Гүлжан Шерипбаева 12-август 2017, 16:57
“Добушуңарды сатпагыла. Добушун саткан ыйманыңарды саткан менен барабар. Добушубузду саткан, балдарыбыздын келечегин саткан менен барабар. Азыр бир айылга барсаң эле, “эмне алып келиптир, эмне берет экен?”, - деп сурашат экен. Напсиңерди тыйгыла. Арзыбаган акча менен балдарыбыздын келечегин уурдатпагыла.Чубак Ажы айткандай: Кызматыңа акча аласың, бирок берген добушуңа ала турган болсоң бул арам маселе. Ошол адам сага добушун сатып атабы, ошол жерден сенин эсебиң бүттү .Ал сага 5 жыл жакшылык кылбайт. Себеби, сен өзүңдү бааладың. Ал 5 жылдык рахматты сенден 1000 миң сомго сатып алды. Эртең так ошол добушуңду саткан кишиге, "эй сен эмнеге иштебей жатасың?", деп айтканга акың жок. Анткени сен мамлекеттин 5 жылдык тарыхын, тагдырын, 5 жылдык өмүрүн сатып алдың? Эми кыяматта ошол кишинин жамандыгына сен тең шериксиң”, дегендей, добушубузду сатпайлы туугандар", - деген пикирин билдирди президенттикке талапкер Адахан Мадумаров жолугушууда.
Эске сала кетсек, ушул таптарда Баткен облусунда Ахматбек Келдибеков, Адахан Мадумаров, Камчыбек Ташиев жана Бакыт Төрөбаев жергиликтүү калк менен жолугушуу өткөрүүдө. Жолугушууда президенттикке талапкерлер жергиликтүү тургундар кызыктырган кызыктуу жана көйгөйлүү суроолоруна жооп беришти. Жолугушуунун соңунда президенттикке талапкерлер менен эстеликке сүрөткө түшүштү.
Булак: NazarNews.kg
Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!
Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!
NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.
Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!
Telegram Channel: @nazarnewskg
NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!