдуу болуп каза тапты. Бул тууралуу Азаттык жазып чыккан. Полиция 34 жаштагы жергиликтүү тургун кылмышка шектелип жатканын билдирди. Полициянын басма сөз кызматы 37 жаштагы журналисттин сөөгү өзү жашаган үйдүн жанынан табылганын маалымдады. Полициянын басма сөз кызматы “шектүүнү кармоо боюнча чара көрүлүп жатканын” "Азаттыктын” казак кызматына билдирди. Жергиликтүү маалымат агенттиктери Ирина Бекетова 12 жылдай “Казакстан ...

0 1843

Кош бойлуу келин өзүнө өрт койду

25-сентябрь 2018, 16:51 Кызгалдак Жакыпова

Алты күн мурун өзүнө кол салган Куляб шаарынын жашоочусу Фарзона Гуломова кайненеси жана кайын сиңдиси суицидге жеткиргенин билдирди. Анын айтымында, экөө аны дайыма кысымга алып турушкан, акыркы сапар ал буга чыдай алган эмес. Келин 19-сентябрда 20% күйүк менен Куляб шаарындагы ооруканага жаткырылган. Жаш үй-бүлөнүн үч жаштагы кызы бар. Дарыгерлердин айтымында, өзүнө өрт койгон учурда ал кош бойлуу болгон. Түйүлдүк жабыркаган эмес. Фарзонанын ...

25-сентябрь 2018, 16:51 | 1843
0 1731

“Телеграмдагы” билдирүүсү үчүн айыпталган келиндин соту башталды

25-сентябрь 2018, 09:34 Перизат Кутманалиева

Актау шаардык сотунда “Телеграмдагы” билдирүүсүндө “бийликти басып алууну көздөгөн, Казакстандын конституциялык түзүлүшүн күчтөп өзгөртмөк болгон” деп айыпталган 38 жаштагы Айгүл Акбердиеванын иши боюнча сот башталды. Сот отурумуна Айгүл Акбердиеваны колдоп, Актау жана Атрау шаарларынын тургундары да келди. 38 жаштагы келинге кылмыш иши 26-июнда козголгон. Тергөөнүн маалыматына караганда, анда 2017-жылдын декабрында “Инстаграм” социалдык тармагы аркылуу өлкөдө тыюу салынган “Казакстандын демократиялык тандоосу” кыймылына ...

0 1762

Соодагер аялын бычактап өлтүрдү

24-сентябрь 2018, 14:31 Перизат Кутманалиева

21-сентябрда Өзбекстандын Денау районундагы жергиликтүү базарда соода кылган ишкер жубайын бычактады. Күбөлөрдүн айтымдарында, аял алган жараатынан ошол жерде жан берген. – Аялы экөө Денау районундагы борбордук базарда соода кылышчу. 21-сентябрда эртең менен күйөөсү дүкөнүнүн алдында аялына беш жолу бычак сайды. Тез жардам чакырдык, бирок жарааттары оор болгондуктан, аял ошол жерде каза болду, – деп билдирди күбөлөрдүн бири. Анын айтымында, жубайлар ортосундагы чыр ...

24-сентябрь 2018, 14:31 | 1762
0 1056

Чиновниктер унаадан баш тартып, таксиге өтүштү

24-сентябрь 2018, 09:08 Перизат Кутманалиева

Астана администрациясы кызматтык унаадан баш тартып, такси менен жүрө баштады. Аткаминерлердин айтымында, мындай жол менен алар салык төлөөчүлөрдүн акчасын үнөмдөшүүдө: муниципалитет жыл сайын жаңы унаа сатып алууну токтотот, мурда сатылып алынган 60тан ашуун машинаны мектеп жана ооруканаларга беришет. Астана акиминин биринчи орун басары Сергей Хорошун сентябрдан бери салык төлөөчүлөрдүн эсебинен такси менен жүрүүдө. Таксиси өзүнчө, кара түстө жана аны гана ташыйт. ...

0 1753

Орусияда аялы менен баласын бычактаган тажик жараны 20 жылга соттолду

20-сентябрь 2018, 18:51 Перизат Кутманалиева

Иркутск облустук соту аялы менен бир жарым жаштагы баласын бычактап өлтүргөн тажик жараны Файзиддин Хабибуллоевди 20 жылга эркинен ажыратты. Соттун материалдарына ылайык, окуя быйыл 13-мартта болгон: 26 жаштагы Хабибуллоев кызганычтан улам орус аялын жана баласын бычактаган. Соттун чечимине ылайык, ал жаза мөөнөтүн катаал режимдеги абакта өткөрөт. Полиция кызматкерлеринин эсеби боюнча Хабибуллоев баласына 20 жана аялына 69 жолу бычак сайган. Ал окуя болгон ...

0 353

Мамдепартамент: Казакстан «экстремизмге» каршы күрөштө дин эркиндигин чектеп жатат

20-сентябрь 2018, 16:42 Кызгалдак Жакыпова

Былтыр дүйнөдө террористтик чабуулдардын саны кескин азайып, буга «Ислам мамлекети» экстремисттик тобунун алсырашы себеп болду. Бул тууралуу АКШ Мамлекеттик департаментинин 19-сентябрда жарыяланган терроризм тууралуу ар жылкы баяндамасында айтылган. Баяндаманын Казакстанга арналган бөлүгүндө өлкө «экстремизмге» каршы күрөшүүдө дин эркиндигиндеги чектөөлөрдү күчөткөнү жазылган. Анда мисал катары былтыр мыйзамга киргизилген террористтик кылмыштар үчүн жарандыктан ажыратуу тууралуу өзгөртүүлөр келтирилген. Баяндаманын авторлору өлкөдө «экстремизм» айыбы менен соттолгондор ...

0 2635

Прокурордун орун басары жол жээгинде бараткан келинди өлтүрө сүзүп кетти

19-сентябрь 2018, 15:06 Кызгалдак Жакыпова

16-сентябрда Өзбекстандагы Арнасай районунун прокурорунун орун басары Дильшод Каримов достору менен автожарыш уюштуруп, жол жээгинде бараткан 25 жаштагы келинди өлтүрө сүзүп кеткен. Бул тууралуу жергиликтүү тургундар билдиришти. «16-сентябрда Арнасай районунун прокурорунун орун басары достору менен жарыш уюштуруп, жыйынтыгында жол жээгинде турган 1993-жылкы сатуучуну сүзүп кеткен. Ал ошол жерде жан берди. Прокурордун орун басары азыр ооруканада», – деп билдирди жергиликтүү тургундардын бири. Укук ...

0 455

23 жылга соттолгон ишкер кош никеге турганын гана мойнуна алды

19-сентябрь 2018, 09:28 Кызгалдак Жакыпова

Тажикстанда мунай продукцияларын сатуу менен алектенген «Умед-88» компаниясынын ээси Ражабали Одинаев сот жараяны учурунда кош никеге турганы үчүн гана күнөөлүү экенин билдирди. Тажикстандын Жогорку соту 17-сентябрда «Умед-88» компаниясынын ээси Ражабали Одинаевди 24 жылга эркинен ажыраткан. Бирок мүлкүн мамлекеттин карамагына өткөрүү чечимин кабыл алган эмес. Ага насыя катары берилген ири сумманы уурдоо, кызмат абалын кыянат пайдалануу жана ишенип берилген акчаны коротуу айыптары тагылган. Ражабали ...

0 357

Владимир Путин Кыргызстанга расмий сапар менен келет

18-сентябрь 2018, 13:37 Перизат Кутманалиева

Орусиянын президенти Владимир Путин Кыргызстанга расмий сапар менен келет. Бул тууралуу тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаев 17-сентябрда журналисттерге билдирди. Путин Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбековдун чакыруусу менен келе турганы айтылды. Учурда визиттин так датасы аныктала элек, сүйлөшүүлөр жүрүп жатат. Сапардын алкагында эки тараптуу он документке кол коюлат. Владимир Путин буга чейин Кыргызстанга расмий сапар менен 2017-жылы 28-февралда келген. Булак: "centralasian.org"

Жарнама үчүн орун!
600 x 50
0 3041

Муфтий президентке даттанган имамды эки жүздүү деп атады

17-сентябрь 2018, 09:37 Кызгалдак Жакыпова

12-сентябрдагы видеоселектордук жыйында Өзбекстандын муфтийи Усманхан Алимов мусулмандардын укугу бузулуп жатат деп президентке даттанган ташкенттик имам Фазлиддин Парпиевдин аракеттерин сынга алды. Аталган жыйын маалында жаздырып алынгандыгы айтылган аудиожазууда Усманхан Алимовдукуна окшогон үн өзбек имамдарынын арасында эки жүздүүлөр бар экенин айткан. «Эки жүздүү имам, башыңа балээ үйүп ала электе өзүңө кел. Кеч боло электе биздин катарыбыздан кет. Биздин арабызда болуп, сен имамдарды ...

0 5050

Район акими $400 миң пара алып жатып кармалды

13-сентябрь 2018, 09:18 Кызгалдак Жакыпова

Ташкенттин Юнусабад районунун акими Бахтиёр Абдусаматов ири өлчөмдө пара алып жаткан жеринен кармалды. Акчаны ал ишкерлердин бирине жер тилкесин бөлүп бергендиги үчүн сураган. Бул тууралуу жергиликтүү маалымат каражаттары кабарлашты. Ташкент шаардык ички иштер башкармалыгынан билдиришкендей, район башчысы пара катары 400 миң доллар алып жаткан маалда Улуттук коопсуздук кызматынын өкүлдөрү тарабынан кармалган. Мындан тышкары ири өлчөмдө пара алып жаткан учурда дагы бир нече ...

0 464

Казакстан Сирия менен Ирактагы жарандарын кайтарууга аракет кылууда

12-сентябрь 2018, 16:50 Кызгалдак Жакыпова

Казак бийлигинде Сирия менен Иракта жүргөн өлкө жарандары тууралуу маалыматтар бар жана учурда аларды мекенине кайтаруу аракеттери көрүлүүдө. Бул тууралуу өлкөнүн тышкы иштер министринин орун басары Мухтар Тлеуберди журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып билдирди. «Азыр Сирия менен Иракта жүргөн жарандарыбыздын же алардын балдарынын кайсыл жерлерде экенин так аныктоо иштери жүрүп жатат. Аларды мекенине кайтаруу маселеси көтөрүлүүдө» — деди ал. Министрдин орун басарынын ...

0 829

Кошунасын өлтүрүүгө айыпталган мугалимдин сот иши башталды

11-сентябрь 2018, 16:05 Кызгалдак Жакыпова

Тажикстандын түштүгүндөгү Шахритус районунда киши өлтүрүүгө айыпталган 29 жаштагы мектеп мугалимине козголгон кылмыш иши боюнча сот отуруму башталды. Ал дагы бир аялга бир нече жолу бычак сайган. Мугалимдин күйөөсү Шавкат Норматов дагы айыпталууда, тергөөчүлөрдүн билдиришинче, ал да аялдарга кол салган. Маалыматтарга караганда, жаңжал төрт жыл мурун башталган – орто мектептин мугалими Дилбар Мигнорова кошунасы Насиба Хусейнованын бактарынын талдарын өзүм билемдик менен кесип ...

0 394

Тажикстанда жети жаштагы кыздын зордукталышы боюнча иш сотко өттү

11-сентябрь 2018, 09:23 Перизат Кутманалиева

Тажикстандын Гиссар райондук прокуратурасы жети жаштагы кызды зордуктоого айыпталган эки өспүрүмгө карата козголгон кылмыш иши боюнча тергөөнү аяктады. Иш Душанбе шаардык сотунда каралат. Гиссар районунун Кончи айылында жашаган 14 жана 15 жаштагы эки өспүрүм коңшусунун жети жаштагы кызын зордуктоого айыпталып, июлдан бери камакта отурушат. Эгер алар бул кылмышка күнөөлү деп табылса, 15 жылдан 20 жылга чейин эрктеринен ажыратылышы мүмкүн. Айыпталуучулар кыздын ата-энеси ...

0 669

Террор менен күрөштө 5 террорист жок кылынды

10-сентябрь 2018, 15:24 Кызгалдак Жакыпова

Шырнактын Күпели тоолуу аймагында жүргүзүлгөн аба операциясында 5 террорист жок кылынды. Ички иштер министрлигинен берилген малыматка караганда Жандармериянын башкы командирлигинин чалгындоо бөлүктөрү Шырнактын Күпели тоолуу аймагында кышкы база куруу үчүн даярданып жаткан бир группа террористти аныктады. Бул тууралуу трт.нет жазып чыкты. Ушул боюнча жүргүзүлгөн аба операциясында 5 террорист жок кылынгандыгын кошумчалаган трт.нет. Булак: NazarNews.kg

0 1186

Өзбекстанда күйөөсү аялын ЗАГС имаратынын алдында бычактап салды

10-сентябрь 2018, 14:51 Кызгалдак Жакыпова

Фергана облусунун Дангара районунда 26 жаштагы киши “Бакыт үйүнүн” алдында аялына бычак сайды. Укук коргоо органдарынын билдиришинче, алган жаратынан аял ооруканада көз жумду. Окуя 5-сентябрда райондук жарандык актларды каттоо имаратынын алдында болгон. Күбөлөрдүн айтымында, 5-сентябрда түгөйлөр ажырашуу үчүн жарандык актларды каттоо бөлүмүнө келишкен. Ал жерден экөө уруша кетип, күйөөсү аялын бычактап, андан соң качып кеткен. Бирок бир нече убакыт өткөндөн кийин ал ...

0 1164

Орусиядагы элчилик кыргызстандык айдоочу катышкан окуянын чоо-жайын иликтей баштады

10-сентябрь 2018, 14:50 Кызгалдак Жакыпова

Кыргызстандын Орусиядагы элчилиги кыргызстандык айдоочу катышкан окуянын чоо-жайын иликтей баштады. Бул тууралуу «Азаттыкка» эчиликтин өкүлү Гүлбарчын Байымбетова билдирди. Анын айтымында, окуяда бир кыргыз жаран каза болуп, дагы тогузу жабыркаган. Алардын бешөө учурда ооруканада. Абалдары боюнча маалымат азырынча айтыла элек. Элчиликтин жана Ички иштер министрлигинин Москвадагы өкүлчүлүгүнүн кызматкерлери окуя болгон жерге барып, иликтөө-териштирүү иштерин жүргүзүүдө. - Кызматкерлер учурда ооруканада жана окуя болгон жерде ...

0 3221

Казакстанда эркек кишинин боюнда болуп калган

08-сентябрь 2018, 12:49 Кызгалдак Жакыпова

Казакстанда дарыгерлер Уст-Каменогорск шаарында жашаган эркек кишиге кош бойлуу деген күтүүсүз диагноз чыгарып беришкен. Бул тууралуу Sputnik Казакстан маалымдады.  Билдирүүгө ылайык, эркек киши ичи ооруп ооруканага кайрылган. Аны дарыгер-нефролог карап "бейтап кош бойлуу болгондуктан ичи чоңоюп жатат" деп жазып берген. "Дарыгерге кайрылган эркек адам курсагында бир нерсе кыймылдап жатканын сезип жатканын билдирген", — деп айтылат маалыматта. Киши күтүүсүз диагнозду үйүнө барганда гана байкаган. Бул боюнча Чыгыш-Казакстан облусунун ...

0 4402

ВИДЕО: Молдонун интимдик видеосун интернетке чыгарган милиционерлер жазаланды

Видео 08-сентябрь 2018, 12:19 Кызгалдак Жакыпова

Өзбекстандын Хорезм облустук ички иштер башкармалыгы быйыл августта интимдик видеосу социалдык түйүндөргө жайылып кеткен жергиликтүү молдо Абдухамид Атажановдон расмий кечирим сурады. Мекемеден билдиришкендей, аталган видеону интернетке чыгарган милиция кызматкерлери дисциплинардык жоопкерчиликке тартылды. Жылаңач молдонун жаш келин менен бөлмөдө чогуу отурган видеосу социалдык түйүндөрдө 18-августта тараган. Видеожазууда бөлмөгө күтүүсүздөн кирип келген милиция кызматкерлери камера алдында улгайган молдону суракка алып баштаганын көрүүгө болот. Молдо ...

0 537

Ата-энелер жоолукчан кыздарынын мектепке киргизилишин талап кылууда

06-сентябрь 2018, 10:21 Кызгалдак Жакыпова

Түркстан облусунун Фирдауси айылындагы орто мектепке жоолукчан кыздар үч күндөн бери сабакка киргизилбей жатат. 5-сентябрда алар ата-энелери менен бирге окуу жайдын алдына чогулушуп, мектепке киргизүүнү талап кылышууда . 3-сентябрда Фирдаусидеги орто мектепке жоолук салынып келген кыздар сабакка киргизилген эмес. Ондой кызды полиция кызматкерлери жана мектеп жетекчилиги киргизбей жатканы тартылган видео Интернетке жарыяланган.   Түркстан облустук билим берүү башкармалыгы да жоолук салынган кыздар мектепке ...

0 301

Гүлнара Каримовага пара берген деп айыпталгандардын соту башталды

05-сентябрь 2018, 09:26 Перизат Кутманалиева

4-сентябрда Стокгольм сотунда Өзбекстандын биринчи президентинин кызы Гүлнара Каримовага ири өлчөмдө пара берген деп айыпталып жаткан Telia (мурдагы TeliaSonera) телекоммуникациялык компаниясынын экс-жетекчилеринин иши боюнча соттук жараян башталды. Бул иште айыпталуучу катары аталган компаниянын мурдагы аткаруучу директору Ларс Нюберг, мурдагы каржы директору жана вице-президенти Теро Кивисаари, ошондой эле анын мурдагы башкы кеңешчиси Ули Туима өтүүдө. Булар үчөө тең Telia (Ucell брендинин жергиликтүү ...

0 659

Тилемчилик кылгандар жоопкерчиликке тартыла баштайт

05-сентябрь 2018, 09:18 Перизат Кутманалиева

Өзбекстанда тилемчилик кылгандар жана майыптар менен кары адамдарды пайдаланып мындай «мыйзамсыз бизнес» жүргүзгөндөр жоопко тартыла баштайт. Бул тууралуу нормативдик-укуктук актылар талкуулана турган порталга жарыяланган документте жазылган. «Аэропорттордо, автобекеттерде, сейил бактарында, базарларда жана соода комплекстеринин аймактарында тилемчилик кылгандар 360 сааттык коомдук жумуш аткаруу же бир жылдан үч жылга чейинки мөөнөткө эркинен ажыратуу жазасы менен жазаланат» – деп айтылат документте. Мындан тышкары тилемчилик үчүн ...

0 1711

Алп наристеге эки эненин эмчек сүтү берилүүдө

04-сентябрь 2018, 18:28 Кызгалдак Жакыпова

Быйыл июлда Куляб шаарында 8 килограмм салмакта төрөлгөн наристени эки аял эмизүүдө. Баланын атын Рустам деп коюшкан. Ата-энесинин айтымында, ал “Шахнаме” эпосундагы башкы каарманга окшош. Рустамдын чоң апасы Назира Имомназарова "неберем жарык дүйнөгө келерде төрөтканага кошумча дарыгерлерди алып келишкен, себеби анын салмагынан кооптонушкан", деп эскерет. Назира Имомназарова небереси рекорддук салмак менен төрөлсө да, бийлик өкүлдөрү куттуктап келбегенине жана жардам беришпегенине нааразы. Анын ...

0 1227

СҮРӨТ - Чет өлкөлүктөр Көчмөндөр оюну жөнүндө эмне дейт?

04-сентябрь 2018, 15:27 Кызгалдак Жакыпова

NazarNews.kg маалымат агенттиги Көчмөндөр оюндарын көрүүгө келген чет өлкөлүктөрдүн пикирин алды. Испаниядан келген Хари “Мен мындай көрүнүш болоорун элестеткен эмесмин. Мен ойлогондон башкача болуп чыкты” десе, Крис Лоло “Мен эмне айтаарымды билбей турамын. Анткени, даярдыктар өтө жакшы экен”, деди NazarNews.kg агенттигине курган учкай маегинде. - Менин атым Кетрин. Жолдошум экөөбүз Кыргызстанга атайын Көчмөндөр оюндарын көрүү үчүн ...

0 482

ДКО-2018: Медалдардын саны боюнча Казакстан алдыда

04-сентябрь 2018, 14:38 Кызгалдак Жакыпова

Үчүнчү Дүйнөлүк Көчмөндөр оюндарында медалдардын эсеби боюнча Казакстан биринчи орунда. 3-сентябрдагы оюндардын жыйынтыгына караганда, Казакстан командасында 19 медал бар, анын жетөө алтын. Ал эми экинчи саптагы Кыргызстанда 18 медал бар, анын бешөө алтын. Үчүнчү орунга он эки медал менен Түркмөнстан чыкты. Андан кийин Орусия (7 медал, 3 алтын) жана Өзбекстан (12 медал, 2 алтын) турат. Бүгүн, 4-сентябрда спорт мелдештердин алкагында ат чабыш (80 чакырымга), ...

Жарнама үчүн орун!
600 x 50
0 799

Президент Сооронбай Жээнбеков жана Венгриянын Премьер-министри Виктор Орбан «Кырчын» жайлоосундагы этношаарчага барышты

03-сентябрь 2018, 20:56 Кызгалдак Жакыпова

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков жана Венгриянын Премьер-министри Виктор Орбан «Кырчын» жайлоосундагы этношаарчанын ачылыш аземине катышышты. Ачылыш аземи «Улуу Ордонун» сахнасында «Көчмөндөрдүн алтын доору» аттуу театрлаштырылган оюн-зооктон башталды. «Улуу Ордонун» жасалгаланган сахнасында кыргыздардын тарыхы жана улуттук салт-санаасы жөнүндө баяндаган театрлаштырылган оюн коюлду. Оюн аяктагандан кийин Президент Сооронбай Жээнбеков сөз сүйлөдү. Ал көчмөндөрдүн мурасын жана көчмөн рухун сактап калган Кыргызстанда сыймыктуу жана кубанычтуу окуялар болуп ...

0 4160

Аферист Гуревич, Максим тууралуу маегинде өзүнүн “кыпкызыл жинди” экендигин айгинелеп койду

03-сентябрь 2018, 17:28 Кызгалдак Жакыпова

Учурунда Бакиевдердин финансылык кеңешчиси болуп, Кыргызстанда бир нече экономикалык кылмыштар боюнча сыртынан соттолуп, азыр АКШда шарттуу абакта отурган Евгений Гуревич “Азаттык” радиосу менен баарлашып, “Бакиевдер 200-300 миллион долларды уурдап кеткен” деген темада маек берген. Бүгүн анын айткандары коомчулукта кызуу талкууга жаратып, бири ал айткан маалыматтарга ишенгиси келсе, экинчиси аны “эл аралык деңгээлде шылуун”, деп ага ишенүүгө болбосун айтышууда. 8 жыл ...

1 39765

СҮРӨТ - Сооронбай Жээнбековдун жубайынын жүрүм-туруму талапка жооп бердиби?

04-сентябрь 2018, 18:46 Кызгалдак Жакыпова

Кыргызстанда үчүнчү Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары старт алып так ушул таптарда чет өлкөдөн келген, ардактуу конок катары Түркия Республикасынын Президенти Режеп Тайып Эрдоган, Татарстан Республикасынын Президенти Рустам Минниханов, Казакстан Республикасынын Президенти Нурсултан Назарбаев, Венгриянын Премьер-министри Виктор Орбан жана Фуджейра Эмиратынын канзаадасы Мухаммед бин Хамад бин Мухаммед Аль-Шарки катышууда. Алсак кечээ 2-сентябрда Түркия Республикасынын Президенти Режеп Тайып Эрдогандын Кыргызстанга ...

0 911

Пахта терүүгө бараткан мугалимдер жол кырсыгына кабылды

03-сентябрь 2018, 12:03 Перизат Кутманалиева

31-август эртең менен Түркмөнабад шаарында мугалимдерди пахта талаасына алып бараткан автобус жеңил унаа менен сүзүштү. Бул тууралуу «Азаттык» радиосунун түркмөн кызматы жазды. Маалыматка караганда, шаардын Битарап Түркмөнстан көчөсүндө кырсыкка учураган автобус оодарылып кеткен. Анын жыйынтыгында жүргүнчүлөрдүн көбү жаракат алып, облустук ооруканага жеткирилди. Алардын айрымдары оор абалда. Газ 53 үлгүсүндөгү автобус менен шаардагы №29 мектептин 20дан ашык кызматкери бараткан. Күбөлөрдүн айтымдарында, кырсыкка эки тарапка ...

0 765

Чолпон-Ата шаарында ТТМК мамлекеттери башчыларынын жолугушуусунун расмий аземи болду

03-сентябрь 2018, 11:02 Кызгалдак Жакыпова

Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарындагы «Рух Ордо» маданий борборунда бүгүн, 3 сентябрда Түрк тилдүү мамлекеттер кызматташтыгы кеңешинин (ТТМК) мамлекеттер башчыларынын жолугушуусунун расмий аземи болду. «Рух Ордо"маданий борборунда делегациялар башчыларын Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков тосуп алды. Жолугушуунун расмий аземинен кийин чогуу сүрөткө түшкөн соң ТТМК өлкөлөрүнүн лидерлери Түрк тилдүү мамлекеттер кызматташтыгы кеңешине мүчө мамлекеттердин башчыларынын саммитинин кеңири курамдагы жыйынына багыт алышты. Саммитке Кыргыз Республикасынын ...

0 3708

Сооронбай Жээнбеков: "Себаттын" ордуна “Маариф” келет

03-сентябрь 2018, 10:53 Кызгалдак Жакыпова

Кыргызстанда Түркиянын “Маариф” фондунун билим берүү мекемелери ачылат. Сооронбай Жээнбеков менен Режеп Тайип Эрдогандын жолугушуусунда бул маселе талкууланды. Эки лидердин 1-сентябрдагы жолугушуусунан соң Сооронбай Жээнбеков Кыргызстан “Маариф” фонду менен кызматташаарын жарыялады. Бул боюнча эки тараптуу келишимге кол коюлушу күтүлүүдө. Буга чейин түрк бийлиги Кыргызстандагы “Сапат” (мурунку “Себат”) билим берүү мекемелерине альтернатива катары “Маариф” фондун сунуштаган. Анткени, “Себаттын” мектептери Түркияда экстремист катары ...

0 347

Reuters: Орусия сайттарды бөгөттөө боюнча жаңы технологияларды сыноодо

01-сентябрь 2018, 11:26 Кызгалдак Жакыпова

Орусия Telegram мессенжери менен башка тыюу салынган ресурстарды эффективдүү түрдө жабуу үчүн жаңы технологияларды сыноодо. Бул тууралуу Reuters агенттиги билдирди. Тестрлөө менен ФСБ, Роскомнадзор жана Байланыш министрлигинин өкүлдөрүнөн турган комиссия алектенүүдө. Reuters агенттигинин маалыматы боюнча жаңы анализ системаларын сыноо жана трафиктерди иргөө боюнча лабораториялык сыноолор 6-августта Реутов шаарында өтөт. Буга чейин байланыш министринин орун басары Алексей Волин Telegram мессенжерин толугу менен жабуу ...

0 712

Ташкентте соңку 20 жылда "мыйзамдагы уурулар" биринчи жолу жолугушту

31-август 2018, 13:14 Перизат Кутманалиева

Ташкентте постсоветтик республикалардын “мыйзамдагы уурулары” чогулган. Бул тууралуу “Азаттыктын” өзбек кызматына криминалдык дүйнөгө жакын эки булак, андан тышкары аларга кызмат өтөгөн айдоочу билдирген. Криминалдык авторитеттер жөнүндө маалыматтарды иликтеген москвалык талдоочу жолугушуу 20-августта болгонун айтты. “Өзбекстандын мурдагы президентинин тушунда криминалдык авторитеттердин көбү камалып, бир бөлүгү бийликтин көзөмөлүндө иштеген. Мындай жолугушуу Ташкентте жыйырма жылдан бери биринчи жолу өтүүдө”, –деди москвалык талдоочу. Булактар маалымдагандай, чогулушка 46 ...

0 748

Тажикстан элчилигинде кезекке турган аял өлүмгө дуушар болду

31-август 2018, 08:35 Перизат Кутманалиева

Ашхабаддагы Тажикстан элчилигинин алдында виза үчүн кезекке турган орто жаштагы аял эсин жоготту. “Азаттыктын” түркмөн кызматы аялды “тез жардам” унаасы алып кеткенин, бирок ал жолдо көз жумганын билдирди. «Ал баласын окууга жөнөтүү үчүн эки аптадан бери кезекте турган. Виза күтүп чарчагандыктан, катуу кыжаалат болуп, оозу-мурдунан кан кеткен», - деди күбөлөрдүн бири. Соңку күндөрү Ашхабаддагы Тажикстан элчилигинде тажик визасын алууну каалаган жүздөгөн киши ...

0 592

Жигит кызганычтан сүйгөн кызын бычактады

30-август 2018, 19:28 Перизат Кутманалиева

Паркент шаарынын жашоочусу сүйгөн кызын өлтүрүп, ал турмушка чыга турган баланы оор жарадар кылды. Кызганычтан улам кылмышка барган жигитке “Киши өлтүрүү” беренеси боюнча айып тагылды. Каргашалуу окуя 25-августта Ташкент облусунун Паркент районунда болгон. Күбөлөрдүн айтымында, бычак жеген кыз окуя болгон жерде көз жумган, ал турмушка чыга турган бала оор абалда ооруканага жеткирилди. Киши өлтүрүүгө шектелген жигит милиция тарабынан кармалды. Маалыматтарга караганда, айыпталуучу сүйгөн ...

0 5866

ВИДЕО: Интимдик видеосу Интернетке чыккан молдо милицияны күнөөлөдү 

Видео 30-август 2018, 10:53 Перизат Кутманалиева

Өзбекстанда интимдик байланышы тартылган видео Интернетке жайгаштырылганы үчүн  61 жаштагы молдо Абдухамид Атажанов  милиция кызматкерлерин күнөөлөдү. Ал муну жеке жашоого кийлигишүү деп эсептейт. Жылаңач молдонун жаш келин менен бөлмөдө чогуу отурган видеосу социалдык түйүндөрдө өткөн аптада тараган. Видеожазууда бөлмөгө күтүүсүздөн кирип келген милиция кызматкерлери камера алдында улгайган молдону суракка алып башташкан. Молдо болсо милицияны жеке жашоого кийлигишүүгө айыптаган. Хорезмдик молдо Абдухамид Атажанов ...

0 492

Азербайжандын ЖККУга кошулушу каралса, Армения каршы чыгат

29-август 2018, 19:37 Кызгалдак Жакыпова

Азербайжандын Жамааттык Коопсуздук Келишим Уюмуна (ЖККУ) кирүү маселеси каралса, Армения вето укугунан пайдаланат. Бул тууралуу Еревандан Армениянын Тышкы иштер министрлигинин расмий өкүлү Анна Нагдалян билдиргенин “Эркин Европа/Азаттык” радиосунун армян кызматы кабарлады.  Азербайжандын ЖККУга мүчөлүгү боюнча маселени кийинки күндөрү Орусия менен Азербайжандын маалымат каражаттары, эки өлкөнүн парламент депутаттары, эксперттик жамааты талкуулоодо. Мындай талкуулар Орусия менен Азербайжандын саясий эле эмес, аскердик-техникалык кызматташтыгынын ыргагы ...

0 3892

Түрмөдө кыйноого кабылды делген киши каза болду

29-август 2018, 09:31 Перизат Кутманалиева

Алматы облусунда түрмөдө токмок жегенден кийин ооруканага түшкөн Кайрат Егимбаев кайтыш болду. Бул тууралуу “Азаттыктын” казак кызматына маркумдун адвокаты Айгүл Баймагамбетова кабарлады. Егимбаев 26-августка караган түнү көз жумган. Бул маалыматты анын аялы Айжан Омар да тастыктады. Анын айтымында, күйөөсү Капшагай шаардык ооруканасынын жан сактоо бөлүмүндө жаткан. 27-августта Егимбаев ооруканага түшкөнү жана кыйноого кабылганы тууралуу көрсөтмө бермек. Кайрат Егимбаев ооруканага бир ай мурун жаткырылган. ...

0 544

Казакстанда бир миллиондон ашуун киши маалымат базасына кирген эмес

28-август 2018, 14:27 Кызгалдак Жакыпова

Казакстандын беш аймагында- Түркестан, Алматы, Чыгыш Казакстан, Жамбыл облустары жана Алматы шаарында бир миллиондон ашуун киши мамлекеттик маалымат базасына киргизилген эмес. 28-августта Казакстандын эмгек жана калкты социалдык жактан камсыздоо министри Мадина Абылкасымова мамлекеттик маалымат базасында 2,7 миллион кишинин макамы болбогонун, учурда 1,3 миллион кишинин статусу аныкталганын айтты. Ал базада жеке идентификациялык номерлер кайталанып, айрым документтердин мөөнөтү өтүп кеткенин кошумчалады. Премьер-министр Бакытжан Сагинтаев ...

0 501

Пияздарды чиритип жиберген 11 базарком кармалды

28-август 2018, 12:05 Перизат Кутманалиева

Өзбекстан Башкы прокуратурасы билдиргендей, Ташкенттеги 11 ири базардын жетекчисине кылмыш иши козголду, алар мамлекеттик кампаларда пияздарды чиритип жиберүүгө айыпталууда. Базар жетекчилери 30-июнда эле кармалган, бирок бул тууралуу эми гана белгилүү болду. Быйыл Ташкент базарларында элге дээрлик үч тонна пияз бекер таратылган. «Тошбозорсавдо» ассоциациясынын жетекчилеринин бирини айтымында, шаардагы базар башчыларынын камалышына ушул окуя себеп болушу ыктымал. – Камалган базаркомдор мамлекеттик бюджетке 12 миллиард сум ...

0 1963

Аялдарды Түркияга сойкулук үчүн жөнөтүп турган кылмыштуу топ кармалды

28-август 2018, 08:58 Перизат Кутманалиева

Самарканд шаарынын эл аралык аэропортунда Түркияда сойкулукка кабылышы мүмкүн болгон аялдар кармалды. Өзбекстан ИИМинин маалымат кызматы аялдарды сойкулук үчүн Түркияга жөнөтүп турган кылмыштуу топ 15-августта жүргүзүлгөн атайын операция учурунда кармалганын билдирди. «Самарканд шаарыны Р.Б. аттуу жашоочусу пайда табуу үчүн Навои облусунан ишсиз, ажырашкан жана материалдык жактан жардамга муктаж үч аялды таап, аларга чет өлкөдө жумуш таап берүүнү убада кылып, Түркияга сойкулук үчүн ...

Жарнама үчүн орун!
600 x 50
0 366

Алматыда Денис Тендин элесине арналган сүрөт көргөзмөсү өттү

27-август 2018, 12:54 Перизат Кутманалиева

26-август күнү Алматыда маркум спортчу Денис Тенге арналган D10 WORLD деген аталыштагы сүрөт көргөзмөсү ачылды. Esentai Gallery залында Денис Тендин өзү тарткан жана ал катышкан спорттук иш чаралардагы сүрөттөр коюлду. Денис спортто эле эмес, башка тармактарда да өзүнүн чеберчилигин мыкты көрсөтө алган – музыка менен алектенген, сүрөт тарткан жана автордук кинодо да өзүн сынап көрүүнү пландап жүргөн. Көргөзмөдө спортчунун достору, кесиптештери ...

0 1129

Өзбек ырчысына козголгон кылмыш иши токтотулду

25-август 2018, 18:41 Кызгалдак Жакыпова

Бир кездери Өзбекстанда таанымал ырчы саналган, соңку жылдары Түркиядан башпаанек тапкан Абдулазиз Каримдин үстүнөн козголгон кылмыш иши токтотулду. Анын ысымы издөөгө алынган кишилердин тизмесинен да алынды. Бул тууралуу 45 жаштагы ырчы өзү билдирип, 24-августта "Фейсбук" аркылуу президент Шавкат Мирзиёевге рахмат айтты. Ал кылмыш ишинин токтотулушу мамлекет башчынын демилгеси экенин, милиция кызматкерлери Ташкенттеги бир туугандарына расмий кабар бергенин белгиледи. - Эми мен тыюу ...

Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83