www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Чыкемден кимиңер корктуңар эле, ыя?

Перизат Кутманалиева 31-июль 2017, 18:33

Саясат Коом


Чыкемден кимиңер корктуңар эле, ыя?

Учурдагы парламенттин спикери Чыныбай Турсунбеков капчыгың калың болсо, кадырың да бийик деп ойлогон чыгар, кыскасы амбициясын тыя албай ажолукка аттанам деп оолугуп чыккан эле.

Бирок убакыт тараза дегендей, кыялы ишке ашпасына акыры көзү жеткенби, айтор, кайран киши ал оюнан кайтыптыр. Бул тууралуу, ал бүгүн, 31- июлда маалымат жыйынында билдирди. Мындай кадамын ал 1-декабрда тарта өткөн жылы кабыл алынган Баш мыйзам толугу менен күчүнө кирип, бийликтин көбү президенттен өкмөт башчыга өткөндүктөн алардын ортосунда Жогорку Кеңеш арбитр катары мааниси чоң болору менен түшүндүрдү.

Мындан улам, спикерликте эле кала берүүнү чечкен имиш. Коомчулукта өлө-сөлө авторитетим бар экен деген ойду деле айткысы келген жок. Ажолукка койсо далай добушту алып коерун айтып оозубузду ачыргандай, бул сапар да өзүн өтө “важный” саясатчы экенин белгилеп, жыйынга келгендердин алдында өзүн-өзү мактап алды.

“Повод” бербегенге тырышкан Чыкем: “Алдыда өтө турган президенттик шайлоого барсам, көп кишилердин шайын кетире турганымды, көптөгөн талапкерлерге кыйынчылык туудура турганымды көргөздүм. Муну алар деле моюнга алып жатышат. Ал гана эмес мен ошол ниетимди билдиргенден баштап, мага уюштурган кара пиар заказдар, чабуулдар башка талапкерлерге караганда мага көбүрөөк болгонунан деле байкасаңыздар болот”, -деп балп этти.

Чыкем булчуңдарын көрсөткөндө кайсыл талапкерлер титиреди болду экен кызык. Деги бирөөң барбы ыя? Бу кишинин шайлоого барбасын укканда жүрөк ылдыйлады дегендер бар болсоңор ачык айтып койгулачы, аа чын эле турбайбы деп биз да ынынап калалы, “айттым беле, көрдүш” деп Чыкем да кубанып калсын…

Булак: "egemen.kg"


Бөлүшүү

Жаңылыкка болгон эмоцияңыз

Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!



Ой-пикирлер (0)

Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!

Азырынча бир дагы ой-пикир жазыла элек. Сиз биринчи болуп жазыңыз!
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83