www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Урмат Жээнбеков, Манас жаңырыгы радиосунун ди-джейи: «Радиодо иштөө ары түйшүктүү ары татаал иш деп эсептейм»

Гүлжан Шерипбаева 07-январь 2017, 01:35

Маданият


Урмат Жээнбеков, Манас жаңырыгы радиосунун ди-джейи: «Радиодо иштөө ары түйшүктүү ары татаал иш деп эсептейм»

«Радиодо иштөө ары түйшүктүү ары татаал иш деп эсептейм. Себеби, үн менен ар бир эмоцияны так жана туура жеткирүүң керек», -деп билдирди бүгүн, 7-январда NazarNews.kg маалымат агенттигине Манас жаңырыгы радиосунун ди-джейи Урмат Жээнбеков.

«Учурда мен иштеген радиодо бир нече кызматкерлердин жетишсиздигинен улам, үн режиссерлук, жаңылык даярдоочу, музыкалык редакторлук жана алып баруучулук кызматтар менин мойнумда. Албетте көп жумуш болгону менен сүйүп аткарсаң түйшүгү деле көзгө көрүнбөй калат. Ал эми ийгиликтеримди айта кетсем акырындык менен өсүш бар. Аракет кылып угармандарды жакшы уктуруулар менен көбүрөөк топтоого аракет кылуудабыз. Жеке ийгилигимди да кошумчалай кетейин, жетекчилик тараптан быйыл мыкты алып баруучу деген ардак баракчасы менен сыйландым. Аталган үналгыда 4 жылдан бери кызмат кылып, радионун түйшүгү менен үзүрүн көрүп келе жатам», -деди ди-джей Урмат Жээнбеков.

Курманбек Ниязбеков, NazarNews.kg


Бөлүшүү

Жаңылыкка болгон эмоцияңыз

Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!



Ой-пикирлер (0)

Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!

Азырынча бир дагы ой-пикир жазыла элек. Сиз биринчи болуп жазыңыз!
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83