www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жазуучу Кеңешбек Айтикеев, Алмазбек Атамбаевге Кайрылуу жасады

Гүлжан Шерипбаева 07-январь 2017, 02:44

Саясат


Жазуучу Кеңешбек Айтикеев, Алмазбек Атамбаевге Кайрылуу жасады

Бир нече китептин автору, жана редактору жазуучу Кеңешбек Айтикеев, Алмаз Атамбаевге өзүнүн Facebook баракчасы аркылуу кайрылуу жасады.

Кайрылууда: Урматтуу Алмазбек Шаршенович! Сизге кайрылуумдун себеби, бүгүн маалымат каражаттарында Бакиевдин жан-жөөкөрлөрү абактан бошотулганы жөнүндөгү маалыматты угуп, эмне үчүн элдин,өлкөнүн кызыкчылыгы үчүн, Кум-Төр маселесин көтөрүшүп, “Кум-Төрдүн байлыгы элге иштесин” дегендер бүгүн түрмөдө.

Ал эми кыйыр болсо да адам канына себепкер болгон азаматтар боштондукта болгону мени өкүндүрдү. Алардын камалышына себепкер болгон Эмилбек Каптагаев иним дагы жигиттик кылып, берген арызын кайра алып, түрмөдөгү балдарды бошотуу керек.

Ал балдар элдин, өлкөнүн кызыкчылыгын коргойбуз деп, ооба кызуу кандуулукка алдырып бир аз аша чапкан учурлары болгон, бирок ал элдин кызыкчылыгы үчүн болгон. Ошондуктан ал балдар да тиешелүү жазаларын өтөп бүтүштү, тез арада абактан бошотууну өтүнөм! Мурунку,азыркы бийликтин абакта олтурган адамдарына тиешелүү болгон мыйзам карапайым адамдар үчүн да иштейт деген үмүттөмүн. Эл Журт бийликтен калыстыкты талап кылалы!- деп жазылган.

Булак: NazarNews.kg


Бөлүшүү

Жаңылыкка болгон эмоцияңыз

Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!



Ой-пикирлер (0)

Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!

Азырынча бир дагы ой-пикир жазыла элек. Сиз биринчи болуп жазыңыз!
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83