www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

СҮРӨТ- Орзубек Назаровдун кызы жол кырсыгына кабылып, оор абалда комада жатат

Камчыбек Бостон 20-август 2017, 11:59

Кылмыш жана кырсык


СҮРӨТ- Орзубек Назаровдун  кызы жол кырсыгына кабылып, оор абалда комада жатат

Бокс боюнча Дүйнө чемпиону Орзубек Назаровдун кызы жол кырсыгына кабылып, оор абалда. Бул тууралуу спортчу өзү социалдык тармактардагы баракчасынын бирине жазган. "Достор, жардамга! Менин Аделинам комада. Кан керек. Кандын бардык тобу жарай берет. Канды Чыңгыз Айтматов жана Айни көчөлөрүнүн кесилишиндеги Кан берүү борборуна паспортуңуз менен келип берсеңиз болот", - деген Орзубек Назаров. Спортчунун билдиргени боюнча, кызынын кан тобу биринчи, ага кечээ, 19-августта операция жасалган. 17 жаштагы Аделина Назарова 19-августка караган түнү саат 1:30 чамасында Чүй жана Тоголок Молдо көчөлөрүнүн кесилишинде жол кырсыгына кабылган. Эскерте кетсек, анда Тоголок Молдо көчөсү менен бара жаткан мотоцикл Чүй көчөсүндө бара жаткан Тойота Пассо үлгүсүндөгү жеңил унаа менен сүзүшкөн. Жыйынтыгында мотоциклдин айдоочусу окуя болгон жерден каза таап, ага учкашып келе жаткан кыз оор абалда Бишкектеги травматология жана ортопедия илим изилдөө институтуна жиберилген. Ал эми жеңил унаадагы айдоочу жана жүргүнчү да ар кандай жаракаттарды алышкан. Патрулдук милиция кызматкерлери мотоцикл жогорку ылдамдыкта бара жатканын көрүшүп, аркасынан бара жатканда жол кырсыгы орун алганын көрүшкөнүн Бишкек ШИИБи билдирген.

Булак: super.kg


Бөлүшүү

Жаңылыкка болгон эмоцияңыз

Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!



Ой-пикирлер (0)

Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!

Азырынча бир дагы ой-пикир жазыла элек. Сиз биринчи болуп жазыңыз!
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83