www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жолдошбек Токоев: "Сиз колдонуп жаткан интернет, айфон ошол атеистер курган ГЭС,ТЭЦтердин чыгарган электр энергиясы экенин унутпаңыз"

Гүлжан Шерипбаева 31-июль 2017, 19:23

Саясат


Жолдошбек Токоев: "Сиз колдонуп жаткан интернет, айфон ошол атеистер курган ГЭС,ТЭЦтердин чыгарган электр энергиясы экенин унутпаңыз"

“Өткөндү тапанча менен атсаң, келечек сени замбирек менен атат!”

Атеистик советтик мезгил - 70 жыл ичинде кыргыз элин улуу прогресске жеткизген. 1917-жылы калктын 2% кат тааныган, калган 98% караңгы болгон. 70 жыл аралыгында элдин баардыгы билимдүү болуп, нечендеген илимпоздор өсүп чыккан. Кыргыз маданияты, адабияты дүйнөгө таанылган.

Өлкөдө 40 ашык илимий мекемелер иштеп космостук учууларга зор салым кошкон. Мурдагы падышалык Россиянын колониясы болгон кыргызстан атеистик мезгилде буурсундун ордуна- көптөгөн завод, фабрикалардын ээси болуп, индустриалдык мамлекетке айланган. Шаарлар, кыштактар, ГЭСтер, миңдеген чакырым темир жана унаа жолдору, энерго, телефон, радио, телевизор байланыштары, азыр, глобалистердин камчысын чаап жатышкан бузуку арабдар келип конуп, кайра учуп кетип жаткан аэропорттор салынган.

Азыркы турак жайларды, бала бакчаларды, мектептерди, жогорку окуу жайларды, музей, театрларды, мамлекеттик имараттарды, бейтапкана, оорукана дагы башка жайларды атеистер салган. Азыр сиз колдонуп жаткан интернет, айфон ошол атеистер курган ГЭС,ТЭЦтердин чыгарган электр энергиясы экенин унутпаңыз. 
Сиз, атеистер салган, курган ыңгайлуулуктан пайдаланып жашап жатасыз ашынган динчи замандашым.

Автор, Жолдошбек Токоев

Булак: NazarNews.kg


Бөлүшүү

Жаңылыкка болгон эмоцияңыз

Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!



Ой-пикирлер (0)

Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!

Азырынча бир дагы ой-пикир жазыла элек. Сиз биринчи болуп жазыңыз!
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83