Камчыбек Бостон 19-август 2017, 13:17
Акыркы убактарда мамлекеттик жооптуу жетекчилик кызматтарга жаңы, жаш кадрлардын келе баштагандыгына күбө болуудабыз. Өлкөбүз сапаттык жаңы баскычка чыгар алдында билимдүү жана демилгелүү, таза кадрларга басым жасалып жатуусу мыйзам ченемдүү көрүнүш. Мындай жаңылануу жана жашаруу мамлекеттик жана муниципалдык башка органдарда да болуусун мезгил талап кылууда. Өз тажрыйбасынын негизинде жаш курактагы кызматкерлер топтолгон мамлекет өнүгүп өсөт. Тажрыйба менен жаш күч-кубатты айкалыштыруу бул жигердүү иштин ачкычы дешет адистер. Сталиндин “кадрлар бардык нерсени чечет” дегени бекеринен айтылбаса керек. Анткени бүгүнкү күндө мамлекеттик структурада жаш кадрлардын тажрыйбасы аз болгону менен өлкөнү алдыга карай сүрөөдө кандайдыр бир деңгээлде салымдарын кошуп келүүдө.
Булак: NazarNews.kg
Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!
Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!
NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.
Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!
Telegram Channel: @nazarnewskg
NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!