www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкекте энеси дааратканага төрөп кеткен ымыркайды 17 жаштагы Нурзамат алып чыкты

Гүлжан Шерипбаева 31-июль 2017, 21:04

Коом


Бишкекте энеси дааратканага төрөп кеткен ымыркайды 17 жаштагы Нурзамат алып чыкты

Бишкектеги Арча-Бешик конушунда барак тибиндеги үйдүн дааратканасынан жаңы төрөлгөн ымыркайды куткарып чыккан жашоочулар окуя тууралуу «Репортер» басылмасына айтып беришти. Ымыркайдын энеси бүгүн, 31-июлда көчөдөгү дааратканага төрөп, өзү качып кеткен.

Жергиликтүү тургун Нурзаттын айтымында, окуя саат 10:00 чамасында болду.

«Саат 10:00 чамасында эшикке бир нече жолу чыгып караганда даараткананын эшиги жабык болчу. Бир нече мүнөттөн кийин кайра чыксам эшик ачылып калыптыр. Ичине киргенде жер кан болуп турганын көрүп, даараткананын чуңкурунан ымыркайдын ыйлаган үнүн уктум. Дароо сыртка чыгып, кошуналар менен жолдошумду чакырдым», - деди Нурзат. Анын жолдошу Муратбек Мамырбаевдин айтымында, дароо кошуналарын чакырып, тез жардам жана милиция кызматына телефон чалган. Алгач милиция кызматкерлери, андан кийин дарыгерлер жеткенин кошумчалады. Ымыркай кызды дааратканадан 17 жаштагы Майрамбек уулу Нурзамат кол чырактын жарыгы менен таап, сыртка алып чыккан.

«Менин бутумдан Мурат менен Бактияр байкелер кармап турушту. Алгач баланын колун көрүп, өзүмө карай тартканда ыйлап жиберди. Анын тирүү экенин билгенде барыбыз сүйүндүк», - деди Нурзамат. Дарыгерлер жеткиче ошол жердеги аялдар телефон аркылуу маалымат алып, ымыркайды жуунтуп, киндигин кесишкен. Күбөлөр дарыгерлер ымыркайды алып чыккандан 45 мүнөт өткөндөн кийин келгенин кошумчалашты. Барак тибиндеги үйдүн жашоочулары белгилегендей, ал аймакта кош бойлуу аял жок болчу. Ымыркай жеткирилген оорукананын башкы дарыгеринин орун басары Гүлнара Жанабилованын айтымында, учурда ымыркай жандандыруу бөлүмүнө жаткырылып, абалы оор деп бааланууда. Анын салмагы 3 кг 396 гр болгон. Милиция кызматкерлери дааратканада төрөгөн аялдын аты-жөнүн тактоо, жүргөн жерин аныктоо иштерин жүргүзүп жатышат. Төмөндөгү ымыркайды сакта калган жарандар, аман куткарылган ымыркай жана ымыркай төрөлгөн даараткана.

Булак: https://www.turmush.kg/news:328947


Бөлүшүү

Жаңылыкка болгон эмоцияңыз

Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!



Ой-пикирлер (0)

Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!

Азырынча бир дагы ой-пикир жазыла элек. Сиз биринчи болуп жазыңыз!
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83