www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

ВИДЕО-Бабанов кыргыздарды жамандап өзбектерге даттанат экен

Перизат Кутманалиева 31-июль 2017, 18:10

Саясат


ВИДЕО-Бабанов кыргыздарды жамандап өзбектерге даттанат экен

Куулугу жана куйтулугу боюнча атагы чыккан Өмүрбек Бабановдун, пайда чыкпай турган жерден өзүнө пайда алып чыгып жүргөнү баарына эле маалым. Ажолукка талапкер болгондуктан, Бабанов баардык ыкмаларды байма-бай колдонгондон иренжибейт, анын бири өзбек электоратына жакындагысы келип, ар түрлүү сөздөрдү ачык эле айтып калыптыр. Электораттын басымдуусу кыргыздар болгонуна карабай, ал башка улуттардын арасында, өзгөчө Кыргызстандын түштүктөгү өзбектерге өзү таза кыргыз эмес экендигин даңазалагандай кептерди айтканы белгилүү болду.

Мисалы, өткөн улуу Орозо айында, 13-июнь күнү Бабанов Ош шаарындагы “Олигарх” ресторанында чоң ооз ачуу уюштурат. Ооз ачканга келген 600 кишинин 90% өзбек улутундагылар болуптур, анча-мынчасы кыргыздар. Ал жерде болгон кыргыздар, Бабановду уккандан кийин жакаларын кармап чыгышыптыр. Көрсө, Бабанов улут маселесин уялбай эле өзүнүн жеке саясий кызыкчылыгы үчүн колдонуптур. Тагыраак айтканда, Бабанов, ошол жерден даттангансып айтып бериптир, — “жаңыдан ишкерчилик менен алек болуп баштаганда, кыргыздар тарабынан мага кысым-басымдар катуу болгон, ошондуктан силердин (өзбектерди, ред.) абалыңардыабдан жакшы түшүнөм, анын баарын өзүмдүн башымдан өткөргөм”, деп айтыптыр.

Мындай сөздөрү албетте бир топ сөздөрдү, өзгөчө ойлорду пайда кылбай койбойт. Кыргызстанда жана кыргыздардын арасында оокат кылып, жогорку кызматтарга чейин барган Өмүрбек Бабанов ушунчалык эки жүздүү болобу? Кыргыздарга миң мерттен ыраазычылык көрсөтүп, аны элдин арасына кошуп адам болуп жүргөнүнө ыраазы болбой, тескери саясат жүргүзгөнү жакшы эмес. Добуштарды көбүрөөк алганга саясатчылар көп нерсеге барышат, баардык нерсени түшүнсө болот, бирок улуттук маселе менен саясий максаттар үчүн ойногон болбойт, оюндан от чыгып кетет. Ал аны түшүнүп туруп, өзбектерди кыргыздарга карата тукуруп жатканы ачык эле көрүнүп калды. Кыскасы, Өмүрбек Бабанов кыргыздар үчүн күйбөйт экен, анткени ал өзүн кыргыздар үчүн кыргыз, ал эми өзбектер үчүн күрд эсептейт тура.

P.S: Өткөн шайлоодо Өмүрбек Бабанов 2010-жылы кыргыз өзбекти согуштуруп кан төккөн сепаратист Махамадрасул Абахжановдун кызын өзүнүн партиясынан депутаттыкка талапкер кылып алып чыгып, өзбек сепаратистери аркылуу добуш алган. Эми, кыргыз элин өзбектерге жамандап добуш алууга багыт алды.

Төмөндөгү видео аркылуу Өмүрбек Бабанов өзбек сепаратистери менен кантип аралашып жүргөнүн көрө аласыздар.

Булак: "tikenek.org"


Бөлүшүү

Жаңылыкка болгон эмоцияңыз

Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!



Ой-пикирлер (1)

Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!

Газиза Есеналиева, 01-август 2017, 07:27
Олушот го.Элдин добушун алыш учун.Аллах берсин Жазанарды.Эл тараза.
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83